24.03.09 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова:
Адамдын жакшы жагын да көрө билүү керек
Медалдын эки бети болот эмеспи. Анын сыңарындай эле адамдын жакшы жагы да, жаман жагы да сөзсүз болбой койбойт. Жаманыбызды жашырып, жакшыбызды арттырганды билген бизде жакшы сапат бар. Муну менен мен К. Бакиевдин жаман жактары көп дегенден алысмын. Тескерисинче, ушундай оор абалда президентибизге колдоо көрсөтсөк, сөзсүз ишеничибиз акталат дегим келет.


- Жамал эже, Курманбек Салиевич сиздин талантыңызга таазим эткенин билдирип, үй берди. Бизде маданият кызматкерлерине акыркы кездерде көңүл бурулбай калды эле. Сиз үчүн күтүлбөгөн нерсе болду болуш керек?

- Көп жылдан бери айыл жергесинде жашап келдим. Жаш өткөн сайын, толук шарты жок үйдө жашоо да кыйынчылык туудуруп баштаганынан Курманбек Салиевичке үй тууралуу маселемди айтып, бир ооз гана кайрылып койдум эле. Бирок, анын аткарыларынан чынында үмүттөнбөгөм. Бул да болсо, сен айтмакчы, мурдагы кездерде маданият тармагы кароосуз калып, жедеп көңүл үшүп бүткөндүкү болсо керек. Анан албетте, президент кабыл алаарын билдиргенде, күтүлбөстүк болуп, аябай толкундандым. Президент өтө жөнөкөй, кичи пейил киши экен. Театр искусствосун, салттуу музыканы баалап, жакшы кептерди сүйлөп берди. Ошондон улам менде бизде келечекте татыктуу жашоо болооруна ишеним пайда болгон. Анткени, президенттин адамдык деңгээли ошого татыктуу экен.

- Президент тартуулаган үйдө жашап атасызбы?

- Берген күндөн үч күн өтпөй көчүп келгенбиз. Жал кичирайонунда жайгашкан бул үй мен үчүн, менин балдарым - неберелерим үчүн чоң акжолтой белек болду.

- Кыргызстандын жараны катары кайсы талапкерге добуш берсем деп турасыз?

- Үй берген үчүн айтып атат дебегиле, чындыгында Бакиев көп жакшы иштерди жасады. Пенсияны көтөрүп атат, айлык акыларды көтөрүп атат. Качан эле бизде мындай көтөрүлүү болду эле? Акыры адамдын жаман жагын эле көрө бербей, жакшы жагын да көрүш керек го. Жакшыны да жаман дей берсең, ал бир күнү жаман болуп калат. Маданиятка көңүл бурулуп атат, маданият кызматкерлерине, саламаттыкты сактоо жаатына, көп балалуу энелерге да үй берип, колдон келген жардамын көрсөтүп атат.

- Бакиев бийликке келгенден бери маданият тармагына кандай көңүл буруулар, камкордук болгонун сезип атасыз?

- Маданиятка чынында жакшы көңүл бурулуп атат, ар күнү жаңы өсүш, ар күнү кулак жылыткан жакшы кабар. Мына, азыр маданият мекемелеринин арасында проект жаздырылып, кайсы мекеменики мыкты болсо делип, 7 миллион өлчөмдөгү гранд бөлүнүп атат.
Ысык - Көлдө Чыңгыз Айтматов атындагы "Аалам Ордо" театры ачылып, жакында барып келдим. Мындай шумдукту башта көргөн эмес элем. Гректердин илгерки атактуу театрларындай болгон, ыйык көлгө татыктуу театр экен. Айтматовдун, Рыскуловдун, Кыдыкеевалардын чоң портреттери илинген. Ачылыш аземин президент өзү сөз алып, баштап берди. Жалаң дөө - шаа ырчылар: Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шакеева, Каныкей Эралиевалар ырдашты.
Албетте, ушундан улам келечекке ишеним бекемделип, алдыда бизди, кыргыздарды жакшы жашоо күтүп тураарына ишенгиң келет.





Алтынай Нарбаева:
"Элдик фольклорду сүйгөн президенттин жөнөкөй жандүйнөсү бар"
Кыргыздын аялдан чыккан биринчи жана жалгыз аккордеонисти, ырчы Алтынай Нарбаевага президент Курманбек Салиевич Германиядан 7000 доллардык аккордеон ала келип, белекке тартуулаган.

- 7 - февраль күнү президент менен жолугушум керектигин укканымда, минтип мен эң сүйгөн кымбат нерсемди белекке берет деп ойлогон эмесмин. Кыргыз кыздарынын ичиндеги жалгыз аккордеонисти катары, элдин бир ырчы кызы катары эсинде сакталып, алыс жерден атайын артынып белек ала келгени мен үчүн өтө чоң бакыт болду. Официалдуу түрдө тапшырып, чыгармачылыгыма ийгилик каалады. Чет өлкөгө барганда менин, Г. Сатылганованын, К. Азыкбаевдин дисктерин жанына кош ала жүрүп, мекенине болгон сагынычын таркатып, сүйүүсүн арттырып тураарын айтты. Ушунун баары мага чоң дем, чыгармачылыгыма күчтүү өбөлгө болду.

- Сизди президент дисктериңиз аркылуу көрүптүрбү же, башта өзү катышкан концерттерден байкаган бекен?

- Курманбек Салиевичтин 55 жаштагы юбилейи Жалал - Абад жергесинде өтүп, Шамшыбек Өтөбаев, Гүлнур Сатылганова менен бирдикте концерт койгон элек. 2005 - жылдагы шайлоодо да Бакиевди колдоп, эл аралаган турнеге катышкам. 5-6 артисттер кошулуп алып, өз каалообуз менен эл аралаганбыз. Ал эми өкмөттүк концерттерге ар дайым эмес, чакырышканда барып ырдап турам. Президент тарыхы бар, тагдыры бар ырларды сүйөөрүн баамдадым. Элдик фольклорду жүрөгүнө жакын сезет экен. Кээ бир ырчылар ырдаарда ыр тууралуу айтышпайт. Мен ырдын сөзүнүн, обонунун авторун, жазылыш тарыхынан кыскача айтып кеткенимден уламбы, Курманбек Салиевич чыгармачылыгыма көңүл бөлүп, ар бир жаңы ырымдын тарыхына кызыгып турат. Чыгармачыл адам үчүн бул нерсе канат байлап койгондой эле кеп.

- Азыркы учурда Курманбек Бакиевди колдогон турне кайсыл жерге жетип калды?

- 16 - июндан бери өз демилгебиз менен К. Абыловдун жетекчилиги астында Д. Акулова, Т. Асаналиев, Г. Байзакова, С. Искеналиев, З. Арыкбаев болуп эл аралап концерт тартуулап жүрөбүз. Буйруса, президентибизди эл жакшы кабыл алып жатат. Таластан башталган эл кыдыруубуз Аксы, Жалалабат, Ош, Кара - Көл, Таш - Көмүр, Нарын, Көл багытында кетип баратат. Ал гана эмес Камбар Ата ГЭСтерине да концерт уюштурдук.

- Белекке алган аккордеонуңузга кол ойнотуп жатасызбы?

- Жок, мен ал аккордеонду тумардай сактап атам. Талаа - түздө жүргөндө андай баалуу буюмдар сынып калышы мүмкүн. Мен аны жыл сайын бир ирет берилчү жеке концертимде гана колдоноюн дегем.

- Президентке үй сурап кайрылбадыңыз беле?

- Мен үчүн үйдөн да, машинадан да, башкадан да аккордеон бийик турат. Анткени, аккордеон - менин чыгармачылыгым, менин жашоом, менин сезимим, жандүйнөм…




Сапар Сопубеков:
"Бакиев - жаркын келечек, татыктуу жашоо"

- Сапар, "Ак Жол" партиясы менен президент Курманбек Бакиевге колдоо көрсөтүп, элге жагымдуу маанай тартуулап жүрөт деп уктук эле.

- Ооба, ар кайсы муундагы ырчылардан куралган үгүт кербени менен Кыргызстанды түрө кыдырып келдим. Азыр БШКнын алдында концерт берип жатабыз.

- Жер - жерлерде Курманбек Бакиевге болгон элдин колдоосу кандай экен?

- Эң жакшы. Бардык жерде эл көп чогулуп, кыйкырык - сүрөөн, Бакиевдин аты жазылган лозунгдар менен бизди тосуп алып атышты. Элдин маанайын карап көрсөк, элдин президентке болгон ишеними бекем экендигин байкоого болот.

- Эң көп эл кайсы жерде чогулду?

- Бардык жерде эл көп чогулду, бирок салыштырып айтканда Алайда көп болду го дейм.

- Кыргызстандын жараны катары кайсы талапкерге өз добушуңду берейин деп атасың?

- Жаркын келечек, татыктуу жашоону колдойм.