п»ї

"Мажнунга" айлансаң
президенттер
Дүйнөдөгү мамлекеттердин бир кездеги биринчи жүзү болгон президенттери , алардын жеке жашоосу, аялдарын актриса, бийчи, ырчыларга кантип алмаштырганы, медсестра же, жөн гана көчөдөгү кыздарга азгырылганы тууралуу миңдеген баракчалар толтурулду. Ал эми бүгүнүкү күндөгү президенттер суудай таза же, алардын былыгын эч ким билбейт деп турасызбы. Жок, калк биринчи жүздөрдүн кыбыр эткенинен бери кабардар. Болгону алар жөнүндөгү баяндар өз саатын, мезгилин күтүп жатышат…

Алгач актанышты, анан ачыкка чыгышты
Николя Саркози - Франциянын 53 жаштагы президенти мурдагы манекенщица, азыркы ырчы Карло Бруниге президенттик постто турган жеринен баш кошту. Чындыгында мындай кадамга эч бир президент бара алган эмес. Жо-ок, башка президенттер моралдык жактан таза экен деп ойлобоңуздар. Тескерисинче, көпчүлүк президенттер биринчи аялынын үстүнө экиден аял алып, алардан экиден уул - кыздуу болуп турушуп да, ал турмак ал аялдарын президент боло электе алышса да, калкка оозу барып "менин мынча аялым бар", деп айта алышпайт. Эл көзүнө көрүнгөн жерлерде биринчи аялы менен ээрчишип, биринчи айым статусун биринчи аялына ыйгарып, калгандары дегеле бул жашоодо жашабагандай түр көрсөтөт. Байкуш аялдар!.. Балким, президенттердин көмүскө калган экинчи, үчүнчү аялдарына арнап, алардын деле мээнети бар да, "өлкөнүн биринчи ортону", "өлкөнүн биринчи токолу" деген статустарды чыгарып койсок да болчудай экен.
Булардын үлпөт тою чакан компаниянын курчоосунда өттү. Күйөө кара костюм - шым, келинчек апапакай көйнөк кийди. Той аяктаган соң алты саат өткөрүп, президенттик администрация официалдуу түрдө өлкөгө жаңы биринчи айымдуу болгондугун куттуктап, жарыя салышты. Албетте, бул нерсе француздардын нааразычылыгын жаратты. Өтө жоопкерчиликтүү орунда отуруп да аялы менен ажырашып, башкага үйлөнүүгө үлгүргөнү элге эмес, жеке жашоосуна көбүрөөк убакыт короткондой туюлду. Жашы кыркты чарпып калса да, сымбатынан тая элек, ажары бүткүл французду суктанткан Карно Брунинин ышкысына түтөп жүрүп, көпчүлүк жасабаган эрдикти жасап, ачык жар салып үйлөнгөн бактысы Саркозиге эл арасындагы кадыр - баркы кескин төмөндөшүнө гана алып келди. Карлонун эл арасындагы кадыр - баркы талаш туудурбайт. Француз эли анын сулуулугу менен сыймыктанышат. Ал 19 жашында өлкөдөгү манекендердин экиден бири болгон. Бир нече жылдын ичинде 10 миллион евро чогултканга жетишкен. Кийинчерээк поэзия менен алектенип, ыр жазып, ага обон чыгарып, ырдап баштаган. Биринчи айым болгон күндө дагы музыка менен кош айткысы келбейт, эл алдына ырдап чыга берээрин айткан. Жаш жубайлар өткөн жылы каза тапкан модольер Ив Сен-Лорандын Париждин чок ортосуна жайгашкан аукционго коюлган үйүн беш млн доллар сатып алышты. Шаардын ызы - чуусунан бул ак сарай махабаттын "балапандарын" эң сонун калкалай алат.
Эскерте турган нерсе (!) мамилелеринин башатында өздөрү тууралуу чыккан ушактарга болушунча актанышкан. Бирин - бири тааныбаган, дегеле укпаган адамдардай түр көрсөтъшкөн.
Ал эми Брунодон биринчи болгон Франциянын биринчи айымы Сесилия президент күйөөсүн жоготконуна кабагым - кашым деп да койгон жок. Саркози президенттикти жеңип чыгып, маңдай терин шыпырып алгандан соң, алгачкы өзгөрүүнү өзүнүн жеке турмушунан баштап, 11 жыл чогуу жашаган аялына эркиндик берди. Сесилия өлкөнүн биринчи айымы болуу анын мүнөзүнө туура келбесин, ага ар дайым камеранын алдындагы жашоо керек эместигин, эркиндик каалай тургандыгын айткан. Бул айым күйөөсүнүн босогосун аттап кеткенине "аза" күтүп отурган жок, ажырашканына эки айга жетпей, кезектеги күйөөсү миллиардер Ришар Аттиаска турмушка чыгып кетти. Анткени, Сесилияны президент күйөөсү эмес, өзү президентти таштаган. Азыркы күйөөсү менен болгон мамилеси көп жылдар мурун түптөлгөн.




Путинди президенттиктен демократия эмес, махабат алып түштүбү?
Президенттик мандатты өз каалоосу менен тапшыргандан да шектенсе болот. Ага мисал, Оруссиянын экс - президенти Владимир Путин. Президент кезинде жубайы Людмила Путина экөө эл көзүнө ээрчишип көрүнгөнү менен булардын коломтосунан эки жыл илгери эле түтүн чыкпай калган экен. Өткөн жылдын февраль айында бул экөөнүн чогуу жашоосунун күнү бүтүп, Санкт - Петербургдагы сот ажырашкандыктарын тастыктаган штампты паспртторуна басып берген. Такты менен кошо биринчи никесине да талагын тапшырган мырза жеке жашоосуна үңүлгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Владимир Путин мырзалардын идеалы катары каралат. Албетте, анан мындай мырзанын тандоосу кимге таандык экени кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Путина болууга макулдугун берген айым көркөм гимнастика боюнча олимпиада чемпиону, эки жолку дүйнө чемпиону, бир канча Европа титулдарынын ээси Алина Кабаева. Гимнастикадагы башты айландырган ийгиликтери башка кеп, ал эми анын ажары да өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 25 жаштагы бул кыз спортко төрт жашынан аралашып, атактуу тренер Ирина Виннердин колунда көп жылдар тарбияланган. Атасы Марат Кабаев Өзбекстандын "Пахтакор" футбол командасынын алдыңкы катардагы оюнчусу. Энеси дагы спорт жаатында көп ийгиликтерге жетишкен, Өзбекстандагы белгилүү баскетболисттердин бири. Алина чоң спорттон эки жолу кетип, кайра келген. Бул кыз саясатчы дагы, Мамлекеттик думда "Единая Россия" фракциясынын өкүлү катары жаштар саясатынын төрагасынын орун басары катары эмгектенүүдө. Андан сырткары Улуттук Медиагруппа кеңешинин төрайымы катары да эсептелет. Ал эми бул медиагруппа Путиндин жакын досу Юрий Ковальчукка таандык. Путин менен Кабаеванын ортомчусу катары дал ушул Ковальчук менен Россиянын азыркы президенти Медведевдин жубайы Светлана Медведева болушкандыгы тууралуу да айың кептер бар. Булардын үйлөнүү үлпөтү 2008-жылдын 15-июнуна орустардын Троица майрамына белгиленгенин жазып чыгышкан гезиттердин бир тобу куугунтуктоого учурашкан. Аныгы, Путин тарабынан карышылык көрсөтүлгөн эмес, ал эми Алина катуу чычалаганын билдирген. Бирок, мындай чычалоо болгону "кыздын кылыгы" экен. Анткени, капысынан эле "Алина менен Владимир закондуу түрдө аял - күйөөгө айланышты", деп жар салынса, калк арасында жүрөгү оорулуусу да, оорулуу эмеси да бар, алда - кандай болуп кетет, дешип, алдын - ала орус элин үлпөт тойго даярдаша башташкан. Ошол кезде жаңы жубайлуу болгон Франциянын президенти Николя Саркозинин модель айымга үйлөнгөндүгү тууралуу жаңылыкты Россиянын басма сөзү башка мамлекеттерге караганда өтө көп баса белгиледи. Бул - "президенттин деле жаны бар, эртең биздин Путин да ушундай кадамга барышы мүмкүн", деп эскерткендери го. Алинанын атасы Марат Кабаев кызынын Путинге турмушка чыгуусуна эки колун гана эмес, эки бутун кошуп көтөрөрүн айткан. Ирина Виннер дагы тарбиялануучусунун тандоосуна төбөсү көктө экенин билдирген.
Булар го бакытка балкып турушат, ал эми үйбүлө очогун 24 жылдан бери сактап келип, эки кызды чоңойткон Людмила Путинанын абалы не болду? Орус эли биринчи айымын "жоготуп" алышты. Башка өлкөгө жашаганы же, эс алганы кеттиби, же тагдырына таарынып депрессияга түштүбү, айтор, күйөөсүн жандап баспай, эл көзүнө көрүнбөй, Алина менен Владимирдин кылыгына ак да, көк да дебей, төбөсүн көргөзбөй койду.

Уул көргүчө улам үйлөнгөн
Нурсултан Назарбаев
Казак жергесинин президенти Нурсултан Назарбаев да бул тизмеден кайпып өтпөйт экен. Анык мусулмандыгын көрсөтүп, үч аялдуу болуп отурат. Биринчи жубайы, үч кызынын энеси Сара Алпысова менен закондуу түрдө мындан он бир жыл илгери ажырашкан, а калган эки жубайы тең учурда ага таандык. Сара Алпысова менен кер мурут жигит кезинде таанышып, турмуш курушкан. Ортолорунда үч кызы бар.
Назарбаевдин үч аял алышына мусулман калкынын уулдуу болмоюнча балалуу болдум, деп эсептебегени да себеп болсо керек. Үч кызынын энеси менен 1998-жылы ажырашкан президент Гүлнара деген мөлтүрөгөн стюардессага үйлөнгөн. Бирок, бул тууралуу күбүң - шыбың кеп болуп, ачыкка чыккан эмес. Гүлнарадан катары менен эки кыз тапкан Нурсултан Назарбаев мураскер төрөп берчү аялзатын кайрадан издөө сапарына чыгат. Ал эми Гүлнара бул убакта "Алтын Эйр" компаниясын жетектеп, президент жолдошунун жаш кыздарга сук арта баштаганын анчалык капарына албай калган дешет. Үчүнчү ирет Асель Исабаева аттуу айчырай студент кыз менен түгөйлүк жашоону толуктаган. Асель сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү, он тогуз жаштагы жаштыгына карабай, бир нече тилде сайраган аң - сезим, билимдүү кыз экени белгилүү. Ал гана эмес, Назарбаевди уулдуу кылганын да айтып жүрүшөт. Учурда Назарбаев жашоосуна өзү да ыраазы, "Бөбек" кайрымдуулук фондун жетектеген биринчи жубайы Сара Алпысовна да, "Алтын Эйрдин" жетекчиси Гүлнара Ракышева да, азырынча уул тартуулаганы үчүн күйөөсүнөн эмне белекке алганы белгилүү боло элек Асель Исабаева да ыраазыдай…

Чехиянын бир кездеги 66 жаштагы президенти Вацлава Клаустун 28 жаштагы стюардесса Петра Беднарова менен болгон романы күбүң кеп менен элге белгилүү болгондо чехтер президентинин ден соолугу мыктылыгына абдан кубанышып, аны каралашпаган экен. Алтымышка аяк серпкен президенттердин айтылуу жоругуна да кайрылабыз.

Даярдаган Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??