10.03.09 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маанай

Бактыгүл Бадыева:
Ар бир адам өз тагдырынын каарманы
Сулуулук гармониясы
"Сулуулардын бактысы тайкы" деген кепке кошулгум келбейт. Ар бир адам өң - келбетинин өзгөчөлүгүнө карабай, бактылуу болушка, турмуштан өз ордун табууга акылуу. Өң - келбеттин сулуулугунан да мен үчүн жандүйнө сулуулугу артык. Жандүйнөмдү пенделик ойлорго кирдетпей, таза сактоого аракеттенем.
"Сулуу айымдын аялзаттан дос табуусу кыйынчылык туудурат", дегенге аз да болсо кошулам. Анткени, андай жолду да басып өттүм. Анткен менен көңүлүмдү чөктүрбөйм. Андай майда - чүйдө нерселерден өзүмдү жогору коём. Капалансам мени капаланткандардын эмес, менин нервим кетет. А мага эрте түшкөн бырыштын кереги жок. Жашоо кыска, жашоого бир келген соң аны күнүмдүк пендечилик таарынычтарга алдырбай татыктуу жашап өтүү адамзаттын милдети.
Атактуулук менсинүү эмес
Классташтарым менен азыр да бала курактагы мамилени сактап калгам. Бой көтөрүү, менсинүү мага жат. Алар дагы "Сен баягы Бактыгүл бойдон турбайсыңбы?" деп таңданышат. Адам ар дайым өзүн башкарып жүрүүгө көнүгүш керек, менин ырдаганым гана болбосо башкалардан өзгөчөлөнөр айырмам деле жок.
Кыял да орундалат
Мектепти көпчүлүк окуучулардын бириндей аяктадым. Ошондо эле ырчы болууну, сахнада микрафон кармап ырдоону кыялданчумун. Өзү кыялданган нерсең текке кетпейт экен. Минтип эбепке себеп табылып, элдин бир ырчысы болдум. Башында сахнага ачык - чачык кийимдер менен чыгуудан уялчумун. Деги эле ачык кийинип көрбөгөн элем. Анан убакыт баарына үйрөтөт болуп, жарашыктуу сахна кийимдеринин улам жаңы көрүнүшүн ойлоп таап, кийине баштадым.
Достук - бул бир байлык
Досторум көп. Бул жагынан баймын десем да болот. Сахналаш да, сахналаш эмес да досторум бар. Достукка өтө маани берем.Эгерде менин досум мага меникиндей мамиле менен жооп берсе, анда ал үчүн жанымды да берсем керек. Жашоодо достуктун өзгөчө орду бар. "Эл менен сен бийиксиң", дейт эмеспи, анын сыңарындай көпчүлүккө аралашып, алардын арасында кадыр - барк менен болуу жашоонун дагы бир маңызы.
Кичүүлүк өмүрдү токтотуунун өбөлгөсү
Үйбүлөдө эң кичүүсү болгонум үчүн апама дале баламын. Кадимкидей алдына отуруп алып эркелейм, апам да мени тээ бала кездегидей айланып - кагылып эркелетет. Эжелерим "сен бизге дагы деле кичинекей кыздай көрүнөсүң", дешет. Кичүү болгондун жакшысыбы, жаманыбы билбейм, ушул экен - канчалык чоңойсоң да үйүңдө балалык тепкичтен ары өтө албайт экенсиң. Анткени, сенден улуулар үчүн сен ар дайым баласың. Менин бул жашоодогу эң кымбат табылгам - ата - энем, бир туугандарым.
Сыр ооздон чыккан соң сыр эмес
Айланамдагы жакын адамдарымдан жашырган сырым деле жок. Ичимдеги болгон нерсенин баары сыртымда. Мүнөзүм ачык - айрым болгондуктан, болгонун болгондой айтып жүрө берем. Сыр тууралуу суроо бергениңден улам, ойлонуп көрсөм, ишенесиңби, сырым жок экен. Ооздон чыккан сөз сыр болбой кала турган болсо менде чындан жаап - жашырган эч нерсе жок. Эгерде сырым бар боло турган болсо, анда мен эч кимге айтпай, эч ким менен жашыруун сырдашпай эле жүрөгүмө калтырып коймокмун. Анткени, адамдын эң сырдаш, ишенимдүү досу өзү. Башкаларга айтпай эле коймокмун дейм, бирок, мобул ачык мүнөзүм менен эрким жетпесе деле керек.
Ушак тирүүлүктүн белгиси
Ушакка да көнүүгө болот экен. Мен мисалы көнүп бүттүм. Кимдин оозунан чыкканын билбесең ушинтип көнүүдөн башка айла калбай калат экен. Эгер билгенимде, ошол адамга барып ойногон тилин ансайын узартып тартып коёт элем. Мен жөнүндө эмне деген гана сөздөр айтылбады. Бир эсептен айтылып турганы да жакшы. Сен жөнүндө айтылып атабы, сен демек, элдин оозундасың, көзүндөсүң, сени унутуп коюшкан жок. "Жакшыга сөз, жаманга чөп жабышат", деген накыл кеп бар эмеспи элибизде. Чөп жабышканча, жакшы адам экендигиңдин белгиси болуп сөз жабышканы ырыстуурактыр. Кээде отуруп таң каласың, элдин арасында кандай гана таланттар бар, калпты чындай жалгаштырган.
Күндүн
бир көрүнүшү
Күнүм машинада өтөт. Тиякка, биякка айдап жүрүп. Он беш жашымдан баштап рулга отургандыктан дасыккан айдоочу болуп калгам. Мени жүдөткөнү, машинемдин терезесин кокус ачып алган учурда светафорго токтосом, жанымда кошо токтогондор таанып калышса сөөмөйлөрү менен сайып, бири - бирине көрсөтүп калышат. Тереземди күңүрттөп, ачпай жан сактап калдым. Бош убактымда... Кичине бош убактым болуп калса, Токмокко, апама сызам. Анан достор менен жолугам. Капаланып калсам, чөгүп отуруп калбай, "эй, мен капа болуп калдым, жүргүлө чогулалы", деп досторума жар салып чакырып алам. Анан кечке бийлеп, ырдап, тамашалашып каткырып, эмнеге капа болгонумду да унутуп калам.
Кытайдагы клип
Жакында Кытай жергесине барып келдим. Кытайдагы кыргыз элиме жакшы ырларды тартуулап концерт койдум. "Жүрөк тагы" деген ырга клип тарттыра да келдим. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет болуп, ушул ырым элге кеңири тарагандыктан, клип менен бактысын ачып коёюн дегем. Менимче, клип жакшы тартылды. Албетте, аны бул жактан деле тартсак болмок, бирок, сценарий боюнча бизге көз жетпеген бийик кабаттар керек эле. Аны биз Кытайдан таптык.
"Мен сулуу! Менден өткөн ким сулуу?.."
Менин жашоом сүйүү менен улууланып, арууланып тургансыйт. Биринчи өзүмдү сүйөм, анан башкаларды. Эгерде мен өзүмдү сүйбөсөм анда мени эч ким сүйбөйт. Кереги жок жигит үчүн көз жаш төгүп капалануунун. Ал жигиттер чындаса аялзатынын бир тамчы жашына татыбайт. Көңүлдү ар дайым көтөрүп, өзүңдү сүйүп, күнүгө эртең менен күзгүдөн өзүңө өзүң суктанып: "Мен сулуумун!" деп жүрсөң, Алла Таала ансайын сулуулук берет. "Бактылуумун", десең бакытты алаканыңа карматат. Ар бир адам өз тагдырынын каарманы.

Г. Турусбекова