№23, 26.06.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви




  КОҢГУРОО

Шайлоодон кийинки Иран тигине, Кыргызстан кантет?
Иранда шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон элдин толкуну болуп көрбөгөндөй күч алды. Ар кандай талапкердин пайдасына жүргүзүлүп жаткан ар кандай социологиялык изилдөөлөр эмнени айтпасын Кыргызстанда да шайлоо адилет өтөөрү күмөн. "Бир да добушубузду уурдатпайбыз", дейт оппозиция. Эл өз добуштарын коргоор бекен? Коргоочу болсо, момун мусулмандардын мамлекети болгон, бийликке кыңк этпей баш ийген Иранда тигинче тополоң болуп жатса, "демократия аралчасы" аталган Кыргызстанда эмне болор экен? Же Кыргызстан Акаевдин учурунда эле демократия аралчасы болгонбу? Азыркы учурга мунун тиешеси жокпу? Муну эми алдыдагы шайлоонун жыйынтыктары жана ага карата болгон элдин мамилеси чечет. (7-бетте)




А.Атамбаев - Т.Сариев
К.Бакиев - Т.Үмөталиева
Ж.Назаралиев - Н.Мотуев
Президенттикке талапкерлердин теледебатынын мындай тартипте коюлушун кандай кабыл алдыңыз?
Шайлообек Дүйшеев, акын:
Чүчү кулак кармап жатканда талапкерлердин ишенимдүү адамдары турду да. Андыктан бул чындап кокустук болушу мүмкүн. Эгер кокустук болсо, элибизди тагдыр дагы бир жолу тамашалаган экен. Тагдырдын мындай тамашасынын өз касиети, өз белгиси болсо керек. Эгер бул чын эле тагдырдын тамашасы болсо, ойлоно турган нерсе экен. Азырынча бул кандай белги болушу мүмкүн экенин ойлоно элекмин. Бирок, кокустук эмес, алдын ала атайын жасалган нерсе болушу да мүмкүн. Кандай ишенимдүү кишилер тикирейип карап турса да көз боёмочулук кылуу жагынан биздин шайлоо оюндарыбыз алдына киши салбай калбадыбы.

9-бетте