24.03.09 - 11-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жашоо

"Макоолук" жол менен акча табуунун 10 жолу
Дүйнөлүк ири экономикасы күчтүү мамлекеттерди дагы алсыратып, эсин оодарган кризис маалында бардык эле кишилер акча табуу, өзүнүн материалдык шартын жакшыртып алуу менен алек. Ансыз дагы жумуш орундары кыскарып, эптеп эле жаңы жумушка кирип алсам дегендер андан көп. Бирок, жумуш деп эле бардык жумуштарга кире берген да туура эмес. Жумуш тандоодо дагы этияттык мамиле жасоо керек.

Батыштагы эң популярдуу "askmen.com" интернет-порталы "барып турган макоолук" жол менен акча табуунун 10 негизги тизмегин аныктаган.

Рейтингдин биринчи орунунда акыркы кездерде массалык түрдө жайылып кеткен "нигериялык кат" алдамчылыгы. Бул алдамчылыктын схемасы эң жөнөкөй: сизге кайсыл бир миллионер тарабынан жазылган кат келет. Каттын мазмуну бул сыяктуу: Аны кастары көралбастык кылып түрмөөгө отургузуп коюшкан. Ошондуктан ал өзүнүн байлыгына ээлик кыла албай жаткан болот. Бирок, бул проблеманы чечүүнүн бир жолу бар. Ал ошол түрмөдө иштеген адамдарга бир канча миң доллар берип, ал жерден эптеп чыгуу гана керек. Түрмөгө түшкөн миллионер сиздин бул жакшылыгыңызды эч унутпай тургандыгын жазуу менен бирге түрмөдөн чыкканда сизге ыраазычылык катары өзүнүн байлыгынан бөлүшөт. (Бирок, Нигериянын түрмөлөрүндө отургандар интернет колдоно алабы? Же ал жер дүйнөдөгү жападан жалгаз интернет кошулган түрмөбү деген ой кетет. Түрмөдө отурган адам кантип интернет аркылуу кат жазып жардам сурап жатат деген жөнөкөй гана суроо туулат. Андыктан, интернет колдонуучулар, бөөдө акчаңыздан айрылып калбаш үчүн бейтааныш адрестен келген каттарга көңүл коюп, анын мазмуну менен таанышыңыз).

Кийинки орунда азарт оюндары. Белгилүү болгондой джек-потту саналуу гана кишилер утуп ала тургандыгын эске салсак, ал эми уттургандар казиного киргендердин баардыгы. Адистердин айтымына караганда ар бир адам "чектелүү акча каражаты менен" казинолордогу чектелбеген оюндун жүрүшүндө баардык байлыгынан кол жууп отуруп калат. Таң калыштуусу, бир жылда орточо статистикалык эсеп боюнча азарт оюндарына баш оту менен кирип кеткен оюнчу 50 миң доллардан ашык өз акчасын казинолордун капчыгына салып берет. Өз байлыктарынан ажырап, эч нерсеси жок калган оюнчулардын көпчүлүгү өз жандарын өздөрү кыйышат экен. Психологдордун далилдөөлөрү боюнча мындай учурда адам өзүн эч кимге кереги жок болуп калгандай сезип, байлыгынан ажырап бул дүйнөнүн ырахаты ал үчүн бүткөндөй туят. Ошондуктан замандаш, азарт оюндарынан башка дагы акча табуунун жолдору толтура. Сиз жөн гана оңой акчанын кулу болуп алгансыз. Оңой акча оңой жоголоорун эстен чыгарбаңыз.

Азыркы учурда маалымат технологияларынын өнүгүп турган маалында акча жасап алуунун түрдүү варианттары чыгып жатат. Андайлардын бири жеке блог ачып, ал жактан акча табуу. Реклама берүүчү сиздин блогуңузга өзүнүн жарнамасын койгондугу үчүн акча төлөйт. Бирок, мындай жол менен акча жасап алуу, бардык эле адамдардын колунан келе бербейт. Эгерде сиз кайсыл бир тармак боюнча атактуу болсоңуз, жеке блогуңуз каражат табуу булагы болуп бере алат. Анткени сиздин блогуңузга бир күндө бир канча миңдеген киши кирип, жана ал жерде жайгашкан жарнамаларды көрө алат. Ал эми сизди өзүңүздүн коллегаларыңыз жана досторуңуздан башка эч ким тааныбаса, бул бизнес сиз үчүн эмес. Акыркы убактарда жеке блогдорду колдонуу шоу-бизнес жаатында жүргөн ырчыларга мүнөздүү. Алар өздөрүнүн жеке блогдорунда бир дагы прессага бербеген сырларын жазып, өз күйөрмандарын тартканга аракет кылышат.

Эгер сиз интернеттеги компьютердик оюндарды акча төлөп ойной турган болсоңуз анда жогоруда айтылгандай каражатыңыздын баардыгын башка бир чөнтөккө "ит бекер" салып берген болосуз. Буга карабастан дасыккан компьютердик оюн ойноочулардын бир айдагы кирешеси миң доллардан эки миң долларга чейин жетиши мүмкүн. Бирок, сиз ал оюнду ойноп жатканда сизге окшогон дүйнө жүзү боюнча көп миңдеген оюнчулардын бар экендигин дагы унутпаңыз. Өзгөчө сизге атаандаштыкты кытай жана корей оюнчуларынын армиясы түзөт. Алар кээде компьютерден бир жарым суткага чейин башын албай, оюндарды утуш үчүн көз майын коротушат. Эгерде сиз дагы жогоруда айтылгандай оюндарга берилген болсоңуз тезинен доктордун эшигин кагыңыз. Сиз чыныгы жашоо менен виртуалдык жашоонун айырмачылыгын андай албай калгансыз

Медициналык эксперименттерге катышуу - бул алдамчылык же көз боёмочулукка жатпайт. Тескерисинче илимге жардам берүү менен чоң көлөмдөгү акча каражатын да таап алса болот. Бирок, чыныгы адамдын өз жашоосуна ошол эле эксперименттик негизде ичкен таблеткаларынын пайдасы да тийбей калышы мүмкүн. Мисалы, 2006-жылы Лондондо артритке каршы жаңы дары-дармектерди тестирлөө программасы башталган. Жыйынтыгында темирдей чымыр денелүү алты ыктыярчынын ден соолугу кескин түрдө начарлап, ооруканага жеткирилген. Мына ушундай окуялардан кийин медицинада колдонулган "чычкан" болууну каалайт белеңиз.

Жогорку кирешелүү инвестиция - бул сиздин капчыгыңызга коюлган кылтак экенин унутпаңыз. Классикалык финансы пирамидалары кризис маалында баардык "карталарын" ачып алды. Демек, алардын чыныгы жүзү ачылды.
Бул гана эмес Америкадагы белгилүү банктар ушундай финансылык пирамидалардын негизинде курулгандыгы анык болуп, миллиондогон кардарлар өз акчаларын ооздорунан жем алдыргандай эле алдырып жиберишти. Жөнөкөй эреже: эгер сизге жогорку деңгээлдеги киреше алып келет деп сөз беришсе, бул сөздөргө катуу ишеништин кереги жок. Сиз жөн гана сабырдуулугуңузду көрсөтүп, аны тактап билгенден кийин гана иш кылыңыз.

Валюталардын курстары менен "ойноо". Мындай ишке бараардан мурун жети өлчөп бир кескениңиз сиз үчүн гана пайдалуу. Анткени, үй-бүлөлүк чатактардын көпчүлүгү ушул акча маселесине келгенде чыгаары анык. Себеби, сиз акчаңызды гана эмес өзүңүздүн сүйүктүү жубайыңыз, үй-бүлөңүздөн ажырап калышыңыз мүмкүн. FOREXтин (Эл аралык валюталарды алмашуунун биржадан тыш рыногу) статистикасына караганда "оюнчулардын" 15 пайызы гана ийгиликке жетишет. Андыктан ойлонуп иш кылуу керек.

Кыймылсыз мүлктү кайра сатуу (Купля-перепродажа недвижимости) мурдагы пост советтик мамлекеттерде көп өнүкпөгөнү менен Европада бул иш калыптанып калган. Бул ишти баштоо үчүн сизге өзүн кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча "кыйын" адисмин дегендер келип акы төлөө менен окутуу иштерин жүргүзөт. Мындайча айтканда "черный маклердикке" үйрөтөт. Кризис маалында кыймылсыз-мүлктөр күн санап арзандап жаткан маалда, риэлтердикке окутуу менен кыйла көп суммадагы акча каражатын таап алууга болот. Бирок, Кыргызстандын шартында бул иш менен байып кетүү күмөн туудурат. Себеби, риэлтердик иш-аракет бизде жаңыдан калыптанып, өнүгүп келе жатат.

Тизменин эң акыркы тизмегин биржадагы "күндүзгү оюнчулар" түзөт. Бул жаатта түшүнүгү жоктор кийлигишпей эле койсо болот. Бир күндө бир канча ирээт биржага кирип кайра чыгып жаткан трейдерлер ар бир кирген маалда биржадагы "моментти" кармап калууга аракет жасашат. Бирок, бул иш саналуу гана бактылуу адамдарга туш келет.

Социологиялык Интернет-сурамжылоога катышкандар бир айда 3-5 долларга чейин акча таба алат. Бирок, бул акчаларды сиздин колуңузга дароо кармата салышпайт. Сурамжылоону жүргүзүп жаткан компаниялардын көпчүлүгү акчаларды телефон номериңизге бирдик жүктөө менен кутулушат. Бул алар үчүн дагы сиз үчүн дагы эң жакшы вариант. Бирок, "сурамжылоону уюштуруучулар" саатына 50 доллар төлөп беребиз, же мындан көп сумманы айта турган болсо, күмөн санабай эле аларды кызыл кулакчылар экен деп биле бериңиз. Алар сиздин убактыңызды алганы аз келгенсип, айтылган сумманы да бербей качып кетишет. Ал эми чоң-чоң сурамжылоо жүргүзүүчү компаниялардын бир жолку ишине катышуу менен 100 доллардан көп акча жасап алса болот.

Ар бир адам бул жашоодо бактылуу, бардарчылыкта жашагысы келет. Баардык ыңгайлыкты түзгөнгө аракет кылат. Бирок, баардыгы эле келип акча каражат маселесине такалат. Ошон үчүн адам баласы акча табуунун түрдүү жолдорун издеп, байлыкка жетүүнүн оңой жолун көздөшөт. Ал эми оңой акча кайра оңой эле колдон чыгат дешет. Андыктан мээнет кылып, адал жол менен акча табып, бардарчылыкта жашоого эмне жетсин.


Р. Үсөналиев