п»ї

  Ыйык жайга зыярат

Падыша - ата
Алла Тааланын мээри төгүлгөн жай
Кыргызстандын географиялык жайгашуу шарты дээрлик бийик тоолуу жана орто тоолуу болуп, жер шаарынын алкагында алып караганда өзүнүн табийгый алмаштыргыс касиети менен айырмаланат. Ошон үчүн дагы болсо керек, Кыргыз жери бейиштин жайы деп аталып келет. Арийне, Ата Журтубуз негизинен табийгый кооздугу менен дүйнөнү суктандырып, ошондой эле ар бир жери өзүнө таандык, бири-бирине окшобогон кайталангыс айырмалуу көркөм ажары менен да адам көңүлүн бурган уникалдуу касиетке ээ.
Бейиш жай демекчи, жараткан кудуреттин керемети белем, айтор, Кудайдын туура жолун ислам аркылуу адамзатка таанытууга башын сайган пайгамбар даражасына жеткен касиеттүү инсандардын тарых барактарына таасын жазып калтырган болумуш окуялары да, ушул кыргыз жергесинде жүз берип, түбөлүккө сакталып калган. Далилдүү айтканда биздин заманга чейинки тогуз жүзүнчү жылдарга таандык ислам жолун жайылтуудагы каармандардын жортуулу азыркы Жалал- Абад облусунун Аксы өрөөнүнө (Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору, ары жагы Өзбекстанга караштуу Наманган тарыхта Аксы өрөөнү деп айтылган) дейре жетип, токтогон. Учурда ыйык зыярат жайларга айланган Сафед-Булан (Ала-Бука районунда жайгашкан ислам сапары бүтүп, кыргын болгон жер. Бул жерде 2772 адамдын башы кыйылган), Падыша-Ата, Баба-Ата, Имам-Ата, Шүдүгөр-Ата, Баба устун-Ата Аксы өрөөнүндө жайгашып, Кыргызстандын түштүгүнөн тарта Орто Азиядан бери келишип, сыйынуучу жайга айланган.
Ислам сапарынын башкы каарманы Мухаммад пайгамбардын небереси Шах Жарир кыргында аман калган жана өмүрүнүн акырына дейре азыркы Падыша-Ата тоолорунда күн кечирип, өлгөндөн кийин сөөгү ушул жерге коюлган (ошондуктан Падыша-Ата деп анын атында аталып калган). Уламыштарга караганда Шах Жарир Аксыга келгенде бул жердин акими Мух уруусунан Карван Баш жакшы маанайда күтүп калып, анын урматына өз кызы Убайданы колуктуга берген. Бул жердин калкы ошондуктан аны пачча-жезде болду деп жүрүп, мезгилдин өтүшү менен Пача-Ата аталышына ээ болуп калган деген пикирлер дале күнчө айтылат.
Ушул тапта Падыша-Ата кудайга чындап ниет байлаган адамдар үчүн, дегеле Падыша-Атанын керемет кооздугуна суктангандар үчүн ыйык, зыярат кылып, эс алып кетүүчү жайга айланган. Бул жерди 2002-2003-жылдары Эркин Бегимкулов өз каражатына Падыша-Атанын күмбөзүн реставрациялап, эс алуучу жайларды курган. Жалпысынан ысык жайдын аптаптуу күндөрү Бишкек, Ош, Жалал-Абад, ары жагы Өзбекстандан бери миңдеген адамдар келип, эс алып, сыйынып кетишет.
Сакабалар (пайгамбарды көргөн адамдар) айтып калтыргандай "Баш тилесең Баба-Атага, мал-дүйнө тилесең Падыша-Атага бар", деп айтылат. Андыктан, бул Алланын мээри төгүлгөн ыйык жайга чын ыкластан тилек кылып келгендердин ырасында эле ниет тилектери орундалат экен.
Дагы айта кетчү нерсе - Падыша-Атанын күмбөзүнүн маңдайында, тескей тарапта орун алган чоң таштын бетинде, кийинки убактары "Алла" деген сөз пайда болуп калгандыгы айтылууда. Албетте, бул жакшылыктын гана жышааны болгон чыгаар. Кыскасы замандаштар жан дүйнөбүздү тазартып, рухубуздун аруулугун жаратып, бири-бирибизге мээримибизди күчөтсөк, анда Кудайым бизге берээринен кыспас.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??