№28, 24.07.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви






  Ички саясат

Атамбаев, Назаралиев оппозиция болуу оюнунан баш тартышты. Эми Сариев жалгыз оппозиционер
Кечээги шайлоого алты канди даттын ичинен экөө Жеңишбек Назаралиев менен Алмазбек Атамбаев шайлоону легитимсиз деп таап, саат төрттө прессконференция өткөрүп,байкоочуларын шайлоо участкаларынан чакырып алышты. Бул маалыматты ар бир басма каражаттары ар кандай пайдаланып, айрымдары Атамбаев менен Назаралиев талапкерликтерин алып койду дешсе, БШК талапкер шайлоого 3 күн калганга чейин гана талапкерлигин ала алат. Атамбаев менен Назаралиев андай арыз менен кайрылышпаганын билдирди. Ал эми СДПнын басма сөзү Атамбаевдин талапкерлигин алып салды деген сөз жалган экенин айтып, Атамбаев кайталап шайлоону талап кыларын билдирди.Ал эми калган 4 талапкер шайлоонун аягына чейин катышты. Назаралиев менен Атамбаевге Сариев кошулат деген пикирлер чыгып, бирок, Сариев кошулган жок. Оппозициясыз калган 4 талапкердин ичинен "мен оппозициямын, шайлоо адилетсиз өттү, мынча мыйзам бузуу болду" деген киши бийликке керек эмеспи. Сариев ошондой милдетти аркалаганды оң көрдү окшойт.
Себеби, азыр Кыргызстанда ким кимге добуш бергенин, ким эл үчүн, ким өзү үчүн экенин билүү мүмкүн эмес. Билип, тизмектеп, 2 млн Баланчаева, Түкүнчөева Атамбаевге же Назаралиевге добуш берген деп 2 млн кишинин жеке мөөрүн көтөрүп келбесең,мындай үйүлгөн мыйзам бузуу тоосунун арасынан ким кимге добуш бергенин билүү мүмкүн эмес. Андыктан 2млн шайлоочуга (200 миңге жетерин кудай билет) тийишпей башкы алты шайлоочу жөнүндө айта турган болсок, талапкер К.Бакиев жубайын ээрчитип барып, өзүнө добуш берди. Жубайын ээрчитип барганына караганда өзүнө эмес, жубайынын баласына, өзгөчө кичүү баласына добуш бердиби деп ойлоп калдык. Экинчи талапкер Темир Сариев уулун ээрчитип барып өзүнө добуш берди. Демек, шайлоого ошол уулу үчүн барып жатканын, тапкан акчасы уулунун керегине жумшаларын "намек" кылды окшойт. Бул жаатында үчүнчү талапкер Токтайым Үмөталиева Сариевдей кыйытып айтпай эле, түз эле мынабундай (небересин көрсөтүп) келечек үчүн добуш берем, - деди. Неберем үчүн шайлоодон акча жасап алайын дедим эле, деп тереңирек айтпады. Баарынан кызыгы Мотуевдики болду. Бу эргулдун шайлоодо бир добуш алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Өзү өзүнө добуш берсе болмок. Ошону да бере албай, өз участогунан башка участокко адашып барып алганы ашкере болду. Анан баары эле өзү үчүн деп иштеп жатканда бирөө үчүн иштегендерге оор болуп кетет эмеспи. Андыктан эки талапкерге оор болуп кетти окшойт.

  сырткы саясат

Жабык эшик артында 20 киши жашынат
Кыргызстанда эмне деген каман күркүрөп атканы түшүнүксүз. Президенттердин Эл аралык жолугушуусу майкечен өткөнү жатса, өкмөт аралык делегация жабык эшик артында шыбырашып калгандай. Кечээ эле Росиянын вице-премьери Игор Сечин 20 чакты кишиден турган делегация менен Кыргызстанга келип кеткени айтылды. Бул боюнча президенттин басма сөзү маалымат бербей, президенттин басма сөз жетекчиси Алмаз Турдумаматов жолугушуу жабык эшик артында өткөндүктөн мазмуну кандай экенинен маалыматы жок экенин "Азаттыкка" билдирген. Эркин басма сөз түгүл президенттик басма сөздөн да жашырылган ал кандай жабык эшик артындагы сүйлөшүү? Игор Сечин түн катып келген Березовский, же Акүй менен сүйлөшкөнү 20 чакты криминалдык банданы ээрчитип келген жок да жашырынып сүйлөшкүдөй. Канчалык жашырылган сайын караңгы үйдө каман күркүрөйт болуп божомол-дөдөмөлдөр көбөйөт. Айрымдар аны К.Бакиев менен шайлоо алдында соодалашканы келди дешсе, айрымдар, Ганси авиабазасы чын эле транзиттик борбор болобу, жокпу деп тактаганы, ошого ылайык Камбаратага кеткен чыгымдын отчетун алганы келди дешти. Делегациянын курамында Коргоо министри Анатолий Сердюковдун бар экенин эске алсак, Ганси маселеси Россияны түйшөлтүп жатат дегенге негиз бар. Чындыгында Сердюковдун өзүнүн жалгыз келиши деле чоң окуя болууга тийиш эле. Себеби, Россиянын Коргоо министринин Бишкекке визити кайра-кайра кат жазган Обаманын көңүл буруусуна арзымак. Антпей, Сердюков жашырынган 20 кишинин бири катары гана келип кетип жатат, "мени байкабай калдыбы" деп жашынмак ойногон жаш баладай болуп. Ал эми Игор Сечиндин делегацияны баштап келиши дагы олуттуу ойлорго түртөт. Игор Сечин "серый кардинал" аталып жүргөн Путиндин эң жакын адамы. Ал эч кимге интервью бербейт жана эч качан эл көзүндө болууну жактырышпайт дешет. Мындай уурулук, жашыруун жолугушуу кимге, кандай пайда берээри табышмак. Жабык эшиктин артында кандай кептер козголду бир Кудай, анан өздөрү эле билет эмеспи. Кыскасы, эң башкы масалени унутпай, элдин кызыкчылыгын да бирге ала жүрүшсө болгону.