ПОИСК ГАЗЕТЫ















"Аалам", 30-сентябрь, 2010-ж.

Темир Сариев
"Акшумкар" партиясынын лидери:
"Өнүгүүгө 7 кадам"
(бизнести жана экономиканы колдоо боюнча план)
Акыркы айларда биздин бардык күч-аракеттер саясий курч окуялар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Апрель айында революция болду, май айында - эски режимди жаңылоо аракеттери менен күрөшүп, июнь айында - түштүк жергесиндеги куралдуу чыр-чатактардын очогун жоюу иштери жүргүзүлүп, июль айында - шайлоо алдындагы парламенттик расмий эмес ат салышуу иши башталды. Бардык ушул окуялар өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жакшыртууга шарт түзгөн жок.

Объективдүү түрдө убактылуу жана да техникалык өкмөт-түн жеке экономикалык программаны иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга убактысы болгон жок. Экономиканы жана бизнести өнүктүрүү ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр болбой, саясий көйгөйлөр экономикалык маселелерди экинчи планга сүрүп чыкты. Бүгүнкү күнү коомчулук бийликтин позициясына жана өлкөдөгү экономикалык кырдаалды ыкка келтирүү боюнча анын конкреттүү аракеттерине муктаж болуп турган учур.


Нарындын жолдорун оңдогонго тендер уткан ким?
Кедей Кыргызстандагы бай министрликтердин бири транспорт жана коммуникациялар министрлиги. Бул жерге кайсы министр келип иштеп кетпесин, артынан былыгы "былтыйып" чыга келет да турат. Бирок алардын бири да жоопко тартылганын ушу кезге чейин уга да, көрө да элекпиз. Эл ичинде баарын кошо эсептегенде 77 көмүттүү үйү бар экен делинген (бу туурасында ММКда көп жазылды) Акаевдин аспиранты К.Жумалиевден баштап, кечээки апрель козголоңунда ооматы тайган Н.Сулаймановго чейин бир топ азаматтар иштеп кетишти. Баса, Сулаймановко министрликтин 206 млн. 607 миң сомун АУБ банкына мыйзамсыз айландырууга салып, үстөгүн жеп жүргөн деген айып коюлганын укканбыз, бирок иштин эмне менен бүткөнү бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка белгисиз.
Бул министрликке чет элден сансыз гранттар агылып келет, ага кошо салык төлөөчүлөрдүн, б.а. сиз менен биздин чөнтөктөн чыккан акчаларыбыз бөлүнүп турат. Арийне, мындай акча дарыянын астында калган министрликтин төбөлдөрү кара жер менен баспай, булут минип калгандары качан.


"СОДРУЖЕСТВО" ПАРТИЯСЫ БИЙЛИК ҮЧҮН ЭМЕС, ТАТЫКТУУ ТУРМУШ ЖАНА ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КҮРӨШӨТ !
Башкаларчылап акча чачып, шоу өткөрбөй, өз үгүтүн сыпаа-сылык өткөрүп аткан партиялардын бири "Содрдужество" партиясы. Партия 2006 -жылы түзүлгөн, 2007 -жылы бийликтин кысымы менен жоюлуп, 2010 -жылы кайрадан жаралган. Өлкөнү өнүктүрүүдө партия эволюциялык жол менен кетүүнү туура деп табат, бийликти алмаштырууда ар кандай күч колдонгон усулдарды четке кагат.
Бул партиянын айрым лидерлери туурасында окурмандарга азыноолак маалымат бере кетели.

Владимир Нифадьев, Кыргыз -Россиялык Славян университетинин ректору, профессор:


"Учур", 30-сентябрь, 2010-ж.

Мамлекетти башкаруу чоң кесип!
Саясатка кызыгуу, ага аралашуу бүгүнкү күнү чектен тыш саясатташып кеткен көрүнүш. Бул кыргыз коомчулугу үчүн мүнөздүү болуп калды. Биздин коомдо жүрүп жаткан мындай процессти зарылдык, аргасыздык же жөн гана өткөөл мезгилдин мыйзам ченемдүүлүгү катары карасак да болот.

Себеби, өлкө тагдырын ишенип табыштаган мурдагы эки лидер тең өздөрүн терс жагынан көргөзүп, напсисин, аялын, кыз-уулун тыя албай элди аябай кыйнады. Бул иштери акыр-аягында өз беттерине чиркөө болуп, дүйнө коомчулугунун алдында шерменде болушту. Алардын ордунда намысы бар башка бирөө болсо, атынып өлмөк.
Элдин басымдуу бөлүгү жакырчылыкка кептелгенде, өз көмөчүнө күл тарткан чиновниктер армиясынан көңүлү калып, ишенич, үмүтү таш капты. Мындай учурда коом сөзсүз түрдө өзүнүн саясатка аралашуусун зарылдык деп түшүнөт жана саясаттагы терс көрүнүштөргө, атка минерлердин өзүм билемдигине бөгөт коюууга таасир эте баштайт.


"Атамбаев десе, биз - КСДПны түшүнөбүз"
Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкен 19 жылдын аралыгындагы өз тарыхында бешинчи парламентти шайлап алуунун астанасына улам жакындап баратат. Бир гана Борбордук Азия аймагында эмес, бүтүндөй советтен кийинки мейкиндикте алгачкы сапар партиялык тизмелер боюнча өткөрүлө турган бул маанилүү иш-чарага чейин болгону он гана күн калды. Ушул жүйөдөн улам, ага катышуу укугуна жетишкен партиялардын ар бири шайлоо алдындагы жарыштын корутунду тилкесине чыгып, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр жана ыкмаларды пайдалануу менен, күн дебей, түн дебей үгүт-насыят өнөктүгүн, айыгышкан атаандаштыктын кырдаалында жайылтып жатышат. Мунун түпкү максаты - өздөрүнүн жактоочуларын акыр- аягына чейин багыттоо аркылуу электораттын добуштарына татып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча болочок Жогорку Кеңештен азбы, көппү орун ээлеп калуу.


Кубатбек БАЙБОЛОВ, КР Башкы прокурору:
"Шайлоону бурмалагандар жаза алат"
Алдыда парламенттик шайлоо. Алгач ирет Кыргызстанда ачык, таза, адилет шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү турат. Биз муну кармай алабызбы же дагы да шайлоонун шайтан оюндарына жол беребизби? Буга бөгөт болуу ар бир шайлоочунун колунда, ал эми жалпы жоопкерчилик мамлекеттин жоопкерчилигинде. Шайлоонун таза өтүшүнө мамлекет кандай кам көрөт, бул туурасындагы соболдорду жолдой өлкөнүн жаңы дайындалган Башкы прокуроруна кайрылдык.

- 2007-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү. Анын жүрүшү кандай?
- Ошол жылы шайлоо жыйынтыгын тарыхта болуп көрбөгөндөй бурмалоолор болгону жалпы элге дайын. Эгерде мурун жер-жерлерде, шайлоо участокторунда административдик ресурс пайдаланылышы менен таасир көрсөтүлүп келсе, эл менен эсептешпеген бийлик 2007-жылы шайлоону өзгөчө жырткычтык менен бурмалаган.


"Форум", 1-октябрь, 2010-ж.

Теледебаттагы жоор чукушмайдан…
29-сентябрь күнү Коомдук-каналдын түз эфиринде партиялардын теледебаттарынын алгачкы күнү болду. Чүчүкулактын натыйжасында, теледебатка "Ата-Журт", "Республика" жана "Кыргызстан элдер союзу" партиялары эң биринчилерден болуп катышты. Алгачкы теледебатка катышкан партиялар, айрыкча "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларынын бири Камчыбек Ташиев кызуу кандуулукка салышып, бири-биринин жоорун ой-даа чукушту. Кимиси Максим Бакиевге жакын болгонун, үгүт иштерине жумшалчу каражат кайдан келип жатканына чейин айтышып, бири-бирин кекетип-мокотуп, жөөлөшүп өтүштү. Айтор, бет кап артындагы чыныгы жүздөрүн эл алдында жакшы эле сыйрышты. Көргөндөрдүн көөнү толуп, бири-биринин айыбын ачып, абийирлерин дагы төгө түшүшсө деп эңсетти…
Диалог түрүндө талкуу жүргөн убакта Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановго: "Эми сен Өмүрбек досум бере турган суроолорума таарынба, муну деген дебат деп коет", - деп туруп, - "Сен убагында Максим Бакиев менен чогуу бизнес кылып жүрбөдүң беле, эми андан баш тартып жатасың", - деди.


Зарылбек Рысалиев,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:
"Мыйзамды бузган партияларга катуу чара көрүлөт!"
- Зарылбек мырза, маегибизди шайлоо маселесинен баштасак. Сиз жетектеп жаткан ИИМдин 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун талабына ылайык, тынч өткөзүүгө болгон даярдыгы кандай?
- Кудай буйруса, даярдыгыбыз жакшы. Биз учурда, ар бир областагы, райондордогу, ар бир айылдардагы шайлоо участоктордун так эсебин чыгарып, ошол участоктордо шайлоо учурунда ыкчам иш жүргүзүү пландарын иштеп чыктык. Учурда биз партиялардын ортосунда кайсы жерден "от чыгып" кете турган божомолдуу жерлердин жана улуттар арасында ошондой кооптуу жерлерди тактадык, картасын чийдик. Ошондой кооптуу деп эсептелген жерлер биздин бардык күч тармактарынын тыкыр көзөмөлүндө турат. Буйруса, карта боюнча ыкчам иш алпарабыз деген ниетибиз бар. Эгер шайлоо учурунда кокус чыр-чатак чыгып кете турган болсо, андай жерлерге күч тармактарынан канча адам барыш керек? Чырды күчөтпөй ордунда басуу үчүн күч тармактарынан кошумча канча адам керек? Чыр чыгаргандар кандай жазаланат? Ушул пландарды кынтыксыз аткаруу үчүн канча каражат сарпталат? Мына ушул маанилүү маселелердин үстүндө биз күндүр-түндүр иштеп, учурда бул маслелер толугу менен биз ойлогондой чечилди деп айтсам болот. Мындан тышкары партиялар ортосундабы, же улуттар ортосунда болобу, айтор, ошондой күмөндүү, кооптуу жерлерге күчөтүлгөн көзөмөлдөрдү, кароолдорду коюп баштадык. 5-сентябрдан тартып, биз казармалык тартип менен иштөөгө өтөбүз.


"Кыргыз туусу", 28-сентябрь, 2010-ж.

Кыргызстан менен Американын аралыгы дагы жакындады
Кыргыз Республикасынын
Президенти Роза Отунбаева Нью-Йорк шаарында
АКШнын Президенти Барак
Обама менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргызамерика кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чың-доонун жолдору талкууланды.
Американын Президенти акыркы айларда Кыргызстандагы демократиялык институттарды калыбына келтирүү ишиндеги чечкиндүү кадамдары үчүн Кыргызстандын мамлекет башчысына кубаттоосун билдирди. Жолугушуу учурунда Роза Отунбаева жетектеген кыргыз өкмөтү көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон чектөөлөрдү алып салгандыгы, жаңы Конституциянын долбоору даярдалып, ал 27-июнда болгон жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынгандыгы айтылды. "Кыргызстандын демократиянын жолундагы жигердүү кыймылы өлкөнүн жашоочуларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл шарттардан болуп саналаарына ишенем.Сиздер жүргүзүп жаткан реформалар менен башка аракеттерге толук колдоо көрсөтөбүз", - деп билдирди Б.Обама. Ошондой эле АКШнын Президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышууну токтотуп, кырдаалды жөнгө салуудагы Роза Отунбаеванын аракетин жогору баалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө президенттер Борбордук Азиядагы коопсуздук, Афганистанды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер тууралуу пикир алышышты.


"Ата Журт" партиясынан
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешине талапкер
Султанов Марат Абдразакович:
"Күчтүү оппозиция - кыргыз элинин кызыкчылыгы"
Султанов Марат Абдразакович 1960-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1983-жылы Москвадагы болот жана аны эритүү институтун бүтүрүп, эмгек жолун ошол эле институтта кенже илимий кызматкерликтен баштаган.
1987-жылы Кыргыз улуттук университетинде кенже окутуучу, кийинчерээк доцент болуп студенттерге сабак берген. 1992-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук банкында бөлүм башчы, башкармалыктын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу, орун басар, 1994-жылы улуттук банктын башкармасынын төрагасы болуп эмгектенген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын финансы министри, Борбордук казынанын (казначейство) төрагасы, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, парламентте бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болуп жүрүп, "Эл күчү" ("Сила народа") депутаттык тобун жетектеген.


"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери
Темир САРИЕВ:
"Өнүгүүгө жети кадам" - экономиканы өркүндөтүүнүн өбөлгөсү"
Абдулла ИНАЯТОВ,
Ош облусу, Кара-Суу району:
- Темир Аргенбаевич, шайлоого аттанган партия лидерлери дыйкандарга мынча пайыздык кредит беребиз деп убада берип жатышат. "Ак шумкар" партиясы парламентке келсе дыйкандарга жер иштетүүгө канча пайыз кредит берүүнү колдойт? Алган кредитин убагында төлөй албай калып, күрөөгө койгон үйүн банкка алдыргандар өткөндө Бишкекке барып плакат көтөрүп турушту го...
- "Ак шумкар" партиясынын агрардык секторду өнүктүрүү боюнча атайын программасы бар. Сиздер билгендей, элибиздин 65 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жашайт. Дүң продукциясынын 30 пайызга жакыны ошол айыл чарба продукцияларынан түзүлөт. Биздин программада сиз айткан маселеге каражатты кайсы булактардан табуунун жолдору да так көрсөтүлгөн. Биринчиден, "Айыл банкы" жана микрокредиттик кампаниялар аркылуу кредиттерди узак мөөнөткө берүүнүн жолун таптык. Ал 5тен 10 пайызга чейин берилип, мөөнөтү үч жылдан жогору болушу кажет. Экинчиден, мамлекеттин эсебинен жыл сайын 1000ге жакын трактор, 100гө жакын комбайн алып келип, дыйкандарга лизингке берип, ирилешкен машина-трактордук станцияларды куруу керек.


"Пресс.kg", 30-сентябрь, 2010-ж.

ШАЙЛОО ШАЙТАН ОЮНДАРГА ЭМЕС, ШОУ ДҮЙНӨГӨ АЙЛАНДЫ
Өз баркыбызды өзүбүз аңдабай...
7-апрелдеги элдик төңкөрүш элдин пайдасына эмес эле, кресло талашкандардын, бийлик бөлүштүргөндөрдүн күнүмдүк оюнуна айлангандай. Дегеле, эски бийликти кетирип, жаңы бийликти кайрадан калыбына келтирүү деген түшүнүктү кыргыз мамлекети тап - такыр бөлөкчө кабылдап, бөлөкчө система менен ишке ашырууда. Болбосо, президент баштаган жогорку тепкичтеги чиновниктердин кызматтан кетүү вазыйпаларынан тартып, кайрадан жетекчилерди кызматка дайындап чыгуу жалаң талаш-тартыш, ит уруш, бири-бирине "кара пиарды" жармаштыруу сыяктуу ыкмалар менен ишке ашырылып, карапайым калктын бешенесине баягы эле көр заманды алып келип жатышат. Мунун себебин, эл тагдырын үстүртөдөн көзөмөлдөйм, серепчимин, саясатчымын, көзү ачыкмын дегендер коомчулукка ар түрдүүчө түшүндүрүшүп, баягы эле башаламан заман кайра келгендей.


Актан АРЫМ КУБАТ, кинорежиссер:
"Партиянын "катарында иштеп "жатканымдын өзү "да чыгармачылык"
Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы жакында Россиянын Анапа шаарында өткөн КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин "Киношок" XIX ачык фестивалында эки сыйлыкка ээ болуп, олжолуу кайтты.
Маалымат бере кетсек, "Киношок" автономиялуу коммерциялык эмес уюму Россия Федерациясынын өкмөтүнүн, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин, Россия Федерациясынын маданият жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен Краснодар крайынын админстрациясынын маданият жана кинематография боюнча федералдык агентствосу, Анапа курорт шаары, КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин ачык фестивалын уюштуруп келет. Фестивалдын негизги максаты - кинематографтардын бардык жанрларында иштеген, өз чыгармачылыгы менен руханий, эстетикалык жаңылануу баалуулуктарын даңазалаган таланттуу кинематографиянын үлгүлөрүн, улуттук маданияттын бирдиктүү мейкиндигин сактап калуу. Ошондой эле, КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин кинематографисттеринин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана улуттук киноискусствону жайылтуу болуп эсептелет. Биз бул фестивалда аталган сыйлыктарды бөктөрүп келген режиссерго жолугуп, ат жалында маек курдук.


"Ата Мекен" партиясы: Артка жол жок, Ата Мекен!
Мекен ыйык, Мекен алмашкыс, Мекен табылгыс. Анын ыйыктыгын билсе, бир мекенчил билээр, баркын Мекенинен айрылган сезээр. Ыйык ысымды атанып келаткан "Ата Мекен" партиясы ар бир кыргысзтандыкты Ата Мекенибиздин беделин бүгүн сезүүгө чакырат, анткени, эртең кеч... Мекенди кыйын кырдаалдан өткөзүп, мыйзам эгелик кылган өлкөгө айлантууга "Ата Мекен" социалисттик партиясынын ниети зор, тилеги күч, пландары арбын. Аларды ишке ашыруу үчүн "Ата Мекен" калың капчыкка же кылмыштуу күчкө эмес, жалгыз акылман калкка таянат. Анткени, калың калк колдосо, ар бир аракети Кыргызстанды бейиштин анык төрүнө айлантууга багытталганын так билет. Буга "Ата Мекендин" 18 жылдык тарыхы күбө, буга шайлоо өнөктүгү старт алган күндөн тарта, Ала Тоонун ар аймагында котолой жыйналып, кош колдой тосуп, үмүт тилегин артып келаткан эл далил. Ал эми бул ирет "Ата Мекен" Теңир Тоо жана Сары-Өзөн койнунда эл менен баарлашты.


"Лозунг", 29-сентябрь, 2010-ж.

КСДП лидери Алмазбек АТАМБАЕВ:
"КООМГО СӨЗ ЖАНА ОЙ ЭРКИНДИГИ КЕРЕК"
- Сизди жакындан билген адамдар ишенчектигинин айынан бармагын көп тиштеп калат дешет, чынбы?
- Чын, анын эмнесин танат элем. Бирок, Кудай деген адамда ишеним деген сапат болбосо, адамдык касиетиң кайсы. Адамга адам ишеним менен карабаса, коколой башы менен эмне кылалат?
- Турмушта бирок ишенимиңе кирип алган адамдар жабырлантып кетер учурлар болот... Сиз ошондой ишенимге кирген адамдарыңыздан жабырланган учурлар болду беле?
- Аны өткөн жылы биз менен аралашып жүрүп, өзүңүз көрбөдүңүзбү. 23-июлда шайлоо штабыбыздын жетекчисине ишеним артып, анын кеңеши менен журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөнгө макул боло коюп, кийин ал жер муштатып кетти. Көрсө, сценарийдин баары алдынала даярдалып, мени менен да, бириккен оппозиция курамындагылар менен да макулдуксуз жасалган иштин артында чоң балээ турганын баарыбыз билбеппиз. Штаб начальнигибиз ошол күнү саат 11-00дөн баштап эле жер-жерлердеги шайлоо түйүндөрүн текшерер адамдарыбызга "көзөмөлдү токтоткула!" деген команда берип, мени болсо саат төрткө журналисттерге түшүндүрмө берүүгө көндүрүптүр.


ШАЙЛОО АЛАМАНЫ
"РЕСПУБЛИКА" - эл менен!
25- сентябрь, Карасууда
25-сентябрда Ош областынын Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында "Республика" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, аталган партиядан көрсөтүлгөн талапкерлер Нурбек Алимбеков, Тынчтык Шайназаров, Акылбек Эшимов, Нурлан Баймуратов жана Аманылло Иминов жергиликтүү калк менен жолукту.

5000ден ашуун карасуулуктар жана Өмүрбек Бабанов баш болгон партия мүчөлөрү Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддагы кайгылуу окуяларда курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту.

Шайлоочулар менен болгон жолугушууда Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда тынчтык жана ынтымак баарынан маанилүү болуп тургандыгын белгиледи. "Андыктан, биздин партия экономикалык гана көйгөйлөрдү чечүү боюнча эмес, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо боюнча да программа иштеп чыкты. Биздин партиянын катарында тургандар өлкө оор абалда турганда четте кайдыгер көз салып турууну каалабаган адамдар. Андыктан, биз "Республика" партиясына көп улуттуу команда болуп биригип, Кыргызстанды экономикалык жана саясый кризистен алып чыгып кетүү ниетинде турабыз",-деди Өмүрбек Бабанов.


"Обон", 5-октябрь, 2010-ж.

Нурзат Садыкова:
"Эгиз балдардын энеси болсом…"
Чыгармачыл чөйрөгө жан дүйнөсү менен берилип, талантын элге тартуулаган аракетчил ырчы айым Нурзат Садыкова бүгүн бизде мейманда.

- Алгачкы сөздү, эстегенде жылмаюу жараткан балалыгыңыз тууралуу баштасаңыз.
- Мен Нарын жергесинде төрөлүп, ошол жердин абасын жутуп, суусун ичип, топурагын таптап чоңойгом. Балалыгымды эстегенде жүрөгүмдө эргүү, жылуу сезим пайда болот. Эч нерсе менен ишим жок, эч кандай көйгөйлөрдү билбей, эң таза сезим менен өткөрчү убак экен да. Мектепте окуп жүргөндө эле ырдаганды сүйчүмүн, ар кандай сынактарга катышып, айтор, мен жок бир да кече көркүнө чыкчу эмес (күлүп). "Жаштын тилегин берет" - дейт, мен азыр ыр боюнча сабак алып, талантымды өркүндөтүп, профессианалдуу түрдө алектене баштадым десем жаңылышпайм.
- Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, алар эмне менен алектенет?
- Менин атам, апам да мугалим, азыр шартка байланыштуу апам үйдө, ал эми атам болсо чакан бизнес менен алектенет. Үч бир тууганмын, эжекем анан иним бар. Эжем турмушта өзүнүн жашоосу менен, ал эми иним студент.
- Сизди "бир караганда сүрдүү көрүнөт" - деп айтышат, мүнөзүңүз кандай?


Жамийла Сыдыкбекова, эл артисти:
"Курманжан Датканын ролу күтүүсүз болду"
"Апамдын махабаты" сериалында гүл курак кезинде кабылган ашыгына жетпей калып, өмүр бою көкүрөгү түтөп жашаган Сейилди жамы журтка тааныштырып, калктын сүйүктүү актрисасына айланган. Жамийла Сыдыкбаеваны акыркы жылдары тасмадан-тасмага түшүү менен өнөр бийиктигине көтөрүлүп бараткан, таланты да, тагдыры да даңазалуу актриса десек болот.

"Бийчи болбой калганыма өкүнөм"
Балалык кезим 5 жашка чейин айылда, андан кийин Фрунзе шаарында уланды. Ата-энемдин темирдей бекем тартибинде, 4 кыз, эки эркек 6 бир тууган өсүп аттык. Атам эмне десе, ошону аткарчубуз, мукактанып, суранып туруш деген жок эле. Атам журналист, чыгармачылык чөйрөдө болгондуктан менин жан дүйнөм да бала кезден чыгармачыл болуп калыптанып калган. Менден кийинки Марипа деген сиңдим кичинекей кезинде музыка чыкса эле колдорун шакылдатып бийлеп кирчү, анын кесиби бий болоруна ата-энебиздин көзү жетип, хореографиялык окуу жайга беришкен. А менин да бийге ышкыбоз экенимди алар билбей калган, себеби, мен сиңдиме караганда тартынчаак элем. Азыр кээде бийчи болбой калганыма өкүнүп да кетем.


"Алиби", 1-октябрь, 2010-ж.

Улуттук идеологиянын пайдубалдары
- Топчубек агай, сокурдун тилегени эки көз демекчи, баарыбыздын тилегибиз - мындан ары улуттар аралык алаамат эч качан болбой, өлкөбүздө бузулгус тынчтык орносо, өсүү жолуна түшүп кетсек дейбиз. Бул үчүн эмне кылуу керек?
- "Улуттар аралык" дегенди мен башкача айтар элем. Кыргызстанда бир гана кыргыз улуту бар. Башкалар - улуттук топтор. Бузулгус тынчтык, ынтымак болсун десек, анда түпкүлүктүү улут да, улуттук топтор да мыйзам жолуна түшүүсү зарыл.
- "Мыйзам жолу" дегениңизди түшүндүрсөңүз?
- Мен пайдубалдык үч-төрт нерсени сунуш кылам.
- Эмнелерди?
- Биринчи, паспортко "улуту" дегендин ордуна "КЫРГЫЗСТАНДЫК" деп жазуу керек.
- Себеби?
- Себеби, бара-бара өлкөдөгү бардык улут өкүлдөрү бирдиктүү, ынтымактуу бир элге айланганда гана, жогоруда айтылгандай, бузулгус тынчтык өкүм сүрөт.
- "КЫРГЫЗСТАНДЫК" деп жазууга улуттук топтордун адамдары макул болот дейсизби?


"Содружество" саясий партиясы
Өмүрбек Суваналиев:
"Темирдей тартип, таза келечек үчүн!"
Эгемендик жылдардан бери жылдызы жанып, атагы таш жарган Өмүрбек Суваналиевдин айланасындагы ар кыл кептер анын генералдык духун бийиктетип, аброюн өстүрүп келгени шексиз. Учурда эр ортону элүү жаштын сересин багынткан Өмүрбек мырзанын артында ары даңктуу, ары сыймыкка толгон кубаныч-кайгысы аралаш бай тарых камтылганын Кыргызстандыктар жакшы билишет.

1990-жылы Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары болуп иштеп жаткан жаш милиционер Суваналиевдин аэропорттогу самолетту барымтага алып алган жанкечти менен сүйлөшүүгө чыгып, натыйжада адистик тактиканы катуу өздөштүргөн Өмүрбек мырза чагылгандай тездик менен чуркап барып террористтин колундагы гранатаны жулуп алгандыгы боюнча бүтүндөй республикага "дүң" дей түшкөн окуя саясий аренада дагы бир келечеги кең саясий ишмердин бейнесин пайда кылды. Ошондон баштап канындагы тайманбас эрдиги менен ширелген мекенчилдик сезими күчөп, өз ишинин накта адиси гана эмес, тайманбас, таза жана дасыккан саясий ишмер болуп чыга келди. Учурда көпчүлүк кыргыздар Суваналиевди Каттани атка кондурушкан. Италиялык мафиянын бетин ачкан атактуу каармандын атына жанашып калышы анын жогорудагы даңктуу эмгегине карата элдин берген баасы болуп калган эле.


"Форум", 28-сентябрь, 2010-ж.

Жүзүңдү ач,
"Ата-Журт"!
Бакиевдер жана алардын ат кошчуларынын апрель окуяларына чейин эл-жер деп чыккан мекенчил атуулдарыбызга каршы жүргүзгөн репрессиялык саясаттары аз келгенсип, "черный мир" деп аталган дүйнөнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, алардын кызматын керектүү учурда колдоно коюп жүргөндүгү жөнүндөгү кептер учурда эч кимге деле жашыруун эмес. Ошол эски бийликти калыбына келтирүүнү эңсеген Бакиевдик бийликтин айрым эргулдары бүгүн "Ата-Журт" партиясы менен бийликке аттанабыз деп турушат.

Ташиев Ош - Жалал-абадда кантип "очко" топтоду?
Ата-журтчулардын ана башчыларынын бири Камчыбек Ташиев ЖКда депутат кезинде эле саясаттан сырткары спорт чөйрөсүндөгү чоюн дене балдарды "тарбиялары" туурасында гезиттердин биринде өзү айтканы бар. Бирок К.Ташиевди айрымдар кыргыз спортун көтөрмөлөгөн күйөрман катары кабылдашы мүмкүн. Тилекке каршы, анын "саяпкерлиги" астында эл аралык бир да мелдеште Кыргызстандын туусун желбиретип чыккан спортсмендин аты-жыты чыкканын уга элекпиз.


Өмүрбек Бабанов,
"Республика" партиясынын лидери:
Кремлде Өмүрбек Бабанов Россия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолукту
Өткөн жуманын аягында "Республика" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кремлде Россия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык жактан өз ара алака-катышы талкууланып, анда Кыргызстандын азыркы финансылык абалына өзгөчө маани берилди. Ошону менен катар эле Кыргызстан тараптан Россияны кызыкдар кылган бир катар инвестициялык сунуштар айтылды. Алардын ичинен Кыргызстандын түштүк регионун жана курулуш, айыл чарба, энергетикалык тармактарды кайра калыбына келтирүү маселелерине басым жасалды. "Бул жерде финансылык жардам көрсөтүү эмес, бир катар кызыктуу инвестициялык долбоорлорго эки өлкөнүн финансылык жактан тең укукта катышуусу - Россия менен Кыргызстандын ара мамилелеринин өнүгүшүндөгү жаңы нук, жаңы кадам",- деп белгилешти адистер.



Жамин Акималиев, академик, саясий-коомдук ишмер:
"Демократиянын өзү тозок нерсе"
Ар кыл тармактын тилин семичкедей чага билген инсан, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Жамин Акималиев жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барып келди. Жамин агайыбызды маектешүүгө чакырып, айыл чарба жаатындагы жаңылыктары, шайлоо, коомдук канал сыяктуу бир топ маселелер тууралуу оюн билдик.

- Жамин агай, жакында Ташкентке барып келдиңиз, сапарыңыздын максаты тууралуу уксак?
- Ашхабад шаарында июнь айында 8 мамлекеттин айыл чарба окумуштууларынын жыйыны өткөн эле. Бул иш-чараны эл аралык уюмдар уюштурушкан. Ошондо Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн айыл чарба илимдеринин ассоциациясын түзгөнбүз. 8 мамлекеттин өкүлдөрү болбой жатып мени ассоциациянын төрагасы кылып шайлап коюшкан. Анан ошол жумушума сентябрь айында киришишим керек болуп, Ташкентке бардым. Бир аз чочулоо болду. Барып иш кеңсемди көрүп келдим. Ал жакта атайын катчым иштеп, бул жакта мен төрага болуп иштейт экем. Кыргызстанга ардактуу даража жетти десем болот.
- Сиз эмне жумуш аткарат экенсиз?


"Агым", 24-сентябрь, 2010-ж.

Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Көп жылдардан бери Прагада жашап, өлкөдөгү саясый окуяларды тыкыр талдап келаткан белгилүү журналист Эсенбай НУРУШЕВ жакында Кыргызстанда болуп кайтты. Ал киши менен учурдагы саясый кырдаал тууралуу ой бөлүштүк
"Кеп башкаруу системасында эмес, саясый элитада"
- Эсенбай ага, сыртта жүргөн атуул катары Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
- Сырткы көз караш менен караганда өлкөдөгү окуялар башка өңүттөн көрүнөт. Маркстын "акыл-эс дайыма болот, бирок ал дайыма эле акыл-эс формасында көрүнбөйт" деген кеби бар. Кыргызстандагы саясый чөйрөдө улуттун акыл-эси акыл-эс формасында көрүнбөй жатат. Азыркы жагдайдын бардыгы ушундан улам келип чыкты.
- Өтө оор окуяларды баштан кечиргенине карабай Кыргызстан парламенттик башкарууга бет алды. Буга көз карашыңыз кандай?
- Октябрдагы шайлоонун биз үчүн өзгөчө чоң чечүүчү мааниси бар. Эгер шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүп, эл аралык уюмдар ага адилет, таза баа берсе анда Кыргызстандын кадыры жогорулайт. А кокус баягыдай эле чыр болуп, көчө толо митинг болсо өлкөбүздүн дүйнө өлкөлөрүнүн арасындагы аброю азыркыдан да төмөндөөрү турган иш. Анда саясый кырдаал кыйындап, өлкө үчүн өтө оор акыбал түзүлөт. Ошондой эле бул шайлоо кыргыз саясый элитасынын эл, мамлекет үчүн канчалык деңгээлде күйүп-бышарын аныктай турган сыноо. Жеке өзүм түпкүлүгүндө парламенттик системанын киргизилишине каршы эмесмин. Бирок дүйнөдө өлкөнү алдыга чыгарып, өнүктүрүп жибере турган бир дагы идеалдуу система жок. Кептин баары саясый элитанын өзүндө. Анын сапаты кандай болсо башкаруу системасы да, улут да ошондой болот.


Чубактын кунундай чубалган ремонт иштери кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрында биртоп жылдан бери бүтпөй келет. Сыртынан караган адамга баары жайында, кыбырап иштеп аткан театр көрүнгөнү менен бул жердин чечилбей жаткан ички маселелери, көйгөйлөрү көп. Чоң театрдын жүгүн, жоопкерчилигин мойнуна алып, жетекчи болуп шайланган жаңы директор, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВди кепке тарттык.

КР эл артисти
Марат АЛЫШПАЕВ:
"Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна кыянаттык кылган"
- Театрда биртоп жылдан бери ремонт болуп иштебей жаткан эле. Алгач ишти эмнеден баштадыңыз?
- Улуттук академиялык театрга жетекчи болуп келгениме үч айдын жүзү болду. Ушунча убакыттын ичинде жасалган иштерди айтып берейин. Жакында маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз келип чогулуш өткөрүп, үч айдан бери эмне иш аткарганым тууралуу кабар алды. Себеби театрда 2007-жылдан бери ремонт иштери жүрүп, ал жарымына келгенде токтоп калган. Театрга жылуулук киргизилип, сантехникалык иштер, гримдөөчү бөлмөлөр, администрациялык кабинеттер ремонттолуп бүткөн.


"Айат", 23-сентябрь, 2010-ж.

Алмазбек АТАМБАЕВ,
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери Хаятт мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын (СДПК) программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атаджановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүүнүн планы да бар. Программаны жазып атканда "көйгөйлөрдү чечүүдө каражатты кайдан табабыз, мамлекетти кантип көтөрөбүз?


Карамат СУЛАЙМАНОВА, апасы:
"Отуз жерине бычак сайып, өрттөп, анан сууга ыргыткан"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ары оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.
Ош коогалаңында каза болгон Базар-Коргон районунун учаскалык кызматкери, маркум Мыктыбек Сулаймановдун ата-энеси, жубайы менен болгон маек.


"Аргумент kg", 23-сентябрь, 2010-ж.

Баалар баягы,
Бабырбектин кыска окшойт "таягы"
Баалар асмандоодо, кайсыл чекке барып токтоору али белгисиз. Бирок, буга карабай Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбековдун айткандарына өзүбүздү өзүбүз сооротуп келүүдөбүз. Ошентип отуруп эки ай мурдагыга караганда күйүүчү майдын баасы 10-12 сомго кымбаттаганына карабай, дагы көтөрүлөөрү айтылууда. Бабырбек мырза канчалык "көзөмөлдөп атабыз, жол кире көтөрүлбөйт" деген менен, саясий серепчилердин биринин айтымында, баанын жогорулашын өкмөт көзөмөлдөбөй койгон. Ошондой эле эркин соода аймагы өңдүү келишимдерге Россиянын экономикалык пошлинаны киргизгени карама-каршы келет. Күйүүчү майдын кымбатташынан улам, жол кире да эки эсеге жакын баага көтөрүлгөн. Мындан сырткары күзгү айдап-себүү маалында, эң жаманы дыйкандарга кыйынчылык жаралып жатканы болууда.


"Урмат Барктабасовду жаш баладай алдап жатышат"
- "Урмат Барктабасовду бошотуп жиберишиптир"деп айрым массалык маалымат каражаттарында жазып жатышат. Бирлери азыр үйүндө экен деп айтса, айрымдары "Бийликке тосткоолдук кылып жатат деп Арабияга кетирип жибериптир" дешет. Үчүнчү топтогулар "губернаторлукка шайлаганы жатышыптыр" деп айтышууда?
- Мен адвокаты катары жооп берет элем, Барктабасовду эч ким, эч жакка кетирген жок. Ушул күнгө чейин камакта.
- Азыр ал-абалы кандай?
- Эми эки айдан бери отурган кишинин ал-абалы начар эле болот да. Ден соолугу чың деген киши дагы түрмөгө түшсө түрмөнүкүндөй болот. Кыргыз айтат эмеспи "Ал жерге жылан жатпасын" деп.
- Адвокаттар биринчи актоодон мурда тактоо ишин кылат эмеспи. Сиз ушул процесстин ичинде жүрүп, Барктабасовдун ким экенин билип бүткөндүрсүз. Айтсаңыз, абдан коркунучтуу фигура деп да жоругандар бар, чынында эле ушул бийликке анын канчалык коркунучу болду?
- Барктабасовдун келээрин кыргыз эли көптөн бери күткөн. Анткени, жаңы лидердин келишине эл суусап турган. Барктабасовду билген да, билбеген да уккан да, укпаган да ушул таза, ыймандуу жигит келсе, биздин экономикабызды көтөрүп кетет деген элдин үмүтү бар болчу. Ошол себептен убактылуу өкмөт Барктабасовду өлкөгө жолотпогонго абдан бут тосушту. Барктабасов 10-апрелде келмек, бирок, анда жолотушпай коюшту. 20-апрелде келмек, анда да келтирбей коюшту. Ар кайсыл шылтоолор менен эки жолу учакты кондурбай коюшту. Оштогу кандуу окуяда бийлик эмне кылаарын билбей, өзүн өзү жоготуп койгон учурда гана келип калды.


"Аалам", 23-сентябрь, 2010-ж.

Ата -Журттун чеги кемибесин !
Мен, алыскы Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, карапайым элет интеллигенциясынын өкүлү Бакыт Жолдошев, Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган кыргыз жараны катары алдыдагы парламенттик шайлоолорго аттанып турган, аттандаштары сестенген, чочулаган, колдорунан келишинче көрдөн алып жерге уруп аткан, бирок ошого карабай калың калк арасында күндөн күнгө аброю баланттап, кадыры өсүп бараткан "Ата -Журт" саясый партиясы жана анын лидерлери туурасында өз пикиримди билдирип коюууну туура деп таптым. Атаганат, борбордо жашаса да саясый даремети пас, кесиптик интеллектиси чукак, кадыресе адамкерчилик түшүнүктөрдөн куржалак, мурдунан бир сөөм алысты көрө албаган айрым кыргыз журналисттери, саясатчылары бүгүнкү шайлоонун шайтан азартына берилип алып "Ата -Журт" саясый партиясы, анын башында турган кыргыздын бычакка сап болоор жигиттери туурасында колдорунун келишинче ыпылас кептерди, коошпогон аныктамаларды, жапайычылык менен чектешкен сүрөттөмөлөрдү таратып, жайылтып атышат.


Шамшыбек Медетбеков,
"Содружество" Партиясынын саясый Кеңешинин мүчөсү:
"Улут аралык ынтымак - аба менен суудай зарыл"
Өмүр таржымалы:
1963-жылы Нарын областындагы Кочкор районунда туулган. Айыл-чарба институтунун механика факультетин аяктаган. Киев шаарындагы КГБ СССРдин жогорку мектебинде окуган.
Эмгек жолун Тянь-Шань райо-нунда башкы инженер болуп баштаган. 24 жашында Кочкор райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болгон.
Кыргыз Республикасынын КГБсында иштеген. Мындан тышкары премьер-министрдин жардамчысы, Эларалык банктын Президенти. Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук-коопсуздук кызматынын полковниги. Экин-чи класстагы мамлекеттик кеңешчи. Нарын областынын губернатору, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү. Полковник, мамлекеттик кеңеш-чи, учурда Кыргызстандын Герон-тология Коомунун Президенти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.


"Учур", 23-сентябрь, 2010-ж.

Алмазбек АТАМБАЕВ, СДПК лидери:
"Бийлик күчү элдин ишениминде"
Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жана аталган партиянын айрым талапкерлери "Хаятт" мейманканасынын конференция залына журналисттерди чогултуп, шайлоо алдындагы партиянын негизги жоболору айтылган жыйынын өткөрдү. Анда партия төрагасы КСДПнын программасы менен тааныштыруу менен бирге журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйынга аталган партиянын талапкерлери Чыныбай Турсунбеков, Шамил Атаханов, Алла Измалкова, Асылбек Жээнбеков жана Сабир Атажановдор катышып, алар да өз ой-пикирлерин билдиришти. Сөз башында Алмазбек Атамбаев программа куру убадаларды эмес, иш жүзүнө аша турган күчтүү маселелер жана чоң максаттар камтылганын баса белгиледи. Алмаз Шаршеновичтин сөзүндө программа боюнча беш жылдын ичинде ИДПны көтөрүү планы каралууда. Ардагерлердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жумушчулардын маяналарын көбөйтүп берүү планы да бар.


"Мен чөгөлөбөйм, Америкага качам.."
А.Токтомушев жазмакчы, 7-апрелден кийин "шампандын тыгынындай атылып", Америкадан келе калгандардын ана башында Равшан Жээнбеков деген кайран турат. Ал убагында А.Акаевдин "оту менен кирип, күлү менен чыгып" жүрүп, кыйла кызматтын башын жеген. Айрыкча, айтылуу Майрам апчесинин этегине эрмешип, жакасына жармашып, Айдар, Бермет дегенде ичкен ашын жерге коюп жүрүп, оңбогондой эле оокат-аш топтоп алган. "Ап" демей жагынан бу кургур алдына киши салбасы анык. Анын Маммүлк комитетин жетектеп тургандагы "ишмердүүлүгү" туурасында түркүн-түркүн уламыштар айтылып, узун сабак кептер уланып келет. Башкалар аз-аздан, колун чыканагына чейин салса, бул ийнине чейин, атүгүл башын кошо салып алганы эч кимге жашыруун эмес. Эч качан кол жоорутуп, мээ оорутуп тыйын таппаган, даярга тап неме Акаев мезгилинде кудай ургандай эле жыргаган...
Адегенде, кызматта жүрүп, жеп-жутуп атып, бай-бачага айланып, андан соң "кул кутурса кудукка кайрымак салат" болуп, талаада жүргөн жеринен таап келип, адам катарына кошкон апчеси менен жездесине акаарат айтып, саткынчылыктын "супер" үлгүсүн көрсөттү. Турган жерден Бакиевдин балта чабарына айланып, чабагандап, түндүк-түштүктү түрө кыдырып, заматтын ортосунда ашынган оппозиционер боло калды. Анын баары жашабай жатып,


"Асман пресс", 23-август 2010-ж.

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
"Акчалуулардын гана бийлиги жүрөт"
- Парламенттик шайлоодон эмнени күтсөк болот? Тагыраак айтканда, мамлекетти бекемдегенге салымын кошо алышабы же тескерисинче улуттук региондор аралык араздашууга алып келеби?
- Парламенттик шайлоодон, шайлоону гана күтсөк болот. Улуттук араздашуу түштүктө болуп өттү. Регионалдык сезимдин күчүн, талабын жана ачык жабык нерсенин баарын Мелис Мырзакматов айтып берди. Ага күбө болуп, Бекназаров да колдоду. Ошондуктан регионалдык сезим кала берет. Бакиев кеткени менен анын бийлиги мурас катары калды. Муну Мырзакматов менен ошол жерде турган адамдар далилдешти. Мамлекетибиз бекем, бай жана күчтүү болчу. Анткени, совет доорунан бизге эмне деген каражат, чоң-чоң заводдор жана чарбалар калган. Ошонун баарын кара курттай жегендердин арасында азыркы партия жетекчилери да бар. Акаев, Бакиевдин үй-бүлөсү, регионалдык шериктештери мамлекеттин байлыгын талап, аброюн түшүрдү. Ошондон улам мамлекетибиз саясий экономикалык эгемендүүлүктөн ажырап калды.


АТА МЕКЕН
ДЕМОКРАТИЯСЫ өнүккөн өлкөлөрдө кандай экендигин билбейм, бизде партиянын программасы жок же конструктивдүү эмес деп көп айтышып, көп жазылат. А карапайым калктын аны менен иши да жок. Алар партия лидерлеринин абийир, ар-намыс, тазалык, тайманбастык, адилетчилдик, чынчылдык, принципиалдуулук өңдүү адамдык, инсандык сапаттарына карап баалайт, колдойт. Менимче, "Ата Мекен" партиясынын эл арасындагы кадыр-баркы ошондой лидерлердин бардыгына байланыштуу.

ЖОЛБОРС ЖООДОН КОРКПОЙТ
"Жолборс жоодон коркпойт" деген кеп бар. Кайсы элдики экенин билбейм. Кечээ жакында партиялаштарынын Болот ШЕР (Шерниязов) жөнүндө айтканын угуп, ушул учкул сөз эсиме түштү. Чанда бир адамдарга кезигүүчү жолборстукундай касиет, күч Болотто бар десем, аша чаппайм. Атына заты жарашат деп айтылып да, жазылып да жүрөт. Кийинки жылдары оору менен алпурушуп, кайнаган саясатка көп аралашпай калгансыган. "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири катары алыстан акыл айтып, кеңеш берип дегендей. Анан кантмек? Канынын басымы канчалык, канты канчалык экенин уксаң, төбө чачың тик турат. Эсиңиздеби, президент Бакиев "Ак Жолду" айдактап, ата-бабабыз ардактап жердеп, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыраны Казакстанга кармата берди.


"Пресс.kg", 23-сентябрь, 2010-ж.

Эшимканов макала уурдап жан багууда
Эшимканов десе эле баягы эсил кайран эски заманда "Ала Тоо" аянтындагы "кепка" кийген бакырчаак жигит эске келет. Азыр партиялар жарышы болуп, атка тыңмын дегендер орун талашып турганда, аны эстеп алып, эч кимисине деле ишенгиң келбей кетет экен. Дегеним, ошондо Мелис мырзага эл кандай ишенип алды эле? Тим эле бал тили менен аянтка чыккандарды арбап, "мындан бөлөк чыгаан эч ким жок" жакшы сөзүнө татыбады беле. Кийин, ал аракетинин майнабын көрбөскө көзү жеткенде, баарына түкүрүп салып, "боксёр Бакиев" менен үзөңгүлөшүп кетпедиби. Аны өзү эстеп алып деле күйүп-бышып жүргөндүр. Айтайын деп алыстан баштаганымдын себеби,


"Ата Мекен" күчү чындыкта!
"Атамекенчилер" менен болгон жолугушууга үрөй учурган ушактардан чочулабастан, 25 миңге чукул эл чогулуп, баштан оор күндөрдү кечирген ордолуу Ош жаманды унуткарып, майрамдык шаңга бөлөндү. Элдин маанайы жакшырганына курсант болгон "атамекенчилер" өз программасынан сөз козгоп, экономикабызды жакшыртууга бардык күчтү жумшап, анүчүн биринчи кезекте талаптагыдай инвестициялык климатты жаратып, атамекендик өндүрүштү бар тараптан колдоп, кыргызстандык товарлардын экспортун көбөйтүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле бул жолугушууда Өмүрбек Текебаевдин дарегине Кадыржан Батыров менен байланыштын чын-төгүнүн билгиси келген суроолор да болбой койгон жок. Анткени, эл арасын атайын дүрбөлөңгө салган ушактардын бир тобу "атамекенчилерди" эл алдында каралоо ниетинде жүргөнү анык эмеспи. Негизсиз ушактарды төгүндөгөн Өмүрбек мырза Ош-Жалал-Абаддагы кайгылуу окуяларга тиешеси барлар аныкталып, айыптуулар жазаланаарын убада кылды.


"Лозунг", 22-сентябрь, 2010-ж.

Марс Сариев, саясый серепчи:
"Улуу дөөлөттөр үчүн Кыргызстан жөн эле оюнчук"
- Россия 4 аскерий базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4.5 млн. доллар төлөйт экен. 1993-жылдан бери өзгөртүлө элек келишимди кайрадан карап, ижара акысын 3-4 эсеге көтөрсөк, Россия менен мамилебизди бузбайбызбы?
- Россиянын Кыргызстандагы обьектилеринин баарын аскердик база деп айтуу туура эмес. Аскердик базасы Кантта, калгандары аскердик обьектилер. Азыр Кыргызстан "ошол обьектилердин баасын кайра карашы керек" деп маселе көтөрүп атышынын себеби, менимче АКШнын аскердик базасы "Гансинин" мөөнөтү былтыр июлда бир жылга узартылгандыгынан чыгып атса керек. Бийлик бул сырды жарыялабай жашырып келсе да, шайлоонун алдында ачылып кетти. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Парламентте, өкмөттө бул маселе каралбаса, автоматтык түрдө узартылып кете берет. Россиянын буга реакциясынан азыркы бийлик чочулоодо. Россия ушундай жагдайдан пайдаланып, "булар жашырып келишкен" деп чуу кылымыш этип, ушундай жол менен кысым жасап, өзүнүн обьектилерин көтөрөлү деп атат. Россияны колдогон жергиликтүү гезиттер "60 млн.доллар каякка кетти?" деп, ар кайсы ушакты айтып, антипиар көтөрүүдө. Россияда 1 миллинго жакын гастербайтер бар, бардык мамилелер боюнча Россияга көз карандыбыз. Маалыматтык чалгындоодон революция чыккандай эле, бир заматта экономикалык блокадага алып коюшу мүмкүн. Ошондон чочулап кыргыз бийлиги:"Ош полигону боюнча Бакиевдин убагындагы маселени жана башка аскердик базаларды карайлы" деген демилге менен чыгып, жакында эле Кыргызстандын коргоо министри Россияга барып: "Кыргызстан Россияга эле стратегиялык өнөктөш, Россиянын Кыргызстандагы базаларын карайлы",- деп келди.


"РЕСПУБЛИКА" - Өзгөрүүгө мезгил келди!
Өмүрбек Бабанов:
"Биздин партияда жалаң өз күчү, өз эмгеги менен ушул даражага жеткендер"
2010-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарындагы "Спартак" стадионунда "Республика" саясый партиясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга республиканын бардык аймактарынан келген адамдардын саны 25 000ден ашкандыктан, стадиондун трибуналарына эл толуп, сахнада жана трибуналарда партиянын символикасы жайгашып, туусу желбиреп турду. Жолугушуу Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясынын лидерлерин расмий тааныштыруу аземинен башталып, алар партиянын туусун көтөргөн улан-кыздардын арасынан өтүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда стадиондун түндүк жагында орнотулган сахнага чыгышты.

Өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаар алдында Өмүрбек Бабанов быйылкы жылы Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгондордун жаркын элесине арнап, аза күтүүгө чакырды. Бул учурда стадиондон асманды көздөй ак шарлар учурулду.


"Обон", 21-сентябрь, 2010-ж.

Акбар Сүйүнбаев:
"Султан ырдаганда элдин баарынын кыжыры кайначу"
"Убакыт зымырык куш" деп коюшат эмеспи. Мындан беш жыл мурун "Ал менин махабатым" деп ырдап жүргөн Акбар Сүйүнбаев, өз махабатына жетип, жакында үйлөнгөнү турат. Акбар менен "бойдок маек".

- Таякелериң белек кылган машинеңди минип келипсиң, дөөтүң кут болсун!
- Чоң рахмат.
- Клиптериңде өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап жатабыз. Идеяларын ким айтып жатат?
- Мурун клиптерди ойноп-күлүп эле тартып койчубуз. Азыркы клиптеримди режиссёрлордун өзүнө эле, "Мен ырчымын, эч кандай сценарий жаза албайм, режиссёрлук кыла албайм. Өзүңөр мойнуңарга алып, клип тартуучу жерлерди таап сунуш кылыңыздар. Мен барып, ырдаганды гана билейин" - деп сүйлөшкөм. Азыр Сүйүн аттуу режиссёр клипти кайсы жерге тартууну чечип жатат.
- Ырчылар ырдап баштаары менен эле бир продюссердин этегин кармашат. Сахнада 5 жыл ырдасаң да сенин продюсериң жоктугуна таң калам.


Эльвира Жумалиева, жубайы:
"Азиздин сулуулугуна эле кызыгып тийди" дешкен…"
Азиз келинчеги Эльвираны Элиот деп эркелетсе, Эльвира Азизди Ёлка деп эркелетет. Апасына кээде жини келген Шаа "Сиз Элиот эмес эле, "Гнелиотсуз" (гнелой- наалыма) деп калат. Анда, актер Азиз Мурадилаевдин үй-бүлөсү тууралуу кененирээк билүү үчүн төмөндөн маалымат алсаңыздар болот.

- Биринчи кантип тааныштыңыздар эле?
Азиз: - 1994-жылы Театралдык окуу жайга тапшырып, ошол жерде Эльвира экөөбүз чогуу окуп калдык. Башында Эльвираны байкачу деле эмесмин, группалаш катары мамилем жакшы болуп жүрүп, жакшы көрүү билинбей сүйүүгө айланып кетти. Ошентип, 2-курстун аягында үйлөнүп алдык. Үйлөнөөрдө бир кызык окуя болгон. Мен курсташтарды чакырып, Эльвираны алакачмай болдук. Баардыгыбыз чогулуп алып кетели десек, Эльвиранын үйүн таппайбыз. Биз үйүн издегенче башка балдарыбыз таап, менсиз эле үйгө алпаратышыптыр. Карасам жырга-ап машинада бейкапар олтурат, группалаштар менен.
Эльвира : - Биз бир жылдан ашык сүйлөштүк, Азиз деле мени үйгө узатып барып жүрчү. Жөө барып көнгөн жаны машина менен барганда адашып таппай калыптыр. Элдин баары "Эльвира Азиздин сулуулугуна карап тийип алды" дешет. Жок, мага Азиздин эң биринчи адамгерчилиги жаккан. Ал баарын өзүндөй көрөт, бирок, ошондон көп запкы жейт.
- Биринчи балалуу болгондо кандай сезимде болдуңуздар эле?


"Леди kg", 21-сентябрь, 2010-ж.

"Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен, көкүрөктө таркабай калат кумар"
Майрамкан Абылкасымова кыргыз адабиятынын тарыхындагы үлкөн акын. "Бир кезде аны кыргыз поэзиясынын ханышасы деп коюшчу. Жалпысынан алганда 25 китептин автору. Китептери бардык социалисттик республикалардын тилине которулган. Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, "Шабдан баатыр" эл аралык алтын медалдын ээси, "Атаке бий" спектакли үчүн III даражадагы Манас ордени жана Россия Федерациясынын Екатерина II ордени менен сыйланган. "Бүткүл дүйнөлүк поэзияга кошкон салымы үчүн" 2008-жылы Швейцария алтын медаль берген.

- Эже, акыбалыңыз кандай? Мурунку өткөн алтындан баалуу мезгилдер эсиңизге түшкөндө жүрөгүңүз эзилбейби?
- Эң бир сонун мезгилдер артта калбадыбы. Ошол күндөрдү эстегенде зыркырап кетем... Ал күндөр өзүнчө бир чоң тарых. Мен союздук акын-жазуучулар менен абдан жакшы мамиледе болчумун. Бири-бирибиз менен пикир алышып, жаңы чыккан китептерди талкуулап, тажрыйба алышып, ой бөлүшүп турар элек. Биздин ортобузда чоң чыгармачылык көпүрө бар эле, ал союз ураганда кошо урады...


Гүлнара Калдарова:
"Айтышуулар, тирешүүлөр көп эле болчу..."
"Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүрүп түгөйүн таап, Гүлнара Калдарованын турмуш курганына алты жыл болуптур. Концерттерге катышып, ырчылыкты таштабай жүргөн Гүлнара азыр жеке ишканасы менен да алек. Ырчылыкты, жетекчиликти чогуу алып кетип, үлгүлүү кожойке болууну да унутпаган ырчы айымдын жашоосун ар тараптуу кылып ачып бергенге аракеттендик.

- Эң биринчи жолу канча жашыңызда тамак жасадыңыз эле?
- Биз үйдө беш кыз, бир уулбуз. Апам баарыбызды оокатка кичинебизден үйрөтүп, бышырды. Өзү тамакты ылгап жейт, анан биз жасаган тамакты оңой менен жактырчу эмес. Жакшы жасасак да ашыкча мактабаган адаты бар. Мен бешинчи классымда эң биринчи жолу макарондон тамак жасасам даамы башкача сонун болгон. Ошондо оңой менен мактабаган апам жылуу сөзүн айткан болчу. Азыр тамакты даамдуу жасашыма апамдын ошол кездеги сөзү дем болсо керек.
- Тандырга нан жапканды билесизби?
- Биз мурда жер тамдагы үйгө барганда эжемдер жапчу, мен чоңойгондо ырас жаппай калдык. Бир жолу жаап көрөйүн десем наным капкара болуп күйүп калган, ошондон кийин токтоттум.
- Конок тосконду жакшы көрөсүзбү же конокко баргандыбы?



"Кыргыз туусу", 24-сентябрь, 2010-ж.

Аракеттердин жемиши болоор күндөр алыс эмес
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева башчылык кылган өлкөбүздүн расмий делегациясы азыркы убакта Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясыныны 65-сессиясына катышууда. 20-сентябрда БУУнун "Миң жылдыктын өнүгүү максаттары" аталыштагы саммити өз ишин баштап, анын ишине 140тан ашуун мамлекеттин лидерлери катышты.
Президент Р.Отунбаеванын АКШда болушунун алгачкы күнүнүн программасы өтө мазмундуу болду. Бул күнү саммиттин алкагында ал Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов менен жолугушуп, өлкөлөрдөгү учурдагы саясый кырдаал боюнча маалымат алышты, Кыргызстандын түштүгүндө улуттар ортосундагы ынтымакты сактап калуунун жана бекемдөөнүн жолдорун талкуулашты.


Соттор жумуштан эмне үчүн бошотулушту?
Кылмышкерлерге карата судьялардын "ашкере боорукерлигинин" кандай себептери бар?
Бакиевдерге карата козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөнү ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүүдө. Топ тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 3-июнда К.Бакиевдин жакын тууганы Замирбек Нуруев кармалган. 4-июнда ага айыптоо коюлгандан кийин Жалал-Абад шаардык сотуна анын баш коргоо чарасы катарында камакка алуу өтүнүчү киргизилген. Өтүнүчтү кароо судья А.Сулаймановага тапшырылган. Бирок Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Мактым Калимбетова бул процесске кийлигишип, судьяга З.Нуруевди алып келбөө боюнча акт түзүү көрсөтмөсүн берген. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Р.Шүкүралиевдин кийлигишүүсүнөн кийин гана З.Нуруевди камакка алуу санкциясы берилген.


"Кыргыз руху", 17-сентябрь, 2010-ж.

Жөндөмөдө:
Жыйырма жылдан бери жамаачылап, мүлжүп отуруп ышпалдаасы чыккан президенттикке ылайыкталган Башмыйзамга кол шилтеп, накта элдик, демократиялык, парламенттик багытка салган Башмыйзамды жазып чыгып, элдин толук колдоосуна ээ болгон "Ата Мекен" партиясы, бул парламенттик шайлоодо көч баштап бара жатат. Биз жаңы рубрика ачып кыргыз тилинин жөндөмөсү боюнча ар бир партияны жөндөп чыгалы дедик. Алгачкысы - "Ата Мекен".

Атооч
Ким? Эмне? -
"Ата Мекен" социалисттик партиясы
Кыргыз партияларынын ичинен сакалдуусу. Буга чейин канча партия түзүлө элек жатып, өмүрлөрү кыска, көз караштары саткын болду. Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп, акыры өзү чачырап, өзүнөн өзү жоюлганы канча. Бир гана туруктуу позиция менен түз келаткан партиялардын бири - "Ата Мекен". Акаев он беш жыл, Бакиев беш жыл бийликте туруп байлыгы менен да, бийлиги менен да сатып ала албады "Ата Мекенди". Сабап, куугунтуктап, камап, өмүрүнө коркунуч келтирип атса да, эч бир бийлик "атамекенчилерди" чөгөлөтө албады.


Кыргыз элим ойлон, ушул кырдаалда улут болуп уюйлу!
Кыргыз коому, мамлекети азыр ички, сырткы таасирлерден улам кылтылдап турган учуру. Мына ушундай шартта кыргыз журтчулугун анын ички илгертеден калыптанган улуттук менталитети, уюган журтчулугу сактап калганы турат. Бирок ал уюган журтчулук, элдик өзгөчөлүк калкта канчалык деңгээлде сакталып калды. Бул бир көйгөй. Себеби бир кылымдан бери, анан кечөөкү 20 жылдан бери кыргыз элинин турмушунда кайсы жагынан болбосун укмуштуудай өзгөрүүлөр болду. Мунун ичинде экономикалык тараптан кризиске белчебизден батсак, саясий тараптан абдан курчуп, чыңалууга жеттик. Нарк-насилибиз, маданиятыбыз жардыланып, элдин интеллектуалдык деңгээли, рухий байлыгы төмөндөдү. Мына ушунун негизинде жана карапайым калк менен бир ууч башкаруучулардын көз караштары келишпей калган жерде өрт чыкты, кырчындай жигиттердин каны төгүлүп, каныбыз качып, Борборубуз талоонго түштү. Бул өрт эми канчалык даражага чейин жалындап өчпөй коет, ал бир Кудайга гана маалым болсо керек. Кеп оролу өрт эмне себептен тутанды жана жакын араларда калк бүтүндүгү калыптанышы үчүн кандай кылышы керек, ошол туурасында.
өзүңүздөр билесиздер ар бир элдин, калктын, улуттун, уруунун, ал турмак, туугандардын жана географиялык жактан жердештердин калыптанган психологиялары болот.


"Алиби", 24-сентябрь, 2010-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
"Алиби" гезитинин редакциясына
Экс-бийликтин эрке ректору
Ал Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин ректору -Т.Кубатбеков. Мындай асмандан түшкөн адистин аталган Университетти жетектегенине эки жылдын жүзү болду. Асмандан түшкөнү анык, анткени ал Россиянын атуулу. Ошол жакта көп жылдар бою иштеп жүрүп, Кыргызстандын Германиядагы экс -элчиси М. Бакиевдин, Россиядагы элчиси Р.Аттокуровдун колдоосу менен ушул Агрардык Университеттин ректору болуу бактысына туш болгонун өзү деле танбас.Иштесе иштей берсин, эгерде жамаатты жөнгө сала алса. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Студенттерге билим берип жаткан окутуучулардын эмгек акысы төмөн бойдон калды. Көп тармактуу адистикте билим алып жаткан студенттик тайпалар кыскартыла баштады. Агрардык окуу жайдын жүзү болгон айрым адистиктер жоюлду.


РЫСБЕК САЛБАРОВ:
"ЫНТЫМАКТЫ САКТАП КАЛЫШ - АР БИР ЖАРАНДЫН МИЛДЕТИ"
Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын тургуну, акын, журналист
- Жалал-Абаддагы жаңжал боюнча мамлекеттик, эл аралык комиссия иштеп жатат. Ошол учурдагы чет элдик айрым маалымат булактары, интернет-сайттары жаңжалдагы күнөөнү кыргыздарга жаба салып, "кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатат" деп жарыя салышты. Өзбек улутундагы укук коргоочу Азимжан Аскаров баш болгон бир нече адам Базар-Коргон районунда кыргыздарга каршы көтөрүлүш уюштуруп, бир нече милиционерди мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышты. Бул боюнча да маалыматтар бир жактуу жаңырып жаткандай. Укук коргоочулар өзбек тараптагыларды жактап жаткандай. Ушул боюнча Сиз аралашып, көрүп-билип жүрдүңүз. Ошол убактагы абал-жагдай кандай болду эле?
- Чет элдик журналисттердин, массалык маалымат каражаттарынын берген, тараткан маалыматтарына мен эч убакта кошулбайм.Бул жерде биринчи кезекте ошол жердеги элдин менталитетин, жагдайын түшүнүш керек. Аны түшүнбөй эле бир жактуу кылып бериш туура эмес. Мен өзбек туугандарды жаман дебейм. Биз нечен жылдардан бери бирге жашап келатабыз. Өзбек туугандардын бир адаты бар - тыштан келген журналисттерге "мындай болду, тигиндей болду" деп, өздөрүн акташ үчүн интервью бергенди өтө мыкты өздөштүрүшкөн. Ошонун кесепетинен жалган дооматтар кыргыз калкына оодарылып жатат. Бул жерде кыргыздардын эч кандай күнөөсү жок. Бир дагы кыргыз үй-бүлөсү курал-жарак даярдап, аны менен кандайдыр бир иш аракет жүргүзгөнүн көргөнүм жок.


"Форум", 21-сентябрь, 2010-ж.

КСДП- чыныгы революциялык партия!
Кыргызстандагы эң кубаттуу, көп жылдык тарыхы бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясына жана партия лидери Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл областынын калкы өзгөчө сый менен мамиле кылышат. Кайсы шайлоодо болбосун көлдүктөр Алмаз Атамбаевди колдоп келгени буга анык далил боло алат. Быйылкы парламенттик шайлоонун алдындагы Кыргызстан боюнча үгүт кербенин да социал-демократтар дал ушул көл өрөөнүнөн башташты.
Былтыркы "Балыкчы окуясынан" кийин ак жеринен камалып, Бакиевдердин ит көрбөгөн кордугун көрүшкөн көлдүк, өз элинин патриот уул-кыздарын талаага таштабай, бир дагы сот процессинен калбай катышып, алар үчүн акыр-аягына чейин туруп берген Алмазбек Атамбаевди көлдүктөр зор кубануу менен тосуп алышты.
Балыкчы, Чолпон-Ата, Ананьево, Түп, Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, жана Тоң райондорун кыдырышкан социал-демократтардын ар бир жолугушуусуна миңдеген адамдар жамгыр жаап, суук болгонуна карабай сурантпай эле өздөрү келип, кызуу колдоп беришти. Биринчи жолугушуу катуу шамалга карабай Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өттү. Шаардык маданият үйү жыкжыйма толуп, көпчүлүгү сыртта калууга аргасыз болушту. Анда А.Атамбаев өткөн жылы соттолгон балдар менен сот процесстери жүрүп жаткандагы оор күндөрдү эске салды.


Көчөлөрдүн көркүн бузган шайлоо көрнөк-жарнактары жана коошпогон кооз сөздөр…
(Башы өткөн санда)
9-сентябрь түнү борбор шаарыбыз Бишкекке кагаз-чүпөрөктөрдөн жасалган "бомба" түштү. Партия лидерлери бул жарнактарды 10-октябрдын таңына "жетпей калчудай болуп", 9-сентябрь түнү менен көчөлөргө, имараттарга, бактарга, автоунааларга, дубалдарга, жада калса дааратканаларга чейин, туш келди, ой келди чаптатышты. Кудай бетин нары кылсын, бул "бомбанын" элибизге зыяны түздөн-түз тийбегени менен, психологиясына начар багытта ойноп турат. Бул көрүнүш 19 жылдан бери оголе көп жолу кайталанган, "тажатма, кайталанма" көрүнүш экенин эч ким жокко чыгара албайт. Эл деле көнүп, тажап калган, кадимки эле адатта боло келчү көрүнүш. Бирок ошентсе да бул жолкусу өзгөчө болуп турат. Себеп дегенде, парламенттик республикага айлануунун бир белгиси катары көчөдөгү көрнөк-жарнактардын мурдагыга салыштырмалуу эки, үч эсе көп болуп кеткендигин айтсак болот. Буга сарпталган каражат дагы бир нече миллионду гана эмес, миллиардды чапчып жыгылды. Карачы, кагазга, чүпөрөккө корогон кайран каражат десең…


"Алиби", 21-сентябрь, 2010-ж.

"Черный Айбек" өзбек аксакалдарын Кадыржан үчүн неге сабаган?
Жакында кан кускур Кадыржан калың журтка кайрылуу жолдоп, өзүнүн түштүк окуяларында апапакай экенин айтып чыкты. Анда бир топ азыркы кыргыз жетекчилери анын алдынан жардам сурап өтүшкөнү тууралуу кеп козгойт. Түштүк окуялары өзбектердин сепаратизминен эмес, саясий, экономикалык, кылмыштык көйгөйлөрдөн улам чыккандыгын айтып, өзү өңдөнгөн "ак ниет" адамдардын күнү алыс эмес деп сөзүн жыйынтыктайт.
Түштүк окуялары кыргыз элинин жүрөгүнө ийне сайгандай эле болду. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, эми алыс жерден актанып анан тактанып кыргызга акыл айтып чыккан Кадыржанга Кыргызстандын тузу эми буюрбай калды го! Өзбек коомчулугунда дагы болуп өткөн окуяларга себепчи катары Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдрасуловдун аттары көп аталып, алардын коогалаңга өтө чоң салымы бар деп айтылып келет. Өзбек коомчулугунда азыр ушундай эки элди кагылыштырууга алып келгендерди бийлик таап, камап, катуу жазага тартсын деген талаптар айтылып жатат.


БИЛИМДҮҮ ЭЛДИН БАЙРАГЫ БИЙИК
Саясый өңүттөн алып караганда быйылкы күз алда канча аптаптуу башталды. Саясатты эске албаган күндө да аба ырайынын салкын тартып турушу көпчүлүктү бүшүркөтүп турган чагы. Анткени сентябрь айында республиканын булуң-бурчтарындагы 2191 жалпы билим берүүчү мектептер эшик ачып, алардын босогосун 1млн. 36 834 окуучу аттады. Ал эми күздүн салкын тарткан илеби кыштын эрте келишин шарттап, мектептерибиз учурунда жылытылбай калбайбы, Апрель революциясынын, түштүк окуяларынын таасири билим берүү системасынын ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейби, башталгыч класстардын окуучулары үчүн ачылган ашканалардын жабылып калышы мүмкүнбү? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолордун айланасындагы маегибиз КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен улантылды.

- Айтсаңыз, министр мырза, ушундай татаал шартта, дегеним утурумдук техникалык өкмөттүн курамында үлкөн кызматтык креслодо "чалкалоонун" кажети бар беле? Эртеңки күнү, шайлоодо утуп алган партия Сизди жаңы өкмөттүн курамына кошпой койсо, абалыңыз кантет?
- Кызмат абалымдын өзгөрүшү менин адамдык аброюма шек келтирбейт деп ойлойм. Анткени мен буга чейин да иштеп келгем , мындан ары да кандай кызмат жүктөлбөсүн иштей бермекчимин. Негизгиси, бар дараметиңди, билимиңди, тажрыйбаңды коомго арнаганда гана андан кандайдыр бир майнап чыгат. Анткени сенин иш-аракетиң өзүңдөн бийик турган бир адамдын эмес, бүтүндөй коомчулуктун көз алдында турса, анын акыбети бир кыйла жемиштүү болбойбу.


"Заман Кыргызстан", 17-сентябрь, 2010-ж.

Түрк дүйнөсүн баш коштурган Кызматташтык Кеңеши
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат.

БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Түркмөнстан жолугушууга биринчи жолу катышууда, бирок, азырынча Кеңеште орун ала элек. Уюмду түзүү иштери Абдуллах Гүл Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана Түркмөн мамлекет башчысы Гурбангули Бердимухаммедов менен болгон жолугушуудан соң жыйынтыкталат жана аны менен катар Түрк Кызматташтык Кеңеши күчүнө кирет. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат. Аны менен катар Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтык чегараларын кеңейтүү маселеси кирген. Ал эми бул жолугушууга Өзбекстан өлкөсү катышуудан азырынча баш тартып жатат. Ал жактан эч кандай делегация келген жок. Ал эми түрк тилдүү лидерлер кийинки жылы Өзбекстандын да Кызматташтык Кеңешине мүчө болуусун каалагандыктарын билдиришти.


КР Президенти Роза Отунбаева:
"Кыргыз-Түрк мамилесинин келечеги өтө кең"
КР Президенти Роза Отунбаева Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын салттуу жолугушуусуна катышууда. Ошондон улам, ага Түркиянын "Zaman" гезити менен "Жихан" маалымат агенттигинин кабарчылары биркатар суроолор менен кайрылган эле.

- Роза айым, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстан аймагында болуп өткөн аркандай толкундоолор менен этникалык топтордун ортосундагы кагылышуулардын арты басаңдап, туруктуулук орной баштаганы байкалып турат. Эми, Кыргызстан менен анын Президентинин негизги иш-аракети эмнелерге бурулат?
- Чын-чынына келгенде, апрель ыңкылабынын да, ага улай болуп өткөн башаламандыктардын баарынын башкы себеби барып-келип эле узак мезгилден бери калк ичинде топтолуп калган көйгөйлөргө барып такалат. Бийлик башындагылар менен карапайым калктын калың катмарынын ортосунда ажырым алыстап кеткендигинен улам болуп отурат. Мурдагы бийлик төбөлдөрү менен дагы башка кызыкдар күчтөр мына ушундай кыйчалыш кырдаалдан пайдаланып, журт арасын козутуу аракетин азыр да көрүп жатышат. Муну элдин өзү деле азыноолак түшүнүп калды. Буюрса, алдыда турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алсак, мамлекеттик бийлик бутактарынын баары толугу менен лигитимдешип,



"Аргумент kg", 16-сентябрь, 2010-ж.

Батыров Ош окуясынын чыгышына бийликти күнөөлөйт
Кечээгиде интернетте жарык көргөн видеодо бирөө өзүн "Кадыржан Батыров" деп атаган адам учурда Кыргызстанда эместигин айтуу менен, эки бийликтен тең куугунтук көрүп, өлкөдөн чыгып кеткенге мажбур болгонун билдирет. Ошондой эле ал мамлекеттен сырт жүргөнүнө карабай, өлкөдөгү абалга жан дилиен күйгөн бийлик өкүлдөрүнүн айрымдары менен байланышта болуп келе жатканын жашырбайт. Ушуга улай Батыровдун айтымында мамлекетибиздин терең кризиске кабылышы сеператизмдин же кимдир бирөөлөрдүн автономияга умтулганда эместигин, анын себеби терең саясий, социалдык, экономикалык жана трибуналдык көйгөйлөрдө экенин айткан. Аны чечүүгө мурунку Бакиевдин бийлиги да, азыркы бийлик да коркуп жатканын, мунун себеби Бекназаров, Текебаев, Исмаил Исаков, Мырзакматовдордун жекече амбициясында жана саясий авантюризминде экенин өзгөчө белгилеген.
Кризистин дагы бир себеби, алардын тарых менен элдин алдындагы адилеттүү соттон өлөөрчө корккондугунда болууда. Кадыржан мырза азыркыдай бири-бирин айыптап отуруу, акырындап өлкөнү туюк жолго кептелтип, уруш- талашты арбытып, жыйынтыгында мамлекеттин жок болушуна алып баруучу шойкомдуу жолдун бир экенин айтат. Бул нерсеге өлкөдөгү 80ге чукул улуттун өкүлдөрү кызыкдар эмес, ага көз арткан душмандар гана кызыкдар болушу мүмкүндүгүн белгилейт.


Улуттук телерадиокорпорациясынын директору
Кубат Оторбаев:
"УТРК менчиктештирилбейт, башкаруу элдин колуна өттү"
Редакциябызга Кыргыз Республикасынын чыгармачылык интеллигенциясынын өкүлдөрү УТРКны улуттук канал боюнча калтырууну президент Роза Отунбаевадан өтүнгөн кат менен кайрылышты. Биз бул маселенин өңүтүндө аталган корпорациянын учурдагы директору Кубат Оторбаевге кайрылдык.

- Кубат мырза, негизи эле УТРК боло электе эле КТР кезинде деле "Коомдук телеканалга айлансын, анткени малыматтар элдин калың катмарына бурмаланып берилип жатат" деп, коомдук телеканал болуусун колдоп келгенбиз. Бирок, бүгүнкү күнү ушундай коомдук телеканалдын болушуна каршы пикирлердин чыгып жатканына сиз кандай карайсыз?
- Биринчиден, бул табигый зарылчылыктан көтөрүлгөн маселе болду. Анткени, өзүңүздөр жакшы билесиздер, саясий жагынан алганда акыркы 19-20 жылда ушул Кыргызстандын биринчи каналы бийликте ким турса эле ошонун айткан-дегенин аткарып келген канал болгон да. Мисалы, Аскар Акаевдин он беш жылдык, кийинки президент Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусунун тушунда Улуттук канал ошол бийликте тургандардын саясий куралына айланган. Оппозицияны жаманатты кылууга багытталган иш жүргүзүлүп келген. Эми мындан ары ушундай кемчиликтер кетпесин деп, убактылуу өкмөткө 7-апрелден кийин келген адамдар биринчи чечимдеринин маанилүүсү катары 30-апрелде Улуттук телерадиокорпорациясынын негизинде Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүүсүн түзүү жөнүндөгү декретти кабыл алган. Бул декретке ылайык жобо иштелип чыккан.


"Аалам", 16-сентябрь, 2010-ж.

Өмүрбек Бабанов
"Республика" саясий партиясынын лидери:
"Биз түндүк-түштүккө бөлүнүү деген түшүнүктү таптакыр жоюуга жетишебиз"
"Республика" саясый партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы иш сапарын адегенде түштүктөн баштап, андан ары Нарын, Талас областтарындагы эл менен жолугушту. Кыдыруу убагында партиянын лидерин Актан Арым Кубат, Бакыт Төрөбаев, Чолпон Султанбекова, Юрий Низовский, Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова ж.б. белгилүү республикачы инсандар коштоп жүрүштү. Аталган үч областтын калкы Өмүрбек Бабанов баш болгон "Республика" партиясынын өкүлдөрүн жылуу кабылдашып, толгон-токой тагдыр чечээр меселелер боюнча каалаган суроолоруна так жоопторду алышты, калың калк батасын берип, алдыдагы шайлоодо ийгилик каалашты.
Партиянын лидери элге жасаган кайрылуусунда мамлекеттеги учур көйгөйлөрүнө кеңири токтолуп, азыркы кырдаалдан кантип чыгуу туурасында эл менен кеңири пикир алышты. Маселен, Ош шаарында өткөн жолугушууда область тургундары Өмүрбек Бабановдун үстөгү 7 пайыздан жогору эмес деңгээлде айыл чарба кредиттерин берүү долбоорун жана ипотекалык программасын өзгөчө жактырышса, Нарындын студент жаштары сапаттуу билим алуу көйгөйлөрү боюнча кеп козгошуп, партиянын лидеринин жоопторуна ыраазы болушту.


"Акшумкар"партиясынын лидери
Темир Сариев:
"Жер - өмүрдүн бешиги, эмгек - эрдин насиби"
Артуро Граф: "акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек" дептир. Дүйнөлүк саясатчы Махатма Ганди: "принципсиз саясат, эмгеги жок байлык, абийири жок ырахат, эрк - мүнөзсүз билим, моралсыз коммерция, гумансыз билим, курмандыксыз кудайга сыйынуу", - деп коомдук жети күнөөнү айтып саясатчыларды көсөмдүккө чакырган. Бүгүн партиялык тизме менен шайлоого бараткандарды көрүп жандан түңүлөсүң. "Акшумкар" партиясы коомдогу экстремизмге, улуттар аралык жана диний келишпестиктерге каршы, биримдикти, ынтымакты даңазалаган программаларды, маалыматтарды колдойт. Көрүнүктүү саясатчы, мыкты экономист, патриот, "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен публицист Кален Сыдыкова маектешет.

- Темир мырза, "Акшумкардын" облустарды өнүктүрүү боюнча программасында Ош областында кандай өнүгүү, өсүү болот?


"Айат", 16-сентябрь, 2010-ж.

Кыргызстандагы саясий партиялардын лидерлерине кайрылуу
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров:
"Таза депутаттарды шайлоо-элдин укугу"
"Мейли мен айткан сөз, анчалык акылдуу болбосо да, мени угуш сиздердин акылмандуулугуңуздар"
Расул Гамзатов
Кесиптештер, партия лидерлери, санаалаштар жана шайлоо алдында шайлоочулардын добушун алууга жардам берүүчүлөр. Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлануу укугуна ээ болуу үчүн, түз жана мыйзамдуу негизде үгүт иштерин баштоого уруксат берилип олтурат. Албетте, бардык партиялар жеңүүчү болуш үчүн, буга чейин эле бир топ иштерди жасоого үлгүрүштү. Бирок, кандай негизде? Буга жооп, жадакалса чакырык бирөө гана: келгиле мамлекетибиздин 20 жылдык жаңы демократиялык тарыхында биринчи жолу, элибизге 10-октябрда Жогорку Кеңешке татыктуу адамдарды тандап алуусуна колубуздан келген бардык шарттарды түзүп берели. Анан дагы шайлоо алдындагы күрөш учурунда, өлкөбүздө буга чейин болуп өткөн оор сыноолорду, жан кейиткен кайгылуу окуяларды эсибизден чыгарбайлы.


Иса ӨМҮРКУЛОВ, Бишкек шаарынын мэри:
"Таза иштегем, бүгүн да таза иштеп атам"
Дамира, Бишкек:
- Иса Шейшенкулович, мен Ак Ордо жаңы конушунан чалып атам. Биздин жолдорду качан толугу менен оңдоп бересиздер?
- Ак Ордо жаңы конушу, эл көп отурукташкан конуш. Ал жерде суу маселеси каралып атат. Чынында суу жетишсиз. Буюрса, кийинки жылы суу киргизип, жалпы батыш жагын толук суу менен камсыз кылабыз. "АРИС" программасы менен 35 пайызын мэрия каржылайт. Ал эми жолдор боюнча айтсам, аталган конуштагы жолдордун баарысы жасалат.

Айша Абыраманова, Бишкек:
- Ак Өргөө конушундагы башкы план боюнча балдар бакчасына, балдар аянтчасына, мектептерге бөлүнгөн жер мыйзамсыз 45 кишиге сатылып кеткен. Ушул боюнча чечим чыгарып, конушка тиешелүү жерлерди кайтарып берсеңиз…
- Бул жердин маселесин билем. Ак Өргөгө барып, эл менен жолугуп ушул маселени сүйлөшкөнбүз. Бул жерлер мага чейин сатылып кеткен экен. Чынында ал жакта маданият үйлөрүн кура турганга да жер калбай калган. Себеби, сатып алгандардын көбүнүн кызыл китептери бар экен. Ошолорду дагы бир жолу аныктап атабыз. Балдар аянтчаларын, бала бакчаларды, мектеп курганга, жер алып калууга аракет кылып атабыз. Бул иш жеке көзөмөлүмдө.


"Адилет press", 16-сентябрь, 2010-ж.

Александр Лукашенко Жаныш Бакиевдин аялынын туулган күнүнө барыптыр дешет
"О, касиеттүү Ала Тоо
Ак булут түнөп өткөн жер,
Ата -бабам өскөн жер"
Мекенге мындан артык эмне деген жалыныч айтса болот. Өңгөчө, көккашка булак суусун ичкенге, таптаза абасын жутканга куштар болуп, тиричилик айынан кыргыз чегинен убактылуу сыртта жүргөн уул-кыздарыбыз акыры Алатоосуна - Манастын элине келээр. Акыры келээр да, чөгөлөй олтуруп көккашка булак суусун даамдап, көөдөн керип актемир таза абасын жутуп, өмүр ырахатын сезээр. Мындай ырыскы элин кордоп атып, жеп качкан адамдарга - үй бүлөсүнө, тукумуна буюрбас.
Аскар Акаев, мисалы, акыркы жылы Бакиевди поктоп, өзүн чүштөдөй актап, Интернеттен кыргыз улутуна акыл айтып, суроо салат - "Келейинби?"- деп кайтып. Акаевге таңданса да болот - тышы - жаркыраган жакшы эле киши, ичи...


Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
"Мекенибиздин тагдыры-элдин колунда"
Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков бул маегинде Кыргызстандын келечеги, башкаруунун алгылыктуу жолу тууралуу ойлору менен бөлүшөт.
- Ишенбай агай, Кыргызстандын келечеги кандай болот, ошол тууралуу ой бөлүшсөңүз?
- Бул суроого жооп кайтарыш кыйын. Өлкөнүн тагдыры жүрөктү кантип түпөйүл кылбасын... Алдын келишинче ойлогон оюңду, керектүү деген сунуштарыңды, кеңеш сөздөрүңдү айтып туруш ар кимибиздин парзыбыз. Бирок аны уккан адам да болуш керек да. Угуп эле тим болбой, иш жүзүндө колдонсо, анда күчкө күч кошулуп, кайратың курчуйт. Чет өлкөдөн кайтып келгенибизге 16 жылча болуп калды. Эгемен өлкө болгонубузга 20 жылга аяк басты. Ушул убакытта канчалык жакшы иштерди жасаса деле болот эле. Канча кеңеш, сунуштар биринчилердин өзүм билемдигинен улам кулактарынын сыртында калды. Аткарылбаган ант, курулай убада, түпсүз ачкөздүк адамды ирээнжитпей койбойт экен. Айткан сөздөрү бир, жасаган иштери башка. Өлкөнү бийликтин төбөсүндө отургандардан куткарабыз деп буулугуп келгендердин көбү бийик орунга келе элек жатып, опуза жолуна тез эле түшүп, өздөрү арам акча жыйнай баштаса, мурункулардан айырмасы барбы?


"Учур", 16-сентябрь, 2010-ж.

Эл элегиндеги партиялар
Шайлоонун шарапаты менен Кыргызстандын булуң-бурчтары кыймылга келип, калктын калың катмары саясатташа баштады. Партиялардын үгүт кербендери элетти аралап, Кудай бетин салбасын, "Алатоодой эт, ала көлдөй чык" демекчи, арак суудай агып, алды жакалашуу менен мушташканга чейин жетип, айтор, кокту-колоттун ичи шаңга бөлөнө баштаган кез. Аламанга аттанган саясый партиялардын аяна турган түрлөрү байкалбайт. Марага озуп келиш үчүн бардык аракеттер көрүлүп, оппоненттер эле эмес, өнөктөштөрдүн ортосунда да жарака кеткени байкалууда. Максатка жетиш үчүн бардык айла-амалдар колдонулуп, баалуулуктар алмаштырылып, идеологиялык каршылаштарга карай достошуу, тилектеш-санаалаштар менен коштошуу катардагы иш болуп бара жаткандай...


Казак кыздын махабат дастаны
Аялзатын аялзаты гана терең түшүнөт эмеспи. Өзүм аялуу болгондуктан, аялдын жүрөгүндөгү сырды, армандуу махабатты өз жүрөгүм аркылуу сездим. Жеке бирөөнүн ички сезимине, жеке бирөөнүн турмушуна уруксатсыз аралашкан маданиятсыздык болуп эсептелет. Ушул макаланы даярдап жатып, бир үйбүлөнүн куту болгон дагы бир үйбүлөнүн жубайы окуп калса, кандай акыбалда болот (?) деп санаа тарттым. Аялзаты мээримдүү, боорукер болот эмеспи. Бул макаланы гезит бетине даярдаган себебим, махабат дастанын китептерден, кинолордон гана көрүп, бүгүнкү күндөгү турмушубузда жолугуп, күбө болгон эмесмин. Чыныгы махабат бар экенин жаштарга жеткизгим келди. Маектешим, жаш сулууну аяп, анын арзуу сезиминин тазалыгына суктанып, ыраазы болдум. Бул маегибиз кимдир бирөөгө катуу тийген болсо, алдын-ала кечирим сурайм.




"Алиби", 17-сентябрь, 2010-ж.

Күздө күтүрөгөн Кадыржан жазды неге эңсөөдө?
РЕДАКЦИЯДАН: Ушул жуманын 13-сентябрында Түштүк коогалаңына түздөн-түз тиешеси бар Кадыржан Батыровдун Видео кайрылуусу (http://www.youtube.com/watch?v=BmuQvXONass) интернет -сайтында пайда болду. Биз бүгүн аталган кайрылууну жалпы окурман журтунун назарына сунуштап олтурабыз. Ал эми аны ким кандай кабыл алат, ар кимдин өз эрки. Редакция автордун позициясын бөлүшпөй тургандыгын алдын ала эскертет. Бирок, Кадыржандын кыргыздарга кылган кыянатчылдыгы эч качан унутулбайт!!!

Кымбаттуу мекендештер!
Саясый каршылаштарым мени адилетсиз жана негизсиз куугунтукка алып, Кыргызстандын азыркы бийлиги Мекенимди калтырып кетүүгө мажбур кылышты. Бирок, мен бир да күн Кыргызстан менен байланышымды үзбөстөн республикадагы жолдош-жоролорум, улуту жана социалдык абалы боюнча түркүн адамдар менен баарлашып турдум. Ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалга чын дилден күйгөн аракеттеги бийликтин айрым өкүлдөрү менен мамилемди улантып келдим. Мен Кыргызстандан аргасыз кетүүгө мажбур болгон үч айдан ашык мезгилде республика эмне менен кантип жашап тургандыгын жакшы билем. Мына ушунун өзү жанды кейитет.


"Ишти иш билги адамдар гана илгерилетет. Куру сөз курсак тойгузбайт..."
Теле-радио, гезит, журнал болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарым кылымдан ашык эмгек өтөгөн, жетимиш бир жаштагы карыя калемдешибиз Кенжалы Сарымсаковго суроо узаттык.

- Кимдин ким экендигин билгиң келсе: бийлик берип бир сына, байлык берип бир сына, деген сөз бар. Ушул сынак жөнүндө Сиздин карыялык, журналистик сөзүңүздү уксак.
- Өткөн кылымдын 70-жылдары. Өлкөбүздүн четки шаарларынын бириндеги жогорку окуу жайында философиядан сабак берип жүргөн жакшы таанышым көчөдөн жолугуп: "бу кыргыздар мансапка маашыркаган пастыктан качан тазарабыз?" деп калды. Эмне болду, десем: "ээ, мынабу театрдын жанынан өтүп баратсам баланча (аты жөнүн айтпай эле коеюн, ал киши азыр катардагы карыя) теке маңдай жолугуп калды. Кучакташып көрүшмөкчү болуп, бапырап салам айтып колумду сунсам, ал жайды сурашканга жарабай, башын ийкеп коюп өтүп кете берди, жанындагы жан жөкөрлөрү менен. Делебем сууп, туруп калдым. Экөөбүз университетте, бир бөлмөдө чогуу жатып окуганбыз да" дейт.



"Лозунг", 18-сентябрь, 2010-ж.

Өмүрбек БАБАНОВ:
"Кыргыздын бир да сантиметр жери кимдир бирөөгө өтпөшү керек!"
Региондор "республикачыларды" жылуу маанайда тосууда
""Республика" саясий партиясы шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоо алдындагы программасын эл менен талкуулоо ниетинде алгачкы иш сапарын улуу Манас жердеген, касиеттүү Талас жергесинен башташты. Жолугушуу 2010-жылдын 10- сентябрына белгиленип, "Республиканын" атынан барган башкы лидери Өмүрбек Бабанов жана алдыңкы лидерлери Замирбек Эсенаманов, Роза Акназарова, Актан Арым Кубат ар бир кыргыз үчүн ыйык деп эсептелген, Манастын күмбөзү жайгашкан "Манас Ордо" улуттук комплексине барып, Талас областынын бардык райондорунан келген аксакалдар менен жолугушту.
Алгач Манастын күмбөзүнүн алдында ата-бабалардын арбактарына багыштап жана ошо күнкү Орозо айт майрамына арнап куран окуп, бата тиленди.
Жолугушууда аксакалдардын сүйлөгөн сөздөрүнөн келтирсек:
- "Жаш болсоң да ак эмгегиң, таза мээнетиң менен бизнесте, экономикада жана саясатта зор ийгиликтерге жетише алдың, эл арасында сый-урматка татып келген чыгаан уулдарыбыздын бири, "Россия" колхозун көптөгөн жылдар бою ийгиликтүү жетектеп келген атаң Токтогул Бабанов сыяктуу эл үчүн аракетиңди аябай, анын татыктуу уулу боло алганың бизди кубандырат!"


Ай, америкалык!
"Трибуна" эмнеге тилин тартпайт, ыя?
"Атамекен" партиясынын алдыңкы саптарында турган анык мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов КТРдин таңкы "Замана" телеберүүсү аркылуу "Лозунг" гезитин айда "ашатты". Көрсө, "Лозунг" кайсы бир санында (18.08.10) анын партиясынын "ажарын" ачам деп атып, анча-мынча ачуурак сын айтып ийиптир. Калайыкка кас - душман менен Америкада жатып жан аябай күрөшкөн "эр жүрөк баатырга" ал аябай катуу тийиптир. Угушубузга караганда, "бул кимдин гезити?" деп муштум кезеп жиберсе да керек. Сабыр кылып, редакциянын дайын-дарегин карасаңыз, "гезит ээси: Кулмендеева Ж.А." деп жазылып турат.
Кеп албетте, анда эмес. Андан он күндөн кийин "Трибуна" гезитине (28.08.10) Өмүрбек Абдрахманов менен "Атамекен" партиясы, анын анабашы Өмүрбек Текебаевди өкүртө сындап, "абактагы" айыбын айдап чыккан юрист Нурлан Токталиевдин интервьюсу жарыяланган. "Членов ВП будут судить за все, что они натворили" деп аталат. Негедир ал тууралуу айткысы келбейт.


"Леди kg", 14-сентябрь, 2010-ж.

Гүлжамал эже:
"Кызым үчүн какпаган эшигим, укпаган сөзүм калган жок"
Балалыктын эч нерседен бейкапар күндөрүн өткөрүүнүн ордуна жаштайынан бөйрөгүнүн азабын тартып келген Назбийкени көптөн бери билебиз. Бул ооруну дарылоого Кыргызстандагы медицинанын күчү жетпегендиктен, Москванын медиктерине кайрылууну чечкен секелек кыздын ата-энесинин элге жардам сурап кайрылганынан да кабардар элек. Перзенти үчүн болгон күчүн жумшап, кызымды аман алып калсам дегенде эки көзү төрт болгон Гүлжамал эжени сөзгө тарттык.

- Гүлжамал эже, Назбийке канчанчы перзентиңиз?
- Мен өзүм беш бала төрөп, экөөнү жерге бергем. Азыр эки кызым, бир уулум калды. Назбийке эң кичүү кызыбыз. 2002-жылы 1-августта төрөлгөн. Быйыл 2-класс болду. Оорусуна карап окуу жылы башталгандан бери мектепке бара элек.
- Кызыңыздын мындай сейрек ооруга кабылганын качан билдиңиздер?


Эльмира Джумалиева
"Республика" партиясынын мүчөсү:
"Экономикасы өнүккөн күчтүү мамлекет үчүн күрөшөм"
- Эльмира Бусурманкуловна, аял кишинин ийгиликтүү карьерасы кандайдыр бир курмандыкты талап кылат дешет. Сиздин карьералык ишиңизде эмнеден баш тартууга туура келди?
- Албетте, илим жолуна түшпөсүн, мамлекеттик же коомдук ишти көздөбөсүн, ар бир адам ошол ишинен майнап чыгарам десе, көп нерседен баш тартууга, айрым нерселерди курмандыкка чалууга мажбур болот. Анткени, ийгиликтүү карьера талыкпай эмгектенүүнү, көп окуп, көптү билүүнү, аракетти, күн тынымынан, түн уйкусунан кечүүнү талап кылат эмеспи. Антпесе канчалык аракет кылсаң да натыйжа чыкпайт деп ойлойм. Атүгүл үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууга да, теңтуш-курбулар менен ойноп-күлүүгө, ден-соолукту чыңдап машыгууга, эс алып, дарыланууга да убакыт калбай калат. Анын саңарындай, мен да карьера жасоо үчүн жогорудагы нерселерден баш тарткам.
- Эмгек жолуңуз кайсы жерден жана кантип башталган?
- Менин эмгек жолум жогорку окуу жайын бүтүрүп, адистикке ээ болгондон кийин өзүм туулуп-өскөн Талас жергесиндеги бир колхоздун катардагы экономисти катары башталган. Окуу жайында алган теориялык билимимди практика менен айкалыштырдым, бул албетте менин адис катары калыптанышыма жагымдуу таасирин тийгизди. Бирок, институттук билимимди андан ары өркүндөтүп, адегенде кандидаттык, андан кийин доктордук диссертациямдын үстүндө эмгектенүүгө туура келди. Бул эмгектеримдин акыбети кайтып, көздөгөн максатыма жетип илимдин доктору деген дипломду алдым. Буга мен өтө ыраазымын.
- Эмгек, илимий иштериңизде кимдин кандай пайдасы тийди?


"Форум", 17-сентябрь, 2010-ж.

Жылдыз МУСАБЕКОВА, журналист:
"Кыргызстанда кыргызчылык, тууган-урук, жек-жаат деген маселелер жоюлмайын демократия өнүгүүсү кыйын"
- Жылдыз Аманбековна, сиздин пикирде Кыргызстан элинин авторитардык жана үй-бүлөлүк кландык башкарууну кулатышына кайсы факторлор чечүүчү ролду ойноду?
- Авторитардык жана үй-бүлөлүк аксым бийликти кулатуунун эң негизги фактору деп мен "ханды кудай ураарда, өз элине кас болот" дегенди айтып кетер элем. Хандан адилеттик кетти эле, калктын тынчтыгы жоголду. Бакиев жана анын бир туугандары, үй-бүлөсү "Акаев азабынан кутулдук" деп көзүнө жаш алган кыргыз элинин башына келип конгон балээге айланды. Ажобуздун көзү тумандап, чыныгы турмушту көрө албай калганы, тегерегиндегилердин таасиринен чыга албаганы сокурга да дайын эле. Анын кадр саясатындагы калыссыздыгы өлкөнү төз эле кургуйга алып барып кептеди. Эки сөздү кошуп айта албаган кызматкерлерди, "а" менен "б"нын айырмасын билбегендерди Ак үйгө койкойтуп отургузганы аз келгенсип, өлкөнүн жүзү, кадыры, абийири болгон парламент ичин да ат сарайга айлантты.
Мыйзам, Конституция дегенди билбеген, китеп бетин ачып окубагандарды депутат кылдык.


"Ак жолдун" депутаттары келе жатат, абайла элим, абайла…
Бакиевдин атактуу "Ак жол" партиясынын депутат "батальондору" убагында кыргыз элин "эл" деп санабай калганын азыр беш жаштагы бала да билет. Кудайдан жөө качкан Курманбек Бакиев өзүнө окшогон "сырты да, ичи да калтырак" 71 адамды 2007-жылдын башында элдин добушун уурдоо жана бийликтин зордугу менен ЖКга ЖЕП УТАТ кылган эле. Ибрагим Жунусовдун тили менен айтканда, ал 71 солдаттын таалайы таштан чоң экен. Болбосо, булар кечээки кандуу 7-апрель окуяларынан кийин "жепутат" болуп турган учурундагы колу менен кылган күнөөлөрүн, мойну менен тартышы зарыл эле го. Тилекке каршы, андай болбоду. Албетте, бул жаңы бийликтин чектен ашкан "айкөлдүгү" болуп кала берди. "Ак жолчулардын" башка жоруктарын айтпаганда да Манас, Бакай баштаган ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу, изи, тарыхы ташка тамга басылгандай калган атактуу Каркыра жайлоосун жана керемет Ысык-Көлүбүздүн жээгиндеги төрт пансионатыбызды казактарга кармата беришкен итчилиги кыргыз тарыхында кара тамга менен жазылып калды.


"Лозунг", 9-сентябрь, 2010-ж.

"Альфа":
"Биз көтөрүлсөк, бийлик айласын таппай калат"
7-апрелдеги окуя жөнүндө ар түрдүү пикир, видеотехникалык далилдер болгону менен бул каргашалуу күн боюнча ойдогудай иликтөө иштери жүргөн жок. Ак үйдөн ок атылганы ырас. Башкы күнөөкөрлөр өлкөнүн сыртына чыгып кетти. Редакцияга азыр 7-апрелде элге ок атты деген айып менен шектелип абакта жаткан "Альфа" кызматкерлеринин ата-энелери жана кызматташтары кайрылышты. Алар каргашалуу окуя боюнча төмөнкүдөй ой бөлүштү.


Роман,
"Альфа" кызматкери
(белгилүү себептерге байланыштуу аттары өзгөртүлдү):
- 6-апрель күнү кечинде өздүк курамды чогултуп "тапшырма аткарууга барасыңар" деп, бирок кайда барарыбызды айтышпады.


Салкынай Алиева, ырчы:
"Өзүмдү көпкө чейин түшүнбөй жүрдүм"
- -Турмушка чыкканы көрүнбөй кеттиң? Ыр сүйүүчүлөр Салкынай Алиева деген ысымды унутуп калган жокпу?
- Эми бул суроону күйөрмандардын өздөрүнө бербесе... Бирок, ар кимдин өзүнүн күйөрманы бар деген чын. Мен көптөн бери жаңы ырларды жаздыра элекмин, сахнага да чыга элекмин, бирок ошого карабастан, мурдагы жаздырган ырларымды угушуп, мен жөнүндө кызыгып сурашып, көрүп калышса таанышканы мени кубантат.
- Буга чейин эмне менен алектенип жаттың?
- Ушундай бир учур болду, жашоодогу мындан аркы жолумду аныктаганга туура келди. Ошондуктан ырдан алыстап, эс алып, өзүмдү тапканга аракет кылдым. Ошол аралыктагы убактымды бүтүн бойдон үй-бүлөмө жумшадым. Бирок, эртеден кечке үйдө отуруп калган жокмун. Отуралбайм дагы, отургум да келбейт. Дайыма алектенчү бир нерсе сөзсүз таап алам. Орто Азиядагы америкалык университетте иштесем деген кыялым бар эле. Аным ишке ашып, ошол университетте иштеп аттым.



"Кыргыз руху", 10-сентябрь, 2010-ж.

Ууландыбы же кууландыбы?
Коёнектин ыры
Мен коёнек болгонмун,
"Капустага" тойгонмун.
Ашыкча жеп алганмын,
Ооруп жатып калганмын...

Азимбек Бекназаров ууланып калып, шаардык инфекциялык ооруканага түшкөнү жөнүндө маалымат бир топ маалымат каражаттарында жарыяланып кетти. Бул маалымат бир туруп, жалган делинсе, бир туруп, чын эле ууланды болуп өтө эле күдүк ойлорду жаратты. Бекназаров өзү муну чын деп да, жалган деп да комментарийлегиси келбей жатканына караганда, бу маалыматтты ал кандай пайдаланышты билбей жатат же мындай ушактын жаралышына өзү өбөлгө түзгөн деген ойго түртөт. Азимбек Бекназаров сегиз жылдан бери ар кандай саясий оюндардын казанында кайнап, таптакыр боркулдап бүткөн. Бир кезде канча литр канын Алматыдан алмаштырып келгени жөнүндө айтканы бар. Ошондо да бирде "алмаштыргам", бирде "алмаштырган эмесмин" деп эки сүйлөгөн. Аксы учурунда "таяк жегем,


Бек Борбиев:
"Үрп-адатын, каада-салтын сыйлаган адам улутчул"
- Саясаттын жолуна түшүп, партиялык тизме менен шайлоого аттандыңыз. Саясатка кеткен жол чыгармачылыгыңызга тоскоолдук кылбайт бекен?
- Таптакыр эле тоскоолдук кылбайт десем чындыктан алыстап кетишим мүмкүн, сөзсүз түрдө тоскоолдугу болот. Саясат менен алектенбей, же башка иштер менен алагдыланбай жалаң чыгармачылык менен иштесем менимче үзүрдүүрөөк болмок болушу керек. Бирок бажы тармагында иштеп жүргөндө деле чыгармачылыкты таштап койгон жокмун, буйруса саясатта деле ошондой болот болушу керек. Көкүрөктө чыгармачылыктын уюткусу бар болсо ага качан болбосун убакыт табылып, жүрөктөн жарала турган чыгарма убактысы келгенде жарык дүйнөгө келген наристедей кубаныч тартуулап жарала берет. Мен көбүнчө кечкисин, түн ичинде элдин баары таттуу уйкунун кучагына киргенде чыгармачылык менен алектенем, ошондуктан саясат менин жеке чыгармачылыгыма чоң тоскоолдук келтирбейт го деген ойдомун.
- Жыл сайын сентябрь айында берген концертиңизде күйөрмандарыңыз менен бирге туулган күнүңүздү белгилечү элеңиз. Жакында боло турган концертиңиздин багыты кандай болот, сурайын дегеним ушул учурда шайлоого карата агитациянын күчүнө кирип турган учуруна дал келет экен, балким агитациялык концерт болобу деген ой жаралышы мүмкүн да?


"Алиби", 3-сентябрь, 2010-ж.

Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы:
"Добушту бурмалайм деген жетекчи оңбой калышы мүмкүн"
Түштүк окуяларында миңдеген адамдардын үй-жайга болгон документтери жана инсандыгын аныктаган күбөлүктөрү күйүп, жоголуп кеткен. Алардын документтерин калыбына келтирүү иши кандай болууда? Ошондой эле, редакциябызга Ош облусунун Папан-жана Төлөйкөн айыл округдарынын ортосундагы жер чатагы боюнча келген катка жооп берүүсү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго бир топ суроолор менен кайрылган элек.

- Ош облусунун Папан жана Төлөйкөн айылдык округдардын ортосундагы жер чатагы боюнча айтып берсеңиз. Ал жерде эл эки жаат болуп урушканга чейин барып жатышат дешүүдө ?
- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык округунун Учар жана Жапалак айылдарынын жашоочулары, реформа учурунда Учар айылына жакын сугат жерлер туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүн айтышып, 2000-жылы 15 га, 2003-жылы 20 га жана 2005-жылы 42 га жерди Папандыктарга жеке менчик турак үй курууга бергендигине нааразы болушуп, трансформация болгон 42 га сугат жер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жокко чыгарууну талап кылышкан талаш кырдаал түзүлгөн.


Кубанычбек Кадыров, экс-депутат:
"Эгер мен акча алсам, 200 миллион сомго кылмыш ишин козготуп, 45 миллионду төктүрөт белем"
- Кубаныч мырза, учурда эмне менен алектенип жатасыз, дегеним, акыркы күндөрү Сиздин ишмердүүлүгүңүз боюнча, саясий жүрүшүңүз боюнча ар кандай кептер айтылууда.
- Өзүңүздөр күбө болуп, эл менен чогуу жүрүп, Бакиевдин криминалдык бийлигин кулаттык. Өкүнүчтүүсү, ондогон жигиттерибиз шейит кетип, жүздөгөн мекендештерибиз түрдүү жарааттарды алды. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Анткени, жеңиш оңой-олтоң келген жок. Ал окуядан кийин Бакиевдер менен кармашып, анын саясатына макул болбогондор Убактылуу өкмөттү түзүп, бийликке келди. Алардын катарында мен да ИИМ министри Болот Эсентаевичтин буйругу менен аталган тармактын орун басарлыгына бекидим.
- ИИМ орун басарлары Президенттин буйругу менен бекийт дегендер болду…
- Президент качып, революция жасалып, оор кырдаал түзүлгөндө УӨ тарабынан Болот Шерниязга орун басарларынды өзүң бекиткин да иштегин деген укук берилген экен. Ошол укуктун негизинде бизди бекитип, он беш күндөй өз кабинетибизде түнөп иш алпардык. Жыйынтыгында бир топ ийгиликтерге жетиштик десем болот. Ошондо мага экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы башкармалыкты беришкен. Бакиевдер чыйыр салган коррупциялык системаны сындырганга аракет кылдым. Үйбүлөлүк клан менен бирге иш кылган адамдарды кармап, мамлекеттин акчаларын кайтарганга аракет жасадык.


Ислам нуру, 2010-ж.

"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
"Ахлу" бизчесинен "эл". Демек, "Ахлу сунна" - бул сүннөт эли же болбосо, ар бир амалында, сөзүндө жана ой-пикиринде пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ээрчиген адамдар. "Сүннөттүн" кыргызчасы "жол". Башкача айтканда, пайгамбарыбыздын жана анын сахаабалардын диний жолу. Дал ушул жолго ээрчигендерди пайгамбарыбыз "жамаат" деп атаган. "Жамааттын" мааниси "бир нерсеге чогулуу". "Жамааттын" тескериси "бөлүнүү". Демек, "Ахлу сунна вал жамаат" дегени, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн тегерегине чогулган сахабалар, табеиндер жана тээ кыяматка чейин дин-ыйманда аларды ээрчиген адамдардын ынтымагы. Алар ар кайсы замандарда жалаң сүннөттүн тегерегине чогулушат жана бидяттан алыс болушат. "Бидят" дегени - бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө дал келбеген, кийин ойлоп табылган диний жөрөлгөлөр.


Автордон:
Күндөрдүн биринде жогорку даржадагы мамлекеттик кызматчылардын бири ушул саптардын авторун өзінін кабылдамасына чакырып: "Хизбут-Тахрир" жана халифат жөніндө анык маалымат бере турган бир китеп жазбайсыңбы" деген сунушун айткан эле. Чамамда, бул сунуштун айтылышына менин республикалык массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн Ислам, агымдар жана тарых жөніндөгі илимий-аналитикалык жана публицистикалык макалаларым себеп болсо керек. Чынында, халифат деген эмне? Анын динге, пайгамбарга кандай байланышы бар? Ислам тарыхындагы орду кандай? Халифат жөніндө Ыйык Кураанда, Мухаммад пайгамбарыбыздын хадистеринде жана ислам тарыхында эмне деп айтылган? Эл арасында ушул сыяктуу бири-бирине карама-каршы пикирлер, суроо-жооптор өтө көп.


"Аргумент kg", 2-сентябрь, 2010-ж.

Клара Ажыбекова, "Кыргызстан Коммунисттик партиясынын" 1-катчысы:
"Булар Акаев, Бакиевден да ыплас саясат жүргүзүп атат"
Парламенттик шайлоого ат салышууга аттанган Кыргызстан Коммунисттик партиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраптыр. Кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүү себебинен улам катыша албагандыгын эшиттик. Чын-төгүнүн билүү максатында партиянын 1-катчысы Клара Ажыбековага кайрылып муну уктук.

- Партияңыздар шайлоого катышуу укугунан эмнеге ажырады?
- Чынында катышууга катуу белсенип кириштик. Сьездди 14-августта өткөрүп, талапкерлердин тизмесин эң алгачкылардан болуп дайындаганбыз. Тийиштүү документтерди, мыйзамга ылайык ар улуттун өкүлү, талапкерлердин арасындагы жаштар, аялдардын саны нормалдуу болгон. Сьездди өткөрөрдүн алдында эле бизге тоскоолдук, коркутуулар боло баштады.
- Кимдер тарабынан?
- Байкаганым, активдүү коммунисттерибиз тизмени көпкө беришпеди.
- Кайсы күчтөр тоскоол болду?
- Башка партиялар тарабынан.


"Эл сөзү" гезитинин жетекчиси Сагынбек Момбеков:
"Буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар"
- Сагынбек байке эмне себептен бир жума гезитиңизди кармашты?
- Гезиттин ошол күнкү санына Байболов, Текебаев тууралуу такталган маалыматтарды бергенбиз. Анда Байболовдун өзү качкын деген статус менен өкмөттө иштеп жүргөндүгү, аялы Америкада залогдо жаткандыгы тууралуу жазылган. Андай болбосо эмне үчүн аялы али күнгө чейин Ата-Мекенде төртүнчү орунда турса да, Кыргызстанга келбейт? Бойболов " Ак иштегем, акчам жок" деп алакан жаят. Акчасы болбосо кантип бул партияга кирсин. Анткени, Ата-Мекен акчасы аз адамды алдыңкы орунга койбойт. Андан башка дагы Турсунбай Акундун Ош окуясы тууралуу так маалыматтар менен далилденген материалы кеткен. Мындан сырткары, Медетбеков тууралуу да жазылган. Балким, Медетбековго Россиянын көзү түз болуп калабы деп да коркушкан чыгаар. Ушунун баары чогулуп келип биздин гезитти бир жума кармоого себеп болду окшойт.
- Сизден башка да бирөөлөр жабыр тарттыбы?
- Ошол күнү кызматкерлерди да уруп сабап кетишкен. Башына целофан баштык кийгизип уруп, көгөрүп калбасын деп желим бөтөлкөгө суу куюп сабашкан. Ошонун ичинде элдик кеңештин мүчөсү Жыргалбекти, дагы бир топ балдар жабыр тарткан. Бул балдар Каркыра сатылып кеткенде элдин таламын талашкан балдардын бири.


"Адилет press", 9-сентябрь, 2010-ж.

Сапар ОРОЗБАКОВ
Түштүктөгү коогалаңды ким уюштурган?
(Башы гезиттин 5-августтагы №1 санында)
3. Дос болумуш этип аркадан сайгандар бар
Ош окуясын териштирүү үчүн улуттук жана эл аралык деп бир эмес, эки комиссия түзүлдү. Бирок алар өз ишинин жыйынтыгын чыгара элек. Ал эми массалык маалымат каражаттары жөнүндө айтсак, алар бул темада көп жазышкан менен, алардын арасында биз сөз кылып жаткан үчүнчү күч жөнүндө бир пикир жок. Орусиянын гезит, журналдары, радио-телевидениелери жана Интернет сайттарынын айрымдары үчүнчү күч деп ислам экстремисттерин айтса, экинчилери табышмактатып, сөөмөйүн батышка, тагыраак айтканда Америкага кезейт. Ушуну да көрбөгөн кандай сокур немесиңер дегенсип. Жашырганда эмне, кыргыздардын көпчүлүгү дагы эле Орусиянын массалык маалымат каражаттарын чындыктын акыркы үлгүсү катары тутуп, ал жактан чыккан үндү жантыгынан жата калып тыңшайт. Ошол себептен ОБСЕнин полициясын киргизбейбиз дегендер көп болуп жатпайбы, ОДКБга ишенип.
Батыш болсо июнда эле эмес, апрелде эмне болуп кеткенин түшүнбөй башы маң. Башында ал Орусия көңтөрүш жасап жибердиби деп шекшип, Кыргызстандын бийлигин бир жумадан кийин гана тааныды. Ал эми август, июнь окуялары алар үчүн дагы эле түшүнүксүздөй сезилет. Мындан үч жума мурда Хьюман Райтс Вотч "Акыйкаттык кайда? Июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык кагылышуу" деген ат менен килейген докладын жарыялады. Эгерде Оштогу кагылышууну уюштурган ислам кыймылы болсо, ага байланыштуу кичине шек-шыбаа болсо, ошолор айтат эле го, сакалчан көрсө итатайы тутулган. Докладда ислам кыймылы жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр.


Өмүрбек Абдрахманов:
"Кыргызстанда чоң жаңылануу, тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө"
- Кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарына улутчулдар деген жарлык тагып жаткандар аз эмес. Ушул көрүнүш эмнеден келип чыгууда?
- Кыргыздын ар бир жараны патриот болуп эсептелет. Ал патриоттордун кимиси кандай көрүнөт? Кээ бирөөлөр "мен мекенчилмин" деп ачыктан-ачык чыгып жүрүшөт. Көчөдө антип куру кыйкырып жүргөндөр булар жарма патриоттор. Алардын жасаган ишин карап көрсөң, коомдун өнүгүшүнө салымы жок, баатырдык эпосторду, элдик баатырларды даңазаламыш болуп, Салижан Жигитов айтмакчы, "көзүн желкесине тагып алгандар көбөйүп кетти". "Мекенчил" деп айтканга татыктуу боло турган эч нерсе жасашпайт, биздин келечегибиз каякка баратат, канткенде өнүгөбүз деген сыяктуу суроолор менен баш оорутушпайт.
Азыр Кыргызстанда чоң жаңылануу жүргөн тарыхый мезгил өкүм сүрүүдө. Бир коомдон экинчи коомго өтүп жатабыз. Мурунку диктаторлук коомду да баштан кечирдик. Ал коом кандай коом эле? Тээ компартия заманында камчы менен камчылап келишти. 10 млн. ашык адамдын, кыргыздын нечендеген кыраандарынын өмүрү кыйылбадыбы. Андан бери келип, Акаев да, Бакиев да диктатордук мамлекет курабыз деп аракет кылды. Бакиев диктатордук эле эмес, канкор бийликти түздү.


"Учур", 9-сентябрь, 2010-ж.

Маскөө Атамбаевди тандады, анан?..
Шайлоо кампаниясы марага жакындап калды. Эртең үгүт иштери башталат. Туура бир айдан кийин добуш берүү жүрүп, шайлоого чекит коюлат. Ким жеңет, кимиси утулат, ызы-чуусуз өтөбү (?), же... Мына ушундай суроолор бүгүн элдин оюн онго, санаасын санга бөлүүдө. Быйылкы шайлоо мурдагылардан кыйла өзгөчөлөнүп, түшүнүксүз жактары ого эле көп. Деги эле, "бала болуп, башыма жүн чыкканы..." дегендей, эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу азыркыдай ("баары бир мен жеңем" дегени жок, көкбөрү стилинде) шайлоо болгону жаткандай. Буга чейин шайлоолордун баары эле эки жаат болуп өтүп, бир тарабы сөзсүз бийлик болсо, экинчи тарабы ага каршылардын уюшмасы болуп, өйдөкүлөрү "баары бир байге биздики" деп коңкоюп, бийлик оппоненттери элге таянып, тырмышып, байгеге жетпей, ага деле болбой күрөшүн улантып...
Айтор кимдин-ким экени эрте эле билинип калчу. Азыр болсо, ар кимиси ар тарап болуп, элдин башы маң. КСДП, "Ата Мекен", "Акшумкар" партияларын, бийлик дейин десең аларың деле ар кимиси өз-өзүнчө, анын үстүнө теңчиликтүү шайлоо болсун деп баары кызматтарын да өткөрүп беришти. Ага деле болбой булардын губернаторлору, акимдери отурат, административдик ресурсту колдонушат деген айыптоолор айтылууда.
"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялардын болсо мурунку бийликтин "камчы чабарлары", коррупционерлер деген калбыры бар. Ал эми "Акыйкат" (А.Жекшенкулов), "Айкөл эл" (Э.Байсалов), "Актилек" (С.Заиров), "Замандаш" (М.Өмүракунов) партияларына карапайым эл ишеним артып атканын тана албайбыз.


Шайлоо: коопсуздук көзөмөлдө болот
Парламенттик шайлоо алдында жана андан кийин да Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, өлкөнү бөлүп-жарууга жана улут аралык жаңжалды козутууга аракет кылган партия өкүлдөрүнө катуу чаралар көрүлөт. Жагдайга жараша шайлоо токтотулуп, өзгөчө кырдаал жарыяланышы да ыктымал.
Бул тууралуу президент Роза Отунбаева 7-сентябрда Бишкекте өткөн "Мыйзамдардын сакталышы - шайлоо коопсуздугунун кепилдиги" деген аталыштагы форумда белгиледи. Форумга шайлоого ат салышууга ниетин билдирген 29 партиянын өкүлдөрү катышып, алардын көпчүлүгү добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулат деген кооптонуу билдиришти.
Форумда 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо болуп кетүү ыктымалдыгы бар тополоңдор менен ызы-чуулардын алдын алуу, шайлоодогу коопсуздук маселеси талкууланды. Форумга катышкан президент Роза Отунбаева алдыдагы шайлоо өлкөдөгү демократияны өнүктүрүү жана жалпы Кыргызстан тагдыры үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Президенттин айтымында, шайлоонун ачык жана айкын өтүшү үчүн өкмөт бардык чараларды көрөт:


"Форум", 7-сентябрь, 2010-ж.

Владимир Путин пообещал лидеру СДПК Алмазбеку Атамбаеву десять миллионов долларов
Председатель правительства РФ Владимир Путин принял в четверг лидера Социал-демократической партии Киргизии Алмазбека Атамбаева. Об этом сообщил журналистам пресс-секретарь главы правительства Дмитрий Песков, передает ИТАР-ТАСС.

По словам Дм.Пескова, "в ходе состоявшейся беседы Владимир Путин проинформировал Алмазбека Атамбаева о принятом сегодня на заседании президиума правительства решении о выделении 10 млн. долларов в качестве помощи Киргизии".
Кроме того, сказал Дмитрий Песков, на встрече обсуждались вопросы касающиеся "оказания иной помощи Киргизской Республике". На встрече отмечалось, что недавние трагические события в Киргизии отрицательно сказались на ВВП этой страны, приведя к его падению, сказал пресс-секретарь главы правительства России.


Рыскелди МОМБЕКОВ,
экс-министр, социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Барып келгенди эмес, алып келгенди айталы"
- Рыскелди мырза, өткөн аптада партия жетекчиңер Алмазбек Шаршенович Орусияга барып, ал жактын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуп кайтканы кабарланды. Ушул тууралуу учкай кеп салып берсеңиз?
- Ооба, Алмазбек Шаршеновичтин Орусияга болгон расмий сапары, алардын Кыргызстанга бере турган 10 миллион долларлык жардамы тууралуу кабарды Орусиянын бардык массалык маалымат каражаттары таркатты. Оболу биз анын барып келгенин эмес, олчойгон каражат алып келгенин айтканыбыз оң болот. Кана айткылачы? Кайсы партиянын лидери качан, кимден канча каражат алып келе алды? Жок. Демек, буга дагы кайчы пикирлер болбошу керек.
- Муну менен эмнени айткыңыз келип жатат?


"Асман пресс", 5-август 2010-ж.

Аскар Салымбеков, коомдук ишмер:
"Депутат болгум келбейт"
Учурда абройлуу, акчалуу адамдарга ар кайсы партиялардан сунуш түшүп, баардыгы шымаланып шайлоого аттанып жаткан кез. Эмнегедир Аскар мырзанын дайыны чыкпай калды деп эл ичинде күбүр-шыбыр көп. Биз бул мырзаны редакцияга конокко чакырып, азыноолак маек курдук.

- Аскар мырза, шайлоого билек түрүнүп, партиялык жарыш болуп жаткан учур. Эмнегедир сиз унчукпайсыз да?
- Эми баарыбыз эле саясатташып кетсек болбойт го. Азыр бизнеске жаңы шарттар ачылып атат. Жаңы президентибиз, өкмөтүбүз ишкерлерге көңүл буралы, ишкерлер аркылуу өлкөбүздүн экономикасын бекемдейли, көтөрөлү деген ой-пикирлерин айтып атат. Мен аларга толугу менен кошулам. Бүткүл дүйнөнүн тажрыйбасында базар экономикасы болуп жаткандан кийин жеке ишкерлерге шарттарды түзүп беришибиз керек. Гүлдөгөн өлкөлөрдүн баардыгы мына ушундай жол менен өнүккөн. Мен бир жолу Москвага делегаттар менен барганда Лушков айтты эле, "Москваны гүлдөткөн ишкерлер болду, ишкерлердин психологиясы чиновниктикинен башкача болот экен" деп. Көрсө чиновниктер саат тогуздан бешке чейин иштейт, ошонун ортосунда кофе ичишип, өздөрүнүн жумуштарын бүтүрүшүп, ойлонгондо жумуштун теңин гана ойлонот экен. Ал эми ишкерлер 24 саат бою бизнесимди өнүктүрөм, жумуш орундарын ачам, казынага акча төлөйм деп ойлонуп жүрөт. Өзү да жакшы жашоого умтулат. Анан ар бир эле адамдын психологиясы бир жерге токтоп калгандан алыс. Дагы жогоруласам дейт. Кээ бири байлыктын аркасынан түшүп алышат. Кээ бири өзү да жыргап, элге да жардамдашып, мамлекетке да көмөктөшөт. Мен эми ушу саясатка пауза берип, андан оолак болууну чечтим. Андан көрө экономикага салым кошсом дейм.


Динара Ошуракунова, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жетекчиси:
"Конституцияда декрет деген сөз жок"
- Кыргызстандын бүгүнкү учурдагы абалы кандай? Дегеним, биз мыйзам талаасында жашап атабызбы?
- Албетте, юридикалык жагынан мыйзам талаасында жашап жатабыз. Анткени 27-июнда биз атайын референдумга катышып, бүткүл Кыргызстандын эли шайлоодо жаңы Конституцияны колдоп, өздөрүнүн добуштарын беришти. Ушундан кийин ойлойм чындап укук талаасына кирдик деп. Экинчи суроо, ошол укук талаага киргенден кийин биз жүз пайызга алмашып кеттикпи деген маселе. Тилекке каршы, биз алмаша элекпиз. Анткени, көбүндө эле баягы эски кадрлар, мурдагы эски система иштеп атат. Жаңы системага келе элекпиз. Мунун баарын биз алмаштырганга көп убакыт керек. Ошондуктан баарыбыз мыйзамды сыйлап, бийлик биринчилерден болуп мыйзамды сыйлаганын көргөзүшсө, анда биз укук талаасына толугу менен киребиз.
- Баягы эле эски кадр деп калдыңыз. Сиздин оюңузча кадрларды кайдан алыш керек?


"Айат", 9-сентябрь, 2010-ж.

Ааламды таңдандырган кыргыз дүйнөсү жана
Чочунбаеванын чоң эрдиги
Жарыктык чоң кайненем Райкан токсонду оодарып барып дүйнө салды.
Биз эле эмес бүт айыл "ЭНЕ" деп ызаат кылып, алдынан кыя өтчү эмес.
Анысы айылдагы эң кары адам катары эле эмес, кара кылды как жарган калыстыгы, көптү көргөн көсөмдүгү жана эң башкысы - колунан көөрү төгүлгөн чебердиги үчүн да болсо керек. Ошол энемдин колун салаңдатып бош отурганын көргөн жокмун. Бир карасам, жүнгө асылып жаткан, бир карасам ийик ийрип же тери өңдөп жаткан…, айтор ары өтүп, бери өтүп көзүмдүн кыйыгын салганым болбосо, жанына отура калып, бирдеме үйрөнүп алайын деген ой болбоптур. Бир кана жолу энем: "кызыңдын көшөгөсүнө чаян боо жасап жатам, муну бары эле биле бербейт, көрүп алсаң" - деп калды.


"Көздөрүнө бычак сайып, оозун жырган"
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.

"Жамандын коногу билет" болуп, кыргыз эли алсыз калкка айландыкпы? Гүлдөгөн эгемендүү мамлекетте жашасак да, кай бир мезгилде баш калкалап, төрүбүзгө кирип, өтүктөрүн илип алган, түштүк тараптагы өзбектерге корбузбу? Ош, Жалал-Абаддагы июнь айындагы коогалаңдан мыкаачылык менен, дене-башы бышылып, кыздардын эмчектери кесилип, боюнда барлардын кардылары жарылып, каза тапкан кыргыздардын арбагы канкорлорго тынчтык берер бекен?!... деген суроолор кооптонтот. Адам баласы кайсы учурда, кай жерде болбосун ажалга баш ийет. Бирок, он эки мүчөсү толук эмес, жансыз сөөк деле өз мүчөсүн жоктойт чыгаар.


"Аалам", 9-сентябрь, 2010-ж.

Александр Тарев
"Инкомполис" компаниясынын ген директору:
"ИИМге жардам кылганыбыз-биздин инвестициябыз"
Редакциядан:
Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган макалада республиканын ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу кылмышкерлерди издөө Башкы Башкармалыгынын имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасын курууда иштеген адамдардын эмгек акыларын ала албай жаткандыгы жөнүндө сөз болгон эле. Бүгүн биз ушул маселеге түздөн-түз тиешеси бар экинчи тараптын маалыматын жана ой-пикирин окурмандарга жеткирүүнү чечтик.

"Инкомполис" камсыздоо компаниясынын башкы директору Александр Борисович Тарев:


Шайлоо боюнча үгүт иштери эртең башталат !
Шайлоонун үгүт иштеринин башталаарына бир эле күн калды. Гезитибиздин саны буга бир күн жетпей чыгып атканына байланыштуу Боршайкомдун партияларга жасаган эскертүүсүн эске алып, тизмеде номур биринчи болуп турган таанымал партиялардын лидерлерин тандап туруп, "тренирөпкө кылып атышкан" жеринен "тартып" тамашалап койдук. Муну менен бирге биздин редакция парламентке жетсек дегенге ак эткенден так эткен бардык партияларга ийгилик каалайбыз



"Леди kg", 24-август, 2010-ж.

Зульфия:
"Бошонсом Уланды издеп табам,
бирок, түрмөгө камалганым
тууралуу айтпайм"
Бирөөнүн асыл жары, бирөөнүн мээримдүү энеси, бирөөнүн наздуу кызы болуу кандай бакыт? Биздин бүгүнкү каарманыбыз эне мээримине зар болуп өскөнү аз келгенсип, аялдык бакытын да тапкан жок, тогуз ай көтөрүп, омуртка сыздата төрөгөн өз кызына да ээ боло албады... Көрсө, тагдыр аны али калчап бүтө элек экен. Темир тор артына келгенде жогорудагы бактысыздыктарынын баары биригип келип да түккө арзыбай калды. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган күлгүн жаштыгын Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө өткөрүп жаткан 20 жаштагы Зульфиянын тагдырына сиз дагы ортоктош болуңуз.

- Зульфия, бул жагымсыз жайга сени кандай тагдыр айдап келди? Өзүң жаш, татынакай кыз экенсиң...
- Мен бул жерге хулиганчылык менен түшкөм. А негизги себеби - ичкилик.
- Эмне, иччү белең?


Роза Акназарова:
"Ар бир адам өзүнүн "чатырына" ээ болуш керек"
Кыргыздын көрүнүктүү кыздарынын бири, көп жылдардан бери белдүү кызматтарда иштеп, Кыргызстандын экономика тармагына өз салымын кошуп келген айым Роза Акназарова өзүнүн "Эл ынтымагы" партиясы менен бирге ири партиялардын бирине кошулду.

Акназарова
Роза Корчубековна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын илимий эмгектери биздин өлкөдө гана эмес, көптөгөн чет мамлекеттерде да кеңири таанылган. Илимий-изилдөө эмгектери негизинен агрардык экономика, эмгек мамилелери, агрардык секторду каржылоо маселелерине арналган. Роза Корчубековна Улуттук банкта бөлүм башчы, андан соң банктардын карыздарын реорганизация жана реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директору болгон. Кыргызстанда алгачкы жолу "Төлөө балансын" иштеп чыгып, пайдаланууга киргизгендиги жана акча-кредит саясатын жөнгө салуу жолдорун иштеп чыккандыгы үчүн "Эмгеги сиңген экономист"

"Апта", 22-июль, 2010-ж.

Кыргызстан наркокоридор болуп калган
- ОБСЕнин полициялык тобун түштүккө киргизүү тууралуу сөз жүрүп атат. ОБСЕ полицияларын киргизүү турабы?
- Бул ОБСЕден полицияларды киргизебиз деген маселе эларалык коомчулуктун ортосунда Кыргызстан жөнүндө ар кандай ойлор болуп кетти да. Суранычтын башы башкача мааниде болгон. Кыргыздын күч коргонуу органдары туура эмес мамиле жасап атат дешип, эларалык полициялар кирсин деген сунуштар болгон.Бирок, азыркы келе турган полициялар менен ал суранычтардын ортосунда айырмасы бар.
- Кандай айырма?
- Булар өлкөдө конфликттер чыгып кетсе, алардын ортосуна түшпөйт. Булар биздин милицияга кеңешчилик жардам берет. Конфликт боюнча мониторинг жүргүзүп, тренинг өткөрөт. Конфликттерди кандай кылып жоюш керек. Конфликт болуп өттү. Конфликт бүткөндөн кийин кайрадан чыгып кетпеш үчүн кандай аракеттерди жасаш керек. Жетишилген, тынчытылган акыбалды кантип сактап калыш керек.Бул боюнча батыштын полицияларынын тажрыйбасы чоң. Биздин милицияда, Советтик түзүлүштөн өз алдынча мамлекеттерде бул боюнча тажрыйба аз, жокко эсе. Ошон үчүн булардын тажрыйбасы бизге керек. Бирок, мунун укуктук негизин караш керек. Биз, албетте ОБСЕге мүчөбүз, бирок, ОБСЕнин полициялык күчтөрү кайсы келишимдин негизинде кирет деген маселе чыгат.


Карабалта крим каармандары?..
Карабалта шаарынын көмүскө кожоюну, криминалдык дүйнөдө "Бокуш" аттуу жарлыгы бар, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин Чүйдүн батышына койгон өкүлү делген Алмаз Бокушевге байланышкан окуя коом ичинде кызуу талкууга алынып жаткандыктан, биз эки тараптын оюн гезитибиздин бетине жарыялоону туура таптык . Тилекке каршы, Алмаз Бокушев тарап менен байланыша алган жокпуз. Ошентсе да, Кара-Балтада кандайча "беспредел" болгондугу жөнүндө ГУУР жана ИИМдин басма сөз кызматы ушул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен жолугушуу уюштурду. Тергөөчү ГУУРдун башчысынын уруксаты менен бизге интервью берип, маек учурунда өзүнүн аты-жөнүн атагандан баш тартты.

- Кара-Балта шаарына кандайча барып калдыңыздар?
- Ушу жылдын 6 - июлунда тергөө башкармалыгына бир жеке ишкерди кылмышкерлер Бишкектин сыртына алып чыгып, денесине жаракат келтирип, болжолу миллион доллар талап кылгандыгы тууралу маалымат түшкөн. Кылмышкерлер бизнесмендин жеке буюмдарын, машинасын тартып алып, эртеси акчаны алып келишине мөөнөт коюшуптур. Эртеси эле атайын ыкчам аракет жасалды. 3 адам кылмыш кодексинин адам уурдоо, эркинен ажыратуу, каракчылык, опузалап акча талап кылуу, бирөөнүн автотранспортун зордуктап тартып алуу деген беренелер менен айыпталды. Ушундай беренелердин негизде 2 кылмышкер кармалып, СИЗОго киргизилди. Бирөөсү качып кетти. Кармалган кылмышкерлер шеригинин атын, дарегин айткан. Кийин Карабалта шаарынын оперлеринен шектүү кылмышкер эки үйдө жашынып жүрөт деген маалымат түштү.



"Zaman Кыргызстан", 18-июнь, 2010-ж.

Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?
Төрөкул Дооров Азаттык
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".


Ош окуялары кантип башталды?
Нуржигит Кадырбеков Ош шаары
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Азыр бул окуяларды ким жана эмне үчүн баштады деп баш ооруткандар, сереп кылгандар көп. Бирок, бул өңүттөгү билдирүүлөрдү өтө абайлоо жана кылдаттык менен жасабаса, негизсиз, эмоциянын жетегиндеги божомолдор карама-каршылыктарды кайра ырбатып жибериши толук мүмкүн. Менин көз карашымда, Ош жана Жалал-Абад окуяларынын пайда болушуна айрым жеке адамдардын, өлкөдөгү саясий кырдаалдын жана эл аралык айрым факторлордун таасирлери тийди.
Ушул жылдын май айынын башынан тарта Ош шаарынын Фурхат, Он-Адыр сыяктуу жерлеринде эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда майда кагылышуулар болгон. Жергиликтүү аксакалдардын, бийликтин, коомдук ишмерлердин, жамааттардын аракети менен ал кагылышуулар токтотулуп, улут аралык чыр-чатактын чыгышына жол берилбеген. Айрым кызуу кандууларды эсепке албаганда урушуп-талашууга жергиликтүү кыргыздар деле, өзбектер деле кызыкдар болгон эмес. Анткени, ар бири бейпил турмушта жашагысы келет. Соодалары, ишкердиктери, менчик ишкана-дүкөндөрү, үй-мүлк, мал-жандыктары, эң башкысы Кудай берген өмүрлөрү корголбой калуу коркунучу эч кимге керек эмес.


"Ислам маданияты", 30-май 2010-ж.

Кудайдын Сөзүн өз кызыкчылыгынан жогору коё алган адам гана Муфтий боло алат
Ниязали Арипов
Ата-бабаларыбыздын дуба тилектери кабыл болуп, Кыргызстаныбыз 1991-жылы эгемендүү республика катары дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан татыктуу ордун алды. Анын шарапатында дин эркиндиги колубузга тийип, мусулмандар намаз окууга, дуба кылууга кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Жаш муундарга дин тарбиясын берүүгө, үгүт-насыят иштерин кең-кесири жасоого мүмкүнчүлүк алганыбызга Аллах Таалага шүгүр айтуубуз лаазым. Мээрими чексиз Аллах Таала Өзүнүн ыйык сөзүндө "Эгерде бергениме шүгүр кылсаңар жакшылыгымды арттырам…" (Ибрахим сүрөсү, 7-аят) деген.
Андыктан Ислам дини дегенде ыйыктыкты, аруулукту түшүнгөн, молдо дегенде ыймандуулукту, адилдиктин даанакерлигин көрө билген мусулман калкыбыздын ишенимин канчалык деңгелде актай алдык деген суроонун айланасында ойлонуу убактысы келди. Дин чөйрөсүнө тийешеси бар жана таасир көрсөтүүгө чакырылган адамдар эмне менен алек болуп жатабыз? Эртең Улуу Жараткан алдында кандай жана кайсы иштерибиз менен эсеп беребиз?


Мыктыбек Арстанбек:
"Элди башкарам деп атасыңар, жок дегенде элдин динин үйрөнүп койбойсуңарбы"
- Мыктыбек байке, азыр конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатат, эң негизги дин эркиндиги боюнча мамлекет динден сырткары, башкача айтканда, "светтик" деп айтылып жатат. Бул мусулмандардын арасында канчалык деңгээлде нааразычылык жаратат? Муну жаңы долбоорго киргизиш керекпи же жокпу?
- Бул биринчиден, "светтик" деген сөз менен, бул сөздү алып коюу менен мамлекет диний болуп кетпейт, демократиялык деген сөздүн өзү мамлекет динден тышкары дегенди билдирет. Эми мейли бизге ушундай тарыхый бир сыноо болуптур, биз ушуларга баш ийет экенбиз. Эми ушундай демократиялык мамлекет кургандан кийин кайра светтик деген сөздү бурмалашып жатат, биз кайра дагы динсизбиз деп жатат. Динсиздик - каапырдык. Мейли 99 жолу жазып алсын. Мен эмне үчүн динсиз деген сөзгө каршымын. Себеп дегенде булардын бул сөздү киргизүүдөгү максаты мусулмандарды укугун тебелөө. Ноокат окуясында мамлекеттик түзүлүштү оодарууга аракет кылды, светтик мамлекеттик деген нерсе менен отуздай баланы 23-27 жылга камады. Ар бир мусулмандын тырмагына чейин зыркырады.


"Эл сөзү", 25-май, 2010-ж.

Эмикисин эл кечирбейт
Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында дагы бир жолу элдик ынкылап болду. Болгондо дагы бул жолкусунда жүздөгөн жарандарыбыздын каны менен азабына забын болгон ынкылап деп айтабыз. Аттиң ушундай окуя болбосо болмок, болгондон кийин оңолсо болмок. Алгач СССРдин кыйрашы менен Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи катчылар эле аттарын өзгөртүп, Ажо деген статуска ээ болушту. Биздин Кыргыз өлкөсүндө андай кадамга жол бербей ачкачылык акциясы менен ошол кездеги биринчи катчы А. Масалиевди айдап, А. Акаевди Ажо кылып, уу дуу болдук. А. Акаевдин келээри менен мен Кыргызстанды экинчи Швейцария кылам деп дүңкүлдөгөнү али күнчө элибиздин эсинен кете элек.

"Айгай", 6-май, 2010-ж.

РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
жэ
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?
Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирин-бири шектүү караган эл.Тукулжураган экономика. Баягы эле КТР. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Жаңы демагогдор эски демагогдордун ордун баскандай. Ак үй болсо муздак, күмбөзгө окшоп күңгүрт. Бери жагында 86 баланы жоктоп көпчүлүк ыйлап турат.

Баарынан да кызыгы, баягы эле болтовня. Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, эч кимди жолотпойбуз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Башкача айтканда, кудум эле 2005-жылдын дал ушул маалы. Накта "ксерокопиясы". Ошондо да кудум ушундай сөздөр айтылган. Баарын ордуна келтиребиз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкен. Атайын план менен иштеген сыяктуу, Бакиев тобу мурунку замандын жалаң жаман жагын узартып, жакшы жагын унутуп, жаманын андан ары күчөтүп, үй-бүлө бийлиги мындай турсун, нака Кокон хандыгын орнотушкан.


Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"
Кыргызстандын убактылуу жетекчилери 2-3 партия үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылышы керек.
- Аликбек мырза, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалга жана убактылуу өкмөттүн бүгүнкү жасап жаткан иштери сизди канааттандырабы? Анткени, калк арасындагы нааразычылык күндөн-күнгө көбөйүүдө.
- Чындыгында кырдаал тынч деп айтууга эртерээк кылат. Баш-аламандык көп, коомдо нааразы болгон адамдардын калың катмары пайда болду. Мунун башкы себебтеринин бири - кадр маселелери. Шашып дайындап жиберишип, алардын профессионалдык денгээли, тазалыгы эске алынбай калууда. Ал аз келгенсип, эртен менен бирөө, түштө экинчиси, кечинде башкасы болуп, бир күндө 3 жетекчи алмашууда. Убактылуу өкмөттүн экинчи чон катачылыгы - экономикалык абалды көзөмөлдөй албай жаткандыгы. Мына, чек аралар жабык. Солярка кымбаттап, жазгы талаа иштери үзгүлтүккө учуроодо. Эртен бензиндин баасы жогорулашы мүмкүн.


"Эл сөзү", 27-апрель, 2010-ж.

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
"Жер баскандардын көбү -өзүнчө мафия"
- Иса Шейшенкулович, маегибизди абдан көйгөйлүү маселеге айланган жер басып алуу маселесинен баштасак. Ушул маселенин күңгөй-тескейине кененирээк токтолсоңуз?
- 7-апрелде элдин эркиндиги үчүн курман болушкан баатырларыбыздын сөөгү жерге жашырыла электе, алардын туугандарынын, жалпы элдин ыйы басыла электе биздин айрым жарандарыбыз атайы уюшкандык менен өздөрүнчө топ түзүп алышып, башка миңдеген адамдарды үндөшүп, алардын көбүн каржылап, шаардын ар кайсы тарабында жер басып алуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүштү. Негизинен, бул такыр туура эмес, өзүн жана элди, Мекенди сыйлабастыкка жатат. Себеби курман болгон 100гө чукул жаштарыбыз өз жандарын ушулар жер басып алып, мамлекетибизде баш аламандык уюштурсун деп беришкен эмес.



"Көкжал Жылдызды касиеттүү
Докемдин асыл арбагы колдойт"
Жылдыз Мусабекова деген ысым, кыргыз журналистикасына өзгөчө чыйыр жол салган айымдардын бири экени жалпыга жакшы маалым. Жылдыз эжебиз, жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, оппозициялык маанайдагы журналисттердин алдыңкы сабында болуп келди. Акыркы жылдары "Эл сөзү", "Форум" гезиттеринде үзүрлүү эмгектенип, Бакиевдик режимдин кулатылышына курч макалары менен чоң салым кошту. Эми аталган гезиттер менен кош айтышып, бир жыл мурун Жаныш Бакиевдер тартып алган, өз "баласы" "Айат пресс" гезитин чыгарууга киришти. Эмне демекчибиз, аттанган жолу ар дайым ачык болсун, гезити элдин колдоосуна ээ болгон барктуу гезиттердин бири болсун! Биз "Эл сөзү" гезитинин жааматы Жылдыз эжебизди жааматыбыздын катарынан узатып жатып,


"Кыргыз руху", 27-август, 2010-ж.

Бийлик, Оппозиция, Геосаясат
7-апрелден кийин Кыргызстандагы өзгөрүүлөр өтө тездик менен өнүктү. Кыргызстанды башкарууга даярдыгы жок жаңы келген алсыз бийликтен пайдаланган ар кандай ички жана сырткы күчтөр тездик менен аракетке өтүп, эзелтен толеранттуу, айкөл, меймандос, бейпилдик менен тынчтыкты сүйгөн кыргыз жерин кандыбулоонго айлантып, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчү коркунучтуу абалга чейин алып келишти. Кыйын учурда президентибиз АКШ, БУУ, ЖККУ, Россиядан жардам сурап жибергенге чейин барды. Тилекке каршыбы, бактыга жарашабы, сырткы күчтөр учурунда жардам берүүдөн баш тартышып, кыргыз эли бул кыйын кырдаалдан өз күчү менен чыгып кетүүгө жетишти. Бул өз күчтөрүбүз ал кездеги Исмаил Исаковдун сөзү менен айтканда: "аскер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү жана областык жетекчилер, акылдуу аксакалдар, түшүнүктүү патриотторубуз жана кырдаалды кеч болсо да улантып кетүүгө жол бербей токтотуп калган Убакытлуу өкмөт бийлиги"


Эл "и" элита
Байыркы орус эли сөз таппай эле, сөздүн көбүн биздин ата-бабаларыбыздан үйрөнгөн окшойт. Биздин кыргыздар бир жерге барып: "Мас көп" экен дегенин орустар угуп алып өздөрүнүн тилине салып Мас көптү Москва деп өзгөртүп алышса, падышасы битир сурап жүрүп чогулткан шаарды битир эмес, өздөрүнчө Питер деп алышкан, Сары Тоону Саратов, Түмөндү Тюмень, Кабарды Хабаровск, Оңду Омск, Тоңду Томск. Айтор баардык эле орустун байыркы сөздөрү биздин төл сөздөрүбүз экен.
"Элита" деген сөз деле бизден чыкса керек. "Эл ити" деген эле сөз экен.

"Элита" эмне себептен "эл ити"?
Мурунку кыргыздарда эл мыктысы, эл жакшысы, манап деген лексикондор колдонулган. Советтик мезгилде номенклатура, атка минерлер, партократ, элдин каймактары деген терминдер колдонула башталат. Аскар Акаев бийликке келгени "бөйрөктөн шыйрак чыгарышып,"көйрөңдөнүшүп, элден өзгөчөлөнүшүп "элита" деген терминди кийиришет. Акаевдин убагында кимдер элитага киришчү? Албетте, Акаевдин үй-бүлөсү жана ага жакындар кыргыздын элитасы болсо, иерархия боюнча облустун элитасы, райондун элитасы, айылдын элитасы болуп түзүлүп кете беришкен. Анан биз элитабыз деп сыймыктанышып, кыргыздын элиталары деп китептерди жаздырышып, өздөрүн-өздөрү даңктай башташкан. Аягында иттей болушуп куйруктарын кыпчышып, элитанын көпчүлүгү эл итине айланып, жөн гана итке айланбастан качкын итке айланышып журтуна жолой албай жүрүшөт. Мындай тагдыр андан кийинки бийликке келишкен Бакиевдик бийликке да таандык. Демек байыркы кыргыздар да бекер жеринен "эл ити" деген сөздү кошуналарга тараткан эместир. Балким алар маанисин туура эмес түшүнүп алышкандыр. Бирок эми биз мунун маанисин туура түшүнүп "эл ити" деген терминди алып салып эле күн көрбөйбүзбү?


"Учур", 2-сентябрь, 2010-ж.

Марат ИМАНКУЛОВ:
"Кыргызстанды хандыктарга бөлүүгө жол бербейбиз!"
Кыргызстан эгемендиктин 19 жылдыгынын жаңы барагын ачты. Акыркы кезде дүйнөлүк басма сөздө Кыргызстан мамлекет катары жашап кеталбастыгын божомолдогон билдирүүлөр арбып барат. Мамлекеттин коопсуздугу кылдын учундабы? Чындап биздин мамлекет жетекчилиги кырдаалды жөнгө салып, мамлекет бүтүндүгүн камсыз кыла албайбы? Азыркы тапта ар бир кыргызды түйшөлткөн ушул соболдор менен Коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган катчысы Марат ИМАНКУЛОВго кайрылдык.

Марат Иманкулов Чүй облусунун Чүй районунун Онбиржылга айылынан. Москва полиграфиялык институтун бүтүргөнү менен, бул тармакта аз гана иштеп, өлкө эгемендик алар жылы КГБ кызматына тартылган. Нарын, кийин Ош, 2002-2005-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук УКК башкармалыктарында жетекчилик кызматты аркалап келген. Андан соң, УККнын терроризмге каршы күрөш башкармалыгын жетектеген. КМШ мамлекеттеринин Кеңешинин чечими менен 2007-жылы КМШ мамлекеттеринин Антитеррордук борборунун жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган. Айтымында, бир да кызматты сурап алган эмес.
2007-жылы болгон митингдер маалында УККда жыйын өтөт. Бардык офицерлер чогултулат. Ошондо Марат мырза да чакырылат. Ал жерде "УКК мамлекетке эмес, бир үйбүлөгө гана иштеп калды"


Баатырларга баа берилип
Адамзат тарыхында биринчи жолу болуп жаштар арасында Бүткүл дүйнөлүк жайкы олимпиада оюндары Сингапурда өтүп, Кыргызстан курамындагы 8 атлет күч сынашканы барган. Жыйынтыгында грек-рим балбаны Урматбек Аматов өз салмак ченинде алтын медаль жеңүү менен бирге олимпиада чемпиондугуна татыган. Дагы бир балбаныбыз Шадыбек Сулайманов коло медалын жеңген. Дзюдо боюнча Болот Токтогонов да үчүнчү орунду камсыз кылган. 29-август күнү "Манас" эл аралык аэропорттон салтанаттуу түрдө жалпы олимпиадачыларды тосуп алдык. Аман-эсен Мекенине кайткан балбандарыбыз жана аларды таптап жиберген спорт коомчулугу менен жакындан ой бөлүштүк.

Мурат Саралинов, КРнын улуттук олимпиада президенти:
"Кыргыз спортунун тарыхында калышты"
- Кыргызтандыктардын кубанычтуу күнү да келип отурат. Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасында 204 мамлекет катышты. Алардын баарына тең уюштуруучулар тарабынан жакшы шарттар каралган. Анын ичинен биздин 8 атлетибиздин бешөө татыктуу орундарды жеңип келишти. Бир алтын, эки коло, мушкер Исломжон Далибаев 4-орунду жана сууда сүзүүдө Дмитрий Александров 10-орунду ээлеп өлкөбүз үчүн маанилүү упайларды топтоп келишти. Менин оюмча биздин атлеттер ушундай жакшы көрсөткүчтөрү менен Кыргыз спортунун тарыхында чоң из калтырды. Муну баса белгилеп кетмекчимин.


"Айат", 2-сентябрь, 2010-ж.

АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО-МАНАСТЫН ЖОЛУ МЕНЕН
Ала-Тоодон аттанып чыгып, Россия Федерациясынын карамагындагы Тоолуу Алтай Республикасына барып, тарыхыбыздын унутта калган барактарын жаңыртууну эңсеп, тээ байыркы бир заманда жарык дүйнөгө келип, ушул Алтай жергесинде төрөлүп, тестиер чагынан эзилген кыргыз элинин жүгүн артынып, катылган душмандардын катыгын колуна карматып, чачылган элди чогултуп, курама жыйып журт кылган Айкөл атабыз Манастын киндик каны тамган жерге барып келдик. Чынында эле, мындай жүрүш кыргыз элинин эгемендик алганынан бери биринчи ирет уюштурулуп отурат. Советтик доордо бир мамлекет болуп жашаганыбыз менен, бабабыздын туулган жерин эңсеп барган жан деле болбоптур. Мунун негизги себеби, ошол кездеги мамлекеттик идеология Манасыбызды жомок катары кабылдатып, кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхын будамайлап келген эле.


Дилбар КӨЧКӨНОВА:
"Баламдын башын тапсам эле болду эле..."
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ар оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Айат" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу ар жума сайын кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Айатка" жибергиле. Биз сиздерден кат күтөбүз.


"Агым", 3-сентябрь, 2010-ж.

Партиялар элге платформасы менен эмес, курал-жарагы менен чыгабы?
Стандарттуу түшүнүк боюнча партия деген бул элдин кайсы бир идеологияны карманган бөлүгү. Андыктан ар бир партия коомчулукка өздөрүнүн башкалардан өзгөчөлөнгөн конкреттүү программасы менен таанылыш керек. Бүгүнкү партиялар элге өз программасын жеткирүүгө анча деле ашыкпайт. Коомчулук алардын конкреттүү программасын жакшы билбегендиктен партиялардын лидерлери, тизмесинде жүргөн адамдар чындап эле ошол партиянын негизги линиясын кармап атышканын же каалагандай эле иш жүргүзүп келатышканын билбейт деле. Анын мүчөлөрү да кандайдыр бир идеологиянын тегерегинде эмес, бир лидердин тегерегинде бириккен. Эми шайлоодо эл да ушул өңүттөн добуш берет. Ушундай себептерден улам азыркы партиялардын дээрлик көпчүлүгүн партия деп айтканга болбойт.

Учурда коомчулуктун шайлоону тынч өткөрүү боюнча тынчсызданып жатканына негиз бар. Себеби бүгүнкү күндө БШКга өз тизмесин берип, шанаңдаган боюнча шайлоо өнөктүгүнө кирип баргысы келген отузга жакын партиянын дээрлик көпчүлүгүнүн саясый багыттары бүдөмүк.


"Жакында Манастын төрөлөрүнө ишенем"
Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров айткандай, турмуштун оордугуна, каатчылыкка карабай учурда кыргыз киносу өнүгүп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Албетте бүгүнкү күндөгү жаш режиссерлордун жаратып жаткан тасмаларынын баарын мыкты дегенге болбойт. Ошентсе да алардын арасында кыргыз көрөрмандарынын, чет элдиктердин бүйүрүн кызыткан чыгармалар жок эмес. Буга чейин отузга жакын ар кандай чет элдик сыйлыктарга татыктуу болсо да жаш режиссер Нурбек ЭГЕНди кыргыз коомчулугу чынында көп биле берчү эмес. "Бабалардын керээзи", "Санжыра" тасмаларынан кийин кыргыз элинде анын ысымы көп айтыла баштады. Жакында "Манастын төрөлүшүн утурлай" документалдык тасмасын кыргыз көрөрмандарынын сынына койгон режиссерду кепке тарттык.


"Аалам", 2-сентябрь, 2010-ж.

Жеке ишкер
Болотбек Дыйканбаев:
"Саясый оюндан от чыкты"
Кыргыз мамлекети ансыз да оош-кыйыш оор кырдаалда турганда, түштүктөгү коогалаң өлгөндүн үстүнө көмгөн кылды. Мындай учурда карапайым калктын арасынан элдин, мекендин тагдырын ойлогон, жеке кызыкчылыгынан кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору койгон патриот, күчтүү жигиттер суурулуп чыгууда. Алардын бири жашоодо өзүнүн туруктуу көз карашы, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өзгөчө ойлору бар менин төмөндөгү маектешим - Болотбек Дыйканбаев. Уучубуз кур эмес экен…

- Болотбек, сиздин көз карашыңызда түштүк окуясынын кайталанышына эмне себеп болду?
- Негизи, Ош коогалаңы өлкөбүздүн оң капшытын оюп кеткендей эле болду. Ал оор күндөрдөн калган жараат бүгүнкү күнгө чейин айыга элек. Менимче, айыкпайт дагы… Түштүктүн эли ушундай болорун мурда эле билген. Мындан төрт жыл мурун түштүктө өзбектердин аттуу-баштуулар атайын жыйын өткөрүшүп, расмий эмес фонд ачышкан дешет. Ошол фондго ар бир өзбек кандайдыр бир суммадагы акча салып турушкан экен. Ал акчалар жакшы окуган балдардын жогорку билим алуусуна, кээ бир шарты жогунан үйлөнө албай жүргөн өзбек жигиттерин үйлөнтүүгө жана ушул сыяктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалган деген имиштер бар.


Алдамчы М. Конгантиевби же "Инкомполис" фирмасыбы
Гезитибиздин өткөн санында учкай жаздык эле, Молдомуса Конгантиев ИИМ министри болуп турганда ГУУРдун имаратын жана ИИМ Академиясынын жатаканасынын курулушун баштаган. Бири бүтө жаздап, бири аягына чыкпай калган бул курулуштардын тагдыры азыр эч кимди кызыктырбай турат шекилди. Баарынан да курулушта иштеген карапайым жумушчулар иштеп тапкан акчаларын алалбай убара. ИИМ башына Болот Шерниязов келгенде маселени бир жума ичинде чечмек болгон бирок ал кызматынан бошоп кеткен соң көйгөй дагы абада асылып калды.
27-август күнү ИИМ КИБ (ГУУР) имаратын, ИИМ Академиясынын 27 орундуу жатаканасын курган куруучулар жыйын өткөрүшүп, өз нараазылыктарын дагы билдиришти. Аталган курулушта иштеген 200 жумушчу жалпы суммасы 1 миллионду түзгөн 2 айлык эмгек акыларын ала албай, 2010-жылдын апрель айынан бери ИИМге арызданып келишет.Чогулушка ушул 2 имарат курулушун каржылоону моюнга алган "Инкомполис" аттуу сактык (страхованиелик) компаниянын гендиректору Тарев Александр, ИИМден өкүлдөр чакырылган. Тилекке каршы ИИМден эч ким келген жок.




"Лозунг", 2-сентябрь, 2010-ж.

"Камбар-Ата-2нин" биринчи агрегаты иштеди, бирок кемчиликтер бар...
30- август күнү Токтогул районунда жайгашкан "Камбар - Ата - 2" ГЭСинин биринчи агрегатынын ачылышы салтанаттуу түрдө болуп өттү. Бул иш - чарага президент Роза Отунбаева жана бир катар министрлер, элчилер, Эл аралык уюмдун өкүлдөрү, партиянын лидерлери, ошондой эле жергиликтүү эл катышты. Ал жерге топтолгон элдин кол чабуу коштоосу менен Роза Отунбаева биринчи агрегатты иштете турган тетикти (пуск) өтө толкундоо менен басканы ачык эле байкалып турду. Ошентип, көптөн-көп күтүлгөн аталган ГЭСтин биринчи агрегаты ишке берилди. Бирок "Нарынгидроэнерго курулушунун" жетекчиси Качкынбаев Осмон ачык эле тынчсызданып белгилегендей, бир аз кемчиликтерге карабастан Роза Отунбаеваны, эң башкы жоопкерчиликти алган өзүн уят кылбай биринчи агрегат дурус иштеп берди. Себеп дегенде, Качкынбаев мырзанын пикиринде биринчи агрегатты ишке берүү кыска мөөнөттө белгиленгени Камбар-Ата ГЭСинин жалпы жамаатын абдан кыжаалат кылган. Тактап айтканда, ишке берилген биринчи агрегат электр жагынан тыкыр текшерүүгө алына элек экен. Ошондой эле аны иштете турган бир катар тетиктер Союз учурунда эле сатылып алынгандыктан, алар көпкө туруп калган. Ушу себептүү Качкынбаев мырза, агрегатты ишке берүүдө бир катар кемчиликтер болуп кетишине кепилдик жок экендигин айрым журналисттерге ачык айтып берди. Айтып олтурса, биринчи агрегаттын дагы бир катар жасала элек иштери бар экен. Мындайча айтканда, бул ачылыш азырынча "көргөзмө" сыяктуу болгон өңдөнөт...


Динара Орозбаева,
"Алмаз экөөбүз 10 жыл өткөн соң табыштык"
Динара, жолдошуң Алмазбек Раимкулов экөөңөрдүн сүйүүңөр интернетте сүйлөшүүдөн башталыптыр. Демек, сен "виртуалдуу" сүйүүгө ишенгендердин бири экенсиң да?
- Ооба, ишенем. Биздики чындыгында эле ушундай болду да. Бирок, Алмаз мени кичинекей кезимде көрүп эле жүрчү. Ал Ош районунан мен жашаган Куршаб айылындагы аяш атасы Кадыралиевдердикине көп келип турчу. Алмаз анын уулу, маркум депутат Санжар Кадыралиев менен жакын достордон эле, а биз алар менен кошуна турчубуз. Алар менин улуу байкем менен да мамилелери жакшы эле. Кийин айтканына караганда мени ошондо эле байкап жүрүптүр. А мен анда мектепте окуган, олимпиада, конкурстардан калбаган активистка, тыпылдаган-тың кыз элем. Ошентип, мен мектепти, университетти аяктап, КТРде иштеп калдым. Бир курдай андан интервью алганы телефон чалгам, ошондо баягы айылдагы секелек кыз Динара экенимди укканда "Тагдырдын табышмактуулугун кара" деп таң калган. Көрсө, ортодон 10 жыл убакыт өтүп, Алмаз балалыгыбызды унутканга жетишиптир... Ошондон баштап Алмаз мага өзү телефон чала баштады, интернеттен сүйлөшүп жүрдүк. Интернет-алысты жакын кылып, экөөбүздүн сүйүүбүздүн күбөсү болду. Бир күн сүйлөшпөй калсак же телефон чалбай калса кадимкидей сагынып кетчүмүн, көрбөй туруп эле. Бирок, башында биздин "виртуалдуу" сүйүү ушундай бекем үй-бүлөгө айланат деп ишенген деле эмесмин.


"Адилет press", 9-сентябрь, 2010-ж.

Үсөн Касыбеков
Азимбек Бекназаровдун "революциялык" омуроосу
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кол тийбестиги маселесин убактылуу өкмөттүн шашылыш карап, анын иммунитетин алып таштоо жөнүндөгү декретин чыгаруусу күйүп бараткандай иштерден деле эмес болучу. Убактылуу өкмөт бул чукул кадамы менен олдоксон ишке барып, орой ката кетиргенинде шек жок. Жоо кубалап келаткандай болуп шашылыш декрет кабыл алуу көптөгөн жоромол-божомолдорго жем таштады. Эксперттердин бир даары убактылуу өкмөттүн иши жакшы жүрбөй, кыйчалыштап жатышы, өлкөдө көптөн бери зарыгып күткөн стабилдүүлүк орной албай кыйшаңдап туруп алышы, өлкө социалдык-экономикалык терең кризиске кабылып, андан качан жана кантип чыгып кетээри сар-санаага салган табышмакка айланышы сыяктанган көкөй өйүгөн курч проблемаларды моюнга алуудан тайсалдап, күнөөнү экс-президент А.Акаевге оодара салып, элди алаксытуу амалы менен түшүндүрүштү. Кай бирлери убактылуу өкмөттүн ядросун түзгөн экс-оппозициялык саясый партиялар парламенттик шайлоонун алдындагы өздөрүнүн зоболосун көтөрүү үчүн жүргүзгөн пиар-акциясы катары баалашууда. Арийне, декреттин пайда болушуна канткен күндө да убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн, айрыкча А.Бекназаровдун, жеке өч алуу мотиви кыймылдаткыч күч катары кызмат кылганы баамдалбай койбойт. Декреттин долбоорун түзүүнүн жана аны ишке ашыруунун демилгечиси А.Бекназаров болгону белгилүү. Ал эми, катары менен эки революциянын,


Чокчолой баатыр
Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары ("Голос Америки", "Независимая газета") кызмат ордунда калтырылган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун Бишкектен Ошко триумф менен кайтып келишин сүрөттөп жазышты. Мэрдик ордунан козголоор алдында элди көтөрүп атып, ордунда калышынын салтанатын "Мен кетпейм! Мен силер мененмин! Мен эл мененмин!" деген сөздөрүн, борбордук бийликке баш бербей жатканын айтып жана жазып чыгышты.
Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Алик Орозов Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетээри тууралуу жарыя айтып жиберди эле, аягында Мырзакматов эмес, Орозовдун өзү кызматтан кетүүгө мажбур болду.
Ошто анын ордунда калышын жактап чыккандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мелис Мырзакматов минтип айтканы маалым:


"Агым", 27-август, 2010-ж.

Эгемен Кыргызстандын буга чейинки президенттери 61ге караганда кызматынан куулушкан. Азыркы өлкө башчысы 60ка чыкты, эми эмне болот деген суроону калчадык.
Алтымыш бирди ак үйдөн тосуңуз!
23- августта Роза Отунбаева өзүнүн жакындарынын арасында бешинчи мүчөл жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө кайгы-муңдан баш көтөрө албай турганда дүңгүрөтүп майрамдабаганы жакшы дечи. Бирок КМШ тарыхындагы алгачкы президент айым мурунку коллегаларынын жолу менен келе жатканы таңгалычтуу. Алардын тагдырын көчүрүп туруп, каарманын гана алмаштырып койгондой. Акаев да, Бакиев да кокусунан келип калышкан өлкө башчылары. Окумуштуу президентибиз Россияда оюнда эчтеке жок жүрсө, кыргыз интеллигенциясы алып келип тактыга отургузуп салган. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп, анын президенттик доорун Майрам, Айдар, Бермет Акаевалар менен балдыздары жүда сүрүштү.
Манты жеп отурган жеринен келип президент болуп калган Курманбек Бакиевдин 24-марттагы революцияны уюштурууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн гана президент кылышканын кийин Үсөн Сыдыков айтып чыкпадыбы. Бул дагы атты биринчи жолу көргөндөй, бийликте эки жыл отургандан кийин "өнөрүн" баштады.
Көөп кеткен ажолорду 61дин ашын жеп жатканда эл шыпырып түштү.


Мен өз өлкөмдү жөнөкөйлөтүп айтканда, атасынын өмүр бою жыйган-терген байлыгын чачып, мурас калган жерин кескилеп сатып жаткан акылсыз баладай элестетем. Кайсы бир жомокто бир байдын эрке баласы атасы өлгөндөн кийин эркиндикке манчыркап каалагандай көөп жүрүп колундагы мыдырын тарттырып ийип, акырында өзү көчөдө калат эмеспи. Башкача айтканда, руханий жактан калыптанбаган адамдын келечеги болбойт. Тарыхты карап көрсөк, буга чейин жер үстүнөн жок болуп кеткен элдер экономикалык кыйынчылыктардан улам жок болгон эмес, өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн сактай албай калгандан улам улут же мамлекет катары жашоосун токтоткон.

Эдиреңдеген он тогуздагы Эркинбек
Эзелтен элди эл кылып турган анын маданияты, адабияты, моралдык-нравалык бийиктиктери эмеспи. Ички көрөңгөсү талкалануу жолунда бараткан эл түзгөн мамлекет да бара-бара жок болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жогоруда айтып өткөн эрке баладан айырмаланып, кыргыз элинин тарыхы, Манасы, моралдык-нравалык бийиктиктери бар эле… Азыр деле бар. Бирок тилекке каршы, буга чейинкисин тек коелу, эмнегедир эки тизгин, бир чылбырды өз колубузга алган эгемендик жылдары так ошол бизди улут катары, мамлекет катары сактап кала турган тирегибизди - руханий байлыгыбызды татыктуу баалай албадык. Ага кошул-ташыл болуп мамлекетти мамлекет катары сактай турган негизги структуралар да коррупциялашып, ашмалтайы чыгып, кадырын жоготуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай калды.



"Алиби", 27-август, 2010-ж.

Равшан Жээнбеков, экс-министр:
"Абдуллах Гүл: "Кыргызстанга демократия гана ийгиликтерди алып келет" деди"
- Равшан мырза, сөзүбүздү Түркия сапарынан баштайлы. Кандай саамалыктар болду?
- Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясынын делегаттары Түркияга иш сапары менен барып, төрт күн болуп келдик. Төрт күндө Түркиянын бардык расмий адамдары менен жолугуштук. Алар Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, Парламентинин башчысы, Тышкы иштер министри, Мамлекеттик министри, Парламентте отурган өкмөттүк жана оппозициялык партиялардын лидерлери менен жолугуштук. Келечекте өкмөттү курай турган партиялардын бири катары көрүп, кабыл алышты. Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен болгон жолугушуу абдан кызыктуу болду. Коңшу турган башка боордош мамлекеттерге караганда Түркия мамлекетинин башчысы Кыргызстандагы жаңы түзүлгөн Парламенттик системасын, Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жүрүшүн жана өнүгүшүн колдой турганын расмий билдирди. Түркия 80 жылдан бери парламенттик системада жашаган мамлекет катары билим, тажрыйба адистиги жагынан жардам берип, моралдык жактан, келечекте материалдык жана финансылык жактан колдоо көргөзөрүн билдирди. Эң маанилүүсү Түркиянын Президенти Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдө, реформалардын жүрүшүндө "Ата Мекен" партиясынын ордун өзгөчө белгилеп, анын лидери Ө.Текебаевди ушул өзгөрүүлөрдү ишке ашырган, өзгөрүүлөрдүн башында турган адам катары белгилеп кетти.


Аскар Акаев:
"Кандай гана бийлик болбосун,
бир тамчы адам канына татыбайт!"
Бир нече күндөн кийин Кыргызстан эгемендүүлүктүн 19 жылын белгилейт. Адаттагыдай эле мамлекет жетекчилери атайын даярдалган кагаздагы көнүмүш сөздөрүн күн ысыкта, майрам көрүү үчүн топтолгон элдин алдында окуп беришет. Анда Кыргызстандын эгемендүүлүгү мактаныч катары айтылганы менен адатынча "Акаевдин коррупциялык доору" кенен сүрөттөлөт. Ал эми анын башкаруусуна туш келген Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттагы жетишкендиктери туурасында ныпым эскерүү жасалбайт. Анын ордуна азыркы бийликтин тушундагы "жетишкендиктер", элдин "бактылуу жашоосу" туурасында абдан көркөм "икаялар" айтылат...

Ал эми биз ошол эгемендүүлүктүн түркүгүн Кыргызстанга алып келүүгө зор салым кошкон туңгуч президент Аскар Акаев менен өткөн тарыхты эстеп, ага калыс баа берүүгө аракет кылдык. Буга чейинки журналисттердин маектешүүлөрүнөн айырмаланып, бул ирет ал кишиге ачуу-таттуу суроолорду аралаш жаадырдык.
- Аскар Акаевич, алгачкы сөздү учур маселесинен баштасак. Учурдагы кырдаалды сырттан көз салып турган байкоочу катары мекениңиздеги акыркы көрүнүштөрдү кандай баалап жатасыз?


"Кыргыз туусу", 2-сентябрь, 2010-ж.

"Кызматка жетсем, жеп-ичсем деп бакиевдер менен кармашкан эмесмин"
"Пресс.kg" гезитинин башкы редактору Бакыт Сакыбаев мырзага,
Кыргыз тилинде чыгып жаткан башка гезиттердин редакторлоруна,
редакциялык жамааттарына

Урматтуу Бакыт мырза,
Урматтуу журналисттер,
Эзелтеден элибиз "ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүн акысын жебе, кыянаттык кылба, кайрымдуу бол" деген дөөлөттөрдү ыйык тутуп келген. Журттун уюткусу бузулбай, элибиз эл болуп сакталып келе жатканынын бирден бир негизи да улуттук нарктын сакталышы. "Нарк бузулса эл бузулат" дейт. Кыргыз эли эзелтеден сөзгө жогору маани берген, "сөз улук"деп, кандай шарт болсо да сөзгө конок берген. Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен сөздүн
баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Гезит беттеринде таамай, таасын айтылган ой, курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачыктан-ачык эле каралоо, ойдон чыгарылган жалаа, карасанатайлык менен жасалып жаткан чагым көп болуп бара жаткандай сезилет. Силер сөз булагынын башатында турасыңар, Сөз маданиятынын абалы, анын туура же туура эмес калыптанышы силердин колуңарда. Ошондой эле силер өтө кубаттуу куралга ээсиңер. "Сөз өстүрөт, сөз өлтүрөт" - дейт.


Нурсултан НАЗАРБАЕВ:
"Дүйнөнү бардыгыбыз биргелешип коопсуз жана сонун кыла алабыз"
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен быйылтан баштап дүйнөлүк коомчулук 29-августту - Ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү деп белгилей баштайт. Бул маселени жогорку трибунага Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган. Казакстан тараптын демилге көтөрүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн өлкөнүн кийинки алтымыш бир жылдык тарыхы айгинелеп турат.

Атом бомбасын Нобель сыйлыгынын лауреаттары жасашкан
1942-жылдын августу. Советтер Союзу өз аймагына басып кирген гитлердик Германия менен аёосуз каршылашкан согушту жүргүзүп жаткан. Кимдин жеңип чыгарын алигиче болжомолдоо кыйын. СССРге тарапташ Америка Кошмо Штаттары көмөктөшүмүш болуп, фронтту тыштан көзөмөлдөп турат. Германия жеңсе, АКШга кол салбайт деген кепилдик жок. СССР жеңсе, дүйнөлүк геосаясатта ал басымдуулук жасашы мүмкүн. Бир сөз менен айтканда - өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң - араба сынат болуп турган. АКШ баралына келип, жер бетине үстөмдүк кылууну эңсеп жаткан.


"Адилет press", 19-август, 2010-ж.

Мара алдындагы түз тилке
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 10-октябрга дайындалган жалпы элдик плебисцитке катышып, күчүн сынап көрүү ниетин 57 партия билдирди.

57 партиянын ар биринин экиден өкүлдөрү катталды деп билдирилет. Эгер, азыркы күнү юстиция министирлигинен каттоодон өткөн партиялардын саны 148 ке чаап барганын эске ала турган болсок, шайлоого катышабыз деп бел байлап акактагандардын саны көп деп да, аз деп да айтууга болбойт. Баарыбызга белгилүү, 148 партиянын көбүнүн аты болгон менен заты жок. Бир далайы парламенттик шайлоонун алдында чампаланып түзүлө калгандар же чала өлүк болуп жаткандарды кайра тирилтип, мал кылып алгандар. (Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесмен "Эл-талабы" деген инкубацияда жаткан партияны кайрадан каттоодон өткөрүп, "Республика" деп атап, реанимациялап албадыбы. Эмнеси бар экен, азыр партия түзөм деп убара болуунун кереги деле жок. Партиялык курулуш менен алпурушуунун кажети болбой


Стамгүл Турдалиева, ырчы:
"Ата- Мекен" партиясына ырдай тургандар Ассолдун элегинен өтүшү керек экен"
- Стамгүл, 7-апрелдеги толкундоолордо эл менен бирге жүргөндөрдүн бирисиз. Азыркы өзгөрүүлөргө кандай баа берип жатасыз?
- 7-апрелден кийин ар кайсы көзү ачыктар ушундай болоорун мурда эле билгенбиз деп айтып жатышпайбы. Мен дагы ошого чейин түшүмдө көп жолу согушту көргөм. Бирок түшкө ар нерсе кире берет деп элес албай коет экенбиз.
Ошол күндөр чынында кыйын болду. Чыгармачыл адамдар жумшак келебиз, оор нерсени башкаларга караганда оорураак кабыл алат экенбиз. Ошол күндөрү жаштардын ок жеп көз жумуп жаткандарын, жан бергендерди көрүп калдым. Биринин ичи-карды чыгып жатса, биринин оозу- мурдунан кан атып жатты. Ошолор көпкө чейин эсимден, түшүмдөн кетпей жүрдү, уйкум бузулуп, эстеген сайын ыйлап жаттым. Аны көргүсү келген адамдар дисктерди алып жатканын көрөм. Мен аны өз көзүм менен көрдүм. Мындайды көргөндө киши келечекти пландай албай, күнүмдүк жашоо менен гана жашап калат экен. Ыр жазгым келип жатты.
- Сизден башка ал жерде ырчы көрүнбөдү окшойт...Сиз алардан айырмаланып, саясий турмушка жакын экенсиз...


"Акыйкатчы (Омбудсмен)", 2010-ж.

Ош окуяларынын себебин 1990-жылдан издөө керек
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Алар өлкө үчүн оор жараат болуп, коомдук туруктуулукка жана адамдардын жай турмушуна чоң зыян алып келди. Күнөөсүз шейит кеткендер жана жабыркагандардын болгону өзгөчө оор. Көптөгөн адамдар баш паанегинен жана өмүр бою маңдай тери эмгеги менен тапкан байлыгынан ажырап калышты.
Мындай кырдаалда өлкөнүн тагдырына кайдигер карабаган адамдардын баарысы кантип мындай окуя болуп кетти, чыр-чатактын чыгып кетишине эмне себеп болду, мындай окуя кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген суроолорго жооп издеп келишет.
Мен, өлкөнүн Омбудсмени катары, болуп өткөн кайгылуу окуяларга өзүмдүн алдын ала баамды айтуумду зарыл деп эсептейм. Менин терең ынанымымда бул окуянын тамырын тээ 1990-жылдан издөө керек. Анда кыргыз жана өзбек лидерлеринин күнөөсү боюнча кан төгүлүп, улуттар аралык жаңжал болгон эле. Конкреттүү күнөөлүүлөр болгон, бирок эч кимиси жазаланган эмес. Ал окуяларга саясый баа да берилген эмес. Чыр-чатактын көптөгөн себептери жоюлган эмес. Биз "элдердин достугу" деген коммунисттик ураанды чакырууну улантып, улуттар аралык мамилелерде олуттуу карама-каршылыктарды жойгон жокпуз.


Турсунбек Акун о проблемах на кыргызско-китайской границе
Омбудсмен страны Турсунбек Акун во время поездки с кыргызской делегацией в Китайскую Народную Республику, которая продолжалась с 8 июля по 12 июля 2010 года,с целью встречи со знаменитым манасчы Жусуп Мамаем попутно провел мониторинг соблюдения прав кыргызских водителей-дальнебойщиков, осуществляющих перевозку товаров народного потребления через кыргызско-китайскую границу.
По словам водителей-дальнебойщиков, согласно договоренности двух соседних стран, стороны должны пропускать водителей-дальнебойщиков до 1000 км в глубь страны. В свою очередь наше государство, выполняя условия вышеназванного соглашения, водителей из КНР пропускают вглубь от границы до 1000км, т.е. они имеют возможность свободно добираться до г.Бишкек и далее до Оша и.т.д.


"Айат", 2-сентябрь, 2010-ж.

Кыргызстан социал-демократтары:
"Бөлүнгөндү бөрү жейт!!!"
24-августта Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын юбилейлик Х съездине, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 767 делегат катышты. Иш-чара өлкөнү сактап калуу, аны ичинен бөлүп-жарууга жол бербөө урааны астында өттү.

Партиянын жолбашчысы Алмазбек Атамбаев апрель революциясы үй-бүлөлүк, хандык башкарууга негизделген системаны кыйратып, Кыргызстандыктар көптөн зарлап күткөн жеңишке жетишкендигин белгиледи. Бирок, июндагы Түштүк каргашасы бул тарыхый жеңишке көлөкөсүн түшүргөнүн кошумчалады. Атамбаевдин ою боюнча, Кыргызстанды бөлүп-жаруу, акыры аны кыйратып жок кылуу үчүн бир катар күчтөр тымызын иштерди жүргүзүп жаткандай. Бирок "көк-жал, кылымдар бою азап-тозокторду жеңип келген Манастын тукумдары мамлекеттүүлүгүн сактап калат" деп санаалаштарына кайрат берди.


"Чөгөлөп жашаганча, чындык үчүн жаның бер"
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт. 7-апрелде чыркыраган чындык, ар намыс үчүн кыргыздын кырчындай уулдары жарык дүйнө менен кош айтышып, төшүн окко тосушту. "Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат" демекчи, бул маркумдардын ысымы түбөлүккө өчпөйт. Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш болуп, шейит кеткен баатырлар укугу тебеленип, азаттыкты эңсеген элге жарык нур көзүн ачты. Бирок, канчалаган үйбүлө боздоп, энелердин эмчеги зыркырап, сыздады. Ал тургай күн да ыйлап, көп үйбүлөнүн очогу бузулуп, коломтосу урады. Башына караан күн түшүп, жоготуунун кайгысын тартып, аза күтүп отургандардын убалы кимге? Адамга мал табылышы оңой, адам табылышы кыйын болгондуктан жоготкон адамдын ордун толуктоо колдон келбейт. "Элим, жерим" деп окко учкан маркумдун үйбүлөсүнүн азасын тең бөлүшүү үчүн сапар алып, канкор бийликтин алгачкы огу төшүнө кадалып, Ак үй алдында жан берген баатыр, "Учкун" жаңы конушунун тургуну Огомбаев Жылдызбектин үйүнүн босогосун аттап, жубайынын, бир тууган, коңшу-колоңдорунун оор үшкүрүп эстеген акыркы көз ирмемдердеги эскерүүлөрүнө күбө болдук. Ж.Огомбаев 1957-жылы Талас областынын Ак-Сай айылында туулган. Бир уул, эки кыздын атасы эле. Маркумдун сөөгү 9-апрелде Байтик айылына коюлган.



"Учур", 26-август, 2010-ж.

Адахан МАДУМАРОВ, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
"Курсагымды кармап көрөсүңбү?.."
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон "Ыңгайсыз собол" рубрикасына интервью алганы барганбыз. Бул рубриканын тарыхында Мадумаров мырзадай болуп эч ким чычалаган эмес эле. Башка массалык маалымат каражаттарындагы кесиптештеримдин Адахан Мадумаровдон алган интервьюсун окуп, алар менен баарлашып жүрөм. Журналисттерге психологиялык өңүттө атака жасаганды жакшы көрөт. Өзүнүн тапандыгы менен журналисттерди сындырам деп ойлогону болсо керек. Ал интервьюнун биринчи суроосунан эле чычалап баштады...

- Рубриканын аты "Ыңгайсыз собол". Ошон үчүн суроолор бир аз ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн...
- "Учурдун" суроолору ыңгайлуу болмок беле? Эч кандай коркунуч жок, суроолоруңду бере бер...
- Сиз Каркыраны "мен эмес, Акаев саткан" дегендей айттыңыз... (Адахан мырза суроо аягына чыга электе эле так секирип сөздү бөлдү.)


Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси:
"Параметрлерим кыздар тийише тургандай эмес"
- Сиздин үйүңүздө ким кожоюн?
- "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, биздин үйдө демократия кожоюн. Коом үйбүлөдөн башталат эмеспи. Ал эми коомдо "демократиялык принциптер жакшы" деп биз даңазалап келебиз. Анын сыңарындай, үйбүлөдө дагы ушул принциптердин болгону туура. Бир адамдын диктатурасы болсо, анда жакшылык болбойт. Биз жубайым экөөбүз "ийри отуруп, түз кеңешебиз".
- Жубайыңыз менен кандайча таанышып калгансыз?
- 1997-жылы 8-март күнү таанышканбыз. Бир жерде конокто чогуу отуруп калганбыз. Анан көздөр көзгө кадалып, бири-бирибизди жактырып калып, кийин дагы жолугуп жүрдүк. Мамилебиз келишип, үйлөнүп алдык. Турмуштун арабасын чогуу кылдыратып атканыбызга 11 жыл болду. Кудайга шүгүр, балалуу-чакалуу болуп, бактылуу болуп жашап атабыз.
- Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
- Кызгануу - бул табигый көрүнүш да. Экөөбүз тең кызганабыз. Кызганычтын такыр болбогону дагы жакшы эмес көрүнүш. Өзүнүн чеги менен кызганычтын болуп турганы жакшы.
- Айрым эркектер "аялдын шайтанын чыгарып туруу керек" деп, кол көтөрүшөт экен. Сизде да мындай учур болгонбу?
- Ачууга алдырып, кол менен эмес, сөз менен катуу чапкан учурлар болгон.
- Эркектер "жубайынын көзүнө чөп салбаган эркек болбойт" деп мактанышат экен. Чын эле ошондойбу?
- Коомдо ушундай кеп бар. Жалпы коомго ушул сөздү алып чыгып, "мен ала жипти аттайм" деп мактангандын өзү туура эмес. Себеби, өсүп келаткан муундарга туура эмес таасир тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн мен бул суроону жоопсуз калтырганым туура болот го...


"Лозунг", 26-август, 2010-ж.

Күзүндө азык-түлүк кризиси күтүлүшү мүмкүн
Акыркы эки аптада өлкөдө ун, ундан жасалчу азыктар, кумшекер жана майдын баасы кескин өсүп барат. Ак төөнүн карды жарылчу берекелүү күздүн кирип келгенине карабай, айрым экономист - эксперттер так ушул күздө Кыргызстан азык-түлүк кризисинин кучагында калат деп боолголоп жиберишти. "Жаман айтпай жакшы жок" демекчи, алардын мындай терс прогнозунда толук негиз бар.

Россия дүйнөнү ачарчылыкка түртөбү?
Быйылкы аптаптуу саратан Россия мамлекетин чоң түйшүккө салып, ири чыгашага учуратты. Акыркы 50 жылда болуп көрбөгөн ысык 130 жылдан бери кайталана элек каардуу кургакчылыкты, региондорго ири масштабдуу өрттөрдү жаратты. Анын кесепетинен эгин түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 30-40 пайызга аз жыйналары күтүлүүдө.
Айталы, 2009-жылы Россия 97 млн. тонна эгин жыйнаса, эксперттер бул көрсөткүч быйыл 60 млн. тоннаны гана түзүшү мүмкүн дейт.
Август айынын башында Россия өкмөтү буудай экспортуна эмбарго киргизди. Расмий Москванын айласыздан кабыл алган чечими дүйнө жүзүн катуу чочулатты. Британдык "Telegraph" басылмасы экспортко тыюу салынган орус буудайы дүйнөлүк биржаларда буудайга болгон бааны 45%га жогорулатканын кабарлайт.


Алик Орозов:
"Многие из временщиков проявили себя дилетантами..."
- Алик Карыбаевич, с чем связана Ваша отставка? Многие в недоумении, что Вы покидаете свой пост в трудное для страны время.
- Чтобы предупредить различные кривотолки, сразу поясню. Президент предложил мне пост посла в республике Пакистан и я согласился. Пакистан - находится совсем рядом, почти наш сосед, туда можно экспортировать электроэнергию, государство имеет открытые выходы в океан. Пакистан имеет развитую легкую промышленность, особенно текстильную, а у нас, как Вы знаете, тоже сильно развита швейная промышленность. Туда, в жаркую тропическую страну, можно продвигать наши великолепные прохладительные напитки, чистую питьевую воду - главнейший товар в ближайшем будущем. В исламских университетах Пакистана учатся наши студенты. С запада находится беспокойный Афганистан со своими опийными плантациями. Т.е. Пакистан во всех отношениях для Кыргызстана интересная страна.
- А как же безопасность страны? Ведь, многие связывали с вашим приходом в Совбез надежды именно с обеспечением безопасности?


"Обон", 24-август, 2010-ж.

Алихан
Биздин "түз байланыш" рубрикабызга окурмандар кызыккан суроолорун смс билдирүүлөр аркылуу жиберип, жоопторун гезит бетинен окуп келишет. Бул жолу окурмандар ортосунда көпүрө болгон аты аталган рубрикабызга жаш ырчы Алихан чыгып, суроолорго жооп берди.

Окууман "отчисление" болуудан корком
Асель, 22 жашта:
- Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Жаңы ырларды жаздыруу менен репертуарымды кеңейтүүнүн аракетиндемин. Жакында эле "Сагынуу" деген ырыма клип тарттырдым. Дагы жаңы ырларды жаздырсам деп жатам.
Рыскүл, 20 жашта:
- Продюсериңиз милдетин кандай аткарууда?
- Эми продюсеримдин милдети десем туура болбой калат го, анткени Канат байке мага ага катары эле жардам берет. Биз бешөөбүз болгондуктан, ар бирибизге чуркайт, ишибиздин жакшы болушуна аракет жасайт.
- Ортоңордо мыйзамдуу келишим жокпу?
- Биз ага-ини катары эле иштешип жүрөбүз, бир сөз менен айтканда "эркекче" сүйлөшүп алганбыз. Аны мыйзамдаштырууну Канат байке өзү чечет.
- Канат байке менен пикир келишпестиктер болуп калабы?


Ассолдун айтып бүткүс жоруктары
Телеалыпбаруучу, продюсер, актриса, модельер - Ассоль Молдокматованын атын кыргыз эли эле эмес, кошуна өлкөлөр дагы мыкты таанышса керек. "Үй-бүлөм менин байлыгым" рубрикабызга, Ассолдун жакындары анын балалык чагынан, азыркы убакка чейинки кызыктуу жоруктарынан бир шиңгил айтып беришти.

Тамара Мусаевна Ассолдун апасы: "Пардадан кошуна кызга көйнөк тигип…"
- Кызымдын бала кезиндеги берешендиги, боорукерлиги азыркыга чейин бар. Кичинекей кезинде эле жардамга муктаж болгондорго жардам берип, алсыздарды коргой берчү. Тикмечилик, түймөчүлүк, бычмачылык өнөрү да күчтүү болчу. Анан, кайсы курбусунун туулган күнү болбосун, өзүнүн фантазиясы менен ар кандай көйнөктөрдү тигип, курбуларына белек кылганды абдан жакшы көрчү. Бир жолу, кошуна курбусунун туулган күнү болуп калып, анын апасы биздин үйгө келип, кызынын туулган күнүнө өзү жактырган көйнөк сатып бере албай жаткандыгын айтып, менин апама ыйлаганын көрүп калат. Ошол учурда немистердин кездемесинен тигилген пардалар мода болуп жаткан. Мен да, элдин катарынан калбай, Москвадан атайын конок үйгө деп ошондой кооз парда алып келип, илип койгом. Конок үйдө тагылган парда келген-кеткен коноктун баарына жагып, баары суктанып кетишчү. А менин кызым, кошуна кыздын туулган күнүнө көйнөк тигип берем деп, үйдө илинип турган, элдин баары кызыккан парданы алып, тиги кызга сарафан тигип берип коюптур.


"Форум", 27-август, 2010-ж.

Алмаз Атамбаев,
КСДПнын төрагасы:
"Экономикалык өнүгүү, социалдык коргоо жана коопсуздук - биздин негизги максатыбыз!"
24-августта Бишкекте өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Х мааракелик съездиндеги партия төрагасы Алмаз Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү. (Кыскартуулар менен берилди).

Саламатсыздарбы урматтуу делегаттар жана коноктор!
Партиябыздын съезди Мекенибиздин өтө кыйын мезгилине туш келип отурат. Апрелде үй-бүлөлүк бийликти кулаткан кезде, андан кийин июнда Түштүк жергебиздеги кагылыштарда жүздөгөн мекендештерибизден айрылдык. Алардын урматына бир мүнөт туруп эскерүүгө чакырам.
Урматтуу жолдоштор!
Апрель революциясы кыргыздын көкжал, баатыр эл экенин тастыктады. Хандык бийлик орнотом, элди кул кылам деген аракетке элибиз эч качан жол бербесин далилдеди. Уурулукка, өз туугандары менен жакындарын бийлик башына, майлуу орундарга отургузуу көрүнүшүнө элибиз жабыла каршы көтөрүлдү. Бийликти жеке менчигине айлантуу, каяша айткандардын көзүн тазалоо, мамлекеттик казынаны каалагандай талап-тоноо, көз карандысыз журналисттердин оозун жабуу сыяктуу кыянат иштер элдин чыдамын түгөттү.
Эми "2005-жылдын мартынан, 2010-жылдын апрелинен сабак алабызбы, алакандай жерибизде адилет коом кура алабызбы?" - деген бакыйган суроо турат. Же кайра эле бир уурулардын ордуна экинчи уурулардын заманы орнойбу? Албетте, адилеттикке, демократияга негизделген, ачык коом куруудан башка жолубуз жок.


КСДПнын мааракелик X съезди:
Кыргызстандын өнүгүп-өсүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар!
Съезд 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы кандуу окуяларда курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен ачылды. Андан соң съезддин тиешелүү органдары шайланып, делегаттардын тизмеси такталды. Жыйынды ачуу менен КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы партиянын платформасына токтолуп, ошондой эле учурдагы кырдаалдын күңгөй-тескейине кенен токтолду. Ал буга чейинки айтылып келген ой-пикирлерди, ошондой эле ушул съездде айтылган сунуштарды эске алуу менен партиянын шайлоо алдындагы программасы дагы толукталып, сентябрь айында конференция аркылуу бекитилээрин белгиледи.
Партия лидеринин айтымында аталган программа орчундуу үч багытка негизделген. Алар экономикалык өнүктүрүүгө шарт түзүү, калктын социалдык жактан корголушун күчөтүү жана коопсуздук, коргонуу деңгээлин арттыруу."Мына азыр ар кандай күчтөр атайын сөздөрдү чыгарып, Кыргызстан экономикалык жактан сазга батты, ресурстарын жоготту, мындан ары жашап кете албайт деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мен буга кошулбайм. Ошол бир нерсени, бир экономикалык чоң ресурсту унутуп жатышат. Ал ресурс - Кыргызстан бир үй-бүлөнүн башкаруусунан, бандиттик, кландык башкаруудан, уурулардын башкаруусунан кутулду.


"Кыргыз руху", 20-август, 2010-ж.

Исмаил Исаков, коомдук жана мамлекеттик ишмер:
"Ош окуясы 20 жылдап чогулган шишик. Ал баары бир жарылмак"
Бүгүнкү түз байланыштын каарманы Исмаил Исаков. Биз генералды партия жетекчиси катары эмес, көрүнүктүү инсан, коомдук жана мамлекеттик ишмер, жакында эле болгон Ош, Жалал-Абад окуясындагы Убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча өкүлү катары чакырган элек. Шайлоо өнөктүгүндө партияларды жарнамалоого тыюу салынгандыктан окурмандардын Исмаил Исаковичтин партиялык ишмердигине тиешелүү суроолорун кыскартканыбызды эскерте кетели.

Айзат, Бишкек шаары:
- Байкап көрсөк Бакиев учурундагы министрлерден да азыркылардан да ишине такшалган, таза иштеген адам бир гана сиз сыяктанасыз. Өзүңүздүн ишиңизди жакшы билсеңиз, кызмат ордуңуз бар болсо, колуңуздан келип, башкаларга салымыңыз тийе турган жумушуңуз болгондон кийин эмне үчүн саясатка аралашып жүрөсүз? Адатта, саясатта бош жүргөн же, кылар иши жоктор аралашып жүрүшөт.
- Биздин жүрүшүбүз өзү саясат да, тамак ичсек да, кийим алсак да саясат, ошонун негизинде саясаттан эч кимибиз сыртка чыга албайбыз. Аскар Акаевдин Баткен окуясына карата аракети туура эмес болгондуктан, туура эмес чечимдерди кабыл алып, туура эмес кадамдарды жасап жатканынан өз сунушумду киргизип, ушулар аткарылбаса кеткенге акым бар дегенимен кийин өз ыктыяры менен кетти деп мени чыгарышты. Кээ бирөөлөр "качып кеткен" деген сөздөрдү айтып жүрүшөт, анын баары жалган жалаа жабайын деп атайын айтылган кептер. Кант шаарынан генерал Чотбаев менен бирге учуп баратканда, самолётту токтотуп мени түшүрүп алып калышып, "жазган арызыңа ылайык кызматтан бошотулдуң"


Катышуучулар:
Толкун Исаков,
"Туран" партиясы,

Акылбек Жапаров,
"Ар-намыс" партиясы

Абдыжапар Тагаев,
"Акыйкат" партиясы

Батырбек Дууланов,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы

Модератор: Айзада Абазова, "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору
Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо
Баардыгыңыздарга белгилүү болгондой биздин газета алдыда болчу парламенттик шайлоонун алдын алып "Саясий күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо" деген маалымат акциясын баштаган эле. Бул акциянын максаты алдыда боло турчу парламенттик шайлоо коопсуздугун алдын алууну көздөйт. Буга чейин бул тема боюнча тегерек столго "Ата мекен", "Республика", "Замандаш", "Мекен Туу" партияларынын өкүлдөрү чогулса, бул жолу дагы беш партия чогулду. Аталган лидерлер жогорку темага ылайык тегерек столго боло турган шайлоодогу терс көрүнүштөргө биргелешип каршы туруп, ал шайлоо элибиз үчүн жаңы тополоңдордун очогу болуп кетпөөсүнүн алдын алууда өз ойлорун, сунуштарын ортого салмакчы.



"Кутбилим", 27-июль, 2010-ж.

Конфликт театрда гана ойнолсун
Каршылашуу, жектешүү, бөлүнүү, чатакташуу... Анын арты эмне болот? Көңүл чөктүлүк, өкүнүч, ыза, ый, таарыныч, кек. Мындай талаш-тартышты, конфликти болтурбоо үчүн кандай арга кылыш керек? Ушул суроолорго өткөн жумада Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн саамалык иш-чарадан жооп алса болот. Эмне дегенде Тынчтык жаштар театры өзүнүн максаты кылып өспүрүмдөрдүн ич ара ар түрдүү конфликттерди камтыган кырдаалдан "Форум-театр" программасы аркылуу чыгууну койгон. Бул иш-аракет кандай өткөндүгү жөнүндө уюштуруучулар, катышуучулар менен маек кылып назарыңыздарга коюудабыз.

Ананда Брид Чыгыш Лондон университетинин профессору, "Айрекс" тарабынан бекитилген театралдык консультант.
- Сиз алектенип жаткан долбоор жөнүндө айтып берсеңиз.
- Тынчтык жаштар театры театрды диалог кылуу үчүн пайдалануу концепциясында иштелип чыккан. Мында интерактивдүү театр методология катары пайдаланылып,


Мекенчил жаштардын киносу
"Манастын төрөлүшүн утурлап"
2010-жылдын 30-августунда "Ала-Тоо" кинотеатрында кинорежиссер Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу "Санжыра" кинокомпаниясы чыгарган толук метраждуу тасмасынын бет ачары болот.

Фильмдин идеясы эки жыл мурун жаралган. Кыргыз коомчулугунун турмушунда эки жыл - саясий олку-солкулардын, күрөштүн уланышын көргөн коогайлуу учур. Бүдөмүк абалдан чарчаган калк нагыз жолбашчысын, Манастын кайра жаралышын күтсө, замандын күрөө-тамырын туйган режиссер Манастан чыгармачыл дем тапты.
Элдин эңсегенин Нурбек Эген өз алдынча чечмеледи. Режиссердун түшүнүгүндө бул эңсөө - изденүү жолундагы өлкөдө өзгөрүүлөр болоорун туйуп-билүүгө айланды. Ал көрөрманды өз замандаштары менен жаңыча тааныштырып, аларды ар кандай жол менен алып кеткен тагдырларды ачып берет. Бирок алардын баарысы - Манастын урпактары. Аларды чакырган, киши кылып алып жүргөн, коргоп жүргөн кудуреттүү күч - Мекен идеясы.


"Нур реклама", 17-август 2010-ж.

Эмгек патенти деген эмне?
Алмаз Асанбаев, Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек,ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары.

Россия Федерациясынын 2002- жылдын 25-июлунда кабыл алынган "Чет элдик граждардын укуктук абалы жөнундө" 115 Федералдык мыйзамы
2010- жылдын 1-июлунан баштап оңдоолор менен күчүнө киргендигин Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев төмөндө чечмелеп бермекчи.
Урматтуу кыргызстандык эмгек мигранттары !


Этият болгун, арабызда боксер эже !
Эркектердин кызыгуусун арттырып бокс десе жата калып көргөн фанат эркектерибиз көп. Бокс эркек затына таандык деп коомдук пикирге сиңип калган. Ошондуктан аялзат өкүлдөрүнүн боксга кызыгуусу бул чындыгында таңкалаарлык нерсе. Ишенесиңерби, ишенбейсиңерби кыргыз аялзаттарынын ичинде да боксер бар экен. Мына алардын ичинен Бишкекте кенже
баласын бокска тренировкага алып барып жүрүп өзүнүн кызыгуусун артып бокска катышып калга Гүлнара эже. Өзү менен чогуу бокска катышкан орус кыздардын көбүн токмоктоп жеңиштерге жетишкен, төрт кыз, эки уулдун энеси Гүлнара Насирова эжебизди кепке тарттык.
- Гүлнара эже спорттун бул түрүнө кандайча кызыгууңуз артып калды?
- Башка өлкөлөрдү карап көргүлөчү эркектерден кем калышпай тең тайлашып өзүнүн салмагы менен теңдүүлөр менен чыгып жаткан аялдарды көрөсүң. Кандай гана чоң ийгиликтерге жетишип дүйнөнү багындырып жатышат. Эмне үчүн кыргыз аялдарында мындай чоң жетишкендиктер жок деп абдан кейүүчүмүн.



"Алиби", 24-август, 2010-ж.

Медетбековду Россия колдойбу?
Үстүбүздөгү жылдын апрель окуяларынан бери, Кыргызстандын саясий аренасында өзүнүн оригиналдуу ой-жүгүртүүсү жана солк эттире турган билдирүүлөрү менен айырмаланган Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору Артур Медетбековдун ысымы көп угула баштады. Ал буга чейин күч структураларынын кызматкерлерине жакшы таанымал болгону менен карапайым калк үчүн белгисиз адам болгондугун танууга болбойт. Анын таржымалын сураштырып көрсөк, Советтер Союзу учурунда кыргыз киносунун корифейлеринин бири, СССР эл артисти таластык Капар Медетбековдун уулу болуп чыкса боло. Генерал Медетбеков Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына чейин жетип, бирок Бакиевдер Түркмөнстандан алып келген 100 тонна ок-дарыны кармай коем деп, жыландын куйругун тебелеп, ишинен айдалганына 1,5 жылдай убакыт өткөн экен.


Ошто кош бийлик жана эки жүздүү саясат
Учурда башаламан суроолуу саясат жүрүп жатат. Байкуш эл эмне кылаарын билбей алдастап турган кези. Аны ойлогон бир жан жок. Эптеп эле элдин, акчанын арты менен кызматка келип, өз көмөчүнө күл тартканды адатка айлантышты. Акыркы үмүт - дегенден деги тажабас болдук. Эми "дагы чыдагыла парламенттик шайлоо акыркы үмүт" дешип, элди үмүттөндүргөндөн тажабай, уялбай, бетибиз кызарбай келет. Айт - айтпа баары бир сыяктуу. Неси болсо да, өз көмөчүнө күл тарткандарды арбактарга гана коебуз. Абийирлери болсо, кийинки бала-чакасын ойлошсо арбактан коркушар. Жарасы айыкпай араң турган Ошко бийлик кайрадан бүлүк салып, жараатын ырбатып отурат. Деги Мырзакматовду кызматтан алчу кезби өзү? Ал деген 7-апрелден бери кызмат ордун бекемдеп, белин бууп, элдин башын айлантып алганын бийлик кантип билбейт? Мырзакматовду кызматтан алууга кеч болуп калганын Роза айым түшүнбөй турабы? Мына кечээ эле Вице-Премьер болгон Азимбек Бекназаров жакшы киши болуп, "Мелисти кызматтан алууга каршы болгом"-деп өзүн Ош элине өйдө көрсөтүп отурат. Ал бул сөзү менен Роза айымдын артын ачып отурганын сезди бекен? А балким, атайын кылгандыр. Бир Кудай өзү билет. Болбосо Роза айымды эркек башы менен кодулабай, колдоо көрсөтсө абдан жакшы болмок. Кантсе да буларга окшогон адамдарга ишенип болбой калды. Алдыга аялды салып коюшуп, артынан ит өлүгүн артып жатышканы уят эмей эмне.


"Агым", 20-август, 2010-ж.

Кыргыз бийлиги алардын акчасын санаганга гана маш
Демейде адамды ички-сырткы миграцияга баарыдан мурда социалдык көйгөйлөр түртсө, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан улам этно-саясый кырдаал курчуп, акыркы айда миграция агымы күчөдү. Натыйжада, бир гана Москва шаарына барган атуулдарыбыздын саны былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 36,4%га өсүп кеткен. Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, акыркы бир айда 112 кыргызстандык ( анын 91и өзбек) өздөрүн качкын катары кабыл алууну өтүнүп кайрылышкан. Өткөн жылы бул мезгилде болгону 2 гана адам кайрылган экен. Качкын статусу жөн жай эле бериле койбойт. Кабыл алуучу тарап кийин-соңу БУУда бекитилген бир катар эл аралык талаптарды аткарууга милдеттүү болуп калат. Ошондуктан өзбек этносундагы атуулдарыбыздын бул статусту бетке кармап, айрыкча Орусияга агылып жатышынын башкы себеби мына ушунда.


Каптагаевдин кадыры менен карьерасы
Акыркы он беш жыл аралыгында Кыргызстанда президенттик администрациянын орду өзгөчө болуп келген. Кыргыз саясаты Мисир Ашыркулов, Аманбек Карыпкулов, Медет Садыркулов сыяктуу саясатта оң да, сол да жагынан бышкан аткаминерлерди көрдү. Администрация башчысы өзүн кай тарабынан көрсөтө алса, коомдогу орду ошого жараша аныкталчу. Ишти уюштура билүү интрига менен коштолуп, саясый оппоненттерди аренадан чаап түшүү үчүн абдан айлакер болуп, бир эле учурда президенттин да, коомчулуктун да көңүлүн таба билүү көрүнгөн эле саясатчынын колунан келбейт. Биз президент
Роза Отунбаеванын администрация башчысы
Эмилбек КАПТАГАЕВ тууралуу төмөндө сөз кылабыз.
Алгач Эмилбек мырзанын өмүр таржымалына кыскача токтолсок. Саламат атанын уулу 1957-жылдын 18-июнунда жарык дүйнөгө келген. Кичи мекени Ысык-Көлдүн Чоктал айылы. Эмгек жолун Улуттук илимдер академиясынын физика жана математика институтунун кызматкерлигинен баштаган. 1991-1993-жылдар аралыгында өкмөт алдындагы жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссияда башкы адистикти аркаласа, андан соң премьер-министрдин кеңешчиси болгон.
1989-жылы Бишкектин жака белинде жер басып алуу башталган. Натыйжада "Ашар" кыймылы түзүлүп, төрагалыкка Каптагаев шайланган. Ошол учурдагы кырдаалды - Кыргызстандын өз алдынча эгемендүүлүккө жетише электигин эске алсак, Эмилбек мырзанын коммунисттик системага каршы чыкканын эрдик катары баалаганыбыз оң.


"Кыргыз туусу", 24-август, 2010-ж.

Көңүл борборунда - Кыргызстан
20-августта Армениянын борбору Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес саммити болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева катышты.

Жолугушууга Россия Федерациясынын, Казакстандын, Кыргызстандын, Беларустун, Тажикстандын, Армениянын президенттери жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышышты. Саммитти ачып жатып, Армениянын Президенти Серж Саргсян катышуучуларды куттуктоо менен бирге форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Россиянын Президенти Дмитрий Медведев жыйындын күн тартибин жарыялады. Саммиттин ишинин биринчи бөлүгү Кыргызстандагы кырдаал боюнча ЖККУ тарабынан пландаштырылган иш-чараларды талкуулоого арналды. Экинчи бөлүгүндө Уюмдун кризиске каршы көңүл буруусу боюнча чаралар талкууланды.


Бишкекти Манас шаары деп атайлы!
Өткөн айларда эркин гезиттердин бирине согуштун жана эмгектин ардагери Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берели" аттуу макаласы жарык көргөн. Анда автор: "Борбор калаабыз Бишкектин атын - Манас шаары деп атоо керек", - деген сунушун айткан.
Ошол макаладан улам, биздин редакцияга аталган демилгени колдоого алган каттар түшүүдө. Бу саныбызда КРнын баатырлары, согуштун жана эмгектин ардагерлери, республикабызга эмгек сиңирген кызматкерлер жана Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү кол коюп, баш калаанын атын өзгөртүү сунушун колдогон катты биздин гезитке да жөнөтүшкөн. Авторлор ушул эле кайрылуу каттарды КРнын Президенти Р.Отунбаеванын дарегине да жолдошкон.
- Биз, төмөндө атыбыз аталган согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз Республикасына эмгеги сиңирген кызматкер Качкын Нускаевдин "Келечек үчүн добуш берелик" деген макаласындагы: "Борбор шаарыбыздын атын жаңыртып, "Манас" деп атайлы" деген мамлекеттик жана улуттук деңгээлде көтөргөн демилгесин зор кубаныч менен колдоп, кубаттоодобуз.


"Форум", 24-август, 2010-ж.

Исмаил Исаков, экс-министр:
"Элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат кылабыз!.."
- Исмаил Исакович, КСДПнын курамына кирүүңүзгө эмне түрткү болду? Дегеле, Алмаз Атамбаев менен жеке мамилеңиз кандай?
- "Азаттык" демократиялык партиянын төрагасы катары КСДПны колдоп, биргелешип чыгуубузду биз өзүбүздүн 22-августта өткөн кезексиз 2-курултайда бир добуштан чечтик. Албетте, чечим чыгарардын алдында башка партиялардан сунуштар абдан көп болду. Ошого карабастан КСДПны тандап алганыбызга эң биринчи - Атамбаев менен жеке мамилемдин дурустугу, анын жарандык, жетекчилик сапаты, ошондой эле өлкөнүн саясий айдыңында такшалгандыгы, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жүргөн эң мыкты патриоттуулугу, тазалыгы жана иш билгендиги себеп болду. Эң негизгиси, экөөбүздүн өлкөбүздө туруктуулукту, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактап калуу максаттарыбыздын төп келгендигин жана партияларыбыздын программаларынын орчундуу маселелери боюнча окшоштугун да айтсам болот. Чындыгында, айта берсе себептери абдан көп. 2009-жылдын декабрь айында БЭКти түзүп, Атамбаевди жетекчиликке шайлаганда, алдыбызга Бакиевдин режими менен күрөшүүдөн башка, өлкөбүздө тартипти, тазалыкты жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу, Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына алып чыгуу боюнча жана башка бир топ максаттарды койгон элек. Ушул максаттарды да чогуу биргелешип ишке ашыруу да түрткү болду.


"Сыйыртмак" учу ташталды, саясий шоу башталды…
Эски бийлик эңшерилип, жаңы Башкы мыйзам кабыл алынып, укук талаасы деп кыйкырганыбыз менен алакандай кыргыз жеринде 157 партия түзүлүп, башка жагынан болбосо да, бул багытта Кыргызстан Гинесстин китебине кирерине күмөн саноого болбой отурат. Өлкөдө башаламандык күчөп, бийлик мунарасында да бири-бирине тымызын бут тосуулар күч алууда. Анархиянын кубаттуулугу артканын эми жашырууга мүмкүн болбой калды.

Жалпы мамлекетибизде стабилдүүлүктү орното албагандыгыбызга кечээги Ош жана Жалал-Абад аймагындагы синдромдор, айыпталгандарга кылмыш иши козголуп, андан кийин "акчалуулугунанбы", айтор "үй камагына" которулуп" жатышы, Урмат Барктабасовдун аракети, бүгүн болсо мамлекет башчысы жана техникалык Өкмөтү Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовду башка кызматка которууга макулдашууга жетише албагандыгы сыяктуу көптөгөн айкын мисалдарды келтирсек болот. Ошол эле учурда А. Бекназаровдун И. Чудиновдун үстүнөн экономикалык жактан келтирген зыяндары жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча козголгонун шардана кылып, азыр болсо анын У. Барктабасов менен байланышы бары-жогун аныктоо үчүн кармалганынын шылтоосу менен "үй камагына" чыгарылганы боюнча маалымат таратылганы шектүү мүнөзгө ээ болуп отурбайбы? Ошентип, окурмандар түгүл, саясий серепчилер деле кайсы билдирүүлөргө ишенерин билбей, баштары маң болуп жатканын ачык айтсак болот.


"Аалам", 26-август, 2010-ж.

Аңчылык сезону
Кийинки кезде Белоруссиянын "президент-марафончусу" А.Лукашенконун куюшканы кыйшаңдай баштаганы байкалат. Москва менен Минскинин мамилеси мурда болуп көрбөгөндөй катуу бузулуп кеткени--факт. Эми эки бир туугандын алака-катышы кайра оңолуп, абалкы калыбына келиши кыйын болуп калганын эксперттердин басымдуу көпчүлүгү белгилеп жатышат. Европанын акыркы диктаторунун 16 жыл Белоруссияны чарк имерип, башкаруусу аяктап, батьянын доору бүтүшү мүмкүн. "Эң жакынкы коңшусуна Россиянын жылдызы тескери айланып калды, Белоруссияда башталган президенттик шайлоо жарышына Россия эки эселенген энергия менен кийгилише башташы", "А.Лукашенко үчүн өтө кооптуу көрүнүш" деп жазат Беньямин Биддер SPIEGEL ONLINE басылмасында. Ошентип, Россиянын А.Лукашенкого каршы аңчылык сезонун жарыялаганын чоң күмөн-күдүк жаратпай калды десе болот.


Касымбек Мамбетов
КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары:
"Сүйгөн кесибим жашоомдун мааниси болуп калды"
- Касымбек Бейшенбекович, бийик кызматка келээриңиз менен ысымыңыз коомчулукка маалымат каражаттарындагы өйдө - ылдый кептер аркылуу таанылды. Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып бериңизчи?
- Менин таржымалым ар бир советтик адамдыкындай эле жөнөкөй. 1954 -жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Аларча айылында туул-гам. Мектепти аяктаган соң, КММИге кирип, 1977- жылы "дарыгер-дарылоочу" кесиби боюнча бүтүрдүм. Институтту аяктагандан кийин Ош шаардык Борбордук ооруканасында терапия жаатында дарыгер болуп иштедим. 1978- жылы алыс-кы Сүлүктү шаарына жиберишти. Ал жерде 14 жыл иштедим. Жөнөкөй дарыгерден шаардык башкы дарыгерге чейин кызмат кылдым.
Саламаттык сактоо министрлигине дарылоо-профилдик башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп 38 жашымда келдим. 46 жашымда милдеттүү медициналык камсыздоо Фондун башкардым, кайра Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек аймактык ММК Фондунун башкармалыгы, кайра Саламаттык сактоо министрлигине барып, кызматым ушул айлампада айлана берди.


"Аргумент kg", 19-август, 2010-ж.

Окшошкондор
"Демократия - это выборы, голосование, принятие решений народом, т.е. большинством, то понятно, что это большинство может быть не право. Большинство вообще всегда не право, т.к. любые новаторские идеи не могут сразу овладеть большинством."
Андрей САХАРОВ
Мындан 15 жыл мурда бекен, Жаныбек Жанызак "Асаба" гезитине банан жөнүндө мыкты макала жазган. Логикасы - социализм заманында банан деген калориялуу жемиш бар экенин укчубуз, даамын татпаппыз… Экспорттолуп келген мындай укмуштуу жемиштин даамын да таттык, даамы коондон аз-аз эле айырмаланбаса, андай шилекей тамчылатчу деле оокат эмес экен. Витамини жөнүндө сөз кылалбайбыз, заты - былжырак жемиш болуп чыкты, тек азыр банандын метафора мааниси жөнүндө сөз кылуу ыңгайы келип турат: бизге экспорттолгон бананың менен демократияң экөө бирдей былжырак экен. Ооба, демократия даамын таткандан бери эмнени гана былжырабадык. Өзгөчө саясый элита баш болуп. Ээнооздук бизде сөз жана ой эркиндиги катары кабылданып, демократия элементи саналып келди. Менин түшүнүгүмдө - демократия баалуулугун жете түшүнө бербеген коомдо банан менен коондун даамы бири-бирине жакын болгондой эле батыштан экспорттолуп келген демократия (demos - эл, kratos - бийлик, демек, элдик бийлик же элдик башкаруу) менен биздеги ээнооздук


Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу
- Жакында эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму түштүк окуяларына иликтеген докладын жарыялады. Бул боюнча сиздин пикир кандай?
- Түштүктөгү окуялардан улам Кыргызстанда түзүлгөн жалпы кырдаалды түшүндүрөбүз деген чет элдик ММКлар, укук коргоочулар жана бир топ эл аралык уюмдар жабылып келе башташкан. Алардын Кыргызстанды терс маанайда көрсөткөн маалыматтар көбүрөөк чыгып кетти. Алар Ош, Жалал-Абаддагы окуялардын артында деструктивдүү күчтөрдүн иштери көбүрөөк көрүнгөндөгүсүн бетке кармашты. Ал эми окуянын аки-чүкүсүн териштирген адам, журналисттик иликтөөлөр болгон жок. Андыктан, Хьюман Райтс Уотч жана ушул сыяктуу уюмдардын расмий маалыматына кошумча эки тараптуу боло турган деңгээлде жазылган кошумча маалыматтарды бериш керек. Бирок, дагы бир топ жасала турган иштер бар. Тез эле бир жактуу маалыматты колдонуп туруп, бир тараптуу күнөөлөгөн маалыматтарды чыгарып коюш оңой. Ошондуктан менимче, мунун жүйөлүү жерлерине ишенип, бирок, жалпысынан алганда алардын маалыматы толук эмес экенин айтыш керек.


"Лозунг", 18-август, 2010-ж.

Партиялар парады: "Ата-Мекен" ажары
Совет мезгилинде "Тынчтык үчүн түбү түшкөнчө күрөшөбүз!"- деген кыйгыл тамаша айтылчу. Анын сыңары партиялар парламенттен эптеп орун алуу үчүн эч нерседен кайра тартпачудай болуп калды. "Тфү" дейли, эл-журт, атамекенден аша кечүүдөн дагы. Кудайга шүгүр, республикада 145гө жакын майда-чоң партия бар дешчү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын 57си каттоодон өттү деди. А баары катталып, шайлоого аттанса, Кыргызстан даана тытындыда калат беле, ким билет?
Ошентсе да биз бүгүндөн баштап, айрым партиялардын ажарын ачкан маалыматтарды чогултуп жарыялап турууну туура таптык. Эмне үчүн? "Чын дилиңден добуш бер!" өңдүү өлө кымбат чакырык кан менен келген реформанын качандыр бир "кошогуна" айланбас үчүн. Баса белгилеп кетерибиз, бул маалыматтардын көпчүлүгү айтылган, жазылган. Биз тек гана аларды системалап коюу аракетин жасадык. Алгачкы сөздү "Ата-Мекен" партиясынан баштаганыбыз оң. "Карт карышкыр" дегендей, канткен менен "Ата-Мекен" эгемендик жылдарындагы эң алгачкы партиялардан эмеспи...


Мирзахамдам МИРСИДИКОВ:
"Кадыржан качып кетти, карапайым калк жабыр тартты"
Айтылуу Айбек Мирсидиков ("Черный Айбек") Жалал-Абаддагы өзбек жамаатынын лидерининин бири, улутчулдугу менен акыркы жолку кандуу кагылыштарга себепчи болгон Кадыржан Батыровдун душманы болчу. Алардын ортосундагы душмандыктын өзүнчө себептери бар экен. Кала берсе, Айбек Мирсидиковдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн да Кадыржан Батыровго шылтагандар жок эмес. Бул окуялар кайдан келди? Тополоңдор учурунда Айбек Мирсидиков эмне иш жасаган? Азыркы кезде Мирсидиковдор үй-бүлөсүндө эмне болуп жатат? Мына ушул жагдайлар тууралуу анын атасы Мирзахамдан Мирсидиковго суроо салдык.

- Мирзахамдан аке, балаңыздын жаткан жери жайлуу болсун. Ал канча жашта эле?
- Айбек балам 36 жашта эле. Күтпөгөн жерден ушундай жаман иш болуп кетти.
- Азыр эл оозунда ар кандай кептер жүрүп жатат. Бул ишке тигил же бул тараптардын катыштыгы барлыгы тууралуу сөз көп. Сиз Айбектин атасы катары бул тууралуу эмне айтасыз?
- Эми азыр мен бул тууралуу ачык эч нерсе дей албайм. Бул жагы бизге караңгы. Бирок, Кадыржан Батыров бул окуя болордон мурда ар кандай кептерди чыгарып, ар кайсы жаман иштерге баламдын катышканы тууралуу сөздөрдү айтып, "аны кармаш керек, жазалаш керек, ал кыргыздарга өтүп кетти"- деген сыяктуу сөздөрдү таркаткан. Ал эми менин балам,


mainkaptal