п»ї
  Сунуш

Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
Ошентип кезектеги кезексиз президенттик шайлоо да марага жакындап баратат. Кезексиз деп баса айткым келет, себеби, 2005-жылдагы президенттик шайлоо да, бул жолкусу да кезексиз болууда. Эгер 2005-жылдагы шайлоону президенттин өлкөдөн качып кетишине байланыштуу обьективдүү себеби бар десек, бул жолкусун жөнөкөй арифметика менен да, юридикалык негиз менен да түшүндүрүп бере албайсың. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бардык редакциясында "президент 5 жылда бир шайланат, ал мөөнөт президент ант берген күндөн баштап эсептелет" деп кашкайып жазылып турат. Ал эми биз баарыбыз жакшы билебиз, К.С.Бакиев Кыргызстандын элине кайрылган антын 2005-жылдын 14-августунда берген.

Анда эмне болуп кетти?

Себеп, өтө жөнөкөй: оппозициянын бир бөлүгү саясий оюн жасап, Конституциялык Сотко кезектеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүү жөнүндө кайрылышты. Конституциялык Сот Конституциянын 2003-жылдагы редакциясынын 44-беренесине таянып президенттик шайлоо учурдагы президенттин бешинчи жылындагы октябрь айынын акыркы жекшембисинде өтөрүн ачыкка чыгарды. Мындай жыйынтыгы өлкөдөгү энергетикалык коллапс, социалдык-экономикалык жана саясий абалдын мындан ары курчуп кетишинен кооптонгон учурдагы президенттин чырагына май тамызды. Ал дароо буга макул экенин билдирип, а түгүл мындай "мыйзамдуу жыйынтык" үчүн мөөнөтү бир жылга кыскарарына дагы карабай турган кең пейилдиги үчүн мактанып жиберүүгө үлгүрдү. Ошол эле учурда 2003-жылдагы редакция жараксыз экенин эч капарына алган жок. Ал үчүн, Конституция маанилүү эмес, ыңгайлуу шарттын түзүлө калганы маанилүү болду окшойт. Анан калса, 2007-жылдагы чукулунан референдум жана парламенттик шайлоо өткөрүү тажрыйбасынын таттуу даамы жагып калгандай. Ошон үчүн экинчи мөөнөткө бараарын ишенимдүү белгилеп жатып, 2005-жылда 5 жылдык бир мөөнөт гана жетишет деген сөзүн таптакыр унутуп койду. Ал мындан 5 жыл мурун андан башка да толгон токой сөздөрдү айтып, кат-кат убадаларды берген. Алардын бири да аткарылбады. Жаңы президенттик шайлоого барардан мурун 4 жыл мурунку убадалары жөнүндө отчет бергиси келбеди. Эмне үчүн президент БШК белгилеп берген телевидение аркылуу программасы менен кайрылуу, теледебатка жана тегерек үстөлгө катышуу өңдүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган жок. Себеп, бирөө эле: ал 4 жыл мурун берген убадалары жөнүндө суроолордон качат, түз диологго барууга даабайт. Ал эми ага бериле турган суроолор өтө эле көп: "Эмне үчүн 4 жылдын ичинде көптөгөн депутаттар атылып, экөө жоголуп кетти? Өзгөчө Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов өңдүү улуттун маңдайына сыймык катары бүткөн сейрек таланттуу уулдарыбыз үчүн ич күйөт. Эмне үчүн азыр дагы К.Байболов, О.Абдрахманов, Э.Байсалов, Ч.Орозбекова, Ж.Эдигеев өңдүү белгилүү уул-кыздарыбыз алыскы чет өлкөлөрдү баш паанектеп, мекенине келе албай жүрүшөт? Эмне үчүн кечээ эле Бакиевдин эң жакын шакирттери, пикирлештери болгон А.Бекназаров, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ф.Кулов, И.Исаков, Р.Жээнбеков, И.Кадырбеков, А.Жекшенкулов, Т.Тургуналиев, Э.Бөлөкбаевдер оппозицияга өтүп кетишти, а түгүл кээ бири түрмөдө отурат? Тышкы саясатта да жаңы суроолор пайда болду: Эмне үчүн биз америкалык авиабазанын тегерегинде саясий оюн уюштуруп, дүйнөгө уят болдук? Эмне үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен болгон мамиле курчуп кетти: бирөө чек арага аң казып, тосуп киришсе, экинчиси Кыргызстандан келген наркозаттардан коргонуу үчүн чегарабызды бекитебиз деп коркутту? Эмне үчүн мамлекетибизге төрт жыл ичинде өз эрки менен алыскы чет мамлекеттерден бир дагы өлкө башчысы келген жок. Путин, Ху-Цзынтао бизге эмес, ШКУ менен КМШнын саммитине келди. Болгону бир гана Турциянын президенти А.Гүл келди, ал дагы авиабаза маселесине ортомчу болуш үчүн келгени ашкере болду. Мунун баарынын себеби кайда жатат? Мүмкүн Кыргызстан К.Бакиевдин тушунда Борбордук Азиядагы "демократиялык аралча" деген наамынан ажырап, авторитардык мамлекетке айланганы жана коррупция боюнча 180 мамлекеттин ичинен 166 орунга жеткени себеп болуп жүрбөсүн?
Албетте, калыстык үчүн белгилеп коюу керек, К.Бакиевдин учурунда саясий абал өтө курчуганына карабай бактыга жараша согуш чыгып кеткен жок, экинчиден социалдык-экономикалык планда бир аз жылыштар болду: бюджет үч эсеге өсүп, бюджетте отургандардын айлык акысы, пенсия сезилерлик көбөйдү. Бирок, көп жолку баалардын өсүшү, инфляция, сомдун курсунун төмөндөшү өңдүү медалдын экинчи бетин президент да, айланасындагылар да айтпай жатышат. Андыктан азыркы бийликтин учурун Акаев учуру менен салыштыруу, ал кездегиден азыр мыкты деп мактануу ыңгайсыздыкты жаратат. Суроо туулат: Ошондо К.Бакиев өзү жана айланасындагылар кайда жүрдү эле? Дал ошол Акаевдин үлгүлүү шакирттери эмес беле? Бүгүн дуулдап сөз болуп жаткан Камбар Ата ГЭСине россиялык кредит берүү маселеси А.Акаевдин учурунда эле чечилбеди беле?
Ал эми А.Атамбаев жана Т.Сариевдин президенттикке талапкерлиги жөнүндө кеп такыр башкача. Алар А.Акаевдин учурунда мамлекеттик кызматтарда болушкан эмес. Бул эки талапкер жөнүндө аларды жакындан билген жана сыйлаган адам катары экөө жөнүндө айта турган кебим бар.
А.Атамбаевди мен көптөн бери билем. Биз Москвадан таанышканбыз жана экөөбүздү көп нерсе бириктирип тургандыктан жакын да болуп калдык. Ал да мен сыяктуу бала кезинен жокчулукту, кыйынчылыкты көрүп, студент кезинде өз киндигин өзү кесип, короо шыпыргыч өңдүү кесиптерге чейин эмгектенип, өз күчү менен окуду. Мекенине кайтканда көркөм котормо менен алектенип, мамлекеттик кызмат менен чыгармачылыкты айкалыштырып жүрдү. Бул жагынан да окшош болду. Экөөбүз тең Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйынынын депутаты болуп калдык. Анда ал Төрага болуп шайланышыма да көп роль ойногон. Кийин ал бизнеске ооду.
Ал эми экинчи талапкер Т.Сариевди мен кийинчерээк, экөөбүз Эл Өкүлдөр жыйынынын депутаты болгондон бери билип калдым. Ал Төрага катары мага көп колдоо көрсөткөнүнө карабастан көз карандысыз жана активдүү депутат эле. Өзгөчө мага анын каржыэкономикалык багыттагы бекем жана аргументтүү ой-пикирлери жакчу. Негизи эле Т.Сариев күчтүү, бекем, эрктүү жана интеллекти да өнүккөн, терең билимдүү инсан. Тарых жана адабиятты жакшы түшүнөт. Негизи эле А.Атамбаев менен Т.Сариевди да көп нерсе окшоштуруп турат. Буга кошумча мыкты спортсмен. Анын физикалык жана руханий күчү жана эрки өзгөчө Ф.Кулов тарабынан уюшулган апрель митингинде өзгөчө көзгө көрүнгөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Президенттикке талапкерлердин ичинен бул экөөнө өзгөчө токтолуп жатканым: экөөндө көп окшоштуктар бар. Экөө тең кесиби экономист, экөө тең бизнести өздөштүргөн, экөө тең чыгармачылыкка жакын, бири а түгүл тээ бала кезинде кыргыз киносуна да тартылган. Анан эң негизгиси экөө тең саясий чоң кадыр-барк топтогондор.
Бирок, өкүнүчтүүсү экөө тең шайлоого чейин кечээ эле Бириккен Оппозициянын тутумунда жүрүшкөнүнө карабастан экөөнүн жолу айрылыш болуп турганы. Албетте, бул дагы атуулдук чечим. Ар бир атуул атуулдук чечимди өз алдынча кабыл алууга толук укугу бар. Андай чечимдин кабыл алынганы өкүнүчтүү, бирок, укугу болгон соң бардык нерсеге кечиримдүү жана сабырдуу караган оң. Эки жол болгон менен бир оппозицияда туруп, бири-бирине каршылашып, бир гезитти тең бөлгөнгө чейин баруу өкүнүчтүү. Бирок, мындан трагедия жасабай, саясий конкуренциянын шартында боло жүргөн иш катары санап, эң негизгиси алдыда чечүүчү убак жакындап калды, биригүүгө кеч эмес. Мындай биригүүнү мен .А.Атамбаев менен Т.Сариевге эле эмес, Ж.Назаралиевге да каалайт элем. Үчөөнүн тилеги бир, учурдагы бийликке каршы болгондуктан добуш саноодо бири-бирине колдоо көрсөтүп, бир күч катары бириксе, шайлоонун жыйынтыгын коргоп калуу ыңгайлуу болмок.

Абдыганы Эркебаев, филология илиминин доктору, Кыргыз Илимдер Академиясынын Академиги





Президентке кызмат көрсөткөндөр, кордук көрүшөбү?
Редакциядан: Турдухан Ибрагим кызы өзүнүн макалалары жана ырлары аркылуу Курманбек Салиевичти 4 жылдан бери колдоп жана башка журналисттердин К.Бакиевге каршы жазгандарга каршы макала жазып келаткан калемгер. Бирок, ал президенттен бул кызматы үчүн сый көрбөй эле тескерисинче, кордук көрүп келаткандай таасир калтырат. Далил катары анын төмөндөгү президентке кайрылуусун өзгөрүүсүз жана котормосуз сунуштайбыз.

Президенту КР
Бакиеву К.С.
От журналиста исламиста
Турдукан Ибрагим кызы

Заявление

Уважаемый Президент! В 2005г. я активно поддерживала вашу кандидатуру, для вещественного доказательства прилагаю копию газеты "Ош шамы", где я конкретно описала каким образом я пострадала из-за этого.
В 2005 году во время выборов мои стихи были опубликованы в газетах:
1. "Ош шамы", "Падыша Жараткандын көлөкөсү", "Эр жигиттин бактысы".
2 "Ош жаңырыгы", "Бакиевдин бактысы ошол эле!", "Бул шайлоодо тандайлы".
3. "Жаңы заман" интервью от А.Салианова, А.Эсеналиева, Сергей Рахматуллин - руководитель радио "Алмаз".
Во время пикета 4 ноября, когда на центральной площади стояло страшное противостояние опубликовала стихи в газете "Ош жаңырыгы" стихи в пользу Президента "Эл башчысын тебелеген, элибиздин салты эмес!"
Случайно услышал Омбудсмена Турсунбай Бакир уулу, где он говорил: "Ак жол обманным путем выиграл на выборах, если это же так, пусть Президент поклянется Кураном".
Тогда я в газете "Кыргыз Туусу" написала критическую статью, где разоблачила (без) бывшего Омбудсмена газеты:
15-17 апреля, 2008 года.

Когда экстремисты хотели мирную праздничную молитву использовать против власти написала статью в газете "Кыргыз Туусу" 22-28 февраля, 2008 года. "Айт намазы кай жерлерде окулуусу керек?"
Когда оппозиционеры стали призывать населения опять на митинги, пикеты 27 марта, 2009 года в газете "Жеңиш тусуу" написала статью против митинга и стихи в пользу Бакиева К.С.
Статью не опубликовали, но стихи вышли под названием "Перзидент - Жараткандын көлөкөсү".
Уважаемый Президент! Я 15 лет боролась с режимом Акаева, получила ножевые раны, даже заявление не писала, простила своих обидчиков.
Документ: Справка МСЭ № сер. А. 115848г
г. Бишкек гор. б-ца №1
с 1.10.07. инв. 2-ой группы пожизненно.

Ограбили мою квартиру в г. Оше,
Отв. №11436 от 31.10.2006г. ответ первого вице мэра города Ош Аланова /подпись/, где сообщается, по факту кражи личного имущества Т.Ибрагимовой возбуждено уголовное дело по ст. 164 ч.з. п. 4 УК Кырг. ССР.
Преследование продолжалось и ошские религиозные аксакалы ночбю меня в 3 часа вывезли из Оша, устроили в интернат временно справка. интер. Д.Дийанбаева, п. 24, 11.03.08

Уважаемый Президент!
Я 1 января 2000 по 2004 годы, по радио "Алмаз" вела рулигиозную передачу "Ислам и молодежь". Я оплачивала за каждую передачу по 400 сомов из своего кармана.
Я не жалею, когда я оказалась на улице без жилья, без родственников мне помогал только, горячо любимый мною Алла Таалам!
Он дал мен силу выжить: работала с. Ак Жол в сторону аэропорт у слепой бабушки Мозговой Е.И. домработницей. с. Петровка Московский район, у Ахмедовых работала скотницей. У директора СШ. Кенеш, Ысык-Атинского района, дамработницей, няней, скотницей.
Наконец-то я устроилась в СШ интернат с. Красная речка. Директор Кульбеда А.И. меня накормила, одела, прописала, дала работу, поддержала меня как родная мать, хоть мы с ней ровестницы.
Живу у нее дома, но теперь Алла Ильинична уезжает в Россию, я опять окажусь на улице.
В городе Ош у меня по ул. Жумабаева есть 2-х комнатная квартира, нме надо её продать и купить дом в Бишкеке, но я боюсь ехать в г Ош, от преступной группы бандитов, не все находятся в тюрьме, помогите пожалуйста мне продать дом в г. Ош.
А я, как поддерживала вашу кандидатуру, так и сейчас болею за вас, в газетах скоро выйдут стихи про нашего Президента.

С уважением, журналист Турдукан Ибрагим кызы.

Ысыкатинский район, с. Красная речка. Школа-интернат, учитель физкультуры.
Ул. Садовая 4 (это дом директора, у нее я живу).
26.06.02.








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??