п»ї

  Калем

Ыйык бешик кыргыз киносунда
Акыркы кездерде, улам жаңы кыргыз тасмалары жарык көрүп, көз кубандырса, кыргыз киносунун жаңырган доору пайда болгонун ойлоп ого бетер канат байлайсың. Айрыкча, жаштардын бүтүндөй бир мууну келе жатканы кыргыз киносунда кайрадан гүлдөө доору болорунан кабар бергенсийт. Андыктан, жаштардын алдында, дагы эле көч башы болуп, алдыңкы устат кинорежиссерлор эмгектенип атканы сыймыктанарлык.
Алардын бири - КР эл артисти, кинорежиссер Бакыт Карагуловдун ысмын кимдер билбейт. Ал көбүнесе улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын тарткан режиссер катары белгилүү. Анын жаңы тасмасы, кинотармагында чыгармасы биринчи жолу тартылып аткан журналист жана жазуучу - Бекен Назаралиевдин оригиналдуу аты уйкаш аңгемеси боюнча тартылган кыскаметраждуу "Бешик" көркөм фильми.
Фильм, табигаттын кырсыгынан улам бир адамдын башына түшкөн алааматты баяндайт. Бир заматта жер көчкүдөн улам бүт үй-бүлөсүн, бир короо коюн жер мойсоп, ээн талаада коколой башы калган башкы каарман - чабан Калмаматтын (актер-Рысбек Жумабаев) оор тагдырын адам башына салгылык кылбасын!.. Баарынан да, дал ушинтип оор кайгыдан мүңкүрөп турганда кайрат айтып жөлөк болуунун ордуна, адам башынан айбан малды артык көрүп, аны жазалап түрмөгө отургузган тоталитардык системанын таасын өкүлү, ордендүү партократ башкарма (актер-Акылбек Абдыкалыков), өзү сыяктуулар менен бирге социалисттик "гуманизмди" дал ушинтип ишке ашырышкан!..
Бирок, адам баарын көтөрөт тура?!.. Албетте, эгер чыныгы адам болсо!!!.. Эзелтен келаткан тоолук кыргыз эр-азаматынын "чапса - чарпылбаган, чайпалса - төгүлбөгөн" кажыбас кайратын, болоттой эркин, кулк-мүнөз, табиятын сактап кала алган - адам атынын бийиктигин, адам рухунун ыйыктыгын түшүрбөгөн чыныгы инсан жөнүндөгү эң сонун турмуштук баатырдын бейнеси түзүлгөн!!!.. Фильмдин, чыгарманын "тузу" - идеясы, философиясы дал мына ушунда!.. Кыргыз адабиятынын; эпос, дастан, жомок, повесть, романдардын баарындагыдай, муундан-муунга келаткан чыныгы тоолук эр-азаматтын бейнесинин жаңы замандагы дагы бир үлгүсү. Мына, канча жылдан кийин болсо да, алар кайрадан жолугушту. Баягы, күүлдөгөн-гүлдөгөн башкарма жок. Көңүлдөшү (актриса - Жылдыз Сегизбаева) экөө андан кайыр сурап келишти. Тагдырдын "тамашасына" айла жок тура?!.. Турмуш баарын өз-өз ордуна коюптур!..
Замандын оош-кыйышы бүтүндөй бир коомду аңтар-теңтер кылганы кимдин-ким экени билинип, ар бир нерсе өз аты менен аталып калды. Сойку, бомждарды көрмөк түгүл, атын укпаган элибиз, эми эч нерсеге таң калбай деле калышты. Элдик нарк, каада-салттарды сактоо өзү кыйынга туруп калды. Бир жагынан глобализм, массалык маданият мойсоп, бир жагынан түрдүү диний агымдар элдин элдигин жоюп келаткан убак. Антсе да, улуттук түбөлүк баалууулуктарды даңазалаган, бийик идеялдар менен максаттарга умтулган чыгармалардын, кинотасмалардын көп болушу-улуттун улуттук жүзүн дүйнөгө таанытып, маданиятыбызды, искусствобузду оригиналдуу, кызыктуу жана түбөлүктүү калтыра турган, кийинки муундарга сактай турган кымбат нерсеге айлантмакчы.
Фильмдеги Бешиктин баалуулугу - анын, көчмөн кыргыздардын турмушуна ылайык бекемдиги, жеңилдиги, коопсуздугу!.. Муундан-муунга өтө турган ыйык мурас экендиги!.. Мына, буга чейин Калмаматтын улуу уулдары жатып чоңойгон, азыр кичүү наристеси жаткан бу бешик да түнү бою катуу аккан сел менен агып отуруп, башка бир айылга туш келет, эч нерсе болбой, эсен-соо жээкке калкып туруп калат. Аны капыс көрүп, таап алган, кемпири (актриса- Альбина Имашева) экөө балага зар болуп жүргөн, Касымбек (актер-Мукамбет Токтобаев) мындай бакытка төбөсү көккө жете сүйүнө эңтеңдеп үйүнө апкелет...
Жыйырма жылдан соң, Калмаматты, тагдыр бомжга айланган мурунку башкарма менен жолуктурганда, тагдыр аны Касымбек карыя менен да жолуктурат. Дал ошондо, башынан тозоктун баарын өткөрүп, мүнөзү ого бетер оорлоп, ого бетер жалгыздап, калган Калмамат, капыс, Касымбектин жол аңгемесин угуп, жан-дүйнөсү тириле, карыя, эми небересин жаткырганы алып бараткан, жүк үстүндөгү бешикке көзү өтүп имериле берет. Өзүнчө эле кудуңдап-шудуңдаган таксисттин (актер-Бакыт Мукул) керкакшыгына да карабай бешикти ачып көргүсү келет. Ошентип, ал өз колу менен балдарына деп жасаган бешигин таанып, сүйүнүчтүн көз жашына жуулат. Жок дегенде бешиктеги наристеси аман калганына, аны ушул нарктуу-салабаттуу карыя багып алып, адам кылып чоңойтконуна ыраазы боло, кудайга ичинен миң мертебе тооба кылгандай; "урмат-сыйын көрсүн"-деп, бу жарыкчылыкка зор ишеним менен карап, өз жолуна түшөт. Өз башындагы кайгыны, азыр үй-бүлөлүү болгон, бир кездеги жоготкон наристесине, айтканга да ыраа көрбөй, ичине катып, анын жашоодон өз ордун тапканына, бактысы базар болуп өз оокатын кылып атканына көзү жетип, карыяга көрсөткөн сый-урматы, чексиз ыраазычылыгы катары, алардын дүйнөсүнө бүлүк түшүрбөй, тынчын албай, үнсүз өз жолун улайт. Мына, чыныгы бийик адамгерчилик!.. Чыныгы сый!.. Калбаат мүнөз тоолуктардын топуктугу!.. Токтоолугу!..
"Кыргызфильм" киностудиясынын кыска болсо да - нуска "Бешик" көркөм фильмин жаратууга автору - Бекен Назаралиев, режиссеру - Бакыт Карагулов жана оператор коюучу Мурат Жыргалбаев, сүрөтчү - Урмат Осмоев, композитор - Бакыт Алишеров, монтаждын режиссеру - Ракыя Шаршенова менен актерлор; Мукамбет Токтобаев, Акылбек Абдыкалыков, Рысбек Жумабаев, Бакыт Мукул, Альбина Имашева, Жылдыз Сегизбаева, Аида Турсункулова, Айлун Нуруева, Нурсултан Абдуалимовдор иштешти.





  САНДАН-САНГА

КААРДУУ ШААР же
"Москва көз жашка ишенбейт"
Агамырат телефон чалганымдан соң эки саатка жетпей келди. Турган жеримдин дарегин көчөдөн өтүп бараткандардан сурап айтып бергем. Бетин жууганга да үлгүрбөгөнбү, көзүнүн кычыгын чылпак басып калыптыр. Мени биротоло карындашы кылып алганбы, үйгө жеткиче урушкандан оозу бошогон жок. "Кулда болсо кулак жок". Тааныш көчөмө келгенче сөзүн тыңдаган адам болуп башымды ийкеңдетип, кээде корккон адамдай көзүмдү алаңдатканым менен оюмда башка ойлордун арааны жүрүп атты. Бир карасам жакшы билген жолумдун учунда турабыз. Күнүгө ушул жолдор менен жумушума каттап жүрбөйүнбү. Энемдин сөз көтөрө албас эрке кызы мен үчүн күйүп - бышкан адамдын кебине эми таканчык бере албай калды.
- Сөзүң түгөндүбү? Рахмат жеткизгениңе, мындан ары өзүм жетип алам, - дедим да бурулуп алып кете бердим.
Балким, ошондо чоң жаңылдым. Адамдарды аңдап билбестигим, иренжитерлик энөөлүгүмдүн айынан чын дили менен мага жардам бергиси келген ак жүрөк адамды буйтап өтүп, көңүлүн сындырып, кылдай таза ою жокторго өзүм жан тартып, көп жолу өлүм оозунан артка кайтып келген учурларга кабылдым…

Ххх

Кыш эрте түштү. Ноябрдын экиси, жердин бетин апапакай кар чүмкөп, суук жилигиңден өтөт. Баягы окуядан кийин Тамара эже менен бет келишүүдөн качып, жашаган жеримди да, жумушумду да өзгөртүп алгам. Жашаганга жер табыш оңой, ар метродо жок дегенде үчтөн кыргыз квартиралары бар. Ал эми иш боюнча болушунча кыйналдым окшойт. Сууктун күнү кыдырбаган кеңсе - дүкөндөрүм калбады. Кыргыздар бири - бирине иш таап берүүнү каалашпасын эми байкадым. Бош орун бардыгын билишсе да, ошол жерге кыргызды алып барууну каалашпайт. Балким, бул кыргызга гана тиешелүү "улуттук өзгөчөлүктүр". "Пекарныйда" иштеген эки айымдын акчасын бир айда түгөтүп бүтүрдүм. Москва - лоторея. Бирөөгө жеңиштүү номер туш келсе, биринин жолу болбойт. Мен жолу жоктордун катарына кирсем керек деген ой көкүрөгүмдү жеп, моюнума эрте түшкөн көртириликтен, деги эле адам адамга душман болгон жашоодон көңүлүм кала баштаган. Апама сүйлөшсөм кредит өсүп, үйдү өткөрүп алабыз деп коркута башташыптыр. "Эптеп карыздап жарымын таап төлөп койдум. Сен кичине иштесең, карыздарыбыздан кутулуп калаарбыз", дегенин угуп ансайын ааламым аңтарылып кетти. Сыздаган үнүм Жаратканга жеттиби айтор, бир ай жети күн дегенде казинодон иш таптым. Квартира шаардын бир учунда болсо, жумушум экинчи тарабында. Ага да кайылмын.
Казинонун ичи сигаранын бопбоз түтүнүнө толуп турат. Биринчи күндөрү тамагым ачышып, көзүмдөн жаш куюулуп аткан, бир аз иштей түшкөндөн кийин көнүп калдым. Байма -бай сүт, айран ичип турабыз. Кечки саат сегизден таңкы сегизге чейин күлтүшүргүчтөрдү алмаштырып, тазалап чуркап жүрүп суй жыгылам. Мени менен теңдеш төрт кыз чогуу иштейбиз. Алардын улуттары бөлөк.
Бурчтагы столдогу күлтүшүргүчтү алмаштырып аткам. Моюну өгүздүкүндөй жоон, узун чачын желкесине байлап алган бакжайган орус киши 500 рубль таштады. Бизге акча сунушташчу эмес, таңдана түштүм.
- Ала бер! Ыраазычылыгымды билдиргеним болсун!, - деди кекеткенсиген добушу менен өйдөтөн карап.
- Кереги жок?! Чоң рахмат, - өзүмдү жаман сезе түштүм. Тиги киши акчаны чөнтөгүмө сала койду.
- Чын көңүлдөн берилген белектен баш тартууга болбойт!
Эки анжы боло, түздөлө берип, көзүм карама каршымда алысыраак турган чогуу иштеген орто бойлуу, ичке кызга уруна түштү. Ал менин караганымдан пайдаланып, ээрдин тиштеп, башын билинер - билинбес чайкап койду. Чөнтөгүмдөгү акчаны столдун үстүнө таштап:
- Чоң рахмат, бирок, алалбайм, - дедим да бурулуп басып кеттим.
Тиги кызды ашканадан таптым. Дубалга жөлөнүп тамеки чегип турган экен. Мени көрүп күлмүңдөп койду.
- Чегесиңби?
- Жок, - дедим жылмайып.
- Ай, биерде чексең, чекпесең да бирдейсин. Уюлгуган түтүндү карачы. Ошону менен дем алып атабыз. Чеккен адамга караганда чекпей, жанында түтүнүн жыттап турган адамга зыяны көбүрөөк, -деди да ичке түтүндү оозунан чыгара берип:
- Жаңы келгенсиңби?
- Үч күн болду.
- Анда билбейт турбайсыңбы? Эсиңде болсун, клиенттерден бир тыйын да ала көрбө. Албетте, биз суранбайбыз, алар өздөрү каалап беришет, бирок, жетекчилик буга тыюу салган. Залда бир канча камералар бар. Акча алганың камерага түшүп калчу болсо айлык акыңды бербей, жумуштан айдап жиберишет. Ай сайын экиден официант жумуштан айдалып отурат. Ошондуктан бизде тез-тез жаңыланып турат. Мындан жарым айча мурун пол жуугуч аялды жүз рубль алганы үчүн бир жарым ай иштеген акысын бербей туруп жолго салышты. Бул нерсе жетекчилик үчүн айлык бербей айдаштын гана шылтоосу.
- Рахмат сага. Сен белги бербегениңде мен деле алмак экенмин.
- Эч нерсе эмес. Чогуу иштегенден кийин, бири - бирибизге жөлөк болуп туралы. Атың ким?
- Айдай.
- Меники Яна. Буряткамын. Сенчи?
- Кыргыз.
- Кыргыз… укпаптырмын. Мамлекетиңер кандай аталат?
- Кыргызстан. Орто Азияда жайгашкан.
- Аны да билбейт экенмин. Мен географиядан дайыма эки алчумун. Мына ошонун жыйынтыгы. Орто Азия болсо… ммм… -мукактана түштү, - сен капа болбо ээ, бизди деле чукча дешет го, ага капа болбойм мен. Тиги… "каралар" дегендерденсиң го ээ?
- Анын эмнесине капа болоюн. Чын эле бул жакта бизди, мусулмандарды, "каралар" дешип коюшат экен.
- Кара десе негрлердей бирөөнү элестетчү экенмин. А сен апапакай болуп турасың. Бу орустардын башына эмнелер гана кирбейт, эмнеге антип аташты экен ээ? - күлүп калдык.
- Бурятия деген мамлекетти чынын айтсам, мен деле анчалык билбейт экенмин.
- Биз монголдор менен бирдикте АССР болуп жүрдүк, кийинчерээк өз алдыбызча АССР болгонбуз. Союз урагандан кийин 1992-жылы Бурятия Республикасына айландык. Бизге караганда силердин өзүнчө мамлекеттик тарыхыңарга көп убакыт болсо керек. Ушундай эмеспи?.. Улан - Удэ деген шаарды уккан белең, ошол биздин борборубуз.

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??