Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0605_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0605_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/09/0605_13.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

 ©Көзү сокурлукпу, же көөдөнү сокурлукпу?

Жумурткадан кыр,жумуштан чыр издегендер
Атаганат, болбостур. Ден соолугума байланыштуу мыйзамды кадырлап, сыйлабагандардын Жазуучулар Союзунун пленуму деп өткөргөн чогулушуна бара албай калгандыгыма катуу өкүнөм. Мен, аксакал жазуучулардын бири катары Жазуучулар Союзунда болуп келаткан карама - каршылыктарды, чыр - чатактарды көптөн бери билем. Бирок, мындай чектен чыккан ээн баштыкты буга чейин учурата элек болчумун. Азыркы мыйзам түрдө иштеп, жашап жаткан улуттук жазуучулар Союзунун айланасындагы болуп жаткан чыр - чатакты чыгаруулардын кылык - жоругу, ашкере өкүмзордук аракеттерин газеталардан окуп, радиодон угуп аябай тынчсыздандым, кыжырым келди. Жазуучу катары, өлкөнүн катардагы жараны катары мындай өтө жагымсыз, жан кейиткен окуяга кайдыгер болбой, өз ой - пикиримди айтууга мажбур болдум.
Ооба, Жазуучулар Союзунда ар кандай пикир келишпестиктер, карама - каршылыктар болуп келген. Бирок, аларды аттуу - баштуу аксакал жазуучулар, акындар тескеп жайына келтирип тураар эле. Алар эч качан Жазуучулар Союзунун дарегине көлөкө түшүргөн эмес. Ар кандай оош - кыйыштуу маселелер ичтен гана чечилип, эч качан сыртка чыкпаган. Ошондуктан, Жазуучулар Союзу ынтымактуу, бирдиктүү болуп чыгармачыл союздардын эң авторитеттүүсү эле, ага ар тараптан камкордук көрүү менен бирге эле республиканын жетекчилиги да эсептешип турган.
Биздин устаттарыбыз, кыргыз жазма адабиятынын башатында турган кадырман акын, жазуучуларыбыз Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрлөрү өткөнчө пикирлери келишпей, каршылашып жүрүшкөндөрүн акын, жазуучулар гана эмес, адабият чөйрөсүндөгүлөр да жакшы билишет. Бирок, алар эч качан Жазуучулар Союзун ыдыратып, бөлүп жарууну көздөшкөн эмес. Өздөрүнүн гана жеке иштери деп эсептешкен. Болбосо Аалыкем да, Түкөм да Союзду экиге бөлүп, акын, жазуучуларды эки жаат кылып коюу колдорунан келет болчу. Мындай жаман, бузуку ой алардын түшүнө да кирген эмес. Маселен, А. Токомбаев Жазуучулар Союзуна төрага болуп турганда жаңылыштыктар, кемчиликтер кеткен. Ошондой болсо да азыркыларчылап Аалыкемди эч ким "ордуңду бошот", деп омуроологон эмес. Тескерисинче, кемчиликтерди оңдоонун жолдорун ортого салышкан.
Мына, эки залкардын улуулугу деп ушуну айт. Өздөрүнүн ортосундагы карама - каршылыктарды, пикир келишпөөчүлүктөрдү Союзга таңуулабай, өз жеке, керт баштарынын иши катары санап, Союздун биримдигине, ынтымагына шек келтиришкен жок. Ал эми биз урматтап, сыйлаган фронтовик акындар, Эл Баатырлары С. Эралиев менен С. Жусуев мыйзамсыз Жазуучулар Союзунун пленумуна барып катышып кайсы үлгүнү көрсөтүп отурушат? Ушул экөө бүткүл өмүрлөрүн Жазуучулар Союзу менен өткөрүп келатышпайбы. Же жеке таарынычтар, ич күптүүлүк Жазуучулар Союзунан да жогору турабы? Андай деп эсептешсе, "жолуңар болсун, аксакалдар", дегенден башка арга жок.
Эгемендүүлүк алгандан кийин унутта калып тебеленип, тепселген адабиятыбыз анын уюткусу болгон Жазуучулар Союзу эми баш көтөрүп биригип, ынтымакка келип дегендей жанданып, калыбына түшүп баратканда кайра артка этектен тартып тургандын ана башында кыргызга жазуучулук эмес, башка жагымсыз жактары менен аттын кашкасындай таанылган Асанбек Стамов турат деп уктум. "Баракелде, -дедим ичимден, - тапкан экенсиңер, ишене турган кишиңерди!" Республикабызда азыр 300дөн ашуун акын, жазуучу бар болсо А. Стамовдой былык-чылыгы, кылык - жоругу үчүн гезиттерде үстөккө - босток өтө катуу сынга алынган бир да бирөө жок. "Жыгылган күрөшкө тойбойт", дегендей ал сындардан жыйынтык чыгаруунун ордуна тескерисинче, көгөрүп, көшөрүп мыйзамсыз болсо да беттегенин бербей келатат. Мындай "көк жалга" эмне, мыйзамдын тиешеси жокпу? Обу жок Ормон опузалуу Асанбек Стамовду кой - ай деп койчу киши Кыргызстанда калбай калганбы? Ушул жерден бир кездеги жолдошу катары А. Стамовго "Мындай бейжай көктүгүңдү койбосоң акыры бирди көрөсүң", деп эскертүүнүн ыңгайы келип турат. Болбосо өзү билсин. Өз убалы өзүнө.
Эми мыйзамдын чегинен сырткары Жазуучулар Союзунун "төрагалыгына" шайланган иним Абдрахман Алымбаевди деле күнөөлөгүм келбейт. Аксакал, көксакалдары айтып, ынандырып жатышса ишенет да. Анын "Туран" деген роман жазып жатканын укканым бар. Ал китеп болуп чыктыбы, жокпу, билбейт экенмин. Башка деле чыгармаларын окуганым жок. Эми кеп анда деле эмес. Бул иниме айтар кеңешим - бир тараптын эле эмес, экинчи тараптын да ой - пикирин угуу керек. Кызматка адам мыйзамды бузуп жулунуп барбайт, татыктуу болсоң кызмат өзү таап келет.
Жазуучулар Союзу өзүнчө үйгө ээ болуп, "Кыргыз Адабияты" деген гезити чыгып, эми эчак унутулуп, акчадан башкадан билбегендердин таман алдында калган илгерки "Ала Тоо" журналыбыз "Жаңы Ала Тоо" болуп чыга баштаса, секциялар иштеп жатса, буларды көрбөгөндөрдүн көзү сокурбу, же көөдөнү сокурбу?
Өз абийириңерди өзүңөр төкпөгүлө. Улуттук Жазуучулар Союзун булгап көө шыбабагыла. Жетишет, акын, жазуучулардын эл алдындагы авторитетине шек келтирип жатканыңар. Андай эле кыйын экенсиңер, өзүңөрдүн чындыгыңарды мыйзамдуу, маданияттуу жол менен далилдегиле деп кайрылат элем аларга.


  Бакай Сексенбаев, жазуучу

Ишенгенибиз силер болсоңор…
Мен өлкөнүн улуттук Жазуучулар Союзуна мүчө болбосом да анын иши менен дайыма кабардар болуп, ага кызыгып жүргөн өз алдынча жазмакерлердин биримин. Ыр жазамын. Ошон үчүн Жазуучулар Союзунун айланасында болуп жаткан азыркы окуяларга кайдыгер боло албай, өлкөнүн катардагы атуулу катары тынчсызданганымды билдирүүнү парзым деп ойлодум.
Улуттук Жазуучулар Союзу бар туруп өздөрүнчө Жазуучулар Союзу деп атап пленум өткөргөндөргө ким укук берди? "Өрдөк жокто чулдук бий", дегендей мыйзамдуу Жазуучулар Союзунун иши токтоду деп расмий бийлик жактан маалымат болгондо гана жаңы Жазуучулар Союзу түзүлсө туура болот да. Жок, андай болбой жалган Жазуучулар Союзун түзүп, чулдуктай да боло албай жатышпайбы. Акаевдин тушунда чилдей тарап кеткен Жазуучулар Союзу эми биригип, баш кошуп, калыбына келатканда ич күптүлөр капталдан чыга калышып, "келе бийликти, орунду бошот", дегендери кандай? Илим, билими анча жетиштүү эмес, мал артынан жүргөндөр да мындай өкүмзордукка барышпайт. Бардыгын мыйзам чегинде чечиш керек.
Азыр бөлүнүп, жарылуучу учурбу? Бир жагынан дүйнөлүк экономикалык каатчылык каптап, бир жагынан мурда тамтыгы чыккан жыртык, тешиктерди бүтөө менен өлкө жетекчилиги алектенип, ансыз да убактысы жетишпей жаткан учурда болбогон маселе менен алардын башын оорутуунун пайдасы барбы? Зыяндан башка эч бир жакшылык алып келбейт. Ошондуктан, "Эсиң барда этегиңди жап", деп мен адабият ышкыбозу катары мыйзамды сыйлабай жаткан тараптагыларды эскертким келет.

Камчыбек Орозканов, ардагер
Бишкек шаары




  САНДАН-САНГА

КААРДУУ ШААР же
"Москва көз жашка ишенбейт"
- Капаланбай отур. Башка эл менен маектешип, алардын жашоо - шартын, үрп - адатын билүү биз үчүн да, сен үчүн да кызык болсо керек, -Паата жылмайып койду.
- Мен силердин улут жөнүндө анча -мынча билем. Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" китебин көп жолу кайталап окугам.
- А-а, Нодар Думбадзе! - экөө бирин- бири кейиштүү карап коюшту, - не деген талант эле. Грузин анын кадырына жете албады. Карыганда кайырчынын күнүн көрүп, кароосуз көз жумду… 1996 -жылы каза тапкан. Ал эмес Шота Руставеллиге да атактуулук өлгөндөн соң келди.
- Башкаларга берилген сыйлык, сыймык чыныгы талантка берилген жок. Анын чыгармаларын эл сүйөт, эл барктайт. А бийлик дале болсо бийликтигин кылып, бир ооз жылуу кебин арнай алышпады.
- Талантты баалабаган бир гана кыргызда бар го десем, силерде деле ушул турбайбы.
- Ээ, чоң кыз, чыныгы талант эч жерде, эч качан бааланбайт. Убагында сыйлыгын алып, сыймыгын тагынып жүргөндөр деле таланттуулар, бирок, башка адамдар менен тил табышуу, өзүн мактоо, эшиктен кубаласа, тешиктен кирген жагынан. Ал эми көкүрөгүндө табият, Жараткан Кудай берген көрөңгөсү барлар өзүн базарга коюудан тартынат. А андайлар көп нерседен куру жалак калышат.
Бактыма ичирүүгө аракеттенишпеди. өздөрүнчө күрү - гүү, анда - санда Гелинин (сөз арасынан экинчи грузиндин ысмы ушундай экенин билдим) кызыга да, сынай да караган көз карашы кадала калганы гана болбосо. Бул абалдан Тамара эже куткарды.
- Бар, сен жуунуп чыга бер. Сенден кийин мен кирейин. Самын-сумун салынган пакетти кире беришке койгом.
Жууна алган жокмун. Чечинсем эле илгичти жыра тартып, кытмыр көз грузин кирип келчүдөй, эшиктен көзүмдү албай сууну болушунча шаркыратып агызып, жыйырма мүнөттөй отурдум да, чыгып келдим.
- Апей, бат эле жуунуп болдуңбу? - деди оо, бир топ алагүү болуп калган Тамара эже.
- Ооба, эми сиз кириңиз, анан кетели, - жаман оюмда жуунсак эле кетебиз деп тургам. Бирок…
- Мен эртең жуунам. Кел чай ич, болбосо аркы бөлмөгө барып уктай бер, жумуштан да чарчасаң керек.
"Кетели"дегенимди ичи ысып турган неме уккусу келбегендиктен, аркы бөлмөгө кирдим. Төрдө эки кишилик диван, анын жанында манеж бар экен. Бала-чакалуу эле адамдар окшойт, баяракта да ваннадан жаш баланын гаршогу турганын байкагам. Анан алар кайда кетишти? Кайда, кайсы улутта болбосун эркектердин табияты окшош көрүнбөйбү, баласын алып аялы төркүнүнө кеткенин текке кетирбегендерин айт. Колумду башыма жаздап, дивандын бир четине коомай бүктөлдүм. Башка бирөөнүн төшөгүнө эзели уктай алчу эмес элем, бул сапар катуу чарчагангабы кирпигим бири - бирине чапталып, уйкунун кучагына тартылып бараттым.
… Басырык басып калды. Туулуп - өскөн жупуну бөлмөдө жатыптырмын. Апам шкафтан бир нерсе издеп атат. "Апа, апа мени ойготуп койчу?" деп кыйкырайын десем, үнүм чыкпайт. "Апа, апа… Апа-а!" Ойгонуп кеттим. Көзүмө биринчи эле караңгылык урунду. Кандайдыр карылуу кол өпкө - боорумду куушура кармап алыптыр. Жагымсыз жыт мурдумду өрдөп, ушул мүнөттө карылуу колдон эмес, жагымсыз жыттан өлүп калчудай сезип кеттим өзүмдү. Кайда экенимди, жанымдагы ким экенине, анын аракети эмнеде экенине баамым да жетпеди, акыл-эсим убактылуу токтоп калгандай бир гана ушул жыттан арылууга далбас урдум. Узун чачымды басып алганбы башымды кыймылдата албай калдым. Балким, ошол бойдон менин жарыктагы акыркы саатым келет беле, Жараткандын жардамы менен көз ирмелген убакта өзүм да байкабай колун болушунча тиштедим.
- Аа -ай! Сучка!..
Аюудай айкырык менен бирге куушурган колдор бошоду. Эшикти көздөй чуркадым. Мен жете электе эшик ачылып, чачтары апсайып уйкусураган Тамара эже көрүндү. Төрт балага ЭНЕ болуп, отуздун тең жарымынан ашкан аялды тытмалап жиберүүгө да даяр элем ушул саам. Апам менен куракташ болсо керек. "Улуу кызым сени менен тең", деп калат кээде. Кызындай кызды бөтөндун койнуна түрткөнү, өз кызын түрткөнү. Бетин курусун, сенин!
- Эмне болду? - деди көзүн жарым - жартылай ачып, уйкусураган калыбында.
Мына суроо! Жаш кыз менен топоздой эркек караңгы бөлмөдө ээн калышса эмне болмок эле? Эч нерсе!
Жооп бербей дугдуңдай залга кирип креслого отуруп алдым. Диванды жайып, экөө мында жатышкан экен.
- Кетели, Тамара эже, - дедим артымдан киргенде.
- Келесоосуң го? Жарым түндө кайда барганы атасың? Сыртта жаш балдардын сөгүнгөн үндөрү угулуп атат. Экөөбүздү эки жакка сүйрөп кетсин.
- Сүйрөсө да мейли. Мен таңды күтө албайм!
- Анык келесоо го бул. Зордолгуң келип атса, суук көчөдө эмес, жылуу - жумшак үйдө эле зордоло бер. Сыртка чыксаң да, үйдө калсаң да көрө турганың бирөө эле, - каткырып күлүп ордуна жата кетти.
Эки грузин өз тилдеринде чулдурашып бир топко сүйлөшкөндөн кийин, Паата:
- Чо вы здесь сцена устраиваете? Гели ей нечего не сделал - деп ачууланып кирди.
- Бар, жатчы ордуңа. Сен бул жерде отурсан мен уктай албайм. Булардын да жиндери келе баштады, ал эч нерсе кылбаптыр го сага. Өзүңдөн өзүң эле ушинте бересиңби? - оозун аңырдай ачып эстеген Тамара ары бурулду.
Аркы бөлмөгө кеткен кыязданып, акырын ашканага кирдим да караңгыда отургучту эптеп таап отураарым менен жарык күйүп кетти. Мандайымда Гели турган эле. Жүрөгүм оозума каптала түштү.

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
5-июнь, 2009-ж.:
1-бет
Саясий анекдоттор
2-бет
МЕЗГИЛ. АДАМДАР. ОКУЯЛАР
3-бет
"Азия Курулуш" аферистпи?
4-бет
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, укук коргоочу Жаркын Темирбаева:
"Аксы окуясында күч органдары ушунчалык мажирөөлүгүн көрсөткөн"

5-бет
Жеңишбек Назаралиев:
"Менин жанымда эч ким ушакташпайт"

6-бет
БҮГҮН ТУУГАН, ЭРТЕҢ ДУШМАН
7-бет
Дүйнөдө...
Америкалык General Motors банкрот болду

8-9-бет
Гимн Творцам!
10-бет
Колобок же президент ким болот?
11-бет
Чыңгыз баскан из менен
12-бет
Коомдук-экологиялык, мөңгүлөрдү сактоо "Мөңгү" фондунун президенти,
Кабылбеков Үрүстөм Кубанычбекович:
Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн эрип кетүү коркунучу чоң

13-бет
Жумурткадан кыр,жумуштан чыр издегендер
14-бет
Адабият
15-бет
Бир бөлмөлүү турак жайлар:
16-бет
Ч.Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын лауреаты
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА
Мээнетин төгүп, мөмөсүн албаган багбан






а ­е¦Є.НҐй«