п»ї
  Саясий кызыкчылыктан курулган үйбүлө

Эсирген ханзаадалар сериалы
Өзбекстанга темирдей тартипти орнотуп, бир да жараны биз сыяктуу ээн - эркин президентинин ысмын атай албай турган кылып койгон Ислам Каримовдун ал-бул дегенибиз менен ата катары да катуу инсан экени маалым болду. Калкын башкаргандай эле кыздарына да мыйзам экенин ушундан билиңиз. Өз бактысын атасынын саясий кызыкчылыгына садага чаап да салышыптыр кыздары. КМШ арасындагы кээ бир мамлекеттер артына тактыны тапшыруучу мураскер таптап чыгарууну салтка айланта башташты. Анын ичинде Каримов да бар. Бирок, бул президенттин уулу жок болгондуктан, улуу кызы Гүлнараны билими, деңгээли, акылы жагынан өзбек ханышасы болууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп тапкан ата эми башкасын баштады. Гүлнара АКШда окуп жүргөн кезинде Афганистандан Америкага көчүп барышып, отурукташып калган этникалык өзбек жигит менен таанышып, жердин, элдин алыстыгына карабай, жылдыздар бир жангандыктан, коломтону чогуу булатып калган эле. Мансур Максуд менен он жыл жашаган Гүлнара бир уул, бир кыздуу болгон. Мансур Максуд президентке күйөө бала болгонго чейин Кока - Кола фирмасында иштеген. Колунда сыйкырдуу таягы бар кайната бир шилтеми менен Мансурду бул компаниянын Өзбекстандын филиалынынын башчылыгына дайындап койду. Өзү да бизнес жаатында жөндөмдүү жигит кайын - журтунун колдоосу менен аз убакыттын аралыгында өзбек базарынан башка суусундуктарды сүрүп чыгарып, "кока - кола королуна" айланды. Анын аркасы менен 80 млнго жеткен байлык топтоду. Бирок, ошол эле учурда Өзбекстандын экономикасына 100 млндун тегерегинде пайда алып келген. Мына, Каримов бир ок менен эки коён атты, күйөө баласын да байытты, калкын да унуткан жок. Анткен менен ар бир бакыттын бүтөөр чеги келет. Мансур менен Гүлнаранын да үйбүлөлүк бактысынын жетер чеги президенттик такка барып такалды. Гүлнара болочок мураскер катары өзбек жараны менен турмуш курууга тийиш болгондуктан, жакшынакай үйбүлөсүн ыдыратып, атасынын саясаты менен экинчи ирет турмуш жаңылоосуна туура келди. Гүлнаранын жүрөгү буга каршыбы, макулбу, эми аны Кудай менен өзү билет. Айтор, ажырашкан эки жаш сотко барышкан эмес. Бул балким, "биз үчүн жүз көрүшүп коштошуу оор", дегендин түшүндүрмөсүдүр. Башкы күнөөкөрлөр келбей калганына карабай, сот өз ишин жүргүзүп, көп пайданы Мансур Максуд тарапка чечти. 80 млн. долларга ченелген байлыктын көп бөлүгү, Нью - Джерсидеги 2,5 млн. долларлык үй, "Лексус", "Мерседес" автомашиналары, Өзбекстандагы бири бир жарым миллионго, бири 3 миллион 200 миң долларга бааланган эки ишкана акчалай түрүндө Мансурга ооду. Ага кошумча катары уулу Ислам Карим менен кызы Иманга болгон аталык укугу да сакталды. Гүлнаранын байлык талашпаганына, соттун чечимине баш ийгенине, балдарына тең укуктуу ата катары калтырганына караганда Мансур ал үчүн мурдагы күйөө эмес, өмүр бою жүрөгүндө аздектеген инсаны болуп калаарынан кабар бергенсийт. Капыс ажырашкан өмүр шеригине көпкө капа тарта албады, Өзбекстандын тышкы иштер министри Садик Сафаевге турмушка узады. Той жакын адамдардын курчоосунда Каримовдун Ташкенттен алыс эмес жерде жайгашкан резиденциясында болуп өттү.
Падыша атасынын айтканы мыйзам экенин ушундан билиңиз…





Гезиттин өткөн сандарынын биринде президенттердин жашыруун - ачык махабаттары тууралуу кеп учугун козгогон элек. А бүгүн ханзаада менен ханбийкелердин турмушунан да үзүм алууну чечтик. Анткени, өлкөнүн биринчи күчү президент эмес, ханзаада. Бакыйган өлкөнү башкарган падыша бир перзентин башкара албай эси ооп калаары калп эмес. Сталин убагында согушта туткунга түшкөн жалгыз уулуна душмандар согуш тактикасын мыкты билген полководецти алмаштырууну сунушташканда "мамлекет бир уул үчүн эмес, бир уул мамлекет үчүн", деп жооп берген. А биздин заманда Сталиндей падыша чыкпай, мамлекет бир уул үчүн болуп калды. Анда эмесе, "баласаак" президенттердин мураскерлеринин "анча - мынча" жоруктары…




Удейдин "укмуштуу" окуялары
Ирактын мурдагы президенти Саддам Хуссейин да балакайы тартуулаган мындай "бакыттан" кур калган эмес. Калкына бейбаш уулу үчүн да жек көрүндү болуп алган. Уулу Удей ашыкча эркелигин көбүнчө сулуу - сулуу кыз - келинден чыгарган. Зелимхан Кадыровдон айырмаланып, уруксатсыз курал көтөрүп, ок атып эмес, атагы, билими менен элге төбөсү көрүнгөн бийкечтер менен шапар тепкенди кумар көргөн. Ирактардын кыз- келиндеринин анын кол жоолугуна айланбаган эч кимиси калбагандан соң башка улут, башка өлкөнүн белгилүү айымдарына аңчылыгын баштаган. Италиянын манекенщицасы, "Мисс Италия" титулунун ээси Барбара ди Пальманы Багдадга ирактар мода көрсөтүү үчүн чакырышкан. Барбара бул чакыруу ханзааданын каалоосу менен болгонун баргандан кийин гана билген. Италиянын сулуусу ханзааданын көңүл каалоосун орундатыш керек эле. Барбара Багдадга эки жансакчысы, стилисти жана дагы бир манекенщица менен барган. Сулууларга майда - чүйдө керектөөсү үчүн эле барган күнү 700 евро берген. Ал кездеги ирак калкынын орточо эмгек акысы 20 евро экендигин эске алганда, бул өтө чоң сумма эле. Жанындагы эркектерден ажыратыш үчүн ханзаада жалаң гана айымдар катыша ала турган майрам уюштурат. Эки манекенщица майрамга барганда, аларды күчтөп гинекологдун кабылдамасынан өткөрүшөт дагы, күчкө сала башташат. "Мен сатылбайм", деген Барбаранын сөзүнө капаланган ханзаада эми чындан кара күчкө өтөт. Аны эптеп алдоо үчүн "биринчи тааныш болобу, анан кайра жолугабыз", дегенине "Мен бир жолуккан айым менен экинчи ирет жолукпайм. Кыздар мага бир гана түн үчүн керек", деген жооп алат. Өпкүлөөгө аракет жасап баштаганда, Барбара колун тиштеп алып, ага "Мага тирүү адамдын колу тийе элек", деп ачууланган Удей ошол түнү мейманканадан эле эмес, өлкөдөн чыгып кетүүлөрүн буйруйт. Машина менен түндөп Иорданияга чейин жол жүрүшкөн сулуулар эртеси күнү Италияга учушат. Бул кыз-келиндерге чап кенедей жабышкан ханзааданын жоругунун бир чети. Бул нерсе Барбаранын мекени башка болгону үчүн гана ачыкка чыгып отурат. Ал эми ирактын өзүнүн укугу кордолгон айымдары канча дейсиз.
Бул окуядан көп өтпөй Удейге кол салуу болуп, ал өлүм менен аяктады. Муну Лондондон басылып чыгуучу "Багдад" гезити мындайча чечмелеген: "Ханзаада бир да юбканы жөн өткөрбөгөн "Дон - Жуандык" "кесибинин" аркасы менен таасирдүү үй-бүлөнүн абийирине тийип, өч алууну чакырган болуш керек". Садам Хусейин өлкө ичиндеги уулуна делген кыжырды билген үчүн аны мураскерликтен түшүрүп, ордуна экинчи уулу Кусейди калтырууну пландаган. Удей белгилүү айымдарга эле эмес, көчөдөн көрүп калган чырайлуу кыздардын да кайгысы болгон. Бир ирет көчөдөн студент кызды көрүп калып, аркасынан полициянын машинесин жөнөтүп, кызды күчтөп резиденциясына жеткирткен. Сабет аттуу ал кыз жини менен Удейди "келесоо" атап алганы үчүн дубинка менен токмок жеп, болушунча кордук көргөн. Бирөөгө кордук көрсөтсө, өзү да кордукка жолугарынын далили Удейдин өлүмү...





Айдардын заманы кайда калды?..
Ал эми биздин Айдар Акаев тууралуу айта берсе түгөнгүс. Атасынын жумшактыгын ой-да пайдаланган кыргыз ханзаадасы башкаларчылап айымдарга чуркабай же, курал менен ойнобой эле байлык топтоонун камылгасын көргөн. Өлкөдөгү кирешелүү деген бизнес ээсинен суралбай тартылып алынып, каалаганын сөөмөйүнө калчап ойногонду жакшы көрчү эле. Акаев артта калып, "кимдин заманы, Айдардын заманы" болуп кеткен. Ошондо да кебелбес эл экенбиз, айкөл Манастын мүнөзүн сактап, көтөрүп койдук. Байлыкка гана эмес мамлекеттин саясатына да аралаша баштады кийинчерээк. Аны кыргыз жаранынын ар бири жакшы билсе керек. Кытайга Үзөңгү - Кууштун сатылышы туралуу да Айдарга байланышкан бир икая бар. Кытайдан наркотик менен кармалган Айдарды бошотуу үчүн атакеси ушундай кадамга барган деп да жүрүшөт. Акүйдөгү чиновниктер Айдардын ити балтырына тиш салса да "кет!" дей албай, күлүп турууга мажбур болушкан. Ал турмак резиденциясынан ал отурган машине чыкканда эле кирерге тешик таппай, жолун кыя кесип өтүүдөн жалтайлап турушчу.
… Ал эми башкалар туралуу унчукпай тим бололу…




Зелимхан чындап залим "хан" болгонбу?
Чечен Республикасынын президенти Ахмат - Хаджи Кадыровдун "статустуу перзенти" мамлекеттин да, атасынын да башына түшкөн балээ болгон. Жөн жүрбөгөнүнүн айынан падыша атасынын башы башка мамлекеттер алдында шылкыйса, аны менен кошо кайсы жерде чуулганы чыкса, ошол жерге президенттин атынан жуучу болуп бара берген Чечен Ички иштер министри С. Сатуевдин да башы кошо шылкыйчу болгон. 2003-жылы Россия Федерациясынын Кисловодск шаарындагы "Жемчужина" мейманканасында атышуу болгон. Окуя болгон жерге шашылыш келген милициялар өздөрүндөй үч милицияны кармашкан. Адамдардын жүрүш-турушуна нааразы болуп, ок атууга "мажбур" болгон үч чечендин башында дал ошол Ахмат Кадыровдун уулу Зелимхан Кадыров турган. Көрсө, булар мейманкадагы жаш кызды зордуктоого аракеттенишип, бирок, тегеректеги адамдардын кийлигишүүсүнөн аракеттери ишке ашпай, кыжырын октон чыгарышкан экен. Ал кезде атаке чечендердин толук президенти эмес, милдетин аткаруучусу гана болуп турган. Өзү негизи, чындап такка жетмейинче, бала да, башка да тил алчаак, элпек болуп турушат эмеспи. Кирпинин баласындай "жумшак" уулуна бийлик башында турган атасы укук коргоочулардын бүтүндөй отрядын жөнөттү. Бул отряд Ички иштер министри С. Сатуевдин жетекчилиги астында Кисловодскиге келип түшкөнү менен орустар бүркөлгөн кабагынан кайра тартышкан жок. Ошентип, атасынын бийлигине ишенген жигит СИЗОнун баландасына салып берген Кудайдын ырыскысын түгөтүүсүнө туура келген.
Бул эрке ханзааданын жалгыз гана тентектиги эмес. Атасына катуу эркелеп кеткенде укук коргоочуларынын укуругуна илине калчу. Аргунда милициялар аны уруксатсыз курал көтөрүп жүргөнү үчүн кармашкан, бирок, алар Зелимхандын кимдигин билбей кармашкан экен, билгенден соң, күнөөкөр качып кетти кылышып, ишти жабууга шашышты. Ал гана эмес, бензин куюучу жайда андан кезек талашып, жөөлөп өтүүгө аракет кылган таксист ханзааданын уруксатсыз колдонгон куралынан жан таслим болгон. Бул кылмышы үчүн аркы дүйнөдө Алланын колунан эле жазасын албаса, жарык дүйнөдө эрки жетип ханзааданы сотой турган бир да сот жок көрүнөт. Кудайга тообо десек да болот, биздикилер Зелимхандын алдында периште болуп калышат. Азырынча, таксисттер атыла элек. Ал эми оңойчулук менен моюн бербеген чечен калкын башкарып аткан Ахмед Кадыров уулун тарбиялай албай, мамлекетти же, уулун тандай албай… дагы деле жүрмөк да дейт улам бир баткактан сууруп… Минтип, убакыт өзү таразага салып, ага болуп Зелимхан акылга кирбей тиги болду эле, иниси Рамзан президент болду...

Алтын неберенин "алтын" жоруктары
"Мен силерди дамбалсыз калтырбасамбы?!" деп ызырынды Россиянын биринчи президенти Борис Ельциндин небереси поселокту кайтаруучуларга. Кайда барса жашыл жарык биротоло көндүрүп, анан бир жерден эле акча сунса акчасына, чоң атасынын атагына да көнбөй моюн толгоп атышса ачууланат да. Мозжинка поселогунда бир мамлекеттик номердеги, эки башка номердеги үч автомашина жин ургандай учуп келе жатышканын көргөн бир жашоочу сөөмөйү менен чекесин нукуп, "соосуңарбы?" деген белги бергенин байкап калган "алтын" небере кемпирге атайын кайрылып, жаман кептер менен сөгүп кирет. Кемпир поселоктун кайтаруучуларына автомашиналардын номерин берип, кайра киргизбөөнү өтүнөт. Анан алар киргизбей коюшса тигинтип жатпайбы. Небереге жашоодо чоң атасынын бир кездеги бийлиги, калк арасындагы кадыр- баркы шарапатын эмес, кесепетин тийгизип атат. Өзгөчө бой көтөрүүсүнүн, менсинүүсүнүн айынан бир канча мектеп которууга туура келген. Студент болгон чагында да группалаштары "урдук сенин бийлигиңди", дештиби ур-токмокко жакшылап алып, чоң атасын таанытып коюшкан экен, Жогорку окуу жайын да алмаштырды.


Даярдаган:
Г. Турусбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Урматтуу президент, Исманкуловго баралыбы, же Назаралиевгеби?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Эсирген ханзаадалар сериалы
4-бет
Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев
5-бет
Аты өзгөрүп, заты калган "Ганси"
6-бет
Эрнст Хашимович Акрамов:
"Мен сыйлык үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылам"

7-бет
Таза, кооз айлана-чөйрө ден соолукка пайда
8-9-бет
Экономикалык кризистин мизи кайтабы?
10-бет
...Боло берет турмушта
11-бет
Майклдын өлүмүнө баңги заттар менен карыздары себепкер болдубу?
12-бет
Дабыштар жана тыбыштар
13-бет
Чыңгыз баскан из менен
14-бет
Агай - окуучу
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
-Көлдөн аккан суу, ар адамга жаккан суу










??.??