"Заман Кыргызстан", 17-сентябрь, 2010-ж.

Түрк дүйнөсүн баш коштурган Кызматташтык Кеңеши
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат.

БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Түркмөнстан жолугушууга биринчи жолу катышууда, бирок, азырынча Кеңеште орун ала элек. Уюмду түзүү иштери Абдуллах Гүл Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана Түркмөн мамлекет башчысы Гурбангули Бердимухаммедов менен болгон жолугушуудан соң жыйынтыкталат жана аны менен катар Түрк Кызматташтык Кеңеши күчүнө кирет. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат. Аны менен катар Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтык чегараларын кеңейтүү маселеси кирген. Ал эми бул жолугушууга Өзбекстан өлкөсү катышуудан азырынча баш тартып жатат. Ал жактан эч кандай делегация келген жок. Ал эми түрк тилдүү лидерлер кийинки жылы Өзбекстандын да Кызматташтык Кеңешине мүчө болуусун каалагандыктарын билдиришти.


КР Президенти Роза Отунбаева:
"Кыргыз-Түрк мамилесинин келечеги өтө кең"
КР Президенти Роза Отунбаева Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын салттуу жолугушуусуна катышууда. Ошондон улам, ага Түркиянын "Zaman" гезити менен "Жихан" маалымат агенттигинин кабарчылары биркатар суроолор менен кайрылган эле.

- Роза айым, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстан аймагында болуп өткөн аркандай толкундоолор менен этникалык топтордун ортосундагы кагылышуулардын арты басаңдап, туруктуулук орной баштаганы байкалып турат. Эми, Кыргызстан менен анын Президентинин негизги иш-аракети эмнелерге бурулат?
- Чын-чынына келгенде, апрель ыңкылабынын да, ага улай болуп өткөн башаламандыктардын баарынын башкы себеби барып-келип эле узак мезгилден бери калк ичинде топтолуп калган көйгөйлөргө барып такалат. Бийлик башындагылар менен карапайым калктын калың катмарынын ортосунда ажырым алыстап кеткендигинен улам болуп отурат. Мурдагы бийлик төбөлдөрү менен дагы башка кызыкдар күчтөр мына ушундай кыйчалыш кырдаалдан пайдаланып, журт арасын козутуу аракетин азыр да көрүп жатышат. Муну элдин өзү деле азыноолак түшүнүп калды. Буюрса, алдыда турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алсак, мамлекеттик бийлик бутактарынын баары толугу менен лигитимдешип,



"Аргумент kg", 16-сентябрь, 2010-ж.

Батыров Ош окуясынын чыгышына бийликти күнөөлөйт
Кечээгиде интернетте жарык көргөн видеодо бирөө өзүн "Кадыржан Батыров" деп атаган адам учурда Кыргызстанда эместигин айтуу менен, эки бийликтен тең куугунтук көрүп, өлкөдөн чыгып кеткенге мажбур болгонун билдирет. Ошондой эле ал мамлекеттен сырт жүргөнүнө карабай, өлкөдөгү абалга жан дилиен күйгөн бийлик өкүлдөрүнүн айрымдары менен байланышта болуп келе жатканын жашырбайт. Ушуга улай Батыровдун айтымында мамлекетибиздин терең кризиске кабылышы сеператизмдин же кимдир бирөөлөрдүн автономияга умтулганда эместигин, анын себеби терең саясий, социалдык, экономикалык жана трибуналдык көйгөйлөрдө экенин айткан. Аны чечүүгө мурунку Бакиевдин бийлиги да, азыркы бийлик да коркуп жатканын, мунун себеби Бекназаров, Текебаев, Исмаил Исаков, Мырзакматовдордун жекече амбициясында жана саясий авантюризминде экенин өзгөчө белгилеген.
Кризистин дагы бир себеби, алардын тарых менен элдин алдындагы адилеттүү соттон өлөөрчө корккондугунда болууда. Кадыржан мырза азыркыдай бири-бирин айыптап отуруу, акырындап өлкөнү туюк жолго кептелтип, уруш- талашты арбытып, жыйынтыгында мамлекеттин жок болушуна алып баруучу шойкомдуу жолдун бир экенин айтат. Бул нерсеге өлкөдөгү 80ге чукул улуттун өкүлдөрү кызыкдар эмес, ага көз арткан душмандар гана кызыкдар болушу мүмкүндүгүн белгилейт.


Улуттук телерадиокорпорациясынын директору
Кубат Оторбаев:
"УТРК менчиктештирилбейт, башкаруу элдин колуна өттү"
Редакциябызга Кыргыз Республикасынын чыгармачылык интеллигенциясынын өкүлдөрү УТРКны улуттук канал боюнча калтырууну президент Роза Отунбаевадан өтүнгөн кат менен кайрылышты. Биз бул маселенин өңүтүндө аталган корпорациянын учурдагы директору Кубат Оторбаевге кайрылдык.

- Кубат мырза, негизи эле УТРК боло электе эле КТР кезинде деле "Коомдук телеканалга айлансын, анткени малыматтар элдин калың катмарына бурмаланып берилип жатат" деп, коомдук телеканал болуусун колдоп келгенбиз. Бирок, бүгүнкү күнү ушундай коомдук телеканалдын болушуна каршы пикирлердин чыгып жатканына сиз кандай карайсыз?
- Биринчиден, бул табигый зарылчылыктан көтөрүлгөн маселе болду. Анткени, өзүңүздөр жакшы билесиздер, саясий жагынан алганда акыркы 19-20 жылда ушул Кыргызстандын биринчи каналы бийликте ким турса эле ошонун айткан-дегенин аткарып келген канал болгон да. Мисалы, Аскар Акаевдин он беш жылдык, кийинки президент Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусунун тушунда Улуттук канал ошол бийликте тургандардын саясий куралына айланган. Оппозицияны жаманатты кылууга багытталган иш жүргүзүлүп келген. Эми мындан ары ушундай кемчиликтер кетпесин деп, убактылуу өкмөткө 7-апрелден кийин келген адамдар биринчи чечимдеринин маанилүүсү катары 30-апрелде Улуттук телерадиокорпорациясынын негизинде Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүүсүн түзүү жөнүндөгү декретти кабыл алган. Бул декретке ылайык жобо иштелип чыккан.


"Аалам", 16-сентябрь, 2010-ж.

Өмүрбек Бабанов
"Республика" саясий партиясынын лидери:
"Биз түндүк-түштүккө бөлүнүү деген түшүнүктү таптакыр жоюуга жетишебиз"
"Республика" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапарын адегенде түштүктөн баштап, андан ары Нарын, Талас областтарындагы эл менен жолугушту. Кыдыруу убагында партиянын лидерин Актан Арым Кубат, Бакыт Төрөбаев, Чолпон Султанбекова, Юрий Низовский, Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова ж.б. белгилүү республикачы инсандар коштоп жүрүштү. Аталган үч областтын калкы Өмүрбек Бабанов баш болгон "Республика" партиясынын өкүлдөрүн жылуу кабылдашып, толгон-токой тагдыр чечээр меселелер боюнча каалаган суроолоруна так жоопторду алышты, калың калк батасын берип, алдыдагы шайлоодо ийгилик каалашты.
Партиянын лидери элге жасаган кайрылуусунда мамлекеттеги учур көйгөйлөрүнө кеңири токтолуп, азыркы кырдаалдан кантип чыгуу туурасында эл менен кеңири пикир алышты. Маселен, Ош шаарында өткөн жолугушууда область тургундары Өмүрбек Бабановдун үстөгү 7 пайыздан жогору эмес деңгээлде айыл чарба кредиттерин берүү долбоорун жана ипотекалык программасын өзгөчө жактырышса, Нарындын студент жаштары сапаттуу билим алуу көйгөйлөрү боюнча кеп козгошуп, партиянын лидеринин жоопторуна ыраазы болушту.


"Акшумкар"партиясынын лидери
Темир Сариев:
"Жер - өмүрдүн бешиги, эмгек - эрдин насиби"
Артуро Граф: "акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек" дептир. Дүйнөлүк саясатчы Махатма Ганди: "принципсиз саясат, эмгеги жок байлык, абийири жок ырахат, эрк - мүнөзсүз билим, моралсыз коммерция, гумансыз билим, курмандыксыз кудайга сыйынуу", - деп коомдук жети күнөөнү айтып саясатчыларды көсөмдүккө чакырган. Бүгүн партиялык тизме менен шайлоого бараткандарды көрүп жандан түңүлөсүң. "Акшумкар" партиясы коомдогу экстремизмге, улуттар аралык жана диний келишпестиктерге каршы, биримдикти, ынтымакты даңазалаган программаларды, маалыматтарды колдойт. Көрүнүктүү саясатчы, мыкты экономист, патриот, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен публицист Кален Сыдыкова маектешет.

- Темир мырза, "Акшумкардын" облустарды өнүктүрүү боюнча программасында Ош областында кандай өнүгүү, өсүү болот?


"Айат", 16-сентябрь, 2010-ж.

Кыргызстандагы саясий партиялардын лидерлерине кайрылуу
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров:
"Таза депутаттарды шайлоо-элдин укугу"
"Мейли мен айткан сөз, анчалык акылдуу болбосо да, мени угуш сиздердин акылмандуулугуңуздар"
Расул Гамзатов
Кесиптештер, партия лидерлери, санаалаштар жана шайлоо алдында шайлоочулардын добушун алууга жардам берүүчүлөр. Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлануу укугуна ээ болуу үчүн, түз жана мыйзамдуу негизде үгүт иштерин баштоого уруксат берилип олтурат. Албетте, бардык партиялар жеңүүчү болуш үчүн, буга чейин эле бир топ иштерди жасоого үлгүрүштү. Бирок, кандай негизде? Буга жооп, жадакалса чакырык бирөө гана: келгиле мамлекетибиздин 20 жылдык жаңы демократиялык тарыхында биринчи жолу, элибизге 10-октябрда Жогорку Кеңешке татыктуу адамдарды тандап алуусуна колубуздан келген бардык шарттарды түзүп берели. Анан дагы шайлоо алдындагы күрөш учурунда, өлкөбүздө буга чейин болуп өткөн оор сыноолорду, жан кейиткен кайгылуу окуяларды эсибизден чыгарбайлы.


Иса ӨМҮРКУЛОВ, Бишкек шаарынын мэри:
"Таза иштегем, бүгүн да таза иштеп атам"
Дамира, Бишкек:
- Иса Шейшенкулович, мен Ак Ордо жаңы конушунан чалып атам. Биздин жолдорду качан толугу менен оңдоп бересиздер?
- Ак Ордо жаңы конушу, эл көп отурукташкан конуш. Ал жерде суу маселеси каралып атат. Чынында суу жетишсиз. Буюрса, кийинки жылы суу киргизип, жалпы батыш жагын толук суу менен камсыз кылабыз. "АРИС" программасы менен 35 пайызын мэрия каржылайт. Ал эми жолдор боюнча айтсам, аталган конуштагы жолдордун баарысы жасалат.

Айша Абыраманова, Бишкек:
- Ак Өргөө конушундагы башкы план боюнча балдар бакчасына, балдар аянтчасына, мектептерге бөлүнгөн жер мыйзамсыз 45 кишиге сатылып кеткен. Ушул боюнча чечим чыгарып, конушка тиешелүү жерлерди кайтарып берсеңиз…
- Бул жердин маселесин билем. Ак Өргөгө барып, эл менен жолугуп ушул маселени сүйлөшкөнбүз. Бул жерлер мага чейин сатылып кеткен экен. Чынында ал жакта маданият үйлөрүн кура турганга да жер калбай калган. Себеби, сатып алгандардын көбүнүн кызыл китептери бар экен. Ошолорду дагы бир жолу аныктап атабыз. Балдар аянтчаларын, бала бакчаларды, мектеп курганга, жер алып калууга аракет кылып атабыз. Бул иш жеке көзөмөлүмдө.


"Адилет press", 16-сентябрь, 2010-ж.

Александр Лукашенко Жаныш Бакиевдин аялынын туулган күнүнө барыптыр дешет
"О, касиеттүү Ала Тоо
Ак булут түнөп өткөн жер,
Ата -бабам өскөн жер"
Мекенге мындан артык эмне деген жалыныч айтса болот. Өңгөчө, көккашка булак суусун ичкенге, таптаза абасын жутканга куштар болуп, тиричилик айынан кыргыз чегинен убактылуу сыртта жүргөн уул-кыздарыбыз акыры Алатоосуна - Манастын элине келээр. Акыры келээр да, чөгөлөй олтуруп көккашка булак суусун даамдап, көөдөн керип актемир таза абасын жутуп, өмүр ырахатын сезээр. Мындай ырыскы элин кордоп атып, жеп качкан адамдарга - үй бүлөсүнө, тукумуна буюрбас.
Аскар Акаев, мисалы, акыркы жылы Бакиевди поктоп, өзүн чүштөдөй актап, Интернеттен кыргыз улутуна акыл айтып, суроо салат - "Келейинби?"- деп кайтып. Акаевге таңданса да болот - тышы - жаркыраган жакшы эле киши, ичи...


Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
"Мекенибиздин тагдыры-элдин колунда"
Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков бул маегинде Кыргызстандын келечеги, башкаруунун алгылыктуу жолу тууралуу ойлору менен бөлүшөт.
- Ишенбай агай, Кыргызстандын келечеги кандай болот, ошол тууралуу ой бөлүшсөңүз?
- Бул суроого жооп кайтарыш кыйын. Өлкөнүн тагдыры жүрөктү кантип түпөйүл кылбасын... Алдын келишинче ойлогон оюңду, керектүү деген сунуштарыңды, кеңеш сөздөрүңдү айтып туруш ар кимибиздин парзыбыз. Бирок аны уккан адам да болуш керек да. Угуп эле тим болбой, иш жүзүндө колдонсо, анда күчкө күч кошулуп, кайратың курчуйт. Чет өлкөдөн кайтып келгенибизге 16 жылча болуп калды. Эгемен өлкө болгонубузга 20 жылга аяк басты. Ушул убакытта канчалык жакшы иштерди жасаса деле болот эле. Канча кеңеш, сунуштар биринчилердин өзүм билемдигинен улам кулактарынын сыртында калды. Аткарылбаган ант, курулай убада, түпсүз ачкөздүк адамды ирээнжитпей койбойт экен. Айткан сөздөрү бир, жасаган иштери башка. Өлкөнү бийликтин төбөсүндө отургандардан куткарабыз деп буулугуп келгендердин көбү бийик орунга келе элек жатып, опуза жолуна тез эле түшүп, өздөрү арам акча жыйнай баштаса, мурункулардан айырмасы барбы?


"Учур", 16-сентябрь, 2010-ж.

Эл элегиндеги партиялар
Шайлоонун шарапаты менен Кыргызстандын булуң-бурчтары кыймылга келип, калктын калың катмары саясатташа баштады. Партиялардын үгүт кербендери элетти аралап, Кудай бетин салбасын, "Алатоодой эт, ала көлдөй чык" демекчи, арак суудай агып, алды жакалашуу менен мушташканга чейин жетип, айтор, кокту-колоттун ичи шаңга бөлөнө баштаган кез. Аламанга аттанган саясый партиялардын аяна турган түрлөрү байкалбайт. Марага озуп келиш үчүн бардык аракеттер көрүлүп, оппоненттер эле эмес, өнөктөштөрдүн ортосунда да жарака кеткени байкалууда. Максатка жетиш үчүн бардык айла-амалдар колдонулуп, баалуулуктар алмаштырылып, идеологиялык каршылаштарга карай достошуу, тилектеш-санаалаштар менен коштошуу катардагы иш болуп бара жаткандай...


Казак кыздын махабат дастаны
Аялзатын аялзаты гана терең түшүнөт эмеспи. Өзүм аялуу болгондуктан, аялдын жүрөгүндөгү сырды, армандуу махабатты өз жүрөгүм аркылуу сездим. Жеке бирөөнүн ички сезимине, жеке бирөөнүн турмушуна уруксатсыз аралашкан маданиятсыздык болуп эсептелет. Ушул макаланы даярдап жатып, бир үйбүлөнүн куту болгон дагы бир үйбүлөнүн жубайы окуп калса, кандай акыбалда болот (?) деп санаа тарттым. Аялзаты мээримдүү, боорукер болот эмеспи. Бул макаланы гезит бетине даярдаган себебим, махабат дастанын китептерден, кинолордон гана көрүп, бүгүнкү күндөгү турмушубузда жолугуп, күбө болгон эмесмин. Чыныгы махабат бар экенин жаштарга жеткизгим келди. Маектешим, жаш сулууну аяп, анын арзуу сезиминин тазалыгына суктанып, ыраазы болдум. Бул маегибиз кимдир бирөөгө катуу тийген болсо, алдын-ала кечирим сурайм.




"Алиби", 17-сентябрь, 2010-ж.

Күздө күтүрөгөн Кадыржан жазды неге эңсөөдө?
РЕДАКЦИЯДАН: Ушул жуманын 13-сентябрында Түштүк коогалаңына түздөн-түз тиешеси бар Кадыржан Батыровдун Видео кайрылуусу (http://www.youtube.com/watch?v=BmuQvXONass) интернет -сайтында пайда болду. Биз бүгүн аталган кайрылууну жалпы окурман журтунун назарына сунуштап олтурабыз. Ал эми аны ким кандай кабыл алат, ар кимдин өз эрки. Редакция автордун позициясын бөлүшпөй тургандыгын алдын ала эскертет. Бирок, Кадыржандын кыргыздарга кылган кыянатчылдыгы эч качан унутулбайт!!!

Кымбаттуу мекендештер!
Саясый каршылаштарым мени адилетсиз жана негизсиз куугунтукка алып, Кыргызстандын азыркы бийлиги Мекенимди калтырып кетүүгө мажбур кылышты. Бирок, мен бир да күн Кыргызстан менен байланышымды үзбөстөн республикадагы жолдош-жоролорум, улуту жана социалдык абалы боюнча түркүн адамдар менен баарлашып турдум. Ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалга чын дилден күйгөн аракеттеги бийликтин айрым өкүлдөрү менен мамилемди улантып келдим. Мен Кыргызстандан аргасыз кетүүгө мажбур болгон үч айдан ашык мезгилде республика эмне менен кантип жашап тургандыгын жакшы билем. Мына ушунун өзү жанды кейитет.


"Ишти иш билги адамдар гана илгерилетет. Куру сөз курсак тойгузбайт..."
Теле-радио, гезит, журнал болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарым кылымдан ашык эмгек өтөгөн, жетимиш бир жаштагы карыя калемдешибиз Кенжалы Сарымсаковго суроо узаттык.

- Кимдин ким экендигин билгиң келсе: бийлик берип бир сына, байлык берип бир сына, деген сөз бар. Ушул сынак жөнүндө Сиздин карыялык, журналистик сөзүңүздү уксак.
- Өткөн кылымдын 70-жылдары. Өлкөбүздүн четки шаарларынын бириндеги жогорку окуу жайында философиядан сабак берип жүргөн жакшы таанышым көчөдөн жолугуп: "бу кыргыздар мансапка маашыркаган пастыктан качан тазарабыз?" деп калды. Эмне болду, десем: "ээ, мынабу театрдын жанынан өтүп баратсам баланча (аты жөнүн айтпай эле коеюн, ал киши азыр катардагы карыя) теке маңдай жолугуп калды. Кучакташып көрүшмөкчү болуп, бапырап салам айтып колумду сунсам, ал жайды сурашканга жарабай, башын ийкеп коюп өтүп кете берди, жанындагы жан жөкөрлөрү менен. Делебем сууп, туруп калдым. Экөөбүз университетте, бир бөлмөдө чогуу жатып окуганбыз да" дейт.



"Лозунг", 18-сентябрь, 2010-ж.

Өмүрбек БАБАНОВ:
"Кыргыздын бир да сантиметр жери кимдир бирөөгө өтпөшү керек!"
Региондор "республикачыларды" жылуу маанайда тосууда
""Республика" саясий партиясы шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоо алдындагы программасын эл менен талкуулоо ниетинде алгачкы иш сапарын улуу Манас жердеген, касиеттүү Талас жергесинен башташты. Жолугушуу 2010-жылдын 10- сентябрына белгиленип, "Республиканын" атынан барган башкы лидери Өмүрбек Бабанов жана алдыңкы лидерлери Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова, Актан Арым Кубат ар бир кыргыз үчүн ыйык деп эсептелген, Манастын күмбөзү жайгашкан "Манас Ордо" улуттук комплексине барып, Талас областынын бардык райондорунан келген аксакалдар менен жолугушту.
Алгач Манастын күмбөзүнүн алдында ата-бабалардын арбактарына багыштап жана ошо күнкү Орозо айт майрамына арнап куран окуп, бата тиленди.
Жолугушууда аксакалдардын сүйлөгөн сөздөрүнөн келтирсек:
- "Жаш болсоң да ак эмгегиң, таза мээнетиң менен бизнесте, экономикада жана саясатта зор ийгиликтерге жетише алдың, эл арасында сый-урматка татып келген чыгаан уулдарыбыздын бири, "Россия" колхозун көптөгөн жылдар бою ийгиликтүү жетектеп келген атаң Токтогул Бабанов сыяктуу эл үчүн аракетиңди аябай, анын татыктуу уулу боло алганың бизди кубандырат!"


Ай, америкалык!
"Трибуна" эмнеге тилин тартпайт, ыя?
"Атамекен" партиясынын алдыңкы саптарында турган анык мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов КТРдин таңкы "Замана" телеберүүсү аркылуу "Лозунг" гезитин айда "ашатты". Көрсө, "Лозунг" кайсы бир санында (18.08.10) анын партиясынын "ажарын" ачам деп атып, анча-мынча ачуурак сын айтып ийиптир. Калайыкка кас - душман менен Америкада жатып жан аябай күрөшкөн "эр жүрөк баатырга" ал аябай катуу тийиптир. Угушубузга караганда, "бул кимдин гезити?" деп муштум кезеп жиберсе да керек. Сабыр кылып, редакциянын дайын-дарегин карасаңыз, "гезит ээси: Кулмендеева Ж.А." деп жазылып турат.
Кеп албетте, анда эмес. Андан он күндөн кийин "Трибуна" гезитине (28.08.10) Өмүрбек Абдрахманов менен "Атамекен" партиясы, анын анабашы Өмүрбек Текебаевди өкүртө сындап, "абактагы" айыбын айдап чыккан юрист Нурлан Токталиевдин интервьюсу жарыяланган. "Членов ВП будут судить за все, что они натворили" деп аталат. Негедир ал тууралуу айткысы келбейт.


"Леди kg", 14-сентябрь, 2010-ж.

Гүлжамал эже:
"Кызым үчүн какпаган эшигим, укпаган сөзүм калган жок"
Балалыктын эч нерседен бейкапар күндөрүн өткөрүүнүн ордуна жаштайынан бөйрөгүнүн азабын тартып келген Назбийкени көптөн бери билебиз. Бул ооруну дарылоого Кыргызстандагы медицинанын күчү жетпегендиктен, Москванын медиктерине кайрылууну чечкен секелек кыздын ата-энесинин элге жардам сурап кайрылганынан да кабардар элек. Перзенти үчүн болгон күчүн жумшап, кызымды аман алып калсам дегенде эки көзү төрт болгон Гүлжамал эжени сөзгө тарттык.

- Гүлжамал эже, Назбийке канчанчы перзентиңиз?
- Мен өзүм беш бала төрөп, экөөнү жерге бергем. Азыр эки кызым, бир уулум калды. Назбийке эң кичүү кызыбыз. 2002-жылы 1-августта төрөлгөн. Быйыл 2-класс болду. Оорусуна карап окуу жылы башталгандан бери мектепке бара элек.
- Кызыңыздын мындай сейрек ооруга кабылганын качан билдиңиздер?


Эльмира Джумалиева
"Республика" партиясынын мүчөсү:
"Экономикасы өнүккөн күчтүү мамлекет үчүн күрөшөм"
- Эльмира Бусурманкуловна, аял кишинин ийгиликтүү карьерасы кандайдыр бир курмандыкты талап кылат дешет. Сиздин карьералык ишиңизде эмнеден баш тартууга туура келди?
- Албетте, илим жолуна түшпөсүн, мамлекеттик же коомдук ишти көздөбөсүн, ар бир адам ошол ишинен майнап чыгарам десе, көп нерседен баш тартууга, айрым нерселерди курмандыкка чалууга мажбур болот. Анткени, ийгиликтүү карьера талыкпай эмгектенүүнү, көп окуп, көптү билүүнү, аракетти, күн тынымынан, түн уйкусунан кечүүнү талап кылат эмеспи. Антпесе канчалык аракет кылсаң да натыйжа чыкпайт деп ойлойм. Атүгүл үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууга да, теңтуш-курбулар менен ойноп-күлүүгө, ден-соолукту чыңдап машыгууга, эс алып, дарыланууга да убакыт калбай калат. Анын саңарындай, мен да карьера жасоо үчүн жогорудагы нерселерден баш тарткам.
- Эмгек жолуңуз кайсы жерден жана кантип башталган?
- Менин эмгек жолум жогорку окуу жайын бүтүрүп, адистикке ээ болгондон кийин өзүм туулуп-өскөн Талас жергесиндеги бир колхоздун катардагы экономисти катары башталган. Окуу жайында алган теориялык билимимди практика менен айкалыштырдым, бул албетте менин адис катары калыптанышыма жагымдуу таасирин тийгизди. Бирок, институттук билимимди андан ары өркүндөтүп, адегенде кандидаттык, андан кийин доктордук диссертациямдын үстүндө эмгектенүүгө туура келди. Бул эмгектеримдин акыбети кайтып, көздөгөн максатыма жетип илимдин доктору деген дипломду алдым. Буга мен өтө ыраазымын.
- Эмгек, илимий иштериңизде кимдин кандай пайдасы тийди?


"Форум", 17-сентябрь, 2010-ж.

Жылдыз МУСАБЕКОВА, журналист:
"Кыргызстанда кыргызчылык, тууган-урук, жек-жаат деген маселелер жоюлмайын демократия өнүгүүсү кыйын"
- Жылдыз Аманбековна, сиздин пикирде Кыргызстан элинин авторитардык жана үй-бүлөлүк кландык башкарууну кулатышына кайсы факторлор чечүүчү ролду ойноду?
- Авторитардык жана үй-бүлөлүк аксым бийликти кулатуунун эң негизги фактору деп мен "ханды кудай ураарда, өз элине кас болот" дегенди айтып кетер элем. Хандан адилеттик кетти эле, калктын тынчтыгы жоголду. Бакиев жана анын бир туугандары, үй-бүлөсү "Акаев азабынан кутулдук" деп көзүнө жаш алган кыргыз элинин башына келип конгон балээге айланды. Ажобуздун көзү тумандап, чыныгы турмушту көрө албай калганы, тегерегиндегилердин таасиринен чыга албаганы сокурга да дайын эле. Анын кадр саясатындагы калыссыздыгы өлкөнү төз эле кургуйга алып барып кептеди. Эки сөздү кошуп айта албаган кызматкерлерди, "а" менен "б"нын айырмасын билбегендерди Ак үйгө койкойтуп отургузганы аз келгенсип, өлкөнүн жүзү, кадыры, абийири болгон парламент ичин да ат сарайга айлантты.
Мыйзам, Конституция дегенди билбеген, китеп бетин ачып окубагандарды депутат кылдык.


"Ак жолдун" депутаттары келе жатат, абайла элим, абайла…
Бакиевдин атактуу "Ак жол" партиясынын депутат "батальондору" убагында кыргыз элин "эл" деп санабай калганын азыр беш жаштагы бала да билет. Кудайдан жөө качкан Курманбек Бакиев өзүнө окшогон "сырты да, ичи да калтырак" 71 адамды 2007-жылдын башында элдин добушун уурдоо жана бийликтин зордугу менен ЖКга ЖЕП УТАТ кылган эле. Ибрагим Жунусовдун тили менен айтканда, ал 71 солдаттын таалайы таштан чоң экен. Болбосо, булар кечээки кандуу 7-апрель окуяларынан кийин "жепутат" болуп турган учурундагы колу менен кылган күнөөлөрүн, мойну менен тартышы зарыл эле го. Тилекке каршы, андай болбоду. Албетте, бул жаңы бийликтин чектен ашкан "айкөлдүгү" болуп кала берди. "Ак жолчулардын" башка жоруктарын айтпаганда да Манас, Бакай баштаган ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу, изи, тарыхы ташка тамга басылгандай калган атактуу Каркыра жайлоосун жана керемет Ысык-Көлүбүздүн жээгиндеги төрт пансионатыбызды казактарга кармата беришкен итчилиги кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калды.


"Лозунг", 9-сентябрь, 2010-ж.

"Альфа":
"Биз көтөрүлсөк, бийлик айласын таппай калат"
7-апрелдеги окуя жөнүндө ар түрдүү пикир, видеотехникалык далилдер болгону менен бул каргашалуу күн боюнча ойдогудай иликтөө иштери жүргөн жок. Ак үйдөн ок атылганы ырас. Башкы күнөөкөрлөр өлкөнүн сыртына чыгып кетти. Редакцияга азыр 7-апрелде элге ок атты деген айып менен шектелип абакта жаткан "Альфа" кызматкерлеринин ата-энелери жана кызматташтары кайрылышты. Алар каргашалуу окуя боюнча төмөнкүдөй ой бөлүштү.


Роман,
"Альфа" кызматкери
(белгилүү себептерге байланыштуу аттары өзгөртүлдү):
- 6-апрель күнү кечинде өздүк курамды чогултуп "тапшырма аткарууга барасыңар" деп, бирок кайда барарыбызды айтышпады.


Салкынай Алиева, ырчы:
"Өзүмдү көпкө чейин түшүнбөй жүрдүм"
- -Турмушка чыкканы көрүнбөй кеттиң? Ыр сүйүүчүлөр Салкынай Алиева деген ысымды унутуп калган жокпу?
- Эми бул суроону күйөрмандардын өздөрүнө бербесе... Бирок, ар кимдин өзүнүн күйөрманы бар деген чын. Мен көптөн бери жаңы ырларды жаздыра элекмин, сахнага да чыга элекмин, бирок ошого карабастан, мурдагы жаздырган ырларымды угушуп, мен жөнүндө кызыгып сурашып, көрүп калышса таанышканы мени кубантат.
- Буга чейин эмне менен алектенип жаттың?
- Ушундай бир учур болду, жашоодогу мындан аркы жолумду аныктаганга туура келди. Ошондуктан ырдан алыстап, эс алып, өзүмдү тапканга аракет кылдым. Ошол аралыктагы убактымды бүтүн бойдон үй-бүлөмө жумшадым. Бирок, эртеден кечке үйдө отуруп калган жокмун. Отуралбайм дагы, отургум да келбейт. Дайыма алектенчү бир нерсе сөзсүз таап алам. Орто Азиядагы америкалык университетте иштесем деген кыялым бар эле. Аным ишке ашып, ошол университетте иштеп аттым.



"Кыргыз руху", 10-сентябрь, 2010-ж.

Ууландыбы же кууландыбы?
Коёнектин ыры
Мен коёнек болгонмун,
"Капустага" тойгонмун.
Ашыкча жеп алганмын,
Ооруп жатып калганмын...

Азимбек Бекназаров ууланып калып, шаардык инфекциялык ооруканага түшкөнү жөнүндө маалымат бир топ маалымат каражаттарында жарыяланып кетти. Бул маалымат бир туруп, жалган делинсе, бир туруп, чын эле ууланды болуп өтө эле күдүк ойлорду жаратты. Бекназаров өзү муну чын деп да, жалган деп да комментарийлегиси келбей жатканына караганда, бу маалыматтты ал кандай пайдаланышты билбей жатат же мындай ушактын жаралышына өзү өбөлгө түзгөн деген ойго түртөт. Азимбек Бекназаров сегиз жылдан бери ар кандай саясий оюндардын казанында кайнап, таптакыр боркулдап бүткөн. Бир кезде канча литр канын Алматыдан алмаштырып келгени жөнүндө айтканы бар. Ошондо да бирде "алмаштыргам", бирде "алмаштырган эмесмин" деп эки сүйлөгөн. Аксы учурунда "таяк жегем,


Бек Борбиев:
"Үрп-адатын, каада-салтын сыйлаган адам улутчул"
- Саясаттын жолуна түшүп, партиялык тизме менен шайлоого аттандыңыз. Саясатка кеткен жол чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылбайт бекен?
- Таптакыр эле тоскоолдук кылбайт десем чындыктан алыстап кетишим мүмкүн, сөзсүз түрдө тоскоолдугу болот. Саясат менен алектенбей, же башка иштер менен алагдыланбай жалаң чыгармачылык менен иштесем менимче үзүрдүүрөөк болмок болушу керек. Бирок бажы тармагында иштеп жүргөндө деле чыгармачылыкты таштап койгон жокмун, буйруса саясатта деле ошондой болот болушу керек. Көкүрөктө чыгармачылыктын уюткусу бар болсо ага качан болбосун убакыт табылып, жүрөктөн жарала турган чыгарма убактысы келгенде жарык дүйнөгө келген наристедей кубаныч тартуулап жарала берет. Мен көбүнчө кечкисин, түн ичинде элдин баары таттуу уйкунун кучагына киргенде чыгармачылык менен алектенем, ошондуктан саясат менин жеке чыгармачылыгыма чоң тоскоолдук келтирбейт го деген ойдомун.
- Жыл сайын сентябрь айында берген концертиңизде күйөрмандарыңыз менен бирге туулган күнүңүздү белгилечү элеңиз. Жакында боло турган концертиңиздин багыты кандай болот, сурайын дегеним ушул учурда шайлоого карата агитациянын күчүнө кирип турган учуруна дал келет экен, балким агитациялык концерт болобу деген ой жаралышы мүмкүн да?


"Алиби", 3-сентябрь, 2010-ж.

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы:
"Добушту бурмалайм деген жетекчи оңбой калышы мүмкүн"
Түштүк окуяларында миңдеген адамдардын үй-жайга болгон документтери жана инсандыгын аныктаган күбөлүктөрү күйүп, жоголуп кеткен. Алардын документтерин калыбына келтирүү иши кандай болууда? Ошондой эле, редакциябызга Ош облусунун Папан-жана Төлөйкөн айыл округдарынын ортосундагы жер чатагы боюнча келген катка жооп берүүсү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бир топ суроолор менен кайрылган элек.

- Ош облусунун Папан жана Төлөйкөн айылдык округдардын ортосундагы жер чатагы боюнча айтып берсеңиз. Ал жерде эл эки жаат болуп урушканга чейин барып жатышат дешүүдө ?
- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык округунун Учар жана Жапалак айылдарынын жашоочулары, реформа учурунда Учар айылына жакын сугат жерлер туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүн айтышып, 2000-жылы 15 га, 2003-жылы 20 га жана 2005-жылы 42 га жерди Папандыктарга жеке менчик турак үй курууга бергендигине нааразы болушуп, трансформация болгон 42 га сугат жер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жокко чыгарууну талап кылышкан талаш кырдаал түзүлгөн.


Кубанычбек Кадыров, экс-депутат:
"Эгер мен акча алсам, 200 миллион сомго кылмыш ишин козготуп, 45 миллионду төктүрөт белем"
- Кубаныч мырза, учурда эмне менен алектенип жатасыз, дегеним, акыркы күндөрү Сиздин ишмердүүлүгүңүз боюнча, саясий жүрүшүңүз боюнча ар кандай кептер айтылууда.
- Өзүңүздөр күбө болуп, эл менен чогуу жүрүп, Бакиевдин криминалдык бийлигин кулаттык. Өкүнүчтүүсү, ондогон жигиттерибиз шейит кетип, жүздөгөн мекендештерибиз түрдүү жарааттарды алды. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Анткени, жеңиш оңой-олтоң келген жок. Ал окуядан кийин Бакиевдер менен кармашып, анын саясатына макул болбогондор Убактылуу өкмөттү түзүп, бийликке келди. Алардын катарында мен да ИИМ министри Болот Эсентаевичтин буйругу менен аталган тармактын орун басарлыгына бекидим.
- ИИМ орун басарлары Президенттин буйругу менен бекийт дегендер болду…
- Президент качып, революция жасалып, оор кырдаал түзүлгөндө УӨ тарабынан Болот Шерниязга орун басарларынды өзүң бекиткин да иштегин деген укук берилген экен. Ошол укуктун негизинде бизди бекитип, он беш күндөй өз кабинетибизде түнөп иш алпардык. Жыйынтыгында бир топ ийгиликтерге жетиштик десем болот. Ошондо мага экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы башкармалыкты беришкен. Бакиевдер чыйыр салган коррупциялык системаны сындырганга аракет кылдым. Үйбүлөлүк клан менен бирге иш кылган адамдарды кармап, мамлекеттин акчаларын кайтарганга аракет жасадык.


Ислам нуру, 2010-ж.

"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
"Ахлу" бизчесинен "эл". Демек, "Ахлу сунна" - бул сүннөт эли же болбосо, ар бир амалында, сөзүндө жана ой-пикиринде пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ээрчиген адамдар. "Сүннөттүн" кыргызчасы "жол". Башкача айтканда, пайгамбарыбыздын жана анын сахаабалардын диний жолу. Дал ушул жолго ээрчигендерди пайгамбарыбыз "жамаат" деп атаган. "Жамааттын" мааниси "бир нерсеге чогулуу". "Жамааттын" тескериси "бөлүнүү". Демек, "Ахлу сунна вал жамаат" дегени, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн тегерегине чогулган сахабалар, табеиндер жана тээ кыяматка чейин дин-ыйманда аларды ээрчиген адамдардын ынтымагы. Алар ар кайсы замандарда жалаң сүннөттүн тегерегине чогулушат жана бидяттан алыс болушат. "Бидят" дегени - бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө дал келбеген, кийин ойлоп табылган диний жөрөлгөлөр.


Автордон:
Күндөрдүн биринде жогорку даржадагы мамлекеттик кызматчылардын бири ушул саптардын авторун өзінін кабылдамасына чакырып: "Хизбут-Тахрир" жана халифат жөніндө анык маалымат бере турган бир китеп жазбайсыңбы" деген сунушун айткан эле. Чамамда, бул сунуштун айтылышына менин республикалык массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн Ислам, агымдар жана тарых жөніндөгі илимий-аналитикалык жана публицистикалык макалаларым себеп болсо керек. Чынында, халифат деген эмне? Анын динге, пайгамбарга кандай байланышы бар? Ислам тарыхындагы орду кандай? Халифат жөніндө Ыйык Кураанда, Мухаммад пайгамбарыбыздын хадистеринде жана ислам тарыхында эмне деп айтылган? Эл арасында ушул сыяктуу бири-бирине карама-каршы пикирлер, суроо-жооптор өтө көп.


"Аргумент kg", 2-сентябрь, 2010-ж.

Клара Ажыбекова, "Кыргызстан Коммунисттик партиясынын" 1-катчысы:
"Булар Акаев, Бакиевден да ыплас саясат жүргүзүп атат"
Парламенттик шайлоого ат салышууга аттанган Кыргызстан Коммунисттик партиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраптыр. Кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүү себебинен улам катыша албагандыгын эшиттик. Чын-төгүнүн билүү максатында партиянын 1-катчысы Клара Ажыбековага кайрылып муну уктук.

- Партияңыздар шайлоого катышуу укугунан эмнеге ажырады?
- Чынында катышууга катуу белсенип кириштик. Сьездди 14-августта өткөрүп, талапкерлердин тизмесин эң алгачкылардан болуп дайындаганбыз. Тийиштүү документтерди, мыйзамга ылайык ар улуттун өкүлү, талапкерлердин арасындагы жаштар, аялдардын саны нормалдуу болгон. Сьездди өткөрөрдүн алдында эле бизге тоскоолдук, коркутуулар боло баштады.
- Кимдер тарабынан?
- Байкаганым, активдүү коммунисттерибиз тизмени көпкө беришпеди.
- Кайсы күчтөр тоскоол болду?
- Башка партиялар тарабынан.


"Эл сөзү" гезитинин жетекчиси Сагынбек Момбеков:
"Буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар"
- Сагынбек байке эмне себептен бир жума гезитиңизди кармашты?
- Гезиттин ошол күнкү санына Байболов, Текебаев тууралуу такталган маалыматтарды бергенбиз. Анда Байболовдун өзү качкын деген статус менен өкмөттө иштеп жүргөндүгү, аялы Америкада залогдо жаткандыгы тууралуу жазылган. Андай болбосо эмне үчүн аялы али күнгө чейин Ата-Мекенде төртүнчү орунда турса да, Кыргызстанга келбейт? Бойболов " Ак иштегем, акчам жок" деп алакан жаят. Акчасы болбосо кантип бул партияга кирсин. Анткени, Ата-Мекен акчасы аз адамды алдыңкы орунга койбойт. Андан башка дагы Турсунбай Акундун Ош окуясы тууралуу так маалыматтар менен далилденген материалы кеткен. Мындан сырткары, Медетбеков тууралуу да жазылган. Балким, Медетбековго Россиянын көзү түз болуп калабы деп да коркушкан чыгаар. Ушунун баары чогулуп келип биздин гезитти бир жума кармоого себеп болду окшойт.
- Сизден башка да бирөөлөр жабыр тарттыбы?
- Ошол күнү кызматкерлерди да уруп сабап кетишкен. Башына целофан баштык кийгизип уруп, көгөрүп калбасын деп желим бөтөлкөгө суу куюп сабашкан. Ошонун ичинде элдик кеңештин мүчөсү Жыргалбекти, дагы бир топ балдар жабыр тарткан. Бул балдар Каркыра сатылып кеткенде элдин таламын талашкан балдардын бири.


"Адилет press", 9-сентябрь, 2010-ж.

Сапар ОРОЗБАКОВ
Түштүктөгү коогалаңды ким уюштурган?
(Башы гезиттин 5-августтагы №1 санында)
3. Дос болумуш этип аркадан сайгандар бар
Ош окуясын териштирүү үчүн улуттук жана эл аралык деп бир эмес, эки комиссия түзүлдү. Бирок алар өз ишинин жыйынтыгын чыгара элек. Ал эми массалык маалымат каражаттары жөнүндө айтсак, алар бул темада көп жазышкан менен, алардын арасында биз сөз кылып жаткан үчүнчү күч жөнүндө бир пикир жок. Орусиянын гезит, журналдары, радио-телевидениелери жана Интернет сайттарынын айрымдары үчүнчү күч деп ислам экстремисттерин айтса, экинчилери табышмактатып, сөөмөйүн батышка, тагыраак айтканда Америкага кезейт. Ушуну да көрбөгөн кандай сокур немесиңер дегенсип. Жашырганда эмне, кыргыздардын көпчүлүгү дагы эле Орусиянын массалык маалымат каражаттарын чындыктын акыркы үлгүсү катары тутуп, ал жактан чыккан үндү жантыгынан жата калып тыңшайт. Ошол себептен ОБСЕнин полициясын киргизбейбиз дегендер көп болуп жатпайбы, ОДКБга ишенип.
Батыш болсо июнда эле эмес, апрелде эмне болуп кеткенин түшүнбөй башы маң. Башында ал Орусия көңтөрүш жасап жибердиби деп шекшип, Кыргызстандын бийлигин бир жумадан кийин гана тааныды. Ал эми август, июнь окуялары алар үчүн дагы эле түшүнүксүздөй сезилет. Мындан үч жума мурда Хьюман Райтс Вотч "Акыйкаттык кайда? Июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышуу" деген ат менен килейген докладын жарыялады. Эгерде Оштогу кагылышууну уюштурган ислам кыймылы болсо, ага байланыштуу кичине шек-шыбаа болсо, ошолор айтат эле го, сакалчан көрсө итатайы тутулган. Докладда ислам кыймылы жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр.


Өмүрбек Абдрахманов:
"Кыргызстанда чоң жаңылануу, тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө"
- Кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарына улутчулдар деген жарлык тагып жаткандар аз эмес. Ушул көрүнүш эмнеден келип чыгууда?
- Кыргыздын ар бир жараны патриот болуп эсептелет. Ал патриоттордун кимиси кандай көрүнөт? Кээ бирөөлөр "мен мекенчилмин" деп ачыктан-ачык чыгып жүрүшөт. Көчөдө антип куру кыйкырып жүргөндөр булар жарма патриоттор. Алардын жасаган ишин карап көрсөң, коомдун өнүгүшүнө салымы жок, баатырдык эпосторду, элдик баатырларды даңазаламыш болуп, Салижан Жигитов айтмакчы, "көзүн желкесине тагып алгандар көбөйүп кетти". "Мекенчил" деп айтканга татыктуу боло турган эч нерсе жасашпайт, биздин келечегибиз каякка баратат, канткенде өнүгөбүз деген сыяктуу суроолор менен баш оорутушпайт.
Азыр Кыргызстанда чоң жаңылануу жүргөн тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө. Бир коомдон экинчи коомго өтүп жатабыз. Мурунку диктаторлук коомду да баштан кечирдик. Ал коом кандай коом эле? Тээ компартия заманында камчы менен камчылап келишти. 10 млн. ашык адамдын, кыргыздын нечендеген кыраандарынын өмүрү кыйылбадыбы. Андан бери келип, Акаев да, Бакиев да диктатордук мамлекет курабыз деп аракет кылды. Бакиев диктатордук эле эмес, канкор бийликти түздү.


"Учур", 9-сентябрь, 2010-ж.

Маскөө Атамбаевди тандады, анан?..
Шайлоо кампаниясы марага жакындап калды. Эртең үгүт иштери башталат. Туура бир айдан кийин добуш берүү жүрүп, шайлоого чекит коюлат. Ким жеңет, кимиси утулат, ызы-чуусуз өтөбү (?), же... Мына ушундай суроолор бүгүн элдин оюн онго, санаасын санга бөлүүдө. Быйылкы шайлоо мурдагылардан кыйла өзгөчөлөнүп, түшүнүксүз жактары ого эле көп. Деги эле, "бала болуп, башыма жүн чыкканы..." дегендей, эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу азыркыдай ("баары бир мен жеңем" дегени жок, көкбөрү стилинде) шайлоо болгону жаткандай. Буга чейин шайлоолордун баары эле эки жаат болуп өтүп, бир тарабы сөзсүз бийлик болсо, экинчи тарабы ага каршылардын уюшмасы болуп, өйдөкүлөрү "баары бир байге биздики" деп коңкоюп, бийлик оппоненттери элге таянып, тырмышып, байгеге жетпей, ага деле болбой күрөшүн улантып...
Айтор кимдин-ким экени эрте эле билинип калчу. Азыр болсо, ар кимиси ар тарап болуп, элдин башы маң. КСДП, "Ата Мекен", "Акшумкар" партияларын, бийлик дейин десең аларың деле ар кимиси өз-өзүнчө, анын үстүнө теңчиликтүү шайлоо болсун деп баары кызматтарын да өткөрүп беришти. Ага деле болбой булардын губернаторлору, акимдери отурат, административдик ресурсту колдонушат деген айыптоолор айтылууда.
"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялардын болсо мурунку бийликтин "камчы чабарлары", коррупционерлер деген калбыры бар. Ал эми "Акыйкат" (А.Жекшенкулов), "Айкөл эл" (Э.Байсалов), "Актилек" (С.Заиров), "Замандаш" (М.Өмүракунов) партияларына карапайым эл ишеним артып атканын тана албайбыз.


Шайлоо: коопсуздук көзөмөлдө болот
Парламенттик шайлоо алдында жана андан кийин да Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, өлкөнү бөлүп-жарууга жана улут аралык жаңжалды козутууга аракет кылган партия өкүлдөрүнө катуу чаралар көрүлөт. Жагдайга жараша шайлоо токтотулуп, өзгөчө кырдаал жарыяланышы да ыктымал.
Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 7-сентябрда Бишкекте өткөн "Мыйзамдардын сакталышы - шайлоо коопсуздугунун кепилдиги" деген аталыштагы форумда белгиледи. Форумга шайлоого ат салышууга ниетин билдирген 29 партиянын өкүлдөрү катышып, алардын көпчүлүгү добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулат деген кооптонуу билдиришти.
Форумда 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдор менен ызы-чуулардын алдын алуу, шайлоодогу коопсуздук маселеси талкууланды. Форумга катышкан президент Роза Отунбаева алдыдагы шайлоо өлкөдөгү демократияны өнүктүрүү жана жалпы Кыргызстан тагдыры үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Президенттин айтымында, шайлоонун ачык жана айкын өтүшү үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт:


"Форум", 7-сентябрь, 2010-ж.

Владимир Путин пообещал лидеру СДПК Алмазбеку Атамбаеву десять миллионов долларов
Председатель правительства РФ Владимир Путин принял в четверг лидера Социал-демократической партии Киргизии Алмазбека Атамбаева. Об этом сообщил журналистам пресс-секретарь главы правительства Дмитрий Песков, передает ИТАР-ТАСС.

По словам Дм.Пескова, "в ходе состоявшейся беседы Владимир Путин проинформировал Алмазбека Атамбаева о принятом сегодня на заседании президиума правительства решении о выделении 10 млн. долларов в качестве помощи Киргизии".
Кроме того, сказал Дмитрий Песков, на встрече обсуждались вопросы касающиеся "оказания иной помощи Киргизской Республике". На встрече отмечалось, что недавние трагические события в Киргизии отрицательно сказались на ВВП этой страны, приведя к его падению, сказал пресс-секретарь главы правительства России.


Рыскелди МОМБЕКОВ,
экс-министр, социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Барып келгенди эмес, алып келгенди айталы"
- Рыскелди мырза, өткөн аптада партия жетекчиңер Алмазбек Шаршенович Орусияга барып, ал жактын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуп кайтканы кабарланды. Ушул тууралуу учкай кеп салып берсеңиз?
- Ооба, Алмазбек Шаршеновичтин Орусияга болгон расмий сапары, алардын Кыргызстанга бере турган 10 миллион долларлык жардамы тууралуу кабарды Орусиянын бардык массалык маалымат каражаттары таркатты. Оболу биз анын барып келгенин эмес, олчойгон каражат алып келгенин айтканыбыз оң болот. Кана айткылачы? Кайсы партиянын лидери качан, кимден канча каражат алып келе алды? Жок. Демек, буга дагы кайчы пикирлер болбошу керек.
- Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?


"Асман пресс", 5-август 2010-ж.

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
"Депутат болгум келбейт"
Учурда абройлуу, акчалуу адамдарга ар кайсы партиялардан сунуш түшүп, баардыгы шымаланып шайлоого аттанып жаткан кез. Эмнегедир Аскар мырзанын дайыны чыкпай калды деп эл ичинде күбүр-шыбыр көп. Биз бул мырзаны редакцияга конокко чакырып, азыноолак маек курдук.

- Аскар мырза, шайлоого билек түрүнүп, партиялык жарыш болуп жаткан учур. Эмнегедир сиз унчукпайсыз да?
- Эми баарыбыз эле саясатташып кетсек болбойт го. Азыр бизнеске жаңы шарттар ачылып атат. Жаңы президентибиз, өкмөтүбүз ишкерлерге көңүл буралы, ишкерлер аркылуу өлкөбүздүн экономикасын бекемдейли, көтөрөлү деген ой-пикирлерин айтып атат. Мен аларга толугу менен кошулам. Бүткүл дүйнөнүн тажрыйбасында базар экономикасы болуп жаткандан кийин жеке ишкерлерге шарттарды түзүп беришибиз керек. Гүлдөгөн өлкөлөрдүн баардыгы мына ушундай жол менен өнүккөн. Мен бир жолу Москвага делегаттар менен барганда Лушков айтты эле, "Москваны гүлдөткөн ишкерлер болду, ишкерлердин психологиясы чиновниктикинен башкача болот экен" деп. Көрсө чиновниктер саат тогуздан бешке чейин иштейт, ошонун ортосунда кофе ичишип, өздөрүнүн жумуштарын бүтүрүшүп, ойлонгондо жумуштун теңин гана ойлонот экен. Ал эми ишкерлер 24 саат бою бизнесимди өнүктүрөм, жумуш орундарын ачам, казынага акча төлөйм деп ойлонуп жүрөт. Өзү да жакшы жашоого умтулат. Анан ар бир эле адамдын психологиясы бир жерге токтоп калгандан алыс. Дагы жогоруласам дейт. Кээ бири байлыктын аркасынан түшүп алышат. Кээ бири өзү да жыргап, элге да жардамдашып, мамлекетке да көмөктөшөт. Мен эми ушу саясатка пауза берип, андан оолак болууну чечтим. Андан көрө экономикага салым кошсом дейм.


Динара Ошуракунова, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси:
"Конституцияда декрет деген сөз жок"
- Кыргызстандын бүгүнкү учурдагы абалы кандай? Дегеним, биз мыйзам талаасында жашап атабызбы?
- Албетте, юридикалык жагынан мыйзам талаасында жашап жатабыз. Анткени 27-июнда биз атайын референдумга катышып, бүткүл Кыргызстандын эли шайлоодо жаңы Конституцияны колдоп, өздөрүнүн добуштарын беришти. Ушундан кийин ойлойм чындап укук талаасына кирдик деп. Экинчи суроо, ошол укук талаага киргенден кийин биз жүз пайызга алмашып кеттикпи деген маселе. Тилекке каршы, биз алмаша элекпиз. Анткени, көбүндө эле баягы эски кадрлар, мурдагы эски система иштеп атат. Жаңы системага келе элекпиз. Мунун баарын биз алмаштырганга көп убакыт керек. Ошондуктан баарыбыз мыйзамды сыйлап, бийлик биринчилерден болуп мыйзамды сыйлаганын көргөзүшсө, анда биз укук талаасына толугу менен киребиз.
- Баягы эле эски кадр деп калдыңыз. Сиздин оюңузча кадрларды кайдан алыш керек?


"Айат", 9-сентябрь, 2010-ж.

Ааламды таңдандырган кыргыз дүйнөсү жана
Чочунбаеванын чоң эрдиги
Жарыктык чоң кайненем Райкан токсонду оодарып барып дүйнө салды.
Биз эле эмес бүт айыл "ЭНЕ" деп ызаат кылып, алдынан кыя өтчү эмес.
Анысы айылдагы эң кары адам катары эле эмес, кара кылды как жарган калыстыгы, көптү көргөн көсөмдүгү жана эң башкысы - колунан көөрү төгүлгөн чебердиги үчүн да болсо керек. Ошол энемдин колун салаңдатып бош отурганын көргөн жокмун. Бир карасам, жүнгө асылып жаткан, бир карасам ийик ийрип же тери өңдөп жаткан…, айтор ары өтүп, бери өтүп көзүмдүн кыйыгын салганым болбосо, жанына отура калып, бирдеме үйрөнүп алайын деген ой болбоптур. Бир кана жолу энем: "кызыңдын көшөгөсүнө чаян боо жасап жатам, муну бары эле биле бербейт, көрүп алсаң" - деп калды.


"Көздөрүнө бычак сайып, оозун жырган"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.

"Жамандын коногу билет" болуп, кыргыз эли алсыз калкка айландыкпы? Гүлдөгөн эгемендүү мамлекетте жашасак да, кай бир мезгилде баш калкалап, төрүбүзгө кирип, өтүктөрүн илип алган, түштүк тараптагы өзбектерге корбузбу? Ош, Жалал-Абаддагы июнь айындагы коогалаңдан мыкаачылык менен, дене-башы бышылып, кыздардын эмчектери кесилип, боюнда барлардын кардылары жарылып, каза тапкан кыргыздардын арбагы канкорлорго тынчтык берер бекен?!... деген суроолор кооптонтот. Адам баласы кайсы учурда, кай жерде болбосун ажалга баш ийет. Бирок, он эки мүчөсү толук эмес, жансыз сөөк деле өз мүчөсүн жоктойт чыгаар.


"Аалам", 9-сентябрь, 2010-ж.

Александр Тарев
"Инкомполис" компаниясынын ген директору:
"ИИМге жардам кылганыбыз-биздин инвестициябыз"
Редакциядан:
Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган макалада республиканын ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу кылмышкерлерди издөө Башкы Башкармалыгынын имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасын курууда иштеген адамдардын эмгек акыларын ала албай жаткандыгы жөнүндө сөз болгон эле. Бүгүн биз ушул маселеге түздөн-түз тиешеси бар экинчи тараптын маалыматын жана ой-пикирин окурмандарга жеткирүүнү чечтик.

"Инкомполис" камсыздоо компаниясынын башкы директору Александр Борисович Тарев:


Шайлоо боюнча үгүт иштери эртең башталат !
Шайлоонун үгүт иштеринин башталаарына бир эле күн калды. Гезитибиздин саны буга бир күн жетпей чыгып атканына байланыштуу Боршайкомдун партияларга жасаган эскертүүсүн эске алып, тизмеде номур биринчи болуп турган таанымал партиялардын лидерлерин тандап туруп, "тренирөпкө кылып атышкан" жеринен "тартып" тамашалап койдук. Муну менен бирге биздин редакция парламентке жетсек дегенге ак эткенден так эткен бардык партияларга ийгилик каалайбыз



"Леди kg", 24-август, 2010-ж.

Зульфия:
"Бошонсом Уланды издеп табам,
бирок, түрмөгө камалганым
тууралуу айтпайм"
Бирөөнүн асыл жары, бирөөнүн мээримдүү энеси, бирөөнүн наздуу кызы болуу кандай бакыт? Биздин бүгүнкү каарманыбыз эне мээримине зар болуп өскөнү аз келгенсип, аялдык бакытын да тапкан жок, тогуз ай көтөрүп, омуртка сыздата төрөгөн өз кызына да ээ боло албады... Көрсө, тагдыр аны али калчап бүтө элек экен. Темир тор артына келгенде жогорудагы бактысыздыктарынын баары биригип келип да түккө арзыбай калды. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган күлгүн жаштыгын Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө өткөрүп жаткан 20 жаштагы Зульфиянын тагдырына сиз дагы ортоктош болуңуз.

- Зульфия, бул жагымсыз жайга сени кандай тагдыр айдап келди? Өзүң жаш, татынакай кыз экенсиң...
- Мен бул жерге хулиганчылык менен түшкөм. А негизги себеби - ичкилик.
- Эмне, иччү белең?


Роза Акназарова:
"Ар бир адам өзүнүн "чатырына" ээ болуш керек"
Кыргыздын көрүнүктүү кыздарынын бири, көп жылдардан бери белдүү кызматтарда иштеп, Кыргызстандын экономика тармагына өз салымын кошуп келген айым Роза Акназарова өзүнүн "Эл ынтымагы" партиясы менен бирге ири партиялардын бирине кошулду.

Акназарова
Роза Корчубековна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын илимий эмгектери биздин өлкөдө гана эмес, көптөгөн чет мамлекеттерде да кеңири таанылган. Илимий-изилдөө эмгектери негизинен агрардык экономика, эмгек мамилелери, агрардык секторду каржылоо маселелерине арналган. Роза Корчубековна Улуттук банкта бөлүм башчы, андан соң банктардын карыздарын реорганизация жана реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директору болгон. Кыргызстанда алгачкы жолу "Төлөө балансын" иштеп чыгып, пайдаланууга киргизгендиги жана акча-кредит саясатын жөнгө салуу жолдорун иштеп чыккандыгы үчүн "Эмгеги сиңген экономист"

"Апта", 22-июль, 2010-ж.

Кыргызстан наркокоридор болуп калган
- ОБСЕнин полициялык тобун түштүккө киргизүү тууралуу сөз жүрүп атат. ОБСЕ полицияларын киргизүү турабы?
- Бул ОБСЕден полицияларды киргизебиз деген маселе эларалык коомчулуктун ортосунда Кыргызстан жөнүндө ар кандай ойлор болуп кетти да. Суранычтын башы башкача мааниде болгон. Кыргыздын күч коргонуу органдары туура эмес мамиле жасап атат дешип, эларалык полициялар кирсин деген сунуштар болгон.Бирок, азыркы келе турган полициялар менен ал суранычтардын ортосунда айырмасы бар.
- Кандай айырма?
- Булар өлкөдө конфликттер чыгып кетсе, алардын ортосуна түшпөйт. Булар биздин милицияга кеңешчилик жардам берет. Конфликт боюнча мониторинг жүргүзүп, тренинг өткөрөт. Конфликттерди кандай кылып жоюш керек. Конфликт болуп өттү. Конфликт бүткөндөн кийин кайрадан чыгып кетпеш үчүн кандай аракеттерди жасаш керек. Жетишилген, тынчытылган акыбалды кантип сактап калыш керек.Бул боюнча батыштын полицияларынын тажрыйбасы чоң. Биздин милицияда, Советтик түзүлүштөн өз алдынча мамлекеттерде бул боюнча тажрыйба аз, жокко эсе. Ошон үчүн булардын тажрыйбасы бизге керек. Бирок, мунун укуктук негизин караш керек. Биз, албетте ОБСЕге мүчөбүз, бирок, ОБСЕнин полициялык күчтөрү кайсы келишимдин негизинде кирет деген маселе чыгат.


Карабалта крим каармандары?..
Карабалта шаарынын көмүскө кожоюну, криминалдык дүйнөдө "Бокуш" аттуу жарлыгы бар, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин Чүйдүн батышына койгон өкүлү делген Алмаз Бокушевге байланышкан окуя коом ичинде кызуу талкууга алынып жаткандыктан, биз эки тараптын оюн гезитибиздин бетине жарыялоону туура таптык . Тилекке каршы, Алмаз Бокушев тарап менен байланыша алган жокпуз. Ошентсе да, Кара-Балтада кандайча "беспредел" болгондугу жөнүндө ГУУР жана ИИМдин басма сөз кызматы ушул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен жолугушуу уюштурду. Тергөөчү ГУУРдун башчысынын уруксаты менен бизге интервью берип, маек учурунда өзүнүн аты-жөнүн атагандан баш тартты.

- Кара-Балта шаарына кандайча барып калдыңыздар?
- Ушу жылдын 6 - июлунда тергөө башкармалыгына бир жеке ишкерди кылмышкерлер Бишкектин сыртына алып чыгып, денесине жаракат келтирип, болжолу миллион доллар талап кылгандыгы тууралу маалымат түшкөн. Кылмышкерлер бизнесмендин жеке буюмдарын, машинасын тартып алып, эртеси акчаны алып келишине мөөнөт коюшуптур. Эртеси эле атайын ыкчам аракет жасалды. 3 адам кылмыш кодексинин адам уурдоо, эркинен ажыратуу, каракчылык, опузалап акча талап кылуу, бирөөнүн автотранспортун зордуктап тартып алуу деген беренелер менен айыпталды. Ушундай беренелердин негизде 2 кылмышкер кармалып, СИЗОго киргизилди. Бирөөсү качып кетти. Кармалган кылмышкерлер шеригинин атын, дарегин айткан. Кийин Карабалта шаарынын оперлеринен шектүү кылмышкер эки үйдө жашынып жүрөт деген маалымат түштү.



"Zaman Кыргызстан", 18-июнь, 2010-ж.

Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?
Төрөкул Дооров Азаттык
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".


Ош окуялары кантип башталды?
Нуржигит Кадырбеков Ош шаары
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Азыр бул окуяларды ким жана эмне үчүн баштады деп баш ооруткандар, сереп кылгандар көп. Бирок, бул өңүттөгү билдирүүлөрдү өтө абайлоо жана кылдаттык менен жасабаса, негизсиз, эмоциянын жетегиндеги божомолдор карама-каршылыктарды кайра ырбатып жибериши толук мүмкүн. Менин көз карашымда, Ош жана Жалал-Абад окуяларынын пайда болушуна айрым жеке адамдардын, өлкөдөгү саясий кырдаалдын жана эл аралык айрым факторлордун таасирлери тийди.
Ушул жылдын май айынын башынан тарта Ош шаарынын Фурхат, Он-Адыр сыяктуу жерлеринде эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда майда кагылышуулар болгон. Жергиликтүү аксакалдардын, бийликтин, коомдук ишмерлердин, жамааттардын аракети менен ал кагылышуулар токтотулуп, улут аралык чыр-чатактын чыгышына жол берилбеген. Айрым кызуу кандууларды эсепке албаганда урушуп-талашууга жергиликтүү кыргыздар деле, өзбектер деле кызыкдар болгон эмес. Анткени, ар бири бейпил турмушта жашагысы келет. Соодалары, ишкердиктери, менчик ишкана-дүкөндөрү, үй-мүлк, мал-жандыктары, эң башкысы Кудай берген өмүрлөрү корголбой калуу коркунучу эч кимге керек эмес.


"Ислам маданияты", 30-май 2010-ж.

Кудайдын Сөзүн өз кызыкчылыгынан жогору коё алган адам гана Муфтий боло алат
Ниязали Арипов
Ата-бабаларыбыздын дуба тилектери кабыл болуп, Кыргызстаныбыз 1991-жылы эгемендүү республика катары дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан татыктуу ордун алды. Анын шарапатында дин эркиндиги колубузга тийип, мусулмандар намаз окууга, дуба кылууга кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Жаш муундарга дин тарбиясын берүүгө, үгүт-насыят иштерин кең-кесири жасоого мүмкүнчүлүк алганыбызга Аллах Таалага шүгүр айтуубуз лаазым. Мээрими чексиз Аллах Таала Өзүнүн ыйык сөзүндө "Эгерде бергениме шүгүр кылсаңар жакшылыгымды арттырам…" (Ибрахим сүрөсү, 7-аят) деген.
Андыктан Ислам дини дегенде ыйыктыкты, аруулукту түшүнгөн, молдо дегенде ыймандуулукту, адилдиктин даанакерлигин көрө билген мусулман калкыбыздын ишенимин канчалык деңгелде актай алдык деген суроонун айланасында ойлонуу убактысы келди. Дин чөйрөсүнө тийешеси бар жана таасир көрсөтүүгө чакырылган адамдар эмне менен алек болуп жатабыз? Эртең Улуу Жараткан алдында кандай жана кайсы иштерибиз менен эсеп беребиз?


Мыктыбек Арстанбек:
"Элди башкарам деп атасыңар, жок дегенде элдин динин үйрөнүп койбойсуңарбы"
- Мыктыбек байке, азыр конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатат, эң негизги дин эркиндиги боюнча мамлекет динден сырткары, башкача айтканда, "светтик" деп айтылып жатат. Бул мусулмандардын арасында канчалык деңгээлде нааразычылык жаратат? Муну жаңы долбоорго киргизиш керекпи же жокпу?
- Бул биринчиден, "светтик" деген сөз менен, бул сөздү алып коюу менен мамлекет диний болуп кетпейт, демократиялык деген сөздүн өзү мамлекет динден тышкары дегенди билдирет. Эми мейли бизге ушундай тарыхый бир сыноо болуптур, биз ушуларга баш ийет экенбиз. Эми ушундай демократиялык мамлекет кургандан кийин кайра светтик деген сөздү бурмалашып жатат, биз кайра дагы динсизбиз деп жатат. Динсиздик - каапырдык. Мейли 99 жолу жазып алсын. Мен эмне үчүн динсиз деген сөзгө каршымын. Себеп дегенде булардын бул сөздү киргизүүдөгү максаты мусулмандарды укугун тебелөө. Ноокат окуясында мамлекеттик түзүлүштү оодарууга аракет кылды, светтик мамлекеттик деген нерсе менен отуздай баланы 23-27 жылга камады. Ар бир мусулмандын тырмагына чейин зыркырады.


"Эл сөзү", 25-май, 2010-ж.

Эмикисин эл кечирбейт
Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында дагы бир жолу элдик ынкылап болду. Болгондо дагы бул жолкусунда жүздөгөн жарандарыбыздын каны менен азабына забын болгон ынкылап деп айтабыз. Аттиң ушундай окуя болбосо болмок, болгондон кийин оңолсо болмок. Алгач СССРдин кыйрашы менен Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи катчылар эле аттарын өзгөртүп, Ажо деген статуска ээ болушту. Биздин Кыргыз өлкөсүндө андай кадамга жол бербей ачкачылык акциясы менен ошол кездеги биринчи катчы А. Масалиевди айдап, А. Акаевди Ажо кылып, уу дуу болдук. А. Акаевдин келээри менен мен Кыргызстанды экинчи Швейцария кылам деп дүңкүлдөгөнү али күнчө элибиздин эсинен кете элек.

"Айгай", 6-май, 2010-ж.

РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
жэ
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?
Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирин-бири шектүү караган эл.Тукулжураган экономика. Баягы эле КТР. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Жаңы демагогдор эски демагогдордун ордун баскандай. Ак үй болсо муздак, күмбөзгө окшоп күңгүрт. Бери жагында 86 баланы жоктоп көпчүлүк ыйлап турат.

Баарынан да кызыгы, баягы эле болтовня. Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, эч кимди жолотпойбуз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Башкача айтканда, кудум эле 2005-жылдын дал ушул маалы. Накта "ксерокопиясы". Ошондо да кудум ушундай сөздөр айтылган. Баарын ордуна келтиребиз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкен. Атайын план менен иштеген сыяктуу, Бакиев тобу мурунку замандын жалаң жаман жагын узартып, жакшы жагын унутуп, жаманын андан ары күчөтүп, үй-бүлө бийлиги мындай турсун, нака Кокон хандыгын орнотушкан.


Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"
Кыргызстандын убактылуу жетекчилери 2-3 партия үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек.
- Аликбек мырза, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга жана убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жасап жаткан иштери сизди канааттандырабы? Анткени, калк арасындагы нааразычылык күндөн-күнгө көбөйүүдө.
- Чындыгында кырдаал тынч деп айтууга эртерээк кылат. Баш-аламандык көп, коомдо нааразы болгон адамдардын калың катмары пайда болду. Мунун башкы себебтеринин бири - кадр маселелери. Шашып дайындап жиберишип, алардын профессионалдык денгээли, тазалыгы эске алынбай калууда. Ал аз келгенсип, эртен менен бирөө, түштө экинчиси, кечинде башкасы болуп, бир күндө 3 жетекчи алмашууда. Убактылуу өкмөттүн экинчи чон катачылыгы - экономикалык абалды көзөмөлдөй албай жаткандыгы. Мына, чек аралар жабык. Солярка кымбаттап, жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учуроодо. Эртен бензиндин баасы жогорулашы мүмкүн.


mainkaptal


ПОИСК ГАЗЕТЫ