05.06.09 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Укук

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, укук коргоочу Жаркын Темирбаева:
"Аксы окуясында күч органдары ушунчалык мажирөөлүгүн көрсөткөн"
"Чындык бар болгону үчүн адамдар чындыктын артынан түшүп издешет", - дейт журналист Жаркын Темирбаева. Аты аталган айымдын укук коргоо жаатына аралашып калганынын бир себеби 1990-жылкы Ош окуясы себеп болгон.

- Эже, биздин өлкөдө акыйкаттыктын жоктугун эмнеден билесиз?

- Мыйзам иштебеген, коррупцияга баткан өлкөдө адам укуктары корголбойт экен. Себеби, мыйзамдын тили менен эмес, паранын тилинде чечилип калган жагдайлар көп. Биз укуктук жагынан одоно сабатсызбыз. Өлкөдө экономикалык кризис өз ордуна келбесе адам укуктары эч убакта корголбойт.
Ак жеринен адамдардын темир тор артында калган фактылары четинен. Мисалы, Таалай Бейшембиев деген Көлбаевди аттырган деп отурат. Туранов Рахматтулла деген дагы бир атуулубуз өлтүрүүгө буйрук бердирткен деген күнөө менен отурат. Бир жолу аялдар колониясына барып калып, бир жаш кыз менен сүйлөшүп калдым. Ал: "Ушундай эже, азыр акыйкаттык жок турбайбы, мен өзүм көргөн окуянын үстүнөн чыкканыма карабай ушинтип темир тор артында калдым",-дейт. Көптөн бери өлүм жазасына кеткен Туранов Рахматтуланын артынан түшүп иликтеп жүрөм. Чынын айтсам, чарчап бүттүм. Өлүм жазасына кеткендердин басымдуу бөлүгү өлтүрүүгө буйрук берген деген күнөө менен камалган. Алардын акыйкатсыздыктан камалганын сүйлөп берүү үчүн канча нерв, ден соолукту коротууга туура келет. Журналисттер, укук коргоочулар ишти колго алып иликтөөсү абдан кыйынчылыкка турат экен.

- Аялдардын түрмөдөн кийинки тагдырын эмнелер күтөт?

- Түрмөдөгү аялдар менен эркиндикте жүргөн аялдардын эч кандай деле айырмасы жок. Эркектерге салыштырмалуу аялдар табиятынан мыкаачы эмес деп ойлойм. Көп аялдарды ушундай нерселерге түрткөн биздин коом. Түрмөгө түшкөн аялдарды темир тор көз карашын өзгөртүп, жүдөтүп коет. Эркектердин басымдуусу түрмөдөн чыккандан кийин үйлөнүп-жайланып өз буттарына туруп кетет. Ал эми түрмөгө түшүп калган аялдардын көбүн күйөөлөрү таштап кетет. Бир аял айтат: "50 жашымда түрмөгө түштүм эле, азыр 60ка жакындап калдым. Кызым: "Сен түрмөдөн келбей эле койчу, биз сенсиз эле жашайбыз" - деп жазыптыр дейт. Мен ошол аялдын көзүндөгү жашын көрүп туруп, көзү ыйлабай эле жүрөгүнөн кан таамп жаткандай сезилди. Түрмөдөн чыккан аялдарды коомчулук өгөйлөбөй кабыл алууга даяр эмес. Ошондуктан, биз түрмөдөн чыккан адамдарга карата коомчулуктун мамилесин өзгөртүшүбүз зарыл. Ошондо кандайдыр бир жакшы жагына багыт алып турмушун оңдоп кетээрине чоң жакшылык кылган болобуз. Биз тескерисинче, аларга шектүү карап, ишенбөөчүлүк менен мамиле кылабыз. Ошентип, коомчулуктун мындай мамилесинен кайра эле кылмыштуулукка барат.

- Аялдар темир тор артында деле эне боло беришет экен го?

- Аялдардын түрмөдө төрөгөнүнө каршымын. Тилекке каршы, алар темир тор артында төрөгөнгө аргасыз болушат. Анткени үй бүлөсү бар да. Түрмөдө төрөлгөн бала мекенине эмне бере алмакчы? Ушул өтө эле коркунучтуу суроо. Боюнда бар аялды төрөп, баласын торолтуп алгыча канчалык күнөөкөр болбосун камабай турушса балага жакшы болот беле деп ойлойм. Аялдарга эркектер менен тең эле жаза колдонулат. Бизде энеге да "Бул аял экен", - деген аео сезими жоктой болгон тергөөчүлөр бар. Экинчиден, мыйзам өзгөрүш керек. Гендер саясатында бирдей дегендери менен деле, аялды жазалоодо канча тагдыр талкаланып жатат деген нерсени эске албайбыз.

- Бирөөлөрдүн укугун коргоого сизге эмне түрткү болгон?

- Адамдарды түрмөгө акыйкатсыздык күч органдарынан турбайбы деген ишенимди көрсөткөн, бүтүмгө келтирген мамлекеттин деңгээли канчалык экендигин көргөм. Мисалы, ошол 90 - жылдагы кандуу трагедияны көрбөсөм, башкалардай болуп "Бир балээси болбосо кантип эле камап койсун",-деген пикирде калмакмын. Бирок, мен көргөнмүн. Адам зордуктоо боюнча кантип отургузат? Башаламандыкта ушунун баары ачылып калган. Себеби, Москвалыктар тергеген, бирок, биздин соттор соттогон да. Мен 94-жылга чейин пикеттерде жүргөм. "Заслуженный пикетчи болгом", - деп тамашалап коем. Ал пикеттердин максаты мындай болгон. Өлүм жазасына кеткен он бир адамды отуруу жазасына алмаштыруу эле. Алар массалык башаламандыкты баштаган, бирөөлөрдү өлтүргөн деген күнөө менен камалгандар.

- Учурдагы "Массалык башаламандык болуп кетсе, курал колдонууга мүмкүн" деген мыйзам биздин өлкөгө керекпи?

- Митингдердин башында жүргөн адам катары, нааразылык акцияларына каршы курал колдонууга каршымын. Себеби, кыйналган элди күч менен токтотууга мүмкүн эмес. Мына, 2005-жылдагы элдин көтөрүлүшү деле жөн жерден чыккан эмес. Элдин көптөгөн жылдар бою топтолгон нааразычылыгы түрткү болгон. Мамлекетти эл сүйүш үчүн мамлекет дагы өз элин сүйүп, калкынын камын ойлош керек да. Мына, Аксыда күч колдонобуз деп эмне деген трагедияны, көз жашты алып келди. Бүгүнкү күнгө чейин анын аягы тыйылбай келет. Ошол Аксыдагы окуяда болбогон ишке ок чыгарып, ошол жердеги күч органдарынын ушунчалык мажирөөлүгүн, компетентсиздигин көрсөткөн. Ушундай жазылбаган мыйзамдын кесепетинен дагы бир кандуу окуя болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Маркум Назаркулов өзүнүн жанагыдай кадамдары менен "Бийлик эсине келээр бекен?"-дегенди калтырып кетти. "Бир карын майды бир кумулак чиритет" дегендей бир-эки адамдын кесепетинен эле ушундай кандуу окуялар болуп кетүүдө.

- Пикет-митингдердин алдында аялдардын (ОМОНдор) жүрүшкөнү эрөөн учурабайбы?

- Мен үчүн пикетте аялдардын жүргөнү эрөөн эмес. Себеби, турмуштун биринчи кыйынчылыгы аялдын башына түшөт экен. Балдары, өзү жылаңач калса үй бүлөдө эң алгач аялзаты кыйналат. Нааразычылык акцияларда аялдардын алдыга чыккандарынын себеби бар. Экинчиден, аялдын үнү эркектерге караганда эртерээк жетеби деген үмүт да. Үчүнчүдөн, аялга болгон тоскоолдуктар аз болуп, аялга таяк көтөргөндөн жалтанабы деп ойлойм. Бирок, аялдарды көчөгө чыгаруудан мамлекет намыстанышы керек. Аял өз эркиндиги үчүн, балдарынын жакшы жашоосу үчүн, жалпы эле келечек үчүн бакубат жашоого умтулуп, күрөшүп жатпайбы. "Кандайдыр бир акчага алданды",- деген сөздөр көтөрүлө турган маселе эмес. Бирок, аялдын чыгышы, аялдын талап кылышы бул демек, жашоо-турмуштун жетишпестиги, акыйкатсыздыктардын жыйынтыгы.

- 90-жылы "Зындан" деген гезит түзүп жүрдүңүз эле, ушул гезит чын эле адамдардын көйгөйүн көтөрө алат беле?

- "Кылмыш жаза" жана башка гезиттерди окуп алып кейийм. Алар соттун өкүмүн алып туруп эле басып салышат, соттун өкүмүнүн артында чоң тагдыр жатканын түшүнүшпөй… Буга абдан этият болуп, иликтей келгенде чоң түйшүк. А сотторго отчет гана керек. Ал эми адамдардын тагдыры экинчи орунда калып калууда. Көрсө, түрмө деген өзүнчө бир чоң дүйнө экен. Камап койгон адамдын артында канча тагдыр талкаланып жатканын сезбейбиз. Ошондой тагдырларды жазып, эркиндик менен түрмөнү үндөштүрөм деп ойлогом. Бирок, азыркы заманда тыныгуу болуп турат. Кандайдыр бир ишенбөөчүлүктөр болуп, балуулуктардын үстүнөн кандайдыр бир жеңил-желпиликтер басып турган, кайдигерлик заманда балким мен чарчадым окшойт, азырынча гезитти чыгарбай турууну чечтим.
"Зындан" түрмө менен сыртты байланыштырууда бир топ эле көпүрө гезит болмок.

- Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамды алыптырсыз. Ушуга татыктуу болуш үчүн кандай эмгек сиңирдим деп ойлойсуз?

- Бир кезде, 1990-жылдары менин турмушумда абдан чоң бурулуш жыл болгон. Балким ал окуя болбосо мен ыр, чыгарма жазган бактылуу бир аялзаты боюнча кала бермекмин. Чыгармаларымдын баары ый эмес, жалаң сүйүүгө айланган бир керемет болоор беле? Элдин тагдырын четтен келген тергөөчүлөргө салып берген көрүнүш, кечээги эле тынч жашап жаткан адамдар тура калып эле бири-бири менен мушташып кетиши… Кайгырып турган эки өйүздөгү адамдардын көз жашын көрүп туруп, турмушта көп кейидим. Мен кейипкер журналист катары басып-турганымдын баардыгын кызмат деп эмес, кыйналып, башына иш түшкөн элдин бир тамчысымын деп ойлочумун. Ошол окуяда айрым кыйын адамдардын көмөгү менен "Өзгөн соопчулук коому" түзүлүп, ошол атууга кеткен он бир адам отуруу жазасына алмашылып, андан соң атылгандардын баарына кечирим алдык. Ушулардын баардыгы кызмат болуптур. Ошондон кийин түрмөгө жакын болуп, укук коргоо эмне экенин түшүнгөм. Мына ушулар эске алынды болушу керек. Ошол эле окуя менен чектелип калбадым. Мына "Жаныбек Казы" деген коом түздүм. Биздин бир кыйын агабыз Жаныбек казынын бейнесин гана таанытуу эмес, ал сыяктуу элин бийликтин камчысынан сактайм, коргойм деген Жаныбек казыдай кыйын атуулдардын, сыртта өмүр кечирген адамдардын тагдырын көтөрүп, ошолорду элге таанытуу максатында түзүлдү бул коом.
Азыркы өзүм жашап жаткан коомдогу өйдө-ылдый кырдаалды китеп кылып жазсам деп жүрөм. Бирок, өзүмдүн жеке турмушум үчүн анчалык көп аракет жасаган жокмун.

- Эмне үчүн? Сыр болбосо жеке турмушуңузда кандай образды алып жүрөсүз?

- Баардык эле адамдар турмушунда жаңылыштык кетирет экен. Ал жаңылыштыкты адам баласы атайылап жасабайт, жашсың, билбейсиң, турмуштук тажрыйбаң жок дегендей... Кээде өзүмдүн курчтугум, анча-мынча нерсеге ынана бербегендигимден турмушумда көп жаңылыштыктарды кетирүүгө түрткү болсо керек. Бул өзүмдө өкүнүч болуп кала берет. Үйдө отуруп, бирөөнү угуп, ашыкча кадам жасабай, чочулоо менен деле жашай бермекмин. Бирок, оргуган турмушка кирүү үчүн кааласаң да, каалабасаң дагы өз жеке турмушуңда катачылыкка барууга жол бересиң. Ансыз оргуган турмушка кирүүгө мүмкүн эмес. Аялдардын кадамдары кандайдыр бир деңгээлде өлчөнүү, ченелүү да. Мисалы, бул жакка баспашың керек, бул жакка турбашың керек дегендей чектөөлөрдө чоң нерсеге жетүүгө мүмкүн эмес. Аны жасоодо өзүңдүн турмушуңда катачылыкка сөзсүз барасың. Бирок, ошол турмуштагы жаңылыштык, мүчүлүштүктөрдү ордуна алып келүү же болбосо аны жоюп салуу, болбосо кагазга калем менен жазылган тамгаларды өчүрүп салуу эмес да.

- Ошол оргуган турмушка аралашуу менен издегениңизди таптыңызбы? Эмнени издеп, эмнеге жеткиңиз келди эле?

- Мен патриоттук сезимдин көп кыйынчылыгын көрдүм. Мисалы, түрмөгө кириш , адамдардын таламын талашкан дагы оңой иш эмес. Бирде бир бечарага барасың, бирде адамды түшүнгүсү келбеген акмактар менен беттешесиң дегендей. Ошондой чөйрөдө бир топ адамдардын көз жашын сүрттүм. Бир топ адамдардын тагдырына аралжы болдум. Азыркы акча менен иш бүтпөй калган мезгилде, алардын ишин акчасыз бүтүрүп, ажааттарын ачуу албетте, канчалык кыйналып турганыма карабай турмушумдагы милдетим сыяктуу.

Маектешкен Азима АКУНОВА