Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_2.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Р.Шаботоевдин жакындары башкы прокуратурага кайрылышты
Өткөн жылдын (2008) 1-октябрында жоголгон Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевду издөө иштери уланып келет. Бирок, укук коргоо органдарынын иштери эч натыйжа бере элек. "24.kg" агенттигинин маалыматы боюнча жоголгон депутаттын эжеси Сымбат Шаботоева башкы прокуратурага төмөнкүдөй арыз менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын президентине К.С.Бакиевге
ЖКнын Төрагасы А.Тагаевге
Ген. прокурор Э.Сатыбалдиевке
Кайрылуу
Өткөн жумада А.Атамбаев "Азаттык" радиосуна интервью берип, "Руслан Шаботоев капкачан өлтүрүлгөн", деп берилди. А.Атамбаевдин бул суук сөздөрү дале болсо Русланды тирүү көрүүгө үмүттөнүп аткан анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын үмүтүн суу сепкендей эле кылды.
Ушундай да жоопкерсиз билдирүү болобу? Мына канча айдан бери укук коргоо органдары дайынсыз жоголгон Русланды издеп, биз туугандары болсо көз жашыбызды көлдөтүп, эсен-соо табылып калса экен деп күнү-түн Кудайдан тилеп отурабыз. Русландын жакын сааналаштарынын жетекчилерине далай ирет жолугуп, кайгы-муңубузду бөлүшкөнбүз. Алар далай жолу колдорунан келген жардамдарын берүүгө убада кылышкан, бирок, бир да жолу Русландын мерт болгону жөнүндө ооз ачышкан эмес болчу. Атамбаев Русландын өлтүрүлгөнүн добулбас кагып, укук коргоо органдарына, прокуратурага билдирбеди?
Эгер колунда далилдери, же Руслан жөнүндө биз билбеген маалыматтары болсо тиешелүү органдарга берсин. Биз ушуну талап кылабыз.





Президенттикке талапкерлердин үгүт иштерине кеткен чыгымдары эсептелди
1-июнь күнү БШК президенттикке талапкерлердин короткон акчаларынын эсебин жарыялады. Үгүт иштерине коротулган акчалардын алдында азыркы президент К.Бакиев келатат. Ал шайлоо фондуна чогулган 35 млн. 538 миң сомдун 14 млн. 705 миң сомун гана колдонду. Экинчи орунда Алмаз Атамбаев. Ал фондго чогулган 4,5 млн сомдон ашуун акчадан 4 млн. 488 миң сомун жумшаган. "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жыйналган 320 миң сомдон 295 миң сомун, Ж.Назаралиев болсо 422 миң 500 сомдон 418 миң 689 сомун үгүт иштерине жумшаган. Алты талапкердин ичинен эң аз акча каражатын короткон талапкерлер Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиева. Н.Мотуев шайлоо фондуна жыйналган 243 миң сомдон 241 миң сомун коротсо, Токтайым Үмөталиева 622 миң сомдун 219 миңин гана жумшаган.
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондунун чоңдугу боюнча азыркы президент К.Бакиев алдыда келет. Анын шайлоо фондуна 35 млн. 538 миң 500 сом чогулган. Ал эми эң аз акча каражаты чогулган шайлоо фонду Нурлан Мотуевге таандык. Анын фондуна 243 миң сом чогулган.


"Нескара,
Жолойлордун эстелиги аянтка коюлган эмес"
"Ала-Тоо" аянтына коюлган эстеликтер "Манас" эпосундагы терс каармандар эмес болчу, ал ошол эстеликтерге жазылган жазуудан кеткен ката. Бул тууралуу аталган эстеликтерди жасоо ишин башкарган белгилүү скульптор Тургунбай Садыков "Асман Пресс" гезитине берген маегинде белгилеген. "Шаар бийлиги аянттын ачылышына бир жарым ай калды. Эртерээк бүтүргүлө дегенинен улам, кыска убакыттын ичинде биздин жаш скульпторлор катуу, тынымсыз иштешти. Эми бул эстеликтер каармандын өзүн эмес, алардын образын гана чагылдырат. Бүгүн-эртең ачылат деп шаштырып жатканда жаузууларды туура эмес жазып коюптур. Бул ошол жазуудан кеткен ката, эч кандай Жолой, Нескара жок. Бардык болгон нерсени саясатка аралаштыра бербесек",-дейт Т.Садыков. Буга чейин эстеликтердин сапаты начар жасалган деген пикирге скульптор эч кошулбай тургандыгын айтып, эстеликтер кемчиликсиз жасалгандыгын белгилеп өттү.

БЭК К.Бакиев менен А.Атамбаевдин телетаймашка чыгуусун сунуштады
БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун журналисттерге билдиргенине караганда алар президенттикке талапкер А.Атамбаев менен К.Бакиевди улуттук каналда түз эфир аркылуу боло турчу телетаймашка чыгуусун БШКга сунуш кылды. А.Бекназаровдун пикиринде азыркы президент менен анын негизги талапкерлеринин бири болгон Алмазбек Атамбаевдин телетаймашка чыкканы жалпы шайлоочулар үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болмок. БШКнын чүчү кулак кармоо аркылууу чыгарган чечимине ылайык азыркы президент шайлоо өнөктөштүгүндө жалгыз гана аял киши Токтайым Үмөталиева менен телеайтышка чыкмак. Ал эми Атамбаевдин түз эфирдеги каршылашы Т.Сариев. Көмүр королу атанган Н.Мотуевдин каршылашы Ж.Назаралиев теле таймашка Мотуев менен чыгуудан баш тарткан. Ал өз билдирүүсүндө "Менин Мотуев менен эч кандай сүйлөшө турчу сөзүм жок" деген эле. Өз кезегинде президенттикке талапкер Н.Мотуев өз атаандашы Ж.Назаралиевдин мындай кадамын "Ал менден коркуп жатат жана кыргыз тилин жакшы билбейт",-деп негиздеген.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик Бишкек газ чарбасы менен биргеликте иш алып барат
Бишкек газ чарбасынын атайын чакыруусу менен Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери семинар өткөрүп, лекция окуп келишти. Семинардын жүрүшүндө агенттиктин коррупциянын деңгээлин азайтуу жана ага каршы көрүлүп жаткан иштер тууралуу толук маалымат берилип, коррупцияны кантип азайтуу керек жана аны чечүү жолдору жөнүндө талкуу болду. Андан соң Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы жана аны 2009-2011 жылдарга карата иш жүзүнө ашыруунун пландары каралды. Бишкек газ башкармалыгы менен улуттук агенттик мындан ары коррупцияга каршы иш-чараларды биргелешип иштөө жөнүндө макулдашышты.
дагы алгачкы обьект болуп калды. Мындай чечим ЮНЕСКОнун тарыхый жайларды коргоо комитетинин 33-сессиясында Севилье шаарында (Испания) кабыл алынды. 2009-жылы ЮНЕСКОнун тарыхый-мурас жайларды коргоо комитетине 41 мамлекеттен арыз келип түшкөн. Бул мамлекеттердин арасында Кыргызстан эң акыркылардан болуп өз арызын берген. Буга чейин Сулайман-Тоо обьектиси бүткүл дүйнөлүк мурас жайларды коргоо комитетинде эки жолу каралган. Бирок, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү үчүн кайтарылып берилген. Эске салсак, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарына 878 маданий эстеликтер жана жаратылыш жайлары кирет. Булардын ичинен "өзгөчө баалуу" мурастары 679 обьект, 174 жаратылыш жайлары жана 25 маданий-жаратылыш эстеликтери дүйнөнүн 145 өлкөсүндө жайгашкан.

Окурмандар жазышат
Касманбетов Талант Жумгал районунун акими болуп шайлангандан бери көптөн бери бүткөрүлбөй келген иштерди бүтүрдү. Ал кылган иши менен гана токтоп калбай жумгалдыктардын көйгөйлүү маселелерин четинен чечкенге аракет жасап жатат. Т.Касманбетов келгенден бери асфальт бетон заводу ишке кирди. Албетте, завод ишке кириши менен жаңы жумушчу орундары пайда болду. Эми райондун көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жыл аягына чейин аягына чыгат. 15 жылдан бери иштебей турган мончо иштөө алдында турат. Нарын облусу байыртадан бери эле малчылыкка ылайыктуу климаттык шарты менен айырмаланып келген. Акыркы кездерде мал чарбачылыгына жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай асыл тукум малдардын түрлөрү азайып кеткен. Айыл чарбасын көтөрүү үчүн, малдардын пародалуулугун жакшыртуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүлүп жатат. СССР тарагандан бери жол маселеси биринчи көйгөй болду. Эл борборго келүү үчүн бир топ кыйналып келген. Эми ЛАЗ үлгүсүндөгү 50 орундук автобус Чаек-Бишкек, Бишкек-Чаек каттамы аркылуу 184 сомдон жүрүп жатат. Башка транспорттун баасы болсо бусиктер 250-300, таксилер 400-450 сом. Мындай акчаны төлөп берүү бардык эле айыл тургундарынын колунан келбейт. Автобустун катташына тургундар абдан ыраазы. Кымбатчылык болуп турган маалда элге мындай камкордуктун көрүлүшү миңдин бири болду. Бул да болсо калктын шаар менен байланышын жакшыртты.
Күз келип талаа иштери кызып турган маалда күйүүчү майлар менен жергиликтүү элди камсыз кылып, болгон мүмкүнчүлүктү пайдалынып жатат. Алыскы аймактар үчүн күйүүчү майды сатып алууда бир топ кыйынчылыктар болуп келет. Жаңы аким болгон көйгөйдү жеринде чечип, убагында кылган аракеттерине эл ыраазы.
Аскаров Чоро





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Урматтуу президент, Исманкуловго баралыбы, же Назаралиевгеби?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Эсирген ханзаадалар сериалы
4-бет
Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев
5-бет
Аты өзгөрүп, заты калган "Ганси"
6-бет
Эрнст Хашимович Акрамов:
"Мен сыйлык үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылам"

7-бет
Таза, кооз айлана-чөйрө ден соолукка пайда
8-9-бет
Экономикалык кризистин мизи кайтабы?
10-бет
...Боло берет турмушта
11-бет
Майклдын өлүмүнө баңги заттар менен карыздары себепкер болдубу?
12-бет
Дабыштар жана тыбыштар
13-бет
Чыңгыз баскан из менен
14-бет
Агай - окуучу
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
-Көлдөн аккан суу, ар адамга жаккан суу





а ­е¦Є.НҐй«