п»ї

  Тегирмен

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Өзүбүздүкү өзүбүзгө жетпейби?
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда өлкө аймагына коңшу жана алыскы чет мамлекеттерден ар түрдүү жер-жемиштер алынып келинет. Ал мамлекеттерге Эквадор, Россия, Италия, Франция, Казакстан, Кытай, Түркия, Украина, Израил, Испания, Египет, Марокко, Иран, Пакистан, Ооганстан, Вьетнам, Өзбекстан жана Грузия кирет. Өткөн төрт айдын ичинде эле Нарын бажысы аркылуу эле 8 миллион 173 миң 28 тонна алма, алмурут, айва жемиштери алынып келинген. 2 467 95 тонна цитрус жемиштери жана 901 60 тонна пияз, көк пияз жана башка чөп-чар ташылып келинген. Мындай маалыматты Бажы комитети Адамдын саламаттыгына зыяндуу жана терс таасири бар азык-түлүктөрдү чет өлкөлөрдөн ташып келүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткан жумушчу топту сунушуна ылайык берди. Жумушчу топтун жетекчиси ЖК депутаты Мариям Исанованын маалыматына ылайык Бажы комитетинен маалымат 2008-жыл жана быйылкы жылдын алгачкы төрт айы үчүн маалымат суралган.

Дүйнөлүк экономика 2010-жылы калыбына келе баштайт
Дүйнөлүк валюталык фондунун бөлүштүрүү директору Доминик Стросс-Кан Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин студенттери жана окутуучулары менен жолугушуп, дүйнөнү алсыраткан кризис 2010-жылдан баштап өз калыбына келе баштайт деп билдирди. Анын айтуусуна караганда бул алдын ала жүргүзүлгөн божомол, эгер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү билинбеген масштабдуу окуялар ортого чыкпаса болот. "Кирешеси эң аз болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөр - АКШда болгон улуу депрессия жана финансылык-экономикалык кризистен күнөөсүз садага чабылгандар",-деп белгиледи Доминик Стросс-Кан.
"Кризис албетте бүтөт, бирок дүйнө мурдагыдай болбой, көптөгөн чечилбеген маселелерге жооп берүүгө туура келет. Мисалы, доллар жана еврога карата башка валюталардын катышы кандай болот? Же болбосо глоболизация агымы жаңы дүйнөдө кандай орунду ээлейт", деп кошумчалады.


Журналисттердин укугу корголот
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча төрагасы Миклош Харашти Кыргыз бийлигине журналисттерге кол салуу толкунун токтотууга чакырды. Бул тууралуу ЕККУ маалымдады.
Миклош Хараштинин пикиринде, Кыргызстандагы журналисттерге кол салуу толкуну алдыда боло турган шайлоого терс таасирин тийгизет. "Кыргызстандагы журналисттер акыркы убактарда бат-баттан ур-токмокко кабылып жатат. Алардын экөө өткөн айда болуп өттү. 2009-жылдын башында болгон инциденттер ушул убаккка чейин иликтенип бүтө элек",-деп жазылат Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге жолдонгон катта.

Кылмышкер колго түштү
Киши өлтүрдү, деген шек менен Орусия менен Кыргызстанда издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну Челябинск шаарында Тракторозавод районунун прокуратурасы тарабынан колго түштү. Өзгөчө оор кылмыш кылды, деген шек менен издөөдө жүргөн кылмышкер Челябинск шаарынын Ички Иштер Министрлиги тарабынан 2009-жылдын 21-майында кармалган. Кылмышкерге издөө 2007-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланган. Россиянын башкы прокуратурасы кылмышкерди кыргызстандык коллегаларына өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

Шайлоого 2 млн. 700 миң киши катышат
Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин билдиргенине караганда Кыргызстанда 2 млн. 700 миң шайлоочу алдыда боло турган президенттик шайлоодо өз добуштарын бере алат. Алардын добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн республика боюнча 2 333 шайлоо участогу түзүлөт. Бул шайлоо участкаларында иштей турган 23 миңден ашык комиссия мүчөлөрү атайын окуудан өткөрүлөт.
Чет элде иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык жарандарды президенттик шайлоого катыштыруу максатында чет мамлекетте 49 добуш берүү участогу ачылганы турат. Өзгөчө көңүл Россия менен Казакстандагы мекендештерге бурулат. Бул эки мамлекетте кыргызстандык эмгек мигранттар башка мамлекеттерге салыштырмалуу басымдуулук кылат. Шайлоонун калыс, таза өтүүсү үчүн чет жерден 800дөн 1000ге чейин байкоочулардын катышаары болжолдонууда. Ошол эле убакта жергиликтүү байкоочулардын саны такталып бүтө элек. Кечээ 18-июндан баштап президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. БШК президенттикке ат салышкан алты талапкерди каттоодон өткөрдү.

Мугалимдер эми дептер текшергендиги үчүн акы албайт
"2009-жылдын бюджетинде мугалимдердин окуучулардын дептерин текшергендиги үчүн кошумча акы каралган эмес",-деп билдирди каржы министринин орун басары Абдуалим Нышанов. Анын сөзүнө караганда 2007-жылдын 9-январында кабыл алынган чечим боюнча мугалимдердин дептерлерди текшергендиги үчүн кошумча 150 сом каралган. Министр орун басардын айтуусу боюнча бүгүнкү күнү мамлекеттик бюджетте жогорудагыдай кошумча акы киргизилген эмес. "Мугалимдердин эмгегин мамлекеттик кызмат системасы боюнча төлөө пландалып жатат. Ушул жылдын күз айларында каржы министрлиги бул маселени кайрадан карашы мүмкүн",-деп кошумчалады Абдуалим Нышанов.

Акбаралы Айтикеев БШКны сотко берди
Президенттик шайлоого талапкер катары көргөзүлгөн Акбаралы Айтикеевди Борбордук Шайлоо Комиссиясы каттоого алган жок. БШКнын мындай чечимине талапкер А.Айтикеев канааттанбай тургандыгын билдирип, БШКны сотко берди. Бирок, сот БШКнын чыгарган чечимин өз күчүндө калтырды. Маалым болгондой Акбарылы Айтикеев 74 миң 81 адамдын аны колдой тургандыгын тастыктаган кол тамгасын жергиликтүү комиссияларга тапшырган. Жергиликтүү комиссиянын текшерүүсүнөн кийин БШКга жарактуу деп, 65 миң 546 кишинин колу жарактуу деп тапшырылган. Төрт региондон топтолгон колду кайрадан текшерүү маалында алардын 27,5 пайызы жараксыз, деп табылган. Ошентип, президенттикке ат салышып жаткан А.Айтикеевди эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген жүйөө менен БШК анын кандидатурасын каттоодон баш тартты. Ал эми А.Айтикеев Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул эместигин билдирип, жогорку сотко кайрыларын билдирүүдө.

Президенттик шайлоого ЕККУдан 300 байкоочу көз салат
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу 23-июлда боло турган президенттик шайлоого карата өз миссиясын расмий түрдө ачты. Миссияны Македониянын премьер министринин мурунку орун басары Радмила Шекеринска башкарат. Шайлоо болгон күнү 300 кыска мөөнөттөгү байкоочулар келип, шайлоонун өтүшүнө көз салып турмакчы. Ал эми 24 узак мөөнөттөгү байкоочу топ шайлоо бүткөндөн кийинки шайлоонун жыйынтыктары чыкканга чейин ага көзөмөл кылып, көз салып турат. Байкоочулар шайлоого карата үгүт иштерин, шайлоо боюнча администрациянын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын иш аракети, шайлоо боюнча мыйзамдар жана алардын аткарылышын, ММКнын жагдайы жана шайлоо боюнча соттордун чечимдерин абдан кылдаттык менен мониторинг өткөрүшөт.
Буга чейин кээ бир укук коргоо уюмдары чет элдик байкоочулардын саны өтө эле аз деп келген.

Даярдаган Расул Үсөналиев







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??