№26, 15.07.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви




БЭКтин жеңилиши, үмүттүн жеңилиши болот
Тирликтин айынан он баласы он жакка чачырап, бир үйдүн чатырын көтөрө албаган Кыргызстанга чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улай турган, элдин шилтеген жагына кылычтай чабылган азаматтар керек. Көп түкүрсө, көл болот демекчи, А.Атамбаев азыр билгенге бийликти ээлеп калгысы келген жаңы кожоюн эмес, бирдиктүү күчтүн, келечекте түзүлө турган жаңы системанын алдыңкы пландагы гана жоокери болмокчу. Ал эми калган азаматтар ошол жоокердин айланасына бириккен, ар бири мекендин жүгүн аркалаган жоопкерчиликти мойнуна жүктөгөн азаматтар. Биз А.Атамбаевди шайлоо менен А.Атамбаевди көтөрүп чыккан эр азаматтардан жоопкерчиликти сурап ала алабыз. Себеби, биз бир эле А.Атамбаевге эмес, анын айланасындагы 7 азаматка добушубузду беребиз. Атамбаевдин жеңиши Ө.Текебаев, Э.Каптагаев, А.Бекназаров, Б.Шерниязов, Р.Отунбаева, Б.Бешимов өңдүү эл сыйлаган азаматтардын жана аларга ишенген элдин жеңиши. А.Атамбаевдин жеңилиши жогорку биз атаган азаматтардын жана аларга ишенген, тагыраак айтканда адилеттикти,эл бийлигин орнотууга мүмкүнчүлүк келди деген элдин жеңилиши. Мындай мүмкүнчүлүк 5 жылда бир келер. Андыктан бул жолу оппозиция жеңилсе, авторитардык бийлик биротоло орноду дей берсе болот. Эл бийлиги жөнүндө андан кийин үмүт кылуунун кереги жок. Кулда кулак жок, деп унчукпай жүгүнүп жүрө берүүгө туура келет.
Бийлик чексиз эмес, чектелүү
Чыгыш эли үчүн беш жылдан ашык бийлик дегеле туура келбеси белгилүү болуп калды. Бизде мыкты деген эл башчы беш жыл элге кызмат кылышы мүмкүн, андан ары түбөлүк бийлигин чыңдоонун жолуна түшөт экен. Мыкты эмеси келери менен эле беш манжасын казынага батырары да көрүнүп калды. Талапкер А.Атамбаевдин программасындагы президенттик мөөнөттүн 5 жылга чектелиши да ошонун негизи болуп калмакчы. Дегеле А.Атамбаевдин талапкерлиги чектин, топуктуулуктун натыйжасында тандалып чыкканы бүгүн айкын болуп отурат. Биз билгендей оппозицияда президенттикке көрсөтүлөт деген талапкерлер өтө көп болуучу. Ошондуктан бир топко чейин оппозицияга бирдиктүү талапкерди көрсөтүү оор болуп келди. Ошол лидерлердин ичинен Атамбаевдин талапкерлигинин алдыңкы планга көрөтүлүп чыгышы ал кишинин мен биринчи болоюн дегенинен эмес, тескерисинче, кимиңер лидер болсоңор да мен макулмун, мен ошол лидердин туусунун алдында кызмат кылып, жүгүн көтөрүп берейин деген топуктуулугу себеп болду. Өз амбициясынан өйдө көтөрүлө алган адам, өз кызыкчылыгынан да өйдө көтөрүлө алат. Эң башкысы мындай адам чекти билет. Бийлигин чектегенди көтөрө алат.Чексиз бийликке умтулбайт. Мындай сапат азыр кыргыз башчысы үчүн аба, суудай эле зарыл болуп турган чак.
А.Атамбаевдин талапкерлигинин күчү эмнеде?
Биримдикте. Калган 5 талапкер өлкөнүн жоопкерчилигин жалгыз мойнума алам деп чыгып жатса, А.Атамбаевдин талапкерлиги эл ишенген мыкты азаматтар менен бирге көтөрүлгөн оор жүк. Буга чейин кыргыз тарыхында мындай шайлоо болгон эмес. Ар бир талапкер жоопкерчиликти жалгыз гана алуучу. Талапкер Текебаевдин артында Текебаевдин жактоочулары, талапкер Атамбаевдин артында Атамбаевдин жактоочулары, талапкер Эшимкановдун артында Эшимкановдун гана жактоочулары, талапкер Бакир уулунун артында Бакир уулунун гана жактоочулары туруп келген болсо, бул жолу талапкер Атамбаевдин артында Текебаевдин жактоочулары, Бешимовдун жактоочулары, Исаковдун жактоочулары болуп жети бирдей даражадагы лидерлердин жактоочулары турат. Ушунун өзү эле бир үй-бүлөлүк бийликке коюлган крест. Ушунун өзү эле коллективдүү бийлик, ушунун өзү эле чыныгы демократия.