п»ї

  Сактыкта кордук жок

Кыргызстан -шылуундардын мекени
Редакцияга арманын көтөрүнүп Дыйканбаева Сардал аттуу айым келиптир. Буркурап ыйласа, жанында адам чыдап тура албайт. Өз мекенинен көңүл калгандан Кудай сактасын. Мекениң тар болсо, мекениңде укугуң тебеленип, кордолуп, кемсинип калсаң, анда эле сенин эмес, мекениңдин күнү бүттү деп бил. Эмне үчүн мекенсиз улуттарды аялуу карайбыз? Анткени, алардын өз улутунан куралган мамлекети, мамлекетинин чокусунда желбиреген желеги, улутун даңктаган гимни жок. Алар үчүн күйүп - бышкан эл башчылары жок. Бирок, мекениңде жүрүп, берегидей абалга тушуксаң, желбиреген желегинде кут барбы да, аба жаңырткан гимни кимге керек?
Мындай тагдырлар көп. Карапайым калктын ар бир үчүнчүсү тажрыйбалуу аферисттерге алдангандар. Ал эми ошол аферисттердин тажрыйбалуу болушуна ким шарт түзүп берди? Эгерде өлкөбүздө укуктун колу узун, абийири таза болсо ошолор ушунча алыс узай алышмак эмес. Биринчи эле алдоосунда сыйыртмакка илинип, темир тордун артында арманын Кудайга айтышмак. А бизде тескерисинче, аферисттер мектеби өсүп чыкты. Демек, алардан тамактанып аткан чоң күчтөр бар.

Ден соолукка алмашылган үй

Сардал Дыйканбаева балдар үйүндө өзүнө өзү тиешелүү болуп, эне-атанын мээриминен сырт чоңойсо дагы, турмушун жөнгө салып, турмушка чыгып, уул - кызга эне болуптур. Бирок, касын тиккен тагдыр оңою менен жеңиле койбой, өмүрлүк жолдошу каза табат. Эки баланын түйшүгүн жалгыз көтөрүп эрезеге жеткирди. Анан эле союз урап, ар бир мамлекетке жекече жашоо келди. Эч ким менен эч кимдин иши жок, эптеп эле өз көмөчүнө күл тартып, ар ким өзүм жашайын болду да калды. Башкалар чыркырап жан багалбай калган чакта, чиедей эки баласынан башка тууганы, жанкүйөрү жок аялга ким жардам бермек эле? Жетим киндигин өзү кесет. Өлкөдө кымбатчылык, жумушсуздук. Ары түртүлдү, бери түртүлдү. Акыры көптүн бири катарында Россияга иштөөгө жөнөдү. Россия болбогондо кыргыз эчак ачкадан боо - боо түшүп кырылып калмак. Орустар барган адамга эле акчаны оңой - олтоң кармата койбостур. Кемсинди, кордолду, ызага муунду, ысыгында, суугунда калды. Оор иштерде иштеди. Алты жылдык Россиянын суугу ден соолугун алып, бөйрөгүн жабыркатып, ордуна үй берди. Топтогон акчасына Бишкектин Чыгыш -5 кичирайонунан бир бөлмө үй алып, эми гана кенен дем алып, башына баш калканчы бар экенине шүгүр келтирген. Ал арада уулу үйлөнүп, кыз-уул, келини болуп чогуу жашап атышты. Ошол учурда Сардал Дыйканбаеванын кызы Миргүл Дыйканбаева кошуна офисте иштешкен Бакыт Зундунов деген жигиттин айтканына ишенип, үйүнүн документтерин кармата берет. Анын айтуусунда кыз бир бөлмө үйүн күрөөгө койсо, кредит алып Бакыт биртке иштетип пайызын чыгарып берсе, бир бөлмө үйдүн ордуна эки бөлмө үйлүү болуп калмак. Аферисттер адамдар менен кандай мамиле курууну, кантип макулдатуунун ыкмасын эң сонун өздөштүргөн психолог болушат. Анын үстүнө ал жигит ошол учурда Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү боюнча фондунун Ош областтык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеп турган. Миргүл Дыйканбаева менен маңдайлаш офисте үч жылдай чогуу иштешип, көп жолу Миргүлдөн карызга акча сураган. Алган акчасын айткан убагында берип тургандыктан Миргүл анын бул кебине да ишенди. Ал жөнүндө апасына айтпады. Оюнда үйдү чоңойто турган убак келгенде гана апасына "сюрприз" кылмай болду. Нотариуста кызга мүлк сатып аткан адамга милдеттүү түрдө берилүүчү суроолор берилген жок. Бакыт экөөнүн сүйлөшүүсүнүн негизинде Миргүл үй саткан адам катары эсептелгени менен ага кызыккан эч ким болгон жок. Аз убакыттын ичинде кагазга кол койдурушуп, энесинин маңдай терине алынган үй шылуундун колуна өттү. Кызыгы, жөн учурда бир нече күн, ал турмак айды талап кылчу майда-барат иштер бир күндүн ичинде бүткөрүлүп, он күндөн соң Азия Универсал Банктан 1 миллион 176 миң акча алышты. Аныгы, ал акчаны Бакыт алды, кызга бир - эки ай иштеткенден кийин гана проценти менен кайтарып бермей болду. Документтер боюнча Бакыт үйдү кыздан сатып алып, өзүнүн менчиги катарында банка күрөөгө койгон. Бирок, үйдүн сатып алганда берилчү акчасын берген эмес. Болду. Өзүнүн милдетин ийгиликтүү, толук аткарып бүткөн Бакыт изсиз жоголот. Эси чыккан кыз издеп, сурамжылап да таба албайт. Куду кумга түшкөн тамчы суудай. Алты айдан соң гана Бакыттын түрмөдө жаткандыгы билинет. Ал жак менен байланышса, ал жерде да жөн жатпай, "Ушунча күттүң, эми дагы кичине чыдай тур. Андан көрө менин бул жерден чыгышыма жардамдаш. Чыгаарым менен акчаларымды топтоп, сага болгон карызымдан кутулам. Мен бул жерде болуп, көзөмөл жок эркиндикте жүргөн балдар жакшы иштешпей атышат", дейт. Ага ишенген кыз, миң долларды эптеп таап, колуна берет. "Үй албасам да мейли, эртерээк чыгып, өзүмдүн үйүмдү кайтарып бер. Апам билбесин", деген. Дагы жок. Эркиндикке чыкканы белгилүү, бирок кайда экендигин эч ким билбейт. Бир күнү үйүнө соттон келген чакыруудан улам эже болгон окуядан кабардар болуп, алгач дендароо болуп эсин жоготсо да, анан барып акылын жыйып, Бакыт Зунденовдун үстүнөн Свердлов райондук сотуна арыз берет. Бирок, Сардал Дыйканбаевага чейин бергендердин арызынын негизинде Кыргызстандын тогуз жаранын алдап, үй - мүлкүн ар кандай жол менен өзүнө өткөрүп алган кылмышкерге жалпысынан 5 миллион карызы менен үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууга өкүм чыгарылды. Өкүм чыгарышты, а бирок, үйсүз калган адамдардын көз жашы эч кимди ойлонткон жок.

Тоок уурдаганга тогуз жыл , 5 миллионго беш күн

Урматтуу сот! Эгерде кайсы кылмышка канча жылдан канча жылга берүү керектигин унутуп калган болсоңуз, абакты айланып көрүңүз. Тоок уурдагандар, жумуртка уурдагандар канча жылга кесилишти да, канча деген бейкүнөө адамдардын көз жашы, маңдай теринен куралган мүлкүн уурдап алганга өтө эле "мээримдүүлүк" кылып жиберген жоксузбу? Же сизге Бакыт Зундунов адамдарды оңой алдоо, оокатты оңой табуунун "рецебин" үйрөтөм дедиби? Же балким, алдап алган акчаларынын жарымынан сизге кайрылышкандыр. Андай болсо, билиңиз, ал - элдин көз жаш, көкүрөк дартынан бүткөн акча, күйгүзүп жиберип жүрбөсүн сизди.

Карга карганын көзүн чокубайт

Мындай алдамчылыкка кириптер болгон бир гана ушул эже эмес. Канча адамдар каратып туруп, токочун тарттырып жиберип жатышат. Аферисттерди издеп таппай калгыдай Кыргызстан Америка же, Россия эмес. 5 миллион калкты беш күн сапырса эле чыга калмак. Бирок, анткенге каалоо керек. Каалоо жок кайдыгерликтин айынан кылмыштуулук өсүп баратат. Күчтүүлөр каратып да, каратпай да, каратаман калкты алдап да алкымын толтуруш керек. Өңгө бүтүп, эми калктын маңдай теринен табылган азыраак мүлкү көздөрүнөн өтүп баратат. Минткенибиздин себеби, жогору жакта жөлөгү болбосо бул аферист ушунча убак сайран кура алмак эмес. Бул жигит көчөдөн келип алдамчылыгын жүргүзгөн жок, эмгектенген кызматы - кичи бизнести өнүктүрүү - алдамчылыгына шарт түзүп турат. Мамлекеттик структурада иштеген адам мамлекетке 5 млн сом зыян келтиргиче каякты карап жүрдүк. Эже мындан эки жыл мурун, үйүн күрөөгө коюп, кредит алайын дегенде "бир бөлмө үйгө кредит бербейбиз", деген жооп уккан. Берген күндө да 3000 доллардан ашпасын айтышкан, он күндүн ичинде алынган 1 миллион 176 миң сом сумма тургай. Бакыттын учредители катары катталган алтымыштагы байбиченин жээни Азия Универсал Банкында иштей турганы күдүк кептерден улам айтылган. Эгерде бул күдүктөнүү чындык жагына бурула турган болсо, сокурга да бул иштин схемасы көрүнүп турат.
Анда эмнеге өздөрүнүн аферистин өздөрү үч айга болсо да камакка алышты, деген суроо туулат. Бакыт алдагандардын бардыгы эле эже сыяктуу жакын тууганы, жан тартары жоктор эмес. Арасында жогорку жакка бир тамыры илинип калгандары да жок эмес болсо керек. Ошолордун арыздануусу бул ишти алып баруучуларды бир аз чочутуп, Бакытты үч айга абактын атайын "курортуна" жөнөтүп коюуну туура көрүшкөн. Көз көрүнөө алданып калышып, ачууларын кимден чыгарарын билбей турушкан көпчүлүктүн көзүн жазгыруу үчүн. Анан кайра үч айга эркиндикке "эс алып" келгени чыгарышты, кайра эки - үч айга камашты. Анан болгон сотто тигинтип ачыктагы үч жылды моюнуна илип коюшту. Бул алардын "талантыңды ташкындата бер", деп аферисттик "карьерасына" колдоо көрсөтүп, өбөлгө түзгөндөрүбү? Боштондукта жүрсө, карыздарын төлөп бергенге шарт болот, дешиптир, бирок, эмки маселе 5 миллион сомду төлөп бере алабы? Төлөп бериш үчүн, кесиби менен - адамдарды алдоо менен алектениш керек. Натыйжада, дагы биринин шапкесин бирине кийгизмей башталат.

Кимдин адвокаты? Акчанынбы, адамдынбы?

Акчасы бар адамдын сөзү өтүмдүү. Эже адвокат жалдаганга да аракет кылып көрдү. Акча берген учурда эже тарапта болду, акчасы калбай калып, сураганын кармата албай калганда "кызың өзү кол коюптур, өзүңөр күнөөлүүсүңөр", деп Зундунов тарапка ооду. Башкаларга эле эмес адвокатка да жыргаган экенбиз. Ооба, кыз өзү кол койгон. Ошол кой койдурганга анын алдамчылык сөздөрү себеп болуп отурбайбы. Акчасын бербей үйүн сатып алды, мейли процентин бербесе да, ошол үйдүн өзүнүн наркын бериш керек беле. Бул же, эмне алдамчылыкка жатпайбы.

"Калк - Шайлоо болоордо адам, башка учурда кумурска"

Бакыт Зундунов соттолумуш болуп чыкты. Калганы кандай болот? Жалпысынан бириктиргенде элди 5 миллион сомго алдаптыр. Анысын кайтарып береби же, үч жылдык эркиндиктеги абагы менен кутулуп кетеби? Андай болсо, тоок уурдагандан көрө миллион уурдагандын жарасы жеңил окшойт. Бул тоок уурдабай, миллион уурдагыла деген үлгүбү? Ал эми эже небереси, келини, уулу, кызы менен кайда барат? Мекенинен безип, кара жанын карч уруп тапкан үйүн жөн эле бирөөгө кармата береби? Үйүңдү алдап алган адам мыйзам чегинде жазаланып, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажырады, деген кеп сооротобу? Орустардын катуу кебин угуп, кемсинткенине, шылдыңына каяша айталбай көзүн жуумп, милицияларынан коркуп бөжөктөй бөгүп, скинхеттеринин кылыктарын угуп - көрүп, ар күн сайын ажал менен кармашып жумушка каттап алты жыл иштөө оңой эмес. Алты жылда канча ден соолук кетти, канча өмүрлөр агып кетти. "Өзүңөр билгениңердей жан баккыла, дешти. Мамлекетке жумуш таап берет деп үмүтүбүздү артпай, талаалап иштеп кеттик. Анан минтип башка өлкөнүн ысык - суугунан жыйнап келген маңдай терибизди да бизге ыраа көрбөй тартып алып отурушат. Эмне кылышыбыз керек? Минте берсе, шайлоодо гана кол топтогондо адам катары, калган учурда кумурска катары көрүшсө, эсептешишпесе, укугубузду коргошпосо, өлүп калалы, Кыргызстанда бийлик гана жашай берсин!" дейт жаны күйгөн эже. Адам күйгөндө чындык чыркырап оозунан чыга качат. Акчалуунун кебин эп деп, акчасызды жектеп калкыңарды кырып алгыла, дегиң келет. Эл мамлекеттен азыр эч нерсе күтпөй калды. Колунан келгенин жасап, темселеп алыс жакка барып, тытынып иштеп, жашоосун өткөрүп атышат. Элдин ошол тапканын да элге ыраа көргүсү келбеген мамлекетте кайсы абийир?..

Элди алдоодон башка акчанын булагы калбадыбы?

Аферисттердин өлкөсүнө айланып баратабыз. Кыргызстан аты өчүп, Аферистан болуп кетчүүгө аз калды. Ансыз да кыргыз деген тилибиз, кыргыз деген дилибиз соолуп баратканда бул ат куп жарашат. Болбосо, эмнеге чыныгы ашынган аферисттерди бооруна тартып, андан жабыркаган эл берки четте эле калып кетишүүдө. Ушунун өзү мамлекет аферисттерди коргоого алгандыгынын далили. "Азия Курулуштун" миллиондогон лотореясы сатылды, башкы утуш үй деген калп жамынма менен. Ипотека деп башты айландырып, элди бир дүрбөттү, колундагы акыркы акчасын жула качып. Элди алдагандан башка акча табуунун булагы калбай баратабы? Анын төрайымы да бир айга камакка алынымыш болду. Бүтүндөй өлкөнүн жарандарын сөөмөйүнө айландырып ойногон адамды бир айлык камакка алуу күлкүлүү эмеспи. Андан көрө жылуу ордунан козгоп, бир ай тияк - биякка сүйрөбөй деле коюшса болмок. Ал айым да Бакыт катары уюгушкан чоң аферанын бир илинчеги. Өзү да, жолдошу да Россиянын атуулдары. Атуулдугун саткан адам өлкөгө жакшы пайдасын тийгизбейт. Бирок, жалгыз өзү ушунча элди алдоого назик добуш, ийилген кирпик, балбылдаган көздөрү менен даай алмак эмес. Айымдын кимдин болбосун ишенимине назик сүйлөп, жарашыктуу жылмаюсу тез кирерин аныктаган дөө - шаалар өздөрү көшөгөнүн артына жашынышып, сахнага көргөзөмөгө аны коюп коюшту. Улуттук каналдын президенти эфиринен эмнеге убакыт бөлүп берип атканын карабай кайда карап отурат. Мелис Эшимканов башканы сындаса жакшы сайрайт, ушуга келгенде кантип эле баёо бала боло калды. Эртең бирөө келип, акчасын таштап, эки саат бою эфирден: "Эртең саат мынчада жер титирөө болот, үй - жайыңарды ачык таштап талаага чыгып кеткиле. Болбосо, апаат болосуңар", деп какшанса да мейли дейт бул кейпинде. Эң негизгиси керектүү сумма чөнтөгүнө жылмышса болгону. Улуттук канал улутун алдаганга шарт түзүп берсе, оңгонубуз ошол. Азия курулуштун бир шылтоосу кризис. Жаман түш көрсөң Байматка жору. Биздин Баймат кризис болду. Деги биз кризистен чыгып көрдүк беле. Он сегиз жылдан бери кризистен башыбыз арылбай келатабыз. Чоң державалар кризис келди десе, бул жакта туруп алып, калп эле кризис деп кокуйлап калдык. Бизге кризис келген жок, кризис бизден он сегиз жылдан бери кеталбай атат. Президенттик программа менен улуттук каналдан кетип аткан компания аферист болсо афералардын учугу кайда отурарына чыйыр тапталып калып атат. Анан албетте, андайлардын шериктештери камалып, караланмак беле, аларга сот өкүмүн жүргүзмөк беле. Мыйзам каратаман калк үчүн жазылган.
Ошондой болсо да, алдангандар акыркы үмүт менен калыстыкты күтүшөт. Күтүүнүн чеги болобу?..

Г. Турусбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
19-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
Кытай духу Ала-Тоо аянтын эки жума басып жатты
4-бет
Акылбек ЖАПАРОВ, Экономика жана соода министри:
"Бизнес жүргүзүү" рейтингинин көтөрүлүшү менен Кыргызстандын келечеги оңолот

5-бет
А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүттөө штабынын жетекчиси Бакыт БЕШИМОВ:
"Коомдо адам сынып калбаш үчүн күрөшүш керек""

6-бет
Жоомарт Сапарбаев:
"БЭКтин активисттерине бийлик тараптан кысым күчөдү"

7-бет
"Мажнунга" айлансаң
президенттер

8-бет
Жаштар коомдун
10-бет
Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара

11-бет
Кыргызстан -шылуундардын мекени
12-бет
Залкар жазуучу замандаштарын таштап кеткенине бир жыл толду
Чыңгыз баскан из менен

13-бет
Ыйык бешик кыргыз киносунда
14-бет
ИТ ТУРМУШ
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ыйык жайга зыярат










??.??