п»ї

  Кызыл аянтка конгон самолет жаңырыгы

Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
Шайтан сапар
Ошентип президенттик марафон башталып кетти. Жетинин бири Кыдыр дейт, дегиче жетинчи талапкер Акбаралы Айтикеевди БШК жаратпай койду. Кыязы, тиешелүү киши Кыдыр болгусу келбеди көрүнөт. Анда 6 талапкер аттанат. 6 шайтандын саны, шайтандын мөөрү 666 экени маалым. "Шайлоонун шайтан оюндары", деген сөз айкаштары бүгүнкү күндө көп колдонулган афоризмге айланган. Кийинки кездери чын эле шайлоо шайтан оюндарга жык толуп, элдин көкөйүнө тийип бүткөн. Бул жолу да шайтан оюндар эмитен жүрүп, бир кезде жумуртка шайтандары менен белгилүү болгон Түп өрөөнү дагы деле ошол калыбында шайтандардын уюгу менен шайма-шай жашап жатканы белгилүү болду. Түп эмне болуп калыптыр, дал Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында шайтан уялап, тарыхта болбогон өтө шумдуктуу шайтан оюну болуп кетти. Ал президент Бакиев өзү лентасын кескен борбордук аянттагы фонтандарды курчаган кыргыз душмандарынын эстеликтери. Манастын каармандары деген формулировканын алдында жамынган Манастагы жоолор Нескара, Шыпшайдар, Жолой, Мадыкан дөө өңдүү шайтан уялаган каармандардын эстелиги эки жумадай аянтта турду. Бул деген Кыргыздын борбор шаарын кытай духу эки жума басып алып, ээлеп турду дегендик.

Бийлик кимди сынады?
Адамды физикалык жактан өлтүрүү бул формалдуу нерсе. Ал эми анын духун өлтүрүү физикалык денесин өлтүрүүдөн эки эсе коркунучтуу. Духу өлүп, физикалык денеси тирүү жүргөндөн өткөн кордук жок. Муну кыргыздарда тирүүлөй өлүк дейт. Эгемендик алгандан бери кыргыз элин тирүүлөй өлүккө айландыруу процесси ар тараптан болууда. Ал процесс АКШ тараптан да, Россиядан да, Казакстан, Өзбекстан, Кытай өңдүү коңшулар тараптан да тынымсыз жүрүүдө. Баарынан жаманы өзөктөн чыккан өрт жаман, деп өзүбүздүн бийлик төбөлдөрү кыргызды тирүүлөй өлүккө айландыруунун жалаңдаган жасоолдору болуп жаткандыгында. А.Акаевдин бийлиги кыргызды тирүүлөй өлүккө айландырып бүттүк деп ишенимдүү болуп, 4-мөөнөткө барды эле, кыргыз духу али өлө элек экен, өзүн өлкөдөн кууп салды. Учурдагы бийлик дагы элдин духун түшүрүп, тирүүлөй өлүккө айландыруунун ар кандай ыкмаларын жасоодо. Алар кыргыз духун ойготуп, баш көтөрүп келаткан Урмат Барктабасовду өлкөдөн кууп салуу менен бир жолу кыргыз духун түшүргөн, экинчи жолу оппозициянын апрелдеги митингинде түндүк-түштүк кутумдугун уюштура коюп, оппозицияны чилдей таратып, экинчи жолу элдин духун түшүргөн. Духу түшкөн элди башкаруу кулдарды башкаргандай оңой нерсе. Ушундан пайдаланган бийлик бир топ чек ара маселелерин чечип алып, казактарга кеткен Каркыра баштаган бир топ жерлерибизден кол жуудук. Учурда оппозициянын ортосуна от коюп ыдыратуу менен бийлик оңбогондой упай топтоп, элди тирүүлөй өлүккө айландыруунун этабын аяктадык, ишенимдүү шайлоого барсак болот дегендей кадам таштаган. Бирок, "доверяй, но проверяй", деген орус макалына таянган бийлик, элдин духунун чын эле өлгөнүн сыноо максатында Ала-Тоо аянтына жогорудагыдай эстеликтерди орноткондой таасир калтырат. Эгер эл эч нерсе дебесе, демек, бул элди каалагандай калчаса болот, деген тыянак келип чыкмак.

Манас бул адабият да, тарых да эмес.Манас-бул касиет
Өкүнүчтүүсү, Сейит Жаанбаев деген белгилүү педагог маалымат каражаттарына: "мунун эмнеси бар экен, бул жомок, орустар деле Баба Яга, Өлбөс Кощей өңдүү жомок каармандарына эстелик тургузган", дептир. Биринчиден, орустар андай эстеликти балдар аянтчасына, балдар бакчасынын алдына коёт, Кызыл аянтка өлбөс Кощейди коюу орустардын өңүнө эмес, түшүнө кирбеген жорук. Ал эми Ала-Тоо аянты балдар аянтчасы эмес. Экинчиден Манас жомок эмес. Манас тарых да эмес. Манас - касиет, Манас - дух. Кыргыз элинин улуттук духу, улуттук касиети. Манастын касиет экенин айтардан мурун аны жомок жана тарыхка салыштыргандарга эки ооз жооп: Биринчи - Манасты жомок, Өлбөс Кощей, жезкемпирлерге салыштыргандарга каршы далил айтуунун кажети жок. Бул гипотеза сөрөй атайын токтолууга арзыбай турган сандырактык. Экинчи, Манасты эпикалык каармандар орустардын Илья Муромец, гректердин Одиссеясына салыштыргандарына айтаарым:Одиссеяны түш көрүп касиет даарыган, же Кудай деп жүргөн Зевс баштаган толгон -токой грек кудайларын кебинен жасалган куурчакты мазактап, оозу-көзү кыйшайып майып болуп калган гректи көргөн адам барбы? Грек кудайлары касиет болбой жатканда орус балдарынын сүйүктүү каарманы болгон Илья Муромец, Добрыня Никитич дегендер жөн гана балдарды патриоттуулукка тарбиялаган мультфильмдердин каарманы экенин айтууга ашыкча сөз талап кылынбайт. Ал эми Манас жөнүндө кеп башка. Жөн эле адам манасчы боло бербейт. Чоң манасчылардын баары касиет даарыган, Манасты түшүндө көрүп, касиет даарып, айтпай коюууга аракет кылып, бирок, ага кудурети жетпей, анан беш убак намаз окуп, Аллага баш ийгендей баш уруп, мойнуна алып, анан айтып калышкан. Ал эми касиетке баш ийип, моюнга алып калыш оңой иш эмес. Адам өз эрки менен кандайдыр бир касиеттүү күчтөрдүн туткунунда калып калгысы келбейт. Бардык адамдар сыяктуу ойноп-күлүп, эркин ойлонуп, эркин жашагысы келет. Башкалардан обочолонуп жашаганды ким жакшы көрсүн. Бирок, касиеттин назары сага түшүп турса, андан качып кутула албайсың. Алыс барбай эле, кечээки семетейчи Сейдана эненин аял киши болгон соң Манасты айтуудан уялып жүрүп, беш баласынан ажыраганын айталычы. Эне үчүн беш эмес, бир баласынан ажыроо оңой бекен. Биз билген бардык эле чоң манасчылардын башынан жогорудай окуялар бир эмес, бир нече жолу болгону жашыруун сыр эмес. Ошол касиеттердин табышмагын бүгүнкү күнгө чейин кайсыл теолог чечмелеп бере алды? Мен өзүм Манас айтып жүрүп, арак иче коём деп даарыган кеселге кабылып, алигиче кадимки адамдардын катарына кошула албай оорукчан болуп жүргөн бир айылдашымды билем. Тээ жаш чагында ошондой окуя болгон экен, алтымышка келип калды, бир врач айыктырып, жок дегенде туура диогноз коё алышкан жок. Ал адамды жин тийген деп да диогноз коё алышпаптыр, психикалык оорулунун белгилери жок экен, бирок кадимки адамдардан таптакыр обочолонуп өзүнчө аралда жашагандай ой жүгүртүп, өз дүйнөсү менен жашап калган. Анан кантип Манасты касиет дебейсиң.

Духу өлгөн эл мамлекетти көтөрө албайт
Бир белгилүү эле мамлекетти көтөрөм деген чыгаан инсаныбыз айтып калды, "биз кыргыздар Манас деп эпикалык каарманды туу тутуп жүрө берсек өспөйбүз, Манас бул адабият, башка эч нерсе эмес, аны туу тута берүү биздин заманбап технология заманында артка тартуучу процесс, Манас биздин заманбап өнүгүүбүзгө тоскоолдук кыла турган нерсе", деп. Манастын адабият эле эмес, касиет экенин кайра башынан далилдебей эле коёюн, бирок ошол касиет биздин заманбап өнүгүүбүзгө тоскоолдук кылат дегенге айтаарым, дүйнө элинде касиетке ээ болгон улуттук, адамзаттык баалулуктар туура мамиле кылса цивилизацияга жолтоо болбойт, кайра жардам берет. Араб мамлекеттери эмне үчүн бай. Нефть запасы көп болгону үчүн эле эмес, шарияттын сабактарын туура пайдаланып, өлкөсүн кылмыштуулуктан арачалап, ыйман жолуна сала алган үчүн. Ал эми ыйман жолунан четтеп, сүткорлукту даңазалаган Америка эмне болду? Дал ошол сүткорлук, тагырак айтканда ипотека, чоң өлчөмдөгү кредит, жел акчалар менен өздөрүн эле эмес, жер шарын дүйнөлүк кризисске батырып отурат. Ал эми исламды туура пайдаланбай аны зордуктун куралына айланткандар согуштан башы чыкпай, өнүкпөй эле соолуп отурушат. Демек, касиетти тебелеп, же зордоп эмес, көкүрөгүбүздө ыйык сактап, баалуулуктардын баркына жете алганда гана биз өнүгөбүз. Ал эми касиетти тебелесек, кор кылсак, мамлекетибиздин борбордук аянтына касиетибизди кор кылган жоолордун эстелигин орнотсок, мамлекеттен кут учат, элдин духу өлөт. Эл эл болбой эле эки аяктуу макулук, маңкурт,кулга айланат. Ал эми макулук, кул, маңкурттар менен цивлизациянын туу чокусуна барууга болобу? Духу өлгөн эл эч нерсеге жарабайт. Андай элден куралган мамлекет кум сепилдей упурап кулап түшөт. СССР ошондой кум сепилге айланган үчүн кулап түшкөн. СССРдин кулашын советтик адамдар каалаган эмес. Алар элдик референдумда СССРдин сакталышына добуш беришкен. Бирок, ал элдин көпчүлүк добушу эч нерсе чечпей калды. Себеби, элде дух жок болчу. СССРди сактап калайын деген күчтүү дух, күчтүү энергия болсо өз добуштарын коргоп, сактап кала алышмак. Элдин духу өлүп калган эле. Үч мамлекет жетекчилеринин Беловежскидеги жолугушуусу СССРдин кулашынын фактысы деген формалдуу нерсе. Бул факты СССРдин физикалык денесинин жок болушунун гана кургак фактысы. Ал эми СССРдин духун ЦРУ чалгынчылары аз-аздан жайлап отурушуп, Кызыл Аянтка самолетту кондуруу менен бир күндө чак түштө түшкөн чагылгандай селт эттирип, элдин жүрөгүнүн үшүн алып советтик деген духту өлтүргөн. Духу түшкөн элди андан ары ыдыратуу жөн гана техникалык ыкманын иши болуп калды.

Ишке ашпай калган калмакчылык
Мамлекетибиздин борбордук аянтына кытай духунун (эстеликтеринин) эки жума басып, ээлеп отурушу ошол Кызыл Аянтка келип конгон самолетко окшоп калды. Муну биз азыр окшоп калды дейли, дал өзү дебейли. Себеби, кытай пилотунун өзү келип конгон жок, байыркы кылымдагы каармандарынын эстелиги келип конду. Аны анча-мынча духу бар элибиз радио, гезиттерден чуулдап жатып, алдыртышты. Мезгил духу түшкөн элдин күчү болбосун көрсөтүп жатат. Азыр эл президенттик орунду ээлеп алгысы келген кишиге 90% каршы добуш берсе да, аны фальсификациядан коргоп калууга элдин күчү, духу болушу керек. Ошондо, аянттан эстеликтерди алып кеткендей, бийлик элдин үнүн угушу мүмкүн. Бийлик эстеликтерди орнотуп, Кызыл Аянтка самолет кондургандай элдин үшүн алабыз деген болсо, ал тескерисинче чыкты. Кыжырданган Эл радиодон угуп алып Токмок, Сокулук өңдүү Чүй регионунан эстеликтерди өз көздөрү менен көргөнү кыжырданып келе башташкан. Эстеликтер дагы бир аз алынбай турса, республиканын бара-бара алыскы аймактарынан Эл келе баштамак. Ошентип Ала-Тоо аянтына эстелик көргөнү келген мекендеш "туристтер" кыжырданып отуруп, митингичилерге айланмак. Бул тарыхта бийлик өзүнө каршы өзү топтогон митинг болуп калмак. Муну сезген калмакчылык өзү баштаган шайтан оюнун өзү токтоттурду. Бирок, калмакчылык түп орду менен жоголгон жок, элдин духу али өлө элеги үчүн гана убактылуу жашырынды. Калмакчылык жоголбойт, ал кылым карытып кыргыз канына сиңип, кыргыз интеллигенциясынын арасына кирип алган. Керек учурда чыгат, керек учурда бөгүп жатат. Каркыра талашта, президенттик жарышта Түп элинин эки жолу чоң провокацияга барганы жөн гана бийлик уюштурган чагымчылар, обон отряддарынын иши эмес, мунун түпкүрүндө калмакчылык бар. Ал эми калмакчылык, калмак калкы терең сиңип кеткен Ыссык - Көл өрөөнүндө өзгөчө көзгө даана көрүнөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??