№22, 19.06.09. • "Кыргыз руху гезити, кыргызча... Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви




  Күчкө каршы - биримдик!

Жети дайра бир өзөнгө бирикти
Бийликтин оппозицияны ыдыратуу планы ишке ашкан жок. 11 лидердин ичинен А.Жекшенкулов камалып, Темир Cариев гана калың топтон бөлүнүп өзүнчө сапар алганы болбосо, калган жети лидер:, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, И.Исаков, Б.Бешимов, Б.Шерниязов, Э.Каптагаев, Р.Отунбаева Алмаз Атамбаевдин айланасына жетиген жылдызындай биригишти. Бул жети лидердин кимиси болбосун президенттикке ат салышууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Ө.Текебаев өзүнүн кубаттуу "Ата-Мекен" партиясы менен учурдагы президентке оңбогондой күчтүү атаандаш болмок. Азимбек Бекназаров айтылуу Аксы элинин алданган үмүтүн кайрып берүү үчүн чоң казатка аттанса, кыргыз элинин уюткусу болгон Аксы элинин майтарылбас духу кайрадан бүтүн кыргызды бириктирген авангарддык күч болмок. И.Исаков аскерий адам катары күчтөн сестенип, үмүтү бүлбүлдөгөн далайлардын үмүтүн жандырмак. Б.Бешимов сапарга аттанса, түштүк эли түрө көтөрүлүп колдоп, түндүк элинин чырагына май тамып ээрчимек. Болот Шерниязов БЭКтин атынан чыкса, жоокер духу бар элдин өлгөнү тирилип, Манас боло албаса да Чубактай чуу салмак. Э.Каптагаев окулуп бүткөн китептердин жанында, жаңы дух, жаңы ысым катары жаңырып, өзүнүн жалындуу сөздөрү, оргиналдуу ой жоруусу менен өчкөн отту тутантмак. Р.Отунбаева ОБОНго айланып ооматы кеткен аялзатынын кемигенин толуктап, мамлекет унутуп калган аялдардын калың катмарынын акыркы үмүтү болуп бермек. Бирок, бул жети азамат өз амбицияларын курмандыкка чалып, А.Атамбаевдин айланасына биригишти. Мунун өзү бул жети күч, жети дайра, жети туу ушундай биригүүнүн зарылдыгын түшүнүп, ушундай чечимге бекишкени. Ал чечимдин ар жагындагы табышмактардын баары эле ачыкка чыга бербес. Өзгөчө бир көзүң бир көзүңө жоо заманда. Болгону ушул жети азаматтын артында турган электорат ишенген адамдарынын чечимне ишенип, ошолорду сыйлап, ээрчип беришсе ошондо бүткүл кыргыз биримдиги өз күчүн көргөзө алат.




Улуу журтум, урпагы чачыраган!
Ата журтум, тирүүдөн түңүлбөгөн,
Азаттыктын таңы атып сүрүлбөгөн.
Кесилбеген киндигин моюнга ороп,
Эртеңи жок эзилип үлүңдөгөн.

Ата журтум, азаптан арылбаган,
Бечел болуп, жөтөлү кабылдаган.
Эркиндигиң эргулдар ээлеп кетсе,
Кайрып алар кайраттууң табылбаган.

Ата журтум түркөйлүк түйүндөгөн,
Котур мыйзам, шылдыңдап күлүңдөгөн.
Төрөлөрү төңкөрүш кылган сайын,
Төбөсүнөн ургандай бириндеген.

Улуу Журтум урпагы чачыраган,
Ала Кушту айласыз асыраган.
Суу башында Сулайман болуп туруп,
Суум жок деп, чөл болуп какыраган.

Чыкпай койду кыраан Манас тукуму
Кыргыз элин кырдан койчу ашырып.
Айтчы, Ата Журт, кайда калың ичигиң,
Каргашалуу ызгарларда үшүдүм.
Түркөйлөнүп, түгөлдөбөй жылдызды
Эркиндикти эмне колдон түшүрдүң?

Үбөлөнүп сындың неге быркырап,
Кайда, мурда колдоп келген ынтымак?
Кемиттиби кешигиңди, Ата Журт,
Келемиштер кемирип, жеп тыткылап?

Эл тагдырын, жер тагдырын талкалап,
Сайран курат, аксак өрдөк чалкалап.
Сезиминин сересинде бийлөөдө,
Чыгаандарың чындыгыңды балкалап.

Алп Ала-Тоо тазалыгын үзбөгөн,
"Айбан" болбо, "адамсың" деп үндөгөн.
Кайдасыңар, касиеттүү аталар,
Урпактарын учурунда түздөгөн?

Бийиктиктен тазалыкты издеген,
Улуу "чындык" уругун сээп үзбөгөн.
Кайдасыңар, кагылайын аталар,
Кан аркылуу кабарлашчу биз менен?

Калдыңарбы же туюкта атылып,
"Үрккөн эл", деп кырса, зоого асылып?
Жардам сурайм, кагылайын аталар,
Сырттын суугу койгон сөөгүн жашырып?
Чыкпай койду кыраан Манас тукуму,
Кыргыз элин кырдан койчу ашырып.

"Билерик" Бишкек




Президенттикке талапкерлер калк менен жолугушат
Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине ылайык талапкерлердин эл менен жолугушуу графиги аныкталды. Ага ылайык талапкерлердин баары чогуу түрдө Чүй облусунда20-21-22-23-24-июнда , Ысык-Көл облусунда25-26-27-июнда , Нарында 28-29, Жалал-Абад облусунда30-июнда жана 1-2-3-июлда , Ош шаарында4-июлда , Ош облусунда 5-6-7-8 -июлда, Баткен облусунда 9-10-11 -июлда, Таласта 12-13 июлда, Бишкек шаарында 14-15-16 -июлда шайлоочулар менен жолугуша алат. Жергиликтүү бийлик талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусун уюштурууга милдеттендирилди.