п»ї

Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"
Оригиналдуу үн
Бизге радио угармандар көп комплимент айтышат. Баарыбызга тең эле "булбулдай болгон үнүңүз" деп кайрылышат. Бирок булбулга теңеген деле болбойт го. Мен өзүмдүн кесибим боюнча актермун. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театралдык бөлүмүнүн актердук чеберчилиги боюнча окуумду аяктагам. Артикулация, дикция дегендей, ал жакта үн коёт, тилибиз менен иштейбиз . Андан сырткары мен улуттук биринчи каналда сүйлөп калганым, же болбосо радиодо сүйлөп калганым жөндөн жөн эмес. Биз дагы сиз сыяктанып теле- радиого келгенде аябай эмгектенгенбиз. Репортерлорду көтөрүп алып, көчөлөрдө экс- пресс маек уюштуруп, штаттан тышкары кабарчы болуп иштегенбиз. Ошол процесстин баары башыбыздан өткөндөн кийин үн өзүнөн өзү тарбияланат экен. Кудайга шүгүр азыр радиодо толук кандуу журналист катары, толук кандуу продюсер катары эмгектенип аткан учурум.

Карьеранын жогорулашы
Бардык адам таланттуу. Талантты андан ары өстүрүш үчүн аракет, аракет жана дагы аракет керек. Таланттуумун деп жатып алган адамды жалкоо жана акылсыз деп түшүнөм. Эмгек көбүүрөөк талап кылынат. Берилген талантты андан ары өздөштүрүп кетүү баарыбыздын колубузда. Карьераны жогорулатуунун бирден-бир ишенимдүү жолу ушул. Мен карьерамды телекөрсөтүүдөн баштадым.15 минуталык жаздыруу менен кете турган рубрикадан баштап, андан кийин 1 сааттык ток-шоуга өттүм. Андан кийин радиого келдим. Артыма кылчайып карап көрсөм радиого келгениме 6 жыл болуптур. Ортодо өзүмдүн кесибим менен иштейин деп театрга жакындап, "учур" теле театрында иштеп да жүрдүм. Ошондой күндөрү бул жактан жетекчилер талап койду. "Театрда иште, же телерадиону тандап ал",-деп . Тандоого туура келди. Антпеске арга жок болчу. Бир учурда эки иштин жүгүн көтөрүү кыйын эле да.

Көмүскө талант
Мен өзүм мектеп жашыман эле обон жазчумун. Биздин тил менен айтканда жапайы музыкант деп коёт мени. Ошол убакта эле колума гитара алып, анын ыргагында обон жазып жүрчүмүн. Сөзгө аябай мокок болчумун. Акырындык менен обондорума сөздөрүн өзүм жазып баштадым. Азыр 15 жылдык багажым бар. Жаштар менен көп иштешип аткандан кийин, кээде өздөрү "даяр музыкага ыр жазып бересизби",- деп суранып келишет. Ошол учурда өзүмдүн дараметиме жараша ыр, же обон жазып бергенге аракет кылам.

Мурунку муун
менен азыркы муундун ырчыларынын айырмасы жок






Азыркы муундун ырчылары менен мурунку муундун ырчыларынын ортосу асман менен жердей дегенге кошула албайт элем. Себеби эки жак тең бирдей эле ырчылар. Ар бир замандын өзүнчө талабы бар. Ошого жараша ырдайт, ошого жараша бийлейт, ошого жараша сүйлөйт. Кыргыздын көөнөрбөс мурастарына кайрыла турган болсок, фольклордук жана элдик чыгармаларды, мукам ырларды көбүрөөк аткарып келген болсо, азыркы ырчыларыбыз шайыр шаңдуу ырларды көбүрөк аткарып жатат. Бул эстрада. Биз башка өлкөдөн үлгү алып атабыз. Себеп дегенде алар менен дайым карым-катнашта болуп туруубуз абзел. Эгерде байланышта боло албасак Интернет деген бар. Анан ырчылардын эмнеге популярдуулугу тез өнүгөт деп атасыз? Мурдакы ырчылар деле өз убагында популярдуу болушкан. Алардын өздөрүнүн мууну, күйөрмандары, сүйөрмандары болгон. Алар карыйт. Карыган сайын моюн сунуш керек бардык нерсеге. Анан жаштар чыгат. Азыр, учурда жаштар популярдуу болуп турушабы. Булар деле көпкө популярдуу болбойт. Булардын дагы доору өтөт. Буларды сүрүп дагы башка муун келет. Жашоо деген ушундай эмеспи. Азыркы ырдаган ырчылардын ырын жамандап жатабыз. Бардыгы жаман эмес. Жакшы ырчылар, жакшы ырлар бар. Кийин биз сөз кылып аткан Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу ошолордун деңгээлиндей эле булар да классикага кирип калышы мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт.

Арасында жакшы ырлар, жакшы ырчылар бар
Карапайым элибиздин музыкага болгон табити эч өзгөрбөй турганы өкүнүчтүү. Чындыгында эле музыкалар булганып баратат. Биз көбүрөөк батышты туурап келебиз. Өзүбүздүн калоритибизди, ыргактарыбызды жоготуп баратабыз. Эстрада деген эстрада. Мындай ырдаш керек, мындай ырдабаш керек деп чектөө болбоого тийиш. Анын эч кандай чеги болбойт. Бул жагында мыйзам, импровизация деген нерсе бар. Ошондуктан эстрада ырчылар каалагандай кылып созушат, каалагандай кыйкырышат. Алардын ичинде жакшы ырчылар, жакшы ырлар бар.

Динге болгон
көз караш
Чынын айтсам мен атеист эмесмин. Мен кудайдан коркпойм десем эле атеист деп ойлошот. Биз эмне үчүн коркушубуз керек? Мен ага ишенем, ал каардуу эмес, деп ойлойм. Ошон үчүн ага болгон коркуу сезими жок менде. Биз негативный нерсени элестетип алабыз. Биз тескеринче коркпошубуз керек. Ага сыйынып, тиленишибиз керек. Кудайды биз айкөл, кичинекей балдардын аяз атасы катары элестетүүбүз керек. Дин жөнүндө айта турган болсом, ар биринин өзүнүн укугу бар. Кандай динди тутам десе өз эрки.Тилекке каршы ар кандай диний агымдардын киргендиги, жанагыдай ыплас иштерге баргандыгы өкүнүчтүү. Мен бир нерсеге каршымын. Диний университтер ачылып жатпайбы. Мейли, жаман эмес, жакшы бирок, улуттук костюмубузду жоготуп баратканыбызга кейийм. Көчөдө чүмкөнүп алышып, эл кылбаганды кылып жүрүшкөндөрү дагы бар. Мен өз көзүм менен көргөнмүн. Ошон үчүн жийиркенип калгам. Туура түшүнгөн адамга бул арабдардын кийими. Алар аба ырайына жараша кийинишкен. Биздин төрт мезгилибиз турса, бизге эмне жок. Төрт башка кийим кийгенибизге шарт бар. Чүмкөнсөң деле ошо, чүмкөнбөсөң деле ошо. Кеп кийимде эмес. Ачык жүрүп деле ыйманын сактагандар бар, чүмкөнүп алып баарын жасагандар аз эмес. Диний агымдар мамлекеттик керек болсо, эл аралык деңгээлде чечилүүчү маселе. Ага карабай кирип жатышпайбы.

Келечектеги
президент
Биз кичине кыйналсак эле мамлекет башчысына догубузду артып калабыз. Бул бир жагынан туура, себеби мамлекет башчысы болуп, элдин жүгүн мойнуна алгандан кийин аткарыш керек. Бизге татыктуу президент келбей койду дешет, аны алып келүү өзүбүздөн. Ал асмандан түшпөйт. Же болбосо татыктуу президентти биз өзүбүз татыктуу кылышыбыз керек. Ошол коом, сиз жана биз чогуу баары. Татыктуу президент жалгыз татыктуу боло албайт. Бизде жакшы сөз бар "Вазир жакшы хан жакшы" деген. Вазирлерибизде көп нерсе болуп жатат. Шайлоо мурдакыдай өтөт. Чоң мамлекетти башкарыш, анын ичинде ошончо улутту башкарыш чоң милдет. Келечекте менин үмүтүм бар Кыргызстан оңолуш керек. Өнүгө турган өлкөбүз.

Жакындарым үчүн жашайм
Адам бул жашоого эмне үчүн жашаш керек. Жөн гана тамактаныш үчүнбү? Жок тамак жеш үчүн ит деле жашайт. Эң башкысы адам бул дүйнөгө кимдир бирөө үчүн, же кимдир бирөөлөр үчүн жашаса, мен ошону бакыт деп эсептейм. Мисал үчүн мен келинчегим, кызым, бир туугандарым, ата-энем үчүн жашайм. Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Өз кара жаны жүрүп, бир курсак үчүн жашаган адамдан өткөн бактысыз адам жок. Бул жалгыздык.

Бактылуу үйбүлө
Келинчегим экс коллегам. Азыр үйдө кызымды багып иштебейт. Биз башында дос болуп жүрүп, анан үйлөнгөнбүз. Кыз- жигит болуп деле жетелешпедик. Бир жерден нан таап жесек, чогуу, бирге жүрөбүз да. Ошондуктан бири-бирибизди жакшы билчүбүз. Кудайга шүгүр, Сымбат деген кызым үч жашка чыкты. Толук кандуу бактылуу үйбүлөбүз. Мен үйбүлөм, жакындарым менен бактылуу экенимди жашырбайм.
Карылыкты
элестетүү
Мен өзүм Көлдөн болом. Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем. Көлдүн жээгинде бир жакшынакай кепе там болсо да салып, байбичем менен балким, неберем, балдарым менен яхта алып, балык кармап, бир чакан бакча иштетип, айыл жеринде карысам деп кыялданам. "Туулуп өскөн жердин топурагы алтын, бышып чыккан түтүнү бал",- демекчи айылдан өтөөрү жок. Этибиз шаардыкы болгону менен сөөгүбүз айылдыкы. Айылга бат-баттан барып турам бирок, бат сагынам. Шаарда мен карьерам үчүм жашап жүрөм. Анан балдарым үчүн жашайм. Балдарымды калтырып коюп, анан өзүм үчүн жашайм.


Бегимай Жайлоо кызы
Арабаев атындагы университетинин 2-курсунун студенти





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??