![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Курум Ушу Кедеринен кетүү индекси Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасы орноду. Бара-бара кемелибизден кетип баратканыбызга эл аралык институттардын кийинки учурлардагы байма-бай ыроолоп жаткан баасы (рейтинги) айгине күбө болуп бере алат. Атап айтсак, ООНдун быйылкы адам өнүгүүсү боюнча докладында Кыргызстан жашоо сапаты боюнча дүйнөдө 120-орунга татыды. Бул постсоветтик өлкөлөрдүн эң артында чаң жутуп калганын билдирет. ООН Кыргызстандын рейтингин аныктоодо төмөндөгүдөй критерийлерге таянганы айтылат: калктын жашоо деңгээли, социалдык жактан корголушу, медицинанын абалы, билим берүү, жаратылышты коргоо жаатындагы иш чаралары, жашоонун узактыгы, ВВПнын (ички дүң продукциясынын) ар бир адам бөлүштүрө келгендеги өлчөмү, илимдин абалы. Ошондой эле адам укугунун корголушу, граждандардын коомдук турмушка катышууга болгон мүмкүнчүлүк сыяктанган кубулуштар сыдыргыдан өткөрүлгөн. Натыйжасы адам ыйлай тургандай абалда десек болот. Кыргызстан ООНдун рейтингинин негизги параметрлери боюнча артта калган өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Бир кездери сөз эркиндиги боюнча Борбор Азиялык өлкөлөрдүн кылда алдыңкы ордун ээлеп турганыбызга жагалданып мактанчубуз. Эл аралык уюмдар да Кыргызстандагы прессанын эркиндигин такай белгилеп келгени бар. Азыр болсо кыйла артка кетенчиктеп кеткенибиз дүйнөлүк институттар тарабынан үзбөй айтыла баштады. "Чек арасыз реперторлор" эл аралык уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына караганда, сөз эркиндигинин деңгээли кыйла төмөндөп түшүп кетти. "Прессанын эркиндик индексинен" алганда, Кыргызстан дүйнөдө 125-орунда туруп калды. Бул өткөн 2008-жылга караганда он беш тепкичке ылдыйлап түшүп кетти дегендикке жатат. Баарынан өкүнүчтүүсү прессанын эркиндигинин кедеринин кетишин мындан ары уланта турган жоболоңдуу жосун сакталып калганында. "Чек арасыз репортерлордун" аныктамасы боюнча масс-медианын эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан граждандык кандуу согушту башынан кечирген, авторитардык Тажикстандан кийинки орунга сүрүлүп калды. Мындан сырткары, Евразиялык бириккен эксперттер тармагынын Кыргызстан менен Тажикстан дүйнөлүк кризиске каршы туруштук берүү байымы рейтинги боюнча да КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң артынан орун алышканын кабарлады. Улам ылдыйлап, ыркы кетүүнүн белгисин мындан байкап багыңыз, жада калса ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстандын футболдук курама командасы ноябрь айынын ичинде оболку 137-орундан 156-орунга-артка сүрүлүүгө дуушар болду. Бул болсо КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Тажикстандын (168) алдында дегендикке жатат. Кыргызстандын кендирин кесип келатканы чиновниктердин арасындагы өнүгүп кеткен коррупция экени белгилүү. Эл аралык Transparency International уюмунун рейтинги боюнча, Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 162-орунга эптеп илинди. Коррупциялык индекси 1,9 баллга татып Гвинея-Бисау, Ангола, Конго жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдүн катарында эң акыркы орунга татыгаан. Борбор азиялык өлкөлөрдүң ичинен Кыргызстанга караганда Түркмөнстан (168-орун) менен Өзбекстандын гана (174-позиция) абал начарыраак. Өкмөт тарабынан 1-январдан баштап киргизиле турган коммуналдык тарифтердин жин ургандай болуп асмандап кетишинин (электричествого 2,3 эсеге, ысык суу менен жылуулукка 5-10 эсеге көтөрүлүшү) түпкү себеби да өлкөдө баш бербей коолоп-чайлап кеткен коррупция менен байланышаары белгилүү. Мамлекеттик чиновниктер эч кимди көзгө илбей калган, алардын коррупциялык бизнеси гүлдөп, өсүп жаткан мезгилде легалдашкан ишкерликке ар кандай бут тосуулар уламдан- улам күчөп баратканына күбө болосуң. Жакында Дүйнөлүк банктын Doing Business долбоорунун рейтинги жарыяланды. Анда Кыргызстанда ишкерлерге салынган салыктын бир жылдык сан өлчөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турары айтылат. Кыргызстан дүйнөдөгү 183 мамлекеттин ичинен 6-орунда чыгыптыр. Doing Bisiness иликтеп чыккан эсепке караганда, биздин өлкөбүздө салыктын 75 түрү колдонулат экен. Бул жагынан Черногория (салыктын 89 түрү бар), Өзбекстан (106), Беларусия (107), Румыния (113) жана Украина (147) гана алдыда турат. Ошентип, Кыргызстан мамлекеттик чиновниктер айтып жүргөндөй ишкерликке, өндүрүшкө өбөлгө түзбөстөн, тескерисинче аларды салыктын сандаган түрлөрү менен кылкындыра муунтуп, баш көтөртпөй жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Үсөн КАСЫБЕКОВ Өткөн айдын "өрнөгү" Россия, Белоруссия жана Казакстан бажы биримдигин түзүүгө жетишишти. Бул биримдик 1-январдан баштап өз ишине киришет. Бул деген Польшанын чек арасынан баштап Кытайдын чек арасына чейин экономикалык бирдиктүү талаа болду деген сөз. Демек, ушул мамлекеттер арасында иштелип чыгарылган товарлар пошлинасы жок бири-бирине киргизиле берет. Биздин ишкерлерибиздин кабыргасын кайыштырып, бардык өндүрүлгөн нерселердин бааларын жетелеген нефть, газ пошлинасыз жүгүрүп, ал мамлекеттердин экономикасын көтөргөнгө чоң өбөлгө түзүлмөкчү. Кыргызстан кире албай койду бул биримдике. Тагыраак айтканда, бизди алышпай койду. Көрсө, Кыргызстандын бийлиги алардын ишениминен чыгып калган экен. Өзбекстан Борбор Азиянын бириккен энергетикалык системасынан чыгып кетти. Ошентип, Кыргызстандын түштүгү Өзбекстан аркылуу өтүүчү электроэнергиядан толугу менен айрылды. Түштүк караңгылыкка батпасын десек, мамлекетибиз өзбектерге транзит үчүн акы төлөөгө мажбур болот. Өзүбүздүн электроэнергиябыз үчүн өзүбүз акча төлөйбүз. Бийлик электроэнергияга төлөмдөрдү дээрлик үч эсе көтөрдү. Бул деген башка бирөөнүн жеке менчигине өтүп жаткан станцияларды биздин чөнтөгүбүздөн оңдоп өткөрүп беришкени калды деген сөз. Эми нефть ташыган темир жолчуларга өз чөнтөгүбүздөн вагон сатып алып бергенибиз эле калды. Кошуналарыбыздын ишениминен чыгып, арзан товарлардан айрыган, Каримовдун Гузар - Сурхан электрзымын тартып жатканын көрбөгөн, ошонун артында эмне жатканын баамдабаган сокур жана маңыроо бийлик, акыры элдин чөнтөгүнө колун узатып, өзүнүн шалаакылыгын жапкан ай болду ноябрь. Декабрь, январь жана башка айлар … айтор, дагы төрт жыл бою ушул нукта өтөт көрүнөт. Болот АБДЫРАЕВ Билим Сырттан окуу бөлүмү керекпи , же?… Окуу жылынын биринчи бөлүгү аяктап, студенттердин шаштысы кетип, сабак окуп жакшы даярдангандын ордуна, "кайсы байкеме барып, канча алсам, агай канча сураар экен" деп жүрөкзаада болушса, мугалимдер жааматы бул жаңылыкты башка маанай менен кабыл алып, капчыктары кампаярына сүйүнүшүп, колдорун ушалап турган кездери. "Акчалуу балапандарды" (сырттан окугандар) чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Азыркы студенттер окуса деле баа алаарына ишенишпегендиктен, акчага кудайга жалынгандай жалынышып, капчыктан жардам суроого аргасыз. Студенттердин жарымы "заочник" Учурда Кыргызстанда 50 жогорку окуу жайы бар. Анын 31и мамлекеттики, 19у жеке менчик болуп саналат. Билим берүү жана илим министринин маалыматы боюнча, 2008-жылы бардык университеттерде окуган студенттердин жалпы саны 243 миң. Анын ичинен күндүзгү бөлүмдө окугандар 129622(53,4%), кечки бөлүмдө окугандар 1570. Ал эми сырттан окуган студенттер 111836(46%) түзөт. Сырттан окуу бөлүмдөрүнө төлөнүүчү акы орточо эсеп менен 13 миң сом. ЖОЖдордо сырттан окуу бөлүмдөрү эмне үчүн ачылган? СССР убагында иштен колу бошобой, бирок, ошону менен катар эле жогорку билим алгысы келген адамдарга, же болбосо, башка, өзү каалаган кесипти окуп, үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Сырттан окуу жумушу көп адамдар үчүн үйрөнүүнүн бирден бир жолу болгон. Жакшы тилек, жаркын үмүт менен башталган бул иш кийин коррупцияга айланды. Университеттин жана окутуучулардын капчыгын кампайтуунун жолу болуп калды. Студенттер өздөрү окубай эле, алар тапкан акчалар ректорлордун, декандардын, мугалимдердин чөнтөгүнө шуулдап кирип, акча "билим алууда". Окуган студенттер бир жылкыга бир диплом сатып алаарын билгендиктен, башын иштетип окуп, өзүлөрүн көп эле кыйнагылары келишпейт. Сессиядагы "ставкалар" Сессияларды бүтүрүүдө сырттан окугандардан ар кайсы университет ар кандай баада акча алышат. Мисалы, Кыргызстан Эл аралык университетинде сырттан окуган студенттер экзаменде "беш" алуу үчүн 1500 сом, "төрт" алуу үчүн 1000 сом, зачетко 500 сом алышат имиш. Улуттук университетте "бешке" 1700-1500, "төрткө" 1300-1100, зачетторго 800-900 сом талап кылынат дешет. Ал эми И. Арабаев атындагы университетте экзамендеги "бешке" "татыктуу" болуу үчүн 900сом, "төрткө" 700-600 сом, зачет койдурууга 500-400 сом керектелет экен. Негизи, ар бир жогорку окуу жайынын өз алына жараша "ставкалары" бар. Башка өлкөлөрдө... Мисалы, Түркияда, араб мамлекеттеринде, Германияда сырттан окуу бөлүмдөрү жок. Алар билимге көп көңүл бурушкандыктан, чала сабат кадрларды окутуп чыгаргылары келишпейт. Окуу жайлары тыкыр көзөмөлгө алынып, бир студент чыкса да, татыктуу кадр боло алат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак. Кыргызстанда юрфакка (18903) жана экономфакка (46240) эң көп тапшырышат. Күндүзгү бөлүмдөгүлөр тийип-качып болсо да, алдарынын жетишинче "билим" алып жатышат. Бирок, эң оор кесип деп эсептелген, факультетте сырттан окугандар да бир жылда бир ай келип (эгер келсе!) кандайча математиканы чагып, же Конституцияны жатка билип, адам укугун коргогон, профессионал адис боло алышат. Азыр сырттан окуп жаткан студенттердин 12-20%ти гана окууну бүткөндөн кийин өз адистиги боюнча жумуш таап кете алышат. Мээрим СЕЙДАКМАТОВА
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| ||||||||||||||||||||