Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0703_12.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Дабыштар жана тыбыштар
3-4-кылымдарда Европа жергесине каптап кирген гунндар ким болгон? Гунндарды азыркы туркий элдердин ата-бабалары болгон Хуннулардын тукумдары дешет. Анда эмне үчүн байыркы кыргыздарды кытай жазмаларында "Гян-гун" да атаган сөздөн дабыш чыгат? Анын үстүндө кытай тилинде "р" тыбышы жок. Кытайлар "кыргыз" деген сөздөгү "р" тыбышын айта алышпайт. Орус тарыхында гунндар туурасында маалыматтар өтө аз. Орусия тарыхында Атилла баштаган гунндар жапайы көчмөндөр катары гана анча-мынча сөз болгону менен эч маалымат жок.

Европа тарыхында Европага чейин гунндарды баштап келген он эки хан туурасында маалымат бар. Алардын өтө белгилүүсү үчөө: - гунн ханы Баламбер (371-381), Ульдин (394-410), Атилла (434-453). Алардын арасындагы бош калган жылдарды башка хандар жетектесе керек.
Аты аталган гунндардын үч ханынын ичинен өтө белгилүүсү, тарыхта өчпөс из калтырганы - Атилла!
Кыргыз санжырасында айтылгандай "аты чуулуу Атылай," жазуучу Орозбек Айтымбетовдун сөзү менен айтканда Адыл батыр-Атилла-кыргыз! Ульдин деген ат-уулдун баласы - уулдан. Баламбер - Балам бар, же бала Амир болуп жүрбөсүн?!
Атилла башында турган гунндар Рим аскерлерине үч ирет соку уруп, жеңип чыгышканы Европа тарыхында белгилүү (443; 447; 458-жылдар). Үч беттешүүнүн жеңиштеринен кийин Рим чоң өлчөмдөгү салык (контрибуция) төлөп турган.
Ошондуктан маданияты жогору гунн колбашчылары жана Атилла Рим шаарын талап-тоношко жол берген эмес.
Хандар башында турган гунндар туурасында ошол кездеги Европага тарыхчылары кенен-кесири маалыматтарды калтырып кетишкен.
Гунн башчыларынын ичинен Атилла өтө акылдуу, кыраакы, көрөгөч Адам катары сүрөттөлөт. ХIХ кылымдагы француз тарыхчысы Тьеринин эки томдон турган "Атилланын тарыхы" деген эмгегин жазган. Атилла көркөм сөз каражаттарында оң каарман катары сүрөттөлөт.
Француз драматургиясынын атасы Пьниер Корнель "Гунн падышасы Атилла" деген трагедия жазып, аны 1667-жылы Париж театрынын сахнасына коюптур. Немистин залкар драматургу Вернер Цахариас (1768-1823) "Гунн падышасы Атилла" аттуу романтикалык трагедия жазып, аны 1831-жылы А.Шишков орус тилине которгон экен. Вернер Цахариастын трагедиясынын Джузеппе Берди опера жазып, ал 1846-жылы Вена театрында коюлуптур.
Аты чуулу Атылайдын (Адыл батыр Атилла) ысмы Герман элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларында Рим баскынчыларынан германдарды сактап калган батыр жана айлакер инсан, оң каарман катары чагылдырылган. Алар - немец калкынын "Нибундар жөнүндө ыр" жана "Бермдик Дитрих жөнүндө легенда" деген элдик чыгармалардагы этцель, байыркы англис эпосу "Беовульфдагы Аттли", Скандинавия сагаларындагы "Аттли".
Европа тарыхчылары азыр да гунндардын, алардын колбашчысы Атилланын окуяларын көз жаздымында калтырбай келатышат. Алар Атилланын атык Александр Макелонский, Гай Юлий Цезар менен катар коюшуп, Атилла булардан ашса ашаарын, бирок кем калышпасын баса көрсөтүшкөн.
2007-жылы Кыргызстандын маданий турмушунда тарыхый маниге ээ болгон белгилүү илимпоз-гераманист, таланттуу калемгер Амангелди Бекбалаевдин тарыхый үчилтигинин жарыкка чыгышы окурмандардын бөтөнчө кызыгуусун жаратты.
Аммиян Фонбек деген ысым менен басылып чыккан бул үчилтик - "Гунн ханы Баламбер" (371-381), "Гунн ханы Ульдин" (399-410), "Гунн ханы Атилла" (434-453) деген тарыхый романдар (акыркысы эки томдон турат).
Үчилтик тарыхый роман-Баламбер, Ульдин, Атилла башында турган гундардын Герман урууларын багынтып, алар менен бир мамлекетке биригип, Римди үч ирет чапканын гана сүрөттөбөстөн, Европа жергесине жеткенче сарматтарды, аландарды (азыркы осеткендердин ата-бабалары), аваларды, славян урууларынын эң белгилүүсү анттарды багынтып, өздөрүнүн мамлекеттерине кошуп алышын көркөм сөз каражаттары менен гана сүрөттөбөстөн, ар түрдүү уруулардан чыккан белгилүү инсандардын тагдырларын иликтеп жүрүп отурат.
Бул инсандар-славяндардын коназдары (княздары), готтордун ж.б. герман урууларынын конудары (королдору), Рим империясынын соодагерлери, чамынчылары жана элчилери жана башка.
Башка тилдердеги сөздөр менен катар гунн сөздөрү келтирилет. Алардын азыркы кыргыз тилинен айырмасы жокко эсе. Ошол сөздөр Герман урууларынын гунн империясына кирип турган кездерде алардын тилдерине сиңип кеткен жана азыркы кезде да орус, англис, немис, Нидерланд ж.б. тилдерде жашап келет. Андай сөздөр азыркы кыргыз тилинде да бар. Ошондуктан аларды Герман тилдериндеги кыргыз сөздөрү аташка толук негиз бар. Болгону бул сөздөр ошол элдердин фонетикасына баш ийип, башкача айтылып калган. Бирок, туюнткан маанилери бирдей.
Мисалы, немис тилинде - йогурт кыргыздын - Курут деген эле сөзү! Немисче - окс, англисче - огз, кыргыздын - өгүз деген эле сөзү!
Тарыхта талаш-тартыштарды жаратып келаткан гунндар менен кыргыздардын түпкүлүгү бир эле эл! Себеби, тил, алардагы сөздөр дайыма элдин тарыхын, турмуш-тиричилигин, дүйнө таануусун, маданиятын, үрп-адатын түздөн-түз чагылдырып туруучу кубулуш!
Орус айтат-Кремль,
Кыргыз айтат-Кир, эмир!
Кырчындай бул сөз мааниси
Кыргызга сунат жүрөгүн!

Жыттасаң тоодо гүлдөрдү,
Тыңшасаң дабыш, үндөрдү
Табасың сөзсүз таасын, так
Тарыхта өткөн күндөрдү!

Атилла баштап баягы
Ал күндөр-Кыргыз баяны!
Табылат сөзсүз издесең
Тарыхтын алтын барагы!

Ашса ашып турган ал кыраан
Македонский, Цезардан,
Алп тоолор деп ат койгон
Атилла эмей, ким анан?!

Кулпурган көктө жылдыз бар,
Гунндардын өзү-кыргыздар!
Чыйралып, чыдап издесең,
Чын эле кыргыз Чыңгыз хан!

Манаска чейин биздин эл
Матырган ташка изинен-
"Боромбай"- деген ат турат
Табылган тигил Мисирден?

Ушуну, кыргыз, ойлонгун,
Улутуң тааны, зор болгун!
Атилла менен Манас жок,
Аябай, элим, кор болдуң!..

Биримкул Алыбаев




Муундардын аталышы
Элибиз колдонгон миң багытта сөз казынасынын акыл менен Рух маданиятына байланыштуу кыргыздын каада-салтын, наркын, жашоо салтын, жандүйнөсүн, дилин, тазалыгын, сулуулугун, улуулугун, асылдыгын, бир нерсенин наркын, адам жашоосунда адам баласы үйрөнүп билүүчү салттарын аныктоодо ар кыл сан жеткис кыргыздын үйрөнүүчү көп жактары бар. Ушул биз жогоруда айтып өткөн нерселердин бардык багытын билген адамды элибизде агартуучу деп койот. Чыгыш элинде, анын ичинде көчмөн калктардын эзелтен агартуучулардын атайы мектеби болгон эмес. Бир нарктуу, акылдуу сөздөр айтылып калса аны эл арасында атайы ооздон-оозго, муундан-муунга өтүп көчмөн элдер, айрыкча кыргыз эли ал жакшы ааламдык сөздөрдү каада-салт катары тутуп келген.
Мен мындан ары ушул кыргыз элинин байыркы каада салттары, нарктары жана мыйзам катары кээ бир мусулманчылыктан мурун сакталып ушул күнгө чейин жеткен салт тууралуу ар бирин окурмандарга чечмелеп бермекчимин.
Илгертен кыргыз элинде жаш балдарды кызга куда түшүп койсо, кийин бой жеткенде салт менен болочок күйөө баладан жети атаңды билесиңби деп сурашчу. Эгер жаш бала билсе, кызын берип билбесе кызын бербей "сен али жашсың, ата- бабаларыңды үйрөнүп кел",- дешээр эле. Билген адам "атам" - бул деп атын айтып улантып, андан ары "чоң атам" - бул, "бабам" - бул, "жетем" - бул, "жотом" - бул, "Зимин" - бул, "кубарым" - бул деп улантышаар эле.
Негизи кыргыздын каада-салты боюнча жети атага чейин, же тагыраак айтканда "кубарыңа" чейин, кийинки жаңы төрөлгөн балдардын аттарын салт боюнча койбойт. Жети атага чейин арбактар күчтүү болуп, бала мерт болуп, же майып болуп калат дейт.
Тарыхта мындай окуяларга бир мисал болуп "Чынгызхан" деген китебимде, Батый -хандын экинчи баласы Тотохандан, Туудай Мөңкө өзү бешинчи баласынын атын чоң атасы болгон Батыйдын атын коёт. Кийин бала тогуз жашка келгенде өзү менен тең жана үч, төрт жаш улуу балдардын баарын күрөшө келсе жыккан күчтүү бала болот. Бирок тилекке каршы Туудай Мөңкө Батый-хандын агасы Ногой чоң аталарына учураштырып келейин деп, Крымды көздөй бара жатканда, жолдон агып жаткан дайранын жээгинде камыштардын арасынан камандарды көрүп келебиз деп жандоочу, сакчылары менен барышканда камыштын арасынан бир каман тогуз жашар Батыйдын ичин жарып өлтүргөн. Жашоодо мындай мисалдарды толтура келтирсе болот.
Эми мен муундардын атадан балага төмөн карай, баладан атага карай жогору аталыштарын атап кетейин.
1.Ата
1.Бала
2.Бала
2.Ата
3.Небере 3.Чоң ата
4.Чөбөрө 4.Баба
5.Чебере
5.Жете
6.Чыбыра 6.Жото
7.Кыбыра 7.Зимин
8.Кыймылда 8.Кубарың
9.Кыңылда 9.Наркың
10.Кылтыңда 10.Задин
11.Кымыңда 11.Зилин
12.Кымылда 12Тегин
13.Кылгылда 13.КУбат
14.Тыбыра 14.Таяныч
15.Тырсылда 15.Медет
16.Торсоңдо 16.Урук
17.Тарсылда 17.Уруу
18.Жымыңда 18.Оң канат
19.Жылмыңда 18.Өзөк
20.Жылтылда 20.Өбөк
21.Чороңдо 21.Жөлөк
22.Чорбоңдо 22.Асаба
23.Борсоңдо 23.Ураан
24.Борсулда 24.Улут
25.Торсолдо 25.Ууз
26. Корсоңдо 26.Уютку
27.Арбаңда 27.Уюл
28.Арсаңда 28.Түймө
29.Эрбеңде 28.Туюн
30.Элтеңде 30.Куюн
31.Сертеңде 31.Саадак
32.Сербеңде
32.Саатоочу
33.Дердаңде 33.Устун
34.Өркөн
34.Түркүк
35. Өнүккөн 35.Уюк
36.Өскөн
36.Турпан
37.Өмүр
37.Курган
38.Кырсылда 38. Урпак
39.Жаркылда 39.Собол
40.Жарбан 40.Маңыз
деп атабаларыбыз оозеки балдарына, урпактарына, жакын туугандарына айтып үйрөтүп келген. Бул аталган аттардын баардыгы кыргыз элинин оозеки түптөлгөн чыгармаларынын бири. Негизи кыргыз элибиз азыркыдай кенен жазуусу жок болсо да айтылган сөздөрдү эс тутумуна тутуп келишкен улуу эл болгон. Жалпы кыргыздын 90 пайызынан көбү кум кулак болуп аталган, айтылган сөздөрдү эч унутушпай, эс тутумуна сактап келген ата-бабаларыбыз болгон. Ошондуктан биз нарктуу элбиз. Кыргыздын каада-салттары боюнча салыштырып айта кетек, деңиздей чыгарма жазсак болот. Мен азыр сиздерге азырынча бир кашык суусун тартуулайын.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Урматтуу президент, Исманкуловго баралыбы, же Назаралиевгеби?
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Эсирген ханзаадалар сериалы
4-бет
Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев
5-бет
Аты өзгөрүп, заты калган "Ганси"
6-бет
Эрнст Хашимович Акрамов:
"Мен сыйлык үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылам"

7-бет
Таза, кооз айлана-чөйрө ден соолукка пайда
8-9-бет
Экономикалык кризистин мизи кайтабы?
10-бет
...Боло берет турмушта
11-бет
Майклдын өлүмүнө баңги заттар менен карыздары себепкер болдубу?
12-бет
Дабыштар жана тыбыштар
13-бет
Чыңгыз баскан из менен
14-бет
Агай - окуучу
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
-Көлдөн аккан суу, ар адамга жаккан суу





а ­е¦Є.НҐй«