п»ї
Атамбаевге добуш беребиз
Кимге добуш бересиз?
Рахмат Саргожоев,
Нарын шаары:
- Улуттун улут болуп калыптанышына, мамлекеттин идеологиясынын түптөлүшүнө чоң салымын кошот жана келечектен көптү үмүттөндүрөт, Кыргыз мамлекетинин келечекте өсүп өнүгүшү үчүн күрөшөт, деп ишеним артып мен добушумду Атамбаевге бермекчи болдум. Себеби, бул адамдын аркасында татыктуу лидерлери бар. Атамбаев улуттун улуттуулугун сактап калат деп ишенем. Азыркы күндө улут катары өзүбүздү унутуп бараткандайбыз. Андыктан Атамбаев алга!

Таалайкүл
Тынчтык конушу
- Мен шайлоого катышам. Азыр кошуна, тууган -туушкандын баары эле шайлоого барбайбыз дешүүдө. Мен жалпы кыргыз элин шайлоого жигердүү катышуусун өтүнөт элем. Ким Президент болот? Албетте, аны ар бирибиз өзүбүз тандообуз керек. Эң негизгиси шайлоо таза өтсө болду. Менин жеке пикиримде азыркы талапкерлердин арасында татыктуусу эле Атамбаев. Андыктан Атамбаевге добушумду берээримди жашырбайм. Бул инсан чыныгы элдик инсан!

Акылбек Молдалиев,
Бишкек шаары:

- Ар бир улут өз алдынчалуулукка жетүү үчүн кандай гана аракет жасабаган. Согуш, революция болуп кан төгүлгөн. Эгемендүүлүккө жеткенден бери кыргыз деп күйгөн патриоттор аз. Кыргыздын тили, намысы, улуттук каада-салты барган сайын басырмаланып баратат. Атамбаевдин көтөргөн маселеси мага абдан жакты. Бир эле мисал "Жолдор - өлкөнүн артериясы!", "Элдин саламаттыгы - башкы байлык!" деген чакырыктарды башка талапкерлерден уга элекмин. Баары эле бүгүн күлүп шайланып, "жыргатабыз!" дешет да, эртең өз көмөчүнө күл тартышат. Экономикалык кризистен кеч болсо да чыгаарбыз. Бирок кыргыз элинин ден-соолугун, улуттук намысын, салтын, тилин сактап калыш керек да... Добушум бир гана Атамбаев үчүн!

Жазгүл Жумалиева,
32 жашта, Бишкек шаары:
- Өлкөбүздө чоң саясий өзгөрүү болгону турат. Алдыдагы Президенттик шайлоо бул келечегибизге чоң өбөлгө. Келечекти тандоо биздин колдо. Ошондуктан туура ажоону тандообуз зарыл. Биздин келечек үчүн Атамбаев гана туруп берет деген ойдомун. Баарыбыз биригип, бир колдон Атамбаевди шайлоо керек. Ошондо гана биз жеңишке жетишип, бүгүнкү кризистен чыгабыз. Эртеңки муун үчүн, бүгүнкү экономикалык абалдан чыгабыз десек Атамбаевди колдойлу, урматтуу мекендештер!


Эл сүйгөн азамат
Эл - жериңдин аман-соосун тилеген,
Кыргызыңдын түркүгү бол тиреген.
Эр жигитти, туусун бийик көтөргөн,
Колдоп жүрсүн Алла Таалам, бир Эгем!

Ар намысын тебелетпей элиңдин,
Кадырына жете билгин жериңдин.
Ата салтын, Эне наркын баалаган,
Азаматы болгун Кыргыз тегиңдин!


А к батасын берип калкың ар дайым,
Т ирөөч болгун Мекениңе, Кыргызга.
А к ишиңди чын дилиңден баштасаң,
М аксатына жетет эле Кыргыз да.

Б ак-таалайлуу түптөп бергин турмушун,
А кыйкаттуу, келечегин уул - кыздын.
Е льцин сымал элиң менен бир болуп,
В ладимир Ильичи бол Кыргыздын!

А ла - Тооңо арка болуп , бел болуп,
Л аал сымал байлык болуп, кен болуп.
М екен үчүн, намыс үчүн күрөшкөн,
А к пейилдүү инсан келсе баш болуп,
З аманыбыз жакшы болоор тең болуп!

Ш аарыбыз да өнүп-өсүп гүлдөсүн,
А кыйкат да канатын бийик күүлөсүн.
Р еформасын кайра баштан жүргүзүп,
Ш аршен уулу шаардыктарга үндөсүн.

Э лдин дайым ынтымагы бекемдеп,
Н аадандарды, дүжүрлөрдү оңдосун.
О й бөлүшпөй жалгыз басып башкарган,
"В арварлардын"өлкөсүндөй болбосун.
И штей билген, элин сүйгөн азаматты,
Ч ыңгызымдын арбагы да колдосун!

Роза Мамытбекова





Жаштар кимге добуш беришет?
Абыласов Кайрат,
Ак Босого конушу, 23 жашта.

- Мен Кыргызстандын жараны катары, коомдо болуп жаткан саясий абалга жигердүү катышууга укуктуумун жана алдыдагы шайлоодо өзүм татыктуу инсанга добушумду беремин. Өлкөбүзгө татыктуу инсанды ар бир жаран өзү тандайт эмеспи. Жаш жаран катары Атамбаевдин позициясын туура деп баалайм. Азыр кандидаттарыбыздын арасында Атамбаевден башка татыктуу ким бар?
______________________________________________________

Заитбек, Келечек конушу,
19 жашта, студент:
- Мен Кыргызстандын келечеги үчүн Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин татыктуу деп ойлойм. Биздин келечекке ким кам көрөт? Албетте, биз өзүбүз жана бизге жол көрсөткөн улуу муундарыбыз. Жашообузга жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылуу керек. Мен Кыргызстандын мындан ары гүлдөшүнө, өнүгүп-өсүшүнө, келечектин аруу жолун түзгөнгө Алмазбек Атамбаевдин күчү жетет деп ишенем. Ошону менен бирге бир ууч кыргыз эли үчүн баарына даяр жана биз аны колдойбуз.
______________________________________________________

Рима, Ак Босого конушу,
20 жашта, студент:
- Азыркы президенттик шайлоого койгон талапкерлердин арасынан эң эле татыктуу, эл башкарууга шыктуу, кыргыздын "мен" деген патриот уулу Атамбаев Алмаз деп эсептейм. Эл үчүн ак кызмат кыла турган инсанды тандап алуубуз керек. Бул биздин гана колубузда! "Келечек жаштарга таандык"-дегендей өзүбүздүн келечегибизди биз, жаштар гана кура алабыз. Ошондуктан шайлоого кайдыгер карабастан, ар бир кыргыздын атуулдарын активдүү катышса дейм. "Атамбаев алга!" -деген ураан менен гана шайлоого катышамын.
Малаева Аксамал,
23 жашта, Эне-Сай конушу:
- Ар бир атуул өз өлкөсү жана анын келечеги, эли үчүн ак иштеп кызмат кылуусу абзел эмеспи. Мен Алмаз Шаршеновичти ошондой өз өлкөсүнүн патриоту катары эсептейм, ошондуктан мен добушумду Атамбаевге берүүнү эбак эле чечип койгом.
______________________________________________________

Маамытбеков Данияр,
26 жашта, Дордой конушу:
- Бүгүнкү күндө жаштардын көпчүлүгү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө кетип жатышпайбы. Ошондуктан биз өз өлкөбүздө жакшы жашап, татыктуу келечекти тандообуз керек. Менин оюмча бизге ошол татыктуу жашоо жана келечекти Атамбаев түзүп берет деген ишенич менен мен өз добушумду Атамбаевге берем.
______________________________________________________

Абдуллаев Эркинбек,
Студент, Ак Жар конушу:
- Мен мамлекет башына Атамбаев Алмаз Шаршенович келсе дейм. Ал киши кыргыздын учугун улап, мындан ары өнүгүүбүзгө жакшы кам көрөт деп ойлоймун. Мындай патриот уулдар аз. Өз мезгилинде туура чечим кабыл алып, элим деген уулдарыбызды колдоо ар бирибиздин парзыбыз. Атамбаев алга!







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
15-июль, 2009-ж.:
1-бет
БЭКтин жеңилиши, үмүттүн жеңилиши болот
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кыргыз идеологиясын кыйраткандар кимдер?
4-бет
"Мен Алмаз Атамбаевди колдойм!"
5-бет
Жандоочу кийик аттырат
6-бет
Атамбаевге ак бата
7-бет
Алмаз Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин айтышы
8-бет
Кесиби инженер, чыгармачылыкты китеп которуудан баштаган Алмазбек Атамбаев
9-бет
Атамбаевге добуш беребиз
Кимге добуш бересиз?

10-бет
Залкар жазуучудан залкар ой
11-бет
Комуз добушу
12-бет
замана поэзиясы
13-бет
Чыңгыз баскан из менен
14-бет
Аялдамадагы кездешүү
(Этюд)

15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
"Кудай шык бербесе, эч кандай окуу жай жардам бербейт"










??.??