п»ї

  Министр маек

Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот
- Акылбек Усенбекович, эң биринчилерден болуп дүйнөлүк экономикалык кризис келатат деп, сиз А.Атамбаев Премьер-министр болуп турганда айттыңыз эле. Дүйнөлүк кризис болоорун алдын-ала негизинен улам баамдадыңыз жана ошол жылы күзүндө болгон кымбатчылыкты алдын алууга болот беле?

- Өзүңүздөр көрүп турасыздар, кризис качан жана кандай деңгээлде болорун так айтыш абдан татаал. Бирок, ошол мезгилдеги дүйнөлүк экономикалык тенденцияны жана Кыргызстандагы экономикалык шартты талдоонун негизинде, мен экономикалык кризис тууралуу өз оюмду айткам.
Кризисти алдына алуу боюнча чаралар көрүлдү, бирок иш чаралар бир аз кечирээк башталды. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар кризистин деңгээлин азайтууга өз таасирин тийгизди.
Ошол мезгилден бери болуп келе жаткан дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис далилдеп тургандай, дүйнөдөгү бардык тарабынан эң мыкты деген өнүккөн мамлекеттер дагы кризистин деңгээлин так айталбагандыгы жана ошого жараша чараларды өз убагында көрүү кыйын экендигин далилдеп турат.

- Деги дүйнөлүк кризис биздин мамлекетибиздин экономикасына кандай зыян алып келди?

- Кыргызстан 2007-жылдын күз мезгилинен тартып дүйнөлүк товардык рыноктордогу туруксуздуктан пайда болгон азык-түлүккө жана нефти продуктыларына карата ички баалардын кескин өсүү көйгөйүнө кабылды, анда дан өсүмдүктөрү жана нефти продуктылары 2 эседен жогору кымбаттады.
2007-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасындагы инфляциянын деңгээли 2006-жылдын декабрь айына карата 20 проценттен жогору болгон. Республикада азык-түлүк товарларына жана нефти продуктыларына карата баалардын өсүү тенденциясы 2008-жылдын ортосуна чейин туулган.
Муну менен катар, 2008-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндөгү өтүмдүүлүктүн таңсыктыгы, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү, жумушчу күчтөрдүн массалык жумуштан бошонуулары жана кыска мөөнөттүү мезгилге дүйнөлүк экономиканын болжолдонгон өсүү темптеринин кескин кыскарышы менен коштолгон дүйнөлүк финансылык кризистин таасиринин натыйжасында экономикалык өсүштүн темптеринин төмөндөшүн сездик.
Азык-түлүк товарына, энергия продуктыларына жана кызматтарга баалардын өсүшүнүн натыйжасында ички суроо-талаптын кыскарышы өлкөнүн экономикасынын өсүү темптеринин басаңдашына алып келди.
Дүйнөлүк финансылык кризис Россиянын жана Казакстандын иштебей токтоп турган курулуш обьектеринде жумушчу орундарын жоготуунун натыйжасында, кыргыз эмгек мигранттарынан акча которууларынын көлөмүнүн жана санынын аргасыз кыскарышына алып келүүдө.
Коңшу мамлекеттерде ишин жоготкон Кыргыз Руспубликасынын жарандарынын кайтып келиши да, жумушсуздардын санынын жогорулашын пайда кылышы мүмкүн.

- 2009-жылдын 5 айы өттү. Мамлекетибизде экономикалык жактан алдыга жылуулар байкалдыбы?

- Үстүдө айтып өткөндөй кризистин экономиканын өнүгүүсүнө болгон таасири уланууда, бул багытта биздин Өкмөт тараптан ар түрдүү комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. 5 айдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагында 1,7 пайызга, курулуш тармагы боюнча 15,1 пайызга, кызмат көрсөтүү секторунда 3,8 пайызга жана соода тармагында 2,8 пайызга өсүш болду. Бирок ошону менен катар эле өнөр-жай тармагында 20,2 пайызга төмөндөөлөр болду.

- КМШ мамлекеттери дүйнөлүк кризистин алдын-алуу максатында биргелешип эсеп ачышкан. Ушул эсепке биздин өлкө канча каражат которду жана кандай жардам күтсө болот?

- ЕврАзЭС өлкөлөрү дүйнөлүк финансылык кризистен чыгуу максатында биргелешкен иш-аракеттер планын бекитти.
Мындан тышкары, ЕврАзЭС уюмунун өкмөт башчылары кризиске каршы фонд түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Фонд өз ишин быйыл баштайт, анын уставдык капиталы - $10 млрд.
Түзүлгөн фондго болгон мамлекеттердин үлүштөрү кийинкидей: Россия - $7,5 млрд, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү болсо - $1 млн. деп белгиленүүдө.
Фонддун каражаттары мүчө-мамлекеттерге займ жана турукташтыруу кредиттери катары багытталат. Мындан тышкары, бул каражаттар мамлекеттер аралык инвестициялык долбоорлорду каржылоого да жумшалат.

- Өкмөт тарабынан пенсиялар көбөйтүлүп жатат. Ушуга бир аз токтоло кетсеңиз?

- Пенсионерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Ушул иш-чаралардын негизгилери болуп бул "Пенсиянын көлөмүн жогорулатуу боюнча" 2009-жылдын 4-мартынын №147, "Базалык пенсия жөнүндө" 2009-жылдын 26-майындагы №252 жана "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу боюнча" 26-майындагы №253 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы эсептелет. Белгиленген биринчи Жарлыкка ылайык пенсиянын базалык бөлүгү көбөйүп, 630 сомду түзгөн жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасы 12 пайызга көбөйгөн. Экинчи Жарлыктын негизинде үстүдө белгиленген пенсиянын базалык бөлүгү 630 сомдон 800 сомго көтөрүлгөн. Ал эми үчүнчү Жарлыкка ылайык болуп жаткан дүйнөлүк кризис мезгилинде пенсионерлерге колдоо көрсөтүү максатында 2009-жылдын 1-июлунан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 40 пайызга жогорулатуу чаралары каралган.
Өзүңүздөр көрүп тургандай биздин мамлекет экономикадагы болуп жаткан көптөгөн кыйынчылыктарга карабай пенсионерлерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытында иштерди жасап жатат жана мамлекет башчыбыз белгилегендей мындай иш-чаралар келечекте да улантыла берет.

- Ушул жылы бюджеттеги кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү тууралуу кандай иш-чаралар каралды?

- Быйылкы жылы коргоо министрлигинин жана салык инспекциясынын кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды.
Бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу менен бирге алардын иштерин оптималдаштыруу боюнча да мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат. Бул багытта Өкмөт тарабынан кадрдык саясаттын эффективдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалат.
Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу каржы маселеси менен тыгыз байланыштуу, ошондуктан бул суроого каржы министрлигинин өкүлдөрү кененирээк жооп берет деп ойлойм.

- Быйылкы 2009-жылы экономикалык жактан кандай жакшы саамалыктар болушу мүмкүн?

- Быйылкы 2009-жылы күтүлүүчү жакшы саамалыктардын негизгилери болуп бул -Камбар Ата ГЭСинин 1-агрегатын ишке берилүүсү, инфляциянын деңгээлинин төмөндөшү, экономикалык кыйын шарттарга карабай пенсия, пособиелердин жогорулашы.
Мындан тышкары, "Бизнес жүргүзүү" боюнча Кыргызстандын эл аралык рейтинги 99-орундан 68-орунга көтөрүлүп алдыңкы 3 реформатор мамлекеттердин катарына кошулду. "Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү Кыргызстандын инвестициялык абалын жакшыртып, инвестициянын көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөт.

- Россия Федерациясы тарабынан 300 млн доллар кредит келди. Ушул акча каражаттары кайсы максаттарга жумшалат?

- Россия Кыргызстанга 40 жыл мөөнөткө, жылына 0,75 пайыз менен берген 300 млн.доллар менен берген кредитти, республикабыздын маанилүү экономикалык секторлоруна багыттайбыз, деп пландаштырып жатабыз. Азыркы мезгилде ушул максатта масштабдуу РR-компания жүргүзүлүп жатат. Кредиттерди реализациялоо үчүн маалымат каналдары аркылуу ишкер чөйрөлөрдүн долбоорлору тандалып, россиялык кредиттерди пайдаланууга катышуу үчүн арыздар каралууда. Негизги максатыбыз республикабыздын бардык аймактарын камтуу. Долбоорлорду тандап алуу үчүн төмөнкүдөй кадамдарга барабыз: долбоорлор боюнча арыздарды чогултуу, арыздарды иштеп чыгуу,каржы-экономикалык анализ жасап, кайрадан арыздарды иштеп чыгуу, андан соң чечим кабыл алабыз. Долбоорлорду тандап алууда эң негизги критерий болуп, кредитти кайра кайтарып бере ала тургандай эсеп менен натыйжалуу пайдалануу болуп эсептелет. Ошондуктан, ишканалар техникалык-экономикалык жагдайларын эске алган бизнес-проекттерди даярдоого тийиш.
Андан тышкары, бул каражат булактарынан ишкерчилик тарабынан биргелешкен каржылоо шартындагы долбоорлорго жумшалмакчы. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалып жатат. Ал боюнча инвестициялык долбоорлордун тандалып алынышы боюнча негизги критерийлер бекитилип, арыздын формасы жана кредит алууга тиешелүү документтердин тизмелери жарыяланат. Долбоорлорду тандап алуу боюнча конкурстук программалардын катышуучулары каржы, маркетинг, уюштуруу жана техникалык даярдыгы менен бизнес пландарын көрсөтүүгө тийиш.
Эң башкысы, ушул каражаттар бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу максатында, жумушчу орундарды түзүү үчүн жумшалат.

- Ал эми ушул эле мамлекеттен грант катары келген 150 млн. доллардын тагдыры кандай чечилет?

- Бул Россиядан келген 150 млн.доллар өлчөмүндөгү гранттар мамлекетибиздин төлөө баланстарында проблемалар пайда болсо, республикабызда жана кошуна өлкөлөрдө экономикалык татаал кырдаалдар түзүлгөндө колдонулат. Биздин төлөө баланстарыбыз Россия менен Казакстандагы эмгек мигранттарыбыздын каражаттарына көз каранды. Ал жакта кырдаал төмөндөп кеткен жок, ошону менен бирге жогорулап деле кеткен жок. Ошондуктан, бул каражаттар төлөө баланстары татаалданышкан кырдаалда, тешигибизге тыгын болуу максатына жумшалат. Экономикалык кырдаалдар курчубаган учурда, бул каражаттар башка экономикалык долбоорлорго багытталат.
Бул каражаттар Улуттук банктын өкмөттүк эсебине түшүп, казыналык система тарабынан эсептелинип турат. Бул каражаттарды колдонуу өкмөттүк отурумдарда бекитилип, жоопкерчилик Каржы министрлиги менен Борбордук казналыкка жүктөлгөн.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??