email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
10-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Ак ордону" Кокон ордо унуттубу?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Талапкер жана шайлоочу
4-бет
"Кремний өрөөнү" ачылды
5-бет
Топчубек Тургуналиев, саясий ишмер:
"Белек берүү да паракорлук"

6-бет
Чыңгыз баскан из менен
7-бет
"Современный" макалдар
8-бет
Бактыгүл Бадыева:
Ар бир адам өз тагдырынын каарманы



п»ї

КИТЕПТЕР



 "Ак ордону" Кокон ордо унуттубу?

Үй-бүлө эмес, үй курабыз
Бул үй "Ак ордо" конушундагы 4 жылдан бери бүтпөй келаткан үйлөрдүн бири. Кыргыздар жасаган революция ар дайым үйгө, жерге муктаждыкка тыгыз байланышат. 90-жылдагы революция кыргыздарга үй берип, ал революциянын жемиши менен А.Акаев бийликке келип, кыргыздардын алгачкы "Ак өргөсү" көтөрүлгөн. Бүгүн "Ак өргө" конушу троллейбус каттаган шаарга айланган. Ал эми 2005-жылы болгон революцияда да эл шаардын ар тарабынан жер басып алып, жаңы бийлик ошол басып алынган жерлердин ичинен "Ак ордо" конушун мыйзамдаштырып, жаңы конуш "Ак Ордо" конушу өсүп чыкты. Мунун өзү дагы негедир символикалуу сезилет. А.Акаевдин алгачкы беш жылы элге арналганын азыр эч ким танбайт. Ырасында эле А.Акаев алгачкы жылдары мүмкүн болушунча элге жарыгым чачсам деп эмгектенгендей. Ошого жараша ал жаңы конуштун аты "Ак ордо" деп эмес, "Ак өргөө" деп да аталган. Ал өзүн ал убакта ордо башчысы хан элестетпей, элине өргөө көтөрүп берген жаңы үйдүн кожоюну катары өзүнө жоопкерчилик алса керек. Албетте, ал үй кийин "общий дом" болуп кеткени башка сөз. Ал эми Курманбек Салиевич бийликке келгенде эле өзүн Кокон ордонун башына келгендей сезди өңдөнөт. Анан калса эл да ал келер менен Шералы хандын бийликке келишинедей кабыл алышты. Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында дегендей ал сөз ошону менен ырбап отуруп бүгүн Кыргызстан "демократиялык аралча" деген аты унутулуп, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан айырмаланбаган хан ордого айланып баратат. Элге деп бөлүнгөн "Ак ордо" конушу да унутулду. Ордого жакын адамдар бат эле заңгыраган особняктарды куруп алышып, карапайым калк 4 жылдан бери кичинекей үйдүн чатырын көтөрө албай жатышат. Алдыда эми жаңы президенттик шайлоо. Элге эмне керек? Жаңы кожоюн, ордо башчысынын кереги жок. Кылым карыткан кыргыз эли улам бир жаңы кожоюнга, анын үй-бүлөсүнүн байышы үчүн кылым карытып сакталып келбегендир. Ошол үчүн оппозиция да башын бириктирип, кожоюнду эмес, системаны шайлайлы деп жатышпайбы? Үй-бүлөлүк бийлик куралы деп эмес, үй-куралы, система куралы, бийлик системасын алмаштыралы деген ураан менен келатат. Андай болсо, биз кимди шайлап, кимди тандашыбыз керек? Үй курабыз, система курабыз деген бириккен күчтүбү же үй-бүлө курабыз, үй-бүлө байытабыз деген жеке кызыкчылыктыбы?






Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0710_1.htm on line 63

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0710_1.htm on line 63

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0710_1.htm on line 63

КИТЕПКАНА



а ­е¦Є.НҐй«