п»ї
  Көргөндөн көрө элегиң көп

Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
Биздин жашоодон сырт бизди башкарып турган күчтөр барбы? Адамзаттын эзелтен изилденип бүтпөй келаткан темасы мына ушул. Жетинчи туюм - адамды башкарып туруучу туюм. Эгер адам жетинчи туюмун жакшылап тыңшаса, ал эч качан өз жолунан жаңылбайт. Ал эми жазуучу Казак Акматов "Архат" романында адамдын эки кашынын ортосундагы ачылбай калган үчүнчү көз тууралуу жазган. Үчүнчү көз ааламды, жашоону көрө турган эмес, адамдардын аурасын, ички дүйнөсүн көрүүгө ыңгайлашкан көз. Бирок, ал ачылбай, адамзаттын жашоосунда роль ойнобой калган. Бирок, байкасаңыз, биздин замандагы көзү ачыктарды дал ушул үчүнчү көздүн ээлери деп кабыл алууга да биртке негиз бар. "Көзү ачылды", деп айтылат Алла алдын - ала көрө билүү шыбагасын буйруган пенделерди. Эки көзү ансыз да ачык, ал бардык адамдарда ачык, демек, көзү ачылды деген, үчүнчү көз жашоого аралашууга мүмкүнчүлүк алды деген кеп.
Жашыруун сакташканы менен элге жашыруун нерсе эмес, ар бир чиновниктин өзүнө тиешелүү доктуру менен кошо молдосу да бар. "Касиданы" окуган, дем чыгарса деми менен кошо өрт чыгарган, аккан сууну дубанын күчү менен агымынан тескери айдаган жаш молдо жигит жөнүндө, ага чоңдор тез - тезден каттап турушары белгилүү.

Падыша - жөнөкөй адам эмес.
Жарыктыкка келген ар бир адам падышалык тактыга отура бербейт. Бул миллиондун бирине гана тийиштүү бакыт. Элди, жерди, улутун башкаруу Жараткан тараптан берилген ыйык шыбага, демек, ал шыбаганы алган адам да жөн адам эмес.
Курманбек Бакиевдин Базар - Коргондогу эл көп каттабаган тоолуу Кааба айылында Дөөтү пайгамбардын күмбөзүн реставрациялап, аны сыйынуучу ыйык жай Кошой - Коргондун жолун оңдоосу, Манастын күмбөзүнө барып тооп кылуусу жогорку күчтөрдүн бардыгына ишенгендигинин белгиси. Биз космостук зонада жашайбыз. Адамдын ойлогону космоско чыгып, ал кайсы бир убакыттан кийин кайра үстүнө түшөт. Ошон үчүн "Жакшы ниет - жарым ырыс", деген кеп бар. Тооп кылуу, сыйынуу Алланын мээрин чакыруу же, жакшы тилек менен тооп кылсаң, ал өзүнө кайтып келет, дегендик.

Бул нерсени магиянын да, илимдин да негизинде кароого болот. Россиялык дары жасоо институту бир нече ачылыштарды жашыруун жасашкан. Бир илимпоз адамдарды өлбөс кылуунун дарысын изилдөөгө бүтүндөй өмүрүн жумшаган. Ачылышынын арасында гана жашап, адамдардан четтеп, акыл - эси кирди - чыктыдай болуп калган илимпоздун өмүрү ачылышка жетпей, көз жумгандан соң, ал ишти анын шакирти аял илимпоз өз колуна алат. Адамдарды өлбөс кылуучу дары өз натыйжасын берет, бирок, башка багытта. Ал дарыны ичкен адам бир топ күн алсырап, оорубай эле соолуп барып бул дүйнө менен "коштошот". Организм тирүү,экинчи укол аны кадимки жашоого кайтарып келет. Бул нерсе көп жерде өз пайдасын берген. Илимпоз аял кылмышкерлердин кылмышынан актай чыгышына жардам берген, албетте, акчалуу кылмышкерлерге. Соту жүрүп, өлүм жазасы же, түбөлүк абак чечимин күтүп аткан кылмышкер кокусунан эле ооруп, табы көтөрүлөт да, жан берет. Туугандары маркумду эл көзүнө жерге коюшкадан соң, кайра казылып алынып, экинчи уколду алган коркунучтуу кылмышкер кайра жашоого укук алат. Күнөөлүү каза тапкан соң кылмыш иши жабылган, а кылмышкер аты - жөнүн өзгөртүп, издөөдөн коркпой, кенен өмүр кечире алган. Бул дары ашкере болгондон кийин, башка илимпоздорду да кызыктырып, жашыруун ар кайсы нерселерди ойлоп чыгууга киришкен. Алардын бири кадимки зомбини жасоочу дары тапкан. Ал дарыны ичкен адам өзүнүн кимдигин унутуп, дарынын таасири кеткиче жашоодон четтеп кетет. Сүйлөөр сөзүнө, жасаган ишине жооп бере албайт. Ал эми андай дарыларды табуу акчасы көп адамдар үчүн проблема эмес. Анын үстүнө атаандашы чындап эле коркунуч туудуруп атса…


Алмазбек Атамбаевдин Базар - Коргон районунун Акман айылындагы эл менен жолугушуусундагы абалы ар кимди ар кандай ойго түрттү. Мас адамдай сүйлөр сөзүн билбей тантырагн талапкер элдин эсин эки кылды. "Ушу да президент болобу?.." деген элдин коркунучун айтпаса да түшүнүктүүдүр. Бирок, Алмаз мырза жана анын жанындагылар ичкилик кошулбаганын айтышып атышат. Эгерде, Атамбаевдин премьер - министр кезиндеги ичкен бир стакан суусун эске салсак, анда бул окуяны башка жагынан да кароого негиз бар. Эр ортону элүүгө барып калган акыл - эстүү, билимдүү адам кантип эле эл менен жолугушуу жакындаганда арака тоюп алат? Президенттик оюн эместигин, акыл - эсине кире элек бала да түшүнөт, бала да бул кадамга бармак эмес. Мас адамдай көздөрү кызарып, Бекназаров сүйлөп атса, анын артына жашынып, бөтөлкөдөн кулкулдатып суу суткан саясатчынын дарты арактан эмес, башкадан болуп жүрбөсүн. Азимбек Бекназаровдун айтуусу боюнча, 20 - июнь күнү эртең менен талапкердин абалы оордоп баштаган. Өз бөлмөсүнө эс алууга кирген Атамбаев бир сааттан кийин өңү бозоруп, тили күрмөөгө келбей, денесинен күч кете баштаганын туйган. Бул абал ууланууга окшошкон эмес, көңүл айнуу, окшуу жок, жөн гана күч кетип, шалдырап, сүйлөөгө тили күрмөлбөй калган. Адамдын негизги куралы тил болсо, демек, талапкердин эл менен жолугушуусунда тил болушунча сайрамак. Тилди жок кылгандан кийин соккуну эң негизги чекитке урду деген сөз. Молдо чакыртып дем салдырышканда, кара ишке багытталган дуба окулганын айткан.


Атып өлтүрмөй, өрттөп жибермей аягына чыгып, эми жогорку күчтөрдүн таасиринин алдында акырын жыкмай оюну башталгандай. Сасыган саясат оюнуна сырдуу күчтөр да баш бага башташты. Же, илимдин жолу менен өнүгүү башталдыбы. Айтор, эмнеси болсо да олчойгон жоопкерчиликти моюнуна жүктөп, улуу жарышка аттанып аткан адам чечүүчү эл менен жолугушуусунда эси - кушунан кеткиче аракка тойбосо керек эле. Магия деген изилденип бүтпөгөн, бирок, жашоодо чоң роль ойногон илим экенин эске алуу кажет.

Эгер Манаска кайрыла турган болсок, колуна кан чеңгелдеп түшкөнү, калкына тийишкендердин канын ичкен падыша болоорунун аяны болгон. Азыркылар эмне чеңгелдеп түшүштү экен. Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин да колдоочулары бар. Анткени, айтпадыкпы, жөн адам падышанын тактысына отура койбойт. Алмаз Атамбаевдин да жөн пенде эместигин Арашанда өткөн оппозициянын эл менен жолугушуусу күбө. Ал жерде турган канча жүздөгөн адамдар Атамбаев сүйлөп атканда үч бүркүт төбөсүнөн айланып учуп жүрүшкөнүн көрүшкөн. Биздин Циркте биринчиден бүркүт жок, экинчиден, мынчалык деңгээлде үйрөтө алышпаса керек эле. Эмне үчүн ошол жерде турган башка саясатчылардын башынан тегеренбейт да, Атамбаевге келет? Демек, бул жерде сыр бар, жогорку күчтөр кайсы бир деңгээлде дөөлөт Атамбаев тарапка ооп атканынан кабар берип аткандай. Акаев кетип, Акүй ээн калганда, президенттин креслосуна Бекназаров жете бергенде артынан Атамбаев жоон тобу менен кирип келген экен. Башынан эле кимдин президент болоорлугу чечилип калса да, балким Атамбаевди айланып учкан сырдуу дүйнө апкарытып, оозуна салдыра бердиби Бекназаров: "Мына, Алмаз, президенттик кресло сени күтүп жатат. Өзүң отуруп, элиңе жакшы кызмат кыл", деп жиберген экен. Бирок, башынан чечилген нерсе ошол чечимде кала берди…

Астролог Людия Демина Бакиевдин бийлиги убагында эң мыкты премьер - министр "Тараза" жылдызынын алдында төрөлгөн адам боло турганын айткан. Бирок, мындай жылдыздын алдында төрөлгөн премьер - министр бийликтен табыла элек. Ал эми "Бийкеч" жылдызынын ээси Атамбаевдин бийликте узакка кармала албастыгын жылдыздар айткан. Бирок, бийликке келе элегинде эле бул астролог "Бийкеч" Атамбаев менен "Арстан" Бакиевдин тандеми Кулов менен Бакиевдин тандемине караганда бекемирээк болоорлугун белгилеген. Ал турмак Атамбаевге преьмерликтен да жарыгыраак орун түшүп атканын да жашырган эмес. Премьерликтен түшүшү Атамбаевдин тагдыры, бирок, жылдыздар тарабынан ага жарык келечек түптөлгөндүгүн да айткан Людия Демина.
Эгер астрологдун айтканына ишене турган болсок, жылдыздар белги берген жарык келечекке дал ушул талапкердик жол алып бараткан жокпу?..

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??