![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Ар-Намыс" партиясынан депутаттыкка бара турган адамдар Жапаровдун түшүнө койдун паспорту кирет экен"Ар-Намыс" партиясынын экинчи тизмеси менен депутат болуу мүмкүнчүлүгүн алган Акылбек Жапаров жөнүндө айта берсек сөз көп. Башкасын коюп, ал көтөргөн "ХИПИК" программасы менен малга паспорт алуу тууралуу "табылгасы" эле анын саясаттагы деңгээли канчалык экендигин айгинелейт. Себеби, "ХИПИК" - бул улутту кулчулукка байлап берүүчү программа экендигин биздин эле эмес, чет өлкөлүк экспеттер да өз учурунда байма-бай билдирип, кыргыздар эки колу менен эки бутун байлап берүү коркунучунда тургандыгын жар салып чыгышкан. Жапаров ага да моюн бербей, 2007-жылы бул программа өтүп калганда; 4 жылдын ичинде биз сыртка 400 млн. доллар төлөбөй, болгону 200 млн. доллардын тегерегинде төлөп калат элек" деп, элди алдоого катуу далалат кылды. Бирок, кудай бар экен, тилеги ишке ашпай калганда, "арманым ичте калды" деп оор үшкүрүнгөн. Анткени, "ХИПИК" программасын сунуштагандар ага түшкө кирбеген акчаны убада кылган өңдөнөт. Анан эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, "ар бириңер малга паспорт алгыла" таризинде оюн таңуулай баштады. Муну уккандар Жапаровдун адамга паспорт бере албай жатып, "малга паспорт алгыла" дегенин ушул күнгө чейин айтып, күлүп жүрүшөт. Ал эми мал өлгөн сайын "буга кара кагаз берип коелу" дешип, бул сөздү ылакапка айлантып алышты. Ошого болбой, бүгүнкү күнгө чейин паспорт тууралуу оюнан кайта элек. Керек болсо, койго паспорт берүү түшүнө да кирет экен. Эми депутаттык креслого олтурса, бул маселени кайрадан көтөрүп чыгат. Кызыгы, кайсыл бир интервьюсунда "мен келээрки он жылдын ичинде, адамга кайсыл тамак-аш көп керектелээрин анализдеп көрдүм. Көрсө, баягы эле эт,сүт, буудай керек экен? деп катуу таң калдырды. Ыя кокуй, муну анализдебей эле биринчи класстын баласынан сураса деле айтып берет эле го? Адам эмне он жылдан кийин таш же темир жемек беле? Демек, Акылбек Жапаров канчалык бийик кызматтарды аркалап келгени менен жарытылуу иш кылбай эле ушул тамак аш маселесин ойлонуп жүргөн го деген суроо туулат. Дагы бир айта кетчү жагдай, үгүт иштери учурунда "Ар-Намыс" партиясы атайын чыгарылыш (гезит) чыгарган. Анда Акылбек Жапаровдун интервьюсу жарыяланыптыр. Бирок, интервьюсунун алдына "бийлик келет-кетет, бирок кошоматчылар кала берет" деген фразаны келтирүү менен, аны билгизбей чымчып коюшкан экен. Муну окуган окурмандар демек, партия Жапаровго ишеним артпайт турбайбы деген ойдо калышты. Мамыровага мандат маанилүү эмес Бөдөш Мамырова өз оюнан тайсалдап, коркпогон инсан. Айрыкча, акыркы жылдардагы сот адилетсиздигине карата айткан курч мүнөздөгү сын-пикирлери коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Убагында акыйкатсыздыктын курмандыгы болгон генерал Исмаил Исаковдун сот иштерине калбай катышып, Бакиевдик режимге катаал сын айтып турган. Кийин Бакиев формалдуу түрдө ынтымак курултайын өткөргөндө ошол кездеги авторитардык жана криминалдык бийликтен коркпой, туруктуу көз карашын билдирип, доклад жасады. Муну менен катар, "Ак жол" партиясы жасалма жол менен парламентке келип олтуруп алганда, "жалгыз партия көпчүлүгүн түзгөн парламент толук кандуу иштеп, келечекте эл, мамлекет үчүн алгылыктуу иш жасайт деген жөн гана куру кыялдануу. Булар бир адамдын гана ырын ырдаары мурда эле белгилүү болсо да, жаңы регламентти кабыл алганда бул ачык-айкын болду. Ал тургай, сүйлөгөнгө чек коюлуп, "байкуштар" сүйлөө эркиндигинен ажырап калышты. Анан ушундай парламенттен эмнени күтсө болот." деген билдирүүлөрдү жасап турду. 7-апрелден соң миграция министрлиги кызматын аркалап, кыска убакыттын ичинде алгылыктуу иштерди жасоого жетишти. Эң негизгиси, Мамыровага мандат маанилүү эмес, ага адилеттүүлүк гана маанилүү. "Республика" партиясынан депутаттыкка бара турган адамдар Алтынбекке алты ооз кеп "Республика" партиясы түзүлгөнүнө аз убакыт болсо дагы, таскагы катуу чыкты. Тактап айтканда, 4- орунду алды. Бул жолу Өмүрбек Бабанов "элдин ишеничин актайм" деп катуу сөз берди. Бирок, айрым экс- "ак-жолчу" депутаттар анын кадыр-баркына шек келтирип коюуда. Маселен, Баткендин темир-тезек "королу" болгон жана Нариман Түлеев менен үзөнгүлөш болуп, кытайга кыргыздын арзан темирлерин сатып байыган Алтынбек Сулаймановдун тизмеге кирип калгандыгына нааразы болгондор көп. Анткени, депутат болуп турганда бийликтин мыйзамсыз иштерин көрүп, туруп көрмөксөн болгон. Эгер Каркыра сатылып жатканда элинин чыныгы патриот уулу болсо, "макул" деп добуш бербестен, каршылык көрсөтүп чыкмак" дейт калайык калк. Ошондуктан, Алтынбек мырзанын парламентке келишин каалагандар өтө эле аз. Төрөбаев төрдү гана самайбы? Бакыт Төрөбаев "Ак-жол" партиясы түзүлгөндө анын катарына кирип, депутат болгон. Мурдагы Жалал-Абад энергонун башкы директору Эргеш Төрөбаевдин баласы. Бакиевдин саясатын колдогондондун бири. Мамлекеттин ири обьектилери, сатылып жатканда, элекр энергиясы кымбаттаганда, пансионаттар менен Каркыра сатылганда бир ооз өз позициясын билдире алган жок. Экономика оорлоп, эл катуу кыйналып турган маалда карапайм калктын үнүн угууга далалат жасабады. Болгон эмгеги - "Ак жолдун" катарын гана толуктап турду. Кийин Камчыбек Ташиев МЧСтен ыргыганда, анын ордун басып калды. "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп келүүчү адам Өмүрбек Текебаев өрт экен Бул жолку шайлоодо Өмүрбек Текебаев менен анын партиясын калайык калк жакшы эле колдоду. Элде "Ата Мекен" биринчи же экинчи орунга чыгат" деген ишеним бар эле. Тилекке каршы, дагы деле Бакиевчилерден арыла элек экенбиз. Экс-президенттин куйруктары Текебаевди элге жаман көрсөтүү үчүн күн-түн дебей иштеп, үй сайын кыдырып чыгууга үлгүрүштү. Акча чачып, криминалдарды пайдаланды. Бирок, мындай адамгерчиликсиз мамилеге Өмүрбек мырза дароо каяша кылбай , көп нерсени ичине катып койду. Себеби, ал эски бийликтин калдыктары менен болгон күрөш алдыда экендигин туйду. Болгон өкүнүч, бийликке таза адамдар эмес, мурдагы бийликтин кол балдары келип жаткандыгы болду. Анткени, 7-апрель күнү эл Бакиевге жана анын командасына каршы көтөрүлүп, төшүн окко тоскон. Канчалаган эр азаматтарыбыз жер кучактап, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Мына ушундан улам, алар ким үчүн өлдү? деген суроо жаралат. Ошондой болсо да, карапайм калың журт кимдин ким экендигин таразага салып эле талдап алат. Өмүрбек Текебаевге болгон үмүт эми чындап жаралды. Анткени, алдыда далай таймаштар жана өлкө үчүн маанилүү маселелер чечилүү алдында турат. Мындай татаал жолдо Өмүрбек мырзага өмүр каалап туралы. Себеби, 20 жыл бою үй-бүлөлүк башкаруу менен күрөшүп келген адам дагы деле эл тарапта болот дегенге үмүт чоң. Ал эми ушакчылар болсо, ага көө жапканын таштай элек. Ошончо оор сөздөргө чыдап Өмүрбек мырза өрт экендигин көрсөттү. Эми парламентке депутат болуп келсе, дагы деле акыйкаттыкты айта берээри турган иш. "СДПК" партиясынан депутат болуп келүүчү адам Атамбаев эл ишенимин акташ керек Бакивдин бийлигине каршы чыккан лидер. Авторитардык бийликке нааразычылык билдирип чыккан митинг учурунда премьер-министрлик кызматка олтурган. Ошондо бир топ эл нааразы болгон. Өзүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, ошол кезде бийлик менен оппозиция бир пикирге келе албай, түндүк-түштүк маселеси курчуп турганда аргасыз өкмөт башчылыгына барган. Бирок, анын мындай кадамына азыркы күнгө чейин түшүнбөй жүргөндөр бар. Мыкты экономист жана саясатчы катары эл оозуна алынып келе жатат. Эми мындан аркы кадамдары өтө маанилүү. Себеби, парламентке келе турган партиялардын көз караштары ар башка. Ошондуктан, ал үчүн эл ишенимин актоо милдети астыда турат.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||