presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар















"Агым", 24-сентябрь, 2010-ж.

Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Көп жылдардан бери Прагада жашап, өлкөдөгү саясый окуяларды тыкыр талдап келаткан белгилүү журналист Эсенбай НУРУШЕВ жакында Кыргызстанда болуп кайтты. Ал киши менен учурдагы саясый кырдаал тууралуу ой бөлүштүк
"Кеп башкаруу системасында эмес, саясый элитада"
- Эсенбай ага, сыртта жүргөн атуул катары Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
- Сырткы көз караш менен караганда өлкөдөгү окуялар башка өңүттөн көрүнөт. Маркстын "акыл-эс дайыма болот, бирок ал дайыма эле акыл-эс формасында көрүнбөйт" деген кеби бар. Кыргызстандагы саясый чөйрөдө улуттун акыл-эси акыл-эс формасында көрүнбөй жатат. Азыркы жагдайдын бардыгы ушундан улам келип чыкты.
- Өтө оор окуяларды баштан кечиргенине карабай Кыргызстан парламенттик башкарууга бет алды. Буга көз карашыңыз кандай?
- Октябрдагы шайлоонун биз үчүн өзгөчө чоң чечүүчү мааниси бар. Эгер шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүп, эл аралык уюмдар ага адилет, таза баа берсе анда Кыргызстандын кадыры жогорулайт. А кокус баягыдай эле чыр болуп, көчө толо митинг болсо өлкөбүздүн дүйнө өлкөлөрүнүн арасындагы аброю азыркыдан да төмөндөөрү турган иш. Анда саясый кырдаал кыйындап, өлкө үчүн өтө оор акыбал түзүлөт. Ошондой эле бул шайлоо кыргыз саясый элитасынын эл, мамлекет үчүн канчалык деңгээлде күйүп-бышарын аныктай турган сыноо. Жеке өзүм түпкүлүгүндө парламенттик системанын киргизилишине каршы эмесмин. Бирок дүйнөдө өлкөнү алдыга чыгарып, өнүктүрүп жибере турган бир дагы идеалдуу система жок. Кептин баары саясый элитанын өзүндө. Анын сапаты кандай болсо башкаруу системасы да, улут да ошондой болот.


Чубактын кунундай чубалган ремонт иштери кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрында биртоп жылдан бери бүтпөй келет. Сыртынан караган адамга баары жайында, кыбырап иштеп аткан театр көрүнгөнү менен бул жердин чечилбей жаткан ички маселелери, көйгөйлөрү көп. Чоң театрдын жүгүн, жоопкерчилигин мойнуна алып, жетекчи болуп шайланган жаңы директор, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВди кепке тарттык.

КР эл артисти
Марат АЛЫШПАЕВ:
"Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна кыянаттык кылган"
- Театрда биртоп жылдан бери ремонт болуп иштебей жаткан эле. Алгач ишти эмнеден баштадыңыз?
- Улуттук академиялык театрга жетекчи болуп келгениме үч айдын жүзү болду. Ушунча убакыттын ичинде жасалган иштерди айтып берейин. Жакында маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз келип чогулуш өткөрүп, үч айдан бери эмне иш аткарганым тууралуу кабар алды. Себеби театрда 2007-жылдан бери ремонт иштери жүрүп, ал жарымына келгенде токтоп калган. Театрга жылуулук киргизилип, сантехникалык иштер, гримдөөчү бөлмөлөр, администрациялык кабинеттер ремонттолуп бүткөн.


"Айат", 23-сентябрь, 2010-ж.

Алмазбек АТАМБАЕВ,
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери Хаятт мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын (СДПК) программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атаджановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүүнүн планы да бар. Программаны жазып атканда "көйгөйлөрдү чечүүдө каражатты кайдан табабыз, мамлекетти кантип көтөрөбүз?


Карамат СУЛАЙМАНОВА, апасы:
"Отуз жерине бычак сайып, өрттөп, анан сууга ыргыткан"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ары оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.
Ош коогалаңында каза болгон Базар-Коргон районунун учаскалык кызматкери, маркум Мыктыбек Сулаймановдун ата-энеси, жубайы менен болгон маек.


"Аргумент kg", 23-сентябрь, 2010-ж.

Баалар баягы,
Бабырбектин кыска окшойт "таягы"
Баалар асмандоодо, кайсыл чекке барып токтоору али белгисиз. Бирок, буга карабай Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбековдун айткандарына өзүбүздү өзүбүз сооротуп келүүдөбүз. Ошентип отуруп эки ай мурдагыга караганда күйүүчү майдын баасы 10-12 сомго кымбаттаганына карабай, дагы көтөрүлөөрү айтылууда. Бабырбек мырза канчалык "көзөмөлдөп атабыз, жол кире көтөрүлбөйт" деген менен, саясий серепчилердин биринин айтымында, баанын жогорулашын өкмөт көзөмөлдөбөй койгон. Ошондой эле эркин соода аймагы өңдүү келишимдерге Россиянын экономикалык пошлинаны киргизгени карама-каршы келет. Күйүүчү майдын кымбатташынан улам, жол кире да эки эсеге жакын баага көтөрүлгөн. Мындан сырткары күзгү айдап-себүү маалында, эң жаманы дыйкандарга кыйынчылык жаралып жатканы болууда.


"Урмат Барктабасовду жаш баладай алдап жатышат"
- "Урмат Барктабасовду бошотуп жиберишиптир"деп айрым массалык маалымат каражаттарында жазып жатышат. Бирлери азыр үйүндө экен деп айтса, айрымдары "Бийликке тосткоолдук кылып жатат деп Арабияга кетирип жибериптир" дешет. Үчүнчү топтогулар "губернаторлукка шайлаганы жатышыптыр" деп айтышууда?
- Мен адвокаты катары жооп берет элем, Барктабасовду эч ким, эч жакка кетирген жок. Ушул күнгө чейин камакта.
- Азыр ал-абалы кандай?
- Эми эки айдан бери отурган кишинин ал-абалы начар эле болот да. Ден соолугу чың деген киши дагы түрмөгө түшсө түрмөнүкүндөй болот. Кыргыз айтат эмеспи "Ал жерге жылан жатпасын" деп.
- Адвокаттар биринчи актоодон мурда тактоо ишин кылат эмеспи. Сиз ушул процесстин ичинде жүрүп, Барктабасовдун ким экенин билип бүткөндүрсүз. Айтсаңыз, абдан коркунучтуу фигура деп да жоругандар бар, чынында эле ушул бийликке анын канчалык коркунучу болду?
- Барктабасовдун келээрин кыргыз эли көптөн бери күткөн. Анткени, жаңы лидердин келишине эл суусап турган. Барктабасовду билген да, билбеген да уккан да, укпаган да ушул таза, ыймандуу жигит келсе, биздин экономикабызды көтөрүп кетет деген элдин үмүтү бар болчу. Ошол себептен убактылуу өкмөт Барктабасовду өлкөгө жолотпогонго абдан бут тосушту. Барктабасов 10-апрелде келмек, бирок, анда жолотушпай коюшту. 20-апрелде келмек, анда да келтирбей коюшту. Ар кайсыл шылтоолор менен эки жолу учакты кондурбай коюшту. Оштогу кандуу окуяда бийлик эмне кылаарын билбей, өзүн өзү жоготуп койгон учурда гана келип калды.


"Аалам", 23-сентябрь, 2010-ж.

Ата -Журттун чеги кемибесин !
Мен, алыскы Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, карапайым элет интеллигенциясынын өкүлү Бакыт Жолдошев, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган кыргыз жараны катары алдыдагы парламенттик шайлоолорго аттанып турган, аттандаштары сестенген, чочулаган, колдорунан келишинче көрдөн алып жерге уруп аткан, бирок ошого карабай калың калк арасында күндөн күнгө аброю баланттап, кадыры өсүп бараткан "Ата -Журт" саясый партиясы жана анын лидерлери туурасында өз пикиримди билдирип коюууну туура деп таптым. Атаганат, борбордо жашаса да саясый даремети пас, кесиптик интеллектиси чукак, кадыресе адамкерчилик түшүнүктөрдөн куржалак, мурдунан бир сөөм алысты көрө албаган айрым кыргыз журналисттери, саясатчылары бүгүнкү шайлоонун шайтан азартына берилип алып "Ата -Журт" саясый партиясы, анын башында турган кыргыздын бычакка сап болоор жигиттери туурасында колдорунун келишинче ыпылас кептерди, коошпогон аныктамаларды, жапайычылык менен чектешкен сүрөттөмөлөрдү таратып, жайылтып атышат.


Шамшыбек Медетбеков,
"Содружество" Партиясынын саясый Кеңешинин мүчөсү:
"Улут аралык ынтымак - аба менен суудай зарыл"
Өмүр таржымалы:
1963-жылы Нарын областындагы Кочкор районунда туулган. Айыл-чарба институтунун механика факультетин аяктаган. Киев шаарындагы КГБ СССРдин жогорку мектебинде окуган.
Эмгек жолун Тянь-Шань райо-нунда башкы инженер болуп баштаган. 24 жашында Кочкор райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болгон.
Кыргыз Республикасынын КГБсында иштеген. Мындан тышкары премьер-министрдин жардамчысы, Эларалык банктын Президенти. Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук-коопсуздук кызматынын полковниги. Экин-чи класстагы мамлекеттик кеңешчи. Нарын областынын губернатору, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү. Полковник, мамлекеттик кеңеш-чи, учурда Кыргызстандын Герон-тология Коомунун Президенти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.


"Учур", 23-сентябрь, 2010-ж.

Алмазбек АТАМБАЕВ, СДПК лидери:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери "Хаятт" мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атажановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүү планы да бар.


"Мен чөгөлөбөйм, Америкага качам.."
А.Токтомушев жазмакчы, 7-апрелден кийин "шампандын тыгынындай атылып", Америкадан келе калгандардын ана башында Равшан Жээнбеков деген кайран турат. Ал убагында А.Акаевдин "оту менен кирип, күлү менен чыгып" жүрүп, кыйла кызматтын башын жеген. Айрыкча, айтылуу Майрам апчесинин этегине эрмешип, жакасына жармашып, Айдар, Бермет дегенде ичкен ашын жерге коюп жүрүп, оңбогондой эле оокат-аш топтоп алган. "Ап" демей жагынан бу кургур алдына киши салбасы анык. Анын Маммүлк комитетин жетектеп тургандагы "ишмердүүлүгү" туурасында түркүн-түркүн уламыштар айтылып, узун сабак кептер уланып келет. Башкалар аз-аздан, колун чыканагына чейин салса, бул ийнине чейин, атүгүл башын кошо салып алганы эч кимге жашыруун эмес. Эч качан кол жоорутуп, мээ оорутуп тыйын таппаган, даярга тап неме Акаев мезгилинде кудай ургандай эле жыргаган...
Адегенде, кызматта жүрүп, жеп-жутуп атып, бай-бачага айланып, андан соң "кул кутурса кудукка кайрымак салат" болуп, талаада жүргөн жеринен таап келип, адам катарына кошкон апчеси менен жездесине акаарат айтып, саткынчылыктын "супер" үлгүсүн көрсөттү. Турган жерден Бакиевдин балта чабарына айланып, чабагандап, түндүк-түштүктү түрө кыдырып, заматтын ортосунда ашынган оппозиционер боло калды. Анын баары жашабай жатып,


"Асман пресс", 23-август 2010-ж.

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
"Акчалуулардын гана бийлиги жүрөт"
- Парламенттик шайлоодон эмнени күтсөк болот? Тагыраак айтканда, мамлекетти бекемдегенге салымын кошо алышабы же тескерисинче улуттук региондор аралык араздашууга алып келеби?
- Парламенттик шайлоодон, шайлоону гана күтсөк болот. Улуттук араздашуу түштүктө болуп өттү. Регионалдык сезимдин күчүн, талабын жана ачык жабык нерсенин баарын Мелис Мырзакматов айтып берди. Ага күбө болуп, Бекназаров да колдоду. Ошондуктан регионалдык сезим кала берет. Бакиев кеткени менен анын бийлиги мурас катары калды. Муну Мырзакматов менен ошол жерде турган адамдар далилдешти. Мамлекетибиз бекем, бай жана күчтүү болчу. Анткени, совет доорунан бизге эмне деген каражат, чоң-чоң заводдор жана чарбалар калган. Ошонун баарын кара курттай жегендердин арасында азыркы партия жетекчилери да бар. Акаев, Бакиевдин үй-бүлөсү, регионалдык шериктештери мамлекеттин байлыгын талап, аброюн түшүрдү. Ошондон улам мамлекетибиз саясий экономикалык эгемендүүлүктөн ажырап калды.


АТА МЕКЕН
ДЕМОКРАТИЯСЫ өнүккөн өлкөлөрдө кандай экендигин билбейм, бизде партиянын программасы жок же конструктивдүү эмес деп көп айтышып, көп жазылат. А карапайым калктын аны менен иши да жок. Алар партия лидерлеринин абийир, ар-намыс, тазалык, тайманбастык, адилетчилдик, чынчылдык, принципиалдуулук өңдүү адамдык, инсандык сапаттарына карап баалайт, колдойт. Менимче, "Ата Мекен" партиясынын эл арасындагы кадыр-баркы ошондой лидерлердин бардыгына байланыштуу.

ЖОЛБОРС ЖООДОН КОРКПОЙТ
"Жолборс жоодон коркпойт" деген кеп бар. Кайсы элдики экенин билбейм. Кечээ жакында партиялаштарынын Болот ШЕР (Шерниязов) жөнүндө айтканын угуп, ушул учкул сөз эсиме түштү. Чанда бир адамдарга кезигүүчү жолборстукундай касиет, күч Болотто бар десем, аша чаппайм. Атына заты жарашат деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Кийинки жылдары оору менен алпурушуп, кайнаган саясатка көп аралашпай калгансыган. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири катары алыстан акыл айтып, кеңеш берип дегендей. Анан кантмек? Канынын басымы канчалык, канты канчалык экенин уксаң, төбө чачың тик турат. Эсиңиздеби, президент Бакиев "Ак Жолду" айдактап, ата-бабабыз ардактап жердеп, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыраны Казакстанга кармата берди.


"Пресс.kg", 23-сентябрь, 2010-ж.

Эшимканов макала уурдап жан багууда
Эшимканов десе эле баягы эсил кайран эски заманда "Ала Тоо" аянтындагы "кепка" кийген бакырчаак жигит эске келет. Азыр партиялар жарышы болуп, атка тыңмын дегендер орун талашып турганда, аны эстеп алып, эч кимисине деле ишенгиң келбей кетет экен. Дегеним, ошондо Мелис мырзага эл кандай ишенип алды эле? Тим эле бал тили менен аянтка чыккандарды арбап, "мындан бөлөк чыгаан эч ким жок" жакшы сөзүнө татыбады беле. Кийин, ал аракетинин майнабын көрбөскө көзү жеткенде, баарына түкүрүп салып, "боксёр Бакиев" менен үзөңгүлөшүп кетпедиби. Аны өзү эстеп алып деле күйүп-бышып жүргөндүр. Айтайын деп алыстан баштаганымдын себеби,


"Ата Мекен" күчү чындыкта!
"Атамекенчилер" менен болгон жолугушууга үрөй учурган ушактардан чочулабастан, 25 миңге чукул эл чогулуп, баштан оор күндөрдү кечирген ордолуу Ош жаманды унуткарып, майрамдык шаңга бөлөндү. Элдин маанайы жакшырганына курсант болгон "атамекенчилер" өз программасынан сөз козгоп, экономикабызды жакшыртууга бардык күчтү жумшап, анүчүн биринчи кезекте талаптагыдай инвестициялык климатты жаратып, атамекендик өндүрүштү бар тараптан колдоп, кыргызстандык товарлардын экспортун көбөйтүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле бул жолугушууда Өмүрбек Текебаевдин дарегине Кадыржан Батыров менен байланыштын чын-төгүнүн билгиси келген суроолор да болбой койгон жок. Анткени, эл арасын атайын дүрбөлөңгө салган ушактардын бир тобу "атамекенчилерди" эл алдында каралоо ниетинде жүргөнү анык эмеспи. Негизсиз ушактарды төгүндөгөн Өмүрбек мырза Ош-Жалал-Абаддагы кайгылуу окуяларга тиешеси барлар аныкталып, айыптуулар жазаланаарын убада кылды.


"Лозунг", 22-сентябрь, 2010-ж.

Марс Сариев, саясый серепчи:
"Улуу дөөлөттөр үчүн Кыргызстан жөн эле оюнчук"
- Россия 4 аскерий базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4.5 млн. доллар төлөйт экен. 1993-жылдан бери өзгөртүлө элек келишимди кайрадан карап, ижара акысын 3-4 эсеге көтөрсөк, Россия менен мамилебизди бузбайбызбы?
- Россиянын Кыргызстандагы обьектилеринин баарын аскердик база деп айтуу туура эмес. Аскердик базасы Кантта, калгандары аскердик обьектилер. Азыр Кыргызстан "ошол обьектилердин баасын кайра карашы керек" деп маселе көтөрүп атышынын себеби, менимче АКШнын аскердик базасы "Гансинин" мөөнөтү былтыр июлда бир жылга узартылгандыгынан чыгып атса керек. Бийлик бул сырды жарыялабай жашырып келсе да, шайлоонун алдында ачылып кетти. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Парламентте, өкмөттө бул маселе каралбаса, автоматтык түрдө узартылып кете берет. Россиянын буга реакциясынан азыркы бийлик чочулоодо. Россия ушундай жагдайдан пайдаланып, "булар жашырып келишкен" деп чуу кылымыш этип, ушундай жол менен кысым жасап, өзүнүн обьектилерин көтөрөлү деп атат. Россияны колдогон жергиликтүү гезиттер "60 млн.доллар каякка кетти?" деп, ар кайсы ушакты айтып, антипиар көтөрүүдө. Россияда 1 миллинго жакын гастербайтер бар, бардык мамилелер боюнча Россияга көз карандыбыз. Маалыматтык чалгындоодон революция чыккандай эле, бир заматта экономикалык блокадага алып коюшу мүмкүн. Ошондон чочулап кыргыз бийлиги:"Ош полигону боюнча Бакиевдин убагындагы маселени жана башка аскердик базаларды карайлы" деген демилге менен чыгып, жакында эле Кыргызстандын коргоо министри Россияга барып: "Кыргызстан Россияга эле стратегиялык өнөктөш, Россиянын Кыргызстандагы базаларын карайлы",- деп келди.


"РЕСПУБЛИКА" - Өзгөрүүгө мезгил келди!
Өмүрбек Бабанов:
"Биздин партияда жалаң өз күчү, өз эмгеги менен ушул даражага жеткендер"
2010-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарындагы "Спартак" стадионунда "Республика" саясый партиясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга республиканын бардык аймактарынан келген адамдардын саны 25 000ден ашкандыктан, стадиондун трибуналарына эл толуп, сахнада жана трибуналарда партиянын символикасы жайгашып, туусу желбиреп турду. Жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлерин расмий тааныштыруу аземинен башталып, алар партиянын туусун көтөргөн улан-кыздардын арасынан өтүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда стадиондун түндүк жагында орнотулган сахнага чыгышты.

Өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаар алдында Өмүрбек Бабанов быйылкы жылы Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгондордун жаркын элесине арнап, аза күтүүгө чакырды. Бул учурда стадиондон асманды көздөй ак шарлар учурулду.


"Обон", 21-сентябрь, 2010-ж.

Акбар Сүйүнбаев:
"Султан ырдаганда элдин баарынын кыжыры кайначу"
"Убакыт зымырык куш" деп коюшат эмеспи. Мындан беш жыл мурун "Ал менин махабатым" деп ырдап жүргөн Акбар Сүйүнбаев, өз махабатына жетип, жакында үйлөнгөнү турат. Акбар менен "бойдок маек".

- Таякелериң белек кылган машинеңди минип келипсиң, дөөтүң кут болсун!
- Чоң рахмат.
- Клиптериңде өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап жатабыз. Идеяларын ким айтып жатат?
- Мурун клиптерди ойноп-күлүп эле тартып койчубуз. Азыркы клиптеримди режиссёрлордун өзүнө эле, "Мен ырчымын, эч кандай сценарий жаза албайм, режиссёрлук кыла албайм. Өзүңөр мойнуңарга алып, клип тартуучу жерлерди таап сунуш кылыңыздар. Мен барып, ырдаганды гана билейин" - деп сүйлөшкөм. Азыр Сүйүн аттуу режиссёр клипти кайсы жерге тартууну чечип жатат.
- Ырчылар ырдап баштаары менен эле бир продюссердин этегин кармашат. Сахнада 5 жыл ырдасаң да сенин продюсериң жоктугуна таң калам.


Эльвира Жумалиева, жубайы:
"Азиздин сулуулугуна эле кызыгып тийди" дешкен…"
Азиз келинчеги Эльвираны Элиот деп эркелетсе, Эльвира Азизди Ёлка деп эркелетет. Апасына кээде жини келген Шаа "Сиз Элиот эмес эле, "Гнелиотсуз" (гнелой- наалыма) деп калат. Анда, актер Азиз Мурадилаевдин үй-бүлөсү тууралуу кененирээк билүү үчүн төмөндөн маалымат алсаңыздар болот.

- Биринчи кантип тааныштыңыздар эле?
Азиз: - 1994-жылы Театралдык окуу жайга тапшырып, ошол жерде Эльвира экөөбүз чогуу окуп калдык. Башында Эльвираны байкачу деле эмесмин, группалаш катары мамилем жакшы болуп жүрүп, жакшы көрүү билинбей сүйүүгө айланып кетти. Ошентип, 2-курстун аягында үйлөнүп алдык. Үйлөнөөрдө бир кызык окуя болгон. Мен курсташтарды чакырып, Эльвираны алакачмай болдук. Баардыгыбыз чогулуп алып кетели десек, Эльвиранын үйүн таппайбыз. Биз үйүн издегенче башка балдарыбыз таап, менсиз эле үйгө алпаратышыптыр. Карасам жырга-ап машинада бейкапар олтурат, группалаштар менен.
Эльвира : - Биз бир жылдан ашык сүйлөштүк, Азиз деле мени үйгө узатып барып жүрчү. Жөө барып көнгөн жаны машина менен барганда адашып таппай калыптыр. Элдин баары "Эльвира Азиздин сулуулугуна карап тийип алды" дешет. Жок, мага Азиздин эң биринчи адамгерчилиги жаккан. Ал баарын өзүндөй көрөт, бирок, ошондон көп запкы жейт.
- Биринчи балалуу болгондо кандай сезимде болдуңуздар эле?


"Леди kg", 21-сентябрь, 2010-ж.

"Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен, көкүрөктө таркабай калат кумар"
Майрамкан Абылкасымова кыргыз адабиятынын тарыхындагы үлкөн акын. "Бир кезде аны кыргыз поэзиясынын ханышасы деп коюшчу. Жалпысынан алганда 25 китептин автору. Китептери бардык социалисттик республикалардын тилине которулган. Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, "Шабдан баатыр" эл аралык алтын медалдын ээси, "Атаке бий" спектакли үчүн III даражадагы Манас ордени жана Россия Федерациясынын Екатерина II ордени менен сыйланган. "Бүткүл дүйнөлүк поэзияга кошкон салымы үчүн" 2008-жылы Швейцария алтын медаль берген.

- Эже, акыбалыңыз кандай? Мурунку өткөн алтындан баалуу мезгилдер эсиңизге түшкөндө жүрөгүңүз эзилбейби?
- Эң бир сонун мезгилдер артта калбадыбы. Ошол күндөрдү эстегенде зыркырап кетем... Ал күндөр өзүнчө бир чоң тарых. Мен союздук акын-жазуучулар менен абдан жакшы мамиледе болчумун. Бири-бирибиз менен пикир алышып, жаңы чыккан китептерди талкуулап, тажрыйба алышып, ой бөлүшүп турар элек. Биздин ортобузда чоң чыгармачылык көпүрө бар эле, ал союз ураганда кошо урады...


Гүлнара Калдарова:
"Айтышуулар, тирешүүлөр көп эле болчу..."
"Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүрүп түгөйүн таап, Гүлнара Калдарованын турмуш курганына алты жыл болуптур. Концерттерге катышып, ырчылыкты таштабай жүргөн Гүлнара азыр жеке ишканасы менен да алек. Ырчылыкты, жетекчиликти чогуу алып кетип, үлгүлүү кожойке болууну да унутпаган ырчы айымдын жашоосун ар тараптуу кылып ачып бергенге аракеттендик.

- Эң биринчи жолу канча жашыңызда тамак жасадыңыз эле?
- Биз үйдө беш кыз, бир уулбуз. Апам баарыбызды оокатка кичинебизден үйрөтүп, бышырды. Өзү тамакты ылгап жейт, анан биз жасаган тамакты оңой менен жактырчу эмес. Жакшы жасасак да ашыкча мактабаган адаты бар. Мен бешинчи классымда эң биринчи жолу макарондон тамак жасасам даамы башкача сонун болгон. Ошондо оңой менен мактабаган апам жылуу сөзүн айткан болчу. Азыр тамакты даамдуу жасашыма апамдын ошол кездеги сөзү дем болсо керек.
- Тандырга нан жапканды билесизби?
- Биз мурда жер тамдагы үйгө барганда эжемдер жапчу, мен чоңойгондо ырас жаппай калдык. Бир жолу жаап көрөйүн десем наным капкара болуп күйүп калган, ошондон кийин токтоттум.
- Конок тосконду жакшы көрөсүзбү же конокко баргандыбы?



"Кыргыз туусу", 24-сентябрь, 2010-ж.

Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева башчылык кылган өлкөбүздүн расмий делегациясы азыркы убакта Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясыныны 65-сессиясына катышууда. 20-сентябрда БУУнун "Миң жылдыктын өнүгүү максаттары" аталыштагы саммити өз ишин баштап, анын ишине 140тан ашуун мамлекеттин лидерлери катышты.
Президент Р.Отунбаеванын АКШда болушунун алгачкы күнүнүн программасы өтө мазмундуу болду. Бул күнү саммиттин алкагында ал Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов менен жолугушуп, өлкөлөрдөгү учурдагы саясый кырдаал боюнча маалымат алышты, Кыргызстандын түштүгүндө улуттар ортосундагы ынтымакты сактап калуунун жана бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.


Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
Кылмышкерлерге карата судьялардын "ашкере боорукерлигинин" кандай себептери бар?
Бакиевдерге карата козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөнү ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүүдө. Топ тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 3-июнда К.Бакиевдин жакын тууганы Замирбек Нуруев кармалган. 4-июнда ага айыптоо коюлгандан кийин Жалал-Абад шаардык сотуна анын баш коргоо чарасы катарында камакка алуу өтүнүчү киргизилген. Өтүнүчтү кароо судья А.Сулаймановага тапшырылган. Бирок Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Мактым Калимбетова бул процесске кийлигишип, судьяга З.Нуруевди алып келбөө боюнча акт түзүү көрсөтмөсүн берген. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Р.Шүкүралиевдин кийлигишүүсүнөн кийин гана З.Нуруевди камакка алуу санкциясы берилген.


"Кыргыз руху", 17-сентябрь, 2010-ж.

Жөндөмөдө:
Жыйырма жылдан бери жамаачылап, мүлжүп отуруп ышпалдаасы чыккан президенттикке ылайыкталган Башмыйзамга кол шилтеп, накта элдик, демократиялык, парламенттик багытка салган Башмыйзамды жазып чыгып, элдин толук колдоосуна ээ болгон "Ата Мекен" партиясы, бул парламенттик шайлоодо көч баштап бара жатат. Биз жаңы рубрика ачып кыргыз тилинин жөндөмөсү боюнча ар бир партияны жөндөп чыгалы дедик. Алгачкысы - "Ата Мекен".

Атооч
Ким? Эмне? -
"Ата Мекен" социалисттик партиясы
Кыргыз партияларынын ичинен сакалдуусу. Буга чейин канча партия түзүлө элек жатып, өмүрлөрү кыска, көз караштары саткын болду. Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп, акыры өзү чачырап, өзүнөн өзү жоюлганы канча. Бир гана туруктуу позиция менен түз келаткан партиялардын бири - "Ата Мекен". Акаев он беш жыл, Бакиев беш жыл бийликте туруп байлыгы менен да, бийлиги менен да сатып ала албады "Ата Мекенди". Сабап, куугунтуктап, камап, өмүрүнө коркунуч келтирип атса да, эч бир бийлик "атамекенчилерди" чөгөлөтө албады.


Кыргыз элим ойлон, ушул кырдаалда улут болуп уюйлу!
Кыргыз коому, мамлекети азыр ички, сырткы таасирлерден улам кылтылдап турган учуру. Мына ушундай шартта кыргыз журтчулугун анын ички илгертеден калыптанган улуттук менталитети, уюган журтчулугу сактап калганы турат. Бирок ал уюган журтчулук, элдик өзгөчөлүк калкта канчалык деңгээлде сакталып калды. Бул бир көйгөй. Себеби бир кылымдан бери, анан кечөөкү 20 жылдан бери кыргыз элинин турмушунда кайсы жагынан болбосун укмуштуудай өзгөрүүлөр болду. Мунун ичинде экономикалык тараптан кризиске белчебизден батсак, саясий тараптан абдан курчуп, чыңалууга жеттик. Нарк-насилибиз, маданиятыбыз жардыланып, элдин интеллектуалдык деңгээли, рухий байлыгы төмөндөдү. Мына ушунун негизинде жана карапайым калк менен бир ууч башкаруучулардын көз караштары келишпей калган жерде өрт чыкты, кырчындай жигиттердин каны төгүлүп, каныбыз качып, Борборубуз талоонго түштү. Бул өрт эми канчалык даражага чейин жалындап өчпөй коет, ал бир Кудайга гана маалым болсо керек. Кеп оролу өрт эмне себептен тутанды жана жакын араларда калк бүтүндүгү калыптанышы үчүн кандай кылышы керек, ошол туурасында.
өзүңүздөр билесиздер ар бир элдин, калктын, улуттун, уруунун, ал турмак, туугандардын жана географиялык жактан жердештердин калыптанган психологиялары болот.


"Алиби", 24-сентябрь, 2010-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
"Алиби" гезитинин редакциясына
Экс-бийликтин эрке ректору
Ал Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин ректору -Т.Кубатбеков. Мындай асмандан түшкөн адистин аталган Университетти жетектегенине эки жылдын жүзү болду. Асмандан түшкөнү анык, анткени ал Россиянын атуулу. Ошол жакта көп жылдар бою иштеп жүрүп, Кыргызстандын Германиядагы экс -элчиси М. Бакиевдин, Россиядагы элчиси Р.Аттокуровдун колдоосу менен ушул Агрардык Университеттин ректору болуу бактысына туш болгонун өзү деле танбас.Иштесе иштей берсин, эгерде жамаатты жөнгө сала алса. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Студенттерге билим берип жаткан окутуучулардын эмгек акысы төмөн бойдон калды. Көп тармактуу адистикте билим алып жаткан студенттик тайпалар кыскартыла баштады. Агрардык окуу жайдын жүзү болгон айрым адистиктер жоюлду.


РЫСБЕК САЛБАРОВ:
"ЫНТЫМАКТЫ САКТАП КАЛЫШ - АР БИР ЖАРАНДЫН МИЛДЕТИ"
Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын тургуну, акын, журналист
- Жалал-Абаддагы жаңжал боюнча мамлекеттик, эл аралык комиссия иштеп жатат. Ошол учурдагы чет элдик айрым маалымат булактары, интернет-сайттары жаңжалдагы күнөөнү кыргыздарга жаба салып, "кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатат" деп жарыя салышты. Өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаров баш болгон бир нече адам Базар-Коргон районунда кыргыздарга каршы көтөрүлүш уюштуруп, бир нече милиционерди мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул боюнча да маалыматтар бир жактуу жаңырып жаткандай. Укук коргоочулар өзбек тараптагыларды жактап жаткандай. Ушул боюнча Сиз аралашып, көрүп-билип жүрдүңүз. Ошол убактагы абал-жагдай кандай болду эле?
- Чет элдик журналисттердин, массалык маалымат каражаттарынын берген, тараткан маалыматтарына мен эч убакта кошулбайм.Бул жерде биринчи кезекте ошол жердеги элдин менталитетин, жагдайын түшүнүш керек. Аны түшүнбөй эле бир жактуу кылып бериш туура эмес. Мен өзбек туугандарды жаман дебейм. Биз нечен жылдардан бери бирге жашап келатабыз. Өзбек туугандардын бир адаты бар - тыштан келген журналисттерге "мындай болду, тигиндей болду" деп, өздөрүн акташ үчүн интервью бергенди өтө мыкты өздөштүрүшкөн. Ошонун кесепетинен жалган дооматтар кыргыз калкына оодарылып жатат. Бул жерде кыргыздардын эч кандай күнөөсү жок. Бир дагы кыргыз үй-бүлөсү курал-жарак даярдап, аны менен кандайдыр бир иш аракет жүргүзгөнүн көргөнүм жок.


"Форум", 21-сентябрь, 2010-ж.

КСДП- чыныгы революциялык партия!
Кыргызстандагы эң кубаттуу, көп жылдык тарыхы бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясына жана партия лидери Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл областынын калкы өзгөчө сый менен мамиле кылышат. Кайсы шайлоодо болбосун көлдүктөр Алмаз Атамбаевди колдоп келгени буга анык далил боло алат. Быйылкы парламенттик шайлоонун алдындагы Кыргызстан боюнча үгүт кербенин да социал-демократтар дал ушул көл өрөөнүнөн башташты.
Былтыркы "Балыкчы окуясынан" кийин ак жеринен камалып, Бакиевдердин ит көрбөгөн кордугун көрүшкөн көлдүк, өз элинин патриот уул-кыздарын талаага таштабай, бир дагы сот процессинен калбай катышып, алар үчүн акыр-аягына чейин туруп берген Алмазбек Атамбаевди көлдүктөр зор кубануу менен тосуп алышты.
Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, жана Тоң райондорун кыдырышкан социал-демократтардын ар бир жолугушуусуна миңдеген адамдар жамгыр жаап, суук болгонуна карабай сурантпай эле өздөрү келип, кызуу колдоп беришти. Биринчи жолугушуу катуу шамалга карабай Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өттү. Шаардык маданият үйү жыкжыйма толуп, көпчүлүгү сыртта калууга аргасыз болушту. Анда А.Атамбаев өткөн жылы соттолгон балдар менен сот процесстери жүрүп жаткандагы оор күндөрдү эске салды.


Көчөлөрдүн көркүн бузган шайлоо көрнөк-жарнактары жана коошпогон кооз сөздөр…
(Башы өткөн санда)
9-сентябрь түнү борбор шаарыбыз Бишкекке кагаз-чүпөрөктөрдөн жасалган "бомба" түштү. Партия лидерлери бул жарнактарды 10-октябрдын таңына "жетпей калчудай болуп", 9-сентябрь түнү менен көчөлөргө, имараттарга, бактарга, автоунааларга, дубалдарга, жада калса дааратканаларга чейин, туш келди, ой келди чаптатышты. Кудай бетин нары кылсын, бул "бомбанын" элибизге зыяны түздөн-түз тийбегени менен, психологиясына начар багытта ойноп турат. Бул көрүнүш 19 жылдан бери оголе көп жолу кайталанган, "тажатма, кайталанма" көрүнүш экенин эч ким жокко чыгара албайт. Эл деле көнүп, тажап калган, кадимки эле адатта боло келчү көрүнүш. Бирок ошентсе да бул жолкусу өзгөчө болуп турат. Себеп дегенде, парламенттик республикага айлануунун бир белгиси катары көчөдөгү көрнөк-жарнактардын мурдагыга салыштырмалуу эки, үч эсе көп болуп кеткендигин айтсак болот. Буга сарпталган каражат дагы бир нече миллионду гана эмес, миллиардды чапчып жыгылды. Карачы, кагазга, чүпөрөккө корогон кайран каражат десең…


"Алиби", 21-сентябрь, 2010-ж.

"Черный Айбек" өзбек аксакалдарын Кадыржан үчүн неге сабаган?
Жакында кан кускур Кадыржан калың журтка кайрылуу жолдоп, өзүнүн түштүк окуяларында апапакай экенин айтып чыкты. Анда бир топ азыркы кыргыз жетекчилери анын алдынан жардам сурап өтүшкөнү тууралуу кеп козгойт. Түштүк окуялары өзбектердин сепаратизминен эмес, саясий, экономикалык, кылмыштык көйгөйлөрдөн улам чыккандыгын айтып, өзү өңдөнгөн "ак ниет" адамдардын күнү алыс эмес деп сөзүн жыйынтыктайт.
Түштүк окуялары кыргыз элинин жүрөгүнө ийне сайгандай эле болду. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, эми алыс жерден актанып анан тактанып кыргызга акыл айтып чыккан Кадыржанга Кыргызстандын тузу эми буюрбай калды го! Өзбек коомчулугунда дагы болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп айтылып келет. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат.


БИЛИМДҮҮ ЭЛДИН БАЙРАГЫ БИЙИК
Саясый өңүттөн алып караганда быйылкы күз алда канча аптаптуу башталды. Саясатты эске албаган күндө да аба ырайынын салкын тартып турушу көпчүлүктү бүшүркөтүп турган чагы. Анткени сентябрь айында республиканын булуң-бурчтарындагы 2191 жалпы билим берүүчү мектептер эшик ачып, алардын босогосун 1млн. 36 834 окуучу аттады. Ал эми күздүн салкын тарткан илеби кыштын эрте келишин шарттап, мектептерибиз учурунда жылытылбай калбайбы, Апрель революциясынын, түштүк окуяларынын таасири билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейби, башталгыч класстардын окуучулары үчүн ачылган ашканалардын жабылып калышы мүмкүнбү? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолордун айланасындагы маегибиз КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен улантылды.

- Айтсаңыз, министр мырза, ушундай татаал шартта, дегеним утурумдук техникалык өкмөттүн курамында үлкөн кызматтык креслодо "чалкалоонун" кажети бар беле? Эртеңки күнү, шайлоодо утуп алган партия Сизди жаңы өкмөттүн курамына кошпой койсо, абалыңыз кантет?
- Кызмат абалымдын өзгөрүшү менин адамдык аброюма шек келтирбейт деп ойлойм. Анткени мен буга чейин да иштеп келгем , мындан ары да кандай кызмат жүктөлбөсүн иштей бермекчимин. Негизгиси, бар дараметиңди, билимиңди, тажрыйбаңды коомго арнаганда гана андан кандайдыр бир майнап чыгат. Анткени сенин иш-аракетиң өзүңдөн бийик турган бир адамдын эмес, бүтүндөй коомчулуктун көз алдында турса, анын акыбети бир кыйла жемиштүү болбойбу.


mainkaptal


ПОИСК ГАЗЕТЫ