12.06.09 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Азия Курулуш" аферистпи?

Президенттик программа дешкенинен ишенбедик беле...
Бир көзүң бир көзүңө жоо заман. "Азия Курулуш" ЖЧКсынын төрайымы Адина Турдугулованын камакта отурганына бир айга чамалап баратат. Калкыбыз аз болгону менен үй - жайсыз жүргөндөрдүн саны арбын. Тирүүлүктө үч милдет бар: үй салыш, бак тигиш, бала тарбиялаш. Ар бир адам башына баш паанек издейт. Бишкек - миллионер шаар. Акыркы убакта сурамжылоонун натыйжасы борбордун калкы республиканын ар кайсы тарабынан жан багуунун айласын кылып агылып келгендер менен кошулуп миллионго жеткенин көрсөттү. Ошолордун баарында бир тилек - үй! Ал эми шаарда совет убагында курулган үйлөр. Өз алдыбызча мамлекет болгону бирин - серин көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргөнү менен алар калктын ак сөөк катмарына арналып курулгандар. Анткени, андай үйлөрдүн баасына чыдап "кара сөөк" сатып алалбайт. Жөнөкөй үйлөрдүн деле баасы асмандын башы. Үйлүү болуш үчүн гана канчалаган жарандар башка элге кетип атышат. Батирден батирге көчүп конгондон жадап, канча элдер ээн талаадагы жерлерди басып жыгылышып, уруксаты жок энчилеп алып, фундамент куя салышып эптеп баш калкалоонун амалын кылышты. Ушундай убакта үй деп көзү чачырагандардын асманына күн жарк этип чыга калгандай болуп, "Азия Курулуш" жакшы жөрөлгө баштаган. Жакшы болуп, элдин жүрөгүнө жакшы үмүт тартуулагандан кийин, акырына чейин жакшы болуп, убада кылган үйлөрдү бергенде кана, канча деген үйбүлөнүн сообуна калбайт беле. Бирок, бул белгисиз бирөөлөрдүн акча жасоо амалы ансыз да, кырк жамаачы көйнөк кийген карапайым элге ошол көйнөктү да ыраа көрбөй, чечип алууга болгон шылтоо болуптур…

Калкты камсыз кылабыз, деп...
Бир бөлмө үй үчүн айына үч жүз, эки бөлмө үй үчүн айына беш жүз доллар дешти. Карапайым калкты турак - жай менен камсыз кылабыз дешти. Карапайым калкпы?.. Учурда бизде орточо эмгек акы жүз долларды түзсө, карапайым калк айына үч жүз долларды кайдан табат? Үйдүн алдын ала төлөөчү акысын берип коюшуп айдын калган күндөрүндө оозун шамалга тосушабы?.. Бул дагы адаттагыдай эле кызматы, акчасы, таанышы барлардын жолун түзөп калган жокпу?.. Бирок, эл деген эл экен, аны да көтөрүп кетишти. Башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн үйбүлө мүчөлөрү бар экен, бир үйдөн беш киши иштеп, бир үй алууга аракеттеништи, айтор, мунун да жолун табышты. Түйүнчөк - таңылчагы менен ар кимдин эшигин сүзүп жүрүү канчалык көкөйгө тийгенин ушундан билиңиз, айына бөлүп акча төлөп, там - таштуу болуп калуу каалоосу көпчүлүктү ичинен "ай ушул, калпычылык го", деген ойго сызгырган менен сыртынан жетеледи.

Үй уткурбас "акылдуу" лоторея

Адина Турдугулова кыялында эчак эле биздин шаарыбыздын таза абалуу четинен чет өлкөлүк кинолордон көрүнчү жаңы типтеги, бийик кабаттуу үйлөрдү куруп таштаган. "Ипотекага берилчү үйлөр быйыл курулуп баштап, 2011-жылдын экинчи жарымына чейин ээлерине тапшырылып калат. Алардын ички ремонту сатып алган ээлеринин моюнунда. Ал эми лотореяга утушка коюлган үйлөр курулуп бүткөн, ремонту менен гана эмес, ичинде мебелдери да бар", деген эле. Мебелдерге да ыраазы, канча акчасын коротуп, беш жүз сомдук үй кимди кызыктырбайт, бир сапардагы оюнуна бештен лоторея алып катышкан адамдар болду, утуп алышкан төрт дубалын эле берсе не?.. Көкжар айылынын бир тургуну башкы байге - үйгө лотореясындагы бардык номерлери туура келгени менен ЖЧКдан "кийинки боло турган оюнга да катышып көрүңүз, анан көрөбүз", деген жоопту алат. Бул эки жолу утсаң анан берилет дегениби? Лотореядан эки ирет үй утуп алуу бактысы эч кимге туш келе бербесе керек.

Жакшы адамдар жасалгалуу офисте

"Азия Курулуштун" төрайымына жолугушуш үчүн кабылмасында отургам. Заңкайган кенен имараттын жаркыраган кең бөлмөсү. Жанымда кары адам. Колунда баракчаларды кармап алган. "Алайдан келдим, үй алып атам", деди. Кубанып алыптыр. "Балдарым базарда иштешет. Баарыңарга бир үй болсо да жетет деп, көптөп иштеп эки бөлмө алалы деп атабыз. Пенсионерлерге салык сыяктуу андай - мындай нерселерге жеңилдик бар дешет, ошого менин атыма жаздырдык. Төрт ай төлөдүк, бүгүн бешинчи айдыкын алып келдим", деди. Колундагы баракчаларына көз жүгүрттүм. Келишим, анан акчанын төлөгөнүн айгинелеген чек. "Нотариустан тактыкталбады беле?" сурап койдум. Кары кишинин көздөрү чекчейе түштү: "Жок! Ошондой кылуу керек эмес беле?! Жакшы айттың эми сурайын". Ак көңүл, акпейил кыргызбыз. Биринчи ишти баштап алып анан жол - жобосун сурайбыз. Тынчсызданган атанын абалына боорум ооруй түштү: "Кабатырланбаңыз, балким, бул иш калпы жок чындыктыр". Абышка үмүттөнө түштүбү: "Ошо, алдап кете тургандар мобундай жакшы жасалгаланган офисте отурбайт эле дейм да. Иштеген жери жакшы экен, жетекчиси да жүзү ийкем экен. Алдашпайт!" Өзүнчө күбүрөнүп сооротту өзүн.
"Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет", дейт. Илгеркинин баёо мүнөз таза адамы азыркылардын шылуундары күчтүү чыгып, берегидей жасалгалуу жерлерде иштеп калышканын аңдай элек көрүнөт. Ал эми Адина Турдугулова бул боюнча: "Нотариуска да акча кетет… Биз эч кимди алдабайбыз", деген. Нотариуска акчасы жетпеген компаниянын курулушка каражаты жетеби?..
"Азия Курулуштун" калкты үй менен камсыз кылуу иши туңгуюкка барып кептелгендиктин, андагы ата көз алдыма тартылчу болду. Карапайым үйбүлө үчүн беш айга төлөнгөн эки жарым миң доллар хандын казынасы. Кантти экен алайлык карапайым ата?..

Аялзаттан чыккан "Чолпонбай"
"Азия Курулуш" бир жерге курулуп алып эле карызга үй беребиз деп кыйкырып чыгышкан эмес. Алар Президенттин "Калкты турак - жай менен камсыз кылуу" программасынын негизинде иш алы барышарын какшап айтышкан. Улуттук теле көрсөтүүдөн мүнөт сайын лоторея, ипотека жарнактары кетип турган. Лотореянын утуштары да Улуттук каналдын эфиринен атайын бөлүнгөн убакыт ичинде болуп турган. Улуттук канал улуттук деген наамды алып жүрүп, улутун алдагандарга жарнагы менен көмөктөшөбү? Аларда берилген жарнак боюнча чын - бышыгын билүү текшерүүсү жүрбөйбү? Кандай жарнак болбосун акчасын төлөсө кетире беришеби? Кыргыздын жүзү болгон биринчи каналдан саат санап жарнагы, ай сайын утушу көрсөтүлүп атса ким болсо да ишенип, азгырылат да. Өңгө алдаса да, улуттун каналы алдабайт эмеспи.
Адина Турдугулованын кимдир бирөөлөр тарабынан коюлган ишенимдүү өкүл экени айдан ачык. Бул айымдын көрүнүшү эле буга ачык далил боло алат. Күлө баккан назик аялзат. Турдугулованы аялзат экенине карабай опурталдуу орунга алып келгендерге айымдын дал ушул сапаты жаккан болуш керек. Адамдын жүзү ийги болсо, ишеничке бат кирет. Анын бул кадамга барышына, Чолпонбайдай дзотко жалгыз көкүрөк тосушуна эмнелер себеп болгону гана табышмак. Адам баласынын ичин сыртынан билүүгө болбойт дейли, анда бир гана бул айым эмес, компаниянын оюну ойнолуп, жарнагы кетип аткан улуттук канал, утушту адамды ынандырарлык кылып жарыялаган алып баруучулар, ал турмак лоторея саткандар да "жардамчы алдамчылар" болуп калышпайбы?

Эх, сен, президенттик программа
Маңдай тер менен табылган акчасын кармата берип, эч ким каяшасыз калбайт. Акчаларын төлөп, бирок, үйдүн курулушун күтө - күтө чарчаган ЖЧКнын кардарлары доо арыз менен кайрылып, анын негизинде Свердлов райондук соту Адина Турдугулованы бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечимин 9- майда чыгарган. Бир ай бүтөөрүнө аз калды, Адина айымдын бир айлык мөөнөтү компаниянын финансы кризисине шылталган курулушун улантабы же, "эсибиз барда этегибизби жабалы" болобу? Анда канча айдан бери төлөп келаткан "жамаачы" кардарлардын акчасы эмне болот?
"Пенсионерлер" партиясы менен "Таза аба" курулуш комплекси Курманбек Бакиевге Адина Турдугулованы камактан бошотууну суранып, кайрылышты. Президенттик программанын негизинде иш алып барган компания "аферист" болуп чыкса, президенттик эмес программа менен негизделгендер кайда барат?
Суроо көп… жооп бирөө… "чыдасаң жаша, чыдабасаң өзүң бил…"




 "Улуу чындык",

"Ааламдан келген акнурлар" кыргыз оюуларында
Жума башы, 1- июнда өзгөчө кайталангыс оюуларды жаратып, коомчулуктун кызыгуусун арттырып келе жаткан шык ээси Бурул Жакееваны 600дөн ашуун оюуларынан турган алгачкы сүрөт көргөзмөсү ал убактылуу жашап жаткан батиринде ачылды.
Чакырылган меймандардын арасында элибизге таанымал чыгармачыл инсандарыбыз Кеңеш Жусупов, Жакып Медетов, Асан Жакшылыков, Жоомарт Кадыралиев ошондой эле кыргыз элинин руханий туу чокусу болгон Манас ааламы менен байланышкан көкүрөгүндө шамы бар адамдар болушту.
Алгач Б. Жакеева ушул жолго түшкөндөгү өмүр таржымалын баяндап, өзү жаратып жаткан оюуларынын ар бир кыргызга жетиши анын максаты экенин айтып кетти.
Бул оюуларда жөн эле көз кубанткан кооздук гана эмес, ар биринде терең философиялык ой, сыр, кыргыз сөзүнүн зор кудурети жатканы туйган кишиге байкалат. Ошондой эле адамдардагы ар кандай ооруларды (нерв, ашказан, жүрөк ж.б.) айыктыруучу касиети бар экендиги мында келген эзотерикалык илимдин адамдары тарабынан айтылып кетти. Ошол максатта, башкача айтканда адамдын жандүйнөсүн аруулантып, шыктандырып, дем - күч берүүчү борбор катары "ЖанЭко" аталыштагы уюм Бурул Жакеева, Барчын Мавлян кызы, Жыпар Турсунбаева тарабынан ачылып, мындан ары каалоочуларга эшик ачык болуу менен ар жекшембиде кыргыз сөзүнүн маанисин ачып, элге жеткирүү боюнча "Насыйкат" (лекциялар) Батырбек Исмаилов тарабынан окулат. Автор анын оюуларына кызыгышып, өздөрүнө менчиктештирип сатып алууга болгон башка өлкөлөрдүн сунуштарына макул болбой, кыргыз элибизден да өзүбүздүн руханий энчибизди сактап калууга кол сунган азаматтар чыгаар деген үмүттөн жазбай келет.
Сөз соңунда жогоруда аталган белгилүү инсандарыбыз бул оюулар боюнча Билим берүү жана Маданият министрлигине кайрылуу жасап, "Китеп" басмаканасынан сөзсүз китеп -альбом чыгаруу, мамлекеттик сүрөт музейинде көргөзмө уюштуруу керектигин, ага болгон жардамдарын аябастыгын айтышып, Бурул Жакееванын өзүнүн чыгармачылыгына мындан ары да ийгиликтерди каалашып, ак батасын беришти.

Алтынай Аттокурова
КР сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, көркөм өнөр таануучу

P.S. Б.Жакееванын көргөзмөсү менен таанышкысы келгендер үчүн телефон номерлери: 0773 888503, 0312 43-78-28