п»ї
  Саясат

Шумкардын башында эмне сыр бар?
Президентке талапкер К.Бакиевди бийликчил ЖМКлар апендинин кызындай мактап атып, эл тажап бүттү. Жер-жерлерден келген адамдар айтып атышат,БЭКти сыйлаган эл Атамбаевдин сүрөтүн кастарлап баардык жерге илип алышыптыр деп.БЭКтин таламын талашкан "Азаттык" үн алгысы,"Эл сөзү", "Учур", "Кыргыз Руху, "Кыргыз караван" сыяктуу бир ууч ЖМКга элдин кызыгуусу көбөйүп баратат. Ал эми мамлекеттик телекөрсөтүүнү менчиктештирип алгансып теледен түшпөгөн К.Бакиевдин сүрөттөрүн эл көргүсү келбейби жер-жерлерде көрүнбөйт.

Миллиондор
каякка агып жатат?
Атамбаевдин шайлоо фонду акый
катты айткан ЖМКларды колунан келишинче Шайлоо мыйзамынын негизинде каржылап атат. Канча каражат түшсө, ошонун баары элге акыйкатты жеткирүүгө жумшалууда. Шайлоо фондунун каражатын элди үгүттөө үчүн чыгымдоо боюнча Атамбаев биринчи орунда баратат. Андан кийин Темир Сариев. Калганынын жолу болсун. Жеөишбек Назаралиев өчөн Нарынга баргандар жол чыгымдарын өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарышып, каржалып араң келишти. Токтайым Үмөталиева 622 миң сомунун үчтөн бирин жумшап, арттырып чөнтөгүнө алып калгысы келет. Ал эми бийликке жагынуу үчүн талапкердигин койгон Н.Мотуев, кошоматчылыктын жаңы технологиясын таап, аны теңине албаган Ж.Назаралиевдин телекөрсөтүүдөгү убактысын пайдаланып, Бакиевдин негизги атаандашы Атамбаевди каралоо өчөн, мээси көңдөй болсо да,болгон клоундук өнөрүн жумшаганы менен, биртке түшкөн каражатын каякка жумшап атат белгисиз? Нур уулу Досболдон эмне айырмасы бар? Эртең мамлекеттик катчы кылып койсо, аким, губернаторлорду сүзгүлөп коркутуп акча таап алаар. "Казанына жараша сузгусу" дейт, бизге жарай берет, Бакиев кайрадан президент болсо, Мотуев мамлекеттик катчы болбой эмне болуптур. Падышалык сарайларда "шуттар" падышага таамай сын айта алышкан. Биздин замандын "шуттары" кожоюнунун атаандаштарына гана асылбаса, башка иш колунан келбейт.
Бакиевдин шайлоо фондуна 35 миллион 538 миң сом чогулган. Шайлоо алдында ушул миллиондордон жакырчылыктын чегинде жаткан адамдарга таратып берип койсо болмок да. Жок, ал эмес бийликтин "беш өрдөгүн" ого бетер апыртып, көбүртүп-жабыртып жаткан бийликчил гезиттерге деле каражат бөлүп бергени сезилбейт. Демек, шайлоо фондунун миллиондору деле элге жетпей, "май кармаган бармагын жалайт" дегендей ортодогу соргоктордун алкымына кетип жаткансыйт.
"Баардык өлкөдөгү журналисттер бириккиле!"
Алмаз Ташиевдин күч органдары
тарабынан токмоктолуп кайтыш болгону, муун-жүүндү сыздатты. Алмаз эч кимге зыяны жок, тамашакөй, бирок калеми курч жигит болчу. Акыркы иштеген жери бийликти жактаган "Агым" гезити эле. Католик чиркөөлөрү акыйкатты айткандарды инквизация кылган сыяктуу, биздин өлкөдө журналисттерге инквизация башталдыбы? Алмаз Ташиев менен эгиз козудай ээрчишип жүргөн таланттуу журналист Абдувахаб Мониев белгисиз адамдардан запкы жеп, ооруканадан жаңы эле чыккан. Андан кийин бийликте иштеп жүргөн бир журналист байкебизди сабап кетти деген сөз болду.Бирок ал ачыкка чыккан жок. Жыл башынан эсептесек сегиз журналистке кол салуу болгон. Журналист оппозиция үчүн жан тартабы, бийлик үчүн жан тартабы, аны караган жок. "Кол тийбестик иммунитети " жок шордуу журналисттерди милициясы деле, кимиси деле болбосун төпөштөп,сабай беришеби? Ошондуктан баардык өлкөдөгү журналисттер биригип, өз башыбызды коргобосок, биздин коопсуздугубузду ойлогон бийлик жок. Биздин коопсуздугубузду сактаган күч органдары күчүн көрсөтө баштады.
Алмаз, сендей журналист табылбайт. Жаткан жериң жайлуу болсун!
Мотуев-Бакиев тандеми
Бакиев тандем түзүп, дүйнөгө бир
жаңылык кийирген. Бакиев-Кулов тандеминен кийин Путин-Медведев, Обама-Клинтон, Мотуев- Бакир уулу тандемдери пайда болду. Тандемчил Бакиев менен тандемчил Мотуев кайрадан бир тандемге бириккен сыяктуу. Анын майлуу жери Бакиевке тиешелүү болсо, бок-сак, кан-жиндери Мотуевке таандык. Бирок экөөнүн апыртмалары бириөбиринен ашып түшөт. Мына кыргыздын жаңы "балиттехнологиясы"!
Шумкардын башында
эмне сыр бар?
Акаев шумкардын башын бекеринен
солду караткан эмес экен. Шумкар сол тарапты караганы үчүн бийликтегилер "левый" иштерге көп барып атышкан сыяктуу. Ошондуктан, кыргыз бийлиги оң иштерге баруу үчүн, шумкардын башын оңго буруу керек болуп жүрбөсүн. Гимнден деле бир ооз сөздөн ката таап аткан бийлик, неге шумкардын башын бургусу келбейт?
Он айдан бери онтоп жаткан депутат Жээнбековдун уулунун иши, Атамбаев "Азаттыкка " билдирүү жасагандан кийин гана ачыла баштады. Атамбаев айтпаса ачылбай калган сыр бойдон калмак беле? "Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" дегендей сырлар көп. Ачылбаган бойдон эл депутаты Шаботоевдин сыры жатат, экс-чиновник Садыркуловдун сыры жатат. Камакта канатын кайрып Жекшенкулов,Кадырбеков,Булекбаев баш болгон кыргыздын кыраандары жатат.. ."Үмүт деген үзүлбөйт" кыргыздар, адилеттүү заман келер.Ошондо шумкардын мойнун бурап, оңго түздөп коюш керек болуп жүрбөсүн.
Азизбек Келдибеков




  Сoр`т баян

Медведевди жыккан "Медведь" арагыбы?
Президенттерди эч нерсе ичпеген, жебеген робот катары көрөбүз. Алардын деле биз сыяктуу ашказаны, кекиртеги бар да. Ой - бой, азыр ичпеген адам кайда бар экен. Анын үстүнө улуту орус болсо. Орус калкы самогону менен анан самогон куйган олчойгон чоң стаканы менен дүйнөгө атагы тараган. Россиянын президенти Медведев жакында эле кекиртегин жакшылап майлап чыгып келаткан жеринен "тентек" журналисттердин "пушкасына" илинип калды. Демейде салабаттуу, сүрдүү көрүнгөн президент кадимки аш баладай жүзү жумшак тартып, бийкечтей назик болуп илмейип калыптыр. Жанындагы коштоочусуна сүйөнүп араң басып келатат. Фотоаппараттын жарк этиши таасир бербей кайра сүрөткө түшкүсү келген жаш баладай кубанып, колун көтөрө койгонго үлгүрүптүр. Албетте, ар бир адамдын өз каалоосуна ылайыктап иш кылганга акысы бар, бирок, өлкөнүн биринчи жүзү болгондон кийин мынчалык ичимдикке дос болгонго аракеттенбесе болоор эле. Же, жанындагылары эмне максат менен журналисттердин курчоосунд жетелеп жүргөнү белгисиз. Же, бул бир арак чыгарган фирмасынын рекламасы болуп жүрбөсүн. Андай болсо эле ал фирманын ташы асманга жетти дей бериңиз. Бул рекламаны Темир Аргенбаевич биздин "Аюу" арак заводуна да шыбырап койсо болчудай. "Аюу" фирмасына Медведевден өткөн фирма болчубу. Медведев ичкен аракты ичип, ошондой болуп нази-ик баскысы келген эркектердин баары эртең эле ошол фирманыны арактарына атака кылып киришет. Балким, коньяк же, вино ичкендир деген да ой жок эмес. Бирок, буларды жокко чыгарып, ичкен ичимдиги арак экенин орус улутунун бул ичимдикке жакындыгынан эле тыянак чыгарууга болот. Медведев миң президент болгон күндө да канында орус каны жүгүрүп жүрбөйбү. Эмне дейбиз, чыкчыйган мырзаны, болгондо да президентти жаш балага айланта койгон жашасын арак!

Гүлмайрам Турусбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??