№27, 17.07.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви




"Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага"
Президенттин жолу буулдубу?
Күтүүсүз жерден президенттик шайлоо жарыялап жиберип, оппозицияны шок кылган Курманбек Салиевичтин абалы президенттик жарыш башталганда абдан шайдоот болсо, шайлоо аяктап мара жакындаган сайын, тамеки чегип, күйүгүп калган спортсмендей араң аяк шилтеп калды. Алгач Таластан Манастын арбагына сыйынуу менен башталган марафон Чүй, Нарын, Ош, Жалалабат, Баткен болуп уланып отуруп, Ысык-Көлдөн аяктады. Аяктаганда да жаман аяктады. Ысык-Көлдүктөр Курманбек Салиевич келер жолду бууп салышыптыр. Жөн убакта бул баягы бүтпөгөн Кумтөр чатагындагы көнүмүш пикетчиктердин жол буусу деп коёт элек, бул жолу №1 талапкер келер жолду буушканы жакшы жорук эмес. Көлдүктөр №2 талапкер А.Атамбаевдин жолун буушпаганын эске алсак, бул №1 талапкер К.Бакиевдин №2 талапкер Атамбаевге жеңилүүсү катары баалоого болот. Алмаз Шаршеновичти "ураалап" тосуп алган көлдүктөр Курманбек Салиевичти ураалабаса да кадимки меймандостук каадага салып, кайдыгер тосуп, кайдыгер узатып коюшса деле болмок. Өз кылган иш, өзүңө муш деген ушу. Алгач оппозиция президенттик шайлоо болор алдында Курултайды Ысык-Көлдө өткөрө турган болушканда жөн эле мейманга барган оппозиция өкүлдөрү кыргыздын каада-салтына жат кандай кордуктарды көрүшкөнү маалым. Жөн эле эт жеп жаткан жеринен "кет" деп кубалашпады беле? Мына эми Курманбек Салиевич да конокко жасалган "мамиленин" кесепетин өзү көрүп жатат. Жөн убак болгондо жол буугучтарды милициянын күчү менен колу-бутун кайрып оңой эле таратып коюуга болот эле. Азыр убак андай эмес. Азыр шайлоо босогодо турат. Ашыкча катуу мамиле Курманбек Салиевичтин өзүнө минус болот. Андыктан жол буугучтарды жеп жибергиси келип турса да мышыктарын пыш дей албайт. Мындай кыйын кырдаалга түшкөн Курманбек Салиевичтин жолун бууган пикетчиктерди бийлик өкүлдөрү он-он беш кабат убадаларды берип, сооротуп жатып араң таратышты дешет. Берген убадаларынын кабат-кабат болгону ушунчалык, чет элдик кожоюндар жергиликтүү көлдүк тургундардын алдында Анжиян полкасын бийлей тургандай эле болушуптур. Албетте, жергиликтүү тургундар деле келесоо эмес, чет элдиктер эч качан анжиян полкасын бийлешпейт. Ага караганда президентибиз өзү чет элдиктерге анжиян полкасын катыра бийлеп бериши чындыкка жакынырак. Өзү эле "танцы" теппей, "атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага" деп, мүлдө кыргыз элин чет элдиктердин алдында мүңкүрөтүп танца тептирет эмеспи.




Черкизов базарынын жабылышына ким күнөөлүү?
Москвадагы Черкизов базары 3 айга жабылганына байланыштуу Орусиянын Коопсуздук палатасы Федералдык миграция кызматына ишсиз калган миңдеген мигранттарга убактылуу жашап турууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок тилекке каршы Федералдык миграция кызматы бул өтүнүчтү четке кагышты. Черкизовканын жабылышынан улам 100 миңге жакын адам ишсиз калышты. Кыскасы ал жердеги карапайым адамдар үчүн өтө эле кыйын болуп турган кез. Маалыматтар боюнча, ал базарда 1.5 миңден ашык адам эмгектенчү. Кыргызстандан тигилип барган кийимдерди сатышчу. Андан сырткары балдардын кийимин да сатышып ушул эки багытта иштеп келишкен. Бул базардын жабылышына жергиликтүү фирмалар күнөөлүү дешүүдө. Себеби, фирмалар мыйзамсыз мигранттарга акы төлөөдө, салык төлөөдө жашырып коюп, пайда табуу максатын көздөп иштеп келишкен. Атуулдугу эмес, башка мамлекеттин жараны бойдон иштегендер да бар экен. Бул жерде фирма ээлери жооптуу, мыйзамды бузууга ошол фирма ээлери себепкер болушкан.


ЖККУнун мүчө өкүлдөрүнүн президенттери Чолпон-Атага келишет
31- июлда Чолпон-Ата шаарына бейформал саммитке катышуу үчүн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери келишет.
ЖККУга Россия, Казакстан, Беллорусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан мүчө.
Ысык-Көл райакиминин орун басары Р.Кайыкованын айтымында, саммитке келгендер "Рух-Ордо" маданий комплексинде жолугушушат. Ал эми 1-августта алар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде "Аалам -Ордо" маданий комплекси менен таанышышат.


Биздин "таймсыбызга" собол салган "Нью-Йорк Таймс"
Президентибиз К.Бакиев белгилүү "Нью-Йорк Таймс" гезитине интервью берди. Маектин жүрүшүндө кыргыз мамлекетинин башчысы дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаал, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын келечеги, кыргыз-америка мамилелери тууралуу суроолорго жооп берген.
Интервьюну "Нью-Йорк-Таймс" гезитинин Москвадагы бюросунун жетекчиси, белгилүү журналист Клиффорд Джон Леви алган.