24.03.09 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Комуз добушу

"Кудай шык бербесе, эч кандай окуу жай жардам бербейт"
(Уландысы)
Боорсоктор сэндвичке алмашып…
Кыргыз деген сөз ыпыр-сыпырдын арасында калып, ошол батышты туурагысы келип калды. Азыркы жаштарыбыз батышты даңктап, батышты мактап бул өзүнчө бир адат болуп калууда. Себеби бизге каргыштар сиңип турат, тилибиз, музыкабыз, салт-санабыз, кийген кийим-кечебизден бери, жадакалса ичкен тамагыбыз да сендвичке айланып баратпайбы. Сендвич жеген, кока-кола ичүү бизге америкалыктардан келди, аларды көрүп алардан мисал алгандайбыз.Сендвич, гамбургер, хот-дог, чизбургер жеп, өзүбүздүн борсокторубузду унутуп баратабыз. Кока-кола бул эң зыян, өсүмдүктөрдөн жасалган суусундук ар кандай дары-дармекти кошуп жасашат. Даары кошкону ошол да, аны ичкен америкалыктардын көпчүлүгү толук келишет эмеспи. Бунун баары коланын курамындагы ачыткылардын кесепети, камырдай болуп ачып барып, анан жок болот. Ал эми азыркы жаштарыбыз да ал гамбургер менен коланын зыянын билбей, жүрүшөт. Аны ичүүдөн адам күпчөккө айланып, ишке жараксыз болуп калат эмеспи. Ал эми биз акырындык менен ошол жолго түшүүдөбүз.
_______________________________________________________
Тил билсең бил бирок, эне тилиңди унутпа…
Азыркы жаштарыбыз тил үйрөөнүү менен көп алектенүүдө. Албетте, бул жакшы нерсе бирок, чет тил билген соң, өз эне тилиңди унутпашың керек. Бул биздин азыркы жаштарыбыздын тырышчагын көрсөтөт, бул жакшы. Улут өзүнүн тили менен улук эмеспи, мисалга келтирсек жапандар төрөлгөндөн баштап өлгүчө өзүнүн жапан тилинде сүйлөшүшөт, балким ушуга байланыштуу бул эл дүйнө -жүзү боюнча алдыңкы катарлардын бирин ээлеп турат. Азыркы жаштарга менин кеңешим, билгиле, жаттагыла, бирок өз эне тилиңерди эч качан унатпагыла демекчимин.
_______________________________________________________
Кыргыз дебей, Чыңгыз десең таанышат
Рух дүйнөсүнүн алпы бизден чыкты Кытайдан чыккан жок, Жапандан, Оруссиядан, Америкадан да чыккан жок, бирок америкалыктар Гарсиа Маркес деген жазуучусун макташты эле, анын романдарын окуп көрсөң Чыңгыз байкенин бучкагына да тең келбейт. Анын чыгармалары чубалжыган, кемпирдин ушагындай болгон нерселер. Чыңгыз байкенин кичинекей чыгармасы ал Гарсианын романдарынан да ашыкча турат. Ушуга байланыштуу Чыңгыз байкенин дүйнөлүк аброю бүтүн, кыргыздын төбөсүн көрсөткөн. Кыргыз деген кайда десек эч ким түшүнбөйт өзгөчө алыскы өлкөлөрдөгүлөр. Бир жолу Португалияга бардым, "Кыргызстандан келдик" - десек, эч ким билбейт, "Чыңгыз агайдын айылынан болобуз" - десек, "Аа" - дешип, кучактарын жайышты. Алар кыргыз деген элди жапайы эл деп ойлошуптур.
_______________________________________________________
"Улуу баян"
Бул китебим жыйырма жылдын эмгеги десем жаңылышпайм. Китептин жазылышына да Чыңгыз байкем себеп болду. 1993-жылы Германияга бардык, Бонн деген шаарда Кыргызстандын күндөрү өттү. Ал жерде өзүнчө маданий борбору бар экен, ал борбордун жетекчиси Тереза аттуу айым болчу. Бай мамлекеттерде элге жаңылык көрсөтүш үчүн жаңы маданий иш-чараларды өткөзүп турушат экен. Бул долбоорлору шаардын мэри карап, ким келээрин ошол киши чечип, акча бөлдүрүшөт экен. Ал жакта эки жума жүрдүк. Чыңгыз байке менен жолугушу болду. Андан соң кечинде концерт башталды, бул концерт ийгилик менен өттү. Концертте Сары өзөк "Кылым карытаар бир күн" аттуу романында Сары өзөк разьези айтат эмеспи:

Поезд батыштан чыгышка,
Чыгыштан байышка, Байма-бай өтүп жатты.
- ушуга ылайыктап күү жазгам, анан ошол күүнү оркестрдын коштоосунда аткарып жатканда Чыңгыз байкенин көзүнөн жаш айланыптыр. Аны мага жанында олтурган Казат Акматов айтты эле. Казат: "Мен Чыңгыз байке көркөм чырмаларды эле жазат, музыканы түшүнбөйт болушу керек, деп ойлогом" - дейт мага, мен да башында ошентип ойлочумун. Ал эми күүнү ар бир эле адам түшүнө бербейт эмеспи, анан Чыңгыз байкенин көзүнөн жаш айланды дегенде аябай таң калдым. Концерт бүтөөрү менен, эл кол чаап баштаганда, Чыңгыз байке чуркап чыгып, баарын кучактай баштады. "Бул күүнү ким чыгарды эле?" - деп сураштыра баштады. Балдар: "Тигил байке чыгарган" - деп мени көрсөттү. Ошондон соң мага басып келип кучактап силерди аябай сагыныптырмын деп айтты. Бир маалда банкетке, банкетке деген кыйкырыктар чыгып, элдин баары эшикти көздөй жөнөштү. Мен Чыңгыз байке менен кучакташып, чогу чыктык. Анан банкетте сөздү Швеце аттуу, узун бойлуу, көркөмү заңкайган кишиге берди, ал тарых илиминин доктуру, академик, батыштагы эң чоң абройлуу окумуштуу, деп котормочусу которуп жатты. Мына ушул кишиге сөз берели деди, аңгыча ал: "Биз тарыхыбызды, маданиятты Орто Азиядан келген деп окуйбуз. Орто Азиянын ичинен кыргыздан келген деп окуйбуз, анткени Атиллахан кыргыз болгон" - деди. Биз баарыбыз оозубузду ачып калдык. Чыңгызхан менен Тамирландын да теги кыргыз болгон деди, анан биз байыркы улуу маданияттын дабышын бүгүнкү күнү укканым үчүн бактылуумун" -деди. Бала кезимде атам мени дайыма жанына ээрчитип алчу. Аксакалдардын сөзүн көп укчумун, ал эми карыялар тарых жөнүндө көп сөз кылышчу эле, анан буларды уккандан кийин пикиримди таптакыр өзгөрттүм. Гундардын тарыхы, башка өлкөлөргө барган сайын ар кандай китептерди алчумун, балдар кыздарыма окутчумун, өзүм да окуп жүрдүм. Анан башка өлкөгө барган сайын бир жаңы маалымат угасың, мен мунун баарын чогултпасам, болбойт дедим. 1993-жылдан бери бир-эки саат уктап алып, түн ичинде жазып жүрдүм. Ошентип жыйырма жылда "Улуу баян" аттуу китебим жарык көрдү. Эми бул китептин мазмуну кыргызыдын тарыхы.
_______________________________________________________
Сүйгөндөн улам ыр жаралат
- Сиздин күүнүзгө попса кошулган ырыңызды уктум эле, ал кайсы себептен улам элге жарыялана элек?
- Нурак эстрадачы балдарды туурап, америкалыктар менен ырдап кетиптир деген сөз үчүн чыгарган жокмун. Ал ырым жаш кезимде эле жазылган. Байбичемдин башын айландырайын деп, кошомат кылып жазгам. Попса жаштардын стили, мени жашаарып попса ырдап калыптыр деген сөзгө калгым келбейт.
- Ырыңыз кандай болуп жазылды эле, ошол жөнүндө кеңирээк айта кетсеңиз?
- Чехияга барып калдым, ал жактан бирөөлөр: "Сизди бир музыкант сураштырып, көптөн бери күтүп жүрөт, ага жолукпасаңыз болбойт" -дешти. Макул жолугайын деп, жолуктум. Аябай ачык чех экен, менин дискимди коюп, "Буларды сиз жараттыңызбы беле?" - деп сурады . Мен: "Ооба менин чыгармаларым десем, анда мага бир чыгармаңызды аткарып бериңиз деп өтүндү. Мен: "Болуптур, деп аткара баштадым. Ал жигит мен ырдып жатканда жаздырып, үстүнө попса, электро аспаптарды кошуп, бир белгилүү ырчы кызды ырдатып баарын чогултуп жаңы бир ыр жаратып коюптур.
- Ремикс болуп калган турбайбы?
- Ошондой болуп калды окшойт.
_______________________________________________________
Биринчи шакирттерим
1974-жылы Ак-Талаада музыкалык мектеп ачылып, мени ошого директор кылып коюшту. Алты-жети жыл балдарды окуттум, анан 2-класста окутуп жүргөн кезимде, конкурс жарыяланды. Биз дагы катышабыз десек, "Сенин балдарың азыр жаш, чендебей каласың" -деп, каршы чыгышты. Мен болбой, "Чендебесем, чендебей калаармын, катышабыз деп чыктым, уруксат берип биз да катыштык. Ал конкурска баардык жактардын окуучулары келишиптир, баары тең 5-класстын окуучулары экен. Сегиз кызым бар эле, силерге эч ким жетпейт, коркпогула деп, чыгардым. Кезеги келип сахнага кезеги келип чыгышты, өздөрү отура албай, мен да чыгып баарын стулдарга отургуздум. Болгон күүнүн баарын чертип салышты, элдин ооздору ачылып, кол чаап, менин кыздарым биринчиликти алган. Ошондо мугалимдик шыгым бар экен деп койгом. Азыркы убакытта да балдарга комуз черткенди үйрөтүп жүрөм. Былтыр Кылымдар аттуу окучу балам Парижге конкурска барып келди. Баарын "кулагына көтөрүптүр". Адинай, Канат деген окуучуларым 30 дан ашык күү чертет, азыркы комузчуларыбыздын арасында 30 күүнү чанда эле чертишет. Шыктуу окуучуларым жакшы эле, буюрса келечекте белгилүү комузчулар болот дегенге толугу менен ишенем.