п»ї

  Президенттикке талапкер А.Атамбаевдин жергиликтүү штабдарында абал кандай?

Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"
БЭК бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин жер-жерлердеги штабдарына кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда. Шайлоо өнөктүгү маалында бирдиктүү оппозиция туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө аталган кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирет.

- БЭКтин жер-жерлердеги штабына жасалып жаткан кысымдар тууралуу кеңирирээк айтып кетсеңиз. Кысым ким тарабынан жасалып атат?

- Эми ачыгын айтканда кысым азыр толугу менен бийлик тарабынан гана болуп атат. Мисалга алсак, кечээ эле бизге Нарындан маалымат түштү. Кочкор районунун акиминин орун басары, эгер жаңылышпасам Ашырова Роза деген айым биздин кандидаттын Нарындагы активистерин чакырып алып "ошол штабга берилген үйүңөрдү, аптекаңарды жаап, тезден-тез ошол Атамбаевге иштегениңиздерди токтотпосоңор шайлоодон кийин чоң кыйынчылыктарга учурап калышыңар мүмкүн",- деп ачык эле эскертиптир.
Ошондой нерселер Нарында гана эмес, бүт облустарда болуп атат. Биздин активисттерге күндөн - күнгө кысым көбөйүп, штабдарды жапканга аракет кылышууда. Ал эми баш ийбеген партиянын мүчөлөрүнө болсо кол салганга чейин барып атышат. Буга чейин Кочкор-Ата шаарындагы Атамбаевдин пайдасына иштеп жаткан биздин бир активистке түнкү экиде белгисиз адамдар келип коркутуп кетиптир, "эгерде эртеңден баштап ушул ишмердигиңди токтотпосоң, өмүрүңөн айрылып калышың мүмкүн" деп. Ошондуктан бул толугу менен оппозицияга каршы бийлик тарабынан жасалып жаткан провокациялар жана кысым деп мен айта алам.

- Эми бул окуялар боюнча күч органдарына кайрылуу кандайдыр бир натыйжасын берет, деген үмүт барбы?

- Эми аны баарыбыз жакшы билебиз, күч органдары өзүлөрү кысып атса, өзүлөрү биздин мүчөлөрдү коркутуп- үркүтүп атса, кайдагы натыйжа болмок эле.

- Ошол жер-жерлердеги штабтарда иштеген адамдардын укугун, ден-соолугун, керек болсо өмүрүн коргоо үчүн кыймыл кандай аракеттерди жасай алат?

- БЭКтин атынан эмес, биринчи орунда ушул азыркы шайлоо штабынын атынан айтып кетейин, алдын ала сүйлөшкөн элек. Биз юридикалык жактан да, жана саясий жактан да ушул коргоо жасаганга аракет кылабыз, толугу менен керек болсо адвокаттарды алып, керек болсо депутаттарды алдыга салып, коргоо жасаганга аракет кылабыз.

- Жергиликтүү бийлик ошол биринчи иретте өздөрү каршы чыгып, коркутуп-үркүтүү, кысууларга барып жатат деп атпайсызбы. Анан мисалы юридикалык жардам бергенде деле канчалык деңгээлде натыйжасын бере алат да. Мына күч органдары деле сиздердин тарапта эмес деп эсептесек.

- Толугу менен натыйжасын берет, же өзгөрүп кетет деп айткандан мен алысмын, биринчиден. Бирок биз ошондой кадамдарга өз убагында реакция берип тура турган болсок, анда ошол жергиликтүү адамдар да колдоону байкап, колдоону сезип дегендей, өзүлөрү да ошондой кысымдарга кичине аракет кылат эле.

- Эми буга ошол жергиликтүү адамдар штаб мүчөлөрүнүн жердештери да кандайдыр бир аракеттерди кылса жакшы болмок беле? Сиз кандай дейсиз?

- Албетте, аракеттерди кылса жакшы болмок. Мен билгенден кээ бир жерлерде андай аракеттер болуп атат, ошол кысым көргөзүп аткан адамдын бийлигине карабастан көп эле туруштук берип, өз укугун коргоого аракет кылып атышат.




Баткен областы боюнча куратор, Мавлюда Исакова:
"Коркутуу-үркүтүүлөргө карабай штабдар иштеп жатышат"
- Баткенде президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев үчүн кол тамгаларды топтоо өтө активдүү жүрүп, талапкерди колдоп 12миңден ашык адам кол койгон. Областтык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун көзөмөлүнөн өткөрүү бир кыйла түйшүктөрдү жаратканына карабай, үч миң кол тамга жарактуу катары тапшырылган. Облассттык комиссиянын жумушчу тобунун текшерүүсү өтө катуу деңгээлде жүргөн. Текшерүүчүлөр ар бир үйгө кирип, жашоочулардын түн уйкусун бузуп, эшигин кагып, "Мына бул колду сен койдуң беле? Эмне үчүн койгонуңду билесиңби?" деген суроолорду узатышып, орой мамиле кылышкан. Баткен районунун тургундарынын бирөөсү гана өз кол тамгасынан баш тарткан. Анысы түшүнүктүү, анткени бир күн мурда ага белгисиз адамдар телефон чалышып, "Эгерде кол тамга сеники болсо, үлүш жериңден, кичинекей бизнесиңден айрыласың", - деген мазмунда коркутушкан. Атамбаев үчүн кайсы айыл өкмөттөн көп кол коюп бериптир, деп райондук жана облустук жетекчилик тарабынан басым жасалгандыгы тууралуу да ар түрдүү сөздөр болгон. Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдибакир Имаровдун айтымында жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тарабынан кысымчылык болуп, айрым кол тамга топтоочулар келишимден баш тарткан учурлар да болгон.
"Биз барган айылдарда көп адамдар "Бакиевге гана кол койгула, башкага кол койбогула", деп айтып кетти айыл өкмөттөн адамдар, деп бизге ачык айтып жатышты. Ага карабастан көп азаматтар өз ыктыярлары менен кол коюп бергендигинен улам Атамбаевге, оппозицияга чоң ишеним бар экендигине биз көзүбүз менен күбө болдук"- дейт А. Имаров.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Баткенде ушул күнгө чейин алдыда боло турган шайлоого карата бийликте чоңбу, же кичинеби бир кызматты ээлеп турган ага-эжелерибиз эл арасында "Атамбаев", "СДПК", "БЭК", деп ой-пикирин ачык айткандарга карата коркутуу- үркүтүү аракеттерин активдүү жүргүзүп келүүдө. Гезит окуса - гезитин колдон тартып алышат, баскан-турганын аңдышат (айткандарына караганда, айыл өкмөттөрүнүн адистери, улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) Мындай аракеттери анча жыйынтык бербеди окшойт, жогоруда айтканыбыздай, Атамбаевди колдоп кол тамга топтоо алардын тилегине каршы жакшы жүрүп, Баткен алгачкылардан болуп кол тамгаларды топтоп тапшырды. Ал эми бүгүнкү күндө кичинекей акимдеринен тартып, парламентте олтурганы да Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин шайлоо өткөрүү штабдарынын өкүлдөрүнө карата "вербовка" иштерин кызуу жүргүзүп жатат деген сөздөр бар. "Райондун акими менен 1 саат соодалашыптыр", "бирисине чоң суммадагы акча сунушталыптыр", "Спикер келип кетиптир", деген имиш-имиш кептер жүрүп жатат.
Мындан тышкары Баткен областтык шайлоо комиссиясы тарабынан одоно мыйзам бузууларга жол берилүүдө. Атап айтканда, Баткен областы боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө одоно мыйзам бузууларга жол берилген. Бул тууралуу Баткен районунун Бужум айылынын жашоочусу, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Ш. Атамбаевдин Баткен райондук шайлоо өткөрүү штабынын жетекчиси Абдибакир Имаров Баткен райондук сотуна арыз менен кайрылган.
Ошондой эле, Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин Баткен областтык шайлоо өткөрүү штабынын башчысы Т. Балтабаевдин артынан аңдуу иштери башталган. Т. Балтабаев бул тууралуу Баткен областынын Прокурору Б.Э. Сыргаковго арыз менен кайрылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирүү менен областтын Прокурору жооп кат жолдогон.
Шайлоо өнөктүгүнүн ар бир этабынан ар түрдүү тоскоолдуктар, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай Атамбаевдин Баткен областындагы штабдарынын өкүлдөрү кайратмандык менен өз талапкеринин жеңиши үчүн колдон келген аракеттерин жумшап жатышат. Үстүбүздөгү жылдын 18-июнь күнү үгүт иштери башталмакчы. Аталган үгүт иштерине да Баткен эли активдүү катышып, чыныгы демократиялык ой жүгүртүүгө жол ачкан жаңы заманга өтүү үчүн өздөрүнүн бар күч аракеттерин жумшайт деген үмүттөбүз.
Ар бир жаран өз укугунун тепсеп-тебеленүүсүнө жол бербөөсү шарт. Ар бирибиз балдарыбыздын келечеги үчүн бүгүн ойлонушубуз керек. Биз ушул алдыдагы 1 айдын ичинде бүтүн күч аракетибизди жумшап өлкөбүздү алдыга карай өнүктүрүүгө багытталган жолду тандап алуубуз зарыл. Биргелешип жаңы заманды куралы!




Ош областы боюнча куратор Кайрат КӨКӨЕВ:
"Кошоматчылар президенттин беделин түшүрүүдө"
- Ош областынын райондорунун борборунда жана Ош шаарында Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер А. Ш. Атамбаевдин штабдары ачылган. Ал штабдарда БЭКтин активисттери иштеп жатышат. Азыркы бийлик таза шайлоо өткөрүүнү каалабайт көрүнөт, жогорудагы штабдардын иштөөсүнө колдон келишинче бут тосуп, кысым көрсөтүп жатышат. Маселен, бизге Ош областынын Карасуу районунун тургуну А.Акымбековадан төмөндөгүдөй мазмундагы кат келип түшкөн: " Мен 2008-жылдан бери КСДПнын мүчөсүмүн. Айыл өкмөтүнүн башчысы Аламов Эгемберди 8-июнь күнү мен иштеп жаткан №64 - кесиптик лицейдин директорунун орун басары Иманкулов Эрмекти чакырып алып, "Акымбековаңар Атамбаевге 300дөн ашуун кишиден кол тамга топтоп бериптир. Анын ичинде силер дагы Атамбаев тарапта экенсиңер. Эгерде Акымбековага чара колдонуп, иштен айдабасаңар, мен силерди - директор экөөңөрдү бир звонок менен иштен айдатамын. Эки күндүн ичинде чара колдонгонуңар боюнча мага билдирүү бергиле. Чогулткан 300 адамдын фамилияларынын көчүрмөлөрүн берсеңер, ар бири менен сүйлөшүп, аларга чара колдоном", - деп коркутуптур. Мени директор чакырып, кан басымы көтөрүлүп жатканын, баары бир Бакиев президент болоорун, биздин уюмга тескери таасирим тийип калышын айтты. Мен өз позициямда туруп, КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевди колдоп, иштей беришимди айттым. "Эгерде ал киши өтсө жакшы, өтпөй калса биздин уюм да жана сен да ишсиз каласың, ойлонуп кадам шилте", - деп жатат. Ушуну маалымдап, мен сиздерге кайрылууну чечтим", -дейт катта.
Бул бийлик өкүлдөрү тарабынан КСДПнын мүчөлөрүнө, штабдын активисттерине бут тосуунун мисалы болсо, жакынкы күндөрдөн бери саясатка кызыкпаган, партияга эч кандай тиешеси жок карапайым атуулдарыбызга да кысым көрсөтүүлөр башталды.
Төмөндө дагы бир нече фактыларга токтолсок. Окуя Өзгөн районунун Мырзаке айылында болгон. Аталган айылдын тургуну А.Жетимишованы айыл башчысы Н.Найманов көчөдө, элдин көзүнчө "Сен Атамбаевге иштеп жатыпсың, бизге ишиң түшүп келсең, биз сенин ишиңди карабайбыз. Сен чыккынчысың", - деп абийирине доо келтирген. Чындыгында, А.Жетимишова Атамбаевдин штабы кайда жайгашканын да билген эмес. Ал болгону үйүндө ооруп жаткан күйөөсүн араң багып жаткан карапайым адам."
Дагы бир мисал, Кара-Кулжа районунун аймагындагы "Кулун-Ата" коругунун "аткаминери" Жусупов Закиркул, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарындагы Алмаз Атамбаевге добуш беребиз деген үйбүлөлөрдү тактап, тизмесин түзүп, даректери боюнча барып коркутуп, "Силер менен милиция, СНБ иш жүргүзөт", - деп эскертип жүрүптүр. Ушул кишиге окшогон "кошоматка кой сойгон" азаматтар Акаев заманында дагы ушундай жоруктарды жасашкан. Мыйзамды түшүнбөгөн, сыйлабаган Жусупов Закиркулга окшогондор элдин кыжырына гана тийбестен, кошомат кылам деп, тескерисинче, азыркы президенттин беделин гана түшүрүп жаткан кербездери.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??