19.06.09 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен
(башы өткөн санда)
Күндөрдүн биринде Москвадан чоң делегация келип үйүнө түшүп калды. Алар орус жазуучулары: А.Чаковский, Е.Евтушенко, Баруздин, А. Твардовскийлер эле.
О.Тенти: - Ошондо калмак акыны Д.Кугилдинов, балкар акыны К.Кулиевдер жана башка бул чыгыштагы элдерден да келген болуш керек?
А.Казат: - Ооба, РСФСР адабиятынын Кыргызстанда күндөрү өткөн эле да. Турдакун Усубалиев биринчи катчы. С.Бегматова Министрлер Советинин маданият боюнча орун басары. Комиссияны жетектеген С.Бегматова, мен болсо жумушчу комиссиянын ичиндемин, ошондо келген конокторду ээрчитип Ысык-Көлдү тегеренип келдик, ал күздүн күнү эле. Эсимде, көлгө түшкөнүбүз жок. Жолдо баратып Бегматова эже экөөбүз уруша кеттик.
О.Тенти: - Ал чатак кандайча башталып кетти, ага себептер болгондур? Жөндөн-жөн эле башталбайт, анда бир кишиден көбүрөөк, экинчисинен азыраак болушу мүмкүн. Анда тоталитардык командалык бийликтин бышып, бөрк ал десе баш алып турган учур эмес беле?
А.Казат: - Ал чатакташуубуз кыйла олуттуу эле десем да туура болоор. Ал чатак кандайча башталып кетти, анын негизги себепкери ким болду? Чатак өзүнөн-өзү башталбайт, аны тутандырган бир жагдай болбой койчу беле?! А киши күндө эртең менен бизди чогултуп мындай бир тапшырма берет. Биз бара турган кийинки айылга барып: - Жылкы союп даярдап турушсун. Кайра эле коноктордун алдына чоң-чоң устукандарды коюп бешбармак тартышсын,-дейт. Андай жылкыдан бара жатканда эле онду жеп койдук. Анда бизге келишкен жазуучулар андай тамакка көнүшкөн эмес да! Аларга кымыз, эт, арак берилет. Жер-жемиштер деле бар бирок, суп, котлет, борщ жасап бериш керек да, минтип ар түрдүү кылбаса кайдан болсун. Мен ошону айтсам:
- Ой бала, сен маскөөлүк конокторду өзүң айткан борщ менен тосоюн деп жатасыңбы,-деп эле жемелейт. Мен да бул сөзгө:
- Сакин Бегматовна, булар жадап бүтүштү, этти жеп алышып жүгүрүп барып кузуп келип, жеп жатышат. Ал гана турсун: Закончивайте, завтракать, опаздываю на обед. Кончайте обедать, опаздываем на ужин,- деген лакап да чыгарып алышты. Сөздүн кыскасы тамактан башка эч нерсе жок дегендик да! Чыңгыз Төрөкулович Бишкекте калган. Ал: - Тиги жактан кайтып келгенде беш-алты жазуучулар менен биздикинде болосуңар деген. Ошону менен биз көлдү айланып келдик. Ошондо мен болбой, Сакендин тилин албастан ар кайсы жерге барганда суюк тамак жасатып, ал гана турсун айрым жерлерден устукан, беш бармак тарттырбаган учурлар болду.
О.Тенти: - Кесме менен тууралган эт жакшы да!
А.Казат: - Ооба, ошентип андан деле бир, эки кашыктан жешет. Ошол топто ал кезде Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Теңдик Аскаров да биз менен жүрөт. Ал киши бирдеме десең ийнин куушуруп, андай-мындай ишке такыр киришчү эмес.
О.Тенти: - Унчукпайт, абдан унчукпаган киши да.
А.Казат: - Кантип жатасыңар, кандай тамак берип жатасыңар, эч нерсе менен жумушу жок. Ошентип кайра шаарга келдик. Буерден Чыкем өзү жакшы көргөн беш-алты жазуучуну үйүнө чакырды.
О.Тенти: - Анда кайсы көчөдө турчу эле?
А.Казат: - Андабы? Азыркы өзү жашап келген дачада турчу. Кой союптур, Керез жеңе тигиге баш, буга жамбаш, буга жана башкаларды тартам, баары кыргызча болсун,-деп калды. Анан Чыкем башты, жамбашты баарын өзүнчө бир идишке салып эле аялына:
- Чиш, чиш, жөн тур, сен козголбогун. Эмне тартышты өзүм билем,- деп эле койдун кабыргалары бар эмеспи, отурушкандардын алдына бирден кабырга салып койду. Болду башка эч нерсе салбагыла, тигил жактан этти туурап беш бармак жасап келгиле. Ага чейин ар түрдүү тамактардан канча болгонун, шампан жана башкалардын баары столдун үстүндө жайнап турат. Керез жеңе:
- Буларды алып калып кимге бересиң,-деп экөө чала-була чарпыша кетишсе болобу? Чыңгыз ага да:
- Кимге бермек элем, буларды Казат жейт.
- Коё тургула, меймандар кетишсин, бул эттерди жеше тургандарды табабыз.
Анан Керез эже тултуңдап:
- Сен качан болсо өз билгениңди бербейсиң! Ушинтип дайыма эле дасторконду бузуп турасың.
Мындайга Чыкем: - Чи-иш, чиш,- деп гана коёт экен. Башка кеп-сөз жок. Ошентип жатып меймандарга тамак бердик. Кызык, кабырга дегенде москвичтериң тим эле жабышып калат экен.
О.Тенти: - Чыкем аларды билет да. Ошон үчүн жанагыдай кылып жатканы бекеринен эмес да!
А.Казат: - Алдына коюлган кабыргалардан эч нерсе калтырбай бүт баарын жешти. Аларга башты берсең жыргап жемек беле, анын ордуна бул эмне деп тура качат. Ошону менен конокторду узаттык. Сыртта, үйдүн короосунда селкинчеги бар эле. Анда ар бир жазуучу менен экиден, үчтөн болуп сүрөткө түштүк. Азыр ошол сүрөттөрдөн бирөө да калбаптыр.
О.Тенти: - Беришти беле?
А.Казат: - Алганбыз, аларды тиги гезитке, бул гезитке бере берип, кайра кайтарып албай, бири да калбаптыр. Ошентип алар мейманканасына бир чакан автобуска түшүп кетишти. Анан Чыкем мага:
- Кел Казат, экөөбүз отуруп башты тууралайлы,- деп ишти баштадык. Ал киши башты аябай жакшы көрчү. Ал мага:
- Мына сен жамбашты ал, эң чоң коноксуң, мен башты жейин,- деп анан экөөбүз жайма-жай отуруп жеп, арактан ичкен соң тарап кеттик. Анын эртеси чоң жыйын болду. Анда Т.Усубалиев, Ч.Айтматов сүйлөштү. Ал кезде ар жыл сайын совет адабиятынын күндөрү кезек менен ар республикада өтүп турчу эле да. Ага чейин Чыкемди Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагалыгына жолотпой аткан да! Көрсө чоңдор андай жерлерге ооздорунан сөз чыкпаган, майда чиновниктерин коюп коёт экен да.


(уландысы бар)
Тенти ОРОКЧИЕВ





"Махабат жөнүндө дүйнөдөгү эң сонун баян"
( Луи Арагон )
Оо, Махабат, көз уялтып жаркылдап,
Эскирбеген алтын өңдүү жалтылдап.
Кайда бизди ээрчитесиң, келесиң, -
Көзүң кысып, оттой күйүп балбылдап.

Оо, Махабат, жылуу нуруң чачылган,
Шириндигиң ар адамда татылган.
Жандүйнөсү таза, тунук, апакай, -
Айтматовдун кучагында ачылган.

Жаштык кез да небак эле токтолгон,
Сиздин Жүрөк Сезимдерге жык толгон.
Повесттерде, романдарда биз сүйгөн, -
Жарчылары Махабаттын топтолгон.

Махабатты Аалам ичи баяндап,
Келесиз Сиз окурманды жаралап.
Адабият айдыңында Сүйүү көп, -
Жетпей калды көркөм күчү караандап.

Сезим жоктор канча өмүр коротту,
Айдананы Арсен дагы жоготту.
Улам жаңы - Сезимдердин барагы, -
Калемиңиз көркөм тартып боёкту.

Окуй берип Назик Жүрөк эзилет,
Окурмандын тагдырындай чечилет.
Турмуш ошол - кайчы өтүп өмүрдөн, -
Бүбүжандар, Зарипалар кечигет.

Сүйүү издейт - Ишенимдүү Тунукту,
Эч жактырбай шумдук менен куулукту.
Кантип сүйөт, кантип алдайт билбеймин,- Болсо эгерде бардыгы тең укуктуу.

Сезимиңиз Сезимге дал келишип,
Өмүрдү да эч аянбай беришип.
Жолуккансыз Махабатка айрылгыс, -
Ала-Тоонун тандап гүлүн теришип.

Сүйүүсү бар - пенделиктен жогору,
Бийик келет, Терең келет - аруу ойлуу.
Бул жашоонун көркүн абдан чыгарган, -
Сезимталдуу, Жандүйнөлүү - чоң орду.

Чыгармаңыз, анан дагы жаштык кез,
Алып келди Махабатка бетме-бет.
Кыйын экен Махабатта туруктуу, -
Сактап калуу суук көздөрдөн жекме-жек.

Сезими бар -желбиреген желектей,
Бийик өскөн кош өмүрлүү теректей.
Өмүрүңүз күн нуруна чайыган, -
Сиздин Сүйүү кереметтүү, элестей.

Тагдырлаштык тартуусундай тоорулуп,
Аппак Сүйүү өзү келди жолугуп.
Баарынан да Бийик турду Махабат, -
Жүргөн жоксуз жашырынып, корунуп.

Атак-даңкты, бийликти да тандабай,
Мажнун өңдүү эч нерсеге карабай.
Бүт өмүрдө өчпөс жарык шам болду, -
Жаркын Элес көз алдыда тарабай.

Жаркын элес... Бийиктикте Ак жылдыз
Башка эмес, өңү-түсү кыпкыргыз.
Кыргыздар да Сүйүшкөндү билишет, -
Өмүрдөн да, көңүлдөн да эч чыккыс.
Баары турду - көз ирмебей жарданып,
Айтматовдой Сүйө албаса арданып.
Жандүйнөгө буйругу да өтө албай, -
Чоң Сүйүүгө ЦК дагы каарданып.

"Оозу кыйшык" пенделер бар иши арам,
Сойлоп жүрөөр сөөлжандай тек араң.
Чырмоок сымал чырмайбыз деп ойлошкон, -
Ушак-айың билсең эгер бүт жараң.

Айбандар жүр - кара ниет кат ташып ,
Тилеги таш, кетсе экен дейт бак тайып.
Айтматов Айтматовдой сүйө алат, -
Барбадыңыз - бирөөгө да актанып.

Сагынуулар, кайгыруулар болгондур,
Жан дүйнөгө айтпас арман толгондур.
Балким ойлор тоскоолдорго кептелип, -
Жазылбастан чыгармалар соолгондур.

Легендалар улам-улам жаралып,
Ооздон-оозго дастан болуп таралып.
Кубанабыз, түшүнгөндөр көп экен, -
Айыпталбай, кайра Бийик саналып.

Сүйүү келди -жаш жигиттей шартылдап,
Чагылгандай капысынан чартылдап.
Баарын жеңди - Аппак Сүйүү - Акыйкат,
Гүл сыяктуу таш үстүндө жашылдап.

Жандүйнөгө жазылгансып күбөлүк,
Сезимди Сиз сактадыңыз түбөлүк.
Бүркүт сымал бийик-бийик учтуңуз, -
Махабаттын Асманында күүлөнүп.

Кереметпи?! Керемет го - Махабат,
Көз алданат, кызыл-тазыл чар тарап.
Улуулукка таазим кылуу - баркталат, -
Кимиңер бар?! Айтматовдой айта алат.

Кантип Өлүм?! Акылга эч сыйбады,
Сүйүү өлбөйт, Өлүмгө аны кыйбады.
Издегендей ак ботосун боз инген, -
Жандүйнөңүз канча жолу ыйлады.

Оо, Махабат, табышмактуу жашынган,
Жаштык кезге Махабат да шашылган.
Жандүйнөгө бүлүк салган өртсүңбү,
Өзүң үчүн Пушкин дагы атылган.

Оо, Махабат, Айтматовдой арбалдым,
Туткун түшүп, капканына кармалдым.
Толкундадым, жана дагы кубандым, -
Учуп-күйүп, жердин жүзүн айландым.

Оо, Махабат, нечен ирет алдандым,
Чыдабадым күйүтүнө армандын.
Адаштырып, туңгуюкка салсаң да, -
Ээрчип алып, көлөкөңдөн калбадым.

Оо, Махабат, Айтматов да даңктаган,
Жамийланы, Даниярды жактаган.
Мен да сүйүп - өмүрүмдө өзгөчө, -
Болгум келет - Жандүйнөнү барктаган.

Оо, Махабат, тайгаландым, тайыдым,
Сенде эмес, менде күнөө айыбым.
Махабатсыз жашоо, жашоо - жашоо эмес,
Билсең эгер Махабат деп арыдым.

Жолум тарбы, жолум кеңби, билбеймин,
Жарым-жарты, көңүл үчүн сүйбөймүн.
Бардык мезгил Махабатка таандык деп, -
Танабайдай, Едигейдей үндөдүм.

Жүрөгүм Сен, оюңду айт, оңду айт,
Айыкпастай Махабаттан оорум дарт.
Эмне кылам, кеңеш мага бериңиз
Келдим Сизге Махабатты моюндап...

Абдылдажан Акматалиев
Ата-Бейит, 7-май, 2009-жыл