24.03.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  экономика

БЭКономика же БЭКтин экономикалык cаясаты
Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмаз Атамбаевди теңиртоолук туугандар түп көтөрүлө тосуп алып, аттап-тондоп узатканы БЭКтин кадыр-баркы күн санап өсүп баратканын билдирет. Ак боз атты Ормон хандан башкага миңгизбеген теңиртоолуктар жөн эле кишиге ак боз ат мингизе бермек беле. Албетте, экинчи "экс-президент", азыр президенттикке талапкер Курманбек Бакиевге көшөгө артынан элден жашырынып ак боз ат эмес, кымбат баалуу "Мерседес" мингизген аким, чиновниктер бардыр. Бирок, ал кызмат үчүн бере албай жүргөн парасын берди деп эсептелет.


"Шаг вперед, два шага назад"
"Элдин жашоо- турмушун оңдойбуз" - деп бийликти алмаштырган КЭК Акаевдин коррупцияланышкан экономикасын мамлекеттештирүү үчүн А. Бекназаров, Д . Үсөнов баш болгон комиссия түзүп, бир кадам алга жылган. Акаевдик алдым-жуттумдар менчиктештирип алган элдин менчигин мамлекеттештирүү максаты бар эле. Бул жерде миллиарддаган каражаттар ойноп турган. Акаевди жек көрүп, иренжиген калайык-калк Бакиевди элдин турмушун оңдойт деп ишенип, тандемине мандемин кошуп президент шайлап алышкан.
Бакиев бийлик колуна тийгени аким менен губернаторлорду элдин алдына айына бир жолу жүгүнтүп, жакшы саамалык баштаган. Бирок тез эле курсактары тоё баштаган аким, губернаторлор элге барган жолду унутту. Бийлик болсо тескери заара ушата баштады.
"Акаевдешкен" элдин энчисин мамлекеттештирбей эле " Бакиевдештире" баштады. Бийликте эки ажырым пайда болду. Байлык деп чөгөлөгөндөр Акаевдин тапталган жолуна түшүп, алкымдарын ажыдаардай ачып сугуна баштады. А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Б. Шерниязов. Р. Отунбаева, А. Бекназаровго окшогон элдин келечеги үчүн күйгөн паттриоттор, бийликтин жогорку кызматына түкүрүп ойнобой, элдин жашоо-турмушун оңдоо максатында, бийликке оппозиция болуу жолун тандап алышты. "Беш кол тең эмес" - дегендей оппозициянын катарына деле, бийлик, байлык дегендей эки көзү кызарган адамдар кошулуп алган.
Оппозициянын "балалык оорусу"
Оппозиция "балалык оорусун" башынан өткөзүп келаткан. Өмүр бою оппозицияда келаткан Өмүрбек мырза "балалык оорудан" арылып, оппозицияны бирдиктүү муштумга айлантуу аракети эми ишке ашты. Оппозициялык маанайдагы алдыңкы саптагы партиялар башын бириктирип, бириккен элдик кыймылга баш кошту. Бирдиктүү талапкерди алып чыгышты. Оппозиция мансап, байлык,бийлик үчүн гана катарына кошулгандардан арылып отуруп, эми таза адамдар гана калды. Ар бир партиянын экономикалык концепциясынын негизинде, президентке бирдиктүү талапкердин экономикалык платформасы түзүлгөн.
Атамбаевдин экономикалык дарамети
Бийликчил ЖМКлар жаагы тынбай жар салып аткан Камбар-Ата ГЭСи, "Кристалл" заводу жашоо түйүлдүгүн качан баштаганын эске алып, Атамбаевдин экономикалык дараметине баа берсек болот. Атамбаев өкмөт башчысына келер алдында, Куловдун айтуусу боюнча 300 миң долларга биринчи вице-премьерди сатып алгысы келген Данияр Үсөнов менен "Кристалл" заводунун ортосундагы чуу Чубактын кунундай чубалып аткан. Бийлик Үсөновдун аркасы менен "Кристаллды" тыйынга менчиктештирип алгысы келген. Бийлик үчүн туалетке башчы койсо да "ляппай" деген Данияр мырзаны, Акүйдүн эшигинен тышка чыгарып койгон Атамбаев "Кристалл" заводу сапаттуу кремний өндүрүүгө жол ачып берген. Болбосо, Кристаллың таланып жок болмок. "Кумтөр", "Жерүй" кендери боюнча көп иштерди аткарды.
Чудиновдун өкмөтү Казакстанга Каркыраны бергендери үчүн капчыктарын толтуруп жыргаса жыргагандыр. Бирок, канча жылдан бери көңүлдүн сыртында калган Камбар-Ата ГЭСин тирилтүү идеясы Атамбаевдин өкмөтүнө таандык. Атамбаевдин өкмөтүнүн бул идеясын колдоп Бишкек саммитине келген Россиянын ошол мезгилдеги президенти Владимир Путин 2 миллиард доллар инвестиция бере тургандыгын билдирип кеткен. Бийликтин тышкы саясаттагы туруксуздугу бир топ убакыт ал каражаттарды берүүнү кармап турду "Ганси авиабазасын чыгарам" деген бийликтин апыртмасынан улам 300миллион доллар кредит,150 миллион доллар грант баришкен. Азырынча бийлик бул акча каражаттарын жөжөсүн коргогон күрп тооктой басып жатат. Бул кредиттер кимге бериле турганы бештен белгилүү. Негизи жалпы элге жетпейт, жең учунан бөлүнүп кеткен бул каргыздарды, албетте төлөгөндө эл төлөйт.
Алмаз мырзанын өкмөт башына келгенде көп мыкты идеялары ишке ашпай калды. Кытайга бекер агып жаткан Сары-Жаз өзөнүнө мини ГЭСтерди куруу жөнүндө идеясын , Кулов уурдап алып мини ГЭСтерди кура баштады. Атамбаевдин өкмөтү экономикалык кризис келатат деп жар салып чыгышкан. Бирок саммит. Өткөзүп,курсагын сылап жаткан бийлик кризистин алдын алууга чара көргөн жок.Кампалары бош жаткан кыргыздарды "нан кризиси" каптады.Ошондо гана бийлик ордунан козголо баштады. Бирок, элдин камын ойлобой саясий жактан ордун бекемдеп алыш үчүн референдум өткөрүп, элдик парламентти таратып, шайлоонун камын көрө баштады. Балким, келечекте Атамбаевдин кадыр-баркын кетирүү үчүн кризистин алдын-албай койгондур.
Ошентсе да, кыргыздардын тарыхында биринчи жана акыркы жолу Атамбаевдин өкмөтү мамлекеттик бюджеттин киреше тармагын ашыгы менен, профициттүү бюджетти кабыл алган. Болбосо, кыргыз бюджети өмүр бою чыгаша бөлүгү көп, дефициттен башы арылбай келген. Ал эмес үч жылдык бюджетти кабыл алууну көздөй баштаган. Чудиновдун "кол бала" өкмөтү үч жылдык эмес, бир жылдык бюджетке башы жетпей отурат. Ошондо да орустардан бекер миллиондорду алып жатып.
Физиктердин экономикалык теориясынын ишпалдасы чыкты "Шизиктердикичи?"
Чаң соргучту физиктер ойлоп чыгарганбы, чаң соргуч чаңды соруп кеткендей эле, физик-президент элдин миллиондорун соруп кете берди. Ошентсе да, азыркы заманга караганда арзанчылык экен. Канттагы цемент-шифер заводунан 40-70 сомго бир мүшөк цемент келчү. Эми 450-500 сом. Нан 1 сомдон 5 сомго чейин эле. Эми 5 сомдон 15 сомго чейин. Жүз-үч жүз сомго келчү бир мүшөк ундар 1000ден 1200гө чейин. 18 сомдук кумшекер 42 сомго кетти.
Бардыгын санап отурсак барак түтөбү, барак өзү кымбаттап атса. Анан кантип уялбай элдин турмушу оңолду деп айта алабыз. Элдин турмушу тонолду деп ачыгын айтпайбызбы. ГЭС, ТЭЦтер миллиондорго бааланып сатыкка коюлганы туру. Миллион карапайым адам чогулса да алы жетеби? ГЭСти сатып алганды коюп, тарифи көтөрүлүп бараткан электрэнергиясын өз учурунда төлөп алса болду го. ГЭСтерди менчиктештирип алган соң тарифтер да асмандап, эл-журттун мойнуна кымбатчылык мүшкүлү түшөт эмеспи.
Албетте, эл-журттун мойнуна кымбатчылык каамыты илинген соң, бийлик "шизик" болбосо элдин айлык акысын, пенсиясын көтөрбөскө чарасы барбы? Эмне эл "дихлофос" менен азыктанмак беле? Манасты жомок дешет, Манас эмес жашообуз жомок болуп калды. Жомоктордо карапайым адамдар тамактанбайт, кийинишпейт, ач-жылаңач жүрө беришет. Жомоктордо хан, падышалар гана ичип-жеп жыргап жашашат. Бирок жомоктун аягы дайыма адилеттик менен бүтөт. Зулум падышанын түбүнө жеткен эл, жыргап-куунап жашап калат. Жомоктогудай жашап келаткан кыргыз элине деле жыргап-куунап жашай турган күн келет. Ал үчүн эмне кылыш керек?
БЭК жана НЭП
Элди жыргал заманга алып барыш үчүн Назаралиев 100 000 сомдон таратып бергиси келет. Тилеген тилеги жакшы, а бирок куру кыял. Андай кыйын патриот экен, акчасы болсо президент болбой туруп эле элге таратып бербейби. Апийим болсо Акаевден калган миф. Элибиз экинчи Афганистан менен Колумбияны каалабайт. Негизи фундаменти жок болсо да Назаралиев экономикалык концепциясын түзүүгө аракет кылган. Бир гана кытай уруусундагы Жеңишбек мырза өзүбүздүн элибиз жумушсуз жүрсө жумушчулардын 20 пайызын кытайлыктарды жалдап иштетем дегени кыжырды келтирет.
Экономист эсептелген Темир Сариевдин экономикалык саясаты жокко эссе. "Аю" арагын көбүрөөк өндүрүп, экономиканы бутунан тургузбаса. "Коррупцияны коколойм" деп коррупцияга коколотуп калган Мотуевдин "клоундук-экономикалык" концепциясы бар.
Ал эми БЭКтин жаңы экономикалык саясатына ("НЭП") келсек, бул көпчүлүктүн "көйгөйүнөн көтөрүлүп чыккан көйгөйлөр. "Үйбүлөнүн өнүгүшү үчүн реализациялана турган долбоорлордун нугун гана буруп коюш. Азыркы учурда көмүскө экономикага канчалаган миллиондор кетип атат? Арийне, кымбатчылык өскөн сайын ташбака жүрүш менен айлык, пенсия көбөйүп, бюджет өсүп баратат. "Бакиевдин учурунда бюджетибиз паланча эсе өстү" деп мактай бергенибиз менен, коррупция менен колтукташкан көмүскө экономикабыз канча эсе өсүп атат? Эгерде таза иштеп, чөнтөккө кеткен акча каражаттарды жалпы казынага бурсак, айлык акыларыбызды азыркы жашоо деңгээлине ылайык көтөрсө болот.
Атамбаевдин административдик-аймактык бөлүнүштөрдү реформалоо тууралуу, мамлекеттин эсебинен арам акча жеген айыл өкмөтү, аким, губернаторлор жана башка чиновниктерди азайтуу жөнүндө туура пикири бар. Москванын жарымысындай калкы бар өлкөбүздө 7 область, 40тан ашуун район, 500гө чукул айыл өкмөттөрү бар. Эгерде аймактарды түзсөк, бюджеттен канчалаган акча экономдолот эле. Ишкерлерди муунтуп жаткан салык кодексин жөнөкөйлөштүрүп, Россиядан келип жаткан инвестициялык кредиттерди, жең ичинен жутуп албай, майда жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшоо керек. Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүн төмөн түшүрүп, элди электрсиз калтырбоо үчүн, Өзбекстанга кетип аткан сууга контролду күчөтүү керек.
Албетте, БЭКтин экономикалык концепцияларын окуп жатып, анын артында кур сөз эмес, жасай турган иш турганын көрүп, БЭКке болгон ишеним арта баштайт экен. "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, Бакиевди президент кылып "оозун күйгүзгөн" кыргыздар, Атамбаевдин программасын терең изилдеп окуп жатат. Бизди азыркы кыйынчылыктан алып чыга турган күч бар экен. Ал Бириккен элдик кыймылы. Демек, анын талапкери, жакшы заманды курабыз дегендердин талапкери.
Азизбек Келдибеков