15.03.09 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Атамбаевге ак бата
Кеңеш аксакал,
Нарын облусу:

- "Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт"-демекчи ажолукка ат салышып, эл жүгүн өз жоопкерчилигине алган, мыкты инсандарыбызга бата берүү абалтадан келген салт. Өзүбүз күбө болуп жаткандай, коомдо көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Ар кандай сыноолорго туруштук берип, элдин кызыкчылыгы үчүн өз өмүрүн байлаган, кыргызмын деп күйгөн атуул балдарыбыз аз. Ошолордун катарына мен Алмазбекти кошом. Алмазбек уулум, биз сени гана колдойбуз. Бүгүнкү туруктуулугу жок абалдан бир гана сени алып кетет деп ишенебиз.

Атабыз Манастын арбагы колдосун,
Элимдин добушу сени карай оосун.
Атаандашты караандатпай,
Алдыга суурул, Кудай колдосун.

Теңирим сени колдосун,
Теңдүүлүк бизге орносун.
Мен өңдүү кары, аксакал,
Батасын берип турушсун.

Шайлоодо ушул шайланып,
Эл жүгүн өзүң көтөргүн.
Жолуңду Кыдыр колдосун,
Жол салып ишке жарагын.
Ала-Тоо сени колдосун,
Ак бата бердим, кабыл болсун!

Жумалиева Гүлсайым,
62 жашта, Кант шаары:
- Элин сүйгөн атуул жерин да сүйөт, жерин сүйгөн жигитти Кудайым ар дайым колдоп жүрөт. Менин оюмча Атамбаев кыргыз үчүн күйгөн инсан. Бүгүнкү элдин жашоо-турмушун өз көзү менен көрүп, күбө болгон адам гана мындан кийинки келечекти мындай оор замандан кутулта алат деп ишенем.
Ата-бабаңдын арбагы колдоп, жолуң ачылып, Кыргыздын оорун колдон, жеңилин жерден алган, жүрөгүң элиң менен бирге соккон башкаруучу бол. Эч качан элиңдин жүзүнөн жаш төгүлбөй, күлкү гана чыгып турсун. Өлкөбүздүн оор акыбалын оңдоп, жаштарга келечектин даңгыр жолун түзүп берүү сенин колуңда. Ар дайым элиң менен болсоң, эл да дайыма сени менен!

Сонун апа,
85 жашта:
- Эл үчүн кызмат кыласың,
Эл үнүн дайым угасың.
Эл журтуң сени колдосун,
Элим деп күйүп, турасың.

Батамды сага арнайын,
Бар болгун! Сага каалаймын.
Батасын берип мен өңдүү,
Колдосун элиң ар дайым.

Кылымга тата иш кылгын,
Кыргыз эл сени колдосун!
Карынын сөзүн капка сал,
Калкыңдын көрүп колдоосун!

Ак бата бердим, Алмазбек,
Алдыга озгун, кудай деп
Артыңда турат эл-журтуң,
Алмазбек уулум чыгаар деп!


Айша апа, 87 жашта,
Ат Башы району, Баатыр эне:
- Эл-жерин сүйүп, Мекени үчүн чын жүрөгүнөн кызмат кылам деген эр азаматтар эл ичинен чанда гана чыгат эмеспи. Кыргыздан чыккан азаматтардын ичинде Алмазбектей болгон уулдар көп болсо турмушубуздун ташы өйдө кулап турат эле. Алмазбек алдына койгон максатына биз да көмөктөшүп, "Жакшы тилек жарым ырыс", дегендей Кудайым колдосо экен.
Ар дайм Алла Таалам колдосун, жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун. Кыргызга жакшылыктын жышааны болуп келген соң, өз максатыңды ишке ашырып, элиңдин арасында, Мекениңдин ичинде кыргызың менен аман-эсен бол.

Татыктуу талапкерди шайлайлы
Акаевдин заманы урагандан кийин акыркы төрт жылдын ичинде Кыргызстанда бир гана шайлоо, шайлоо жана шайлоолор эле көп болууда. Ажону, кожону деле шайлап бүтүрө албай шайыбыз да ооду. Эки жолу элдин астына чыгып, эки ооз сүйлөгөндүн баарысы эле аргымагын таптап, чоң жарышка чыкмай болушту. "Кул жейм дептир куйрукту, кудай билет буйрукту", дегендей куйрук-майды Кудайым кимисине буюраары азырынча белгисиз. Куйрук куйругу, буйрук буйругу менен дечи, бирок бул Кыргызстандын тарыхында кала турган "Ажо" тандоо деген шайлообуз кандай өтөт, калктын кайгырганы дал ушул кеп болуп жатпайбы. Же "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы", деген адаттар калбай, шайтан оюнун жаңы сценарийи менен баштоо керек деген арам ойлор да бар чыгар . Андай боло туган болсо кийинки келүүчү бийликтен деле кешик күтпөй, өз арабабызды өзүбүз сүйрөөгө аракетти азыртан баштайбызбы? Айтор баш оорутма суроолор көбөйгөндөн көбөйүүдө. Шайлоо убагында мындай суроого жооп бере тургандар четтен табылат эмеспи. Баягы эле бал тилге салып, көл -майдын үстүндө калкытаарлары бышык кеп. Эл арасындагы ушактарга кулак түрө калсаң үрөй учурат. Кээси чын жүрөктөн бир талапкерге иштесе, кээси акчанын айынан алдамчы болуп жатканын кантип түшүнөбүз. Отурган ордунан айрылып калбайын деген аракети менен эле, эмне десе "куп болот", деген заманга жеткенибизди бүгүнкү шайлообуз менен эле далилдесек болот. Албетте, мен бүтүндөй кыргызга мындай нерсени ыйгара албайм, бирок өкүнүчтүүсү бул наамга ээ болгондор аз эмес экен. Илгертен акылы менен эл башкарган кыргыздын аксакалдарынын, ыйыктыгына баа жеткис апаларынын арасынан мындай "дүжүрлөр" чыгат деп үч уктаса түшүнө кирбеген кыргыздын заманы эмес эле, адамы бузулганына бүгүн ишендим. Бизди ушуга жеткирген да ким дейсиң? Ушул эле кыргыз уулу, кыргыз кызы эмеспи.
Кагылайын кыргыз калкым! Бүгүн биз ушул заманга баш ийип, тагдырыбызга таарынып жүрүп өтөөрбүз. Бирок биздин эртеңки муунубуздун келечегине ким камылга көрөт? Эгерде биз, мен, сен жана баарыбыз бүгүн туура ой жүгүртүп, өзүбүздү эмес Мекендин, кийинки урпактардын келечегин түптөп берүү биздин милдетибиз экенин унутпайлы. Ошондуктан биз бүгүнкүбүздү эмес, эртеңибизди ойлонуп, татыктуу башкаруучу тандап алуубуз керек, биз ошондо гана ойлогон оюбуз орундалып, максатыбызга жетебиз!


Жаштар Атамбаевди колдойт!

Кыргыз эли кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!-дегендей кыргыз эли тарых барактарына алтын тамга менен жазылып, канчалаган кылымдарды карытып, өзүнүн тилин, жерин сактап келе жатат. Азыркы мезгилде не деген кооз жерлерибизди бөтөн элге тепсетип, аларга сатып жиберип жатышат. Бул эмне деген акмакчылык? Улуу Манас атабыз түптөгөн мекенибизди көздүн карегиндей сактоо биздин, мен "кыргызмын" деген ар бир атуулдун милдети.
Биз, конуштардын жалпы жаштары Кыргыздын туусун көтөрүп, Кыргыз улутун мындан ары дүйнөгө тааныта турган уул Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин талапкерлигин бир добуштан колдойбуз! Жаштардын билим сапатына көңүл буруп, кыргыз жаштарын дүйнөлүк деңгээлде билим алуусуна кам көрсөңүз жакшы болот эле. Бул биздин жалгыз өтүнүчүбүз. Азыркы күндө конуштардын жаштары билим жагынан аксап келет. Урматтуу Алмаз Шаршенович! Биз сизди гана татыктуу талапкер деп эле чектелбестен, сизге ак жол, дайыма өз принцибиңизден тайбаңыз. Эл үчүн жашап, тарыхыбызда сиздей атуулдардын ысымы "ташка тамга баскандай" сакталып калса дейбиз. Жаш муун Кыргыздын келечеги эмеспи! Эл ишеничин актаган улуу инсандардын катарын толуктаңыз!
Эл уулуна добуш бериңиз, урматтуу шайлоочу!
Кыргыз элим ойгон, эми ойлонгун,
Келечегиң кыл алдыда болорун.
Сенден чыккан уулдарың чоң болуп,
Сени дагы тепсеп, сатып коёрун.

Мына келди, ойлончу күн сен үчүн,
Миң ойлонуп, жол танданчу жарык күн.
Кыргыз деген улуу атты булгабай,
Кыргыз үчүн чоң сыноолор бар бүгүн.

Кыргыз эли канча кыйынчылыктарга туруштук берген улуу, чыдамкай, меймандос эл. Кечээ эле эне сүтүн эмип, бешиктен бели чыга элек уулдары, мына бүгүн ат салышып, эл алдында абройлуу адам болуп турушат. Алардын арасында эл үчүн каны, жаны калганча согушкан эл уулдары да бар. Кээ бирлери мансап үчүн акчасын чачып, кыргыз тилин унутуп "киргизче" элге кайрылып, "мени шайлагыла" деп элге жагынып жатса калган кыргыз калкы кайда барабыз. Элин сыйлап, тилин урматтап, жерин коргогон уулдардын башын өйдө көтөртпөй жатса, эртеңки күнү кыргыз улуту жок болуп кетебиз го.
Талапкерлердин арасынан Атамбаев Алмаз Шаршеновичти колдойбуз. Элибизге ойлонуп туруп, акчага алданбастан, кийинки муундун, уул-кыздарыбыздын келечегин болбогон нерсеге алмаштырбай, шайлоого таза баралы деп айтмакчыбыз.
Жаңы конуш жаштары