19.06.09 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жигиттин көркү ишинде

А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек"
- Бакытбек Жолчубекович, президенттин "Ак Жол" партиясына активдүү кийлигишип жаткандыгын сынга алган кайрылууңуздун формасын өзгөртүп, Конституциялык сотко кайрадан кайрылдым, - деп "Азаттык" үналгысына билдириптирсиз. Бул жолкусу кандай формада кайрылдыңыз?

- Мен бул маселе менен жылдын башталышында Башкы прокуратурага кайрылгам. "Эмне үчүн Бакиев бир партиянын эле кызыкчылыгын ишке ашырып жатат?" - деп. Тескерисинче, президент катары жалпы элдин биримдигинин символу болуп, эч кимди өгөйлөбөй, жалпы элге бирдей мамиле жасашы керек эмеспи. Адам укуктарынын кепилдиги катары ушундай негизги миссиялар Баш мыйзамда да атайын беренелерде көрсөтүлгөн. Бирок, Башкы прокуратурадан тиешелүү жоопту ала албадым. Алардын берген жообу мени канааттандырбады. Андан кийин Конституциялык сотко ушул маселе боюнча "Президент Бакиев бир партиянын кызыкчылыгын алдыга жылдырбай, элдин биримдигин сакташ керек. Мына теңдик деген принципке таянсын, Баш мыйзамга каршы келген саясатты жүргүзбөсүн", - деп кайрылдым. Ал жактан "Конституциялык сотко туура келбейт экен, формасын өзгөртүп кайра кайрылгыла", - деген жооп келген. Ошентип, бир жуманын ичинде формасын өзгөртүп кайра жөнөттүм. Бул маселе шайлоонун алдында көтөрүлгөн маселе эмес. Буга чейин бир канча жолу көтөрүлгөн. Эгер бир жылдын ичинде берилген маектеримди, басылган макалаларымды карап чыксаңыздар ал жерде дагы ушул оюм бар.

- Негизи туура эле сунуш-ой болуп жатат да. Анткени, биз журналисттер региондорго барганда "Ак Жол" партиясынын өкүлдөрү активдүү иш алып барып жаткандыгына күбө болуудабыз. Митинг, саясий акциялардын алдыларында барып элди тынчтандырып, мындан башка дагы иш-чараларды алып барышат. Негизи партиялардын ишмердүүлүгү мыйзамдын чегинде кандай болууга тийиш?

- Биринчи мындан баштабайлыбы. "Ак Жол" партиясы 2007-жылы шайлоонун алдында түзүлгөн. Ага "Жаңы Кыргызстан", "Менин Өлкөм" сыяктуу мурдатан түзүлгөн партиялар киргенине карабастан, баары бир бул жаңы партия болгон. Шайлоонун алдында түзүлгөн партия эле парламенттик шайлоодо көп добушка ээ болгону табиятка деле каршы болуп жатпайбы. Эми эле төрөлгөн бала үй башы болуп алгандай… Теңсиздик мына ушундан башталды да. Андан тышкары, бул партияга толук мүмкүнчүлүктөр мамлекет тарабынан түзүлдү. Аткаруу бийлиги да ушул партияга иштеп, карасаңыздар, "Өкмөттүн мүчөлөрү ушул партиянын мүчөлөрү болушу керек", - деген ураан болду. Башка партияда болгон министрлерди, бюджеттик мекемелерде иштегендердин бардыгын мажбурлап "Ак Жол" партиясына киргизип койду. Бул боюнча фактылар жок эмес. Кээ бирөөлөр таң калуу менен "Мен ошол партияга кирген деле эмесмин, алар менсиз эле жазып коюшуптур", - деп айтып жүрүштү. Эгерде "Ак Жол" партиясы жыйын өткөрүп, ар кандай иш алып бара турган болсо аткаруу бийлиги толук шартын түзүп берип "ляппай", деп кызмат кылышат. Каалаган мекемеге кирип, каалаган залын ала алышат. Болгондо да жергиликтүү бийлик Баш мыйзамга каршы иш убагында иштерин таштай салып, мамлекеттик кызматка тийиштүү беренелерди бузуп, "Ак Жолчуларга" элди чогултуп берет. Мамлекеттик ишмерлер иш убагында партиянын иштери менен алек болбошу керек экенине карабай жатышпайбы! А бизге кандай мамиле жасашууда? Фактыга таянып бир мисал келтирейин, жакында эле Кара-Суу районунда КСДП партиясынын мүчөлөрүнө басым жасап "үлүшүңдү тартып алабыз, машинага болгон праваңды тартып алабыз", - деп тажатып, партиядан чыкканга мажбур кылышкан. Мындан сырткары, биз өткөндө жыйын өткөрөбүз деп Ошко бардык. Мен губернаторго, акимге кат жөнөттүм эле, шаардын мэрине дагы эки жума мурда жазгам. Эл менен жолугуп, жыйын өткөрүү үчүн Ош драма театрынын атайын залынын арендасына акча төлөнгөн, бирок, мыйзамдын негизинде депутаттарга ошондой шарттарды жергиликтүү бийлик түзүп бериш керек. Бирок, ага карабастан арендасын өзүбүз төлөдүк. Анан эмне болду? Мен Ошко келип эле биринчи мэрге жолуксам, ал ар кандай шылтоо менен "Ош техникалык Университетинин залына баргыла", - деди. Анан айласы кеткенде биринчи орун басарын чечет деди. Кыскасы, Мэрия дагы ошол залда жыйын өткөргөнгө бут тосушту. Бирок, элдин сүрүнөн чочушту окшойт, катуу чара көрүүгө батына алышпады. Мындай бут тосууларга карабастан жыйын өттү.

- Элге жолугууда эмнелер тууралуу сөз жүрдү?

- Биз өзүбүздүн социалдык - экономикалык программабыздын бет ачаары кылалы дегенбиз. Тилекке каршы, видеодолбоорлорду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей, алар жарыкты өчүрүп коюшту. Ошондой караңгы абалда эл менен жолугушуу өттү.

- Мындай бут тосуулар биринчи эле жолу болгон жок да…

- Туура айтасыз, акыркы эле окуяны айталы, Түптөгү штабга кол салууга ошол жердеги милиция дагы, прокуратура дагы көз жуумп жатат. Эгерде "Ак Жолдун" штабын талкалаш эле эмес, ким бирөө ылай чаптап койсо эртең эле кылмыш ишин ачат эле. Мына "Ата Мекен" партиясына жасаган мамилесин карагыла. Бул Кыргызстандагы биринчи түзүлгөн партиялардын бири да. Парламенттик шайлоодо абдан көп добуштарды алды. Бирок, Таласка барганда жергиликтүү органдардын жырткыч, маданиятсыз мамилесин көрүп жаным кейип, айраң калгам. Эмне үчүн өз мамлекетибизде жакшылыктын негизинде мамиле кура албайбыз? Эмне үчүн президент "Бул эл меники", - дейт, а башкаларын болсо өгөйлөп бөлүп коет. Элди президентибиздин өзү бөлүп жатпайбы! Маселе мына ушунда турат. Ушундай теңсиздик боло берсе Кыргызстанда катуу конфликт болушу мүмкүн.

- Ушундай кырдаалдардан чыгыш үчүн эмне кылуу керек? Мисалы, Алмазбек Атамбаев президент болуп калса КСДП партиясы "Ак Жолдун" жолуна түшпөйбү?

- Алмазбек Атамбаев айтпадыбы, "Эгерде биз Кудай колдоп бийликке келсек, биринчиден, президент бир дагы партиянын мүчөсү болбош керек. Ушул болгон партиядан чыгып туруп жалпы элге тең болуш керек. Бардыгына тең караш керек. Экинчиден, шайлоолор элдин эркинде болуп, эл кимге добуш берсе, ошол инсандар бийликте болуш керек", -деп. Ушул биздин эки принцип. Мен БЭКке сиздерди ишендирип кетем, сөзүбүз менен ишибиз бир.


- Жогоруда айтканыңыздай, жергиликтүү бийлик чынында эле бийликтин айтканынан чыкпайт. Мисалы, Конституциялык сот деле бийликтин кол баласындай болуп калды да. Сиздин кайрылууңузга оң жооп алам деген канчалык ишенимиңиз бар? Сунуш-талабыңар канчалык деңгээлде аткарылат деп ойлоп турасыздар?

- Менин депутат катары милдетим эл айткан саясатты жүргүзүш керек. "Силер мыйзамдын чегинде так иштеп бергиле", - деп эл суранууда, демек, мен ишенсем дагы, ишенбесем дагы эгерде элге керек болуп жатса, ошол ишти жасоо абзел экен. Түшүнүп жатам. Сот системабыз жалпысынан бузулган, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жок. Азыркы бийликке каршы чыккан Жекшенкулов, Бөлөкбаев, Аргенбаев учурда абакта. Себеби, алар азыркы Бакиев жүргүзүп жаткан саясатка каршы. Ошонун негизинде буларды ар кандай шылтоо менен тез арада соттоп, абакка салып коюшту. А бирок, чындыкты эл көрүп турат. Эмне үчүн Кыргызстанды ушундай абалга алып келген мурдагы режимдеги адамдар камалбайт? Эмне үчүн Жалал-Абад банкындагы 23 млн сомду тоногон адамдар жоопкерчиликке тартылбайт? Эмне үчүн коррупцияга батырган адамдардын иштери каралбайт? Азыркы учурда бүткүл финполициядан баштап, Башкы прокуратурага чейин бир гана ишти жасап жатышат - оппозициялык көз карашы бар адамдарды ар кандай жолдор менен жок кылуу. Кыргызстаныбызды булар ушунчалык коркунучтуу абалга алып келди. Мындан биз кутулбасак, келечекте жүрөктү өтө оорута турган заманга алып барат.

- Мына, келечек тууралуу сөз кылуудасыз. Сиз бир үйбүлөнүн кожоюну, балдардын атасысыз. "Атадан акыл, энеден тарбия", деп коет эмеспи. Менин жүрөгүмдү өйүгөн бир көйгөй бар, акыркы учурда мектеп чөйрөсүнүн криминалдашып кеткени. Бул бир эле борборубузда эмес, айыл жерлеринде дагы болууда. Бирин - бири бычактап, өмүрүнө кол салып, тепкиге алып, мушташкан окуучулар көбөйдү. Макул, бийлик азыр оппозициядан чочуласын, башка адамдардан корксун… Кийинки өсүп келаткан ушундай муундун Кыргызстан үчүн канчалык коркунучу болот? Сиз ата катары ушул маселенин себептерин эмнеден көрөсүз?

- Жакында мектептердеги криминалитеттердин өсүп кеткендиги тууралуу "Вечерний Бишкек" деген гезит талкуулап, элдин ой - пикирин жарыялаган. Талкууга катышкандар "Жаштар улууларды көрүп ошондой иштерди жасап жатат", - деп билдиришкен. Үй бүлөдө кайсыл учурда балдарды туура тарбиялайбыз? Ыймандуу, мээримдүү жана бири - бирин сүйүү негизинде мамиле курууну туура дейм. Эгерде атасы бирди айтып, экинчи бир нерсени жасаса, мисалы, "Балам калп айтпа", - деп туруп, бирок өзү калп айтып жатса, энеси "Балам уурдаба",- деп бирок, өзү уурдаса, "Азыркы учурда ийкемдүү болбосо жашоо кыйын", - деп, мында бала ата-энесинин айтканын жасабай, жасап жатканын улантат. Мына, бийликте деле президентибиз "Бийликте теңдик болушу керек", - дейт, бирок, кана теңдик? Экинчиден, "Оппозиция менен диалогго дайыма даярмын", - дейт. Кана, ал диалог? Андан сырткары сотко кайрылгандардан тыйын сурап, чоң кылмышка көз жуумп, болбогон бир нерсе үчүн камаса, анан коомду кантип оңдойбуз? Мектепте жаштардын бузулуп жатканынын негизги себеби ушул. Коомубуздун бузулганынын эң негизгиси себеби бизди башкарган чөйрө ошондой бузуку саясат жүргүзүп жатат. Бирди айтып, экинчисин жасоодо. Моралдык, руханий баалуулуктарды четке кагып салды. Азыр биздин жетекчилик эки гана нерсеге - бийлик менен байлыкка ууланып калды. Байлык бийликке келгиси келет, бийликте отуруп байыгысы келет. Мына, ошон үчүн коомубуз бузулду. Жакшы адам бийликке келсе коомду жакшылыкка чакырат, эгерде бийликке жаман адам келип калса, ал жамандыкты таратат.

- Мен мындай түшүнүп жатам да, бийлик иштебеген үчүн билим берүү системасы дагы иштебейт, демек, мектептеги жетекчилер дагы иштебейт. Директор иштебесе, мугалимдер иштебейт болуп жаткандай…

- Бир мисал келтирейин. Бир атактуу кишинин айтып бергени бар. Балдары окуган мектепке бир мугалим айым келет. Ал сабак убагында класстагы балдардын арасынан "сен, бери кел", - деп тандап алып: "Буфеттен барып мага тамак алып келип бер",-дейт экен. Ошентип, сабак учурунда мугалим отуруп алып тамактанат экен. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, ошол класстын эч болбосо жарымы эртең менен окууга ачка барат. Ошол эжеке сөрөйдү мен мугалим эмес, айбан дээр элем. Ал ач балдардын көзүнчө тамак жегени аз келгенсип, бирөөсүн чакырып алып желкесине массаж жасатат экен. Ошол класста окуган балдар кандай тарбияланат, айтыңызчы? Ал аз келгенсип, ошол айым кийин завуч болот. Ошол мектепте балдарды окутуу абдан коркунучтуу.

- Мм… мындай наадандыкка эмне түрткү болууда?

- 18 жылдан бери пейил-ниетибиздин бузулганы. Жетекчилик моралдык жактан абдан бузулду. А бузукулар бузукуларды колдойт да.