п»ї
  Азизбектен азил кеп

Шайлоо алдында партиялар бийи
Даанышман сөз
- Билесиңби? - дейт даанышман агабыз. - Өзүнө жетишпеген нерсени, азыр кыргызда партиясына ат коюп алышкан. Ар-намысы жоктордун партиясы "Ар-Намыс" деп аталат, эски Кыргызстанды көздөгөндөрдүн партиясы "Жаңы Кыргызстан". Жерде жөргөлөп жүргөндөр "Ак-Шумкарбыз" дешет. Кан жол менен келаткандардын партиясы "Ак жол". Бир гана Ата-Мекен үчүн күйгөндөрдүн партиясы "Ата-Мекен"!

Кымпылдама
"Ак жол" партиясы
Кымпылдама - ламбаданын жөнөкөйлөшкөн кыргызча эле варианты. Ламбаданы бийлеш үчүн чоң билим керек. Минимум Акаевдин кошоматчылык университетинен өтүш керек. Эми болсо кожоюндун. Ал эми кымпылдама бийинде эч билимиң жок эле кымпылдай берсең болот. Эң негизгиси жүгүнгөндү үйрөнүш керек, андан соң тизе бүккөндү, анан "ляппай" деп кыйкырганды. Анан тоңколоңдоп алып бийлей берсең болот, башты өйдө көтөрбөш керек, жерди тиктеп, жүгүнүп, тизе бүгүп, "ляппай" деп кыйкырып, жакшы бийлесең, кулагыңа ламбада бийлегендер акча кыстарып кетиши мүмкүн.

Вальс
"Ар намыс" партиясы
"Ар намыстын" ар намысы биртке бар кезде вице-президент, министр, губернатор, мэр болуп алып, Аскар Акаевич менен вальс бийлечү. Экөө тең "жарыша куралданып" ар-намысын тебелеп-тепсеп жиберишкен соң, Текебаевди вальска чакырды. Камакта жатып Батукаев менен вальс бийледи. Вальстын эң көрктүүсү "тандем вальсы" болду. Кожоюн менен вальс узакка бийледи. Андан кийин кимдер менен вальс бийлебеди? Ар-намыстан да айрылып, кожоюну менен вальс бийлейин десе, ал аны киши катарына да көргөн жок. Көрсө "саясий өлүккө" айланганын билбей жүрүптүр.

Брейк
Жеңишбек Назаралиев жана брейкерлер
Азыркы жаштар эмнени ойлоп таппайт. Элден өзгөчөлөнүш үчүн Назаралиевче чачын таптакыр алдырып салып, такырбаш атка конуп алышат. Же болбосо чачын короздукундай таажы кылышып "петушок" атка конуп алышат. Назаралиевдин чачы жок болсо, кантип "петушок" боло алат? Акчасы жок болсо, кантип 100 000 сомдон таратып бере алат? Өпкөсү казандай болсо, айта берет экен да апийим айдап Кыргызстанды экинчи Афганистанга айлантам деп. Андан кимге пайда? Албетте, доктор Назаралиевке, наркомандар көбөйсө клиенттер көбөйөт да

Лезгинка
Алмаз Атамбаев, БЭК
Лезгинка накта жигиттин бийи. Бийлик тарап көпкүлөң тартып баратканда, "Асса" деп бир кыйкырып алып, Ала-Тоо аянтына секирип чыгып: "Тарам-тарам-тарам-там", деп бийлей баштайт. Лезгинканы жалгыз эмес, көпчүлүк менен бийлеш керек. Ошондо бийлик кирерге тешик таппай калат, жетинчи кабаттын терезесинен шыкаалай карап, айласы куруп кетет.
Ал эми аянтта болсо лезгинканы көрүп эл чогула берет. Лезгинка элди ушунчалык тартат, Ала-Тоо аянтына эл быкпырдай кайнап батпай кетет. БЭК болсо бекем бийлегенин уланта берет: Тарам-тарам-тарам-там, тарам-тарам-тарам-там! Анын ар бир бийлеген ритмин көргөндө, бийликтин ичкени ирим болуп, керней алкымдан өткөн миллиондорун, ГЭС, ТЭЦтерин куса албай катуу кыйналат. Ламбадасын бийлемек кайда, ламбаданы бийлемек түгүл, кайсы жерге барып баш калкаларын таппай эси эңгирейт. Лезгинканын күчү зор. Бийликке ирээнжигендер кошулуп бийлей берсе болот. Анткени, биримдикте гана, элди ойлобогон бийликти оодарып салса болот. Шайлоо алдында гана элдин камын көрүп, шайлоо бүткөн соң курсагын сыйпаган заман өтүп кеткен. Оо кыргыздар, лезгинка бийин бийлөөгө камынгыла. Бийликтин анткорлонуп, административдик ресурстарды колдонуп жатышы, элдин нааразычылыгын туудуруп жатат. Нааразы болгон эл лезгинка бийин бийлегиси келет. Анткени, лезгинка жигиттиктин бийи.

Твист
Токтайым Үмөталиева
Бекер жеринен Мотуев: "Үйүндө казан-аяк кармабайбы" деп, наалып жаткан жери жок. Анткени, Мотуев илгерки болуштун жигиттериндей суу кошпос зөөкүр эмес, акылдуу зөөкүр. Анткени, эрке болуп, эрине теке болгон аялдар, өз эркегинин төбөсүнө чыкканы аз келгенсип, чөнтөгүнө жумуртка салып алышып, айыл бийликтерине "рэкеттик" кылып, төбөсүнө чыгып алышкан. Үмөталиеваны кантип аларга теңейли, алардан миң эсе ашып түшүп атса. Чөнтөгүнө жумуртка эмес, апчеси менен жездеси Акаевдин миллиондорун салып, батыра албай жүргөн бул айым, түз эле Акүйгө ээ болгусу келип, президент болом деп эле жулунуп чыга калат. Акаев жездеси үйрөткөн твист бийинин ритмдерин туурап. Баары бир Майрам Акаеванын эсепсиз ач көздүгүнөн кийин таластык кыздарга эл ишенбей калган.

Солдаттык марш
Нурлан Мотуев
Азыр жоокерлерге кыргызча кандай команда берилип жатканын билбейм. Советтик солдаттарга "На месте, шагом марш" деп койчу. Эч жакка жылбай эле, турган жерден "танцы" тебе баштачу. Анан "Направо!", же "Налево!" деп койчу, бурулуп "танцы" тебе берчү. Мотуев да ушул команда менен бийлеп жаткандай. Оңду карап Атамбаевке асылып кирсе, солду карап Назаралиевдин назарын сындырып, артын карап Сариевди поктосо, түз карап Үмөталиеваны үстөмөндөтүп кирет. Бул "шутка" теңелебизби деп эч ким көңүл деле бурбайт. Бирок, ого бетер дардалаңдап алат. Кыйын болсо команда берип аткан командирине асылып көрбөйбү.

"Восточный танец живота"
Темир Сариев "Ак шумкар" партиясы
Эл ишенген жигиттердин бири Темир Сариев эле, бирок жеке кызыкчылыгынын айынан, "кашыктап чогулткан кадыр-баркын, чөмүчтөп чачкан" атат. Мотуев алган добушка жетпей калып, Сариевиң уят болот эмеспи. Ансыз деле "восточный танец живота" бийин бийлегенсип, жылаңачтанып алып бийликтин алдында бийлей баштады. Кызык, кокустан Бакиев менен Атамбаев добуш жетпей экинчи турга чыкса, Сариев менен "ак шумкарчылардын" накта жүзү ачылат болуш керек.

Азизбек Келдибеков





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??