19.06.09 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эстутум

Улуу сүйүү, улуу тагдыр
Чыңгыз, Керез жана Бүбүсара
Сөз өнөрүнүн устаты, улуттун сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун байбичеси Керез эжеге бир жолуксам, айтылуу жазуучуга айтылуу кыздардын бири болгон даңазалуу аялзатын өз көзүм менен көрүп жазсам, деп дегдеп жүргөм. Мына эми журт атасынын амандыгын тилеп, элинин атын чыгарган сейрек жаралуучу адам экенине ыраазы болуп, акыркы мүнөтүнө чейин жаман айтпай, бешенеге жазганына ынанып, жалкы өмүр сүрүп келаткан бул байбиче мага Умай энедей таза, ыйыктай сезилип алдымда отурду...

"Чын өмүрдү Чыңгыз менен өткөрдүм,
Ал сүйүүмдү Чыңгыз дагы жазалбас..."

Ушундай тема коюлган эскерүүмдү маркум Чынгыз Айтматовго көрсөткөн элем. Ал киши ичинен тына дем алып, көз жүгүртүп отурду. "Чыңгыз Төрөкулович! Ушул жакка мындан жети жыл мурда келдим эле. Керез эже менен сырдашып кайткан элем. Бул эскерүүм аягына чыкпай калгандай туюла берет. Сиз менен да ушул темада сүйлөшсөм деген оюм бар",- дедим. Башын ийкеп, телефон чалып, кабарлашалы дегендей болуп макулдук берген эле. Бирок сүйлөшө албай калдым.

Канчалык улуу адам болбосун, ааламды багынтып жатканы менен жеке турмушта, тагдыр жазмышына өкүнбөгөн ким бар. Кыйын адамдын да тагдыры кыйын, ошончолук татаал болот окшобойбу. Анын сыңарындай узун тилден тамган ушак-айыңдар, ал кишинин атына айтылган жакшы сөздөр, уютулган алтындай келбетинен жазбай өмүр сүрүп, эли менен эл болуп, мыкты адамдардын оозунда жашап, мындай байбиче бир гана улуу жазуучунун байбичесине жарашат деген адамдын өмүрү кызыктырбай коймокпу.

Чоң-Арык айылындагы мамлекеттик дачаларга кирип баратам. Белгилүү чиновниктердин үйлөрү тизиле жайгашкан. Алардын ичинен Айтматовдун дачасы кайсыл экенин билбей турдум. Бир дача эшиги ачык турганы үчүн айырмаланып турат. Түз эле ошол эшиги ачык турган үйдү карай басып баратып, жүрөксүп алдым. "Кандай кабыл алат", деген суроо мээме урунуп, телефон аркылуу макулдашып алганыман бир аз көңүлүм жайланса да, тынчсыздануу ээлеп алды. Эшик алды таптаза короого кирдим.
Ошентип, каалгадан баш бакканымда ыйманы бешенесинен төгүлгөн, нарк-нускасын боюна көтөргөн, жең-жакасы башка түс менен жасалуу халат кийген ак жүздүү байбиче утурлай басып келатканы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда калды. Мени менен учурашып, жылуу ырайы менен жүз бага карап, оро-парасындагы жумшак орундукту жаңсай, өзү да так ошондой отургучка отура кетти.
Деги майдаланбай белгилүү адамдардын өмүр таржымалынын урунттуу жерлерин алсам деп, сүрдөп, да апкаарып алдым. Анткени, Керез эже менен сүйлөшүп, таанышып отурган менен ошол эле убакта Чыңгыз деген бир улуу инсандын да жандүйнөсү, өмүрү, баскан-турганы ушул эле үйдүн ичинде, бизден ары жактагы иш бөлмөдө иштеп отургансып, же уктап жаткандай жылуу да, тааныш да шоорат таасирлентип турду.
Керез Шамшыбаева эженин атасы бир чөлкөмгө көрүнүктүү киши болгон. Апасы да колунан көөрү төгүлгөн чебер, нарк-нускалуу зайып экен. Тектүү жердин тарбиясын көргөндүгү Керез эженин баскан турганынан, кийим кийгенинен, орундуу сөздөрүнөн, алган билиминен көрүнүп турат.
Эженин идиректүүлүгүн байкап калган атасы менен бир тууган эжеси Айша эже шаарга алып келип окутат. Шаардагы №5-мектебинен орто билимдүү болуп, курбусу, Абдылас Малдыбаевдин кызы Толкун эже менен Москвадагы адабият институтуна жолдомо алышат. Бул 1948-49-жылдар эле. Мектепти жакшы бүткөн кыз үчүн кайсы окууга өтүү проблемасы жок болчу. Ошондонбу, Айша эжеси анда (Беловодскидеги майып балдар үйүнүн директору болгон) Москвага убагында акча жөнөтө албайм, деп Керез эжени Фрунзедеги мединститутка тапшыртат. Анын бул кесипти тандап бергени да Айша эженин ээлеген кызматындагы аялуу сезиминен улам болсо керек. Анда атактуу хирург Ахунбаев мединституттун ректору экен. (Айтматовдун "Фудзиямадагы кадыр түнүндөгү" Айша апанын прототиби ушул Айша эже болгон).
Ошентип студенттик күндөр шуулдап өткөнүн билдирбей, комсомолдук иштерге тез аралашып, институттун коомдук иштерине сүңгүп кирет. Анда элеттен саналуу кыздар окучу. Болгондо да Керез эже интеллигенттин үй-бүлөсүндө тарбияланып, шаардан орто мектепти бүтүп, орус тилин катыра сүйлөгөн, көп кыздын арасынан топ жарып көрүнгөн аппак, бой мүчөсү келишкен кыз шаардагы жогорку окуу жайларында окуган студенттердин көзүнө тез эле көрүндү.
Болочоктогу улуу жазуучунун көзүнө илингени да ошондон. Ага ошол маалда менмин деген бай-бийлердин балдары оролоп колун сунгандар көп болду. Өң-келбеттүү кыз өзү да алдынан алоолоп келген сезимдин кулу болуп, колунда жогуна, күйөөсү репрессияга туш болгон жүрөгү жаралуу Нагима эненин баласы экенине карабай, бой салып берди. Бул жерде тагдырдын ташы адашпаптыр дейсиң. Нагима эне Керездей келиндүү болгонуна кудайга миң мертебе ыраазы болгон. Керез эже канчалык кайын-журтунда кыйынчылык күтүп турганына карабай, ал үйдүн коломтосун өчүрбөшкө көзү жеткен болуш керек. Ошол кезде майып балдар үйүнүн директору болуп турган Айша эженин шаарда таасири бир топ болчу. Турмушту кылдат талдаган Айша эженин каршылыгына карабай Керез эже Чыңгыз авага турмушка чыгып кетет. Нагима эне Айтматовдордун үйбүлөсүн сыйлоону, улуулардын кебин жерге таштабай угууну кулагына муютуп, тектүү жердин кызы дал ошондой кабыл алып, ошого калыптанып калат. Санжар, Аскар аттуу уулдарды төрөп, үйбүлөлүк ынтымакты, сүйүүнү бекемдейт.
Аңгемебиздин учугу уланып отуруп, эки адамдын ортосундагы махабат, жаштык сымак сөздөргө такалды. Айтматовдун "Чолпон", "Жамийла", "Биринчи мугалим" аттуу чыгармалары ушул Керез эженин Чыңгыздын жаштыгынан, махабаттан алган сезимдер менен коштолору талашсыз.
Эже улам токтолуп отурган сөздөрүн улады:
- Албетте, Чыңгыздын чыгармаларында не деген албан сезимдерди жаратып, окурмандардын тамакайын так кылганы, дүйнө элине таанымал болгону менен, менин бактымды, менин сүйүүмдү Чыңгыз жаза албайт..." - деди Айша эженин сүрөтүн колуна алып.
Кийин түшүнсө, Айша эжеси аны өзү сыяктуу аты таанымал, колунда бар жерге бергиси келген тура. Көрсө, жалгыз боюнан башка эчтекеси жоктой, атасы куугунтукталып жүргөн айыл чарба институтунун студентине бере коюу оңой болгон эмес экен. Анын үстүнө орус, кыргыз тилдерин так билип, келечекте же комсомолдук ишмер, же мыкты врач болоору эмитен билинип калган кызга ошо кездеги менмин деген студенттер менен кыйын бүлөлөр артынан чуркап тынчын ала баштаган убак.
Балким, тагдыр башка буйрук кылса деген сыяктуу жандүйнөнү кыйнаган суроолордон эже кысылып кеттиби, көз айнегин колуна алып, демин аста сыртка чыгарып отургандыгы ортолуктагы байкоолордон улам азыр эле суктанып отурган үйдөн үшүгөндөй суук уруп, качкым келди. Жайнап турган дүр-дүйнө жасалгалар анчейин көрүнбөй кетти. Анткени улуу жазуучунун урматына эже өз өмүрүн курмандыкка чалганын, качан болсо Айтматовдун дарегине жамандык угулбасын деген ой-максаттары өмүрдүн жетимиш жашына билиндирбей жетелеп жүрүп жеткириптир. Керез эже Айтматов деген ысымды ардактагандардын катарында турамын деп сөз улады:
- А кезде Чыңгыз башкалардан айырмаланчу эмес. Бою узун, арык, беттерин безетки басып, бодур-ала болгон, курган. Анысынан уялып корунуп да тураар эле.Бирок өзгөчө жароокерлиги, келечекке дилгир караганы, билимдүүлүгү, эмгекчилдиги менин жаш жүрөгүмдү жибитип, кандайдыр сүйдүрүп турар эле. Кээде Чыңгыз жөнүндө ойлогонумда, баары бир жазмышка ишенип да кетем. Азыр Чыңгызды сүйбөгөн жан жоктур. Мен кезинде чуулгандуу талашка түшүп, ошо кездеги бардар үйбүлөдө өскөнүм, мыкты окуп, элдин оозуна илингеним, өң-чырай, башкалардан артыкчылыгымды сезгенби, Чыңгыздын бүгүнкү атак-даңкын ошондо мен да сезгенминби, кудалап барганга алы келбеген илмийген бир зоотехник экенине карабай баарынан кечип, Чыңгыздын этегин кармап кеткенмин. Чыңгыздын жүрөгүндөгү менин ордум ошол.
Керез эженин оюн бузбай угуп отурдум. Улам колундагы сүрөткө узакка тигилип, өткөн өмүрүн салаадан дагы бир сыйра чубуртуп, салаадан куюлуп түшүп калган таттуу күндөрүн көрүп жаттыбы.
- Мага бериңизчи, көрөйүн,-дедим колундагы сүрөттү ала коюп.
- Бул Чыңгыз экөөбүздүн эң таалайлуу кезибиз эле... Эки уулдуу болуп, ырысыбыз ашып-ташып турган чак...
Эже сөздү андан ары улабады. Бир калыпта алып аткан деми токтоло калгандай болду. Же менин туюмум ушундай болдубу? Улуу адамдар жолуккан жылдар, андагы тунук сүйүү, сезимдердин толкун илеби сыйпап өткөндөй болгонсуду. Анткенге эженин нарк-насили, аялдык сапаты, балдарына эне болгондой, кайненеси Нагима эненин оорун колдон, жеңилин жерден алып, мезгилдин кыйынчылыгынан чыгууда Керез эженин салымы чоң болгону айтпаса да түшүнүктүү. Кайынсиңдилерине жеңе эмес, энедей таасир берүүсү, Айтматовдордун үйбүлөсүнүн урмат-сыйын биринчи орунга коюп, өз кызыкчылыгын көздөп басып кетпегендеги жалгыздыкты бир эже, бир Кудай билет.
Демин оор үшкүрүк менен сыртка чыгарганча, дем алгандай болуп басыңкы үн менен: "Кыйынмын деген Чыкемди деле тагдырдын оомал-төкмөл ташы айласын мукуратып, кыйнабай койду дейсиңби, балам",-дебедиби жарыктык Керез эже.
Керез эже эмнегедир буулуккан ой туткунунан чыга албай турса да, сөз учугун улай берди:
- Убагында түшүнгөн эмес экенмин. Чыңгыз алса, Бүбүсараны алмак. Албай калды. Ага Бүбүсара жол бербеди окшойт. Аны эми түшүнүп атпаймынбы... Эженин сөзүнө сөз кошпой, унчукпай угуп отурдум.
- Көрсө... Ал улуу адам тура. Чыңгыздын келечегин сезген тура... Улуттун келечегине, тагдырына жазылган адамды кепке-сөзгө калбасын, бүтүнү бүлүнбөсүн, ачык жүз менен элге тике карап жүрсүн деген тура, маркум. Ал барган жерге мен деле барам го. Эрте кетти. Бүбүсара табийгаттын элге берген белеги эмес беле. Андай сулуу аял кыргызда дагы качан төрөлөт? Бул табышмак.
- Бул Чыңгыз экөөбүз түшкөн сүрөттү кайра өз колума тапшыр, мындан бирөө эле калды. Өткөн өмүр кысасын чыгарып эскерүү жазсамбы дегем. Эми кеч болуп калды. Ооруп да калдым. Кан басымым жогорулап, жүрөгүм тынчымды алып калды го... Бул оору эми мени соо калтырбайт...
"Бул сүрөт бирөө эле калды, өз колума тийгиз", деген эженин керээзин, акыркы сөзүн аткарбай, бир жагы пенделик, чыгынбастык менен жүрүп аялуу сүрөттү көзүнүн тирүүсүндө тапшыра албай калдым. Кечириңиз! Керез эженин сөздөрүн көзү өтүп кеткенден кийин бир кечигибираак эскерип жатканыма жагдайлар бар эле. Эже ооруканада жатканда Чыңгыз ага келип, экөө гана палатада сүйлөшүптүр. Анан Айтматов көзүнүн жашын сүртүп, ыйлап чыгып келатканын көргөнүн айтып берди бир таланткер. Чоң жазуучуну кандай себептер ыйлатты экен. Балким Керез эже, Чыңгыздын колун акыркы жолу кыса кармап, коштошуп, сени кечирдим дегендир! Көп жылдар бирге болбогон аралыктагы өткөн-кеткен окуяларды эске алыштыбы бекен. Же өмүрдүн эч нерсеге алмаштыргыс баалуу кездерин эске салыштыбы. Айтор, Айтматовдой жазуучунун жүрөгү бир нерсеге катуу толгонгон болуш керек.
Анан да Керез эже врач катары күнү түгөнүп, суусу бүтөрүн алда-качан сезип, каерге коюларын да ойлонбой койбогондур. Бул жарык дүйнө менен кош айтышып жатып, Чыңгыз авага :"Чуулгандуу, тынчы жок шаарга менин сөөгүмдү койбогула. Мени шамалдуу Байтиктин Бас-Бөлтөгүнө койгула. Мен күтүүдөн чарчадым, бир эс алып жатайынчы", дегендир.
Улуу сүйүү, улуу тагдырдын жаратмандары Керез эже 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми 2008-жыл 10-июнь күнү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов оо дүйнө салган армандуу таң аткан...

Жаркын Суран кызы,
"Азаттык" үналгысынын
кабарчысы.