"Эл сөзү", 27-апрель, 2010-ж.

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
"Жер баскандардын көбү -өзүнчө мафия"
- Иса Шейшенкулович, маегибизди абдан көйгөйлүү маселеге айланган жер басып алуу маселесинен баштасак. Ушул маселенин күңгөй-тескейине кененирээк токтолсоңуз?
- 7-апрелде элдин эркиндиги үчүн курман болушкан баатырларыбыздын сөөгү жерге жашырыла электе, алардын туугандарынын, жалпы элдин ыйы басыла электе биздин айрым жарандарыбыз атайы уюшкандык менен өздөрүнчө топ түзүп алышып, башка миңдеген адамдарды үндөшүп, алардын көбүн каржылап, шаардын ар кайсы тарабында жер басып алуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүштү. Негизинен, бул такыр туура эмес, өзүн жана элди, Мекенди сыйлабастыкка жатат. Себеби курман болгон 100гө чукул жаштарыбыз өз жандарын ушулар жер басып алып, мамлекетибизде баш аламандык уюштурсун деп беришкен эмес.



"Көкжал Жылдызды касиеттүү
Докемдин асыл арбагы колдойт"
Жылдыз Мусабекова деген ысым, кыргыз журналистикасына өзгөчө чыйыр жол салган айымдардын бири экени жалпыга жакшы маалым. Жылдыз эжебиз, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, оппозициялык маанайдагы журналисттердин алдыңкы сабында болуп келди. Акыркы жылдары "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринде үзүрлүү эмгектенип, Бакиевдик режимдин кулатылышына курч макалары менен чоң салым кошту. Эми аталган гезиттер менен кош айтышып, бир жыл мурун Жаныш Бакиевдер тартып алган, өз "баласы" "Айат пресс" гезитин чыгарууга киришти. Эмне демекчибиз, аттанган жолу ар дайым ачык болсун, гезити элдин колдоосуна ээ болгон барктуу гезиттердин бири болсун! Биз "Эл сөзү" гезитинин жааматы Жылдыз эжебизди жааматыбыздын катарынан узатып жатып,


"Кыргыз руху", 27-август, 2010-ж.

Бийлик, Оппозиция, Геосаясат
7-апрелден кийин Кыргызстандагы өзгөрүүлөр өтө тездик менен өнүктү. Кыргызстанды башкарууга даярдыгы жок жаңы келген алсыз бийликтен пайдаланган ар кандай ички жана сырткы күчтөр тездик менен аракетке өтүп, эзелтен толеранттуу, айкөл, меймандос, бейпилдик менен тынчтыкты сүйгөн кыргыз жерин кандыбулоонго айлантып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчү коркунучтуу абалга чейин алып келишти. Кыйын учурда президентибиз АКШ, БУУ, ЖККУ, Россиядан жардам сурап жибергенге чейин барды. Тилекке каршыбы, бактыга жарашабы, сырткы күчтөр учурунда жардам берүүдөн баш тартышып, кыргыз эли бул кыйын кырдаалдан өз күчү менен чыгып кетүүгө жетишти. Бул өз күчтөрүбүз ал кездеги Исмаил Исаковдун сөзү менен айтканда: "аскер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү жана областык жетекчилер, акылдуу аксакалдар, түшүнүктүү патриотторубуз жана кырдаалды кеч болсо да улантып кетүүгө жол бербей токтотуп калган Убакытлуу өкмөт бийлиги"


Эл "и" элита
Байыркы орус эли сөз таппай эле, сөздүн көбүн биздин ата-бабаларыбыздан үйрөнгөн окшойт. Биздин кыргыздар бир жерге барып: "Мас көп" экен дегенин орустар угуп алып өздөрүнүн тилине салып Мас көптү Москва деп өзгөртүп алышса, падышасы битир сурап жүрүп чогулткан шаарды битир эмес, өздөрүнчө Питер деп алышкан, Сары Тоону Саратов, Түмөндү Тюмень, Кабарды Хабаровск, Оңду Омск, Тоңду Томск. Айтор баардык эле орустун байыркы сөздөрү биздин төл сөздөрүбүз экен.
"Элита" деген сөз деле бизден чыкса керек. "Эл ити" деген эле сөз экен.

"Элита" эмне себептен "эл ити"?
Мурунку кыргыздарда эл мыктысы, эл жакшысы, манап деген лексикондор колдонулган. Советтик мезгилде номенклатура, атка минерлер, партократ, элдин каймактары деген терминдер колдонула башталат. Аскар Акаев бийликке келгени "бөйрөктөн шыйрак чыгарышып,"көйрөңдөнүшүп, элден өзгөчөлөнүшүп "элита" деген терминди кийиришет. Акаевдин убагында кимдер элитага киришчү? Албетте, Акаевдин үй-бүлөсү жана ага жакындар кыргыздын элитасы болсо, иерархия боюнча облустун элитасы, райондун элитасы, айылдын элитасы болуп түзүлүп кете беришкен. Анан биз элитабыз деп сыймыктанышып, кыргыздын элиталары деп китептерди жаздырышып, өздөрүн-өздөрү даңктай башташкан. Аягында иттей болушуп куйруктарын кыпчышып, элитанын көпчүлүгү эл итине айланып, жөн гана итке айланбастан качкын итке айланышып журтуна жолой албай жүрүшөт. Мындай тагдыр андан кийинки бийликке келишкен Бакиевдик бийликке да таандык. Демек байыркы кыргыздар да бекер жеринен "эл ити" деген сөздү кошуналарга тараткан эместир. Балким алар маанисин туура эмес түшүнүп алышкандыр. Бирок эми биз мунун маанисин туура түшүнүп "эл ити" деген терминди алып салып эле күн көрбөйбүзбү?


"Учур", 2-сентябрь, 2010-ж.

Марат ИМАНКУЛОВ:
"Кыргызстанды хандыктарга бөлүүгө жол бербейбиз!"
Кыргызстан эгемендиктин 19 жылдыгынын жаңы барагын ачты. Акыркы кезде дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстан мамлекет катары жашап кеталбастыгын божомолдогон билдирүүлөр арбып барат. Мамлекеттин коопсуздугу кылдын учундабы? Чындап биздин мамлекет жетекчилиги кырдаалды жөнгө салып, мамлекет бүтүндүгүн камсыз кыла албайбы? Азыркы тапта ар бир кыргызды түйшөлткөн ушул соболдор менен Коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган катчысы Марат ИМАНКУЛОВго кайрылдык.

Марат Иманкулов Чүй облусунун Чүй районунун Онбиржылга айылынан. Москва полиграфиялык институтун бүтүргөнү менен, бул тармакта аз гана иштеп, өлкө эгемендик алар жылы КГБ кызматына тартылган. Нарын, кийин Ош, 2002-2005-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук УКК башкармалыктарында жетекчилик кызматты аркалап келген. Андан соң, УККнын терроризмге каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. КМШ мамлекеттеринин Кеңешинин чечими менен 2007-жылы КМШ мамлекеттеринин Антитеррордук борборунун жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Айтымында, бир да кызматты сурап алган эмес.
2007-жылы болгон митингдер маалында УККда жыйын өтөт. Бардык офицерлер чогултулат. Ошондо Марат мырза да чакырылат. Ал жерде "УКК мамлекетке эмес, бир үйбүлөгө гана иштеп калды"


Баатырларга баа берилип
Адамзат тарыхында биринчи жолу болуп жаштар арасында Бүткүл дүйнөлүк жайкы олимпиада оюндары Сингапурда өтүп, Кыргызстан курамындагы 8 атлет күч сынашканы барган. Жыйынтыгында грек-рим балбаны Урматбек Аматов өз салмак ченинде алтын медаль жеңүү менен бирге олимпиада чемпиондугуна татыган. Дагы бир балбаныбыз Шадыбек Сулайманов коло медалын жеңген. Дзюдо боюнча Болот Токтогонов да үчүнчү орунду камсыз кылган. 29-август күнү "Манас" эл аралык аэропорттон салтанаттуу түрдө жалпы олимпиадачыларды тосуп алдык. Аман-эсен Мекенине кайткан балбандарыбыз жана аларды таптап жиберген спорт коомчулугу менен жакындан ой бөлүштүк.

Мурат Саралинов, КРнын улуттук олимпиада президенти:
"Кыргыз спортунун тарыхында калышты"
- Кыргызтандыктардын кубанычтуу күнү да келип отурат. Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасында 204 мамлекет катышты. Алардын баарына тең уюштуруучулар тарабынан жакшы шарттар каралган. Анын ичинен биздин 8 атлетибиздин бешөө татыктуу орундарды жеңип келишти. Бир алтын, эки коло, мушкер Исломжон Далибаев 4-орунду жана сууда сүзүүдө Дмитрий Александров 10-орунду ээлеп өлкөбүз үчүн маанилүү упайларды топтоп келишти. Менин оюмча биздин атлеттер ушундай жакшы көрсөткүчтөрү менен Кыргыз спортунун тарыхында чоң из калтырды. Муну баса белгилеп кетмекчимин.


"Айат", 2-сентябрь, 2010-ж.

АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО-МАНАСТЫН ЖОЛУ МЕНЕН
Ала-Тоодон аттанып чыгып, Россия Федерациясынын карамагындагы Тоолуу Алтай Республикасына барып, тарыхыбыздын унутта калган барактарын жаңыртууну эңсеп, тээ байыркы бир заманда жарык дүйнөгө келип, ушул Алтай жергесинде төрөлүп, тестиер чагынан эзилген кыргыз элинин жүгүн артынып, катылган душмандардын катыгын колуна карматып, чачылган элди чогултуп, курама жыйып журт кылган Айкөл атабыз Манастын киндик каны тамган жерге барып келдик. Чынында эле, мындай жүрүш кыргыз элинин эгемендик алганынан бери биринчи ирет уюштурулуп отурат. Советтик доордо бир мамлекет болуп жашаганыбыз менен, бабабыздын туулган жерин эңсеп барган жан деле болбоптур. Мунун негизги себеби, ошол кездеги мамлекеттик идеология Манасыбызды жомок катары кабылдатып, кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхын будамайлап келген эле.


Дилбар КӨЧКӨНОВА:
"Баламдын башын тапсам эле болду эле..."
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.


"Агым", 3-сентябрь, 2010-ж.

Партиялар элге платформасы менен эмес, курал-жарагы менен чыгабы?
Стандарттуу түшүнүк боюнча партия деген бул элдин кайсы бир идеологияны карманган бөлүгү. Андыктан ар бир партия коомчулукка өздөрүнүн башкалардан өзгөчөлөнгөн конкреттүү программасы менен таанылыш керек. Бүгүнкү партиялар элге өз программасын жеткирүүгө анча деле ашыкпайт. Коомчулук алардын конкреттүү программасын жакшы билбегендиктен партиялардын лидерлери, тизмесинде жүргөн адамдар чындап эле ошол партиянын негизги линиясын кармап атышканын же каалагандай эле иш жүргүзүп келатышканын билбейт деле. Анын мүчөлөрү да кандайдыр бир идеологиянын тегерегинде эмес, бир лидердин тегерегинде бириккен. Эми шайлоодо эл да ушул өңүттөн добуш берет. Ушундай себептерден улам азыркы партиялардын дээрлик көпчүлүгүн партия деп айтканга болбойт.

Учурда коомчулуктун шайлоону тынч өткөрүү боюнча тынчсызданып жатканына негиз бар. Себеби бүгүнкү күндө БШКга өз тизмесин берип, шанаңдаган боюнча шайлоо өнөктүгүнө кирип баргысы келген отузга жакын партиянын дээрлик көпчүлүгүнүн саясый багыттары бүдөмүк.


"Жакында Манастын төрөлөрүнө ишенем"
Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров айткандай, турмуштун оордугуна, каатчылыкка карабай учурда кыргыз киносу өнүгүп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Албетте бүгүнкү күндөгү жаш режиссерлордун жаратып жаткан тасмаларынын баарын мыкты дегенге болбойт. Ошентсе да алардын арасында кыргыз көрөрмандарынын, чет элдиктердин бүйүрүн кызыткан чыгармалар жок эмес. Буга чейин отузга жакын ар кандай чет элдик сыйлыктарга татыктуу болсо да жаш режиссер Нурбек ЭГЕНди кыргыз коомчулугу чынында көп биле берчү эмес. "Бабалардын керээзи", "Санжыра" тасмаларынан кийин кыргыз элинде анын ысымы көп айтыла баштады. Жакында "Манастын төрөлүшүн утурлай" документалдык тасмасын кыргыз көрөрмандарынын сынына койгон режиссерду кепке тарттык.


"Аалам", 2-сентябрь, 2010-ж.

Жеке ишкер
Болотбек Дыйканбаев:
"Саясый оюндан от чыкты"
Кыргыз мамлекети ансыз да оош-кыйыш оор кырдаалда турганда, түштүктөгү коогалаң өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Мындай учурда карапайым калктын арасынан элдин, мекендин тагдырын ойлогон, жеке кызыкчылыгынан кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору койгон патриот, күчтүү жигиттер суурулуп чыгууда. Алардын бири жашоодо өзүнүн туруктуу көз карашы, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өзгөчө ойлору бар менин төмөндөгү маектешим - Болотбек Дыйканбаев. Уучубуз кур эмес экен…

- Болотбек, сиздин көз карашыңызда түштүк окуясынын кайталанышына эмне себеп болду?
- Негизи, Ош коогалаңы өлкөбүздүн оң капшытын оюп кеткендей эле болду. Ал оор күндөрдөн калган жараат бүгүнкү күнгө чейин айыга элек. Менимче, айыкпайт дагы… Түштүктүн эли ушундай болорун мурда эле билген. Мындан төрт жыл мурун түштүктө өзбектердин аттуу-баштуулар атайын жыйын өткөрүшүп, расмий эмес фонд ачышкан дешет. Ошол фондго ар бир өзбек кандайдыр бир суммадагы акча салып турушкан экен. Ал акчалар жакшы окуган балдардын жогорку билим алуусуна, кээ бир шарты жогунан үйлөнө албай жүргөн өзбек жигиттерин үйлөнтүүгө жана ушул сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалган деген имиштер бар.


Алдамчы М. Конгантиевби же "Инкомполис" фирмасыбы
Гезитибиздин өткөн санында учкай жаздык эле, Молдомуса Конгантиев ИИМ министри болуп турганда ГУУРдун имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасынын курулушун баштаган. Бири бүтө жаздап, бири аягына чыкпай калган бул курулуштардын тагдыры азыр эч кимди кызыктырбай турат шекилди. Баарынан да курулушта иштеген карапайым жумушчулар иштеп тапкан акчаларын алалбай убара. ИИМ башына Болот Шерниязов келгенде маселени бир жума ичинде чечмек болгон бирок ал кызматынан бошоп кеткен соң көйгөй дагы абада асылып калды.
27-август күнү ИИМ КИБ (ГУУР) имаратын, ИИМ Академиясынын 27 орундуу жатаканасын курган куруучулар жыйын өткөрүшүп, өз нараазылыктарын дагы билдиришти. Аталган курулушта иштеген 200 жумушчу жалпы суммасы 1 миллионду түзгөн 2 айлык эмгек акыларын ала албай, 2010-жылдын апрель айынан бери ИИМге арызданып келишет.Чогулушка ушул 2 имарат курулушун каржылоону моюнга алган "Инкомполис" аттуу сактык (страхованиелик) компаниянын гендиректору Тарев Александр, ИИМден өкүлдөр чакырылган. Тилекке каршы ИИМден эч ким келген жок.




"Лозунг", 2-сентябрь, 2010-ж.

"Камбар-Ата-2нин" биринчи агрегаты иштеди, бирок кемчиликтер бар...
30- август күнү Токтогул районунда жайгашкан "Камбар - Ата - 2" ГЭСинин биринчи агрегатынын ачылышы салтанаттуу түрдө болуп өттү. Бул иш - чарага президент Роза Отунбаева жана бир катар министрлер, элчилер, Эл аралык уюмдун өкүлдөрү, партиянын лидерлери, ошондой эле жергиликтүү эл катышты. Ал жерге топтолгон элдин кол чабуу коштоосу менен Роза Отунбаева биринчи агрегатты иштете турган тетикти (пуск) өтө толкундоо менен басканы ачык эле байкалып турду. Ошентип, көптөн-көп күтүлгөн аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке берилди. Бирок "Нарынгидроэнерго курулушунун" жетекчиси Качкынбаев Осмон ачык эле тынчсызданып белгилегендей, бир аз кемчиликтерге карабастан Роза Отунбаеваны, эң башкы жоопкерчиликти алган өзүн уят кылбай биринчи агрегат дурус иштеп берди. Себеп дегенде, Качкынбаев мырзанын пикиринде биринчи агрегатты ишке берүү кыска мөөнөттө белгиленгени Камбар-Ата ГЭСинин жалпы жамаатын абдан кыжаалат кылган. Тактап айтканда, ишке берилген биринчи агрегат электр жагынан тыкыр текшерүүгө алына элек экен. Ошондой эле аны иштете турган бир катар тетиктер Союз учурунда эле сатылып алынгандыктан, алар көпкө туруп калган. Ушу себептүү Качкынбаев мырза, агрегатты ишке берүүдө бир катар кемчиликтер болуп кетишине кепилдик жок экендигин айрым журналисттерге ачык айтып берди. Айтып олтурса, биринчи агрегаттын дагы бир катар жасала элек иштери бар экен. Мындайча айтканда, бул ачылыш азырынча "көргөзмө" сыяктуу болгон өңдөнөт...


Динара Орозбаева,
"Алмаз экөөбүз 10 жыл өткөн соң табыштык"
Динара, жолдошуң Алмазбек Раимкулов экөөңөрдүн сүйүүңөр интернетте сүйлөшүүдөн башталыптыр. Демек, сен "виртуалдуу" сүйүүгө ишенгендердин бири экенсиң да?
- Ооба, ишенем. Биздики чындыгында эле ушундай болду да. Бирок, Алмаз мени кичинекей кезимде көрүп эле жүрчү. Ал Ош районунан мен жашаган Куршаб айылындагы аяш атасы Кадыралиевдердикине көп келип турчу. Алмаз анын уулу, маркум депутат Санжар Кадыралиев менен жакын достордон эле, а биз алар менен кошуна турчубуз. Алар менин улуу байкем менен да мамилелери жакшы эле. Кийин айтканына караганда мени ошондо эле байкап жүрүптүр. А мен анда мектепте окуган, олимпиада, конкурстардан калбаган активистка, тыпылдаган-тың кыз элем. Ошентип, мен мектепти, университетти аяктап, КТРде иштеп калдым. Бир курдай андан интервью алганы телефон чалгам, ошондо баягы айылдагы секелек кыз Динара экенимди укканда "Тагдырдын табышмактуулугун кара" деп таң калган. Көрсө, ортодон 10 жыл убакыт өтүп, Алмаз балалыгыбызды унутканга жетишиптир... Ошондон баштап Алмаз мага өзү телефон чала баштады, интернеттен сүйлөшүп жүрдүк. Интернет-алысты жакын кылып, экөөбүздүн сүйүүбүздүн күбөсү болду. Бир күн сүйлөшпөй калсак же телефон чалбай калса кадимкидей сагынып кетчүмүн, көрбөй туруп эле. Бирок, башында биздин "виртуалдуу" сүйүү ушундай бекем үй-бүлөгө айланат деп ишенген деле эмесмин.


"Адилет press", 9-сентябрь, 2010-ж.

Үсөн Касыбеков
Азимбек Бекназаровдун "революциялык" омуроосу
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кол тийбестиги маселесин убактылуу өкмөттүн шашылыш карап, анын иммунитетин алып таштоо жөнүндөгү декретин чыгаруусу күйүп бараткандай иштерден деле эмес болучу. Убактылуу өкмөт бул чукул кадамы менен олдоксон ишке барып, орой ката кетиргенинде шек жок. Жоо кубалап келаткандай болуп шашылыш декрет кабыл алуу көптөгөн жоромол-божомолдорго жем таштады. Эксперттердин бир даары убактылуу өкмөттүн иши жакшы жүрбөй, кыйчалыштап жатышы, өлкөдө көптөн бери зарыгып күткөн стабилдүүлүк орной албай кыйшаңдап туруп алышы, өлкө социалдык-экономикалык терең кризиске кабылып, андан качан жана кантип чыгып кетээри сар-санаага салган табышмакка айланышы сыяктанган көкөй өйүгөн курч проблемаларды моюнга алуудан тайсалдап, күнөөнү экс-президент А.Акаевге оодара салып, элди алаксытуу амалы менен түшүндүрүштү. Кай бирлери убактылуу өкмөттүн ядросун түзгөн экс-оппозициялык саясый партиялар парламенттик шайлоонун алдындагы өздөрүнүн зоболосун көтөрүү үчүн жүргүзгөн пиар-акциясы катары баалашууда. Арийне, декреттин пайда болушуна канткен күндө да убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн, айрыкча А.Бекназаровдун, жеке өч алуу мотиви кыймылдаткыч күч катары кызмат кылганы баамдалбай койбойт. Декреттин долбоорун түзүүнүн жана аны ишке ашыруунун демилгечиси А.Бекназаров болгону белгилүү. Ал эми, катары менен эки революциянын,


Чокчолой баатыр
Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары ("Голос Америки", "Независимая газета") кызмат ордунда калтырылган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун Бишкектен Ошко триумф менен кайтып келишин сүрөттөп жазышты. Мэрдик ордунан козголоор алдында элди көтөрүп атып, ордунда калышынын салтанатын "Мен кетпейм! Мен силер мененмин! Мен эл мененмин!" деген сөздөрүн, борбордук бийликке баш бербей жатканын айтып жана жазып чыгышты.
Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Алик Орозов Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетээри тууралуу жарыя айтып жиберди эле, аягында Мырзакматов эмес, Орозовдун өзү кызматтан кетүүгө мажбур болду.
Ошто анын ордунда калышын жактап чыккандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мелис Мырзакматов минтип айтканы маалым:


"Агым", 27-август, 2010-ж.

Эгемен Кыргызстандын буга чейинки президенттери 61ге караганда кызматынан куулушкан. Азыркы өлкө башчысы 60ка чыкты, эми эмне болот деген суроону калчадык.
Алтымыш бирди ак үйдөн тосуңуз!
23- августта Роза Отунбаева өзүнүн жакындарынын арасында бешинчи мүчөл жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө кайгы-муңдан баш көтөрө албай турганда дүңгүрөтүп майрамдабаганы жакшы дечи. Бирок КМШ тарыхындагы алгачкы президент айым мурунку коллегаларынын жолу менен келе жатканы таңгалычтуу. Алардын тагдырын көчүрүп туруп, каарманын гана алмаштырып койгондой. Акаев да, Бакиев да кокусунан келип калышкан өлкө башчылары. Окумуштуу президентибиз Россияда оюнда эчтеке жок жүрсө, кыргыз интеллигенциясы алып келип тактыга отургузуп салган. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп, анын президенттик доорун Майрам, Айдар, Бермет Акаевалар менен балдыздары жүда сүрүштү.
Манты жеп отурган жеринен келип президент болуп калган Курманбек Бакиевдин 24-марттагы революцияны уюштурууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн гана президент кылышканын кийин Үсөн Сыдыков айтып чыкпадыбы. Бул дагы атты биринчи жолу көргөндөй, бийликте эки жыл отургандан кийин "өнөрүн" баштады.
Көөп кеткен ажолорду 61дин ашын жеп жатканда эл шыпырып түштү.


Мен өз өлкөмдү жөнөкөйлөтүп айтканда, атасынын өмүр бою жыйган-терген байлыгын чачып, мурас калган жерин кескилеп сатып жаткан акылсыз баладай элестетем. Кайсы бир жомокто бир байдын эрке баласы атасы өлгөндөн кийин эркиндикке манчыркап каалагандай көөп жүрүп колундагы мыдырын тарттырып ийип, акырында өзү көчөдө калат эмеспи. Башкача айтканда, руханий жактан калыптанбаган адамдын келечеги болбойт. Тарыхты карап көрсөк, буга чейин жер үстүнөн жок болуп кеткен элдер экономикалык кыйынчылыктардан улам жок болгон эмес, өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн сактай албай калгандан улам улут же мамлекет катары жашоосун токтоткон.

Эдиреңдеген он тогуздагы Эркинбек
Эзелтен элди эл кылып турган анын маданияты, адабияты, моралдык-нравалык бийиктиктери эмеспи. Ички көрөңгөсү талкалануу жолунда бараткан эл түзгөн мамлекет да бара-бара жок болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жогоруда айтып өткөн эрке баладан айырмаланып, кыргыз элинин тарыхы, Манасы, моралдык-нравалык бийиктиктери бар эле… Азыр деле бар. Бирок тилекке каршы, буга чейинкисин тек коелу, эмнегедир эки тизгин, бир чылбырды өз колубузга алган эгемендик жылдары так ошол бизди улут катары, мамлекет катары сактап кала турган тирегибизди - руханий байлыгыбызды татыктуу баалай албадык. Ага кошул-ташыл болуп мамлекетти мамлекет катары сактай турган негизги структуралар да коррупциялашып, ашмалтайы чыгып, кадырын жоготуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай калды.



"Алиби", 27-август, 2010-ж.

Равшан Жээнбеков, экс-министр:
"Абдуллах Гүл: "Кыргызстанга демократия гана ийгиликтерди алып келет" деди"
- Равшан мырза, сөзүбүздү Түркия сапарынан баштайлы. Кандай саамалыктар болду?
- Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясынын делегаттары Түркияга иш сапары менен барып, төрт күн болуп келдик. Төрт күндө Түркиянын бардык расмий адамдары менен жолугуштук. Алар Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, Парламентинин башчысы, Тышкы иштер министри, Мамлекеттик министри, Парламентте отурган өкмөттүк жана оппозициялык партиялардын лидерлери менен жолугуштук. Келечекте өкмөттү курай турган партиялардын бири катары көрүп, кабыл алышты. Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу болду. Коңшу турган башка боордош мамлекеттерге караганда Түркия мамлекетинин башчысы Кыргызстандагы жаңы түзүлгөн Парламенттик системасын, Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жүрүшүн жана өнүгүшүн колдой турганын расмий билдирди. Түркия 80 жылдан бери парламенттик системада жашаган мамлекет катары билим, тажрыйба адистиги жагынан жардам берип, моралдык жактан, келечекте материалдык жана финансылык жактан колдоо көргөзөрүн билдирди. Эң маанилүүсү Түркиянын Президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдө, реформалардын жүрүшүндө "Ата Мекен" партиясынын ордун өзгөчө белгилеп, анын лидери Ө.Текебаевди ушул өзгөрүүлөрдү ишке ашырган, өзгөрүүлөрдүн башында турган адам катары белгилеп кетти.


Аскар Акаев:
"Кандай гана бийлик болбосун,
бир тамчы адам канына татыбайт!"
Бир нече күндөн кийин Кыргызстан эгемендүүлүктүн 19 жылын белгилейт. Адаттагыдай эле мамлекет жетекчилери атайын даярдалган кагаздагы көнүмүш сөздөрүн күн ысыкта, майрам көрүү үчүн топтолгон элдин алдында окуп беришет. Анда Кыргызстандын эгемендүүлүгү мактаныч катары айтылганы менен адатынча "Акаевдин коррупциялык доору" кенен сүрөттөлөт. Ал эми анын башкаруусуна туш келген Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттагы жетишкендиктери туурасында ныпым эскерүү жасалбайт. Анын ордуна азыркы бийликтин тушундагы "жетишкендиктер", элдин "бактылуу жашоосу" туурасында абдан көркөм "икаялар" айтылат...

Ал эми биз ошол эгемендүүлүктүн түркүгүн Кыргызстанга алып келүүгө зор салым кошкон туңгуч президент Аскар Акаев менен өткөн тарыхты эстеп, ага калыс баа берүүгө аракет кылдык. Буга чейинки журналисттердин маектешүүлөрүнөн айырмаланып, бул ирет ал кишиге ачуу-таттуу суроолорду аралаш жаадырдык.
- Аскар Акаевич, алгачкы сөздү учур маселесинен баштасак. Учурдагы кырдаалды сырттан көз салып турган байкоочу катары мекениңиздеги акыркы көрүнүштөрдү кандай баалап жатасыз?


"Кыргыз туусу", 2-сентябрь, 2010-ж.

"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Бакыт Сакыбаев мырзага,
Кыргыз тилинде чыгып жаткан башка гезиттердин редакторлоруна,
редакциялык жамааттарына

Урматтуу Бакыт мырза,
Урматтуу журналисттер,
Эзелтеден элибиз "ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүн акысын жебе, кыянаттык кылба, кайрымдуу бол" деген дөөлөттөрдү ыйык тутуп келген. Журттун уюткусу бузулбай, элибиз эл болуп сакталып келе жатканынын бирден бир негизи да улуттук нарктын сакталышы. "Нарк бузулса эл бузулат" дейт. Кыргыз эли эзелтеден сөзгө жогору маани берген, "сөз улук"деп, кандай шарт болсо да сөзгө конок берген. Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен сөздүн
баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Гезит беттеринде таамай, таасын айтылган ой, курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачыктан-ачык эле каралоо, ойдон чыгарылган жалаа, карасанатайлык менен жасалып жаткан чагым көп болуп бара жаткандай сезилет. Силер сөз булагынын башатында турасыңар, Сөз маданиятынын абалы, анын туура же туура эмес калыптанышы силердин колуңарда. Ошондой эле силер өтө кубаттуу куралга ээсиңер. "Сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт" - дейт.


Нурсултан НАЗАРБАЕВ:
"Дүйнөнү бардыгыбыз биргелешип коопсуз жана сонун кыла алабыз"
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен быйылтан баштап дүйнөлүк коомчулук 29-августту - Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү деп белгилей баштайт. Бул маселени жогорку трибунага Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Казакстан тараптын демилге көтөрүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн өлкөнүн кийинки алтымыш бир жылдык тарыхы айгинелеп турат.

Атом бомбасын Нобель сыйлыгынын лауреаттары жасашкан
1942-жылдын августу. Советтер Союзу өз аймагына басып кирген гитлердик Германия менен аёосуз каршылашкан согушту жүргүзүп жаткан. Кимдин жеңип чыгарын алигиче болжомолдоо кыйын. СССРге тарапташ Америка Кошмо Штаттары көмөктөшүмүш болуп, фронтту тыштан көзөмөлдөп турат. Германия жеңсе, АКШга кол салбайт деген кепилдик жок. СССР жеңсе, дүйнөлүк геосаясатта ал басымдуулук жасашы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда - өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң - араба сынат болуп турган. АКШ баралына келип, жер бетине үстөмдүк кылууну эңсеп жаткан.


"Адилет press", 19-август, 2010-ж.

Мара алдындагы түз тилке
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 10-октябрга дайындалган жалпы элдик плебисцитке катышып, күчүн сынап көрүү ниетин 57 партия билдирди.

57 партиянын ар биринин экиден өкүлдөрү катталды деп билдирилет. Эгер, азыркы күнү юстиция министирлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны 148 ке чаап барганын эске ала турган болсок, шайлоого катышабыз деп бел байлап акактагандардын саны көп деп да, аз деп да айтууга болбойт. Баарыбызга белгилүү, 148 партиянын көбүнүн аты болгон менен заты жок. Бир далайы парламенттик шайлоонун алдында чампаланып түзүлө калгандар же чала өлүк болуп жаткандарды кайра тирилтип, мал кылып алгандар. (Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесмен "Эл-талабы" деген инкубацияда жаткан партияны кайрадан каттоодон өткөрүп, "Республика" деп атап, реанимациялап албадыбы. Эмнеси бар экен, азыр партия түзөм деп убара болуунун кереги деле жок. Партиялык курулуш менен алпурушуунун кажети болбой


Стамгүл Турдалиева, ырчы:
"Ата- Мекен" партиясына ырдай тургандар Ассолдун элегинен өтүшү керек экен"
- Стамгүл, 7-апрелдеги толкундоолордо эл менен бирге жүргөндөрдүн бирисиз. Азыркы өзгөрүүлөргө кандай баа берип жатасыз?
- 7-апрелден кийин ар кайсы көзү ачыктар ушундай болоорун мурда эле билгенбиз деп айтып жатышпайбы. Мен дагы ошого чейин түшүмдө көп жолу согушту көргөм. Бирок түшкө ар нерсе кире берет деп элес албай коет экенбиз.
Ошол күндөр чынында кыйын болду. Чыгармачыл адамдар жумшак келебиз, оор нерсени башкаларга караганда оорураак кабыл алат экенбиз. Ошол күндөрү жаштардын ок жеп көз жумуп жаткандарын, жан бергендерди көрүп калдым. Биринин ичи-карды чыгып жатса, биринин оозу- мурдунан кан атып жатты. Ошолор көпкө чейин эсимден, түшүмдөн кетпей жүрдү, уйкум бузулуп, эстеген сайын ыйлап жаттым. Аны көргүсү келген адамдар дисктерди алып жатканын көрөм. Мен аны өз көзүм менен көрдүм. Мындайды көргөндө киши келечекти пландай албай, күнүмдүк жашоо менен гана жашап калат экен. Ыр жазгым келип жатты.
- Сизден башка ал жерде ырчы көрүнбөдү окшойт...Сиз алардан айырмаланып, саясий турмушка жакын экенсиз...


"Акыйкатчы (Омбудсмен)", 2010-ж.

Ош окуяларынын себебин 1990-жылдан издөө керек
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Алар өлкө үчүн оор жараат болуп, коомдук туруктуулукка жана адамдардын жай турмушуна чоң зыян алып келди. Күнөөсүз шейит кеткендер жана жабыркагандардын болгону өзгөчө оор. Көптөгөн адамдар баш паанегинен жана өмүр бою маңдай тери эмгеги менен тапкан байлыгынан ажырап калышты.
Мындай кырдаалда өлкөнүн тагдырына кайдигер карабаган адамдардын баарысы кантип мындай окуя болуп кетти, чыр-чатактын чыгып кетишине эмне себеп болду, мындай окуя кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген суроолорго жооп издеп келишет.
Мен, өлкөнүн Омбудсмени катары, болуп өткөн кайгылуу окуяларга өзүмдүн алдын ала баамды айтуумду зарыл деп эсептейм. Менин терең ынанымымда бул окуянын тамырын тээ 1990-жылдан издөө керек. Анда кыргыз жана өзбек лидерлеринин күнөөсү боюнча кан төгүлүп, улуттар аралык жаңжал болгон эле. Конкреттүү күнөөлүүлөр болгон, бирок эч кимиси жазаланган эмес. Ал окуяларга саясый баа да берилген эмес. Чыр-чатактын көптөгөн себептери жоюлган эмес. Биз "элдердин достугу" деген коммунисттик ураанды чакырууну улантып, улуттар аралык мамилелерде олуттуу карама-каршылыктарды жойгон жокпуз.


Турсунбек Акун о проблемах на кыргызско-китайской границе
Омбудсмен страны Турсунбек Акун во время поездки с кыргызской делегацией в Китайскую Народную Республику, которая продолжалась с 8 июля по 12 июля 2010 года,с целью встречи со знаменитым манасчы Жусуп Мамаем попутно провел мониторинг соблюдения прав кыргызских водителей-дальнебойщиков, осуществляющих перевозку товаров народного потребления через кыргызско-китайскую границу.
По словам водителей-дальнебойщиков, согласно договоренности двух соседних стран, стороны должны пропускать водителей-дальнебойщиков до 1000 км в глубь страны. В свою очередь наше государство, выполняя условия вышеназванного соглашения, водителей из КНР пропускают вглубь от границы до 1000км, т.е. они имеют возможность свободно добираться до г.Бишкек и далее до Оша и.т.д.


"Айат", 2-сентябрь, 2010-ж.

Кыргызстан социал-демократтары:
"Бөлүнгөндү бөрү жейт!!!"
24-августта Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын юбилейлик Х съездине, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 767 делегат катышты. Иш-чара өлкөнү сактап калуу, аны ичинен бөлүп-жарууга жол бербөө урааны астында өттү.

Партиянын жолбашчысы Алмазбек Атамбаев апрель революциясы үй-бүлөлүк, хандык башкарууга негизделген системаны кыйратып, Кыргызстандыктар көптөн зарлап күткөн жеңишке жетишкендигин белгиледи. Бирок, июндагы Түштүк каргашасы бул тарыхый жеңишке көлөкөсүн түшүргөнүн кошумчалады. Атамбаевдин ою боюнча, Кыргызстанды бөлүп-жаруу, акыры аны кыйратып жок кылуу үчүн бир катар күчтөр тымызын иштерди жүргүзүп жаткандай. Бирок "көк-жал, кылымдар бою азап-тозокторду жеңип келген Манастын тукумдары мамлекеттүүлүгүн сактап калат" деп санаалаштарына кайрат берди.


"Чөгөлөп жашаганча, чындык үчүн жаның бер"
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт. 7-апрелде чыркыраган чындык, ар намыс үчүн кыргыздын кырчындай уулдары жарык дүйнө менен кош айтышып, төшүн окко тосушту. "Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат" демекчи, бул маркумдардын ысымы түбөлүккө өчпөйт. Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш болуп, шейит кеткен баатырлар укугу тебеленип, азаттыкты эңсеген элге жарык нур көзүн ачты. Бирок, канчалаган үйбүлө боздоп, энелердин эмчеги зыркырап, сыздады. Ал тургай күн да ыйлап, көп үйбүлөнүн очогу бузулуп, коломтосу урады. Башына караан күн түшүп, жоготуунун кайгысын тартып, аза күтүп отургандардын убалы кимге? Адамга мал табылышы оңой, адам табылышы кыйын болгондуктан жоготкон адамдын ордун толуктоо колдон келбейт. "Элим, жерим" деп окко учкан маркумдун үйбүлөсүнүн азасын тең бөлүшүү үчүн сапар алып, канкор бийликтин алгачкы огу төшүнө кадалып, Ак үй алдында жан берген баатыр, "Учкун" жаңы конушунун тургуну Огомбаев Жылдызбектин үйүнүн босогосун аттап, жубайынын, бир тууган, коңшу-колоңдорунун оор үшкүрүп эстеген акыркы көз ирмемдердеги эскерүүлөрүнө күбө болдук. Ж.Огомбаев 1957-жылы Талас областынын Ак-Сай айылында туулган. Бир уул, эки кыздын атасы эле. Маркумдун сөөгү 9-апрелде Байтик айылына коюлган.



"Учур", 26-август, 2010-ж.

Адахан МАДУМАРОВ, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Курсагымды кармап көрөсүңбү?.."
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон "Ыңгайсыз собол" рубрикасына интервью алганы барганбыз. Бул рубриканын тарыхында Мадумаров мырзадай болуп эч ким чычалаган эмес эле. Башка массалык маалымат каражаттарындагы кесиптештеримдин Адахан Мадумаровдон алган интервьюсун окуп, алар менен баарлашып жүрөм. Журналисттерге психологиялык өңүттө атака жасаганды жакшы көрөт. Өзүнүн тапандыгы менен журналисттерди сындырам деп ойлогону болсо керек. Ал интервьюнун биринчи суроосунан эле чычалап баштады...

- Рубриканын аты "Ыңгайсыз собол". Ошон үчүн суроолор бир аз ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн...
- "Учурдун" суроолору ыңгайлуу болмок беле? Эч кандай коркунуч жок, суроолоруңду бере бер...
- Сиз Каркыраны "мен эмес, Акаев саткан" дегендей айттыңыз... (Адахан мырза суроо аягына чыга электе эле так секирип сөздү бөлдү.)


Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:
"Параметрлерим кыздар тийише тургандай эмес"
- Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
- "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, биздин үйдө демократия кожоюн. Коом үйбүлөдөн башталат эмеспи. Ал эми коомдо "демократиялык принциптер жакшы" деп биз даңазалап келебиз. Анын сыңарындай, үйбүлөдө дагы ушул принциптердин болгону туура. Бир адамдын диктатурасы болсо, анда жакшылык болбойт. Биз жубайым экөөбүз "ийри отуруп, түз кеңешебиз".
- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калгансыз?
- 1997-жылы 8-март күнү таанышканбыз. Бир жерде конокто чогуу отуруп калганбыз. Анан көздөр көзгө кадалып, бири-бирибизди жактырып калып, кийин дагы жолугуп жүрдүк. Мамилебиз келишип, үйлөнүп алдык. Турмуштун арабасын чогуу кылдыратып атканыбызга 11 жыл болду. Кудайга шүгүр, балалуу-чакалуу болуп, бактылуу болуп жашап атабыз.
- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
- Кызгануу - бул табигый көрүнүш да. Экөөбүз тең кызганабыз. Кызганычтын такыр болбогону дагы жакшы эмес көрүнүш. Өзүнүн чеги менен кызганычтын болуп турганы жакшы.
- Айрым эркектер "аялдын шайтанын чыгарып туруу керек" деп, кол көтөрүшөт экен. Сизде да мындай учур болгонбу?
- Ачууга алдырып, кол менен эмес, сөз менен катуу чапкан учурлар болгон.
- Эркектер "жубайынын көзүнө чөп салбаган эркек болбойт" деп мактанышат экен. Чын эле ошондойбу?
- Коомдо ушундай кеп бар. Жалпы коомго ушул сөздү алып чыгып, "мен ала жипти аттайм" деп мактангандын өзү туура эмес. Себеби, өсүп келаткан муундарга туура эмес таасир тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн мен бул суроону жоопсуз калтырганым туура болот го...


"Лозунг", 26-август, 2010-ж.

Күзүндө азык-түлүк кризиси күтүлүшү мүмкүн
Акыркы эки аптада өлкөдө ун, ундан жасалчу азыктар, кумшекер жана майдын баасы кескин өсүп барат. Ак төөнүн карды жарылчу берекелүү күздүн кирип келгенине карабай, айрым экономист - эксперттер так ушул күздө Кыргызстан азык-түлүк кризисинин кучагында калат деп боолголоп жиберишти. "Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, алардын мындай терс прогнозунда толук негиз бар.

Россия дүйнөнү ачарчылыкка түртөбү?
Быйылкы аптаптуу саратан Россия мамлекетин чоң түйшүккө салып, ири чыгашага учуратты. Акыркы 50 жылда болуп көрбөгөн ысык 130 жылдан бери кайталана элек каардуу кургакчылыкты, региондорго ири масштабдуу өрттөрдү жаратты. Анын кесепетинен эгин түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 30-40 пайызга аз жыйналары күтүлүүдө.
Айталы, 2009-жылы Россия 97 млн. тонна эгин жыйнаса, эксперттер бул көрсөткүч быйыл 60 млн. тоннаны гана түзүшү мүмкүн дейт.
Август айынын башында Россия өкмөтү буудай экспортуна эмбарго киргизди. Расмий Москванын айласыздан кабыл алган чечими дүйнө жүзүн катуу чочулатты. Британдык "Telegraph" басылмасы экспортко тыюу салынган орус буудайы дүйнөлүк биржаларда буудайга болгон бааны 45%га жогорулатканын кабарлайт.


Алик Орозов:
"Многие из временщиков проявили себя дилетантами..."
- Алик Карыбаевич, с чем связана Ваша отставка? Многие в недоумении, что Вы покидаете свой пост в трудное для страны время.
- Чтобы предупредить различные кривотолки, сразу поясню. Президент предложил мне пост посла в республике Пакистан и я согласился. Пакистан - находится совсем рядом, почти наш сосед, туда можно экспортировать электроэнергию, государство имеет открытые выходы в океан. Пакистан имеет развитую легкую промышленность, особенно текстильную, а у нас, как Вы знаете, тоже сильно развита швейная промышленность. Туда, в жаркую тропическую страну, можно продвигать наши великолепные прохладительные напитки, чистую питьевую воду - главнейший товар в ближайшем будущем. В исламских университетах Пакистана учатся наши студенты. С запада находится беспокойный Афганистан со своими опийными плантациями. Т.е. Пакистан во всех отношениях для Кыргызстана интересная страна.
- А как же безопасность страны? Ведь, многие связывали с вашим приходом в Совбез надежды именно с обеспечением безопасности?


"Обон", 24-август, 2010-ж.

Алихан
Биздин "түз байланыш" рубрикабызга окурмандар кызыккан суроолорун смс билдирүүлөр аркылуу жиберип, жоопторун гезит бетинен окуп келишет. Бул жолу окурмандар ортосунда көпүрө болгон аты аталган рубрикабызга жаш ырчы Алихан чыгып, суроолорго жооп берди.

Окууман "отчисление" болуудан корком
Асель, 22 жашта:
- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Жаңы ырларды жаздыруу менен репертуарымды кеңейтүүнүн аракетиндемин. Жакында эле "Сагынуу" деген ырыма клип тарттырдым. Дагы жаңы ырларды жаздырсам деп жатам.
Рыскүл, 20 жашта:
- Продюсериңиз милдетин кандай аткарууда?
- Эми продюсеримдин милдети десем туура болбой калат го, анткени Канат байке мага ага катары эле жардам берет. Биз бешөөбүз болгондуктан, ар бирибизге чуркайт, ишибиздин жакшы болушуна аракет жасайт.
- Ортоңордо мыйзамдуу келишим жокпу?
- Биз ага-ини катары эле иштешип жүрөбүз, бир сөз менен айтканда "эркекче" сүйлөшүп алганбыз. Аны мыйзамдаштырууну Канат байке өзү чечет.
- Канат байке менен пикир келишпестиктер болуп калабы?


Ассолдун айтып бүткүс жоруктары
Телеалыпбаруучу, продюсер, актриса, модельер - Ассоль Молдокматованын атын кыргыз эли эле эмес, кошуна өлкөлөр дагы мыкты таанышса керек. "Үй-бүлөм менин байлыгым" рубрикабызга, Ассолдун жакындары анын балалык чагынан, азыркы убакка чейинки кызыктуу жоруктарынан бир шиңгил айтып беришти.

Тамара Мусаевна Ассолдун апасы: "Пардадан кошуна кызга көйнөк тигип…"
- Кызымдын бала кезиндеги берешендиги, боорукерлиги азыркыга чейин бар. Кичинекей кезинде эле жардамга муктаж болгондорго жардам берип, алсыздарды коргой берчү. Тикмечилик, түймөчүлүк, бычмачылык өнөрү да күчтүү болчу. Анан, кайсы курбусунун туулган күнү болбосун, өзүнүн фантазиясы менен ар кандай көйнөктөрдү тигип, курбуларына белек кылганды абдан жакшы көрчү. Бир жолу, кошуна курбусунун туулган күнү болуп калып, анын апасы биздин үйгө келип, кызынын туулган күнүнө өзү жактырган көйнөк сатып бере албай жаткандыгын айтып, менин апама ыйлаганын көрүп калат. Ошол учурда немистердин кездемесинен тигилген пардалар мода болуп жаткан. Мен да, элдин катарынан калбай, Москвадан атайын конок үйгө деп ошондой кооз парда алып келип, илип койгом. Конок үйдө тагылган парда келген-кеткен коноктун баарына жагып, баары суктанып кетишчү. А менин кызым, кошуна кыздын туулган күнүнө көйнөк тигип берем деп, үйдө илинип турган, элдин баары кызыккан парданы алып, тиги кызга сарафан тигип берип коюптур.


"Форум", 27-август, 2010-ж.

Алмаз Атамбаев,
КСДПнын төрагасы:
"Экономикалык өнүгүү, социалдык коргоо жана коопсуздук - биздин негизги максатыбыз!"
24-августта Бишкекте өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Х мааракелик съездиндеги партия төрагасы Алмаз Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү. (Кыскартуулар менен берилди).

Саламатсыздарбы урматтуу делегаттар жана коноктор!
Партиябыздын съезди Мекенибиздин өтө кыйын мезгилине туш келип отурат. Апрелде үй-бүлөлүк бийликти кулаткан кезде, андан кийин июнда Түштүк жергебиздеги кагылыштарда жүздөгөн мекендештерибизден айрылдык. Алардын урматына бир мүнөт туруп эскерүүгө чакырам.
Урматтуу жолдоштор!
Апрель революциясы кыргыздын көкжал, баатыр эл экенин тастыктады. Хандык бийлик орнотом, элди кул кылам деген аракетке элибиз эч качан жол бербесин далилдеди. Уурулукка, өз туугандары менен жакындарын бийлик башына, майлуу орундарга отургузуу көрүнүшүнө элибиз жабыла каршы көтөрүлдү. Бийликти жеке менчигине айлантуу, каяша айткандардын көзүн тазалоо, мамлекеттик казынаны каалагандай талап-тоноо, көз карандысыз журналисттердин оозун жабуу сыяктуу кыянат иштер элдин чыдамын түгөттү.
Эми "2005-жылдын мартынан, 2010-жылдын апрелинен сабак алабызбы, алакандай жерибизде адилет коом кура алабызбы?" - деген бакыйган суроо турат. Же кайра эле бир уурулардын ордуна экинчи уурулардын заманы орнойбу? Албетте, адилеттикке, демократияга негизделген, ачык коом куруудан башка жолубуз жок.


КСДПнын мааракелик X съезди:
Кыргызстандын өнүгүп-өсүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар!
Съезд 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы кандуу окуяларда курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен ачылды. Андан соң съезддин тиешелүү органдары шайланып, делегаттардын тизмеси такталды. Жыйынды ачуу менен КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы партиянын платформасына токтолуп, ошондой эле учурдагы кырдаалдын күңгөй-тескейине кенен токтолду. Ал буга чейинки айтылып келген ой-пикирлерди, ошондой эле ушул съездде айтылган сунуштарды эске алуу менен партиянын шайлоо алдындагы программасы дагы толукталып, сентябрь айында конференция аркылуу бекитилээрин белгиледи.
Партия лидеринин айтымында аталган программа орчундуу үч багытка негизделген. Алар экономикалык өнүктүрүүгө шарт түзүү, калктын социалдык жактан корголушун күчөтүү жана коопсуздук, коргонуу деңгээлин арттыруу."Мына азыр ар кандай күчтөр атайын сөздөрдү чыгарып, Кыргызстан экономикалык жактан сазга батты, ресурстарын жоготту, мындан ары жашап кете албайт деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мен буга кошулбайм. Ошол бир нерсени, бир экономикалык чоң ресурсту унутуп жатышат. Ал ресурс - Кыргызстан бир үй-бүлөнүн башкаруусунан, бандиттик, кландык башкаруудан, уурулардын башкаруусунан кутулду.


"Кыргыз руху", 20-август, 2010-ж.

Исмаил Исаков, коомдук жана мамлекеттик ишмер:
"Ош окуясы 20 жылдап чогулган шишик. Ал баары бир жарылмак"
Бүгүнкү түз байланыштын каарманы Исмаил Исаков. Биз генералды партия жетекчиси катары эмес, көрүнүктүү инсан, коомдук жана мамлекеттик ишмер, жакында эле болгон Ош, Жалал-Абад окуясындагы Убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча өкүлү катары чакырган элек. Шайлоо өнөктүгүндө партияларды жарнамалоого тыюу салынгандыктан окурмандардын Исмаил Исаковичтин партиялык ишмердигине тиешелүү суроолорун кыскартканыбызды эскерте кетели.

Айзат, Бишкек шаары:
- Байкап көрсөк Бакиев учурундагы министрлерден да азыркылардан да ишине такшалган, таза иштеген адам бир гана сиз сыяктанасыз. Өзүңүздүн ишиңизди жакшы билсеңиз, кызмат ордуңуз бар болсо, колуңуздан келип, башкаларга салымыңыз тийе турган жумушуңуз болгондон кийин эмне үчүн саясатка аралашып жүрөсүз? Адатта, саясатта бош жүргөн же, кылар иши жоктор аралашып жүрүшөт.
- Биздин жүрүшүбүз өзү саясат да, тамак ичсек да, кийим алсак да саясат, ошонун негизинде саясаттан эч кимибиз сыртка чыга албайбыз. Аскар Акаевдин Баткен окуясына карата аракети туура эмес болгондуктан, туура эмес чечимдерди кабыл алып, туура эмес кадамдарды жасап жатканынан өз сунушумду киргизип, ушулар аткарылбаса кеткенге акым бар дегенимен кийин өз ыктыяры менен кетти деп мени чыгарышты. Кээ бирөөлөр "качып кеткен" деген сөздөрдү айтып жүрүшөт, анын баары жалган жалаа жабайын деп атайын айтылган кептер. Кант шаарынан генерал Чотбаев менен бирге учуп баратканда, самолётту токтотуп мени түшүрүп алып калышып, "жазган арызыңа ылайык кызматтан бошотулдуң"


Катышуучулар:
Толкун Исаков,
"Туран" партиясы,

Акылбек Жапаров,
"Ар-намыс" партиясы

Абдыжапар Тагаев,
"Акыйкат" партиясы

Батырбек Дууланов,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы

Модератор: Айзада Абазова, "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору
Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо
Баардыгыңыздарга белгилүү болгондой биздин газета алдыда болчу парламенттик шайлоонун алдын алып "Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо" деген маалымат акциясын баштаган эле. Бул акциянын максаты алдыда боло турчу парламенттик шайлоо коопсуздугун алдын алууну көздөйт. Буга чейин бул тема боюнча тегерек столго "Ата мекен", "Республика", "Замандаш", "Мекен Туу" партияларынын өкүлдөрү чогулса, бул жолу дагы беш партия чогулду. Аталган лидерлер жогорку темага ылайык тегерек столго боло турган шайлоодогу терс көрүнүштөргө биргелешип каршы туруп, ал шайлоо элибиз үчүн жаңы тополоңдордун очогу болуп кетпөөсүнүн алдын алууда өз ойлорун, сунуштарын ортого салмакчы.



"Кутбилим", 27-июль, 2010-ж.

Конфликт театрда гана ойнолсун
Каршылашуу, жектешүү, бөлүнүү, чатакташуу... Анын арты эмне болот? Көңүл чөктүлүк, өкүнүч, ыза, ый, таарыныч, кек. Мындай талаш-тартышты, конфликти болтурбоо үчүн кандай арга кылыш керек? Ушул суроолорго өткөн жумада Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн саамалык иш-чарадан жооп алса болот. Эмне дегенде Тынчтык жаштар театры өзүнүн максаты кылып өспүрүмдөрдүн ич ара ар түрдүү конфликттерди камтыган кырдаалдан "Форум-театр" программасы аркылуу чыгууну койгон. Бул иш-аракет кандай өткөндүгү жөнүндө уюштуруучулар, катышуучулар менен маек кылып назарыңыздарга коюудабыз.

Ананда Брид Чыгыш Лондон университетинин профессору, "Айрекс" тарабынан бекитилген театралдык консультант.
- Сиз алектенип жаткан долбоор жөнүндө айтып берсеңиз.
- Тынчтык жаштар театры театрды диалог кылуу үчүн пайдалануу концепциясында иштелип чыккан. Мында интерактивдүү театр методология катары пайдаланылып,


Мекенчил жаштардын киносу
"Манастын төрөлүшүн утурлап"
2010-жылдын 30-августунда "Ала-Тоо" кинотеатрында кинорежиссер Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу "Санжыра" кинокомпаниясы чыгарган толук метраждуу тасмасынын бет ачары болот.

Фильмдин идеясы эки жыл мурун жаралган. Кыргыз коомчулугунун турмушунда эки жыл - саясий олку-солкулардын, күрөштүн уланышын көргөн коогайлуу учур. Бүдөмүк абалдан чарчаган калк нагыз жолбашчысын, Манастын кайра жаралышын күтсө, замандын күрөө-тамырын туйган режиссер Манастан чыгармачыл дем тапты.
Элдин эңсегенин Нурбек Эген өз алдынча чечмеледи. Режиссердун түшүнүгүндө бул эңсөө - изденүү жолундагы өлкөдө өзгөрүүлөр болоорун туйуп-билүүгө айланды. Ал көрөрманды өз замандаштары менен жаңыча тааныштырып, аларды ар кандай жол менен алып кеткен тагдырларды ачып берет. Бирок алардын баарысы - Манастын урпактары. Аларды чакырган, киши кылып алып жүргөн, коргоп жүргөн кудуреттүү күч - Мекен идеясы.


"Нур реклама", 17-август 2010-ж.

Эмгек патенти деген эмне?
Алмаз Асанбаев, Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек,ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары.

Россия Федерациясынын 2002- жылдын 25-июлунда кабыл алынган "Чет элдик граждардын укуктук абалы жөнундө" 115 Федералдык мыйзамы
2010- жылдын 1-июлунан баштап оңдоолор менен күчүнө киргендигин Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев төмөндө чечмелеп бермекчи.
Урматтуу кыргызстандык эмгек мигранттары !


Этият болгун, арабызда боксер эже !
Эркектердин кызыгуусун арттырып бокс десе жата калып көргөн фанат эркектерибиз көп. Бокс эркек затына таандык деп коомдук пикирге сиңип калган. Ошондуктан аялзат өкүлдөрүнүн боксга кызыгуусу бул чындыгында таңкалаарлык нерсе. Ишенесиңерби, ишенбейсиңерби кыргыз аялзаттарынын ичинде да боксер бар экен. Мына алардын ичинен Бишкекте кенже
баласын бокска тренировкага алып барып жүрүп өзүнүн кызыгуусун артып бокска катышып калга Гүлнара эже. Өзү менен чогуу бокска катышкан орус кыздардын көбүн токмоктоп жеңиштерге жетишкен, төрт кыз, эки уулдун энеси Гүлнара Насирова эжебизди кепке тарттык.
- Гүлнара эже спорттун бул түрүнө кандайча кызыгууңуз артып калды?
- Башка өлкөлөрдү карап көргүлөчү эркектерден кем калышпай тең тайлашып өзүнүн салмагы менен теңдүүлөр менен чыгып жаткан аялдарды көрөсүң. Кандай гана чоң ийгиликтерге жетишип дүйнөнү багындырып жатышат. Эмне үчүн кыргыз аялдарында мындай чоң жетишкендиктер жок деп абдан кейүүчүмүн.



"Алиби", 24-август, 2010-ж.

Медетбековду Россия колдойбу?
Үстүбүздөгү жылдын апрель окуяларынан бери, Кыргызстандын саясий аренасында өзүнүн оригиналдуу ой-жүгүртүүсү жана солк эттире турган билдирүүлөрү менен айырмаланган Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору Артур Медетбековдун ысымы көп угула баштады. Ал буга чейин күч структураларынын кызматкерлерине жакшы таанымал болгону менен карапайым калк үчүн белгисиз адам болгондугун танууга болбойт. Анын таржымалын сураштырып көрсөк, Советтер Союзу учурунда кыргыз киносунун корифейлеринин бири, СССР эл артисти таластык Капар Медетбековдун уулу болуп чыкса боло. Генерал Медетбеков Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жетип, бирок Бакиевдер Түркмөнстандан алып келген 100 тонна ок-дарыны кармай коем деп, жыландын куйругун тебелеп, ишинен айдалганына 1,5 жылдай убакыт өткөн экен.


Ошто кош бийлик жана эки жүздүү саясат
Учурда башаламан суроолуу саясат жүрүп жатат. Байкуш эл эмне кылаарын билбей алдастап турган кези. Аны ойлогон бир жан жок. Эптеп эле элдин, акчанын арты менен кызматка келип, өз көмөчүнө күл тартканды адатка айлантышты. Акыркы үмүт - дегенден деги тажабас болдук. Эми "дагы чыдагыла парламенттик шайлоо акыркы үмүт" дешип, элди үмүттөндүргөндөн тажабай, уялбай, бетибиз кызарбай келет. Айт - айтпа баары бир сыяктуу. Неси болсо да, өз көмөчүнө күл тарткандарды арбактарга гана коебуз. Абийирлери болсо, кийинки бала-чакасын ойлошсо арбактан коркушар. Жарасы айыкпай араң турган Ошко бийлик кайрадан бүлүк салып, жараатын ырбатып отурат. Деги Мырзакматовду кызматтан алчу кезби өзү? Ал деген 7-апрелден бери кызмат ордун бекемдеп, белин бууп, элдин башын айлантып алганын бийлик кантип билбейт? Мырзакматовду кызматтан алууга кеч болуп калганын Роза айым түшүнбөй турабы? Мына кечээ эле Вице-Премьер болгон Азимбек Бекназаров жакшы киши болуп, "Мелисти кызматтан алууга каршы болгом"-деп өзүн Ош элине өйдө көрсөтүп отурат. Ал бул сөзү менен Роза айымдын артын ачып отурганын сезди бекен? А балким, атайын кылгандыр. Бир Кудай өзү билет. Болбосо Роза айымды эркек башы менен кодулабай, колдоо көрсөтсө абдан жакшы болмок. Кантсе да буларга окшогон адамдарга ишенип болбой калды. Алдыга аялды салып коюшуп, артынан ит өлүгүн артып жатышканы уят эмей эмне.


"Агым", 20-август, 2010-ж.

Кыргыз бийлиги алардын акчасын санаганга гана маш
Демейде адамды ички-сырткы миграцияга баарыдан мурда социалдык көйгөйлөр түртсө, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан улам этно-саясый кырдаал курчуп, акыркы айда миграция агымы күчөдү. Натыйжада, бир гана Москва шаарына барган атуулдарыбыздын саны былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 36,4%га өсүп кеткен. Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, акыркы бир айда 112 кыргызстандык ( анын 91и өзбек) өздөрүн качкын катары кабыл алууну өтүнүп кайрылышкан. Өткөн жылы бул мезгилде болгону 2 гана адам кайрылган экен. Качкын статусу жөн жай эле бериле койбойт. Кабыл алуучу тарап кийин-соңу БУУда бекитилген бир катар эл аралык талаптарды аткарууга милдеттүү болуп калат. Ошондуктан өзбек этносундагы атуулдарыбыздын бул статусту бетке кармап, айрыкча Орусияга агылып жатышынын башкы себеби мына ушунда.


Каптагаевдин кадыры менен карьерасы
Акыркы он беш жыл аралыгында Кыргызстанда президенттик администрациянын орду өзгөчө болуп келген. Кыргыз саясаты Мисир Ашыркулов, Аманбек Карыпкулов, Медет Садыркулов сыяктуу саясатта оң да, сол да жагынан бышкан аткаминерлерди көрдү. Администрация башчысы өзүн кай тарабынан көрсөтө алса, коомдогу орду ошого жараша аныкталчу. Ишти уюштура билүү интрига менен коштолуп, саясый оппоненттерди аренадан чаап түшүү үчүн абдан айлакер болуп, бир эле учурда президенттин да, коомчулуктун да көңүлүн таба билүү көрүнгөн эле саясатчынын колунан келбейт. Биз президент
Роза Отунбаеванын администрация башчысы
Эмилбек КАПТАГАЕВ тууралуу төмөндө сөз кылабыз.
Алгач Эмилбек мырзанын өмүр таржымалына кыскача токтолсок. Саламат атанын уулу 1957-жылдын 18-июнунда жарык дүйнөгө келген. Кичи мекени Ысык-Көлдүн Чоктал айылы. Эмгек жолун Улуттук илимдер академиясынын физика жана математика институтунун кызматкерлигинен баштаган. 1991-1993-жылдар аралыгында өкмөт алдындагы жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссияда башкы адистикти аркаласа, андан соң премьер-министрдин кеңешчиси болгон.
1989-жылы Бишкектин жака белинде жер басып алуу башталган. Натыйжада "Ашар" кыймылы түзүлүп, төрагалыкка Каптагаев шайланган. Ошол учурдагы кырдаалды - Кыргызстандын өз алдынча эгемендүүлүккө жетише электигин эске алсак, Эмилбек мырзанын коммунисттик системага каршы чыкканын эрдик катары баалаганыбыз оң.


"Кыргыз туусу", 24-август, 2010-ж.

Көңүл борборунда - Кыргызстан
20-августта Армениянын борбору Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес саммити болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева катышты.

Жолугушууга Россия Федерациясынын, Казакстандын, Кыргызстандын, Беларустун, Тажикстандын, Армениянын президенттери жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышышты. Саммитти ачып жатып, Армениянын Президенти Серж Саргсян катышуучуларды куттуктоо менен бирге форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Россиянын Президенти Дмитрий Медведев жыйындын күн тартибин жарыялады. Саммиттин ишинин биринчи бөлүгү Кыргызстандагы кырдаал боюнча ЖККУ тарабынан пландаштырылган иш-чараларды талкуулоого арналды. Экинчи бөлүгүндө Уюмдун кризиске каршы көңүл буруусу боюнча чаралар талкууланды.


Бишкекти Манас шаары деп атайлы!
Өткөн айларда эркин гезиттердин бирине согуштун жана эмгектин ардагери Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берели" аттуу макаласы жарык көргөн. Анда автор: "Борбор калаабыз Бишкектин атын - Манас шаары деп атоо керек", - деген сунушун айткан.
Ошол макаладан улам, биздин редакцияга аталган демилгени колдоого алган каттар түшүүдө. Бу саныбызда КРнын баатырлары, согуштун жана эмгектин ардагерлери, республикабызга эмгек сиңирген кызматкерлер жана Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү кол коюп, баш калаанын атын өзгөртүү сунушун колдогон катты биздин гезитке да жөнөтүшкөн. Авторлор ушул эле кайрылуу каттарды КРнын Президенти Р.Отунбаеванын дарегине да жолдошкон.
- Биз, төмөндө атыбыз аталган согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген кызматкер Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берелик" деген макаласындагы: "Борбор шаарыбыздын атын жаңыртып, "Манас" деп атайлы" деген мамлекеттик жана улуттук деңгээлде көтөргөн демилгесин зор кубаныч менен колдоп, кубаттоодобуз.


"Форум", 24-август, 2010-ж.

Исмаил Исаков, экс-министр:
"Элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат кылабыз!.."
- Исмаил Исакович, КСДПнын курамына кирүүңүзгө эмне түрткү болду? Дегеле, Алмаз Атамбаев менен жеке мамилеңиз кандай?
- "Азаттык" демократиялык партиянын төрагасы катары КСДПны колдоп, биргелешип чыгуубузду биз өзүбүздүн 22-августта өткөн кезексиз 2-курултайда бир добуштан чечтик. Албетте, чечим чыгарардын алдында башка партиялардан сунуштар абдан көп болду. Ошого карабастан КСДПны тандап алганыбызга эң биринчи - Атамбаев менен жеке мамилемдин дурустугу, анын жарандык, жетекчилик сапаты, ошондой эле өлкөнүн саясий айдыңында такшалгандыгы, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жүргөн эң мыкты патриоттуулугу, тазалыгы жана иш билгендиги себеп болду. Эң негизгиси, экөөбүздүн өлкөбүздө туруктуулукту, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактап калуу максаттарыбыздын төп келгендигин жана партияларыбыздын программаларынын орчундуу маселелери боюнча окшоштугун да айтсам болот. Чындыгында, айта берсе себептери абдан көп. 2009-жылдын декабрь айында БЭКти түзүп, Атамбаевди жетекчиликке шайлаганда, алдыбызга Бакиевдин режими менен күрөшүүдөн башка, өлкөбүздө тартипти, тазалыкты жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына алып чыгуу боюнча жана башка бир топ максаттарды койгон элек. Ушул максаттарды да чогуу биргелешип ишке ашыруу да түрткү болду.


"Сыйыртмак" учу ташталды, саясий шоу башталды…
Эски бийлик эңшерилип, жаңы Башкы мыйзам кабыл алынып, укук талаасы деп кыйкырганыбыз менен алакандай кыргыз жеринде 157 партия түзүлүп, башка жагынан болбосо да, бул багытта Кыргызстан Гинесстин китебине кирерине күмөн саноого болбой отурат. Өлкөдө башаламандык күчөп, бийлик мунарасында да бири-бирине тымызын бут тосуулар күч алууда. Анархиянын кубаттуулугу артканын эми жашырууга мүмкүн болбой калды.

Жалпы мамлекетибизде стабилдүүлүктү орното албагандыгыбызга кечээги Ош жана Жалал-Абад аймагындагы синдромдор, айыпталгандарга кылмыш иши козголуп, андан кийин "акчалуулугунанбы", айтор "үй камагына" которулуп" жатышы, Урмат Барктабасовдун аракети, бүгүн болсо мамлекет башчысы жана техникалык Өкмөтү Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовду башка кызматка которууга макулдашууга жетише албагандыгы сыяктуу көптөгөн айкын мисалдарды келтирсек болот. Ошол эле учурда А. Бекназаровдун И. Чудиновдун үстүнөн экономикалык жактан келтирген зыяндары жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча козголгонун шардана кылып, азыр болсо анын У. Барктабасов менен байланышы бары-жогун аныктоо үчүн кармалганынын шылтоосу менен "үй камагына" чыгарылганы боюнча маалымат таратылганы шектүү мүнөзгө ээ болуп отурбайбы? Ошентип, окурмандар түгүл, саясий серепчилер деле кайсы билдирүүлөргө ишенерин билбей, баштары маң болуп жатканын ачык айтсак болот.


"Аалам", 26-август, 2010-ж.

Аңчылык сезону
Кийинки кезде Белоруссиянын "президент-марафончусу" А.Лукашенконун куюшканы кыйшаңдай баштаганы байкалат. Москва менен Минскинин мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй катуу бузулуп кеткени--факт. Эми эки бир туугандын алака-катышы кайра оңолуп, абалкы калыбына келиши кыйын болуп калганын эксперттердин басымдуу көпчүлүгү белгилеп жатышат. Европанын акыркы диктаторунун 16 жыл Белоруссияны чарк имерип, башкаруусу аяктап, батьянын доору бүтүшү мүмкүн. "Эң жакынкы коңшусуна Россиянын жылдызы тескери айланып калды, Белоруссияда башталган президенттик шайлоо жарышына Россия эки эселенген энергия менен кийгилише башташы", "А.Лукашенко үчүн өтө кооптуу көрүнүш" деп жазат Беньямин Биддер SPIEGEL ONLINE басылмасында. Ошентип, Россиянын А.Лукашенкого каршы аңчылык сезонун жарыялаганын чоң күмөн-күдүк жаратпай калды десе болот.


Касымбек Мамбетов
КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
"Сүйгөн кесибим жашоомдун мааниси болуп калды"
- Касымбек Бейшенбекович, бийик кызматка келээриңиз менен ысымыңыз коомчулукка маалымат каражаттарындагы өйдө - ылдый кептер аркылуу таанылды. Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып бериңизчи?
- Менин таржымалым ар бир советтик адамдыкындай эле жөнөкөй. 1954 -жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Аларча айылында туул-гам. Мектепти аяктаган соң, КММИге кирип, 1977- жылы "дарыгер-дарылоочу" кесиби боюнча бүтүрдүм. Институтту аяктагандан кийин Ош шаардык Борбордук ооруканасында терапия жаатында дарыгер болуп иштедим. 1978- жылы алыс-кы Сүлүктү шаарына жиберишти. Ал жерде 14 жыл иштедим. Жөнөкөй дарыгерден шаардык башкы дарыгерге чейин кызмат кылдым.
Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо-профилдик башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп 38 жашымда келдим. 46 жашымда милдеттүү медициналык камсыздоо Фондун башкардым, кайра Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек аймактык ММК Фондунун башкармалыгы, кайра Саламаттык сактоо министрлигине барып, кызматым ушул айлампада айлана берди.


"Аргумент kg", 19-август, 2010-ж.

Окшошкондор
"Демократия - это выборы, голосование, принятие решений народом, т.е. большинством, то понятно, что это большинство может быть не право. Большинство вообще всегда не право, т.к. любые новаторские идеи не могут сразу овладеть большинством."
Андрей САХАРОВ
Мындан 15 жыл мурда бекен, Жаныбек Жанызак "Асаба" гезитине банан жөнүндө мыкты макала жазган. Логикасы - социализм заманында банан деген калориялуу жемиш бар экенин укчубуз, даамын татпаппыз… Экспорттолуп келген мындай укмуштуу жемиштин даамын да таттык, даамы коондон аз-аз эле айырмаланбаса, андай шилекей тамчылатчу деле оокат эмес экен. Витамини жөнүндө сөз кылалбайбыз, заты - былжырак жемиш болуп чыкты, тек азыр банандын метафора мааниси жөнүндө сөз кылуу ыңгайы келип турат: бизге экспорттолгон бананың менен демократияң экөө бирдей былжырак экен. Ооба, демократия даамын таткандан бери эмнени гана былжырабадык. Өзгөчө саясый элита баш болуп. Ээнооздук бизде сөз жана ой эркиндиги катары кабылданып, демократия элементи саналып келди. Менин түшүнүгүмдө - демократия баалуулугун жете түшүнө бербеген коомдо банан менен коондун даамы бири-бирине жакын болгондой эле батыштан экспорттолуп келген демократия (demos - эл, kratos - бийлик, демек, элдик бийлик же элдик башкаруу) менен биздеги ээнооздук


Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу
- Жакында эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму түштүк окуяларына иликтеген докладын жарыялады. Бул боюнча сиздин пикир кандай?
- Түштүктөгү окуялардан улам Кыргызстанда түзүлгөн жалпы кырдаалды түшүндүрөбүз деген чет элдик ММКлар, укук коргоочулар жана бир топ эл аралык уюмдар жабылып келе башташкан. Алардын Кыргызстанды терс маанайда көрсөткөн маалыматтар көбүрөөк чыгып кетти. Алар Ош, Жалал-Абаддагы окуялардын артында деструктивдүү күчтөрдүн иштери көбүрөөк көрүнгөндөгүсүн бетке кармашты. Ал эми окуянын аки-чүкүсүн териштирген адам, журналисттик иликтөөлөр болгон жок. Андыктан, Хьюман Райтс Уотч жана ушул сыяктуу уюмдардын расмий маалыматына кошумча эки тараптуу боло турган деңгээлде жазылган кошумча маалыматтарды бериш керек. Бирок, дагы бир топ жасала турган иштер бар. Тез эле бир жактуу маалыматты колдонуп туруп, бир тараптуу күнөөлөгөн маалыматтарды чыгарып коюш оңой. Ошондуктан менимче, мунун жүйөлүү жерлерине ишенип, бирок, жалпысынан алганда алардын маалыматы толук эмес экенин айтыш керек.


"Лозунг", 18-август, 2010-ж.

Партиялар парады: "Ата-Мекен" ажары
Совет мезгилинде "Тынчтык үчүн түбү түшкөнчө күрөшөбүз!"- деген кыйгыл тамаша айтылчу. Анын сыңары партиялар парламенттен эптеп орун алуу үчүн эч нерседен кайра тартпачудай болуп калды. "Тфү" дейли, эл-журт, атамекенден аша кечүүдөн дагы. Кудайга шүгүр, республикада 145гө жакын майда-чоң партия бар дешчү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын 57си каттоодон өттү деди. А баары катталып, шайлоого аттанса, Кыргызстан даана тытындыда калат беле, ким билет?
Ошентсе да биз бүгүндөн баштап, айрым партиялардын ажарын ачкан маалыматтарды чогултуп жарыялап турууну туура таптык. Эмне үчүн? "Чын дилиңден добуш бер!" өңдүү өлө кымбат чакырык кан менен келген реформанын качандыр бир "кошогуна" айланбас үчүн. Баса белгилеп кетерибиз, бул маалыматтардын көпчүлүгү айтылган, жазылган. Биз тек гана аларды системалап коюу аракетин жасадык. Алгачкы сөздү "Ата-Мекен" партиясынан баштаганыбыз оң. "Карт карышкыр" дегендей, канткен менен "Ата-Мекен" эгемендик жылдарындагы эң алгачкы партиялардан эмеспи...


Мирзахамдам МИРСИДИКОВ:
"Кадыржан качып кетти, карапайым калк жабыр тартты"
Айтылуу Айбек Мирсидиков ("Черный Айбек") Жалал-Абаддагы өзбек жамаатынын лидерининин бири, улутчулдугу менен акыркы жолку кандуу кагылыштарга себепчи болгон Кадыржан Батыровдун душманы болчу. Алардын ортосундагы душмандыктын өзүнчө себептери бар экен. Кала берсе, Айбек Мирсидиковдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн да Кадыржан Батыровго шылтагандар жок эмес. Бул окуялар кайдан келди? Тополоңдор учурунда Айбек Мирсидиков эмне иш жасаган? Азыркы кезде Мирсидиковдор үй-бүлөсүндө эмне болуп жатат? Мына ушул жагдайлар тууралуу анын атасы Мирзахамдан Мирсидиковго суроо салдык.

- Мирзахамдан аке, балаңыздын жаткан жери жайлуу болсун. Ал канча жашта эле?
- Айбек балам 36 жашта эле. Күтпөгөн жерден ушундай жаман иш болуп кетти.
- Азыр эл оозунда ар кандай кептер жүрүп жатат. Бул ишке тигил же бул тараптардын катыштыгы барлыгы тууралуу сөз көп. Сиз Айбектин атасы катары бул тууралуу эмне айтасыз?
- Эми азыр мен бул тууралуу ачык эч нерсе дей албайм. Бул жагы бизге караңгы. Бирок, Кадыржан Батыров бул окуя болордон мурда ар кандай кептерди чыгарып, ар кайсы жаман иштерге баламдын катышканы тууралуу сөздөрдү айтып, "аны кармаш керек, жазалаш керек, ал кыргыздарга өтүп кетти"- деген сыяктуу сөздөрдү таркаткан. Ал эми менин балам,


mainkaptal