12.06.09 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тегирмен

МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
Белгилүү журналистти белгисиз адамдар сабап кетишти
5-июнда белгилүү журналист Абдувахаб Мониевди белгисиз 4 адам Жаш Гвардия жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинен сабап кетишкен. Эгер бул окуя белгилүү болуп, журналист тааныган адамдары менен чатакташып кетип, анан болгон болсо, унчукпайт элек. Абдувахабдын маданият, адабият эмес туруктуу саясий баяндамачы экенин, болгондо да азыркы бийликке оппозициялык көз караштагы журналист экенин эске алсак, бул окуянын саясий заказ болушу мүмкүн экенин айтууга толук негиз бар. Бул сабап кетүү кылмыштуулук өнүккөн мамлекетте кокустук болушу да мүмкүн. Абдувахабдын кыргыздын менменсинген башканы ойлоп, башканы сүйлөп, таптакыр башкача жасаган жүздөгөн тыңчыкмаларынан төөлүк өйдө турган, жазгандары менен ойлогону бир чыккан патриот жигит экенин белгилеп кетсек, кыргыздын бычакка сап болчу мыкты уулдарын көрүнгөн зөөкүр келип сабап кете бериши жазасыз калбаш керек.




Тамак бермей башталдыбы?
Президенттик шайлоонун алдында ар кандай үгүт иштери жүргүзүлөөрү турган иш. Бирок, кыргыз элине мүнөздүү болгон шайлоо алдында тамак берүү иштери дагы да болсо уланып келет. Мындай тамак берүү иш-чарасын биринчилерден болуп, "Таластын кулуну, Айыл-чарба министри И.Айдаралиев 6-июлда Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына келип 40ка жакын айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү", деп кабарлайт "Азаттык" радиосу. Министр мырза айыл тургундарына 23-июлда өлкө башчысына боло турчу шайлоодо президент К.Бакиевди колдоого чакырып, оппозицияга кошулбоого үндөдү.
Бул "сый тамактын" эртеси мурдагы Бишкектин мэри, маркум Медет Садыркуловдун ордунда отурган, азыркы президенттик администрациянын башчысы Д.Үсөнов жыйын өткөрүп, сый тамагын кафеде уюштурганы маалым болду. "Мындай жолугушууларды өткөрүү менен бийлик өз ордунан ажырап калбаш үчүн жан далбас уруп жатканын элге дагы бир жолу ачык-айкын далилдегенин жергиликтүү маалымат булактарыбыз кабарлады",-деп жазат "Азаттык".

"Кумтөр" уттубу,же бизби?
Чубактын кунундай чубалган "Кумтөр" маселеси буга чейин бир нече жолу өкмөттүн, парламенттин элегине салынып келди. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков "Кумтөрдү" улутташтыруу керек экендигин айтып, мыйзам долбоор сунуштаган. Бирок, "Кумтөр" менен кыргыз жетекчилигинин ортосунда түзүлгөн жаңы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилгенин айтып, төрага орун басар өз мыйзам долбоорун кайтарып алды. Жаңы жетишилген келишим боюнча "Кумтөр" ишканасы өкмөткө кирешеден 13%, ал эми Ысык-Көл фондуна жылына 4,5 миллион доллардан 6 миллион долларга чейин төлөп берип турмакчы. Эске салсак Ысык-Көлдүктөр ишкананын жүргүзүп жаткан иштерине нааразы экендигин жана келишимде көрсөтүлгөн акча каражаттарын өз маалында төлөбөй жатат деп доомат коюп, жолду тосуп келишкен.

Абактардан добуш беришет
Президенттик шайлоону толук кандуу камсыз кылуу үчүн абактарда дагы шайлоо участкалары уюштурулат жана добуш берүүчүлөрдүн саны 5 миңдей киши. "Жарандык коом коррупцияга каршы" укук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын билдиргенине караганда убактылуу кармоочу жайдан 2 миң, убактылуу тергөө абагынан 3 миң киши добуш бере алат.

"Кыргызстан "Манас" авиабазасы боюнча жаңы келишимди даярдап койгон"
"Мага жеткен маалыматтар боюнча Кыргызстан "Манас" авиабазасы тууралуу жаңы келишимди даярдап койгон",-деп билдирди саясат таануучу Александр Князев "24.kg" маалымат агенттигинде болгон пресс конференцияда.
Анын айтуусуна караганда жаңы түзүлүп коюлган келишимде Америка Кыргызстанга жыл сайын 350 миллион доллар ижара акы төлөп турмакчы.
Александр Князев: "Манас аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу, же чыгарбоо тууралуу чечимди АКШ менен Россиянын президенттери ушул жылдын июль айында боло турчу жолугушуусунда чечет",-деген оюн кошумчалады.
Бул арада Жогорку Кеңеште Америкалык аба база боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди парламент денонсациялаганын депутат Искак Масалиев көтөрүп чыкты. Анын айтуусу боюнча АКШнын аба күчтөрү өз базасын Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүнү ойлоп да койбой, тескерисинче жоокерлери өз кызматын эч нерсе болбогондой улантып жаткандыгын белгиледи. Парламенттин чечими боюнча АКШ Ганси авиабазасын Кыргызстандын аймагынан ушул жылдын август айынын акырына чейин чыгарып кетиши керек болчу.

Каримов Кыргызстанга каршы "муздак согуш" ачты
(башы 1-бетте)
9-июнда өзбек тарап кыргыз-өзбек чек арасына тереңдиги 3метр, кенендиги 3 метр көлөмүндөгү аңдарды казууну башташты. Мындай казуу иштери чек ара делимитация, деморкация болуп бүтмөйүнчө чек арада ар кандай курулуш иштерине тыюу салынат деген жобого каршы. Кыргыз тарап өзбектердин мындай жоругуна чек арадан өтңп кетишкен жокпу деп байкоочу абалында Гана карап турушат.

Таш менен урганды же таш менен, же аш менен ур
Өзбекстандын жогорудагыдай муздак согушуна кыргыз тараптын кайдыгер байкоочудай карап турушу, албетте, туура эмес. Моралдык жактан азыр Кыргызтан Россия колдогон Камбар Ата курулушун жүргүзүү менен утушта. Бирок, факт жүзүндө Кыргызстан +збекстандын өмгөктөгөн аракеттерине каршылык көрсөтө албай, жарандарын коргой албай утулуш абалында. Камбар Ата курулушу жакшы, бирок, ал чек араны ойрондоп, жарандарыбызды аткандын компенсациясы эмес. Биз Кыргызстанды +збекстандын муздак согушуна согуштук ыкма менен жооп берүүгө үндөбөйбүз Бирок, таш менен урганга таш менен же аш менен жооп берүү керек. Унчукпай отурууга бийликтин акысы жок. Биз Кыргызстанды өзбек элине каршы койбойбуз. Каримовго каяша берүү өзбек элинин кызыкчылыгына каршы келбейт. Кой деп корккудай Каримов-Бакиев каршылыгынан өзбек-кыргыз жаүжалы чыкпайт, Ош окуясы кайталанбайт. Кыргызстандык өзбектер Каримовду жакшы көрүп жаткан жери жок. +збек чек арачылары атып кеткен Кыргызстандын жаранынын улуту өзбек экенин эске алсак, Каримов өз кандашын аяган жок. Ал кыргызстандык бир өзбекти эмес, +збекстандык миң өзбекти да аяган эмес. +збек элин кырып, жазаланбаган Каримов бир кыргызстандык өзбек үчүн жооп берсин. +з эллин миүдеп кырабы өз элинин алдында жооп берет, ал эми биздин жарандын өлүмү үчүн жооп берүүгө тийиш. Себеби, кыргызстандык жаранды жөнөкөй өзбекстандык жаран аткан жок. +збек мамлекеттик чек арасынын расмий өкүлү, өзбек чек арасынын расмий кызматкери жеке таарыныч менен эмес, кызматын өтөп жатып атууда. Ал чек арачы өзбек бийлигинин расмий буйругун аткарбаганын далилдеп, расмий жасзасын алсын. +збек чек арачылары ар бир мыйзамсыз жоруктары үчүн жооп берсин. Деллимитация боло элек чек аранын бир метрин да казууга жол бербеш керек. Жол берилген ар бир иш үчүн оң болобу, терс болобу жообу берилиши керек. Муздак согуш, муздак жооп аркылуубу, ысык дипломатиялык жолугушуу түрүндөбү чечилиш керек.

Айзада АБАЗОВА




Кыргыз тамак-ашына патент алуу керек
Кыргыз тамак-ашына патент алуу керек. Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова кыргыз элине гана таандык болгон улуттук тамак-ашка жана Кыргызстандын аймагында гана өскөн жер-жемиштерге патент берүү керектигин айтты. Себеби, кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан "чучук", "беш бармак" өңдүү улуттук тамактарды коңшу казактар өздөрүнө таандык кылып ээлеп алып жаткандыгын кошумчалады.
Кээ бир маалыматтарга караганда Кыргызстанда жасалган жууркан, төшөк, шырдак өңдүү буюм-тайымдар Казакстандын ири шаарларында Казакстандын улуттук буюмдары катары туристтерге сатылып жаткандыгы маалым.

Чагылган тийип үч киши курман болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык Сузак районун тургуну пияз талаасында иштеп жаткан маалда чагылган тийип курман болду. Курман болгон Латипахан Абдыхликаванын үч баласы бар болчу. Муну менен ушул жылы чагылган тийип курман болгондордун саны 3 кишини түздү. Май айында 14 жашар кыз дагы чагылган тийип көз жумган. 9-июнь күнү Кара-Кулжа районунун жашоочусу да чагылган тийип кайтыш болгон.