п»ї
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Этникалык кыргыздар республиканын ЖОЖдорунан билим алышат
Ушул окуу жылына карата этникалык кыргыздарга республиканын жогорку окуу жайларынан 75 орун бөлүнгөн, бул сан өткөн жылдын деңгээлине барабар болуп эсептелет. Жыл сайын Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Кытайдан жана Турциядан келген мекендештерибизге орун берилүү менен алар стипендия жана жатакана менен камсыз болушат. Министрликте билдиргендей, мекендештер негизинен педагогикалык багытта билим алышат, анын ичинде кыргыз тили жана адабияты, орус тили, адабияты жана чет тилдери боюнча көбүрөөк адистер даярдалат. Медицина, юридика жана экономикалык багыттарга атайы квоталар бөлүнөт. Бул максатта ведомствонун атайы түзүлгөн комиссиясы коңшу өлкөлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнөн тест алуу үчүн жөнөтүлөт.

Сүйүнчү, суу көбөйдү…
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 370 куб метрди түздү деген маалыматты "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымдады.
13-июль күнү суу сактагычтын көлөмү 10 млрд. 332 млн. куб метрге барабар болчу. Ал эми бүгүнкү күндөгү агып кирген суу секундуна 775, ал эми агып чыккан суу 332 куб метрди түзүүдө.
Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде Токтогулдагы суунун жалпы көлөмү 9 млрд. 106 млн. куб метрди түзүп, агып кирген суу секундасына 473, агып чыкан суу 356 куб метрди түзгөн болчу.

Дмитрий Медведев Бишкекке келмекчи
Д. Медведев бул тууралуу ИТАР-ТАСС Кремлдеги өз маалымат булактарына таянуу менен билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын президенти июль айында Тажикстан менен Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ал 30-июлда Душанбеге, андан Бишкекке өтүп, 31-июлда жамааттык коопсуздук келишимдин уюмунун формалдык эмес саммитине катышмакчы.
Президенттик администрациясынын билдирген маалыматына ылайык, саммит кыргыз тараптын демилгеси менен галстуксуз өтөт. Белгилүү болгондой, аталган уюмдун мүчөсүнө кирген бардык өлкө башчылары саммитке катышууга макулдугун беришкен.

К. Бакиев Кызыл-Кыя цемент заводунун ачылышына катышты
КР президенти Кызыл-Кыядагы кыргыз-кытай цемент заводунун салтанаттуу ачылышына катышты. Жумушучулар менен жолугушуудан кийин мамлекет башчы расмий түрдө заводду иштетип, анын ишке берилүүсү менен куттуктап, ишкананын курулушуна чоң салым кошкон адистерге жана жумушчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз-кытай заводунун жетекчиси Фишер Ян Ефимович үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Ошондой эле президент ар кандай мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттин кол саатын эмгеги сиңген жумушчуларга салтанаттуу түрдө тапшырды.

Айылдар таза суу менен камсыз болушат
Республикабыздын 200дөн ашык айылдары таза суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу КР Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигине караштуу айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Матраим Жусупов билдирген. "Таза суу" программасын ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы грант катары 30 миллион доллар бөлгөн. Бул каражаттар Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтарында суу түтүктөрүн орнотууга жумшалат.
М.Жусуповдун айтымында Ысык-Көл, Нарын жана Талас областарында суу түтүктөрүн орнотуу долбоордун экинчи этабында каралган. Аны Дүйнөлүк банк 10 миллион жана Улуубританиянын эларалык байланыштар министрлиги 8 миллион долларга каржылашкан.

О. Бабанов Бишкектин кайра иштетип чыгуучу ишканаларында болот
Бүгүн Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Бишкектин кайра иштетип чыгуучу ишканаларында болот. Бул тууралуу "КАБАР" агенттигине өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ө. Бабановдун негизги максаты - экономикадагы реалдуу сектордогу абал менен таанышуу. Ө.Бабанов "Бишкексүт", "Реемтсма-Кыргызстан, "Арпа" жана башка бир катар өндүрүш объектилерин кыдырмакчы.

Китеп жарыкка чыкты
Мына бул "Гүлдүү арал" аталыштагы китеп жарыкка чыкты. Бул китептин автору элибизге журналист, прозачы жана акын катары белгилүү болгон Жээнбай Мамбеталиев замандашыбыздын көзү өткөндөн сегиз жылдан соң жарыкка келди. Китепке негизинен совет доорунда үч жыйнагы чыккандыктан ошолор жана бир нече аталыштагы чакан аңгемелери топтоштурулган. "Гүлдүү арал" үстүбүздөгү жылдын жай айында жарыкка келгендиктен көптөгөн ыр саптары чындап эле жай жыттанып турганын зирек окуучу баамдайт го деген ойдобуз.

Кожожашты эстесек
Кыргыз элине белгилүү "Кожожаш" эпосу, Кожожаштын өмүрү анын өнөрү башкаларга, кыргыз элине сабак болуп келе жатат. Жаратылышты сактоодо, ошондой эле экология боюнча кыргыз дүйнөсүндө Кожожаштын өнөрү кыргыз элинин философиясы Кожожаштын далили боюнча өз туубузду көтөрүшүбүз керек деп далилдеген дүйнөлүк деңгээлдеги атагы чыккан агабыз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун редакторлугунун алдында 1985-жылы жарыкка чыга баштаган "Кожожаш" эпосунун 20 миң нускалуу 41 томдугун айтсак болот. Эми кыскача айтканда "Кожожаштын" өмүр жолу кылымдан кылымга сабак болуп, элди тарбиялаган акындар, жазуучулар, драматургдар, кинорежиссерлор, художниктер, спортсмендер үлгүсүн алып, элге чоң үлгү болуп, аларга тарбия берип келе жатат. Эми ушул ата-бабабызды "Кожожашты" эстеп эстелик тургузуп, эстелигин кийинки муунга, түбөлүккө калтырууга Кыргызстанда ойлогон адам жок. Бул боюнча Кыргызстандын маданият министрлигине тийиштүү болчу. Бирок, анын ушул мезгилге чейин Кожожаштын эмгегин эске ала элек. "Кожожаш" кыргыз элин топуктанткан киши. Ал эми Кожожашты кыргыздын кийинки урпактары эстеш керек. Кожожаштын өмүрү-баскан жолу, эрдиги, сүйүүсү анын адабияты, жомогун, насыятын, осуятын жалпы кийинки муундагы жаштар турмушуна үлгүсүн алып жогорку, орто мектептерде "Кожожаш" эпосун пайдаланып келе жатат.

Бишкек шаары, билим берүүнүн отличниги Тынай.




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
17-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Шумкардын башында эмне сыр бар?
4-бет
Азизбектен азил кеп
5-бет
Саясатка сырдуу күчтөр баш бага баштады
6-бет
Күчкө каршы - биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө
7-бет
Чыңгыз баскан из менен
8-бет
Замир Казакбаев, "Белес" радиосунун проюссери:
"Карылыгымды көлдүн жээгинде элестетем"











??.??