15.03.09 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Аялдамадагы кездешүү
(Этюд)
Мен ал аялдамада көпкө турдум. Балким, бир саат, балким андан да узак болушу мүмкүн. Бирок эмнеге турганым эсимде жок. Автобус күтүппү? Жок. Биз жакка кетчү автобустар биринин артынан бири өтүп жатты. Бирөөсүнө да колумду көтөрүп токтотууга даабадым. Эки колумду чөнтөгүмө салып, бет алдымды тиктеп нестейген калыбымдан жазбай тура бердим.
Жумуштан беш жарымда чыккан элем. Мезгил али күз болсо да, сыртта лапылдата кар жаап жаткан экен. Сүйүнүп кеттим. Капалуу чыккан жаным карды көрүп, кадимкидей сүйүндүм, кабагым жарк дей түштү. Жакын адамымды көргөн өңдүү жадырап алдым. Кар менен, кыш менен амандашып, кадамымды жай таштап, үнүмдү билинер - билинбес чыгарып өткөн кышта жазган ырларымды айтып, аялдаманы көздөй беттедим.
Аялдамада болсо эл арбын экен. Бири жумуштан чыкса, бири сабактан чыгып, автобус, маршруткалар келчү тарапты моюндарын созо карап үйлөрүнө шашкан кишилер. Каршы - терши өткөн машиналардын шуулдаган үндөрү, таксисттердин чакырган үндөрү, коштошуулар, кол телефондун шыңгырактары, каткырыктар, сөгүнүүлөр, автобуска батпай калган адамдардын наалып - напчыган сөздөрү койчу деги миң түркүн окуялар көз алдымда тасмадай тартылып жатты.
Бул көрүнүштөрдөн эбакта тажап калган болсом да, бүгүн эмнегедир жагып турду. А да болсо кыштын, кардын деми белем. Машиналар менен жаңыдан бирин - экин күйүп келаткан кээ бир имараттардын жарыктарына чагылышып, асмандан кар эмес эле кумшекер жаап жаткансыды.
Теребелдин дал ошондой ызы - чуусу менен ажайып кооздугуна суктанып, эки жагымды элеңдей карап турганымда көзүм көзүңө чагылыша түштү. Жүрөгүм сайгылашып алды да, бүткөн боюм калтырап чыкты. Сени акыркы ирет көргөнүмдү эсиме түшүрө албай, сенден көзүмдү да алалбай каккан казыктай туруп калдым. Негедир сен экөөбүз амандашпадык. Ушул бойдон жүзү жылуу учураган өң тааныш болуп калууну дилибизде самадык көрүнөт. Адатыңча жоодураган капкара көздөрүңдү ала качып кеттиң. Сен ким менен, эмне үчүн турганыңды эми байкадым. Экөөңөр бактылуу жылмайып, кучакташып бир түп туяга корголоп алган экенсиңер. Табиятыңдан жамгыр, карды жактырбаган жаның өзүңө окшогон бирөөнү тапкан белемсиң…
Силердин качан, кайсы убакта келип менин сол тарабымдагы кез - кездеги жааган жамгырдан бөлөк өмүрүндө суу көрбөгөн жаман туяны жамынып туруп калганыңарды байкоос албаптырмын. Сен да мени жаңы көрдүң бекен? Же адеп келгенде элеби? Сен мени карап жатканыңды ичимде сезип, бирок силер тарапка башымды бура албай баягы калыбымда тура бердим. Үйгө кетүү эсиме келсе да, сени көрөөр замат качып кетүүнү туура таппадым. Сени, сен менен өткөн күндөрдү алгачкы карга баяндап жаткансыйм. Эртеден бери суктанып турган жашоонун кызыкчылыгы, табийгат, коом сени менен болгон бир кездешүүдөн, дал ушундай кездешүүдөн кийин талкаланып, суук көрүнүп кетээрин билбептирмин…
- Жеткенде чалып кой. Макулбу? Сөзсүз.
Кимдир бирөөнүн тынчсызданган сөздөрү оюмду бөлүп жиберди. Үн чыккан тарапка жалт карадым. Бир жигит бир кызды узатып жаткан экен. Мени акыркы жолу ким, качан ушинтип узатты эле? Эстей баштадым. Ооба. Сенсиң. Сенден кийин мен бирөө менен жолугууга да барбаптырмын. Эч ким мени минтип узатпаптыр. А сен ар кимди узатып, аялдамалардагы өз жумушуңду аткарып жүрүптүрсүң. Азыр да менин көз алдымда сүйгөнүңдү узатаарыңды ойлоп кеттим. Ойлоп эле тим болбостон, ошондогу өзүмдүн абалымды, экөөбүздүн жалгыз калганыбызды, андан аркысын элестетип алдым. Сени менен бет келишүүдөн коркуп кеттим эл жык - жыйма болуп үйүлгөн кыбыраган автобуска түшүп алдым. Калып калчудай жанталашып, шашып түштүм. Автобус күтүп турган экен деп ойлогондурсуң. Мага бооруң ооруп, мени аягандырсың. Арабадай кылдырап жүргөн бул автобус мени кайда алып бараар экен…

Өкүнүч
Кулак тундурган чакырык, ышкырыктан улам чочуп ойгондум. Жарыкты күйгүзүп саатка үңүлсөм түнкү эки жарым болуп калыптыр. "Бул ким болду экен? Мынча эмне кеч?" деген ойлорго чулганып эшикти ачууга бастым. Мен бүгүн сизден башка адамды күткөн да эмесмин. А сиз мени ышкырык, ызы -чуу менен чакырмак эмессиз. Мен буга чейин кезиктирбеген, мындан кийин да кезиктире албай турган сылык, токтоо, өзгөчө жансыз. Сиз жөнүндөгү ойлор менен алпурушуп көчөгө чыга келсем эки классташым туруптур. Жаңыдан ал - жай сурашып баштаганыбызда сиздин карааныңыз жогортон көрүндү. Жүрөгүмдүн түрсүлдөгөнү катуулап, жанымда турган классташтарымдын сөздөрүн укпай бара жаттым. Алар менен кандай коштошконумду да билбейм…
- Жети түндө уйкуңду буздурсам керек? - суроолуу жылмайдыңыз.
- Жок, андай деле эмес.
Ансыз да сиздин жаныңызда тартынып турганымда "сыр бербесим" деп өзүңүзгө имере тартып эркелеттиңиз. Негедир сиздин жаныңызда өзүмдү 6-7- класстын окуучусундай сезип, эрке, тартынчаак, уяң болуп кетем…
Чынында эле сиз мага караганда турмуштун ачуу - таттуусун татып калган, бир сулуунун өмүрлүк жары, бир баланын атасы эмессизби. Караңызчы, бүгүн дагы менин ойлорум сиздин үйбүлөңүзгө келип такалганын. Андан аркысы караңгылык, туман…
А сиз менин ички оюмду баамдабастан "эгер менин үйбүлөм бар экенин билсе, эмне дээр экен", деп бушайман болуп жүрсөңүз керек. Ар кимибиз өз ичибизде санаа тартып көпкө турдук.
Сиздин келишиңиз мен үчүн кандай бакыт болсо, бакытты коштоп келген кайгы да болду.
- Эртең шаарга кетип баратам, ушуну менен шаарга барганыңда жолугаарбыз.
Көрсө, сиз мени менен коштошкону келген экенсиз. Оюнчугун колунан алдырган баладай үстүмдөгү жамынып турган жука курткаңызды чечип, эртең үйбүлөңүзгө бараарыңызды ойлоп, ичим туз куйгандай ачышып кетти. Айласыздан кол алышып коштоштум.
- Бетиңди тосуп койчу, бир өөп койсом эч нерсе болбос.
Сиздин эриндериңиз бетиме тийгенде бүт денем от - жалын болуп ысып чыкты. Жайдын чымчык сайрап, суунун үнү шарпылдаган не бир ажайып, айлуу түнүндө сиз экөөбүз жылуу коштоштук.

Нуриза Өмүрбаева





Катылганакча кайгысы
(Аңгеме)
Асылбек ичкиликти ичпей калгандан бери Мурат экөө анда-санда эле жолугушуп калган. Мурда болсо Асылбек Муратка телефон шыңгыратып: "Баш ооруп атат, эшикке чыкпайсыңбы", деп ал эшикке чыкканда жанында тыйыны болсо өзү алып, болбосо Муратка бирдеме алдырчу. Үйлөрү жакын, анын үстүнө курактары да чамалаш болгондуктан башкаларга караганда бири-бирине көңүлдөрү жакын эле. Асылбек ичкиликти таштаган соң "чык татырбас Чынарбай" болуп, бир сом жанынан чыгарбайт. Өңү да жаңырып, сүйлөгөн сөзү да өзгөрүлүп ичкиликти таптакыр оозуна албаган немедей ар кимге сынтакканын айта көрбө.
Дем алыш күн эле. Мурат базарга барып көк-сөк, башка азык-түлүк алып үйүнө келатса алдынан сууга түшкөн мышыктай түйтөйүп, өңү жуулган чүпүрөктөй кубарган Асылбек чыкты. Мурта анын кейпин көрүп чоочуп кетти:
- Ой сага эмне болгон. Тынччылыкпы деги?
Асылбек атасын сагынган баладай эреркеп:
- Эмнени айтасың Муке? Мени кара басты. Мындан көрө өлүп эле калсамчы. Күйүп кеттим, күйүп кеттим, - деп сыздайт.
Мурат бир жаман, кайгылуу окуя болгон го, деп тынчсызданып чыдамы кетти:
- Сыздабай айтчы, эмне болгонун. Деги үйбүлөң аман-эсенби?
Турсунбек ичинен сызып мурдун шуу-шуу тартып:
- Аман-эсен эле. Өзүм ит болдум. Мени сабай турган киши жок. Ушундан көрө жерге эле житип кетсем эмне. Эми кантем катыгүн, эми кантем!- деп солуктап башын муштагылап зыркырайт.
- Ой, эмне болгонун айтчы, жолуң болгур. Анча эле сыздап, зыркырагыдай эмне жаман иш жасап жибердиң. Деги бирөөнү зыян кылгандан соосуңбу? - Мурат колундагы баштыктарын жерге коюп Асылбектин башын койгулаган колдорун "кой", дегендей кармады.
- Мен куруп калайын. Ичпей-чычпай алган айлык акчаларымдан "ушуну эле алдым", деп жарымын аялыма берип, калгандарын катып эптеп жыйнаган акчаларымды заматта жоготуп жибердимби, шордуу жаным,- деп Асылбектин оозунан көк түтүн чыгып буркурагыдай болсо сай-сөөктү сыздатат.
Мурат айласыздан күлүп:
- Мен да бир жаманчылык болуп кеткен экен, деп санаам санга бөлүнүп жатса. Ошого да ушунча сыздап, кайгырат бекен. Деги канча эле? - Асылбекти далыга таптады.
- Канча болмок эле. Ичпей калганыма эки жылдай болду. Жылына 50 миң сомдон эсептей бер. Азыркы курс менен эки жарым миң доллар жоготуп жатпайымбы кокуй күн. Эми кантип күн көрөм, бир сомум жок. Аны күндө карап, санап көңүлүм да, курсагым да ток жүрчү. Күйүп кеттим, күйүп кеттим, кантем эми… үүү… үүү… үүү… - Асылбек жаш балача үңүлдөп кирбеспи.
Мурат же күлөөрүн, же ага кошулуп ыйлаарын билбей бир саамга дал боло түштү. Бир чети аны аяса, бир чети аялына бербей өзүнчө жыйнап жүргөнүнө кыжырланып:
- Арам иштин аягы ушундай болот. Катпай эле аялыңа берип биргелешип жыйнасаңар жакшы болмок. Аялың өзүңөргө, бала-бакырага эле жумшабайт беле,- деп жактырбагандай түр көрсөттү.
- Адегенде чогуу эле жыйнап жүргөнбүз. Көбөйүп баратканда эле азайып калат. Көрсө, төркүндөрүнө жумшап жүрүптүр. Мен эмне ошолор үчүн иштеп жатыптырмынбы? - Асылбек көптөн бери билгизбей жүргөн сырларын айта баштады: - Кичине эле бирдеме болсо кайындарга акчабызды алып, башкаларыбызды көтөрүнүп жетип барабыз. Балдары аял алганда, кыздары күйөөгө тийгенде, юбилейлерин өткөргөндөгү кошкон кошумчаларыбызды айтпай эле коёюн. Жөн эле туулган күндөрүнө миң сомдон кем алпарбайбыз. Аларчы. Менин юбилейимде үч-төртөө биригип араң үч миң сом алып келгенин өзүң көрбөдүңбү. Башың аман болсун, жакаң агарсын, деп алып келген же калпагы, көйнөгү жок. Аларга бергенден көрө…
Анан өзүң билесиң, ичип жүргөндө канча миңдеген акчаларымды жоготтум. Канча жолу чөнтөгүмдөгү беш-алты миң сомдой акчаларымды кимдерге арак алып берип, калганын кимдер кагып алганын билбей темтеңдеп эптеп үйдү таап келдим, дейсиң. Эртеси кимдерге жолугуп, кимдер менен ичкенимди эстей албай башым маң. Аялым үйдү тазалап, иреттеп жатып эки-үч жолу катып койгон акчаларымды таап алыптыр. Мас кезде каткандыктан кайда экендигин өзүм да билбей калчумун. Аялым байкуш: "Катпай эле мага берип жүрчү. Сураганыңда берип турайын", дегенине да көнбөдүм. Ичкенди да токтоткон жокмун. Акыры ал тажап бүткөнүнөн эмне болсоң ошол бол, дегендей өз жайыма койду. Ошол ичкен, жоготкон акчаларыма бир үй келмек,- деп оор үшкүрдү, да ары армандуу, ары ызалуу сөзүн улады. Мурат да ичиндеги бугун чыгарып алсын, дегендей анын сөзүн бузбады.
- Кийген кийимдерим эскирип, өзүмдүн кебете-кешпирим да алкаштардыкындай болуп баратат. "Кой, ушунчамда көтүмдү кысайын. Ичкенди токтотуп алган айлык маянамдын жарымын аялыма берип, жарымын жыйнай берейин, деген ойго келип өз эрким менен ичкиликти токтоттум. Аялым таңданып:
- Баары бир ичип аласың бир күнү,- деп анча ишеңкиребеди. Бир жыл өткөндөн кийин гана ишенип: - Канча акча берсең да макулмун. Иши кылып ичпесең эле болду,- деп менин арак ичпей калганыма эле сүйүндү. Жыйнап жүргөн акчаларымды үйдө эч ким жокто санап, көңүлүм көтөрүлүп, өзүмдү бактылуудай сезем. Тим эле асмандагы учуп жүргөн канаттуу менен жарышкым келет. Тигил миллиондогон акчалары, түмөндөгөн байлыктары барлардай болсом чыдай албай жарылып кетмек окшойм.
Күндөрдүн биринде Ош базарында жүрсөм бирөөлөрдүн:
"Акчаң барбы? Көбүрөөк болсо базардагы соода кылып жаткандардын кээ бирлерине эртең менен миң сомдон берсең кечинде үстүнө 50 сомдон кошуп беришет экен", деп сүйлөшүп тургандарын угуп көзүмө кытыраган кызыл, жашыл акчалар келе түштү. "Жүз миң сом берсем, күнүгө кечинде үстүнө беш миң сом кошуп алат турбаймынбы," деп кыялым алда-кайда учуп бир жылда эле байыгым келип үйдөгү акчага жөнөдүм. Ким менен сүйлөшүп, , кимге берээримди да ойлогон жокмун. Сүйүнгөнүмдөн калдалаңдап, шашып жатып ички төш чөнтөгүнүн түбү тешик костюмду кандайча кийип алганымды да байкабаптырмын. Кагазга төрт бурч болуп оролгон акчаны ошол чөнтөккө салып кашайбадымбы иттики. Ош базарына келип эле колумду салсам жок. Башым тегеренип, жер айланкөчөк боло түштү. Эптеп эсимди жыйып келген жолум менен үйгө бардым. Жок. Кайра-кайра баскан жолумду карадым, жок. Ишенесиңби, сийип жибердим. Азыр арманым, азабым аттын башындай эмес. Ала Тоодон да чоң болуп турат. Бул эмне деген шумдук.
Мураттын чыдамы кетип:
- Качан жоготтуң? - деп сурады.
- Бүгүн, түшкө чейин. Эми эмне кылам айтчы. Жанымды кайда барып жай алдырам? - деген Асылбектин жалооруган аянычтуу кебетеси Мураты да муңкантты:
- Эмне кылмак элең. Айла жок. Бир жеңил машиненин акчасын кандай жолдуу неме тапты экен? Болору болуптур да. Же өзүңө, же үйбүлөңө буюрбаган андай акчаны башымдан садага де. Денсоолугуң бек болсо андай акчалар башыңдан айлансын, далайын табасың. Бирок мындан кийин катпай жүр. Кайгырганда эмне, жүрү көңүл айтып арманыңды азайтайын,- Мурат баштыктарын көтөрүп Асылбекке баш ийкеди.
- Ичпеген күндө деле жарыбайт окшойм. Кеттик, сени менен эле тийип-качып ичип жүрөйүн, - Асылбек аргасыздан жылмайымыш этти.
Экөө жетелешип көк дүкөнгө киришти. Асылбекке көк теректердин жалбырактары да көңүл айткансып ылдый салаңдап көңүлсүз дилдирешет.
Жума Мамбетов
Бишкек шаары