presskg.com

Башбарак

Архив

Макала издегич Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Архив-1 Архив-2 Архив-3 Архив-4 Архив-5 Архив-6 Zaman Кыргызстан Агым Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Ош шамы Ош жаңырыгы Кыргыз руху Салык экспресс Саратан Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Алас Бишкек таймс Назар Энесай Новости Иссык-Куля Эркинтоо Биримдик Пресс kg Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар
mainkaptal

Пользовательский поиск
ПК
Россия Кыргызстандын карызын кечти
Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Буга чейин эки өлкө 300 миллион доллар карызды 10 жыл ичинде, тагыраагы, жыл сайын 30 миллиондон жоюуну макулдашкан. Эки жыл ичинде 60 миллион доллар карыз жоюлган болчу. Эми Россия тарап калган карызды дагы толугу менен кечип отурат. Тийиштүү жарлыкка Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койгон. Ошондой эле документте карызды кечүү Россиянын Кыргызстанга берген расмий жардамынын алкагында ишке ашканы белгиленген. Бишкек менен Москва 2012-жылы жалпы суммасы 500 миллион доллар болгон карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон. Ага ылайык, келишим күчүнө кирген күнү 188,9 миллион карыз кечилмек. Ал эми 2016-жылдан тарта 300 миллион доллар карыз он жыл аралыгында жоюлмак. Буга чейин Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Кыргызстандын Россияга берчү 240 миллион мамлекеттик карызынан толугу менен кутулуу боюнча келишим даярдалып жатканын билдирген.


Меркел менен Путин жолугушту
Германия канцлери Ангела Меркел менен Орусия президенти Владимир Путин Сочиде 2-майда жолугушуп, актуалдуу эл аралык маселелерди талкуулашты. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында эки лидер тең Украина чыгышындагы чатакты жөнгөрүү боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткаруу бардык тараптарга маанилүү экенин билдиришти. "Бүгүн биз чатакташкан тараптар Минск келишимин бекем сакташы зарылдыгын дагы бир жолу бышыктадык" деди Путин. Ал эми Меркел Москва менен Берлин "чатактын себептери боюнча ар башка ойдо" экенин айтат. Ал чек арасында, анын ичинде жикчилдер менен Орусия ээлик кылып турган аймактарында көзөмөлдү толук орнотуу Киевге өтө маанилүү экенин белгилейт. Эки лидер Сириядагы алты жылга созулган жарандык согушту да талкуулашты. Путин чатакты басууда эффективдүү чечим табыш үчүн АКШнын көмөгүнө ишенип турганын билдирди. Меркел Орусиянын өзүндөгү коррупцияга каршы митингде кармалгандар, Чеченстанда кумсалар куугунтукталууда деген маалыматтар боюнча да сүйлөшкөндөрүн кошумчалады. Мындан тышкары лидерлер 7-8-июлда Гамбургда өтүүчү "Чоң жыйырманын" саммитине даярдыкты да талкуулашкан.


Ажатканада төрөп,
баласы чуңкурга түшүп кеткен
Жалал-Абад шаарында 30 жаштагы келин ажатканадан көз жарып, ымыркайы чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ымыркай айына жетпей жети айлык болуп төрөлгөн. "30 жаштагы келин ажатканадан төрөп, баласы чуңкуруна түшүп кеткен. Куткаруучулар ымыркайды аман-эсен алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине тапшырышкан. Андан соң эне-бала Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө жеткирилген" деп жазылат маалыматта. Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Мамажон Мияновдун айтымында, ымыркай ооруканага оор абалда алып келинип, бир күндөн кийин чарчап калган.


Жогорку Кеңеш жерди күрөөгө коюп, насыя алуу маселесин талкуулады
Дыйкандарга жерин күрөөгө коюп насыя алууга мүмкүн боло турган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгечи депутат Акылбек Жапаровдун бүгүн парламент жыйынында билдиргени боюнча, мыйзам агрардык секторду активдүү каржылоого мүмкүндүк берет. "Күрөөгө жерин коюп, насыя алып, иш кыла турган дыйкандар үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жерди күрөөгө ала тургандыгын шарттаган мыйзам долбоорун даярдап чыктык" дейт депутат. Мыйзамда күрөөгө коюп, насыясын төлөй албагандардын жерлерин "Орус-кыргыз" фонду бир гана кыргыз жарандарына сатаары белгиленген ченем киргизилген. Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.


Кытай элчилигиндеги
жардыруу боюнча сот жылды
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча иш күбөлөрдүн бири гана келип, башкалары келбей калганына байланыштуу 4-майга жылды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Маалыматка караганда, сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Буга чейинки териштирүүлөрдө 20га чукул күбө суралды. Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. Жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн "Жабхад-ул-Нусра" жана "Жамаат Таухид ва жихад" тобунун мүчөлөрү экенин, шектүү беш киши кармалып, төрт адамга издөө жарыяланганын билдирген. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары экени айтылган.


"Москвада кыргызстандыктын сөөгү таштандыдан табылды"
деген маалымат иликтенүүдө
Москва полициясы Кыргызстандын жаранынын дене бөлүктөрү таштандыга ыргытылган деген маалыматты иликтей баштаганын маалымдады. Андан бир нече саат мурда, 2-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя боюнча кенен маалымат сурап, полициянын Москва шаардык башкармалыгы менен Тергөө комитетине кайрылганын билдирген. Полиция адамдын дене бөлүктөрү 24-апрелде Москвадагы үйлөрдүн биринин жанындагы таштанды чакасынан табылган, алар соттук-медициналык экспертизадан соң ыргытылышы мүмкүн деп жатат. Эгер андай болгону аныкталса тиешелүү кызматкерлер дисциплинардык жоопко тартыларын борбордук полициянын басма сөз кызматкери билдирген. 1-майда орусиялык маалымат каражаттары табылган бир нече сөөктөр, теринин, чачтын калдыктары январдагы автокырсыкта өлгөн кыргызстандык төрт кишиге таандык болушу ыктымалдыгын жазышкан.




ПОИСК ГАЗЕТЫ