10.03.09 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Пара
Топчубек Тургуналиев, саясий ишмер:
"Белек берүү да паракорлук"
- Паракорлукка мамилеңиз кандай?
- Паракорлук деген адамдын эң арам касиеттеринин бири. Андан сырткары да коррупциянын бир түрү. Жадакалса белек берүү да паранын бир түрү. Мына биздин кожоке Ф. Куловко туулган күнүнө унаа белек кылды. Ал унаанын баасы жакшы эле акча турат экен, ага Бакиевдин бир жылдык эмгек акысы да жетмек эмес болчу. Анан ал акчаны кайсыл жактан алды деп ойлойсуздар, албетте өкмөттүн каражатына кол салды.
Паракорлук коррупция боюнча деңгээли эң төмөн өлкөнү билисизби?
- Бул өлкө Финляндия болуп эсептелет, ал жакта коррупция 0,14 пайыз түзөт. Биздин өлкө былтыр 160 өлкөнүн ичинен 30 орунда болчу. Быйыл болсо "Forbs" аттуу журналынын жыйынтыгы боюнча биздин өлкө алдыңкы катардагы орундарды ээлеп калды. Алтынчы орунга чыкты деп жазышты.
- Себеби эмнеде дейсиз?
- Ал жердин өкмөтү ачык иштейт, 3 айда бир жолу киреше боюнча мамлекетке доклад тапшырышат экен, себеби ошондо болуш керек.
Биздин өлкөдөгү паракорлукту жоюу үчүн президентибизди баш кылып жадакалса айылдагы чиновниктерди да текшерүү керек. Балким ошондо паракорлуктун деңгээли төмөндөй түшөт.

Рыскелди Момбеков
"Эл сөзү" гезитинин башкы редактору:
"Бара бергиче, пара бер"
- Пара биздин өлкөгө кайсы жактан келген деп ойлойсуз?
- Бул оору башкы батыш өлкөлөрдөн келген. Азыркы заманда мектептен баштап пара алышат. Мугалимдин туулган күнүнө деп, мугалимдердин күнүнө , мектепке саат алганга, биринчи, бешинчи класстарды бүттү деп мугалимдерине белек беребиз, бул да пара. Кыргыздын салты боюнча кызын алсаң калың берсең - бул да пара. Баары тең акча менен бүтүп калган, азыркы заманда пара күчөп жатат дешет, бирок пара алуу берүү мурдатан эле келген, ошондон улам "Бара бергиче пара бер" деген макал чыккан. Кечке баргандан көрөк, пара берип койсоң жумушуң бүтүп калат.
- Өзүңүз бирөөгө пара бердиңиз беле?
- Такыр берген эмесмин деп айтпайм. Бир жолу гана бергем, шашып баратып ременди тартынбай калыптырмын, анан "гаишник" тосуп алган. Штраф төлөйсүз деп чыкты, 300 сом бердим бирок мага эч кандай квитанция берген эмес.


Жыргалбекова Адинай, студент:
"Пара бербегем дегендер калп айтат"
- Пара бербейм дегендерге кандай карайсың?
- Эгерде кимдир бирөө мен пара бербейм, деп айтса бул калп. Азыркы заманда колунда кичине бийлиги барлардын баары тең, пара алып оокат кылышат, бул бүгүнкү күндө сыр деле болбой калган. Балким мунун себеби, биз адамдар коркуу сезиминен ажыраганыбызга байланыштуубу?. Биз пенделер Кудайдан коркпой калдык, "Сүйүүнүн күчү керемет" дегендей эле азыр акчанын күчү керемет болгондой.
- Окуган окуу жайында пара алышабы?
- Албетте, сөзсүз түрүндө алышат. Азыркы күндөгү билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн баары "Акча бербесең баа койбойм" деген шартка таянып калышкан.

Нурак Абдырахманов, залкар комузчу:
Уруучулдук доорго карай…
- Паракорлукту кандай жолдор менен жоуюга болот?
- Паракорлукту жоюу үчүн биринчиден: батыштын демократиялык башаламандыгын жоюш керек. Уруучулук системасын калыбына келтириш керек. Илгери уруучулукта мындай нерсе болгон, бир адам жасаган нерсе үчүн бир уруунун баары жаман аттуу болчу. Силердин урууңардагы "баланча" туура эмес иштерди кылган дешчү, да ал адамдын терс иши уруунун баарына көө жапкан. Алар үчүн жаман иш жасоо өлүмдөн да оор болгон. Батыштын тескер иштеринин бары тең бизге орношуп алды, ата салтыбызга илгерки ата-бабаларыбыздын салтына көчсөк гана баары калыбына келет.

Сооронбай Жусуев: Эл батыры, Эл жазуучусу
"Пара жашаган, жашай берет"
- Пара берүүгө болгон көз карашыңыз?
- Эми адамзат болгондон кийин пара да болот. Албетте бул жаман нерсе, бирок ага карабастан биз адамдар пара алабыз. Муну жоюу өтө кыйын, баардык каналдар менен жүргөн нерсе. Азыркы күндө тамырлап кеткен. Жылдан жылга пара күчөп келатат. Пара алгандарды колунан кармалып отургандар аз, бирок пара жашыруун түрдө берилип күчөп турган кези.

- Пара алууга кандай сапаттагы адамдар жөндөмдүү болот дейсиз?
- Эми өңүнөн билбейсиң, жаманың жакшы жакшысы жаман болуп чыгып калышы мүмкүн. Азыр маданияттуу кийинген, галстук тагынгандар алышат.

Амангелди Бекболоев: КУУнун ректору, проффесор:
"Кой союп келишчү"
- Паракорлуктун деңгээли өтө жогору болуп жатат, сиздин оюңуз боюнча кандай жол менен жоуюга болот?
- Үч жол менен жойсо болот биринчиден: Мыйзам жагынан катуурак кармаса, укук коргоочу органдар иштешсе.
Экинчиден: бүт жетекчилер аяктан баш тартышса, өздөрү да таза болуш керек.
Үчүнчүдөн: агитация кылыш керек, андай болбойт деп. Андан соң экономика тармагы жакшылап иштеши керек. Айлыктары тирлигине жетиш керек.
- Пара алып көрдүнүз беле?
- Алган эмесмин деп айтпайм, Союз убагында көп эле болду, бирок бул туугандардын ичинде болгон, айылдан кой союп келишчү, коноктоп чакырышып, келишип дегендей.
- Жаңы окуу жылына көптөгөн студенттер келет, пара жакшы эле түшөт болуш керек?
- Мурда пара берип, кой союп дегендей өтүп алышчу. Ал эми азыркы күндө контракты төлөйт дагы башын оорутпай өтүп кетет.

Анатай Өмүрканов,
Эл жазуучусу:
"Акаевдин убагында паралар арзаныраак болчу"
- Пара берип көрдүңүз беле?
- Биздин мезгилде пара берүү деген жок болчу. Өмүрүмдө бирөөгө пара берип көргөн эмесмин, бирок шокалад берип койчумун.
- Балдарыңыз пара беришеби?
- Кызым жакшы окуйт, мектепти жакшы аяктап, окууга өзү өтүп кетти. Ал эми уулум окууга өтө албай калып пара берип, өткөзгөм.
Бирок азыркы учурда пара кымбаттап кетти. Акаевдин учурундагы 1000 сомдук пара азыр 5000 сомго чыккан.
- Ал эми сизге пара берген учурлар болду беле?
- Андай учурлар да болуп кетет экен. Калаадагы бир окуу жайларда проффесормун. Анан экзамен сессия учурунда пара берип бүтүрөбүз деген студенттер үзүлбөгөн үмүтү менен келип калышат. Бирок мен пара албайм, досторума айтсам ала бербейт белең деп күлүшөт.

Мальвина Уметбекова