31.03.09 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дүйнөлүк адабият казынасынан

Дардаң менен узун сакалдууда акыл болбойт
Бул накыл кептин аныктыгын араб жазуучусу Зайн ад-Дин Васифи (1485-1566) адабий мурасында бир мисал менен бекемдеген". Таң каларлык окуялар" аттуу мемуарында анын шайыр калеми ошо кездеги белгилүү "узун сакал",гераттык улама Исмаил Хисарини чымчып өткөн.Көңкөөдөн жана сокур туурамчы "мударис" молдонун тибин мазакка чалып,Васифи мындай сүрөттөмө берет:

"Сакалынын калыңдыгы жана узундугу жагынан илим дүйнөсүндө жарыктагы укмуштун бири эсептелген Исмаил Хисари кожо бир сапар жаңы китепти окуп кириптир деп айтышат. Анан "Дардаң менен узун сакалдууда акыл болбойт"деген жазууну көрөт. Өз сакалын тутамдап алып, ой жүгүртө баштайт да айтат: "Мындай жобону тастыктагандай ушунча жүндү сүйрөп жүргөнүм жеткен акылсыздык. Жобонун тизмесине кирген бул далилди жоготууга болгон соң аны алып койгонум оң! " Бирок, устарасы кайда экенин таппайт. Акылсыздыктын күбөсүнөн тезирек кутулмакка ал шайтандын шаштыруусуна алдырып,алдастап калат. Канчалык карбаластаганы менен кайчы деген анын көзүнө чылдыкпайт. Ал сакалын түбүнөн тутамдап,өзүнүн дөдөйлүгү менен бүт дүйнөнү жарык кыла калганын шамдын жалынына өрттөп кирет. Жалын мурутунун учуна жеткенде ал сакалын кое берет да бетиндеги кылдын баары куйкаланып кетет.
Алдында сыя менен кагаз бар экен. Ал калем учту алып, жанагы китептин четинде актай калган жерге: "Биз муну тажрыйба жүзүндө сынап көрдүк, жазылганда эч калет жок экен,анын тууралыгына шек келтирип болбойт" деп жазыптыр…

Бир сааттык Халиф
Мындай сыпаттоону кыска мөөнөткө зор бийликти колуна алууга жетишкен адамга байланыштуу айтышат. Кызыгы-дал ушуга окшош окуянын кыргыздын оозеки чыгармачылыгындагы "Кедейкан" дастанында да кездешкендиги. Бул түрмөк арабдын атактуу "Миң бир түн" жомокторуна кирген "Өңдөгү түш,же бир сааттык халиф" жомогунан башталат. Анын тарыхы мындай: Багдад халифи Гарун-ал-Рашид алыстан келген соодагер кейпинде карамагындагы жерлерди кыдырып жүрүп, Абу-Гассан аттуу бир жаш адамды жолуктуруп калат. Ачык-айрым аңгеме куруп олтуруп, Гарун-ал-Рашид Багдаддын бул жаш тургунунун бир күн болсо да халифдик такка олтуруп,падышалык бийликтин лаззетине батсам деп кыялданганын билет. Азил-тамашаны сүйгөн Гарун-ал-Рашид маектеши ичип олтурган шарапка билгизбей уктатуучу дарыдан сээп коет да, анын көзү илинери менен өзүнүн хан сарайына алдырып барат.
Анан ал кызматындагыларга Абу-Гассан ойгонгондо эч сыр бербей кадимки халифке жасаган зыяпатты көрсөтүп, кулдук урууну буюрат. Ошондо тиги сыйкырдуу кубулушка ишенип калышы керек. Ойгонгондо Абу-Гассан бул кереметке таң калат да атүгүл каршы болгусу келет. Бирок,анын айткандарынын баары аткарылып,кызматындагылар халиф деп кайрылып жатышкандыктан өзүнүн чын эле халиф экенине ишенип калат. Абу-Гассан керелиден кечке кансарайда сайран куруп, өзүнүн көңдөй көсөмдүгүнө маашырлана вазирлери менен кызматындагыларга буйруктарды берет,кечинде ага кайрадан уктаткыч дары берип, үйүнө жеткирип коюшат. Жаңы халиф көзүн ачканда баягы эски кепесинде жаткандыгын көрүп,бул экинчи кубулушка таң кала ал халиф болгон, же болбогондугуна ишене албай турат…

Даярдаган
Илгиз Талип