12.06.09 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Таанышып коюңуздар

Мелис Тилекеев:
"Таластыкмын,бирок мактанбайм"
Туулган жылы - 1981-жыл, 28 - ноябрь.
Кичи мекени - Таластын Арал айылы.
Кесиби - ГАИшник ырчы.
Үй - жайы - Кудай берген ижара.
Машинасынын маркасы - "эки бутум аман болсун".
Сахнага алып чыккан алгачкы ыры - Ынак Осмоналиев менен бирдикте аткарган "Аппак кар".
Үйбүлөлүк абалы - бойдокчулук менен коштоштура турган жаншеригин издеп жүрөт.

- Мелис, ар бир адамдын сүйгөн кесибинин өтөөсүнө чыгууда тагдыры болот. Ал эми сени сахнага кандай окуялар алып келди?

- Жаш болсом да жашоодо көп нерсени башымдан өткөрдүм. Мектеп курагынан тартып гитара, комуз чертип ырдап, ырчы болууну тилек кылып жүргөнүм менен турмуштун ыңгайына карап, бул тилегимди көп жылдар кийинкиге сүрүп койдум. Ынак Османалиев менен бир айылданмын. Бала чактан чогуу ырдап калчубуз. Бир мезгилде экөөбүздө тең ырчы болобуз деген эңсөө жетер чегине жетип, сахнаны айланчыктап калдык. Бирок, ал менден биринчи чыкты. Анткени, мен шаарга ырчы болом деп келгеним менен жашоонун айласын кылып, соода - сатык тарапка ыктап кеттим. Базарда боёк сатып иштеп жүрдүм. Кийин Ынак жолугуп калып, экөөлөп Кубат байкенин "Аппак кар" ырын жаздырдык. Гастролдорго чыга баштадык. Анан сахна, ыр, концерттен кийин кыздардын кол тамга сураганы башымды айланта койдубу, биротоло ал жакка ыктап кетип, бизнесим ара жолдо чачылып калды. Азыр ошол чачылган бизнесимди чогулта албай жүрөм.

- Ынак Осмоналиев менен бирге чыгып жүргөн элең. Капыстан эле өз алдыңча болуп калганыңды кандай түшүнсө болот. Экөөңөр тең "кочкорго" айланып, "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт", болдуңарбы?
- Жок, бөлүнүшүбүзгө эч нерсе себеп болгон жок. Ар бир нерсенин убакыт - сааты бар, мезгили келгенде башталган иш соңуна жетет. Ошол сыяктуу мен дагы чыгармачылыкта өз алдымча күчүмдү сынап көргүм келди.

- Бирок, кантсе да ким бирөө менен алакалашып иштеген жеңил болсо керек?

- Албетте, "бир баш жакшы, эки баш андан жакшы". Ыр жаздырганга, клип тарттырганга, дагы аны - мунуга өзүм жалгыз чуркап, кыйналып да кеттим.

- Эч нерсе эмес. Бүгүн кыйналсаң эртең үзүрүн көрө турган дагы убактың келет. Кыйналган учурларыңда кантип соороносуң?

- Бир хан жөнүндөгү айтылган уламышты уктуң беле? Анда бир хан шакегин колунан түшүрбөй тагынып жүрүп, ар кайсы убакта шакегин карап алып, маанайы чөгүп турса көтөрүлүп, көтөрүлүп турса чөгүп калат экен. Көрсө, шакегинде "бул күндөр да өтүп кетээр", деген жазуу бар экен да. Мен дагы ушул сөздү көп кайталайм. Телефонума да жазып койгом. Ушул сөз менин кыйналган, кубанган учурларымды теңдештирип, жашоомду бир нукка салып турат.

- Азыр жөн адамдан ырчы көбөйүп кетпедиби, ошол чоң жарышта алдыга озуп чыгалам деген ишенимиң барбы? Көп сандаган ырчылардан өз көз карашыңда эмнең менен айырмаланасың? Кичине мактанып койбойлубу.

- Таластык болсом эле мактанчаак болуш керек деп ойлоп турасың го э? Таластык болгонум менен анчалык деле көбүртүп - жабыртып мактана албайм. Эми, менин башкалардан эмнем менен айырмалана турганымды эл көрүп, эл баалайт го дейм. Өзүм болсо унчукпай эле турайынчы.

- Мейли анда, кийинчерээк келип бир мактанып берээрсиң. Айтсаң, ырдап чыга элегиңде чыгармачылык дүйнөнү кандай элестетчү элең да, азыр кандай экенин билдиң?

- Ырдап чыга элегимде, ырчылар сахнада кандай жаркырап ырдаса, сахнанын артында да ошондой эле жаркырак болушат деп ойлочу элем. Көрсө, "ырчынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн кул көрбөйт", деген кеп ырас айтылыптыр. Өзгөчө, гастролго чыкканыңда ар кайсы жерге түнөп, кээде тентек айылга, кээде жетик айылга туш келип, кийимиңди өзүң жууп дегендей… Ушул кийим жуугандан жадайсың. Бирок, сахна кумар болуп калат экен, артка кайтып кеталбайсың.

- Сахнага чыгып, бир көксөөңдү орундатыптырсың. Эми жеке жашооңду качан ойлоносуң?

- Күзүндө жеке концертимди берейин деп атам. Концертимди бергенден соң үйлөнөм дегеним бар. Буйруса, менин көчөмө да майрам келээр…





Алькамиль:
"Мен өткөн жашоомдон уялбайм"
Балалыгым
Үйбүлөдө эки бир тууганбыз, мен жана иним. Шаарда төрөлүп, шаарда өстүк. Шаарда өскөн балдар жалкооо келет, деп айтышат, бирок мен өзүмдү жалкоо деп айтканга дитим барбайт. Өзүмдү мактагандай болбоюн, бирок мен бала кезимде эле эмгекчил болчумун. Ашыкча акча табууга мүмкүнчүлүк болуп калса, ал мүмкүнчүлүктү коё берчү эмесмин. Балдар "крышка" ойноп жүргөндө, мен иш издеп жүрчүмүн. Досторум дайыма шылдыңдашчу, Алькамиль тигил жакта иштеп жатыптыр, лимонад сатып жатыптыр дешчү. Бирок ага карабастан талыкпай иштечүмүн. Алгачкы жолу 5-классымда иштеп баштадым, Дордойдо лимонад сатып. Колясканы сүйрөп алып, "фанта, кола, спрайт" деп кыйкырып акча тапчумун. Чынын айтсам кола жок болчу, ага карабастан "кола-кола" деп кыйкыра берчүмүн. Андан кийин швейный цехте иштедим. Андан соң аниматор болуп да иштедим. Ала-Тоо аянтына чыгып, телепузиктин костюмун кийип алып элдер менен сүрөткө түшчүмүн. Чынын айтсам көптөгөн жерлерде иштедим, баарын айта берсем түгөнбөйт болуш керек. Ошентип балалыгым өтүп, тез эле чоң турмушка аралашып кеттим.

Ырчылыктагы биринчи кадамдар
Кичинекей кезимде эле, ырчы болсом деп көп кыялданчумун. Ошентип DVD менен колонкаларын сатып алдым. Ар түрдүү дисктерди алып келип ырдап, бийлей берчүмүн. Кийинчерэк бул кыялымды ишке ашырсам ийгиликтерге жетериме көзүм жете баштады. Ырчылыкты кесип катары кабыл алып, ырдай баштадым. Азыркы мезгилде репертуарымда жети ырым бар, сегизинчи ырдын үстүндө иштеп жатабыз. Кудай буюрса, жакында көрө аласыздар.
- Ырларыңды атап кетсең?
- Менин алгачкы ырым: "Да я любил тебя", "Желаю удачи", "Мени аячы", "Бишкек", "Королева красоты", жана "Сенсиз жаным ай" жана скрипкасынын коштоосундагы бир номерим бар.

Ырчылык жана башка кызыкчылыктар
Ырчылыктан сырткары "Школа танцевде" бийге катышам. Бийлегенди да абдан жакшы көрөм. Өзүңүздөр билгендей скрипка тартам.
- Скрипкадан сырткары дагы кайсы аспаптарда ойной аласың?
- Виланчелиде, Контрабастада ойнойм. Фортепианодо да ойнойм, комуз чертем, бирок комузду аябай жакшы чертем дегенден алысмын.

- Бала кезиңде ким болсом дечү элең?
- Кичинекейимде кийин чоңойгондо Бишкектин мэри болом дечүмүн. Бирок, Кыргызстандын биринчи президенти менен жолуккандан кийин ырчы болом деп чечтим.
- Аскар Акаевич менен кайсыл жактан жолуктуң эле?
- Жыл сайын Президенттин балатысына катышчумун, Аскар Акаевич жубайы экөө дайыма келишчү. Ар кандай конкурстарды уюштурушчу, скрипкадан дайыма мен жеңүүчү болуп чыкчумун. Ошентип мэр болгум келбей, музыкант болоюн деген чечимди кабыл алгам.

Жан дүйнөмдө…
Азырынча жалгызмын. Чынында кызым жоктугуна көп деле кайгырбайм. Буйруганы тургандыр деп коём. Балким күнөө өзүмдөдүр, балким, мен кармай албайм. Бирөө менен жаңы таанышып, жүрүп баштаганда унчукпай жүрө берет. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, бой көтөргөнсүп, жаман сүйлөп калат. Ошентип кызыкчылыгың тарап кетет. Келечекте чыныгы тун сүйүүгө жолугармын, деп жүрөм.

Аздектеген адамым
Ар бир адам үчүн, бала болобу же кызбы эң кымбатуусу бул эне. Мен деле айырмаланбайм. Эң кымбаттуум -энекем.
- Бала чагыңдагы кызыктуу окуяларың жөнүндө айта кетсең?
- Апам лагманды көп жасачу, такай лагман жасаарда үстөлдүн астына отуруп алып, камырды камыр кескичтен өткөзүп жатканда, астынан чубап алып жей берчүмүн.
- Тамак жасаганды билесиңби?
- Ооба, жумуртканы кууруганды билем. Лагман жасаганды да билем. Куурдакты да жакшы кууруйм.

Мамиледе
Көптүк мени бой көтөргөн жигит дешет, бирок сүйлөшкөндөн кийин, оюн өзгөртүшөт. Орустар айткандай "Первые впечатления бывают обманчивыми", демекчи, сүйлөшүүгө жеңил экенсиң деп калышат. Мага кандай мамилее кылышса, мен да ошондой жооп берем. Адамдарда жаман көргөн сапатым бой көтөргөндүк. Алдаганды, жана мени алдаганды да жек көрөм.

Келечекте
Алдын ала бир нерсени айтуу туура эмес болуш керек, бирок ага карабастан "Жакшы тилек жарым ырыс", демекчи, келечекте көптөгөн пландарым бар. Кудай буюрса иш жүзүнө ашырам. Биринчиден, кошуна мамлекеттерге барсам дейм. Андан кийин чет жактарга да барып, Кыргызстаныбыздын желегин желбиретким келет. Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткым келет. Ал эми аны убакыт көрсөтөт дечи.