31.03.09 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жан дүйнө жаңырыгы

Кечир мени наристем
Эне жүрөгү эзилип, ыйлап алгандан башка эч нерсеге алы келбейт. Күчүн көз жаштан чыгарып, бир баланы багып алууга кудурети жетпегенине кейийт. Заманга нааразы болот. Төрөлбөй калган ымыркайын аяп, ага кол салгандыгы үчүн өзүн жемелейт...
Кечир мени наристем, кылган кылыгыма канчалык өкүнсөм да, бардыгы кеч болуп калган. Болор иш болуп боёсу кангандан кийин минтип өксүгөнүм бир тыйын дечи. Бирок, бирок, билесиңерби бул дүйнөгө алып келип, силерди бактысыз кылгандан көрө… Балким периште болуп учуп кетесиңер деп ойлодум. Бул дүйнөнүн ачуусуна ачууркандырбай, жамандардын жамалына кабылбай, кара ниеттердин капканына чалынбай, баарынан оолак жүрсүн дегендирмин. Ушинтип, кээде өзүмдү алдап коём. Антпеске аргам канча эле. Атаң экөөбүздүн тапканыбыз күнүмдүк жашообуз менен эле чектелип калса. Эл катары үйүбүз болсо да бир жөн эле. Ачка калган күндөрүбүз да болбой койгон жок. Мындан ары сөзүмдү улагым келбейт. Жашообуз өмүр бою эле ушинтип уланып калаарына ишенбейм. Сөзсүз тилегибизге жетебиз. Ошондо ар дайым силерди эстеп турам.
Өзүңөр түшүнөөрсүңөр. Силердин алдыңарда ат көтөрө алгыс күнөөм бар экенин жакшы билем. Ошон үчүн силерге көрсөтө албай калган мээримимди, бир тууганыңарга ашырып көрсөтөм. Бир жери ооруса, жанымда коёрго жер таппай, ал кыйналганча мен кыйналсам экен дейм. Мен энемин силер үчүн баарын көтөрөм, баарына чыдайм. Бир гана тилегеним, силер асманда учуп жүрсөңөр да, көңүлүңөрдүн куунак жүрүүсүн каалайм. Бир тууганыңардын бактысын, өмүрүн, ыйманын, денсоолугун тилейм. Эми эч качан боюмдан алдырбайм. Жараткан канча берсе, ошончонун мээримдүү энеси болом.
Бул дүйнөдөгү
күнөөлүү энелердин бири

Бактылуу күндөр да бар
Мен анда жаңыдан окууну аяктап, келечекке кеңири кадам шилтөөнүн алдында тургам. Азыр эстесем, жүрөгүм ооруп, тагдырыма наалат айткым келет. Апамдардын "чоң окууга алыбыз жетпейт кызым. Макул десең, быйылча майда-чүйдө окууну окуп тур. Кийинчерек акча-тыйын топтоп алып, анан өзүң көздөгөн окууга тапшырарсың",-дешсе болбой, классташтарымдан кем калууну уят көрүп, "өз күчүм менен өтөм" деп, шаарга жөнөгөм. Бул түшүнүк, мындай илгери үмүт-тилек жашоодо ишке ашпай, кыял канаттарынын арасында каларын билген эмесмин. Шаарда жакын адамдарым жок, бир классташ кызымды ээрчип келгем. Өз үйүңдөй болбой, кысынып, буттун учу менен басып, жаман корундум. "Сени элеби, окууга өтүп кетсем, жатаканага чыгып алсам, апамдар эт-май, картошка салып турса, окуумду жакшы окуп, минтип кысынбай жашайм" деп өзүмдү алдап жүрдүм. Экзамендер бүтүп кичине да болсо жүгүм жеңилдеп калгансыды. "Эртең окууга өткөндөрдүн тизмеси илинет. Ошол жерден экзамендин жыйынтыгын билесиңер" дешти. Бардыгы тең мен билген суроолор болгон соң, "өттүм" деген ишеним турду жүрөгүмдө. Жаңылышыптырмын. Үмүтүмдү таш капты. Көрсө мындай жерде өң тааныш же акча керек тура. Бул эки чоң күч болмоюн алган билимиң деле алсыз болуп калат экен. Аргасыз айылды көздөй сапар тартуу керек болду. Жолго деген акчам жок болуп кеткен. Эми кантем? Классташ кызымдан сурасам, анда да өзүнө жеткидей эле акча. "Сенин чачың узун эмеспи. "Чач алабыз" деген жарыя илинип турат. Ошол жакка барып, чачыңды сатып, жол кире кылбайсыңбы", - деп калды курбум. Аргасыз макул болдум. Тиземден ашкан кара калың чачымды кестирдим. Ичим ачышты. Апам бул чачымды кандай гана эмгек менен өстүрбөдү. Анысы аз келгенсип болбогон эле акча берип коюшту. Жол киреге жетпейт. Көз жашымды он талаа кылып алып, жетпегенин курбуман алып, айылга бардым.
Бар кайгынын бары ушундан башталды. "Чачыңды кескениң, багыңды кескениң", деген сөз туурабы же бешенеме ушул турмуш жазылганбы, күндөрүм ушул күнгө чейин күйүткө толуп келет. Ошол жылы күз мезгилде атам-апам удаа, мени таштап, түгөнгүс кайгы, оор азапка салып кете беришти. Томолой жетим калып, бир тайэжемдин колуна бардым. Апам мага шерик кылып, уул же кыз төрөбөй, жалгыздыктын шоруна малып кеткен экен. Бар таянганым тайэжем. Арадан бир жарым жылдай убакыт өттү. Атам менен апамды эстеп, күнүгө бир маал ыйлап алчу болдум. Ошондой учурда тайэжем жашаган айылдагы бир жигит мени алакачты. Көрүнүшүнө караганда жакшы эле адам сыяктанды. Баары бир келечегим туман болгон соң, башка түшкөндү көрөйүн деп, отуруп калдым. Жакшы келин болууга аракет кылып, бар күчүмдү жумшайм. Мээримге муктаж болуп турганда, күйөөмдүн мага жасаган жылуу мамилесине эрип, алгачкы күндөрү бактылуу сезип жүрдүм өзүмдү. Бирок, кайын энеме жакпадым. Ал аз келгенсип, эки айлык болуп боюмдан да түшүп калды. Канчалык кыйналып, жүдөп, ыйлап жүрсөм дагы эч кимге эч нерсе билгизбей, чыдап жүрө бердим. Чыдабаганда кайда, кимге баш калкалап барат элем. Мени бирок, жолдошумдун жылуу мамилеси гана сактап жүрдү. Болбосо, ачуу сөздөрдөн өлүп алуудан кайра тартпайт болчумун. Багы жокко дагы жок болуп, экинчи балам да үч айга жетпей, түшүп калды. Кийинчерек күйөм да көп иччү болду. Кайын энем "сенин айыңдан" деп күнөөлөйт. Акыры чыдабаганымдан тайэжемдикине баса бергем. Эсине келеби дедим да жолдошумду. Тескерисинче, андан бетер күчөдү. Кайра келдим. Ошентип атып, билинбей 11 жыл өтүп кетиптир. Баягы эки жолу боюмдан түшкөндөн кийин таптакыр боюма болбой койду. "Төрөбөйт" деп жүрүп, мени кетирип жандары тынды.
Анан апасы башка аял алып берди. Оюнда баласы менсиз оңолот десе керек. Муну укканда, жүрөгүмдү бирөө тилип, туз салып жаткандай болду. Жамандыр-жакшыдыр биз бир үйдө 11 жыл чогуу жашадык го. Бул эмне кылганы дедим. Бирок, жолдошума бала керек да. Бул жагын эстесем, аргасыз тим болом. Ичим күйөт, кызганам. Атам-апамдын сүрөтүн кучактап алып, жаш балача шолоктоп ыйлайм. Ыйлаган менен бардыгы мен каалагандай боло койбоду. "Башка түшсө байтал жорго болуп", экинчи келбейм деген Бишкекке келдим. Иштеш үчүн. Өзүнчө жашоо баштоону тилек кылдым. Же баладан, же үйбүлөдөн кудай мага айтпаган соң, жер кезип болсо да жан сактоонун амалын ойлодум. Алгачкы күндөрү таэжемдин жардамы менен шаарда бир топ убакыттай, адам катарында жашадым. Бирок, күн өткөн сайын, агарып аткан таң дагы мага кызыксыз болуп калды. Ачка, жатаар жерим жок, автобекетти айланып, анда-санда киоскилердин алдын тазалап, анча-мынча курсак тойгузуп алам. Башка кылар жумушум, аргам жок. Ошентип жүрүп, бир классташ балама кезигип калдым. Уялганымды сураба. Болгонун болгондой айттым. Эмнесин жашырат элем. Ал мени бир жерге алып барып, жумушка орноштуруп койду. Пельмен түйөт экенбиз. Жатчу жер жок болгон соң, классташым үйүнө жатып турууну сунуш кылды. Албетте, башында жубайы жакшы эле кабыл алып жүрдү. Кийинчерээк, ал дагы же кызгандыбы, же менин үйүндө жүрүшүмдү каалабадыбы, айтор, кабак-кашы аябай өзгөрүлдү.
Ошондой күндөрдүн биринде, классташ балам үйүнө конок чакырып калды. Чогуу иштешкендерим дейт. Мени да алар менен бирге отуруумду суранды. Анын үйүндө жашап аткан соң, каршы чыга албадым. Көрсө, ошол чакырылган коноктордун арасындагы бирөөсүнүн энеси каза болуп, көп жылдан бери үйлөнбөй жүргөн атасына тааныштырып коюну өтүнгөн тура. Жакшы адам экен. Бир сырдашып сүйлөшүп эле жактырдым. Арадан бир ай убакыт өтүп-өтпөй эле баш кошуп алууну сунуш кылды. Мен макул болдум. Асмандан тилегеним жерден табылгансыды. Беш баласы бар экен. Алардын да ушунчалык түшүнүктүүлүгүн айт. Өз балдарымдай көрүп, бат эле көнүшүп кеттик. Апа деп сыйлап турушат. Кеч болсо да багымдын ачылганына кубанып, бар байлыгым ошолор деп жашап калдым. Мындай зор бакытка батып, мени башкалар адам катары кабыл алат деп эч качан ойлогон эмесмин. Күнүгө жаратканга ырахматымды айтып, жаңы жана бактылуу үйбүлөмдүн амандыгын тилеп келем. Кудай буюрса аз айдын ичинде кардымдагы балам дагы алардын катарына кошулат. Багымды ачкан классташыма рахмат!

Жамал Надырова.
Нарын району.


Биримдик
Ойлорум ооздук бербей учат алыс,
Тарыхта кыргызымдын сөзү калыс.
Өткөндү салыштырсак келечекке,
Элимдин сүзө турчу суусу тайыз.

Ойлоймун, оюм тайыз ушул чакта,
Ой эмес, өзүм бүгүн алыс жакта.
Турганда кыргыз элим катуу суусап,
Жүргөнсүйм сууну чачып мен бул жакта.

Абалың өтө кыйын ушул тапта,
Пайдасыз, менин бүгүн оюм башка.
Турганда кыргыз элим колду сунуп,
Жаткансыйм бутту сунуп мен бул жакта.

Эл үчүн ар-бир адам эр-азамат,
Убакыт келди уччу, кагып канат.
Чачырап душман сымал жүрө бербей
Биригип эл-жер үчүн кылсак кызмат.
Э.Эшимбаев,
Москва шаары


Жакшы көрөм
Опол тоом, таянаарым, болушаарым,
Колдоочум, жол көрсөткүч, акылманым.
Өзүм минтип бир топ жашка келсем дагы,
Баладаймын сиз үчүн тээ баягы.

Көз мончогум, суук көздөрдөн сактап келген,
Тамырым азыктантып жашоо берген.
Асманымда күнүмсүң жаркыраган,
Бала үчүн бир бүркөлүп, эч батпаган.

Аппак болгон сакалыңдан айланайын,
Дүйнөдөгү жакшылыкты сага арнайын.
Үйүбүздүн ырыс-куту сени менен,
Жаратканым, жан киргизип, өмүр берген.

Жаш сереси сексен деген жашка толдуң,
Жаштыгыңды бизге берип, кары болдуң.
Мөмөлүү, бышып жеткен алма бактай,
Биз сенин жемишиңбиз атакебай.
Биз сен үчүн жеңишиңбиз атакебай.

Атам - баба, атам - журт, атам - мекен...
Ыйыгым! Мен баркыңа жетээр бекем,
Ата сени кандай жакшы көрөөрүмдү,
Айтсынчы ушул чакан ырдын өзү.
Назгүл Өсөмбаева

Элестерден
Акыркы убактарда сага окшош адамдарды көп көрө баштадым. Окшош эмес... бирок бир көрүштөн окшоштуруп алам. Жүрөгүм дүкүлдөп, буттарым ошол тарапты көздөй учуруп жөнөчүдөй болуп барып.... токтолом.
... Бир адам менен урушсаң көңүлүңдө анын додо болгон кемчилигин чукуп чыгасың. Ал да жакшы. Кемчилиги көп адам менен ырас урушкансың, көңүлүң жайына түшөт. А сенден жаман нерсе таба албай ойлоно берем, ойлоно берем... А эмес кагазга да жазып чыктым, жетишкен жагы, анан жетишпеген жагы деп бөлүп туруп. Үйдө кайсы кийимди кийип жүргөнүңдү унутуп калып, ар күнү кечинде улам башка кийинип, менин урушумду укканыңдан кийин кайра кечээги кийимиңди кийгениңди да кемчилик деп кошуп койдум. Ошондо да төрт гана жаман сапатың чыкты: майрамдарды жактырбаганың, гүлдү жакшы көрөөрүмдү билип туруп гүл белек этпегениң, анан ошол кийимиңди унутуп койгонуң, жинденип атсам да, жооп кайтарбай мыйыгыңдан жылмайып "жинден, жиндене түш! Менин нервим кетип атты беле..." дегенсип шылдыңдап отурганың. Жетишкен жагыңды кемитсем да болбой эле он төрткө жете барды. Анан... сенин алдыңда жеңилип бердим. Бекерден апам кейибейт: "Өзүң жамансың", деп. Жаман окшойм...
Биз, адамдар, колдо бар нерсенин баркын эч качан билбейт экенбиз. Кайрылгыс болуп кетээри менен барктап-сыйлап баштайбыз. Бирок, сен кайрылгыс болуп кете элексиң. Аз калды... Анан жаныма келип каласың. Эми чындап баркыңа жетем. Сенсиз өткөргөн тогуз айым баркыңды болушунча көзүмө сайып көрсөттү, күнү - түнү кулагыма шыбырайт жүрөгүм: "Сенин жашооң ошол адам. Жаныңда жүргөнүңдө чырдаштың, аял болуп сен коркпосоң эркек болуп ал коркчу уруштан. Алыска кетип эми алапайыңды таппай атасыңбы? Жаныңдагы жашооңдун баркына жетпей эми жашоосуз жашай албай жатасыңбы?.." Жооп таба албайм, ынанам... Жакшы адам болуп бараткам го, минтип оңойчулук менен ынана койчу эмес элем...
... "Сагындым", дейт. "Мен да сагындым. Эми эч сени менен урушпайм!" дейм ишенсин деп жалындуу айтып. Жылмаят. Телефондон кантип жылмайганын көрүп турам. "Уруша бер, мен сенин ошол урушканыңды сагындым!"
Дагы бир жакшы сапатыңды таптым: айкөл мүнөз, кечиримдүү турбайсыңбы!..
Гүлмайрам