07.03.09 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майрамыңыздар менен урматтуу ден соолук сакчылары!

Таза, кооз айлана-чөйрө ден соолукка пайда
Ишенбай Молдоташевди саясатчы да, мамлекеттик ишмер да, сенатор да десек жарашат. Эң негизгиси Ишенбай Курманович өз ишинин устаты. Ал парламентке элдин ден соолугу үчүн Мыйзамдарды иштеп чыгып, эми аны жүзөгө ашыруу үчүн аракеттенип жатат.
Кыргыз курортологиясы жана ден соолукту калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун директору, медицина илиминин доктору, профессор Молдоташев Ишенбай Курмановичти кесиптик майрамынын алдында маекке тарттык.

- Ишенбай Курманович, кесиптик майрамыңыз менен куттуктайм! Сөз алдында сизге да эркин микрафон берели.
-Урматуу кесиптештер, келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Ишиңиздерге ийгилик, үйбүлөңүздөргө бакыт, мамлекетибизге бейкутчулук жана да келечекте алдыга аракеттенип, өзүбүз-өзүбүздүн турмушубузду оңдошубуз керек. Майрамыңыздар менен урматтуу кесиптештер!
-Сиздердин Курортология институтуна журналист катары көп келип жүрөм. Быйыл эмнегедир айлана тегерегиңиздер жылдагыдан ажайып кооз, гүлдөр жайнап, жаңы тигилген көчөттөрдүн жалбырагы бажырайып өзгөчө көрүнөт экен.
- Ооба, туура байкагансыз. Биздин мекемебиздин эмгек жамааты жазгы ишембиликтерди өзгөчө шаңга бөлөп, майрамга бөлөнүүнүн натыйжасы эми билинип турат. Жазында өзүбүзгө тиешелүү аймакты көрктөндүрүп, көчөттөрдү тигип гүлдөргө атайын орун камдап сээп алганбыз. Ошонун үзүрүн эми көрүп атабыз. Бул жерге дарыланууга келген адамдарга да жагып атат. Айланабыз таза, ажайып кооз болсо, ден соолугун чыңдагандар үчүн да пайдасы тиет эмеспи.
- Сиздерде жаш кадрларды колдоо максатында кандай иш-чаралар бар?
- Жаш кадрларды, негизинен кенже медициналык кызматкерлерди колдоо максатында турак-жай куруп берели деген пландарыбыз бар. Таш-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан жер бөлүп берүү тууралуу чечим даярдалып жатат. Демөөрчүлөрдү таап, өзүбүздүн каражатыбыздын эсебинен көп кабаттуу бир турак- жай курсакпы деген планыбыз, этап-этап менен ишке ашат деп ишенем. Илимий жактан жаш адистерге дайыма колдоо көрсөтүп жатабыз.
- Жаңы жылдан бери алты ай убакыт өтүп кетиптир. Артыңызга бир кылчайып көрсөңүз.
- 2009-жылдын жарым жылы да өтүп баратат. Эми артка саресеп салып, ушул жарым жылда биздин Курортология институтунда эмне иш бүтүрдүк деп айта алабыз? Ушул жарым жыл ичинде эле эли-журтубузга саламатчылык жактан тейлөө тарабынан 12 миллион сомдук кызмат кылдык. Ошонун 20 пайызын мамлекетибиздин казынасы үчүн салык катары төлөдүк. Муну айтып айткан себебим, биз колубузду сунуп бюджетти карап отурбастан, бюджеттке да колубуздан келген көмөгүбүздү көрсөтүп атабыз. Экинчиден ошол тапкан каражаттарыбыздын эсебинен милдеттүү калыптандыруу фондуна да төлөп жатабыз. Быйыл жакында 11 жаңы апарат алдык. Буга чейин 10-15 жылга чейин жаңы аппараттар алынбай келген экен. Биринчиден, акча чогултуп, экинчиден, ушул аппараттарды арзан баада жаңыртууга жетише алдык.
- Сиздер алган жаңы аппараттардын кандай артыкчылыктары бар?
- Азыркы заманда медицина илими күн санап өркүндөтүлүп, өзгөрүлүп баратат. Улам жаңыртылган эң алдыңкы үлгүдөгү медициналык аппараттар чыгууда. Азыр эски аппараттар менен кол куушуруп жата бербестен, ооруларды дарылоого өбөлгө түзгөн жаңы аппараттарга жетишүү учурдагы иш. Физио бөлүмгө жана анализ жүргүзүү боюнча алынган аппараттарыбыздын артыкчылыгы төмөнкүдөй: Мурун эски методдорду колдонсок, азыр миллион сомго алган жаңы аппараттарыбыз, анализдин эле 27 түрүн жасай алат, химиялык анализ да жүргүзүп, андан тышкары кандын анализинин 15 параметрин бере алат. Мунун баары жарым автоматтык түрүндө иштейт. Мындайча айтканда канды гана алып, ошол аппаратка коёт, ал болсо жанагы анализдердин баарын автоматтык түрдө санап, талдап чыгарат. Мурда бул үчүн көп убакыт талап кылынып, микроскоп менен эсептеп чыгуучу, андан көбүрөөк ката кетчү. Мисалы, кээ бир анализдерди туура эмес чыгарчу. Ошондуктан лабораторияларда эмгектенген медицина кызматкерлерге дарылануучулар ишенбей калар эле. Эң эле биринчи дарылануучулардын ишеними эмеспи. Ушул жаңы аппараттар эл аралык стандарттагы анализдерди алууга мүмкүндүк берет. Мындай аппараттар республикабыздын борборунда 3-4 гана жерде бар экен. Ошондуктан биздин Курортология институту жайгашкан Таш-Дөбө айылынын айлана тегерегиндегилер, Бишкекке барып убара болушпастан, бизге кайрылса болот.
Ушул жаңы аппараттарга жетишкенибиз биздин ишибизде чоң жылыш болду деп айтсак болот.
- Эмнегедир дагы өзгөчө көзгө көрүнгөн нерсе ар бир бөлүмдүн жасалгалары жаңырган сыяктуу. Мындан тышкары дагы эмне иштер бүттү?
- Биздин мекемебизде медициналык-аккредитициялык комиссиябыз бар. Баарыбыз толук аккредициядан өттүк. Жыйынтыктары жакшы ар бөлүмдө оорулар үчүн маалымат бере турган такталарыбыз бүт жаңыланды. Ушул маалымат бере турган такталарыбызды жаңылантуу үчүн жүз миң сомдой каражат жумшадык. Ушуга кеткен чыгымдардын жарым акчасын ар бир бөлүм демөөрчүлөрү менен мойнуна алып, тең жарымын институттун администрациясы грант катары бөлүп берип, заманбап жасалгалоого жетише алдык.
- Жаңы технологияларды колдонууда кандай саамалыктар болду?
- Жылдын башынан бери он беш бөлүмүбүздүн ар бирине бирден компьютер алып бердик. Ошонун эсебинен бизде дарылануучуларды тейлөө да оң жагына коюлуп атат. Ар бир компьютерге маалымат берип атабыз. Мисалы: биздин институтка кандай дары дармек сатып алганыбыз жөнүндө маалымат компьютер аркылуу кетип турат. Кайсы дары бар, кайсы дары жок экендигин дарыгерлер убара болбостон компьютер аркылуу билсе болот. Андан тышкары бул компьютерден бардык маалыматтарды алса болот. Дарылануучулар китепканада кандай китептер бар экенин компьютер аркылуу билип алса болот.
Быйыл кир жуучу жаңы үлгүдөгү машина алсакпы деген планыбыз бар. Азырынча бир аз каражат жетпей турат. Бирок жылдын аягына чейин каражат таап алууга аракет кылабыз. Негизинен алсак дарылануучуларды тейлөө медициналык-техникалык каражаттар боюнча жарым жылдыкка өзүбүздүн жыл башында койгон пландарыбызды ишке ашырдык деп ойлойм.
- Ишенбай Курманович, сиздин институт Курортология боюнча борбордук Азияда көзгө басар илимий-изилдөө институттун бири эмеспи…
- 21-26-майда Чолпон -Ата шаарында курорт ишине тиешелүү мекемелердин профсоюздарынын конференциясы өттү. Бул конференцияда курорт-санотория масалелери боюнча олуттуу масалелер каралып, докладдар окулду. Бул конференцияга жалпы мамлекетибиздин булуң-бурчунан жүзгө жакын тиешелүү адистер катышты. Ушул тармак боюнча ишкер ойлор айтылып, жаңы мыйзамдардын долбоорун даярдадык. Кыргызстандагы курортторду мамлекеттик деңгээлде колдоо жөнүндө. Ушул долбоорлор Саламаттыкты сактоо министрлигинде каралып жатат. Министрлик карап чыккандан кийин, Жогорку Кеңешке сунуш кылат.
Жакында илимий иштер боюнча Нарын облусунун Ак -Талаа районуна барып келдим. Ал жакта тоолуу райондо жашаган мекендештерибизге медициналык жактан жардам берүүнү пландаштырып келдик. Ак-Талаа районунда бир ФАПка көрүнүктүү окумуштуу профессор Кудайбердиевдин ысымы берилиптир, ошол ФАПка да көмөк көрсөтүүнү чечтик. Ак-Талаалыктардын бир тобу биздин институтка келип, жеңилдик менен дарылана турушкан болду.
Май-июнь айында жамаатта атайын түзүлгөн экспедиция Тоң, жана Жети-Өгүз районуна барышып, миңге жакын адамдын ден соолугун текшеришип, ошол жерден өздөрүнүн рекомендация, сунуштарын беришип, анан четтеринен бул жакка келип дарыланууга жолдомо алышты. Эми бардыгын жыйынтыктап келгенде быйылкы жыл биздин жамаат үчүн алга жылуунун жылы болду десек болот.
- Мамлекетте жашап саясаттан тышкары болууга болбойт. Албетте, сиз "Ак жол" партиясынын мүчөсү катары кимди колдой турганыңызды түшүнүп турам. Ошентсе да шайлоо өнөгү тууралуу сөз кылбай кетсек болбойт эмеспи.
- Эми бизде алыс-жакындан келген дарылануучулар бар. Булардын тизмесин тактап атабыз. Себеби жалпы жердегилер өз участогуна барып добуш беришет, ал эми алыстан келгендердин өзүнчө тизмеси такталат. Ошондуктан "Өзүңдү тап" деген акция да өтүп атат. Негизи тактап койбосо, орто жолдо калгандар да болот.
Экинчиден, албетте, биздин эмгек жамааттагы "Ак-Жол" элдик партиясынын ячейкасында 50 адам Курманбек Салиевич Бакиевдин талапкерлигин көрсөткөнбүз, колдоп беребиз. Ошондуктан, үгүт башталган күндөн баштап, кызматтан тышкары убакта өз талапкерибиздин коюп жаткан программасын жана бүгүнкү күнгө чейин жасаган иш-аракетин, саясатын элге туура түшүндүрүү аракеттерин кылып жатабыз. Үгүтчүлөрүбүз жалпы жамаатка, айлана-тегерегибиздеги 5 айылдын элине туура маалымат берүү максатында жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Биз үгүт жүргүзгөн калктын арасында талапкерлерибиздин кадыр-баркы чоң. Ошондуктан биз колдогон талапкер бул шайлоодо жеңишке жетерине ишеним бар.